Бул атамын акыркы ыры болчу....
Карылыкка капамын.
Жаштык менден кетээр менен арылып,
Бүткөн бойду ээлеп алды карылык.
Өзү келбей кошо келип далай "ит",
Көөдөнүмү талап кирди жабылып.
Кезек-кезек сыздаттырып "холест-ит"
,
Кээде талып,кээде мыжыйт "миокард-
ит".
Бассам-турсам мени кошо "үрдүрүп"
,
Кайда барсам ээрчип жүрөт "бронх-ит"
.
Жанымды өйкөп,жай бербеген "гастр-ит"
,
Ээн баштыкты көрсөтүштү далай "ит".
Айла таппайм,ажырабай өзүмдөн,
Өмүрүмө жолдош болду "геппат-ит"
.
Далай жылдар азап тартып келемин,
Шалдырады шайы кетип денемин.
"Ит ээлери"канча аракет кылса да,
Таба алышпайт айыктыраар себебин.
Катар басып,каткырышып күлө албай,
Сакал сылап,эл ичинде жүрө албай.
Канча кылсам арыла албайм онтоодон,
Карылыктын доорун жакшы сүрө албай.
Араң күтөм кээде таңдын атаарын,
Түнү бою "ит талоондо"
жатамын.
Ит ээрчиткен мергенчидей,
байкатпай
Жөн келбеген карылыкка капамын. (Алымжан Токтосунов)
АалыТоктосунов: Карылыкка капамын же "иттер"менен алышуу
#2 20 July 2013 - 00:45
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#4 20 July 2013 - 19:15
Бул ырды акын Алымжан Токтосуновдун оз оозунан уктум эле.жаны жаннатда болуп,аллах бейиштен оорун берсин.
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!

Супер-Инфо
super.kg
видео














