Rinatik94 (30 Ноябрь 2014 - 17:35) жазган:
Луис Энрике айткандай,легендага айланган айтылуу Сарранын убагында,оюн талаасында коргоочуларга караганда чабуулчулар көп болгон.Демек азыркы учурга салыштырмалуу ал учурда гол согуу алда канча оңой болгон.Себеби оюн талаасында коргоочулар аз болгон экен.Сарра ал рекордун ошондой учурда койгон экен.Азыркы учур такыр башка.Азыркы учурда оюн талаасында чабуулчуларга караганда коргоочулар көп.Кеминде 4 коргоочу максимум 3 чабуулчуга каршы оюн көрсөтүшөт. Учурда футбол укмуштуудай өнүктү.Тренерлер мыкты тактиканы колдонушат. Кээде 2 опорный полузащитниктер менен чыгышат.Ошондо 4 защитнике эле эмес дээрлик 6 защитнике каршы оюн көрсөтүүгө туура келет.Демек гол согуу алда канча кыйын.Ушундай учурда Сарранын ал рекордун катардагы эле мыкты оюнчу жаңылап кое албаса керек?Саррага караганда көп оюн коротсо да?Анан Сарра ал рекордун кою үчүн 15 сезон коротсо,Месси болгону 10 эле сезон коротуптур.
А эгер Месси алтын топту Сарранын рекордун жаңыртканы үчүн эмес,Легенданар Раулдун рекордун жаңыртканы үчүн алып кетсечи?Дегеним 142 оюнда койгон рекордту болгону 90 оюнда эле коюп койду го?