азыткы
Саясат күүгүм киргенден баштап ашыгы менен жолукканга даярданып жатты. Душка түшүп, сакал мурутун алып, жыттуу атырынан себинди. Ашканага барып, бир чыны чай ичип келип, бөлмөсүнө кирип, кулпуланып алды да көздөрүн жумуп, ашыгын чакырды.
Анын күнүгө кечинде ушунтип жатаарына ата-апасы, карындашы көнүп калышкан. Алгач, кечинде конокко барасыңбы? Жумуштан чарчап келдиңби? Бир жериң ооруп турабы?— деп, сурай беришчү. Эки жылдан бери бул көрүнүшкө көнүп, сурабай деле калышкан. Саясат менен сүйлөшүү үчүн жумуштан келгенден кийин бир саат же эртең мененки тамактанууда жарым саат гана мүмкүн. Демейки убакта ал дайыма ойлуу, эч ким менен сүйлөшкүсү келбейт, эч нерсе кызыктырбайт дагы. Өзү менен өзү жүрө берет. Суроо берген кишиге ооба, жок, же билбейм деп гана кыска жооп берип коет. Апасына шайыр, ачык мүнөз баласынын минтип, жашоонун эч бир кызыкчылыгын билбей, максатсыз жашап жаткандай сезилчү. Уулунун мурунку калыбына келишине көп аракет кылды. Машина алып беришти. Үйүнө психолог чакыртты. Жаңы жумуш таап беришти. Досторуна барып уулунда жаман маселе жокпу деп сурайт. Тааныштарыныкына Саясатты алдап жумшап же үйгө чакырып кыздары менен тааныштырат.
Саякаттап келүүгө жиберет. Уулу жакшы көргөн тамактарды жасайт. Айтор, кылбаганы калган жок. Дагы эле баягы коймаарек тарткан көрүнүш. Эч өзгөртө албады. Үйлөнтөйүн десе эле болбойт. Өзүңө жаккан кызды алып кел. Сага жакса бизге да жагат дейт апасы. Ал сөздөр кулагынын сыртынан кетет. Болгону:
— Мм, күздө,— деп коет. Кийинки күздө дагы эле жок. Мына буюрса жакында болот, алып келем келиниңерди деген. Ошентип жүрүп отузга да чыгып калды. Досторунун баары үйлөнүп бүттү. Саясатка жакшы эле өң-түстү берген. Узун бойлуу, кара тору, чап жаак, кашы-көзү кара, кыздар артынан чуркай тургандай эле жигит. Кастюм-шым кийип чыкыя басканында кыздардын көзүнүн жоосун ала шыпшындырчу.
Ал турмак бир досу сыртынан жактырып жүргөн кызына, Саясатты кошо ээрчитип барып, экөө бирдей таанышып, досуна ала качтыртып алган. Акылды да ченемсиз берген. Фирмадагы жумуштун баарын өзү жасайт. Далай кыздар тамшанып калат, бирок бирөө да ийите албады.
А Саясат болсо сүйүүгө мас эле. Ал күндүз сүйгөнүн ойлонуп жүрөт. Түнкүсүн ал сулуусуна жолугат. Саясат ал кызды сүйгөндө да акылын жогото сүйдү. Сүйүү башкалардын өмүрүн көркүнө чыгарса, Саясаттын күлкүсүн, шайыр мүнөзүн уурдап кетти. Ар адамга ар башка таасир берет белем. Мурда жаратылышты көп байкабаса эми ага баары кооз. Кулпурган гүлдөн сулуусун көрөт. Чайыттай ачык асманда сулуусу учуп жүрөт. Куштардын сайраган мукам үнү, сулуусунун үнүндөй. Суулардын тунуктугунан сулуусун Саясат качан эстесе ал ошол жерде турат.
Сүйүү бардык сезимдердин эң күчтүүсү, анткени ал бир эле убакта, башты да, жүрөктү да, денени да ээлеп алат деп Вольтер айткандай Саясаттын эс-акылын толук бийлеп алды.
Мына, бүгүн да бөлмөсүн ичинен бекитип алып, сулуусун чакыраар менен ал учуп келди. Анын сулуулугун айтып түгөтө албас. Сындуу мүчөсүнө ак жука көйнөк кийип алган экен. Койкойгон мойнунда ак шурусу бар. Капкара узун чачы жерге тиет. Ушунча узун, калың, коюу чачын кичинекей башы кантип көтөрүп жүрөт деп да ойлоп кетти. Назик апаппак, кебезден жаралгандай колдорун Саясатка сунуп:
— Саламатсыңбы сүйүктүүм!
Мен сени күтө берип зеригип кеттим,— деди наздана.
— Күткөнүңөн сенин. Кечирип койчу жаным. Дүйнөдө жок сулуум. Сен, бир гана сен менин бактымсың!
Сен бар үчүн гана жашап келем. Эч кимге бербейм сени,— деп, колдорун ач көздүк менен ысык өпкүлөп кирди.— Эгер мени таштап кетсең, жашоодон дароо кечем. Ошондо сен “бул шордуу сүйүү үчүн курман болгон” деп бейитиме жазып кой,— деди Саясат.
— Мен эмес, сен мени таштап кетесиң. Эгер мени таштап башкага кетсең, мен анда сенин өмүрүңө кол салам. Андан кийин аялыңдын, карындашыңдын,
апаңдын. Макулсуңбу?
— деп, шыңгыр үнү менен каткырып күлүп жатты.— Мен сенин жаныңдагы бардык аялдарды жек көрөм,— деп, кошумчалап койду, сулуусу.
— Оо, коркутуп койдуң. Корком, корком. Сен ушул катуу кармап койсом үзүлүп түшө турган назик колдоруң менен кол саласыңбы? Секелегим. Дагы кандай дедиң? А баса, жанымдагы аялдарды жок кыласың. Мунуң өтө эле аша чаап кеткендик эмеспи?
— Жок, жаным. Сүйүү өрт эмес, бирок, бир күйсө өчүрө албайсың дегенди уккан жок белең. Сен бир гана меникисиң.
— Болуптур, жаным,— деп, кыздын жанында бүткөн боюн ышкылуу жылуулук келип, сулуулугуна суктанып, бүт дүйнө-турпаты көлкүлдөп эрип турду. Экөөнүн тең жүрөктөрүндө сүйүү оту ээ-жаа бербей жанып турду. Саясат көөдөнүн тиреп турган не бир жакшы сөздөрдү ашыгына айтайын деген менен сүйүүгө мастыгынан эч нерсе айталбады. Экөөнүн көздөрү, жүрөктөрү гана сүйлөшүп турду. Алар ар бир түндү ушинтип, бири-бирине өзүлөрүн түгөл арнап өткөрүшчү. Кээде бак аралап, сейилдешет.
Саясатты сулуусу ал көрбөгөн эң кооз жерлерге алып барат. Бул дүйнөдө көрбөгөн жаныбарларга мингизет. Өмүрү жеп көрбөгөн тамак жегизет. Айга чейин учуруп, алып барып келди. Бах, керемет! Аял болсоң ушундай бол. Саясат эртең мененки сааттын чырылдап ойготконун эң жек көрөт. Эмелеки сулуусу менен жапжашыл жайлоодо олтурган жеринен ойготот да турат. Көзүн ачаар менен сулуусу жок. Аттиң. Ойгонбос болуп калсам эмне. Көзүн жумуп кайрадан жана олтурган жерине кеткиси келет. Бирок уктай да албайт, ал, сырдуу жакка кете да албады. Кечке сулуусунун элеси менен жүрөт. Кыялдануу. Элестөө. Кечте сулуусун кайра көргөнчө ашыгат. Ушинтип жаштыгынын кантип өтүп жатканын билбей калды. Бул чоң сүйүүнү эч ким билбейт. Кыйналган эле ата-энеси. Үйлөн деп кулагына куюп, ыйлап да айтып жүрүштү. Бир күнү апасы сиңдисинин кызы Ыймангүлгө кыйнап үйлөнтүп койду. Ал кыз деле жакшы, татынакай кыз. Кичинесинде чогуу ойноп, балдар бакчасына бирге барышчу. Башында апасынын көңүлү үчүн келинчегине бир аз көңүл бөлүп жүрдү. Бара–бара Ыймангүлдү такыр эле карабай калды. Ал, кыялындагы сулуусунан алган аруу жылуулукту келинчегинен ала албады. Ыймангүл бөлөсү болгондуктан мурда үйгө келип жүргөн конок катары сыйлап калды. Баягы адатына кайра түштү. Кечкисин жатаар менен сулуусун чакырып алат. Ал да дайыма даяр.
Мына, дагы сулуусу менен космосто жүргөн жеринен жексур сааты чырылдап ойготуп, жашоого чакырып алды. Жанында уктап жаткан Ыйманкүлдү көргөндө чыйрыга түшкөнсүп денеси жыйрылып кетти. Чала-була кийинип алып, бөлмөсүнөн чыкканча шашты. Жан дүйнөсү алай-дүлөй сапырылат. Мээси чатырап баш сөөгүнө батпай бараткансыйт.
Эмне кылат, жооп жок, амалсыз. Сулуусусуз жашай албайт, ал үчүн жанын кыюууга даяр. Ал, жаны менен бирге. Ыймангүл болсо эл үчүн, намыс үчүн, ата-энеси үчүн керек. Демек, ага чыдап, сабыр кылуудан башка эч арга жок. Ушинтип жашай берүү керек. Күндүзү үйдөн эртерээк жумушка качып кетсе болду. Башка жол жок деп ойлочу Саясат. Келинчегинин күн өткөн сайын кызарган жүзү купкуу чүпүрөккө айланып, күндөн-күнгө ден соолугу начарлап, түн уйкусунан, күн күлкүсүнөн калып сарсанаага чөгүп баратканын көрүп-билип эле турат. Бирок, билмексен, томсоруп үнсүз. Эмне кылмак?!
Ыймангүл өзүнчө: “сүйүүнү жок жерден чыгара албайт экенсиң. Сүйүү жана сүйүктүү болуу кандай зор бакыт жана ошол бийик мунарадан кулап баратканыңды сезүү кандай азап. Бир жүрөккө эки сүйүүнү батыра албайсың. Сүйбөгөнгө таңылганың – сүйүүдөн чоң жаңылганың “-деген ойчулдардын айткандарында калет жок экен. Саясаттын башка сүйгөнү бар го, ошол үчүн мага көңүлү жок. Таяжеме бекер макул болгон экенмин” деп бармагын тиштенип, катуу өкүнүп жүрдү. Тууган-туушкандар эмне дейт деп намыстанып жүрүп, арадан алты ай өттү. Ал, ыймандуу эле. Саясат бир күнү токтоноор деген үмүтү да чоң болчу. Ошентип, сарысанаага катуу батып жүрүп келин жүрөк оорулуу болуп калды. Жанында дайыма бир жалган элес ээрчип алды. Уктаса эле муунтат. Ар кандай жаман түштөр кирип, бейтааныш бир келин эле аны муунтуп өлтүргөн болот. Жанында кайненеси жана кайынсиңдиси да өлгөн болот.
Саясат тузакка түшкөн көгүчкөндөй болуп, эки ортодо, эч кимден жардам жок капаста жалгыз калды. Ал үйлөнгөндөн кийин сулуусу эрегиштик кылдыбы, күнүгө кечинде жанына үч сулууну ээрчите келет. Алар Саясатты ар амалга салып кыйнап киришет. Келинчегин кыялындагы сулуусу күнүгө ичке кыл менен муунтуп, жүрөгүн кысып, өзү сөз бергендей өлтүрүүгө даярдап жүрдү. Бул, Саясатты кызгангандан улам кылганы эле. Келиндин атасы молдо. Ал кыз-күйөөсүнүкүнө конокко келип, жүдөп жүргөн балдарын көрүп, иштин чоо-жайын түшүндү. Кызынан ал-акыбалын сурады. Ал:
— Жакшы эле...— деди эриндери дирилдеп сумсайыңкы,
анан дароо карегине жаш каканактап толо түштү. Өткөн күндөрүн эстеп ал түнү бою кирпик ирмебей чыккан эле. Көзүнүн чарасында толуп турган жаш кирпигинин ирмеми менен мөлт деп төмөн кулап кетти.
Кызынын кайгылуу тагдырын көрүп молдонун каны дүргүп башына чыга түштү. Күйөө баласы өзүнүн жин оору экенин билбеди, уялып, ал жөнүндө айтпай, жанына сиңип бүткөн жинди кое бергиси келбей кайынатасын кыйнады. Саясат менен түнкүсүн жашап жүргөн сулуу азыткы-жин эле. Ал, күнүгө түшүндө келүчү.
Кайынатасы дем салып, жин чыгарганга дуба окуп жатты. Эмелеки тынч олтурган Саясат кымбат олжосун оозунан алдырган макулуктай буулугуп, эчкирип ыйлагысы келип, акылынан айрылган экен деп ойлоп калбасын дегенинен улам өзүн араң карманып олтурду. Бирок, көп өтпөй Саясат капысынан эле үнүнүн болгонунча үйдү жаңырта “кетпе, эч кайда кетпегин!
” деп кыйкырып кирди. Балким анын кулагына азыткы сулуусу дубага баш ийип, коштошуп шыбыраганбы,
ким билет. Эч ким аны түшүнбөй калды. Жиндидей элирип, жулунуп, айгайлап бакырып жаткан күйөөсүн көрүп, Ыймангүл кагаздай бозала болуп артка үнсүз кетенчиктей берди. Үйдөгү ата-энеси, карындашы калчылдап, ачууга буулугуп, өң— алаттан кетип, тишин кычыратып, көзү бир чекитти тиктеп, жер муштап жаткан Саясаттан коркуп, төбө чачтары тик туруп, элейип турушту. Анын көздөрү чоктой кызарып, кектүү болучу. Адамга ойлонбостон кол салчудай. Ыймангүлдүн атасы кызына көзүн ымдап, колу менен жаңсап, аркан алып келүүсүн буюрду. Дуба окуу улам күчөгөн сайын Саясаттын жинденүүсү да күч алгансып акылынан биротоло айный баштады. Ал, үй ичиндеги колуна тийген буюмдарды туш келди ыргытып, тээп, “баарыңарды өлтүрөм, кырам, ашыгыма тийбегиле!
” деп нары-бери жүгүрүп кирди. “Сүйгөнүм!
Сенсиз жашай албайм! Таштаба мени, кетпечи. А-а-а! Жалгыз таштаба!” деп, чамынып, көкүрөгүн, кийимдерин тытып бакырат. Тамды, бош абаны муштагылап,
өкүрөт. Байыр алып бир жерге токтоно албай тытынат. Аны көргөн энесинин эч нерсе түшүнө албай баласынын кыйналганына жүрөгү сыздап, амалы жок, көз жашын көл кыла ыйлап жатты. Тек, мурдатан ар кимден угуп жүргөндөй уулунун азыткыга алдырганын боолголоп жатты.
Саясат бир маалда “Эмне, менден кетип, башка бирөө менен жыргайын дедиңби?! Я?! Жо-о, андай болбойт! Ага жол бербейм!..
Ха-ха-ха-ха!
”. Оозун аңырайта, тиштерин арсайтып күтүүсүз жапайы каткырды. Үй үч көтөрүлдү. Корккондорунан баары бүжүрөп, көздөрүн алайта андан четтей, бурчка корголошту.
Саясаттын күлкүсү кандай капыс башталса, кайра ошондой күтүүсүз тып басылып, чачын жулуп, көйнөгүн тыткылап кирди. Топчулары туш-тушка ыргыды. Карындашы коркконунан чаңырып сыртка чыга качты. Молдо атасы экөөлөп Саясаттын канчалык жулунуп, каршылык көрсөткөнүнө карабай колу-бутун байлап жиберишти. Ал “Тийбегиле,
ал меники, сулуумду эч кимге эч качан, бербеймин. Өлтүрүп саламын!..
” деп” кимге айтып жатканы белгисиз, дагы эле боздоп жатты. Молдо дубасын күчтөп окуй берди.
Улам бир демге дымый түшүп Саясат кайрадан эле кыйкырынып,
жулунат. Бирок, канчалык чиренип, бошонуп чыгууга жандалбас жасаганы менен аны бекем аркан кое бербеди.
Ыймангүл башын мыкчый чеңгелдеп бурчта олтурду. Өңү санаадан самандай саргайып, көздөрү ачуу жашка толуп турду. Тагдырынын биротоло сынганын түшүндү. Эми эмне кылат? Кандай айла жасайт? Башы маң, акылы адашат. Көңүлү чөгүп, күйөөсүн жек көрүп, тытынып, жулунган турпаты дене боюн ичиркентти.
Мындай жиндиге жармашып эмне кылам. Бирото кетип калбай мында эмнеге жүрөм? Ыймандуу кыз деп койсо, алданып жүргөнүмдү кара. Акмакмын. Жинди менен жашап, ага үмүт байлап жүрсөм, көрсө жинди болуп кеткен тура. Жан дүйнөсү кымкуут, чак-челекей.
Саясат болсо бир каткырып, сүлкүлдөй күлүп, кайра туруп буулуга ыйлап жатты. “Кетпегин, кетпечи сулуум?!.” деп, жер чапчып, тытынат. Башын дубалга уруп, ким бирөөнү кармап калчудай жер тытат. Бир саамга ал элтейип, тып басылды. Анын көзүнө түн ичинде гана келчү азыткы сулуу көрүнө калып:
— Кош, мен кеттим. Эгерде жыл айлантып чакырсаң кайра келээрмин, эми сага окшогон башкага барам. Азыр калууга амалым жок. Дуба, ак периштелер жеңди. Башканын сүйүүсүнө от жагам кош...— деп, сулуу доңузга айланды да терезеден учуп кетти.
Баарын көрүп-билип жаткансып кайынатасы ошол маалда:
— Өх-х, балам, буйруса кутулдуң эми, азыткыны экинчи чакырба -деди кайнатасы оор үшкүрүнүп. Ал, сыгып алма терге чыланып, өңү аза түшкөн эле. Ар кай бурчта элейип олтурушкан үйдөгүлөргө,
— Туура түшүнгүлө айланайындар,
азыткыны уулуңар өзү атайын бул чакырган жок. Бул оору. Шайтан. Жин ооруу. Дагы жакшы, убагында билип калдык. Оорусун ачык айтпай, уят көрүп канчалаган адамдар жинге алдырып жашап жүрүшөт. Алар өтө өзүмчүл, кызганчак келишет. Жабышып алган адамдарын акырындап биринин артынан бирин жок кыла беришет. Бул көбүнчө аялдарга келчү эле. Өткөндө он үч жашар бир кызды дал ушундай кесел менен алып келишкен эле. Ал кыз бир ырчы жигитти сүйүп калдым деп сүрөтүн керебетинин башына илип алып, ага кудайындай сыйынчу экен. Ырчынын элесин туу тутуп, жалгыздап алып күнүгө сүрөтү менен сүйлөшөт. Күнү-түнү аны менен жолугушууну күсөп, жете албай сүрөтүн пааналай. Аны уккан жин сүрөттөгү баланын кейпин кийип түшүндө келип жүрөт. Күнүгө келип жүрүп акыры ал кыздын денесине кирип алып биротоло менчиктеп алышат.
Кыз катуу ооруп, төшөктө жатып калганда доктурга алып барышат. Эч айыкпайт. Анан мени үйүнө алып барышты. Кыздын эрки күчтүү экен, баарын сыртка чыгарып жиберип, болгон ишти жашырып-жаппай толук айтып берди. Ошентип кыздын өзүнүн жардамы менен ичиндеги жинди чыгарганбыз.
Азыр кудайга шүгүр. Куран китепте да жин деген аят бар. Ал жиндер адам катуу кайгыга батканда, же аябай сүйүнүп кыйкырынганда,
оозун ачып эстегенде, арам тамактар аркылуу, же жин даарыган адамдын кийимин кийгенден келет. Ошон үчүн кайгыга да кубанычка да сабыр кылышыбыз керек. Жиндердин жакшы көргөн жери мончо, даараткана,
оттон чыккан күл, ар кандай арам нерселер. Андан кутулуу үчүн илимдүү, күчтүү молдолорго кайрылуу керек.— Кайынатасы Аллага шүгүрчүлүк келтирип,— Балам эми жинди кайра чакырба,— деп Саясатты карады.— Эгерим оозуңа алсаң эле ал кайрадан келип, сени кыйнап, ак жолдон адаштыра баштайт.
Али эсине биротоло келе албай шалдайып олтурган Саясат аз да болсо турмуш чындыгына кайтып, өз абалына уялганынан үй-бүлөсүнөн биротоло качып, кайдадыр кулак уккус, көз көргүс жакка житип кеткиси келип тургандай. Же ой-санаасын сулуунун күйүтү думуктуруп турдубу, ким билет. Эч үндөбөдү. Ары-бери урунуп жатып алы кетип калганбы, башын жерден көтөрө албай олтурду.
— Эми Кудайым берген жубайың менен бактылуу жашагыла,— деп, атасы да жанатан берки сөздү колдой батасын берип сыртка чыга жөнөдү. Энеси келип кыйналган уулунун жанына олтуруп анын башын көкүрөгүнө имере тартып кучактап, ысык жыттап-жыттап алды. Эне үчүн бала дайыма кичине, чабал тура.
Ыймангүл да Саясаттын акыл-эси кайтып келгенин көрүп, чоң балээден арылганына көзү жетип, жакшылыктан үмүт байлай түштү. Анткени ал жүрөгүнүн түпкүрүндө аны бекем сүйүүчү...
Жин, албарстылар тууралуу Мен эле корко беремби коркконго кош корунот болуп?
#341 11 Ноябрь 2014 - 23:53
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#342 12 Ноябрь 2014 - 00:51
Азгырганын кара... Былтыр жайында, түн жарым ченде чогуу уйкуда элек. Эшик шарт ачылып, кайра жабылганынан чочуп ойгонуп кеттим. Жанымда жаткан күйөөм жок. Ошол замат жаман ой кетти: "Жеңелеринин бирине ниети бузулдубу?"
- деп, кызганыч менен ыргып туруп, терезеден аны карадым. Күйөөм көйнөк-дамбалчан кетменин көтөрүп алып огороддун башына чуркап баратат. "Буга жин тийдиби?"
деп ичимден сызып отурдум. Бир маалда үйгө келди да, кетменин ары ыргытып: "Ой жүзү кара, бетбак! Амалданып азгырганын карачы!"
- деп сүйлөнүп, мени бир тиктеп алып, төшөккө жыгылды. - Не болуп кетти сага? - Азыткы азгырды. Кудум сен болуп алып! Үнүнүн окшошучу!
Сырттан кыйкырды: "Оо Алым, тез чык, огородду суу каптап баратат!"
Анан сен экен деп чуркап чыкпадымбы,
кетменимди сүйрөп. Бир карасам огороддун тиги башында турупсуң алдагы ак көйнөгүңдү желпилдетип.
Чуркап баратсам: "Каякка баратасың, бул жакка кел!" - дедиң. Чала көргөн экенмин деп ошол жакка чуркабадымбы.
Энтеңдеп жетип барсам эч ким жок. Ошондо гана албарстыга азгырылып баратканымды сезип, өзүмө келип, үйгө келбедимби!
- деп уктап кетти. Мен коркуп, араң таң атырдым. Эртең менен айтсам эч нерсе билбейм десе, андан бетер коркуп жүрдүм.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#343 12 Ноябрь 2014 - 00:52
2010- жыл. Кычыраган кыш айлары. Карангы бөлмө. Ал кезде, жакшы билсениздер керек 12 ден кийин свет өчүп калчу. Бөлөм Салим экөөбүз кайдагы сөздөрдү сүйлөп каткырып, бири бирибизди маскаралап,
анегдот айтышып жаттык. Бөлмөгө киргенде оң жакта шкаф турчу. Мен жаткан дивандын тушунда. А менин жанымда компьютер анан ага перпендикулярдуу турган эки кабаттуу керебет бар болчу. Компьютердин алдыда шам жагылып турду. Шкафтын эшигине жайгашкан күзгү да бар болчу. Түнкү саат 2-3 төр чамасы. бөлөм экөөбүз каткырып жатканбыз. Бир кезде бөлмөдө дагы бирөө күлгөнүн байкап калдым. Кулагыма угулду окшойт - деп, маани бербей күзгү жакты карасам бөлөм жаткан дивандын экинчи кабатынды ак бир нерсе турат. Көздөрүмө ишенбей жакшылап карасам жанакы жерде жашы 3-4 төрдөгү аппапакай болгон бир жаш бала бизге кошулуп кулуп жатыптыр. Оозума биссмилла келбей, Салимди карап араң: "Күзгүнү кара!"- деп колум менен көргөздүм. Ал да күзгүнү карап катып калды. Эптеп келмени кайра-кайра кайталап олтуруп бөлмөдөн чыгып кеттик. Ал түнү ашканада таң атырдык. Оюма эч нерсе келбей уктап калыпмын. Эртеси турсам оозума учук чыгып, бир жума өзүмө келе албай жүрдүм.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#344 12 Ноябрь 2014 - 00:53
Күзгү Биз жакында эле жаңы үйгө көчүп келгенбиз. Ал жерде мурдагы жашоочулардын чоң күзгүсү калып кетиптир. Үйдө жай тар болгондуктан,
менин бөлмөмө коюп коюшту. Бир жолу түндө, бөлмөмдө шытыраган кадамдардын үнүнөн ойгонуп кеттим. Көзүмдү ачып карасам,эч ким жок. Башымды көтөргөндө тушумдагы күзгү көрүнүп турчу. Акырын өйдө болсом,күзгүдөн мени карап турган көздөрү кыпкызыл,капкара адамдын сөлөкөтүн көрдүм. Жүрөгүм оозума келип калды! Жакшылап карасам эч нерсе жок. Уйкусурап,анча маани бербей: “Көрүнүп кетти го!” – деп,кайра жатып алдым. Эртеси күнү атама айтсам,ишенип-
ишенбей эжемдин бөлмөсүнө алып кирип койду. Аны унутуп калгам. Бир нече күндөн кийин,түн жарымында катуу кыйкырыктан ойгонуп кеттим. Холлго чыксам,атам менен апамда чуркап чыгышыптыр.
Эжемдин бөлмөсүнө кирсек,эжем байкуш эмеректин бурчунда бүрүшүп алып күзгүнү көрсөтүп туруптур. Атамдын “Эмне болду?”-деген сөзүнө эч кандай жоопсуз,тек гана күзгүнү көрсөтүп туруп берди. Ал түнү эжем апамдардын бөлмөсүндө таң атырды. Көрсө,күзгүдөгү өзүнүн чагулуусунун ордуна узун чачтуу аябай арык анан аппак арбакты көрүп алып чочуп кеткен имиш. Айрыкча, чекеге жылганда күзгүдөгү сөлөкөт капкара түтүнгө айланып кеткенде катуу коркуп, кыйкырып жиберген экен. Таң атпай атам ал күзгүнү сарайга алпарып салды. Дагы бир окуя,бир жолу сарайга балканы алганы барганымда болду. Үйдө майда иштерди кылып жүрүп,бир жерге мык кагайын деп,сарайга балканы алганы кирдим эле. Балка күзгүнүн түбүндө жатыптыр. Жакын барып жерден көтөрсөм,мык какчу жагы канга боёлгон экен. Кечээ гана аны ары жактагы терезенин текчесине койгонум, бүгүн күзгүнүн түбүнөн чыкканы бир топ таң калтырды. Балканы колума алып,күзгүгө бурулсам,андагы менин көзүм куюлуп, бетимдин жарымы башымдан ылдый агып кетти. Коркконумдан балка менен күзгүнү сындыра чаптым. Анын сыныктарын таштандыга ыргытып салдым. Кийинчерээк сураштырсак,
үйдүн мурдагы жашоочулары күзгүнү ушул эле үйдүн подвалынан табышкан экен. Канча жолу ыргытып салып,канча ирет талкалашса да кайра бүтүн бойдон пайда болуп кала берет имиш. Бүгүн болсо,окуудан келип өз бөлмөмдөн күзгүнү көрдүм...
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#345 12 Ноябрь 2014 - 01:06
Аябай коркунучтуу Жана ойлоно турган мистикага туш болуптурсуз!
мен ойлойм ошол кузгунузго мурунку жашоочулардын терс энергиясы синип калган болуш керек деп!же коркконго кош корунуп жатат ко!менде да ошол сыяктуу окуялар болгон убагында!
азыр кузгуго каранбайм анчэин!
#346 12 Ноябрь 2014 - 01:21
talych.kg (12 Ноябрь 2014 - 01:06) жазган:
Аябай коркунучтуу Жана ойлоно турган мистикага туш болуптурсуз!
мен ойлойм ошол кузгунузго мурунку жашоочулардын терс энергиясы синип калган болуш керек деп!же коркконго кош корунуп жатат ко!менде да ошол сыяктуу окуялар болгон убагында!
азыр кузгуго каранбайм анчэин!
бул жеке менин башыман откон емес .... журогум жаарылып кетсе керек
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#348 12 Ноябрь 2014 - 15:58
Темага байланыштуу аз убакыт мурун курбум экообуздун баштан откон окуядан болушо кетейин.
Бир комната батир издеп ,жумушубуз дагы кеч бутот,айтор абдан убараландык. Ондой берди болуп ынгайлуу метрого жакын жерден ,жаш жубайлар жашаган батирдин бир комнатасы чыгып калды ..абдан суйунуп ,кудаай деп кочуп барып алдык.
Тун бир оокум .кечке жумушта болуп чарчаганга катуу уктап кетипмин.Ачуу ун менен кыйкырып чоочуп тура калган курбума удаалаш ойгонуп кеттим.-кордунбу ? Тиги аялды - деп сурады он- алаттан кеткен курбум мукактанып аран суйлоп.-жоок .дедим козум алайта.
Чачы кыска орус аял кадимки онумдогудой эшикти ачып кирип келип ,ийининен жулкулдатып тартып ,жаткан дивандан туш деп аткан экен...андан кийин кайдагы уйку...жаттык уктагандан
коркуп..кошуналарыбыз досторуна айылдап кеткен окшойт уйдо жок эле..
Коркконго кош корунот болдубу айтор ..,ашкана жактан кандайдыр кобураган ундор чыгып жатты..кудаай кандай жерге келгенбиз деп коркуп тан атырдык.
Ошо менен ...эртеси ал жерден кочуп кеттик.бирок мындай дабыштарды, кобураган ундорду угуп тураарын тиги жаш жубайлар айтышты...сыягы алар конуп бутушкон окшойт,коркпогондоруна караганда....
Бир комната батир издеп ,жумушубуз дагы кеч бутот,айтор абдан убараландык. Ондой берди болуп ынгайлуу метрого жакын жерден ,жаш жубайлар жашаган батирдин бир комнатасы чыгып калды ..абдан суйунуп ,кудаай деп кочуп барып алдык.
Тун бир оокум .кечке жумушта болуп чарчаганга катуу уктап кетипмин.Ачуу ун менен кыйкырып чоочуп тура калган курбума удаалаш ойгонуп кеттим.-кордунбу ? Тиги аялды - деп сурады он- алаттан кеткен курбум мукактанып аран суйлоп.-жоок .дедим козум алайта.
Чачы кыска орус аял кадимки онумдогудой эшикти ачып кирип келип ,ийининен жулкулдатып тартып ,жаткан дивандан туш деп аткан экен...андан кийин кайдагы уйку...жаттык уктагандан
коркуп..кошуналарыбыз досторуна айылдап кеткен окшойт уйдо жок эле..
Коркконго кош корунот болдубу айтор ..,ашкана жактан кандайдыр кобураган ундор чыгып жатты..кудаай кандай жерге келгенбиз деп коркуп тан атырдык.
Ошо менен ...эртеси ал жерден кочуп кеттик.бирок мындай дабыштарды, кобураган ундорду угуп тураарын тиги жаш жубайлар айтышты...сыягы алар конуп бутушкон окшойт,коркпогондоруна караганда....
#349 12 Ноябрь 2014 - 18:50
Aziku007 (10 Июль 2012 - 15:03) жазган:
Адамдын жиндерден зыян болгондогу белгилери.
Өңүндө билинүүчү белгилери:
- Баш аламандык, кеп-сөздөрүндө жана иштеринде тартиптүүлүктүн жоктугу.
- Акыл-эсинен айныгандык жана кем акылдык.
- Обочолонуу, жалгыздыкка аракет кылуу, түнттүк. Адамга бардыгы ага душман жана адилетсиз сыяктанып көрүнөт.
- Эч себепсиз күлүү жана кайгыруу.
- Диний милдеттерден жана дүйнө иштеринен баш тартып, өзүнөн өзү четтөө: намаз, жумуш, окуу, үй иштери ж.б.
- Чаржайыттык, конкреттүү бир темага көңүл топтой албастык.
- Жүүнү боштук (кош көңүлдүк) жана жалкоолук.
- Кайдыгерлик, кайдыгер көз караш.
- Сөздөрүндө жана иштеринде туруктуулуктун жоктугу, чечимдерин тез-тез өзгөртүү.
- Кайсы гана болбосун органдын жарым-жартылай же толук эмес кыймылсыздыгы (параличтен айырмаланып атрофия болбойт).
- Адамдын көрүнбөгөн бирөө менен сүйлөшүп жатканын башка бирөөлөр байкаган учурда жиндердин ошол адамга кандайдыр бир нерсени (жандыктын) түрүндө көрүнүшү.
- Медициналык (органикалык) себептерсиз баштын тынымсыз оорушу, баштын жарым-жартылай же ьолук оорушу.
- Талма оорусу, оорулуунун эс-учун жоготуу менен жерге жыгылышы.
- Аялдардын этек киринин бузулушу.
- Туалетте же ваннада көбүрөөк болгонго умтулуусу.
- Күйөөсү аялын кабыл албашы же тескеринче аялы күйөөсү менен жыныстык катнашты (байланышты) каалабашы.
- Кош бойлуулуктун тынымсыз үзүлүшү, органикалык (медициналык) себептерсиз кош бойлуулуктун 2-,3-,4-айларында бойдон түшүп калышы.
- Жуучулуктун тынымсыз үзүлүп калышы жана ушул себептүү үйлөнүүгө же турмушка чыгууга мүмкүнчүлүктүн болбошу.
- Аялы менен күйөөсү медициналык жактан таза болгондугуна крабастан аялдын боюнда болбошу.
- Уйкусуздук, адам кыйынчылык менен уйкуга кирет жана узакка чейин уктай албайт (уйку узакка созулбайт).
- Дайыма коркуу жана тынчсыздануу сезиминде болуу, адам тынч уктай албайт жана кичинээ дабыштан ойгоно берет.
- Уктап жатканда дайыма тишин кычыратуусу, кээде өңүндө дагы.
- Коркунучтуу, баш-аламан түштөрдү көрүү, түшүндө кандайдыр бир нерседен кулай берет, чөгөт, учуп жүрөт ж.б.
- Түшүндө уйку-соонун ортосунда аны кимдир-бирөө дайыма муунтуп, ал онтойн,, бирок кыймылдай албайт жана сүйлөөгө алы келбейт.
- Төшөгү жылып бара жаткандай же кыйшыйып бара жаткндай сезим болуп, ар дайым эле ушундай боло берет.
- Түшүндө ар дайым жыландарды, иттерди, мышыктарды, жолборсторду, дагы ушу сыяктууларды жана чийки эттерди көрө берет.
- Түшүндө ар дайым көлөкөлөрдү же көрүмчүлөрдү көрө берет.
- Уктап жатып сүйлөнө берет, күлөт, онтойн же туруп басып кетет.
- Түшүндө жиндин өзүн көрөт же аны менен сүйлөшөт.
- Түшүндө крестти же чиркөөнү көрүшү, бул болсо жиндин динин көргөзүшү мүмкүн.
сиздин жазгандарынызды окуп баардык адамдарга жин кирип алганбы деген ой келет экен,бул белгилеодин учоо копчулук адамдарда кездешет.
#350 13 Ноябрь 2014 - 03:50
менин досум бар ошонун болгон окуясын айтып берейин байкеси экоо жалгыз калышат сарайда ал кезде кычыраган кыш мезгили кен уйундо жаттыш саат 3тор чамасы кен эшикти бекитип алышат эшик улам ле ачылат кайра барып жаап койот бир аздан кийин бир бала ушуп там уйго кирем деп кыйкырат коркуп кеттишип мылтыкты ал чуркашат эшике чыкса бир бала качып жонойт коркуп кеттип бир атат бирок ал бала жыпжыланач кен жаш бала дейт эртеси чыгып караса карга из тушуп калыптыр анан ушул из м.н кеттип барса мурзолордун арасына кирип жок болуп кеттиптир
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#351 13 Ноябрь 2014 - 03:51
Акыркы кезде мен адамдарга анча ишенбей калдым. Эсиңиздерде болсун – сиздер кымбат эсептегендер,
сиз күтпөгөн болуп чыгышы мүмкүн! Бул окуя үч апта мурда башталып,дагы деле бүтө элек. Менин тааныштарым анча деле көп эмес. А досторум таптакыр эле жокко эсе,бирөөдөн сырткары. Биз бала кезибизден эле доспуз. Мектепти бүткөндөн кийин жолдорубуз айрылып,азыр болсо,бир айда бир жолу гана көрүшүп турабыз. Жолукканда соңку жаңылыктар менен бөлүшүп,сыра ичип,сүйлөшүп олтуруп калабыз. Ошентип,бир ай алдың кезектеги жолу кезиккенбиз.
Ошондо досум бир татынакай кыз менен таанышканын айткан. Досумда мурда деле кыздар менен баары жакшы болчу,мага караганда. Бирок,мынчалык суктанганын алдың көргөн эмес элем.- Түшүнсөң,мен мындайды мурда көргөн эмесмин!-дейт мага. А мен болсо жөн гана:- Убакыт көрсөтөт баарын. Чыдап тур. Бул кез дагы өтүп,аны башка көздөр менен карап каласың! - дедим. Андан бери бир аз убакыт өттү. Анан кече,төрт күн алдың меникине кирип келиптир: “Эки-үч сүрөт чыгарып берчи?”-деп.
Сүрөттө өзү менен жанагы айткан кызы экен. Чын эле аябай сулуу. Сары чачтары да аябай өзүнө жарашкан. Экөө бир бакчада түшүшкөн экен. Досум сүрөттөрдү менин компютериме өткөрүп туруп,чыгарып алды да,кетип калды. Мен программистмин.
Азыркы учурда сүрөттөрдү таануу системасынын үстүнөн иштеп жатам. Эмдигиче мен жазган программа сүрөттөгү адамдардын бетин бөлүп чыгарып,ошол беттердин мүнөздүк белгилерин таба алат. Мисалы мурундун формасы,кулактар,
калды жана башка нерселерди.
Анан,базада сакталган сүрөттөр менен окшоштуктары менен айырмаларын салыштырып таап берет. Бекерчиликтен бул программага досумдун жанагы сүрөтүн киргизип,текшерип көрүп жаттым. Отуз секунддан соң мен таң калуу менен жыйынтыгын көрүп жаттым. Программа бардык сүрөттөрдө бир эле бетти таап жатты. Кызынын бетин табууга болбой койду. Ага анча маани бербедим – мындай алгоритмдер эч качан 100 пайыздык тастыктоого кепилдик бербейт. Тынчсыздануунун ордуна,мен,программанын ката жерлерин издөөгө кириштим. Үч күндөн кийин да программанын абалы ошол бойдон эле. Калган бардык сүрөттөрдө программа адамдардын жүзүн табат да,бир гана досумдун сүрөтүндө өзүн эле таап,жанындагы кызын таппайт. Жиним келип,программадагы каталарды изме из кубалаганы кириштим. Мен бир канча саат убакыт коротуп, сүрөттүн ар бир пикселин өзүнчө карап чыктым. Сүрөттөгү пикселдердин өңдөрү менен мен көрүп турган дал келбей калды. Сүрөттөн программа чыгарган түстөрдүн 80 пайызы кара менен кызыл түс эле. Ал жерде болсо сары чачтуу,көздөрү көк кыздын бети бар эле да! Аппак бетине мынча кара менен кызыл пикселдерди батыруу мүмкүн эмес болчу! Сүрөттүн бети жайгашкан гана бөлүгүн өзүнчө файлга көчүрүп туруп ачсам,кыздын жанагы эле жылмайган жүзү көрүндү. Бирок,бул жерде бир нерсе болуп жатканын мен билгем. Бетинин өзүн гана көчүрөйүн деп жатканда эки сааттан бери кыздын башындагы чачтары кыймылдап жатты. Көздөрүн бөлүп алдым дагы,башка файлга көчүрүп туруп,координаттарын жазып алып программага кайра салдым. Сүрөттү ачып туруп,чоңойткондо эсимден танып,жыгылып кала жаздадым. Баягы көк көздөрүнүн ордунда капкара,ачык-
кызыл түстөгү жылчыкчалар менен жылтырак кызыл тери тегеректеген көздөр турду. Бардык күчүмдү топтоп,сүрөттүн бөлүктөрүнөн кайра бүтүн сүрөттү чогултуп кирдим. Тажырыйбалуу жол менен “критикалык масса” топтолгондо аябай аз бөлүгү гана чынында сүрөттө эмне бар экенин көрсөткөнүн аныктадым. Бул желмогуз адамдын кейпиндей болуп алат экен. Саат түнкү үч болгонуна карабастан мен,досума телефон чалууга шашылдым. Досум ондогон гудоктон кийин гана телефонун көтөрдү:- Алло?- ал уйкусырап жооп берди.- Тиги кыз сени мененби?-деп дароо эле сурадым.- Ким? Сен эмне,массыңбы?
- Сенин кызың? Сени мененби?- мен тынчсызданып жатканымды билдирбегенге аракет кылдым.- Ооба,жанымда.
Сен аны да ойготуп салдың! Не керек сага?- Ал сен күткөн адам эмес! Кетип кал ал жерден!- Сен эмне,жинди болуп калдыңбы? Уктачы! – деп телефонду өчүрүп салды. Мен ага кайра чалдым. Бирок,телефону жеткиликтүү жерде эмес деп калды. Өчүрүп салган го. Кийинки күнү суук кабар алдым. Менин досумду эртең менен тамагы тытылып өлтүрүлгөн абалда өзүнүн керебетинен табышыптыр.
.. Сиздер менен мени тегеректеген адамдар чынында адам эмес болуп чыгышы мүмкүн. Абайлаңыздар – балким ошолордун бири менен күндө сүйлөшүп жүргөн чыгаарсыздар.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#352 13 Ноябрь 2014 - 03:54
Сүйүүнүн айынан Ал кезде 10-класста окуйт элем. Күндүзү мектеп жана үй жумуштары менен алек болгондуктан, көбүнчө досторубуз менен кечинде жолугушуп, бир жерде сүйлөшүп олтураар элек. Негизи, караңгыда машине айдаганды жактырчумун. Ар дайым апамдардын “кой,караңгыда жөө эле жүрчү?!”- дегенине карабай, машинени айдап алат элем. Сүйлөшкөн кызым бизден алысыраак айылда жашачу. Бир күнү чакырып калып, ошого жөнөдүм. Жаштык-мастык дегендей, сүйүүнүн айынан эмнелерге гана барбайсың! Түнү акырын машинемди үйдөн айдап чыгып алып ошол айылга бардым. Негизи, бир жакка бараарда эч качан жаныма шерик албайт элем. Жалгыз жүрчүмүн. Анын үстүнө,мени менен сүйлөшкөн кызым экөөбүзгө ашыкча адамдын кереги да жок эле. Ал кыз чыкты. Көпкө сүйлөшүп олтурдук. Түн бир оокум болгондо эми кетейин деп, кызым менен коштоштум да, машинеме секирип үйгө кайттым. Эки айылдын аралыгы алыс болуп,ортодогу жолдун эки тарабын тең талаа ээлеген. Эч кандай коркуу сезими жок эле келе жатам. Ошол жолдун жеегинде эски мазар бар болчу. Ал жерге келгенде ар дайым дуба кылып коём. Анан да ошол жерге келгенимде эле бирөөлөрдөн уккан окуяларым эсиме келип кетет. Ал күнү негедир мазарга жакындаганда коркуу сезими пайда болуп, музыканы катуу коюп алдым. Жолдо менден башка унаа айдаган эч ким жок. Мазардын ортосуна жеткенде,арткы орундуктан бироо олтурганын көргөнсүп кеттим. Жүрөгүм шуу дей түштү! Колдорум да, буттарым да калчылдап кирди. Коркконго кош көрүнөт болуп жатат ко деп, дагы бир ирет күзгүдөн салондун артын карадым. Чын эле олтурат! Машиненин ичи караңгы болгондуктан түсүн көрө албадым. Катыган бойдон бир калыпта жогорку ылдамдык менен үйгө жетип келдим. Машинеден түшө албай, бир топ убакыт өзүмдү жоготуп олтуруп калган экем. Мен келгенде апам машненин дабышына ойгонуп кетип, үйгө кире бербегенимден сыртка чыккан экен. Мени көргөнү келгенде катып олтурган имишмин. “Түш, сага эмне болду?”- десе да жооп бербептирмин. Эшикти өзү ачып, мага колу тийгенде гана сезип, апамдан да катуу коркуп кеткен экем. Жүзүмө кан жүгүрбөй,түсүмдүн аппак болуп калганын көргөн байкуш апам,ал да коркуп кетиптир. Өзүмө келген соң баарын апама айтып түшүндүргөм. “Сүйүү-пүйүүң менен куруп калгыр десе!”- деп,апам ошондон бери түнкүсүн машинеге олтургузмак түйүл,эшикке да чыгарбай турган болду. Мен өзүм да машинеге жалгыз олтурбай калдым.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#353 13 Ноябрь 2014 - 03:57
Мен да бир окуяны жаза кетейин, ал кезде мен сегизинчи класса окучумун, сабактан кийин иштечимин дагы, тактап айтканда Восток 5 те (токолдош) типографияда дизайнер болчумун., ошол куну жумуштан кундогудон кеч чыктым, саат 9 болуп калган. Адаттагыдай наушникти кукака илип алып кынылдап ырдап темир жолдун ортосу менен келе жаткам., артымда кимдир бироо ыйлап жаткандай угулуп кетти, токтой калып артымды карасам темир жолдо бир кыз ыйлап отуруптур, кайдан чыга калганын билбейм, тушунбой калдым,. Бир аз коркунуч пайда болду, бирок коркунучтан да кызыгуум кучтуу болуп жанына барууну чечтим, буттарым титиреп акырын жанына жетип "сизге эмне болду" десем тып токтоп калды да, ордунан туруп качып жоноду.. Тан калып туруп калдым.. Уйго жетип калгам, алдымдан байкем чыгып, эмне кеч? Биз сарсана болдук, сен иштеген жерден бир кызды темир жолдон олтуруп кетишиптир деди.. Эртеси да жумуштамын,
эмнегедир кечеки кыз ойумдан кетпей туруп алды, ал куну да жумуштан кечиреек чыктым, темир жолдун ортосу менен келе жаттым, кечеки жерге келип эки жагымды бир карап алып отуруп калдым, ойумда эмнелер болуп жатканын билбейм, мумкун кечеки кызды кутуп жатсам керек., канча убакыт отурганымды билбейм, бир убакта кыздын ыйлаган уну угулуп кетти., журогум шуу дей тушту, буруп карасам жанымда отуруптур., озумду аран кармап отурдум.. (уландысы бар)... Болгон кучумду топтоп, "сизге не болду" деп сурадым, ал чочуп кетти., "менден сурадынбы"
деп тан калып карады., ал жерде бизден башка эч ким жок эле, "оба, сизден сурап жатам, неге ыйлап жатасыз, кеч болуп калды, сиз кайда жашайсыз"
деп анын жузун корууго аракет кылып карадым, бирок карангы болгондуктан жузун коро албадым.. Аламедин базарга жакын жашайт экен, жолдун жееги менен басып баратканбыз,
кокустан телефонума звонок келип калды, байкем экен, "кайда журосун, тез кел уйго" деп кыйкырып калды.. Мындай корунуш улана берди, арадан бир жумача убакыт отуп калган.. Бул куну жумуштан эрте чыктым, чогу иштеген эже экообуз чогуу чыктык, чыгып эле темир жолду карап калдым, бей тааныш кыз темир жолдун устунон откон бийик мосттун устундо туруптур, аны карап кол булгалап койдум, ал да кол булгалап койду, жанымдагы эже мени тан калган тур менен карап, "кимге кол которуп жатасын" деп сурап калды, тамаша катары кабыл алып "аны сиз коро албайсыз"
деп кулуп койдум,. Эженин телефону жумушта калыптыр, "сен баса бер, мен азыр" деп кайра артка кетти, мен мостко чыгып бараткам, анан кокустан бейтаныш кыз ылдый секирип жатканын кордум, 6-7 метрге бийик жер эле, журогум жарылып кете жаздады, кайрадан ылдый тушуп жанына чуркап жеттим., темир жолдун так ортосунда, козу ачылган бойдон унсуз жатат,, очошконсуп поезд келе жатканын да байкап калдым, кызды ордунан тургузууга кучум жетпей кыйналып турдум, поезд жакындагандан жакындай берди, а мен ортодо калдым, аны жолдон чыгара албай, же таштап озумду куткара албай тызылдай бердим, ангыча чогуу иштеген эже келип калыптыр, ээ жайыма койбой мени тартып кетти, а кыз поездге чайналган бойдон кетти, андан аркысын билбейм, эсимди жоготуптурмун,
больнициядан ойгондум. Мени кукарган эже, ал жерде мен жалгыз эле экенимди, башка эч кимди корбогонун айтыптыр, жакшылап ойлонсом, чынында ал кыз менден башка эч кимге корунбоптур,
байкем айткан, менин жумушума жакын жерден олтурулгон кыздын элеси, же арбагы болсо керек.., андан кийин коп убакыт ооруп журдум,. Тункусун анын ыйлаган уну угула берет, башында абдан коркчумун, анан кийинчереек конуп калдым.,. ( (Элжан Бердибеков)
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#354 13 Ноябрь 2014 - 04:01
Ак кол Мындан эки жыл мурда Бишкек шаарынын Джал кичи районунда болгон окуя. 80-орто мектептин тогузунчу классынын окуучусу Максат аябай оор басырыктуу бала эле. Ал ар дайым тынч жүргөн,орусча айтканда “серъёзный” бала болчу. Таптакыр күлбөгөн,кээде гана достору күлкүлүү окуяларды айтып калышса бир аз гана жылмайып койчу. Ар дайым капкара кымбат костюмду капкара галстугу менен кийип алып жүрө берчү. Мугалимдер да аны оор басырыктуулугу үчүн жакшы көрүшүп,башка окуучуларга үлгү катары көрсөтө беришчү. Окуучулар болсо ашыкча серъёзныйлыгы үчүн анча жактыра беришчү эмес. Максат келечекте атактуу политиктерден болом деп жүрчү. Бир жолу өзүнүн бөлмөсүндө уктап жатса керебеттин баш жагынан бир нерсе шытырагандай болду. “чычкан го...”-деп ойлоп койду Максат. Ал ушунчалык өзүнө ишенген неме эле,кандайдыр бир чычкан ага зыян келтирип коюусун элестете да албайт болчу! Ал көзүн жумаар замат айрылып жаткан кагаздын үнү угулду. Кененирээк айта кетели,бөлмөдөгү дубалга айландыра “обои” чапталган болчу. Ал көзүн ачты... Анын башынын үстүнөн обои айрылып,бир тешик пайда болуп калды. Анан ал тешиктен кимдир бирөөнүн колу чыгып келди. Аппак кол! Максат катыган боюнча жатып калды. Түшүмбү деп ойлоп,акырын эринин тиштеп көрүп,ачышканын сезди. Жок,түш эмес! Күтүүсүз жерден жанагы ак кол Максатты тамагынан кармап алды. Аны муунтуппу,же сыйпалаппы жатты. Чыдабай кетип бөлмөдөн атып чыгып,ата-энесинин бөлмөсүнө кирип кетти. Алар болсо эчак эле уктап калышкандыктан,
диванга олтуруп алып ойлонуп кирди. Кара тер баскан байкуштун денеси аздан титиреп олтурду. Эгер жанагы кол эрчип келсе үйдөгүлөрдү кыйкырып, ойготуп аламбы деп олтуруп,бир эки сааттан кийин уктап калды. Эртеси туруп өзүнүн бөлмөсүнө кирсе эч кандай кол жок. Шкафта да,керебеттин астында да эч жерде кол жок. Тешик дагы жоктой эле. Жакшылап караса дубалдагы обоилер айрылып,ары жагында кол батчу тешик бар экен. Ага көңүл бөлүп олтурбай,ардак граммоталарынын бири менен тешикти жамап,скотчтоп койду. Кечкисин кечеги окуя кайра эле кайталанды.
Дубалдан кагаздын айрылган үнү угулуп,баягы эле ак кол чыкты. Бүгүн да Максат ата-энесинин бөлмөсүндө түнөгөнгө туура келди. Күндүзү ал бул ак кол менен күрөшүү керек деп,кладовкадан эт чапкан кичинерээк балтаны таап келди. Ал аябай өзүмчүл бала эле,жада калса ата-энесине да айткан жок. Балтаны курчтап алып,жаздыгынын астына коюп койду. Карангы кирди. Жанагы ак кол кайра пайда болду. Максат көпкө ойлонбой,балтаны алды да колдун түбүнө такап туруп чаап салды. Кайдандыр дубалдын ары жагынан аябай катуу,жүрөк түшүргөн кыйкырык угулду. Ал кыйкырыкка адам чыдап болгус эле. Катуу чыккан үндөн баланын ата-энеси туруп келишти. Максат коркконунан балтаны жашырып коюп,эми эле уйкудан турган неме болуп керилип койду. Эртеси күнү эртең менен милициялар келишип сурак алып жатышты. Максат болсо баарын моюнуна алды. Көрсө,ал кол кошунасынын колу имиш. Кошунасы алкоголик экен. Аялы акчасын бүт алып коё бергендиктен,
тиги киши акчасын ар жерге ката бериптир. Аракты бир нерсеге сатып алуу керек го. Кошунасы дубалда бир жарака бар экенин байкап калып,аны тешиптир дагы ал жакка акчасын катып жүрүптүр. Акыркы жолу тереңирээк бекитип алып,өзү да таппай калыптыр. Ошол үчүн кеч,аялы уктап калганда тешикке колун салып алып издегилечү экен. Ошентип ал Максатка чейин издегилеп салыптыр. Колунун актыгы болсо,тешикке колун салып дубалга сүрүлгөндө шпатлёвка жугуп калгандыгынан экен. Максат 14 жашта болгондуктан аны соттошкон жок. Ата-энеси болсо ири суммадагы компенсация төлөп беришти. Чынында,ал акчаларды да аялы алып коюптур. Алып банкка салган имиш. Эң кызыктуусу кийин болду! Кесилген кол эч жерден табылбай коюптур. Элдин баары аны Максат ыргытып жиберген деп эсептеп коюшту. Кийинчерээк Максат өзу да ошентип ойлоп жүрдү. Бирок,бул окуядан так бир жыл өткөндө Максатты өзүнүн керебетинде муунуп өлгөн калыбында табышты. Ата-энеси келгенде Максаттын моюнунда аппак кол бар болчу экен..
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#357 13 Ноябрь 2014 - 22:47
Иштеген жерибизден биз учун гостиницадан бир болмону снимать этип беришти. Ал жерде уч кыз жашап журдук гостиница аябай эски болгондуктан жууп тазаласа деле кир сыяктуу болуп турчу. Ичи аябай чон болгондуктан жалгыз жургонго коркот элем. Бир куну эженин кызы кыргызстанга кетип эки кыз эле болуп жашап калдык. Кечинде саат 3тор чамасында ойгонуп кетебиз да ошону менен уктай албай тан атырчу болдук. Бул корунуш калбады кун сайын кайталана берди. Апама айтып Ясин суросун кагазга копия кылып алып уйго келип эже экобуз окуп жатып алдык. Эже бат эле окуп бутуп жатып алды мен кечке шашпай окуп ага улап кураан да окуп анан жаттым. Бир убакта бут жагыма бироо келип урду катуу коркуп ойгонуп кеттим. Эже уктай элек экен ага айтып ал да тан калып комната бироо бар экенин байкап калдык. Эртесинде чондорго айтып башка болмо сурандык бат эле биринчи кабатына кочуруп коюшту кийин уксак ал жерде кыздарды зордуктап олтургон экен. Кийин биротоло ал гостиницадан чыгып кеттим.
Жүрөгүмсүң
#358 14 Ноябрь 2014 - 03:09
АзгырыкМен ал кезде жаш болчум, апам экобуз эжемдерин уйуно коноко коп барчубуз.Эжекем дайыма бизди суйунуп тосуп алчу,Бир жолу кышкы каникулдан кийин апам эжелеринди,
бололорунду коруп кел деп эжемдин уйуно жонотту, мен ал убакта акылым кирип ким, емне дегендей создорду тушуно баштагам, жолго чыктым автобустун ичи толтура киши, ызы-чуу каткырык,ыйлаган ун, автобустун арт жагында олтургам бир кезде чон аксакал келип уулум орун берсен жакшы болот еле белимда оруп кетти деп акырын суйлоду, мен ордуман тарс ыргып отурунуз чон ата деп, ошонтеп бара жаттык аксакал акыл-насаатын айтып мага жакшы нерселерди кулагыма куйуп бара жатты, козум улгуроп кетип мен тушо турган аялдамадан отуп кетиптирмин автобустан туштум аялдаманы карай жонодум карангы кирип калган, эжекемдин уйун таппай кочону мин тыттым саат тунку 12 болжолумда анан эч айла калбай ыйлай баштадым, бир кезде жаныма бою узун апапакай болгон байке келип, уулум сен эмне ыйлап жатасын деген ун угулду, суйунуп кетип байке мен эжекем уйуну таппай адашып калдым, мага жардам берин деп ого бетер кыйкырып кирдим. Макул азыр сени алп барам деген ун созду, Тун ортосу колумдан жетелеп мага ар демсени айтып баратты мен ал албарскы екени ойума да келбептир, жетелеп баратат кайда екенин озумда тушунбой тоо тарапка басып баратабыз, байке эжемдин уйу бул жакта емес элего деп кыйкырдым жини келип мага кайра кыйкырба мына ошо жака баратабыз деди, 3-4 саатча жол бастык мен чарчадым уйкум келип аран уктайм деген ун чыгардым макул мына келдик уктай кой деп артым таптады, калганын эмне болгонун билбейм, козум ачсам чоон ункурдо жатыптырмын онумбу же тушумбу кыйкырып жаттым эч ким укпайт. Башка эч нерсе билбедим кийин козум ачсам болом жанымда отуруптур, ошонтеп айлар отту, апаман баягы окуяны акырын ошондо емне болуптур деп, апам анан баарын токпой чачпай айтып берди, ошол куну тушто мени ункурдон малчылар таап алышыптыр. Корсо азгырык алдап мени ункурго алп барган екен, азырга чейин ойлонуп келем емнеге мени ошол жака алп барды екен деп. Ошондуктан туугандар айрыкча айыл жергесинде кечинде жалгыз журбогуло...
..
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#360 16 Ноябрь 2014 - 17:34
Мен ушул теманы зээриккенде көп окуйм. Дагы көп-көптөн жазгылачы.

Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине,
у меня есть собственное мнение.