Суперстан: Жан өтө эле ширин экен :) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жан өтө эле ширин экен :) Коркунучтан чыгуу амалдары...

#1 Пользователь офлайн   adalsvards   16 Июль 2013 - 16:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

"Жан ширин болот" дешсе, кулак сыртынан кетирип, өз башыңа түшмөй сайын ал сөздүн баркына жетпейт экенсиң.

Кечээ мен бир өлумдөн, тоюс жүрөк жарылуудан аман калбадымбы. .. Кантиппи? Сүрөт

Бир аптадай болуп калды, үйдө жалгызмын. Жыл сайын ушул мезгилдеги окшош көрүнүш. Көнүп деле бүткөм. Бирок жаштыктын курчу тая баштаганбы, карылыктын демиби, кечээ уууух! күн болду. Нарындан иним менен келиним келген, балыгын-кымызын артып алышып... Балыкты кууруп беришти, анан шашылыш кайра жолго чыгып калышты. Соң-Көлдүн даамдуу балыгынан жеп, саамал кымыздан ууртап, адатымча дорамалардын бирин жалдырап көрүп отургам. Анан эле "тттаааххх! !!" деген үн чыкты. Ордуман атып туруп, ашканага барсам, андан аркы балкондун терезеси чоң ачылып туруптур. Ичимден "өлдү, үйгө бирөө кирип алыптыр" дедим. Дароо колума бычак алдым да, ар бир бөлмөнү кинодогу полициядан беш бетер тинтий баштадым. Эч жерде, эч ким жок. Оюма түркүн жаман келип, акылдуу неме окшойт, бир жерде жашырынып, үйдө канча адам экенин байкаштырганы жатат го дедим. Таппадым. Кайра дорамага келдим. Анан жыт келе баштады, алкоголдун. Жаным тынбай "туй! алкаш кирип алыптыр" деген ой келди. Карадым, карадым, жок! Бирок көңүлүм тынчыбай койду. Бычак менен отурам... Сүрөт

Өмүрү коркконумду билдирип көрбөгөнүм үчүн бирөөнү чакыруудан уялдым. Анан иниме СМС жаздым "үйгө бирөө кирип алды окшойт, бөлмөдөн чыга албай отурам" деп. Заматта учуп-күйүп келип, эшиктен таш көтөрө кириптир. Үйдү үч көтөрүп, "алкашты" издеп... Жок! "Ишенбесең, жыттанып жатат" десем, ал чуркаган бойдон барып муздаткычты ачты. А, көрсө! Каткырбагыла ээ? Бая Нарындан келген 5 литрлик кымыздын желим бөтөлкөсү жарылып кетиптир да! Сүрөт

Мээ, саган! Бир саат жуудум окшойт, анан муздаткычты!

Ичимден сөгүнүп жатам "кекиртегиң менен жерге кир! кымыз ичпей тынчып кал" депчи. Анткени дайыма кымызды мен суратып жатып алдыртам да! Кокустан жүрөгүмдөн кетип калсам, эмне болмок? Ит эле болмок, биздикилер! Анткени, калганы, тоюс мени жалгыз калтырган күнөөкөрлөр, жайлоого кымыз ичишкени кетишкен да! Уф, кыскасы, экинчи кымыздын атын атагыс болдум... Сүрөт


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   adalsvards   16 Июль 2013 - 16:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Эми суроо:

- Коркунучтуу абалга тушуктуңар беле? Кандай шартта?

- Өзүңөрдөгү коркуу сезимин кантип контролго аласыңар?

- Реалдуу коркунуч келгиче, жүрөктөн деле кетип калуу мүмкүн окшойт. Тынчтануу үчүн, паникага алдырбоонун сырлары барбы, сыноодон өткөн?


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Narkota   16 Июль 2013 - 16:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 02 Май 13
  • Соңку аракети: 15 Июн 2015 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жомок дүйнөсү

СүрөтСүрөтСүрөт Адальс эже жазганыңыз шумдук гоо...Бирок туура ошондой до жүрөктөн кетип калуу коркунучу 89%
Жашоо- нур,жашоо-элес
Бир келгенден кийин
Өкүнбөй жашаш керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   miniusha   16 Июль 2013 - 16:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 893
  • Катталган: 10 Апрель 12
  • Соңку аракети: 01 Май 2014 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:no comment...

эх суусап атканда кымызга жалко болатат мага чын журоктон...
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Djanibekovich   16 Июль 2013 - 16:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 416
  • Катталган: 25 Июнь 12
  • Соңку аракети: 11 Янв 2025 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Супер-Инфо.

Кучтуу 96 эмес 70 градустуу кымызды ичкен окшойс. :)
Время, проведенное с женщиной, нельзя считать потерянным.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   baarin   16 Июль 2013 - 16:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 10 Июн 2016 23:39
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения adalsvards (16 Июль 2013 - 16:06) жазган:

Эми суроо:

- Коркунучтуу абалга тушуктуңар беле? Кандай шартта?

- Өзүңөрдөгү коркуу сезимин кантип контролго аласыңар?

- Реалдуу коркунуч келгиче, жүрөктөн деле кетип калуу мүмкүн окшойт. Тынчтануу үчүн, паникага алдырбоонун сырлары барбы, сыноодон өткөн?




Мен жаш кезимде 13-14 жаш жайлоодон келе жатканда мурзонун жанын отчуубуз. Башында коркуп журдум кийинчээрек коркпой калдым. Коркпош учун корккон несеге барыш керек деп ойлойм.
Баштадыңбы аягына чейин чыгар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Debi   16 Июль 2013 - 16:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Мага кызыгы: дорама деген эмне?
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   adalsvards   16 Июль 2013 - 16:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Просмотр сообщения Narkota (16 Июль 2013 - 16:25) жазган:

СүрөтСүрөтСүрөт Адальс эже жазганыңыз шумдук гоо...Бирок туура ошондой до жүрөктөн кетип калуу коркунучу 89%

Демек 100 жүрөгү кармаган адамдын 89 пайызы о дүйнөгө билетсиз кетеби? Коркуп калдым!



Просмотр сообщенияminiusha (16 Июль 2013 - 16:26) жазган:

эх суусап атканда кымызга жалко болатат мага чын журоктон...

Чын! Кесиптешиме да ала келем деп сөз берип койдум эле, таш балакет калбады, кийинки аптага чейин...(((


Просмотр сообщенияDjanibekovich (16 Июль 2013 - 16:27) жазган:

Кучтуу 96 эмес 70 градустуу кымызды ичкен окшойс. :)

Градусу да болот беле? :) Бирок чын, коркконго чейин кымыз ичпей турсам болмок, же ичкенге жараша көбүрөөк бастырып, уктап калсам болмок экен!


Просмотр сообщенияbaarin (16 Июль 2013 - 16:27) жазган:

Мен жаш кезимде 13-14 жаш жайлоодон келе жатканда мурзонун жанын отчуубуз. Башында коркуп журдум кийинчээрек коркпой калдым. Коркпош учун корккон несеге барыш керек деп ойлойм.


Ошенттим, мен деле. Бирок ошол коркконумду таппай койбодумбу. Тоюс "алкашты" ...


Просмотр сообщенияDebi (16 Июль 2013 - 16:29) жазган:

Мага кызыгы: дорама деген эмне?


Корей сериалдарын дорама дейт. Жаман ойлобоңуз...



Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   КОЛЮЧКА   16 Июль 2013 - 16:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 348
  • Катталган: 10 Июнь 10
  • Соңку аракети: 05 Июн 2017 09:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Город зеленого цвета...

Биздин уйдун домофонун кошуналарым булдургуч жаны тыптыйпыл кылып коюшуптур, бомжуна деле, уурусуна деле эшик 24 саат бою ачык. Анан кайсы колуна шал тийгири билбейм, 1-этаждан - 9-этажга чейин лампочкаларды чечип кетип, подъездин ичи ункур.
Мурдакуну Казакстанга барып, уйго кеч келгем. Подъездин ичин жарык кылганга жанымда же фонарь жок, кычап телефонум да очкон. Биринчи этаждан 2-ге которулгончокту оюма эмнелер кана келген жок... Акыры баягы звонок деген кинодогу Самара эжемди эстедим да, татырактап чуркадым. Эч нерсе корунбосо, чуркаганын курусун, жаза басып алып, тоголонуп эле кеттим. Дагы жакшы талуурак жерим менен тийген жокмун. Бир заматта баягы коркконум тубу орду менен жоголуп, ызаланып, отура калып ыйлап алып уйго кирдим. Кабыргаларым дале ооруп атат...
Думай своей головой, а не общественным мнением!

Свобода - это когда каждый может распоряжаться своей попой как хочет.

Имею мнение - х@@ оспоришь!

Лучше быть в шоке от услышанного, чем в }{опе от происходящего!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   XuLiGaNkA   16 Июль 2013 - 17:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 670
  • Катталган: 08 Август 12
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2023 20:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:"Анын" жүрөгү

[quote name='adalsvards' date='16 Июль 2013 - 16:34' timestamp='1373970854' post='1143479' ]
Демек 100 жүрөгү кармаган адамдын 89 пайызы о дүйнөгө билетсиз кетеби? Коркуп калдым!

Жоок мен 89% журогунуз кармашы мумкун дегеним
Сени менен бактылуумун)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Kg.lady   16 Июль 2013 - 17:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Камыр кылайын деп,кынылдаааап ырдааааап,ун салган мешокту ачып,колумду жаны гана салганда жумшак кичинекей нерсеге колума урунду.Ал нерсе мешоктон секирип сыртты коздой жугурду.....Айымдардын адатынча чанырган жокмун,озумо жат башкача ун менен кыйкырып алдым :crazy-girl:/> Минтип чочубаган элем,колдорум калтырап,бир топко чейин озумо келе албай муундарым калчылдап жатты.....Жанагы жумшак,кичинекей неме чычкан экен.....))))))Кыбырап алып байкоосуздан адамдардын журогун жарып коюшу оной эле экен,абайлабасак. ......

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 16 Июль 2013 - 17:36


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   aijan   16 Июль 2013 - 18:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Мен кулдум. Кечириниз :)

Коркконумда журогум дукулдосо деле ситуацияга жараша эмне кылыш керек болсо, ошолорду аткара берем. Анан башымда план тузуп алам, биринчи моминтем, анан тигинтем депчи. Мисалы, сиздин ордунузда мен болгондо, чыккан унду билген нерселерден чыккан ун менен салыштырмакмын (слухум дурус эле, хе хе) анан таппасам, сизге окшоп уйду бир сыдыра карап чыкмай. Эгер ото коркунучтуу добуш деп эсептебесем, кайра дораманы кормой. Жоок, анан коркунучтуу бирдеке болсо, анда бычак которуп алыып тинте бермей :D

Бироого чалуу оюма да келбесе керек.

Эгер балам менен болсом, ал коркпосун деп, менин коркконум басылса керек. Мындайда баламды которувалыып уйду карап чыксам керек.

Адатта, катуу коркконумда менден ун чыкпайт - мобилизация болуп кетет %) анан мындай, чепуховый коркумуш болсом, 'маамочкии! ' деп коем :77:

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Djanibekovich   16 Июль 2013 - 18:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 416
  • Катталган: 25 Июнь 12
  • Соңку аракети: 11 Янв 2025 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Супер-Инфо.

Просмотр сообщения КОЛЮЧКА (16 Июль 2013 - 16:38) жазган:

Биздин уйдун домофонун кошуналарым булдургуч жаны тыптыйпыл кылып коюшуптур, бомжуна деле, уурусуна деле эшик 24 саат бою ачык. Анан кайсы колуна шал тийгири билбейм, 1-этаждан - 9-этажга чейин лампочкаларды чечип кетип, подъездин ичи ункур.
Мурдакуну Казакстанга барып, уйго кеч келгем. Подъездин ичин жарык кылганга жанымда же фонарь жок, кычап телефонум да очкон. Биринчи этаждан 2-ге которулгончокту оюма эмнелер кана келген жок... Акыры баягы звонок деген кинодогу Самара эжемди эстедим да, татырактап чуркадым. Эч нерсе корунбосо, чуркаганын курусун, жаза басып алып, тоголонуп эле кеттим. Дагы жакшы талуурак жерим менен тийген жокмун. Бир заматта баягы коркконум тубу орду менен жоголуп, ызаланып, отура калып ыйлап алып уйго кирдим. Кабыргаларым дале ооруп атат...

Ошто домофон аттуу нерсе корбопмун.
Кыздар сумканарда менден башкасы баары бар а, баягындай газ балончик алып жургулочу.
Время, проведенное с женщиной, нельзя считать потерянным.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Basmachy111   16 Июль 2013 - 20:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 922
  • Катталган: 27 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 12 Янв 2014 18:23
  • Жынысы:Эркек

Бир жыргап кулдум го, кымыз алдырып иче бериниз.)) Кам кымыз эмес бышкан кымыздан, алдырыныз. Бышкан кымыз атылбайт канча чайпалса дагы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   belosnejka1   16 Июль 2013 - 22:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 396
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Апр 2018 07:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Venera

Уйдо балам экообуз эле уктайбыз да куйом тундо иштейт. Анан бир куну эртен менен эле уктап аткам бир маалда тарс турс деген ун чыкты. Чоочуп турсам кайта ун жок. Сырттан бироолор атышып аткандай сезилди. Уйго буроолор кирип келбесе экен деп дароо баламды алып эшиктин кулпун текшердим. Култануу экенин коруп уф деп отуруп калдым. Бирок сырттан бироолордун эй артка кайт деп кыйкырып атканы угулду. ОК тийип кетпесин деп терезени карай албай башымды ийип олтурдуп. Балам болсо, мемиреп уктап атты.
Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Kg.lady   17 Июль 2013 - 01:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Просмотр сообщения belosnejka1 (16 Июль 2013 - 22:06) жазган:

Уйдо балам экообуз эле уктайбыз да куйом тундо иштейт. Анан бир куну эртен менен эле уктап аткам бир маалда тарс турс деген ун чыкты. Чоочуп турсам кайта ун жок. Сырттан бироолор атышып аткандай сезилди. Уйго буроолор кирип келбесе экен деп дароо баламды алып эшиктин кулпун текшердим. Култануу экенин коруп уф деп отуруп калдым. Бирок сырттан бироолордун эй артка кайт деп кыйкырып атканы угулду. ОК тийип кетпесин деп терезени карай албай башымды ийип олтурдуп. Балам болсо, мемиреп уктап атты.

Анан.........чын эле атышып жатышкан бекен?!

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Narynbek   17 Июль 2013 - 01:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Ой Адалс бир жыргап күлдүм дейсиң.Бизге деле бөлүшүп койсоң анчалык коркмок эмесиң.Эмки алып келгенде ооз тийгизип кой ээ.Кымыз жалко төгүлүптүр да.Сүрөт
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   belosnejka1   17 Июль 2013 - 05:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 396
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Апр 2018 07:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Venera

Просмотр сообщения Kg.lady (17 Июль 2013 - 01:12) жазган:

Анан.........чын эле атышып жатышкан бекен?!



Журогум дукулдоп козум эшик жакты эле карап туруп алды. Оюма дароо куйом келди. Анткени ал танкы маал келчу да. Кыжаалат болуп дароо чалдым.. Унун угуп алып кубанып кеттим. Ошентип терезени карай албай олтуруп уктап кетиптирмин. Биздин уй паркка жакын болгондуктан чегип алган оспурумдор коп журот да алардын артынан кобунчо милициялар кубалап жургонун коп корчумун. Балким ошолор же башкалар, кыскасы эмне болгонун тушуно албадым. Ушуну менен экинчи жолу угушум болду.
Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   kanat4ik   22 Июнь 2014 - 15:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения adalsvards (16 Июль 2013 - 16:06) жазган:

Эми суроо:

- Коркунучтуу абалга тушуктуңар беле? Кандай шартта?

- Өзүңөрдөгү коркуу сезимин кантип контролго аласыңар?

- Реалдуу коркунуч келгиче, жүрөктөн деле кетип калуу мүмкүн окшойт. Тынчтануу үчүн, паникага алдырбоонун сырлары барбы, сыноодон өткөн?

Эки жыл мурун окуума шашып, бат ылдамдыкта баратып авария болуп кетуумо аз калган. Камаздын тубуно кирип кетейин дегем. Ошол 1-2 минуттун ичинде оюма эмнелер гана келбеди.. Ошол убакта ата-энем да алыста болчу, "ата-энемди акыркы жолу корбой ушинтип олуп кете беремби?" деген коркуу сезими болгон.

Билдирүүнү түзөткөн: kanat4ik: 22 Июнь 2014 - 15:58

Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   gulperi.kg   22 Июнь 2014 - 16:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 235
  • Катталган: 03 Апрель 12
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Жан ширин болот.Балалыгымда озумду озум олтургум келген учур болгон бирок болгон эмес.Чонойгондо мыкаачынын колунан ажал куткарып калган.Кудайга мин мертебе шугур.Анан да Авария болгон жерлерди коп коргом.Ошондогу адамдарды коруп журогум жарылып кете жаздап,озумо келе албай ыйлаган кундор.Июндагы оштогу согуштагы окуялар эх десе жаралганыма окунуп кетем.Бирок жашоонун жарымы жарыкчылык менен коштолуп бактылуу кундор гана жашоого туртку берет
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 15 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 15, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 13 Авг 2025 15:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: