Суперстан: Колтуктун тердөөсүнөн кантип арылса болот? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Дерматология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Колтуктун тердөөсүнөн кантип арылса болот? тема боюнча кеңешиңерди жаза кетсенер.

#61 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Июнь 2014 - 08:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ал эмнеден тердейт озу? Ата-энесинин Генинде болсо баласына отуп кетеби же кандай?
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Mononoke   12 Июнь 2014 - 10:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 145
  • Катталган: 11 Февраль 14
  • Соңку аракети: 27 Сен 2021 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

укканым боюнча жангакты гулдоп турган мезгилинде жалбырагын терип кургатып..сууга чылап ага бармактын башындай кок таш кошуп аны мене жууса сен кор мен кор кетет имиш...
Aлга !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Ackap   21 Июнь 2014 - 15:04

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 05 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Июл 2014 00:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург!

Күндө жуунуп туруш керекта,хотя бы колтукту,анан бул нерсе любой эле эркекте болотта,колтугу тердебеген, бутту жыттанбаган эркек-эркек эмес,деп айтышатко.:D
Антипеспирант самый вариант,а так бул нерседен айрылыш өтө кыйынго (слава богу,что у меня не воняет).

Билдирүүнү түзөткөн: Ackap: 21 Июнь 2014 - 15:04

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Жолоочу_Aiana981_* 21 Июнь 2014 - 15:15

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Колтуктун тердеши табигый эле нерсе ар бир адамда болуучу, ал эми андагы жыт адамдын денесиндеги бактериялардан коз каранды.
Формидрон суйкосо жыты кетет, ар кимге ар кандай таасир берет, бирок абайлаш керек куйгузуп албай.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   dentistka   27 Июнь 2014 - 17:02

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 19 Дек 2016 01:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:kygyzstandan

Ukmuw nerselerdi jazypsynar, aytkylachy bilgender bolso jaw baldardynda koltugu sasyiby? 7,8 jaw,. ayaw enemdin kyzy uwul terdep sasyganynan jalob kyla beretele, ugup ayabay tan kaldym, bul jazgan kenewter baldar uchun ziyanduu emespi?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Shorobashat   30 Июнь 2014 - 21:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 583
  • Катталган: 01 Июнь 13
  • Соңку аракети: 13 Апр 2025 17:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Mononoke (12 Июнь 2014 - 10:26) жазган:

укканым боюнча жангакты гулдоп турган мезгилинде жалбырагын терип кургатып..сууга чылап ага бармактын башындай кок таш кошуп аны мене жууса сен кор мен кор кетет имиш...

Мен да ушу методду уккам кичине башкачараак.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Feijipiao   03 Июль 2014 - 12:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Жагымсыз жыттардан арылуунун элдик ыкмалары
Адамдын денесинин тердеши - жай мезгилиндеги кадимки көрүнүш. Бирок дененин айрым бөлүктөрү ашыкча тердеп, анысы аз келгенсип тердеген жерлерден жагымсыз жыттын чыгып турушу адамды ыңгайсыз абалга тушуктурат. Атүгүл стресске, кээде депрессияга алып келет. Ал эми төмөнкү элдик ыкмалар дал ошол жагымсыз жыттардан арылууга жардам берет.


Колтуктун жагымсыз жыты
Баарынан мурда гигиена
Колтуктун жагымсыз жыты менен күрөшүү андагы түктөрдү тазалоодон башталат. Анткени түктөр тердин топтолушуна жана бактериялардын таралышына жагымдуу шарт түзөт. Түктөрдөн арылган соң колтукту таза жуу керек, мүмкүн болушунча балдар самыны менен. Мындай жуунууну ысыктын күндөрү бир күндө 2-3 жолу ишке ашырган жакшы. Андан кийин таза сүлгү менен колтукту кургата аарчуу сунуш кылынат.
Мына ушундай гигиенадан кийин гана жагымсыз жытка каршы элдик ыкмаларды колдонууга болот.
Сода жана лимон ширеси
Бул ыкма эң жөнөкөй жана кеңири таралган ыкмалардын бири. Бирдей өлчөмдөгү ашкана содасы менен лимон ширесин аралаштырып, аны таза, кургак колтукка сүртүү ыкмасы жогорудагы көйгөйдөн кутултат. Бул ыкма ысыктын күндөрү чындыгында жардам берет. Натыйжасы бир суткага жетүүгө тийиш.
Алма уксусу
Кечинде сууга түшкөн соң 1 литр сууга 2-3 чоң кашык алма уксусун аралаштырып, таза чүпүрөктүн жардамы менен аны колтукка сүртүү сунуш кылынат. Ал өзү кургамайынча уктабай туруу керек.
Картошка
Эртең менен үйдөн чыгып баратканда чийки картошканы жука тилимдерге кесип колтукту аны менен сүртүү керек, же болбосо колтукка кыпчып бир аз туруу керек. Андан кийин өзү кургашын күтүү зарыл. Мындай ыкмадан кийин күн бою колтуктан жагымсыз жыт келбейт.
Абайлоо керек!
Түктөрдөн арылуу маалында колтугун кесип алгандарга, бүдүргө жакындарга жогорку ыкмалардын бирин да колдонууга болбойт!


Ал эми колтуктун теринен арылууда төмөнкү ыкмалар жардамга келет:
Эмендин кабыгы
Эмендин кабыгы организмдин тер бөлүп чыгаруусун азайтат. Бир стакан кайнатылган жылуу сууга 1 чай кашык эмендин кабыгын жана бир нече тамчы лимондун ширесин кошуп аралаштырып, бул аралашма менен колтукту күнүнө эки жолу сүртүү керек.
Ромашканын маңызы
Терчилдикти ромашканын жардамы менен жоюу үчүн 6 чоң кашык кургатылган ромашканын үстүнө 2 литр бөлмө температурасындагы кайнатылган сууну куюп 1 саат демдеп коюу керек. Андан кийин 2 чоң кашык сода кошуп жакшылап аралаштыруу зарыл. Бул аралашма менен күнүнө бир нече жолу колтукту сүртүп турууга болот. Бул дары көпкө чыдабайт, андыктан күн сайын жаңысын даярдап турууга туура келет.
Крахмал
Картошка же жүгөрүнүн крахмалы да ысыктын күнүндөгү терчилдиктен куткарат. Ал дененин көйгөйлүү бөлүктөрүнө упа катары сүртүлөт.
Марганцовка
Жарым литр жылуу сууга марганцовканын бир нече кристаллын салып эритүү зарыл. Аралашма ачык күлгүн түскө ээ болууга тийиш. Ага таза чүпүрөктү малып, аны колтукка 20 мүнөт коюп туруу зарыл. Эскерте кетүүчү жагдай, бир эле кристалл жакшы эрибей калып териге тийчү болсо күйгүзүп кетет. Андыктан жакшы эритүү зарыл. Бул процедураны жатар алдында жасаган туура. Мындан кийин үч сутка тер бөлүп чыгаруу азаят. А дарылоо курсу 14 күн.
Туз
Өтө күчтүү эмес терчилдиктен туздун жардамы менен арылса болот. Ал үчүн 2 чоң кашык тузду 1 стакан сууга ээритип алуу зарыл. Мындай көп туз колтуктун ансыз да назик терисин сезгентип жиберет. Туздун аралашмасына марляны чылап, аны колтукка 10 мүнөт коюу керек. Андан кийин суу менен жууп салуу зарыл. Жети күн жасалуучу бул процедураны жатар алдында жасаган туура.
Кеңештер
Азыраак тердөө үчүн:
- Синтетика кийимдерден алыс болуңуз;
- Аптапта ысык суусундук ичпеңиз;
- Антиперспиранттарды колдонуңуз;
- Бактерияга каршы самынды колдонуп күн сайын жуунуңуз;
- Сиз колдонгон дезодоранттын курамында цинк менен алюминий болсун. Бул металлдар жагымсыз жыт бөлүп чыгарган бактериялардын денеге таралышына тоскоол болот.
- Ачуу азыктарды азыраак жеңиз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   sumaya90   03 Июль 2014 - 13:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 524
  • Катталган: 12 Март 14
  • Соңку аракети: 01 Сен 2020 03:03
  • Жынысы:Аялзаты

Жангактын жалбырагын кайнатып ошонун суусуна колтукту кунуно бир жолудан жууп туруш керек деп уккан элем.


Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   ramis1   03 Июль 2014 - 14:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 150
  • Катталган: 26 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 23 Окт 2020 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

жуунуп таранып кийим кечени алмаштырып, оздук гигиенаны сактап антисперант колдонсо болотда, элементарный эле нерсегоСүрөт
Здоровье - дороже золота!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Жолоочу_Kosmopolitka_* 03 Июль 2014 - 14:33

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Эн жакшысы таза жууп, тазалап андан сон аптекада сатылуучу "формидрон" деген спирт сымал суюктукту эрте м.н жана кечинде коюу жакшы. Албетте, жуунуп,тарануудан сон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Sweetdream   06 Июль 2014 - 13:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 312
  • Катталган: 24 Март 14
  • Соңку аракети: 18 Дек 2020 02:10
  • Жынысы:Аялзаты

кадимки уксусту олтуруп(1литр сууга 1 чай кашык уксус), аны менен колтукту кунуно 1 жолу жууп турсаныз жакшы натыйжа берет
Krasota-svetitsya iznutri...[size[font=" Tahoma"][/font]=" 4"][/size]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   yumnlina   07 Июль 2014 - 20:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 06 Сен 2014 14:53

Бул нерсеге коп факторлор таасир этет. Анын ичинен тамак-аш дагы. Тамак рационунан пияз,чеснок, дарбыз,бадыранды дагы азайтып же жебейле коюш керек. Буларды жегенде ооздон кандай жагымсыз жыт чыкса,колтуктан дагы ошондой жыт чыгат. Жеген тамака да конул болуш зарыл.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Feijipiao   27 Июль 2014 - 22:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Колтуктун тердөөсү
Баарынан да чоң ыңгайсыздыкты жараткан көрүнүш колтуктун тердегени, жагымсыз жыт чыкканы. Көпчүлүктүн арасына аралашып жүргөндө, көпчүлүктү ушул маселе тынчсыздандырса керек. Көбүнчө колтуктун тери кийим аркылуу жугат. Айрымдарыныкы жыттанбаса да, кийиминин колтугу тердеп бир топ оңтойсуздукту жаратат.
Дарылоо:
1. Эң негизгиси, денеңиз кенен дем ала турган кийимдерден кийиңиз. Синтетика кийимдер денеге аба жеткирбей, тердегенди, жагымсыз жытты эки эсе көбөйтөт.
2. Ваннага түшкөндө эмен, ромашканын кайнатмасын аралаштырып түшкөн да жакшы. Анткени, медицина өнүгө элек заманда адамдар колтугу тердегенде эмендин жалбырагын тердеген жерлерге сүртүп гана тим болушкан. Ушул күнгө чейин эмендин жалбырагы терге каршы пайдаланылып келет.
3. Ар кандай дезодаранттарды пайдаланганда этият болуңуз. Колдон келсе спирт аралашпаган дезодаранттарды колдонсо дене көп ачышпай, кызарбай кургак жүрөт.
4. Спрейди өтө көп тер чыкканда гана колдонууга болот. Ал эми атайын дезодарант- кремдер сезимтал терилер үчүн чыгарылган. Денеңиз көрүнгөн көйнөк кийгени жатсаңыз, атайын колтукту тердетпеген пудраларды колдонгонуңуз ылайыктуурак. Бирок, териңиз өтө кургак болсо пудра сунушталбайт. Анткени, колтугуңуздун териси кургап, жарылып, кызарып кетиши мүмкүн.
5. Дезодарантты таза, жуулган колтукка сүйкөө зарыл. Тердеп турган дененин үстүнө сүйкөгөндө тери аллергия болуп, ысыктар чыгып кетиши мүмкүн.
6. Кечинде жатаарда кургак самынды колтугуңузга сүртүп жатсаңыз, жагымсыз жытты бир аз да болсо азайтат.
7. Жыты кескин атырды колтукка сээп туруп, он - он беш мүнөттөн кийин жууп салсаңыз сасык жыттан бир азга болсо да арыласыз.
8. Козу карынды сууга чылап, жарым сааттай коюп коёсуз. Колтукка кургак самынды сүртүп, артынан козу карын чыланган суу менен жууп салсаңыз, жагымсыз жыттан арыласыз. Бул ыкманы күнүгө бир жолу кечинде жасаш керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 27 Июль 2014 - 22:36

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Feijipiao   28 Июль 2014 - 13:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Тердөөнүн негизги себеби ар кандай факторлордон болот. Мисалы, жайдын аптабында синтетикалык кийимдерди кийбеш керек. Анан тамак-ашка да өзгөчө көңүл бурулушу зарыл. Ысыкта ачуу тамакты жебей койгон эле жакшы. Алкоголдук ичимдиктер да көп тердөөгө алып келет. Бөйрөк өзүнүн жумушун жөнгө сала албаганда, организмдеги бөлүнүп чыкпай калган суюктук тер аркылуу чыгат. Кургак учукта болсо, түндө тердейт. Медицинада "гипергидроз" деген оору. "Гипергидроз" термини (тердөө) латын тилинен которгондо "гидро - суу" жана "гипер - өтүшкөн" деген маанини берет. Бул учурда медицинада атайын антиперспиранттарды жана дезодоранттарды сунуш кылышат. Антиперспиранттын курамында туз, алюминий жана цинк көп болуп, колтукту 40%га чейин кургатат. Бирок, микробдорду өлтүрө албайт. Аны таза жуулган денеге сеппесе, аллергия кылып жибериши мүмкүн.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Feijipiao   28 Июль 2014 - 13:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Дезодорантты да тандай билүү зарыл:
Жөнөкөй дезодорант - бактерияларды өлтүрөт. Бирок, терди токтото албайт. Мунун курамында триклозан жана фарнезол аттуу бактерия өлтүргүч зат болот. Триклозан организмге пайдасынан дагы зыяны көп. Ал эми фарнезол болсо пайдалуу. Анткени ал жалаң гана эфир майынан даярдалат. Андан кийин антиперспиранттар турат. Алар тескерисинче тер менен күрөшөт. Курамында терди кургатуучу алюминий жана цинктин элементтери болот.
Парфюмериялык дезодорант - терди да, бактерияны да жөнгө сала албайт. Болгону өзүнүн жыпар жыттуу композициясы менен колтуктун жаман жытын жоготот. Курамында спирт көп болгондуктан, колтукту кызартып жибериши мүмкүн.
Дезодорант- антиперспирант - эң мыкты натыйжа берет. Бир эле учурда колтуктагы терди кургатат, бактерияны өлтүрөт жана жаман жытты жөнгө салат.

Тердин сасык жытынан кантип арылса болот?
Бат-баттан жуунуп туруу керек. Жайкысын күн алыстан киринип туруу зарыл. Самынды көп колдонууга да болбойт. Анткени, самын денени кургатып жиберет. Ошондуктан, гель менен жуунган дурус. Гель денедеги кирди гана кетирбестен, жумшартып, жакшы жыттантат. Андан сырткары колтуктагы жүндөрдү да тез-тезден алып туруу абзел.
Жакшы кийим тандап алышыңыз керек. Жайкысын бардык кийимдериңиз, желдеп тургандай болуш керек.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Feijipiao   28 Июль 2014 - 13:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Колоңсону үй шартында дарылоо
Ромашканын кайнатмасын даярдап алыңыз. Ал үчүн 6 кашык кургатылган ромашканы 2 литр сууга кайнатып, бир саатча коё турасыз. Кайнатмага 2 кашык содадан кошуп, колтукту сүртүшүңүз керек.
250 г сууга эмендин кабыгын кайнатып, бир даана лимондун ширесин кошосуз. Кайнатманы кебезге сиңирип алып, колтукту сүртөсүз. Мындай ыкманы бир күндө бир нече жолу кайталасаңыз, тердебей каласыз. Колтугуңуз да лимон жыттанып, сасык жыттар кетет.
Уяттуу жерлерге барганда, лимонду жаныңызга дайыма сала жүрүңүз. Гигиеналык нымдуу жүзаарчы менен тазалаган соң, колтугуңузду лимондун бир кесими менен сүртүп койсоңуз, жаман жыт бир нече саатка жоголот. Кийимиңизге да так калтырбайт.
Дезодорантка аллергияңыз болсо, сода сизге жардам берет. Эртең менен сода аралашмасын ватага сиңирип, колтуктун алдын сүрсөңүз, кечке тердебей жүрөсүз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Aika0812   30 Июль 2014 - 14:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 30 Май 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2018 18:50
  • Жынысы:Аялзаты

Бойроктор опкого айланып кетиптирго, кимиси туура эми?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   AKULAYKA11   12 Август 2014 - 19:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 01 Май 14
  • Соңку аракети: 17 Авг 2014 15:36

эң жакшысы DRY DRY эффективное средство бар, аптекадан алып тазаланып жуунуп кургатып ,өзүнүн мочалкасы бар ,ошо менен сүртүп дагы кургагыча олтуруп ,башка кайталанбайт. СүрөтСүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   ayakosya   16 Август 2014 - 21:29

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 532
  • Катталган: 20 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 16 Окт 2014 15:52
  • Жынысы:Белгисиз

Эки колду которуп журсо да тердебейт хехе )))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Lumia-800   17 Август 2014 - 12:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 620
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2017 18:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жакшы адамдардын арасында...

Апама рахмат,Кудайга шугур 18-кун 30градус ысыкта журсомда жыттанбайт. Сүрөт
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дерматология
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 18:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: