Президенттин жарлыгы менен Адахан Мадумаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы боюнча кеңештин баш катчысынын орун басары болуп дайындалып,
Түркияда отуруп калды.
Азыркы бийликке кайнаса каны кошулбаган,
басса-турса аны сындаган Адахан мырзанын бул кадамын кандай түшүнсө болот - бийлик аны сатып алдыбы, алдадыбы, Адахан мырза колунан эч нерсе келбесине көзү жеттиби же бул жерде биз билбеген сырлар барбы?
"Ар нерсени жей бергиче - ачка жүргөн жакшы, ар ким менен жүрө бергиче - жалгыз жүргөн жакшы" Адахан Мадумаров
#2 13 September 2013 - 15:55
Сырлар болуп келген жана боло берет, бизге калп эле сцена коргозум урушуп атышканы менен оздорунчо баары эле табакташ эле. Анан кээде болушо албай эле ызы-чуу болуп кетишет, кайра кошматчылардын жардамы менен эпке келишет.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#3 13 September 2013 - 16:30
Адахан мырза деле саясатчы... ал эми саясатчы кандай болоору белгилүү эле го... Мадумаров тууралуу сөз колгондо эле жаңгактан пол төшөйм деп, спикерлик менен кош айтышканы эске түшөт... Азыр болсо, бийлик ага ыңгайлуу сунуш кылса керек...
Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...
#4 13 September 2013 - 22:05
Ээ,откo салса куйбoгoн,сууга салса чoкпoгoн,керек болсо тегирмендин айланып жаткан бара-ташынан да бутун бойдон чыга келген демагог-демократ,
журналист-оратор-
саясатчы катары эсимде калды,акыркы жылдары А.К.Мадумаров мырза. Убагында аябай сыйлап урматтачу элем,мындан 15-20 жыл мурун келечектеги мыкты лидер деп,бирок саясат дегенин булганыч болот тура кимдир-бирoo айткандай,таза инсандарды да булгап коет тура ошого аябай oкунoм...
#5 13 September 2013 - 22:09
Мен тушунбой турам,бу адамга! Мадумаров Атамбаевди жамандап эле журчу эле го,эми минтип чонтогуно кирип кетти,бирок бул кадамынан кийин "ал кишини сыйлабай калдым" деп айта албайм,ал мыктынын мыктысы!
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#6 13 September 2013 - 23:12
кайсыл бир сайттардан окуп калдым турк тилдуу мамлекеттердин башчылары сунуш кылыптыр Мадумаровду.
Жана бул мамлекеттик кызмат эмес.
Өзгөнү ээрчиген, өздүгүн унутат...
#7 14 September 2013 - 09:18
САясатчылар күн сайын өзгөрүп турса жакшы, а бирок биздикилер саат сайын өзгөрүп турушат.
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#8 14 September 2013 - 13:43
Бул жакта Мадумаров талкуудавы бейм? Адахан мырза саясатчы катары курч, созун таап суйлогон адам.

Супер-Инфо
super.kg
видео













