Азыр интернеттин күндөн-күнгө жайлып бара жаткан убагы. Албетте аны менен катар бизге бир канча жеңилдиктер жана ыңгайлуулуктар пайда болду десек болот. Бирок ошол эле убакта анын зыяндуу жактары да жок эмес. Өзгөчө интернет жаш өспүрүмдөр үчүн бир топ кооптуу деп айтсак болот. Порнография,
зордук-зомбулук кадрлары, тыю салынган секталардын сайттары ж.б. алардын психикасына терс таасирлерин тийгизүүсү мүмкүн.
Интернетке байланып калуу негизинен чат жана форумдарга байланып калуудан башталат. Бул нерсе өспүрүмдү анын өзүн өзү өзгөртүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүүсү менен азгырат. Б.а. ал мындай форумдарда өзүн акылдуураак,
сулуураак, жакшыраак көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ал романтик же циник, физик же химик, чыгармачыл адам же спортсменге айлануусу, жада калса өз жынысын өзгөртүүсү да мүмкүн. Кыскасы ал өз ойлору жана фантазияларына толук эркиндик берүүсү мүмкүн. Өз комплекстеринен жабыр тартып жүргөн өспүрүмдөр үчүн интернет бейиш сыяктуу эле нерсе десек болот. Алар вирт дүйнөгө сүңгүп кирип, өздөрү жактырбаган реал жашоодогу өздөрүнө кайткылары келбей калат. Себеби реал жашоодо алар өзгөрүүлөрү үчүн көп күч-аракет жумшоолору керек. Ал эми виртте болсо алар өздөрүн клавиатураны баскылоо менен эле өзгөртө алышат.
Интернетке байланып калуунун беш түрү белгилүү:
1. Киберсекс
2. Виртуалдык таанышуу
3. Онлайн биржалык соодалар жана кумар оюндарына байлануу
4. Максатсыз эле сайттарды аралып жүрүү, изилдөө сайттарын активдүү колдонуу
5. Компьютер оюндарына байланып калуу.
Баланын интернетке байланып калгандыгынын алгачкы белгилерин кантип байкаса болот?
1. Бала компьютерден башка нерселерге болгон кызыкчылыгын жоготуп, көпчүлүк убактысын компьютер алдында өткөрө баштайт.
2. Ал үчүн эң чоң жаза-бул, анын компьютер же интернет колдонуусуна тыю салуу болуп калат.
3. Тезирээк компьютерге отуруу үчүн үй иштерин көңүл кош гана аткарат.
4. Мектептеги жетишкендиктери төмөндөп кетет.
5. Ал көчөгө сейилдөө үчүн чыгууну, реалда кандайдыр бир кружок жана секцияларга катышууну каалабайт.
6. Эгер үйдө компьютер жок болсо анда анын акчаларынын баары интернет клубка кетет. Ал, ал жерде интернетте же сеть аркылуу ойнолчуу оюндар менен убакыт өткөрүп калат.
7. Эгер түнкүсүн сеттин баасы арзан же интернеттен көбүрөөк файл көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгү болсо ал түнү бою уктабай коюга даяр болот.
8. Ал достору менен эле эмес, сиз менен да маектешпей өз убактысын компьютер алдында өткөрөт.
Бардык оорулар сыяктуу эле интернетке байланып калууну айыктыргандан көрө анын алдын алуу жеңилирээк.
Бул үчүн компьютерди колдонуу сааттарын кыскартуу жана кээ бир сайттарды колдонууга чектөөлөрдү койсоңуз болот. Эгер сиз сайттарга чектөө коюуну билбесеңиз анда башка тааныштарыңыздан жардам сураңыз. Балким алар атайын фильтирлер аркылуу кээ бир сайттарга чектөөлөрдү коюуну билүүлөрү мүмкүн. Ушундай эле сураныч менен сиз өз интернет провайдариңизге кайрылсаңыз да болот. Балаңыз интернеттен көчүрүп алган бардык файлдарды текшериңиз.
Анын алдына тандоо коюңуз: же ал интернет үчүн өзү акча төлөсүн же чектелүү убакыт гана интернет пайдалансын.
Батыш жана өнүккөн чыгыш өлкөлөрүндө 21-кылымдын бул "киберчумасынан"
айыктыруу үчүн атайын ишканалар түзүлүп, ар кандай методикалар иштелип чыгат. Бизде азырынча интернет анчалык жайылган эмес жана анын акысы да өтө эле арзан эмес. Бирок башкалардын каталарынан сабак алган жакшы.
Эгер жогорудагы алдын алууларга карабастан балаңыз мындай оорууга кабылган болсо анда төмөндөгүдөй иштерди аткаруу сунушталат:
1. Балаңызды реалдагы кружок, клуб жана спорттун түрлөрүнө кызыктырууга аракет кылыңыз.
2. Балаңыздын дагы бир мүнөт деп сурануусуна карабай проводту үзүп салыңыз. Мектеп үчүн рефератты интернеттен көчүрүүнүн ордуна библиотекага барсын.
3. Балаңыз менен көбүрөөк сүйлөшүңүз жана ал жаман компанияга туш болуп калуусу мүмкүн деп кабатырланбастан анын өз тең-туштары менен көбүрөөк сүйлөшүүсүнө шарт түзүп бериңиз.
Өз убагында даарыланбаган интернетке байланып калуу баланын психикалык жана физикалык ден-соолугуна эле эмес, анын жашоосуна да коркунуч туудуруусу мүмкүн. Мисалы интернеттеги кумар оюндарына уткуруунун айынан өз жанын кыйгандар болгондугу тууралуу фактылар да катталган.
Эң негизгиси бардык жакшы нерсе чеги менен болгону жакшы экенин унутпаңыз жана муну балаңызга да үйрөтүңүз.
Балаңызды киберчумадан сактаңыз! Интернетке байланып калуусуна жол бербеңиз
#2 19 July 2013 - 01:18
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#3 19 July 2013 - 02:24
Бул форумда дагы ушундай ооруган балдарды коруп журом))). Ата энеси кайда карап журушот болду экен.
#4 19 July 2013 - 02:56
#5 19 July 2013 - 03:11
Жаш муунду тарбиялаш учун, улуу муун озун озу тарбиялаш керек, себеби азыркы учурда кичине-чон дебей интернет менен ооруйбуз, менин мисалга 24 саатымдын жарымынын жарымы интернетке кетет. Реалдагы жашоодон чарчаганда виртке сунгуп кетем, анан да мага кочодо салпактап кафе-рессторанга барган такыр жакпагандыктан,
интернетке убактымды коротом. Бирок наристелерге чыны менен аябай зыян жагы коп, жана откоол курактагы оспурумдорго да терс таасири бат тийет экендиги айкын. Дауд байке сонун тема ачыптырсыз,
келечекте биздин мамлекетте да интернет онуккучо биз азыртан чара корсок мактоого арзый турган, себеби 10 адамдын бир адамына таасир этсе да чон жетишкендик.
.
Жүрөккө эмне толсо, ооздон ошол сөз чыгат...
#6 19 July 2013 - 03:18
Daud baike, menin papamdyn pochtasyn bereiyn ushunu jazyp jiberip koiunuzchu. Meni jakshylap tarbialap alsyn. Akyrky kundoeu men kiberchuma ildetine kabylyp kaldym okshoit.
Contra vim mortis non est medicamen in hortis
#7 19 July 2013 - 09:21
Вый, жаш балдар эмес, ушу форумду айланчыктап жургон биз деле ушу илдеттен соо эмеспиз ай! Мисалы, мен. Тээ жаздын башында азыраак кирем деген бойдон, азыраак эмес, акимдикке отуп алдым. Кой, дарыланыш керек ай. Менин билдируулорумду коргон жерден минус баскылап, сынга алып, куугунтуктагылачы ээ?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#8 19 July 2013 - 10:00
Ыраc ачыпcыз азырkы жашooдo чечилбегем маcеле. Менин инимди kараcам kyнy- тyнy интернет агенттен чыkпайт. Oзyм деле бyгyн kирбейм koзyм ooрyдy деп алып эле kайра эле kыдырып жoнoйм жанылыkтан kyр kалдым деп. Oзyбyздy тыя албай kалгандан kийин жаштарды тыя албай kалдыkko.
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
#9 19 July 2013 - 10:15
Вый, жаш балдар эмес, ушу форумду айланчыктап жургон биз деле ушу илдеттен соо эмеспиз ай! Мисалы, мен. Тээ жаздын башында азыраак кирем деген бойдон, азыраак эмес, акимдикке отуп алдым. Кой, дарыланыш керек ай. Менин билдируулорумду коргон жерден минус баскылап, сынга алып, куугунтуктагылачы ээ?
Чын эле не башка жумушунуз жокпу? Качан кирбейин форумда журосуз. Ай ушу мен сиздин жолдошунуз болгондо камчы менен тарбиялайт элем. Болду давай азайт интернетти (болобу, же мындан катуураак урушайынбы Айжан сулуу?)))
#10 19 July 2013 - 11:14
Аларга бул чума өзүбүздөн жукпай жатабы ? Өзүбүз интернет менен ооруп журсөк анан аларга жукпаганда кимге жугат?
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#11 19 July 2013 - 11:15
Чын эле не башка жумушунуз жокпу? Качан кирбейин форумда журосуз. Ай ушу мен сиздин жолдошунуз болгондо камчы менен тарбиялайт элем. Болду давай азайт интернетти (болобу, же мындан катуураак урушайынбы Айжан сулуу?)))
Урушканынызга рахмат
Баарыныздарды инетти азайтып, реалга отууго чакырам.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#12 19 July 2013 - 19:15
Интернеттен сайт издеп тынбай журсок бул жакта азайткыла дейсинерго.
Интернетсиз жашоо кызыксыз, жада калса сабакта да эптеп пайдалып калмайго .
Жараткан кайрып берсе отконду, окунсомда кайра сени суймокмун...
#13 18 January 2014 - 12:08
Ужас
/> , "Киберчума"
дейби??
Дарыланыш керек сурочно!! !
Дарыланыш керек сурочно!! !
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
#15 18 January 2014 - 23:34
Туура,инетти чукулап отуруп жолдошумдан кээде угуп калам анча-мынча укчууларымды.
/>/>
Озумдогу киберчуманын вирусун жуктуруп коюн десем же жукпайт,иммунитети кучтууда,
/>/> клавиатураны алдына коюп уйротсонда уйронбойт.Жолдошума уйроткучо алты жаштагы кызым уйронуп бутмой болду,агентимди ачып туш келген адамга сурот жонотуп)))Барып,
барып ,убакыттын отушу менен чон койгойго айланабы дейм,балдарыбызды интернеттен ажырата албай....
Озумдогу киберчуманын вирусун жуктуруп коюн десем же жукпайт,иммунитети кучтууда,
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#16 23 January 2014 - 00:22
Виртуалдуу оюндар жаштарды азгырып жатканы жашыруун эмес. Бул оюндар жаштарга канчалык денгээлде пайда берет? Жана канчалык денгээлде зыян? Дурус жана бурус жактарын айтып кетсениздер?
Асыл сапат - бизди таалайга жеткируучу эн негизги курал!
#17 23 January 2014 - 02:03
Убакытты алып, окууга кызыкчылыкты жоготот, козго да зыян, а пайдалуу жагын корбой турам да
АльхамдулиЛлях!
#19 23 January 2014 - 10:17
Маңызы окшош "Виртуалдуу оюндардын дурус жана бурус жактары."
темасы менен бириктирилди.

Супер-Инфо
super.kg
видео























