Суперстан: Колтуктун тердөөсүнөн кантип арылса болот? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Дерматология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Колтуктун тердөөсүнөн кантип арылса болот? тема боюнча кеңешиңерди жаза кетсенер.

#101 Пользователь офлайн   Janyla   23 Ноябрь 2016 - 11:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Бут,колтук тердесе,жыттанса аптекада паста теймурова дегенди алып,жатар алдында жууп,тазаланып, кургатып сүйкөгүлө.

Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 23 Ноябрь 2016 - 11:51

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   san-07   23 Ноябрь 2016 - 12:48

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 23 Март 14
  • Соңку аракети: 07 Апр 2018 23:39

мен терчилмин баардык жерим тердей берет. билсенер жардам бергилечи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Janyla   23 Ноябрь 2016 - 14:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

san-07 (23 Ноябрь 2016 - 12:48) жазган:

мен терчилмин баардык жерим тердей берет. билсенер жардам бергилечи


Гормондорго кан тапшыр,ошо боюнча врачтар жардам берет.
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   HanTegin   11 Февраль 2017 - 15:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 451
  • Катталган: 01 Август 16
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 13:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

Менин уулум да откоол куракта болгон учунбу ушул койгой пайда болду. Кунуго койнок которуп кундо жуунат кышта. Койногу кунуго жыттанат. Гормондор таасир этип жатат го. Болбосо мындайы жок эле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   saulem   25 Апрель 2017 - 20:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 03 Февраль 12
  • Соңку аракети: 19 Окт 2021 01:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Гигиена туура сакталса эле, колтук жыттанбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   kaisaarmyn   01 Май 2017 - 03:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 185
  • Катталган: 18 Январь 17
  • Соңку аракети: 17 Сен 2018 18:02
  • Жынысы:Аялзаты

Бир досумдун ушундай койгойу болчу апасы уксус менен арчыса калат деп угуп калып уксус менен арчыган колтугу куйуп калган бирок ошол менен калып кеткен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   06 Май 2017 - 18:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Колтугу тар кийимдерди кийип журо берсен жок болбойт ал.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   belka   04 Июнь 2017 - 19:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

kaisaarmyn (01 Май 2017 - 00:58) жазган:

Бир досумдун ушундай койгойу болчу апасы уксус менен арчыса калат деп угуп калып уксус менен арчыган колтугу куйуп калган бирок ошол менен калып кеткен

Жыт тер чыгарган без сези менен кошо күйгүзүп салыптыр да жакшы
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Musabaeva.   04 Июнь 2017 - 19:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 773
  • Катталган: 22 Март 16
  • Соңку аракети: 10 Сен 2019 22:16

Тердегенден кийин созсуз жууш керек, кийген кофтаны да.Жуубагандан анан жыттанат.Формидрон колдонгула колтук жана буттун жытын кетиргени жакшы, арзан дагы жана пайдасы жакшы.
Мен ар дайым өзунө "ЖАЛГЫЗЫҢ"болгум келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   aidinaernur   05 Июнь 2017 - 19:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 329
  • Катталган: 21 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 01:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Океандын ары жагы

Драйклор деген даары бар экен аптекада
570 сом турат
Жыйынтык жакшы окшойт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Aikan1998   12 Ноябрь 2017 - 15:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 18 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 11 Дек 2018 00:34

КОЛТУК АШЫКЧА ТЕРДЕСЕ, АЯЛ МАСТОПАТИЯ ООРУСУНА ЧАЛДЫГЫШЫ МҮМКҮН..

Колтук адамдын тер бездери эң көп жайгашкан жери, кээ бир адамдар ашыкча терчил болушат. Жада калса бир нерсеге тынчсызданса да тердеп кетишет. Тер кийимди суулайт, суу болгон кийим бир аздан соң муздайт дагы ,кайра колтуктун бездерин чочутат. Колтук бездери эмчек бездери м.н тыгыз байланышта. Ашыкча терчилдик аялды мастопатия оорусуна чалдыктырышы мүмкүн. Ал эми кээ бир адамдарда колоңсо болот, ал жөнүндө айтпаса деле баарына жагымсыз экени белгилүү . Колоңсодон кутулуунун жалгыз гана жолу бар , операция кылып колтук бездерин толук алып салынат. Бирок мындай кадамга чанда гана адам макул болбосо , анын үстүнө операциянын акчасы дагы 20 миң сомдон кем эмес. Эмне кылуу керек? Албетте экологиялык жактан таза дезодарантты күнүгө колтукту жууп сүйкөп туруу гана жардам берет. Биздеги табигый алоэден жасалган лечебный дарылык касиети бар "карандаш дезодорантты " колдонуңуз. Составында эч кандай химикат ,алюминий ж.б.зыяндуу нерселер жок, денени аллергия кылбайт, кийимде так калтырбайт. Денеден чыккан жаман жыттын чыгуусуна тоскоол болуп,терчилдикти бара -бара калтырат.

Толук маалыматты 0702871993
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   amanura   14 Декабрь 2017 - 16:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 01 Март 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2020 21:13

Колтуктун, буттун, алакандын ж/а дененин тердесууно каршы Евпропанын натыйжалуу антиперспиранттары PURAX (Австрия) Max-f (Россия), 100 % кепилдик. Каалагандарга тел: 0778303517 WhatsApp 0552481010
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   mentol   15 Декабрь 2017 - 01:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 523
  • Катталган: 19 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 30 Янв 2024 22:00
  • Жынысы:Белгисиз

Көйнөктүн колтук туштары терден
улам өзгөчө билинип, ал аз келгенсип
жагымсыз жыт чыгып турганы эч
кимге жакпаса керек. Мындай
илдетке кабылгандар өзгөчө күн
жылыган маалда бушайман абалга
көп кездешишет. Андан кутулуунун
жолун таппай жүргөндөр бул
макаладан мыкты кеңештерди ала
алышат.
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз
мамлекеттик медициналык
академиясынын медицина
борборунун хирургу Наги
Талышханов: “Кардар илдеттен
биротоло кутулушу үчүн тери
бездерин, майларды алып,
нервдерди кесип салабыз”
– Гипергидрозду дарылоону
сиздер кандай ыкма менен ишке
ашырасыздар?
– Бул операцияны биз булчуң
алдындагы кюретаж деп коёбуз.
Себеби операция кюретаж деп
аталган хирургиялык аспаптын
жардамы менен жасалат. Алгач
колтуктун алдына гана таасир
этүүчү наркоз беребиз. Андан
кийин тери бездери жайгашкан
аймактарды белгилеп алабыз да,
0,5 сантиметрдей кылып бир же
эки жерин кесип алабыз. Ал
кесилген жерге кашыкка окшогон
кюрет аспабын салып тери
бездерин жана майларды алып
чыгып, нервдерди кесип салабыз.
Кардар операциядан кийин 3-4
саат дарыгердин көзөмөлүндө
болот.
– Операция жасаган жер так болуп
калбайбы?
– Операциядан кийинки так 6-8
айдын ичинде кетет.
– “Болду, өмүр бою кутулдуң” деп
кепилдик бере аласыздарбы?
– Жок, кепилдик бере албайбыз.
Себеби айрымдарынын нервдери
калыбына келип өсүп, тери
бездерине байланышса колтуктун
алды кайра эле тердеп башташы
мүмкүн. Бул учурда экинчи ирет
операция жасоого туура келет. Ал
эми кээ бирлери өмүр бою кутулат.
– Келген бейтаптардын бардыгына
эле операция жасалабы?
– Келгендердин бардыгына эле
жасала бербейт. Өзгөчө кант
диабети, онкологиялык оорулар
менен ооругандарга таптакыр
жасалбайт. Ал эми сасык тумоолоп
калса, айыккандан кийин
жасайбыз. Операциянын баасы 200
доллардан өйдө турат.
“КОСМЕД” медициналык
борборунун жетекчиси, косметолог
жана дерматолог Нурмери Гаджал:
“Ботоксту кыз-келиндер көп
колдонушат”
– Колтуктун тердөөсүн дарылоону
канча жылдан бери жүргүзүп
келесиздер?
– Ботокс ыкмасы Кыргызстанда,
анын ичинен биздин клиникада 10
жылдан бери колдонулуп келе
жатат. Акыркы 3 жылда ботокс
колдонгондордун саны кыз-
келиндер арасында көбөйдү.
– Ботокс тууралуу кенен маалымат
берсеңиз.
– Терден куткаруучу ботокстун да,
диспорттун да курамында
ботулотоксин деген дары бар.
Колтуктун алдына сайылган бул
дары тер бездеринин терди бөлүп
чыгаруусун токтотот. Аларды
кардарга колдонуудагы минор деп
аталган ыкмага кыскача
токтолсом, йодду колтукка сүйкөп,
анын үстүнө атайын даярдалган
крахмалды 15-20 мүнөт коюп
коёбуз. Терден улам жагымсыз
жыт чыккан аймактар сыя-көк
болуп калат. Ошол жерлерге
ботокс же диспортту саябыз.
– Диспорт менен ботокстун
айырмасы барбы?
– Ботокстун диспорт, ксеомин,
лантокс дегендери да бар.
Бардыгынын курамында
ботулотоксин заты болгондуктан
таасири бирдей. Булардын бири-
биринен айырмасы - бири
Германиядан, экинчиси Түркиядан,
үчүнчүсү Кытайдан чыккан. Ар бир
өлкө чыгарган дарыларына
өздөрүнүн атын бергендиктен гана
ар башкача аталат.
– Канча жылга жетерин айтып
кепилдик бересиздерби?
– Кепилдик беребиз, терден
арылтуучу бул ыкмалар 1 жылга
жетет. Ашып кетсе 2 жылга, бирок
андан ашпайт.
– Баасы канча турат?
– Бул дарылардын баарын чет
мамлекеттерден алдырабыз,
ошондуктан баасы кымбат, 10 миң
сом.
– 10 миң сомдун көзүн карабай
жасаткандан кийин кайра эле
тердеп баштабайбы?
– Ботоксту сайдыргандан кийин
гигиенаны сактабай, душка түшпөй,
бирөөлөрдүн кийимин кийип жүрө
берсе, кайра эле пайда болушу
толук мүмкүн. Дайыма биздин
кызматты колдонуп 2-3 жыл
катары менен ботокс сайдырып
жүргөндөрдүн аталган илдеттен
таптакыр кутулгандары бар. Булар
эрежелерди так жана туура
аткарып жүргөндөрдөн.
– Ботокс кимдерге сунушталбайт?
– Психикалык жактан
жабыркагандарга, терисинде ачык
жарасы барларга, кош бойлууларга,
бала эмизгендерге, онкологиялык
жана кант диабети менен
ооргандарга болбойт. Эскерте
кетсем, ботулотоксин сайылгандан
кийин ал жерди укалоого болбойт.
Ийне сайдырганга чейин 3 күн,
андан кийин 10 күн алкоголдук
ичимдиктерди ичпеш керек.
Жагымсыз жытты кетирип, терди
убактылуу жок кылган каражаттар
Антиперспирант. Бул каражаттын
курамындагы органикалык
алюминий тузу, цинк тердин көп
иштелип чыгышына жолтоо болуп
аны азайтат. Алар тери бездеринин
жолдорун бүтөп 20-40 пайыз болсо
дагы таасирин тийгизе алат. Бул
каражат аэрозоль, айланма шарик,
паста жана бет май сыяктуу
суюктук түрүндө чыгат.
Салицил-цинктүү май. Май
колтуктун тердешин бир азга болсо
дагы азайтып, убактылуу
жагымсыз жытты чыгарбай турат.
Форсаль гели. Гелди тердеген
жерге сүйкөп 20 мүнөт, тагыраагы,
плёнка болуп кургаганча күтүп,
андан соң сыйрып туруп
колтугуңузду жууп саласыз. Эми
таза колтукка баланын бышарган
жерине себилүүчү порошокту
себелеп коёсуз. Бул ыкманы
колдонгон соң 10 күнгө чейин
колтук тердебейт.
Драй Драй . Мындай аталыштагы
бул каражат флакондо суюктук
жана кийимдин колтугуна
жабыштыруучу жалпак кездеме
түрүндө сатылат. Суюктук
жумасына бир жолу таза колтукка
жатар алдында сүйкөлөт. Ал тер
чыга турган тешикчелерди
кургаткандыктан колтук тердебей
калат. Бирок тери бездеринин
функциясы бузулбайт, болгону тер
дененин башка жерлеринен чыга
баштайт. Ал эми кездеме
түрүндөгүсүнүн бетиндеги тунук
кагазын алып, өзүн көйнөктүн
колтугуна жармаштырып коёсуз.
Ал ичке болгондуктан билинбейт.
Бирок күн сайын алмаштырып
туруу керек.
Формидрон. Кээ бирлер терден
кутулуш үчүн эң арзан каражат
формидронду колдонушат. Аны
күнүгө эртең менен жана кечинде
таза колтукка дакинин же
пахтанын жардамы менен сүртөт.
Формидронду узак убакыт
үзгүлтүксүз колдонгондо
борбордук нерв системасынын
ишине, дем алуучу жана тукум
улоочу органдарга терс таасирин
берип, териде экземаны, жараны
пайда кылат. Мындан тышкары
формидрон болочокто төрөлө
турган түйүлдүктү уулап, бала
төрөлгөндө көзү көрбөй калуусуна
алып келет.
Колтуктун теринен куткарган
элдик ыкмалар
– Душка түшүп чыккан соң денени
кургатпай туруп жагымсыз жыт
чыккан жериңизге Теймуров
пастасын сүртүңүз. Алгачкы
мүнөттөрдө сүйкөгөн жериңиз
муздап чыгат, бирок бул
коркунучтуу деле эмес. Бул
ыкманы жумасына 1-2 ирет
колдонуп, сүйкөгөн соң жарым
сааттан жатышыңыз керек.
– 2 литр ысык сууга 100 грамм
ромашка гүлүн салып 20-30 мүнөт
тыныктырасыз. Андан соң 2 аш
кашык ашкана содасын кошуп
жакшылап аралаштырасыз. Даяр
болгон кошулманы саат сайын
колтугуңузга сүртүп турасыз. Эгер
бутуңуздагы жытты кетирүүнү
кааласаңыз, анда ушул эле сууга
бутуңузду салып жарым саат
олтуруңуз. Бул ыкманы бир жума
катары менен тынымсыз колдонуу
керек.
– Грек жаңгагынын бир
жалбырагын майдалап туурап аны
1 бөтөлкө аракка аралаштырып
эки жума караңгы бөлмөгө коюп
коёсуз. Даяр болгон соң 1 аш
кашык дарыга 1 аш кашык сууну
аралаштырып эртең менен жана
кечинде тердеген жерди сүртүп
турасыз. Колтуктун тердегени
акырындык менен кетет.
Эрежелерди сактай билиңиз
– Синтетика эмес, пахтадан
тигилген кийимдерди кийсеңиз
тердебейсиз.
– Аптапта ысык чайды көп
ичпеңиз.
– Көчөгө чыкканда
антиперспирантты колдонгонду
унутпаңыз.
– Күн сайын сууга түшүп,
денеңизди самын менен жууп, бир
аш кашык аш тузду бир чака сууга
аралаштырып денеңизге куюп
алыңыз.
– Ар дайым денеңизди кургак
алып жүргөнгө аракет кылыңыз.
Себеби нымдуу денеде
бактериялар көп болот.
– Эч ким менен кийим алмашып
кийбеңиз, аз убакытка да.
Түнт мүнөздүү түркөй болушпай
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   Ai_Leto   01 Август 2018 - 19:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 12 Июль 18
  • Соңку аракети: 16 Сен 2018 18:47
  • Жынысы:Аялзаты

Антиперспирант балдар үчүн зыян эмеспи уулум 5 класс колтугу тердеп колоңсо жыттанат айтылган кеңештерди пайдаланып көрсөк бала неме аткарбайт жуунтспм тажайт кечке жууна беремби деп анан ошол дезодарант антипспнт зыян эмеспи билейин дегем
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дерматология
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: