Суперстан: Чубак ажыга берилген суроолорго жооп - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чубак ажыга берилген суроолорго жооп Суроо бербеңиздер. Чубак ажыга жетпейт. Башка сайттан алынган.

#101 Пользователь офлайн   Meruet84   06 Февраль 2016 - 13:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

-Мен такай жоолук салынам.
Ошого чачымды кыскартып
алайын десем, чач көкүрөктү
жабыш керек, жаппаса
өлгөндө жаназа окулбайт
дешет. Маалымат бериңизчи.
077394...
-Чач аялзатына сулуулук үчүн
берилген. Ден соолукка
байланыштуу же башка себептер
менен кыркса болот. Эч себеп жок
болсо тийбеген жакшы.
-72 жаштагы таенем ар
шаршемби күнү от жагып дуба
кылат. Бул ширкке кошулабы?
5 убак намаз окуйт. Гуля-95
-От жагуу отпараздардан калган
ырым. От жакпай эле куран окуй
берсе болот. Жакшы түшүндүрүп
айтып коюу керек. От жагуу, жыт
чыгаруу дегендер исламга терс
көрүнүштөр.
-Мен динге келе электе көп
суммадагы кредит алгам. Эми
намаз окуйм. Кантип
чыгыштын аракетин кылып
жатам, бирок, 5 жыл болду.
Окуган намазым кандай болот?
Күнөө кылдым деп намазда көп
ыйлайм. 077340...
-Кылган күнөөлөр үчүн Кудайдан
кечирим суроо адамдын милдети.
Алладан сурай бериш керек. Алла
кечиримдүү, кечиргенди жакшы
көрөт. Кредиттен пайда табуунун
жолун Кудай арам кылгандыктан
андан кутулуп, адал жол менен
турмуш кечиргенге аракет кылуу
керек.
-Мен жолдошумду көргөндө
кыжырым келе берет. Аракет
кылсам да жактыра албай
койдум. 40 күндөп, 3 күндөп
дааватка кете берет. Оокат
кылайын дебейт. Үйүбүз жок.
Эч аракет кылбайт. Бул
туурабы? Эмне кылсам?
077340...
-Үй-бүлө менен кеңешип чече
турган маселе экен. Негизи
дааватка чыккандан мурда үй-
бүлөнү материалдык жактан
камсыз кылуу эркектин милдети.
Күйөөңүзгө жакшы мамиле кыла
бериңиз.
-Биз жигитим экөөбүз молдого
барбай эле бири-бирибизге өз
алдыбызча нике нике кыйып
алганбыз. Боло береби?
Мунара
-Эки адам бири-бирине нике
кыйып алалбайт. Нике кыюунун
эрежесин билген адам кыйган
болсо, никенин шарттары
аткарылган болсо дурус.
Негизинен бул ишти молдолор
аткарат. Эң аз дегенде эки адам
күбөлүккө өтүшү керек. Экөөнүн
тең турмуш курууга макулдугу
болушу керек. Андан башка бир
канча шарттар бар. Аны молдо
түшүндүрүп берет.
-Курандагы сажда аят ой менен
айтылса важиб болобу? Менин
оюмдан анча-мынчада айтыла
берет. Арасында сажда сап дагы
кылам. Тариэл
-Тил менен окуп, кулак уккан
мезгилде сажда аят важиб болуп
эсептелет.
-Күрүч тамакты итке берсе чоң
күнөөбү? Көп эле жолу
бергенмин. Эми эмне болот?
077757...
-Күнөө эмес. Тамак-аш
калдыктары ысырап болгондон
көрө итке берип койсо
тескерисинче сооп иш болот.
-Аялдар чач боёсо болобу?
070002....
-Табигый боёктор менен боёсо
болот. Химиялык боёктор чачты
каптап калып гусул алганда суу
өткөрбөйт деп кээ бир аалымдар
айтышат.
-Уулум жума күнү төрөлгөн.
Боюмда бар кезде түшүмдө бир
киши “уул төрөйсүң, атын
Нурмухаммед кой” деп айткан.
Бирок, атасы Аскат деп койду.
Азыр 10 жашта. Атын өзгөртсөк
болобу? Венера
-Балага ат коюу ата-эненин укугу,
милдети. Алмаштырганга да
уруксат бар.
-Куран окуп, алакан жайганда
тилегин кошо айтса болобу же
күнөөбү? Айка
-Алакан жайып, дуба кылуу тилек
деген сөз. Анын ичинде өзүнө,
башка бирөөгө, эл-журтка тилек
айтуу бар. Эч кандай күнөө эмес.
Алакан жайып бардык нерсени
Кудайдан суранса болот.
-Адам өлгөндө алтын тишин
жулуп көмөбү? 070002...
-Шарт эмес. Ошол боюнча көмсө
деле болот.
-Кыздар, балдар канча
жашында эрезеге жетет?
055013...
-Кыздар 9 жаштан, эркектер 12
жаштан баштап жетилет. Балагатка
жетүүнүн белгилери бар:
кыздардын этек кири келүүсү,
балдардын түшүркөөсү сыяктуу.
-Шариятта ата-эненин балага,
баланын ата-энеге болгон
милдеттери кандай айтылган?
Наргиза
-Балдар ата-энесине толук баш
ийиши милдет. Ата-энеге каяша
айтып, какпайт, жада калса “уф”
деп да айтпайт. Ата-эненин
милдеттери: балдарга туура ат
коюп берүү, чоңойгондо уят
болбогудай таалим-тарбия берүү;
эркек балага атка минүү, сууда
сүзүү, жаа атуу жана башка
өнөрлөрдү үйрөтүү; кыздарга үй
иштерин, тигүү, тамак жасоо,
ошондой эле өздөрү жашаган
чөйрөдөгү каада-салттарды
үйрөтүү; эрезеге жеткенде теңин
таап үйлөп коюу, турмушка узатуу
жана башкалар.
-Мен күйөөмдүн экинчи
аялымын. Балам төрөлгөндөн
кийин нике окуттук. Күнөө
эмеспи? 055886...
-Күнөө. Кудайдан кечирим сурап,
тообо келтиргиле. Ал эми балада
эч кандай күнөө, кемтик жок.
-Эки балама азан чакырылбай
калган. Күнөө эмеспи? 077237...
-Азан чакырып ат коюу сүннөт
амалы. Милдет эмес. Кандайдыр
бир деңгээлде кемчилик болгону
менен чоң күнөө катары кабыл
алынбайт.
-Россияда жашайбыз. Эки
жарым жаштагы кызымды
бала бакчага берели десем
күйөөм макул болбой жатат, ал
жакта чочконун этин берет деп.
Барып тил үйрөнбөсө чет жерде
кыйналат да. Кандай кылсам
болот? +79618...
-Адал жол менен ырыскы табуу,
балдарды адал тамак менен багуу
да парз. Өзүңүздөрдүн
диниңиздерге, дилиңиздерге туура
келген жолду кармансаңыздар
жакшы болот. Тил үйрөнөт, өнөр
үйрөнөт деп тамагына, тарбиясына
көңүл бурулбай калса келечекте
сиз күткөндөй бала чыкпай
калышы мүмкүн. Айлана-чөйрө,
тамак баланын өсүшүнө таасирин
тийгизет.
-Жолдошум менен тааныш
адамдай эле жашайбыз. Бири-
бирибизге жакындабайбыз.
Балдар үчүн эле жашайбыз.
Никебиз жок болгон жокпу?
Көп жыл болду. Ажырашайын
десем кетиргиси келбейт.
Бирок, мындай жашоо кыйын
экен. 077937...
-Талак бермейинче нике
бузулбайт. Балдар үчүн да, өздөрү
үчүн да жашаш керек, ортодогу
мамилени жылытканга аракет
кылуу керек. Эки тараптан тең
бири-бириңерди кечиргиле.
-Азыркы убакта “Ата жолу”
деген пенделердин жүрөгүн
агартып, зыярат жолу менен
тазалап, арбактарга актык
жаап, көп оорулардан шыпаа
таап жатабыз. Арак ичпе,
даарат менен жүр, намаз оку
деген жакшы нерселер бар.
Бирок молдолор туура эмес
түшүнүп жатышат. 077972...
-Биринчи кезекте ниетти,
ишенимди туура кылыш керек. Ал
туура болмоюнча канча жакшы иш
кылсаң да эсепке алынбайт. Өтүп
кеткендер тескерисинче
тирүүлөргө муктаж. Куран окуп
коер бекен деп үмүттөнүшөт.
Арбактар тирүүлөргө жардам бере
албайт. Бардык нерсе Алланын
колунда.
-Этек кир келгенде мечиттин
подвалына кирип баян укса
болобу? 070002...
-Этек кир келген учурда мечитке
кирүүгө тыюу салынган. Мечит деп
эсептелбеген аймакта туруп укса
болот.
-Мен бир жыл беш маал намаз
окудум. Азыр багымдатты эле
окуйм. Боло береби?
Студентмин. Кашымды терип
алдым. Ошол бойдон окуй
берсем болобу? Тырмакка лак
коюп окуса болобу? 077957....
-Намазды таштабаш керек. 5 убак
намаз окуу парз. Бир убак эле окуп
койсо боло берет деген сөз жок.
Калганы карыз болуп тура берет.
Тырмактагы лак дааратты, гусулду
өткөрбөйт. Өчүрүп туруп анан
даарат алуу керек. Каш терүүгө
шарият тыюу салат.
-Өлүкканада киши союп иштөө
күнөө эмеспи? 055827...
-Атайын бир зарылчылык үчүн
болгондуктан күнөө эсептелбейт.
-Эркектер чоң –кичине аралаш
мончого түшсө болобу?
-Мончого чоң кишилер менен жаш
балдардын чогуу түшүүсүнө тыюу
салынат. Киндиктен тизеге чейин
жабык болуусу шарт.
-Бел сууну кол менен ушалап
күндө дааратканага түшүрсө
болобу?
-Бул чектен ашкандык, уруктукту
орунсуз жайгандык болуп
эсептелип, шарият муну күнөө
катары кабыл алат.
-Акыр заман жакындап
калдыбы?
-Пайгамбарыбыз келгенден кийин
эле акыр заман башталган. Качан
болоорун Алладан башка эч ким
билбейт.
- Атыр себинүүгө кандай
карайсыз?077991. ..
-Атыр себинүү керек. Аялдар
үйүндө себинет. Көчөгө чыкканда
себинип алып, эркектердин
көңүлүн бурганга болбойт.
-Мага бир киши мындай дуба
берди: “Лаа илааха илла анта
субханака инний кунту
миназоолийин”. Окуп турсаң
жети атаңа чейин күнөөлөрү
кечирилет деген. Мага терс
таасири тийип жатат, ишим
жүрүшпөй, ичкиликке
жакындап баратам. Окуп
койгон эмеспи? Камчыбек
-Жок, бул жакшы дуба. Өзүнүн
кылган күнөөсүнө бушайман
болуу, Алланы даңазалоо
маанисиндеги дуба. Чын жүрөк
менен окуй бериңиз. Ишиңиздин
жүрүшпөгөнү буга байланыштуу
эмес.
-Алтын буюмдун жообу тиги
дүйнөдө жаман, ошого күмүш
тагынуу керек дегенге кандай
карайсыз?
-Андай эмес. Кооздук үчүн алтын
тагынууга аялдарга уруксат
берилген. Ал эркектерге алтын
тагынууга тыюу салынган,
күмүшкө уруксат берилет.
-Мавлуд айында Түркистанга
барып сыйынуу керекпи?
077988...
-Мавлуд айында сыйынбайт, өзү
жашаган жерде эле
пайгамбарыбызга көбүрөөк
салават айтып, аны даңазалоо
керек.-Мен такай жоолук салынам.
Ошого чачымды кыскартып
алайын десем, чач көкүрөктү
жабыш керек, жаппаса
өлгөндө жаназа окулбайт
дешет. Маалымат бериңизчи.
077394...
-Чач аялзатына сулуулук үчүн
берилген. Ден соолукка
байланыштуу же башка себептер
менен кыркса болот. Эч себеп жок
болсо тийбеген жакшы.
-72 жаштагы таенем ар
шаршемби күнү от жагып дуба
кылат. Бул ширкке кошулабы?
5 убак намаз окуйт. Гуля-95
-От жагуу отпараздардан калган
ырым. От жакпай эле куран окуй
берсе болот. Жакшы түшүндүрүп
айтып коюу керек. От жагуу, жыт
чыгаруу дегендер исламга терс
көрүнүштөр.
-Мен динге келе электе көп
суммадагы кредит алгам. Эми
намаз окуйм. Кантип
чыгыштын аракетин кылып
жатам, бирок, 5 жыл болду.
Окуган намазым кандай болот?
Күнөө кылдым деп намазда көп
ыйлайм. 077340...
-Кылган күнөөлөр үчүн Кудайдан
кечирим суроо адамдын милдети.
Алладан сурай бериш керек. Алла
кечиримдүү, кечиргенди жакшы
көрөт. Кредиттен пайда табуунун
жолун Кудай арам кылгандыктан
андан кутулуп, адал жол менен
турмуш кечиргенге аракет кылуу
керек.
-Мен жолдошумду көргөндө
кыжырым келе берет. Аракет
кылсам да жактыра албай
койдум. 40 күндөп, 3 күндөп
дааватка кете берет. Оокат
кылайын дебейт. Үйүбүз жок.
Эч аракет кылбайт. Бул
туурабы? Эмне кылсам?
077340...
-Үй-бүлө менен кеңешип чече
турган маселе экен. Негизи
дааватка чыккандан мурда үй-
бүлөнү материалдык жактан
камсыз кылуу эркектин милдети.
Күйөөңүзгө жакшы мамиле кыла
бериңиз.
-Биз жигитим экөөбүз молдого
барбай эле бири-бирибизге өз
алдыбызча нике нике кыйып
алганбыз. Боло береби?
Мунара
-Эки адам бири-бирине нике
кыйып алалбайт. Нике кыюунун
эрежесин билген адам кыйган
болсо, никенин шарттары
аткарылган болсо дурус.
Негизинен бул ишти молдолор
аткарат. Эң аз дегенде эки адам
күбөлүккө өтүшү керек. Экөөнүн
тең турмуш курууга макулдугу
болушу керек. Андан башка бир
канча шарттар бар. Аны молдо
түшүндүрүп берет.
-Курандагы сажда аят ой менен
айтылса важиб болобу? Менин
оюмдан анча-мынчада айтыла
берет. Арасында сажда сап дагы
кылам. Тариэл
-Тил менен окуп, кулак уккан
мезгилде сажда аят важиб болуп
эсептелет.
-Күрүч тамакты итке берсе чоң
күнөөбү? Көп эле жолу
бергенмин. Эми эмне болот?
077757...
-Күнөө эмес. Тамак-аш
калдыктары ысырап болгондон
көрө итке берип койсо
тескерисинче сооп иш болот.
-Аялдар чач боёсо болобу?
070002....
-Табигый боёктор менен боёсо
болот. Химиялык боёктор чачты
каптап калып гусул алганда суу
өткөрбөйт деп кээ бир аалымдар
айтышат.
-Уулум жума күнү төрөлгөн.
Боюмда бар кезде түшүмдө бир
киши “уул төрөйсүң, атын
Нурмухаммед кой” деп айткан.
Бирок, атасы Аскат деп койду.
Азыр 10 жашта. Атын өзгөртсөк
болобу? Венера
-Балага ат коюу ата-эненин укугу,
милдети. Алмаштырганга да
уруксат бар.
-Куран окуп, алакан жайганда
тилегин кошо айтса болобу же
күнөөбү? Айка
-Алакан жайып, дуба кылуу тилек
деген сөз. Анын ичинде өзүнө,
башка бирөөгө, эл-журтка тилек
айтуу бар. Эч кандай күнөө эмес.
Алакан жайып бардык нерсени
Кудайдан суранса болот.
-Адам өлгөндө алтын тишин
жулуп көмөбү? 070002...
-Шарт эмес. Ошол боюнча көмсө
деле болот.
-Кыздар, балдар канча
жашында эрезеге жетет?
055013...
-Кыздар 9 жаштан, эркектер 12
жаштан баштап жетилет. Балагатка
жетүүнүн белгилери бар:
кыздардын этек кири келүүсү,
балдардын түшүркөөсү сыяктуу.
-Шариятта ата-эненин балага,
баланын ата-энеге болгон
милдеттери кандай айтылган?
Наргиза
-Балдар ата-энесине толук баш
ийиши милдет. Ата-энеге каяша
айтып, какпайт, жада калса “уф”
деп да айтпайт. Ата-эненин
милдеттери: балдарга туура ат
коюп берүү, чоңойгондо уят
болбогудай таалим-тарбия берүү;
эркек балага атка минүү, сууда
сүзүү, жаа атуу жана башка
өнөрлөрдү үйрөтүү; кыздарга үй
иштерин, тигүү, тамак жасоо,
ошондой эле өздөрү жашаган
чөйрөдөгү каада-салттарды
үйрөтүү; эрезеге жеткенде теңин
таап үйлөп коюу, турмушка узатуу
жана башкалар.
-Мен күйөөмдүн экинчи
аялымын. Балам төрөлгөндөн
кийин нике окуттук. Күнөө
эмеспи? 055886...
-Күнөө. Кудайдан кечирим сурап,
тообо келтиргиле. Ал эми балада
эч кандай күнөө, кемтик жок.
-Эки балама азан чакырылбай
калган. Күнөө эмеспи? 077237...
-Азан чакырып ат коюу сүннөт
амалы. Милдет эмес. Кандайдыр
бир деңгээлде кемчилик болгону
менен чоң күнөө катары кабыл
алынбайт.
-Россияда жашайбыз. Эки
жарым жаштагы кызымды
бала бакчага берели десем
күйөөм макул болбой жатат, ал
жакта чочконун этин берет деп.
Барып тил үйрөнбөсө чет жерде
кыйналат да. Кандай кылсам
болот? +79618...
-Адал жол менен ырыскы табуу,
балдарды адал тамак менен багуу
да парз. Өзүңүздөрдүн
диниңиздерге, дилиңиздерге туура
келген жолду кармансаңыздар
жакшы болот. Тил үйрөнөт, өнөр
үйрөнөт деп тамагына, тарбиясына
көңүл бурулбай калса келечекте
сиз күткөндөй бала чыкпай
калышы мүмкүн. Айлана-чөйрө,
тамак баланын өсүшүнө таасирин
тийгизет.
-Жолдошум менен тааныш
адамдай эле жашайбыз. Бири-
бирибизге жакындабайбыз.
Балдар үчүн эле жашайбыз.
Никебиз жок болгон жокпу?
Көп жыл болду. Ажырашайын
десем кетиргиси келбейт.
Бирок, мындай жашоо кыйын
экен. 077937...
-Талак бермейинче нике
бузулбайт. Балдар үчүн да, өздөрү
үчүн да жашаш керек, ортодогу
мамилени жылытканга аракет
кылуу керек. Эки тараптан тең
бири-бириңерди кечиргиле.
-Азыркы убакта “Ата жолу”
деген пенделердин жүрөгүн
агартып, зыярат жолу менен
тазалап, арбактарга актык
жаап, көп оорулардан шыпаа
таап жатабыз. Арак ичпе,
даарат менен жүр, намаз оку
деген жакшы нерселер бар.
Бирок молдолор туура эмес
түшүнүп жатышат. 077972...
-Биринчи кезекте ниетти,
ишенимди туура кылыш керек. Ал
туура болмоюнча канча жакшы иш
кылсаң да эсепке алынбайт. Өтүп
кеткендер тескерисинче
тирүүлөргө муктаж. Куран окуп
коер бекен деп үмүттөнүшөт.
Арбактар тирүүлөргө жардам бере
албайт. Бардык нерсе Алланын
колунда.
-Этек кир келгенде мечиттин
подвалына кирип баян укса
болобу? 070002...
-Этек кир келген учурда мечитке
кирүүгө тыюу салынган. Мечит деп
эсептелбеген аймакта туруп укса
болот.
-Мен бир жыл беш маал намаз
окудум. Азыр багымдатты эле
окуйм. Боло береби?
Студентмин. Кашымды терип
алдым. Ошол бойдон окуй
берсем болобу? Тырмакка лак
коюп окуса болобу? 077957....
-Намазды таштабаш керек. 5 убак
намаз окуу парз. Бир убак эле окуп
койсо боло берет деген сөз жок.
Калганы карыз болуп тура берет.
Тырмактагы лак дааратты, гусулду
өткөрбөйт. Өчүрүп туруп анан
даарат алуу керек. Каш терүүгө
шарият тыюу салат.
-Өлүкканада киши союп иштөө
күнөө эмеспи? 055827...
-Атайын бир зарылчылык үчүн
болгондуктан күнөө эсептелбейт.
-Эркектер чоң –кичине аралаш
мончого түшсө болобу?
-Мончого чоң кишилер менен жаш
балдардын чогуу түшүүсүнө тыюу
салынат. Киндиктен тизеге чейин
жабык болуусу шарт.
-Бел сууну кол менен ушалап
күндө дааратканага түшүрсө
болобу?
-Бул чектен ашкандык, уруктукту
орунсуз жайгандык болуп
эсептелип, шарият муну күнөө
катары кабыл алат.
-Акыр заман жакындап
калдыбы?
-Пайгамбарыбыз келгенден кийин
эле акыр заман башталган. Качан
болоорун Алладан башка эч ким
билбейт.
- Атыр себинүүгө кандай
карайсыз?077991. ..
-Атыр себинүү керек. Аялдар
үйүндө себинет. Көчөгө чыкканда
себинип алып, эркектердин
көңүлүн бурганга болбойт.
-Мага бир киши мындай дуба
берди: “Лаа илааха илла анта
субханака инний кунту
миназоолийин”. Окуп турсаң
жети атаңа чейин күнөөлөрү
кечирилет деген. Мага терс
таасири тийип жатат, ишим
жүрүшпөй, ичкиликке
жакындап баратам. Окуп
койгон эмеспи? Камчыбек
-Жок, бул жакшы дуба. Өзүнүн
кылган күнөөсүнө бушайман
болуу, Алланы даңазалоо
маанисиндеги дуба. Чын жүрөк
менен окуй бериңиз. Ишиңиздин
жүрүшпөгөнү буга байланыштуу
эмес.
-Алтын буюмдун жообу тиги
дүйнөдө жаман, ошого күмүш
тагынуу керек дегенге кандай
карайсыз?
-Андай эмес. Кооздук үчүн алтын
тагынууга аялдарга уруксат
берилген. Ал эркектерге алтын
тагынууга тыюу салынган,
күмүшкө уруксат берилет.
-Мавлуд айында Түркистанга
барып сыйынуу керекпи?
077988...
-Мавлуд айында сыйынбайт,

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 06 Февраль 2016 - 13:10

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Meruet84   06 Февраль 2016 - 13:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

❓❗Чубак устаздын китебинен суроо-жооп:


-Аялдардын этек кири келген убактагы намаз каза болобу же окулбайбы? 077243...
-Окулбайт. Бул Кудай тарабынан берилген жеңилдик.

-Беш маал намаз окуган, бир турмуш башынан өткөн, баласы бар болсо мастуратты кантип алса болот? 077012...

-Эгерде мурдагы күйөөсүнөн талак алып, башы бош болгон болсо никелеп ала бересиз.

-Менин колума сөөл жайнап кетти. окутсам жолум жабылбайбы? 077333...
-Окута бериңиз. Эч нерсе болбойт.

-Аллах менен Кудай бир адамбы? же башка башкабы? 077843...
-Адам деген Кудай жараткан макулук. Кудайды адам дебейт. Кудай фарс тилинде, Алла араб тилинде. Айырмасы жок, баары бир затка, Улуу жаратуучуга айтылган сөз. -мен иштеген дүкөндө спирт ичимдиги сатылат. ал жерде намаз окуса болобу? 077318...
-Кээ бир аалымдар болбойт деп айтышат. Ичимдик кыбыла тарабыңызда турган болсо намазыңыз макүрү (жаман) эсептелинет. Бирок башка бөлмөдө кыбыла тарапта арам нерсе турбаган болсо намаз дурус болот. Негизи ошол жерде иштеген жакшы эмес. Арам нерсе сатылбаган жерден жумуш тапканга аракет кылыңыз.

-18 жашымда турмушка чыгып, 4 жыл жашап, төрөбөй ажырашып кеткенбиз. Күйөөм үйлөнүп балалуу болгон. азыр ал “сага кайра үйлөнөм. Экөөң менен жашайм” деп атат. Кайын журтум үзбөй кабар алып турушат. макул болсом күнөө болбойбу? 077318...
-Макул болсоңуз жакшы болот. Керек болсо тиги төрөгөн болсо багып алсаңыз андан бетер жакшы болот.

-Жолдошум намаз окуйт. мен да окуп баштадым. окуй электе бирөө менен жаткам. Күндө тообо намазын окуп Алладан кечирим сурайм. Кечирилеби? 077832...
-Иншаллах кечирилет. Кудай кечиримдүү. Ширктен башканын баарын кечирем деген. Ошол күнөөнү бирөөгө айтыштын кереги жок. Күнөөнү башкаларга айтуу дагы бир күнөө. Жолдошуңузга айтып алып ызы-чуу болуп жүрбөгүлө.

-Калың бергенде кайра эле кызга сеп кылып берет. Эми махр да бериш ваажиб болобу? оронгон келин үйдө жоолугун артка салынып, моюн тарабы кайын ата, кайын агасына көрүнсө болобу? никеде кыздын жообун күбөлөр угушу шартпы? назданып унчукпасачы? 077774...
-Калың кыргыз тилинде, махр араб тилинде. Экөө бир эле нерсеге айтылган. Сеп милдеттүү эмес. Сеп кыздын өзүнүн мүлкү. Кыз ажырашып кетип калса кээ бир акмактар калың бергенбиз деп септи алып калышат. Миллион доллар калың берген күндө да септи алып калганга акысы жок. Калың сеп үчүн берилбейт. Калың – кыз үчүн белек. Кайнатасынын көзүнчө жылаңбаш жүрсө болот. Кайнагаларына көрсөткөнгө болбойт. Анткени алар махрам (никеге турууга болот) эмес (намахрамдар). . Кыз унчукпаса нике кыйылбайт. Сөзсүз түрдө айтышы керек. Такыр эле уялып айта албаса “менин атымдан айтып кой” деп өз өкүлүн жөнөтүшү керек. Кыз бир гана атасынын жана чоң атасынын алдында уялып унчукпаганы эсепке алынат.

-Жашым 22де. ата-эне каршы болуп жатса үйлөнсө болобу? “2-3 жыл күт” дешет. Өзүмдү карманууга сүннөт менен кандай аракет кылсам болот? Кыздарды көргөндө оюм бузулат. же такыр көчөгө чыкпаш керекпи? 077876...
-Дароо үйлөнүңүз. Эгерде бир күндө бир нан тапканга акчаңыз жетсе үйлөнүңүз, аялыңыз менен бөлүшүп жейсиз. Кудай ырыскысын берет. Ата-энеңизди укпаңыз. Үй алып, мебель алып, машина алып анан үйлөнөм дегендер болбогон сөз. Үйлөнүү колуңуздан келбесе орозо тутуңуз.

-Атам аракты көп иччү болду. Эмне кылуу керек? 055192...
-Кудайдан суранып, дуба кылыңыз. Алла ынсап берсин. Мүмкүн болсо даватка чыгарыңыз, жакшы болуп кетет.

-Азыркы кезде кыздар ачык-чачык эле кийинип жатышат. Шариятта бул күнөөбү? 077863...
-Ооба, күнөө. Кыяматта жооп беришет.

-Түндө уктап жатып көп сүйлөнөм. Күндүзү ойлогон нерсени айтып салам. муну калтырса болобу? 077833...
-Калтырса болот болуш керек. Жатаарда айтыла турган дубаларды айтып, намаз окуп даарат менен жаткан болсоңуз жакшы болот. Куранда “намаз менен жана сабырдуулук менен өзүңөргө жардам алгыла” деп жазылган. -мени ала качып, каршы болгонума карабай жоолук салып, бата беришкен. апама калбайм деп ыйлап келе бергем. Бир астана аттагандан кийин бактысы байланып калат дейт. туурабы? 077061...
-Болбогон сөз. Он жолу бата берсе деле сизге жакпаган болсо калыштын кереги жок. Келе бергениңиз туура болгон. Бирок баланы көрүп жактырып калсаңыз андан бетер жакшы болмок. Күйөөгө тийип алганыңыз чоң олжо болмок. Бирок кемпирлер астанага жатып алып, нанды тиштетип коюп, бактың байланып калат дегендейлердин баары ошол кемпирлердин жомоктору. Буга ишенбеңиз.
-Касида түшүнгөн молдолор тамыр кармап дарылашат. ошолорго ишенсе болобу? 077837...
-Тамыр кармап дарылоо молдонун эмес, табыптын иши. Элдик табып болсо бул жакшы. Касида окуйт десе күчтүү молдо экен деп ойлошот. Касида – поэзия, поэма деген эле сөз. Пайгамбарыбыз алейхиссаламды мактап жазылган ыр. Ал ырды арабча билгендин баары эле окуй берет. Касиданы окугандан көрө Курандын бир аятын ошондон он эсе аз ихлас менен окуса дагы аяттын таасири көбүрөөк болот. Өкүнүчтүүсү, Касиданы Курандан жогору коюшат. Куран – Кудайдын сөзү. Касида – бир адамдын сөзү. Куранды окуса андан миң эсе көп шыпаа берилет.

-Менин кулагыма көбүнчө таңга маал эркек адам азан же сүрө айтып ойготуп жиберет. Коркуп кетем. Нази
-Коркпоңуз. Бул Алланын сизге жиберген периштелери. Намаз окуңуз. Мен Меккеде жүргөндө да ушинтип эрте менен ойготчу.

-Мен окуучумун. намаз окугум келет. Бирок мектепте хижап кийгенге уруксат жок. азыркы жаштардай кийинип эле намаз окуй берсем болобу? 077871...
-Хижап кийүүгө уруксат бар. Уруксат бербейм дегенди сотко берсеңиз болот. Бизде демократия. Намазды окуй бериңиз. Намаз менен хижап кийүү эки башка амал.

-намазды жаттагыча китепти карап окуса болобу? 077871...
-Болот. Бирок колдон келишинче тезирээк жаттаганга аракет кылыңыз.
-мага азан чакырып ат койгон эмес. Күнөө эмеспи? -Күнөө эмес. Кааласаңыз мечиттин жанына келип азанды угуп кетиңиз.

-Досум машинасы менен кырсыктап, 4 бала каза болуп, рулдагы досум аман калды. Биз муну кырсык дедик. аны каматпай койсок күнөө болбойбу? Каза болгондордун туугандарына колдон келген жардамды берип жатабыз. 077871...
-Жардам берип жатканыңар жакшы. Досуңуз тообо кылып, Кудайдан кечирим сурасын. Катасын түшүнгөн болсо жетиштүү болот. Каматкан менен эч ким пайда көрбөйт.

-Биз бири-бирибизди абдан жакшы көрөбүз. анын үй-бүлөсү бар. 1 жылдай никесиз жашадык. азыр нике бар. Күнөөбү? г-а.

-Никесиз жашаганыңар күнөө. Аны үчүн Кудайдан кечирим сурагыла.

-жылдыз түшкөндө тилек айтсаң аткарылабы? -Жок, бул туура эмес.

- 5 маал намаз окучумун. Бир жигит менен сүйлөшүп баштагандан кийин окубай калдым. аракет кылсам да болбой жатат. Эмне кылам? 077843...-Жигитиңизди таштаңыз. Жигит менен сүйлөшүү жакшы көрүнгөнү менен бул шайтандын оюндары. Намазды жакшы ниет кылып баштаңыз.


لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Meruet84   07 Февраль 2016 - 09:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

❓❗Чубак устаздын китебинен суроо-жооп:

-Жумушка байланыштуу аялым экөөбүз бир жыл бөлөк жашадык. нике бузулбайбы? д....н-

10 жыл, 100 жыл бөлөк жашасаңар деле нике бузулбайт. Бөлөк жашагандан нике бузулат деген жок.

-3 айга чейин бойдон алдырса болобу? Спирал салса болобу? 055511...-Бойдон алдыруу күнөө, арам. Эгер эненин ден соолугуна олуттуу зыян келе турган болсо же ичиндеги бала өлүп калган болсо алдырса болот. Спиралды ден соолукка зыян келтирбесе жана бала төрөө жагымсыз жагдай жарата турган болсо салдырса болот. Жөн эле 2 бала жетиштүү, фигурам бузулуп калат, ишим калып кетет дегендей шылтоолор менен салдырса болбойт. Баланы 2 жыл эмизүү керек. Врачтар менен кеңешип, кийинки баланы төрөгөнгө чейин салдырса болот.

-14 жашымда намаз окуп, кийин сабагыма байланыштуу окубай калдым. Күйөөгө тийгенден кийин сөзсүз окуйм деп сөз бергем. Кудайым мени кечирет болду бекен? мээрим
-Кудай күнөөнү кечирет. Бирок, күйөөгө тийгенге чейин жашаарыңызды кайдан билесиз. Ажал ар мүнөттө келиши мүмкүн. Сабагым бар дегениңиз шылтоо. Намазды окуңуз.

-Эжем айткан “намаз окуп, өзүнө ылайыктуу кийинсе болот, кеп кийимде эмес, эң башкысы адамдын жүрөгү таза болушу керек” деп. 077273....
-Туура. Эң негизгиси жүрөктө ыйман болушу керек. Ыймандуу болуп, ошол эле учурда кийимге да маани берүү керек. Аялдарга жоолук салынып, узун кийип жүрүүнү шарият буйруйт.

-Сиздей илимдүү адамдардын сүрөтүн гезитке чыгарса болобу? Урмат
-(Күлүп) Биринчиден өзүмдү илимдүүлөрдүн катарына кошпойм. Экинчиден сүрөткө каршылыгым жок, анткени бул колдо тартылган эмес, фотоаппарат менен тартылган сүрөт. Бул күзгүдөн карагандай эле таасир калтырат.
-уктап жатканда туруп алып сүйлөнүп кете берчү экенмин. молдого окутуп калтырганмын. анын дин жактан зыяны жокпу? 077872...
-Зыяны жок. Жакшы болот. Дем салдыруу пайгамбарыбыздын сүннөтү.

-Эмне үчүн көп аял алган эркектин материалдык жагы гана эске алынат. физикалык жактан да күчтүү болушу керек да. Биринчи аялын төшөктө кандыра албай туруп, башка аялды катуу сүйүп калса, ага үйлөнүп алса болобу? 077858...
-Албетте, материалдык эле эмес моралдык жактан, бардык тараптан камсыз кыла алганда гана уруксат берилет. Биринчи аялын эптей албай жатып экинчисин албаш керек. Шариятта төшөк маселесине чоң маани берилет. Айтканыңыз туура.
-ата-энемдин ажырашканына 16 жыл болду. Башка үй-бүлөсү бар, бирок апамдын жообун мусулманча берген эмес. Кандай болот? 077873...
-Бул боюнча апаңыз менен сүйлөшүү керек. Кээде талак сөзү айтылбастан деле ажырашуу ыктымалы бар.
-жигитим менен жүргөнүмө бир жылдан ашкан. ал мени бузуп койгон, бирок менден качып жүрөт. 2 айдан бери аны көрө элекмин. ар кандай ойлор келчү болду. Эмне кылаарымды билбей калдым. 077914...
-Тообо кылыңыз. Кудай жолуна түшүңүз. Сизге чала болду десем да жарашат. Жигит менен жүрүү
акыры ушундай нерсеге келип такалат. Жигитиңиз келсе дароо нике кыйдыралы деп айтыңыз.

-Хижаманы кайсы жерден алат? 077838...
-Баштан, көкүрөктөн, желкеден, негизи эле ооруган жеринен же ыңгайына жараша ала берет.

-Сиздин оюңуз боюнча багымдат намазын окуп, Кудай алдында таза жүрүп, бирок хижап кийбесе күнөө болбойбу? 077878...
-Намаз өзүнчө ибадат, хижап өзүнчө ибадат. Намаз окугандыгы үчүн карызынан кутулат, хижап кийбегени үчүн күнөөкөр боло берет.
-жигити менен өбүшсө 10 адамды өлтүргөнгө барабар деп уккам. чынбы? дилейла.
-Бул туура эмес. Жигити менен өбүшкөнү күнөө. Кудай зынага жакындабагыла деп буйрук берген. Демек, өбүшүү, кол кармашуу, кучакташуу дагы арам.
-жолдошум менен ажырашканыма 3 жыл болду. ортодо 2 бала бар. Шаарга келип турмушка чыкканымдан 2 айдан кийин жолдошум каза болду. турмушка чыкканымды биринчи жолдошум билбейт. Кайра жарашсам болобу? 077245...-Жарашсаңыз болот. Ага айтыш деле шарт эмес. Балдарыңыз өз атасы менен болгону жакшы.
-жалгыз баламын. Сүйгөн классташым экөөбүз үйлөнөлү десек ата-энем макул болушпайт. Кантип көндүрөм? 077867...
-Көндүргөндөн мурда окууну бүтүп, иштеңиз. Чоң адам болуңуз. Ата-энеңиз жамандык каалабайт. Алардын сөзүн туура түшүнгөнгө аракет кылууңуз керек. Балалык сүйүүңүз кайра эле муздап калышы мүмкүн.

-Этек кир келген убакта маснун дубаларды окуса болобу? 077858...
-Болот. Хадистерде айтылган дуба болот. Курандын аяттарын дуба иретинде окуганга уруксат берилет.
-Күйөөм экөөбүз 6 жылдан бери никесиз жашайбыз. мечитке барып никеге турсак болобу? г...
-Дароо барып нике кыйдыргыла. Намаз окуп, даватка чыгып, Кудайдан кечирим сурагыла.

-Досум мусулман, бирок аныкы кесилген эмес. 19 жашта. Эмне кылыш керек? 077914...-Биринчиден, жыныстык мүчөсүнүн башы толук ачылып жабылбаса гусул өтпөйт. Анда врачтарга барып кестирүүсү керек. Эгер чоюлчак болуп ачылып жабылса кестирүүнүн кереги жок. Экинчиден, болочок аялы же өзү жыныстык катнаштан ырахат алалбаса кестирүү керек. Бул мусулманчылыкка таасирин тийгизбейт.
-Биз мусулман болуп мама, папа десек күнөөбү? 077245...-Күнөө эмес, каалагандай айтса болот. Кыргыз болгондон кийин ата, апа дегени эле жакшы.

-жигитимден боюмда болуп калганын билбей калыптырмын. 2 айдан кийин нике кыйдырып үйлөндүк. үйлөнгөндөн кийин боюмда бар экенин билдик. Боюнда бар аялга нике жүрбөйт деген чынбы? 2 балам бар. алар никесиз төрөлгөн болобу? Күнөө болобу? 077050...-Эгер боюндагы баланын атасы башка бирөө экендиги анык болсо нике жүрбөйт. Бала кимден болгон болсо ошого нике жүрөт. Никеңер бар.

-7-апрелде өлгөн балдарды шейит кетти деп жатасыздар. андай болсо эмнеге бир да сакалчан көрбөдүк. Шейит кеткендердин ичинде мастары да болгон. 077819...-Шейиттер экиге бөлүнөт. 1. Алладан башка эч ким билбеген шейиттер. Кудай тарабынан бериле турган даража. 2. Дүнүйөлүк шейиттер. Биз шейит болгонун биле албайбыз. Бирок шейит өкүмдөрүн аткарабыз. Мисалы, кийимдери менен көмөбүз. Бирок сиз айткандарды жууп кепиндеп эле көмдүк. Шейит эмес деп деле айта албайбыз, аны Кудай билет. Кээ бир молдолор шейит кетти деп кыргызча эле баатырларча курман болду дегендей мааниде айткан болуш керек. Шейит кыргыздын сөзүндө да бар, мекен үчүн курман болду дегендей.

-түндө жатып сүйлөнө берем. Башка нерсени сүйлөп жиберемби деп жолдошумдан коркчу болдум. Кантип калтырсам болот? 077833...

-Даарат алып, куптан намазын окугандан кийин “Аятал курси”, “Фатиха”, “Куль” менен башталган акыркы төрт сүрөлөрдү окуп, Кудайдан суранып жатыңыз. Жаман иштерди кылбаңыз, “казанда болсо чөмүчкө чыгат” дегендей жүрөгүңүздө жаман нерселер болсо чыгат. Жакшы жүрсөңүз эмне үчүн жаман сөздөр чыгышы керек?

-10-класста окуйм. жигит менен жүрөм, экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз. ал мени алам дейт. ага ишенем. Сүйлөшкөнгө болобу? гүлү
-Анда нике кыйып алсын. Анан 24 саат бою сүйлөшө бересиңер. Жөн сүйлөшкөнгө болбойт.

-Зына дегенди түшүнбөдүм. Кызык суроо болсо кечиресиз. 077352...

-Зына – шарият тараптан никеси жок адамдардын жыныстык байланышы. Мунун түрлөрү көп: аял эркек ортосундагы, аял менен аял ортосундагы, эркек менен эркек ортосундагы.

-5 убак намаз окуганга аракет кылып жатам, бирок окуп жатканда оюм ар нерсеге кете берет. жоолук салынбайм, шым кийем, бирок ачык кийинбейм. Күнөөбү? 077815...
-Намазда ой бөлүнгөнү табигый көрүнүш. Ошондуктан бул эң чоң жихаддардын бири. Кудайдын ыраазылыгы үчүн чын ниет менен окуганга аракет кылыш керек. Намазды жакшылап окуй берсеңиз намаз жоолук салынтып, узун кийдирип коёт.

-ажырашканыма 3 жыл болду. ал 6 айдан кийин үйлөнүп алды. мага талак бербейм деген. Күйөөгө тийсем болобу? Ө777750...
-Талак бермейинче анын аялы эсептелип, башкага турмушка чыга албайсыз. Бирок талак сөзү айтылбастан туруп талак түшүп калышы мүмкүн, “кет, жогол”, “мен сенин күйөөң болбой калдым, аялың болбой калдым. Ар ким өз тирилигин кылсын” деп жакшылыкча тарап кетсе никенин байлоосунан чыкты деген мааниде талак түшүшү ыктымал. Мага кайрылсаңыз тагыраак жооп берем. (0312) 486530
-жашым 14тө. мага улуу кишилер тийишет. ызаланып кагып салгым келет, бирок дитим барбайт, улууларды сыйлайм. Кээде ыйлайм, өзүм курактагылар эле тийишпейби деп калам. Эмне кылам? Бир да досум жок. Корей тилин үйрөнүп Кореяга кетким келет. Ийгилик каалап коюңузчу. 077059...
-Алла ийгилик берсин. Кореяга болочок жолдошуңуз менен кетип, жакшы иштеп келгиле. Кыз кишинин жалгыз жүргөнү болбойт. Чоң кишилер тийишкен убакта колуңуздагы нерсе менен же туфлини чечип алып башына чабыңыз. Урматын билбегенден кийин урматтоого татыктуу эмес алар. Өзүм теңдүүлөр тийишпейби дегендин кереги жок. Өтө боёнуп алсаңыз же кыска кийип алсаңыз баары эле карай берет. Шарият буюрган кийимди кийгенге аракет кылыңыз.

2 кайнежем кирише беришет. Эч нерсе кылбасам деле жинге тие беришет. Сабырдуу болуп жакшы мамиле жасаганга аракет кылсам да мурдагыдай жакшы көрө албай койдум. дуба окуп жакшырта аласызбы же күчтүү дуба окуган молдо таап бериңизчи. аяна
-Аларды жаман көрбөңүз, бооруңуз ачысын. Ошондо жеңил болот. Алардын бары-жогун эске албай роботко сүйлөп аткандай түз эле мамиле кылып коюңуз. Булар ыйман жолунда жүргөн болсо мындай кылбайт эле деп аянычтуу мамиле кылганыңыз жакшы. Алла сабырдуулук, ынсап берсин деп дуба кылабыз.
-Эмне үчүн Куранды, намазды кыргызча окуй албайбыз? арабдар бизден өйдө турабы? 055708...
-Эгер кыргыз тилинде түшкөн болсо кыргыз тили өйдө турабы демекпиз. Биринчиден, Кудайдын ыктыяры. Экинчиден, араб тили бай болгондугу үчүн. Үчүнчүдөн, бардык адамдардын баш мыйзамы бир тилде болгондугу талапка ылайыктуу. Курандын кыргызча котормосун окуса болот. Намаздын араб тилинде болуусу шарт. Буга жооп берүү үчүн гезиттин бир бети арналыш керек.

-атам мас кезинде өзүмдү коргоп мушташып кеткем. атам мени “жети атаңдын каргышы тийсин” деп каргаган. “атанын сөзү ок” деп коёт. Кеңеш бериңизчи. 055323...
-Атаңыздан кечирим сурап, тообо кылыңыз. Атаңыз өлтүрүп койсо да унчукпашыңыз керек болчу. Арактын арты ушул.

-досторум саунага барышкан. алар 15 жашта. Күнөөбү?
-Жөн эле саунага барса күнөө эмес. Кыздар менен барып, зына иштерге барса күнөө.

Согушта адам өлтүрүп, ок тийип өзүң да өлсөң кыяматта жооп бересиңби? 077755...
-Адамды себепсиз өлтүрүү күнөө, жооп берет. Эгерде мекенди коргоп, динди сактап, үй-бүлөсүнүн абийирине тийип, зордуктап жатса өлтүргөн болсо жооп бербейт.
-Сиз канча жашыңызда намаз окуп баштадыңыз? 077755...-Мектепти бүтүрүп, медреседе окуп баштаганда намазды баштагам.
-апам казакка турмушка чыгып 4 жыл жашап, ажырашты. азыр турмушка чыккан. Бирок, экөө менен тең жашайт.
-Кандай акмак апа! Андай болбойт. Никеси бары менен жашашы керек. Никеси жогу менен зына эсептелинет.
-намазды 5 убак окуу керекпи же 2 убак боло береби? 077841...
-Бул 5 сом карызым бар, 2 сомун эле берип койсом болобу дегендей сөз. 3 сомун да төлөп беришиңиз керек. 5 маал намаз буйрулган. Намаз окуу менен энергия аласыз, жүрөгүңүз тазарат.

-адамдын сүрөтүн тарткан күнөөбү? -Адамдын сүрөтүн фотоаппарат менен тартуу күнөө эмес, кол менен тартуу күнөө.

-даваттын мааниси кандай жана максаты эмне? максат -Жакшылыкка, динге чакыруу деген сөз. Максаты адамдарга акыйкатты жеткирүү.
-Бейиш жөнүндө айтып берсеңиз. 077245...-Мусулмандардын туура жолдо жүрүп, Алланын буйруктарын аткаргандыгы үчүн Алла тарабынан бериле турган сыйлык. Бул акыреттеги түбөлүктүү жыргал жашоо.


لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Meruet84   11 Февраль 2016 - 11:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Турмуштук суроо-жооптор
- Маркумду узатып жатканда маркум ээле-
ри кандай таризде узатуу керек? мисалы: биз-
де адам келгенде өкүрүп ыйлайт, мал союлат,
аялдар көк кийишет, кыркылык, жылдык өт-
көрүлөт. маркумду узаткан күнү муким адам-
дар аш, эт жешет. Булар шариатка туура келе-
би? Сүйөрбек
- Сиз айткандын баары шариатка туура кел-
бейт. Караманча каршы келет. Маркум өлгөндө
эртерээк жерге бергенге ашыгуу керек. Маркумдун
аялы төрт ай он күн аза күтөт. Жасалгаларын та-
гынбайт. Көчөгө өтө зарыл иши болбосо чыкпайт.
Калган аялдар (мисалы: апасы, эже-карындашта-
ры) үч эле күн аза күтүшөт. Көк кийүү, ак ачтыруу
дегендер болбогон кеп.
- Жин менен ооругандарды чилдеге отур-
гузуп көзүн ачат экен. чилдеге отурган ширк
эмеспи? 077316...
- Чилде дегени кырк күн эч ким менен аралаш-
тырбай олтургузуу демектир. Аял киши болсо жа-
раша берет. Бирок эркек адам жамаат намаздарга,
жума намаздарга баруусу милдеттүү болот. Чилде-
ден ширкти издөө туура эмес. Ал эми көзүн ачтыруу
дегени таптакыр туура эмес. Мына ошону ыймандан
чыгаруу десек туура болот.
- Мага бир таксыр айтты эле, “тамакты,
чайды үйлөп ичсе болбойт” деп. Сиз ушуга
кандай карайсыз? 077025...
- Болбойт, оозуңдагынын, ага кошулуп мурдуң-
дагы дүнүйөнүн баары иче турган тамагыңа түшүп
калбасын. Ошондуктан да болбойт. Пайгамбары-
быз алайхис салам тыйган бул нерседен.
- Менин үй-бүлөм бар. жолдошу каза бол-
гон келин менен нике кыйдырсам болобу?
“Эч нерсенин кереги жок, келип турсаң бол-
ду” дейт.
- Нике кыйдырып алсаң болот, келиндин тууган-
дарынан колун сурап. Койгон шарттары жакшы экен.
- Аравияда окуп келген бир дамыла “оро-
зодо чайканып алса болот (гусул), исламды
биз өзүбүз кыйындатып алабыз” деген.
- Туура айтыптыр ошол дамыллаңар.
- Мен 9-класстамын. намаз окугум келет.
Бирок намаз окуюн деген күнү канчалык
эрте жатсам да уктап калам жана артымдан
бирөө кубалап жүргөндөй болуп көзүмө ар
нерселер көрүнө берет. Эмне кылсам болот?
уулкан
- Апаң менен чогуу барып дем салдыр. Өзүң жал-
гыз барба.
- Мен Портер машинасын айдайм. маичи-
лер баа коюп алышкан, тоскон сайын 20 сом-
дон алат. Эмне кылсак болот? 077325...
- Алар балдарын арам оокат менен багып жат-
кан болот. Бербей койгонго аракет кыл, болбосо
эмне кылат элең, башы көзүмдөн садага деп карма-
тып кете бересиң.
- Кийимди ит жаласа, заара чачыраса даа-
рат бузулабы? дааратканада отурганда били-
нээр-билинбес болуп чачырайт го. Эмне бо-
лот? 077325...
- Ит жалаганда нымдуулук сакталып калган бол-
со кийимди жууш керек болот. Бирок адамдын даа-
раты бузулбайт. Заара майда чачыраса кечиримдүү,
андан да даарат бузулбайт. Эгер өзүнүн заарасы чы-
гып жаткан болсо, албетте заара чыккандыгы үчүн
даараты сынат, чачыраганы үчүн эмес.
- Мен “адеп башатына” Куран курсуна ба-
рам. Эжейибиз жакшы устаз. “ага барба, алар
нуржулар” дешти. алар кимдер? Барса боло-
бу? 055773...
- Бара бер. Алар деле, булар деле мусулмандар.
Бир жамаатка таптакыр кирип кетпе. Бизге ошол
Пайгамбарыбыз алайхис салам алып келген жа-
мааттан өтөөрү жок.
- Даават жолу жөнүндө айтыңызчы. Эмне
үчүн дааватчылыкты туура эмес деп жаты-
шат? Бул парз да. Балким пакистандыктар-
дын кийимин кийбей койсо баары туура бо-
луп калаар бекен? 077121...
- Даават парз. Биздеги даават жолу эң жак-
шы. Адамдарды бекерпоздуктан куткарууда. Даа-
ват мамлекеттин стабилдүүлүгүнө зор салымын
кошууда. Муну көрбөгөндүн көзү көр болот, өзү
кор болот.
- Мен бир адам менен усама Бен ладен
тууралуу тартышып жатамын. ал анын кыл-
ганын туура деп ойлойт, мен тескерисинче.
ал өзү ким? тутунганы эмне? 077352...
- Ал Усаама бин Лааден. Мусулман бир киши.
Түбү Йеменден чыккан Сауд Арабиялык болгон. Ки-
йинчерээк атуулдугу тартылып алынган. Башка эч
нерсе билбейм.
- Жолдошумдун энеси ушундай жаман сөз-
дөрдү көп айтат, мисалы, “өлүп кеткиле, кы-
рылып өлгүлө, ушулар кара жерге кирсин»
деп. Бул каргышы балдарына тиеби? 077734...
- Жок тийбейт, эненин бул каргышын жакшы
дуба ниетинде кабыл кылгыла. Эгер энеге зулумдук
жеткирсе, ал убакта дубасы дароо кабыл болот.
- Убактылуу никеге туруп, кайра 3 талак
берип койсо да болобу? Бирок ата-энеден жа-
шыруун. Бул намаз окуган кыздын эркекке
айткан сунушу. 055090...
- Намаздан айлангыр экен го. Курттап жаткан
экен. Андай кыздан айланып өт. Казанга жакын бол-
соң көөсү жугат. Убактылуу нике деген жок шариатта.
- Мен 60 жаштамын. турмуш кудайга шү-
гүр, жетишээрлик. Иним эски шым, бут ки-
йим берсе, кийсем болобу? 077756...
- Кийе бериңиз, көңүлүңүз тартпаса медресеге
алып келип бериңиз. Талаба балдар кийип коёт.
- Биз эжемдин дүкөнүндө иштейбиз. Кээ-
де тараза 50 сом 60 тыйынды көрсөткөндө 51
сом деп эсептейбиз. андай кылбасак эжем
бизди урушат. нурбийке
- Ошол калган кырк тыйын силерге арам. Адал
оокатыңарды арамга аралаштырып албагыла.
- Төшөккө жатканда башты кандай баш-
танып жатыш керек? жолдошум оң жак ме-
нен кыбыланы карап жатыш керек дейт. ан-
дай кылсак башыбыз босогодо болуп калат.
055516...
- Негизги эреже, оң жамбаш менен кыбылага
баш тарапты узатып жатуу болот. Бирок кыбыла бо-
сого тарапта болгон учурда, анда тетири жатсаңар
да болот. Босогодон кирген шамал мээңерди кагып
койбосун.
- Мен жоолук салындым. Бирок халал эмес
дүкөндө иштейм. Иштебейин десем башка
жумуш колумдан келбейт жана чоң суммада-
гы карызым бар. Карызды төлөгөнчө иштеп
турсам болобу? Кээ бир адамдар “жоолук са-
лынып алып арак сатасыңбы?” деп сурашат.
Эмне деп жооп берсем болот? аида
- Башка жумуш издеп, ошол жакка кет. Адам-
дардын айтканы туура.
- Эжем күйөөсү менен москвада иштейт.
жездем мас абалында телефон аркылуу үч
талак айтыптыр. москванын мечитиндеги
молдо эч нерсе болбойт деп кайра нике окуп
коюптур. арада 5 жашар баласы кайтыш бол-
ду. азыр кыздуу болушту. Эжем баласын эстеп
көз жашын тыйбайт. “Эми деле ажырашып
кетсемби, балага көрүндү” дейт. 077832...
- Аны тактоо керек. Молдо айтса бир нерсени
билгенинен айткандыр. Адамдар өлүп эле жатыш-
пайбы, кары-жаш дебей эле. Ар бир өлүмдү бир нер-
сеге байлай берсек жан калабы?
- Аркасы бар, басырык басат деген эмне?
077281...
- Аркасы бар деген кичине жин тийип калыптыр
деген сөз болот . Басырык басканы таза жатпаса ба-
сырык баса берет.
- Жин киргендин белгилери кандай, кө-
зүндө өзгөрүү болушу мүмкүнбү? аида
- Ооба, көзүнүн карасы коюуланып калат.
- Базарда иштейбиз. лөлү тилемчилер
кайра-кайра садака сурап келе беришет. Кээ-
де урушуп кууп жиберем. алты саны аман го.
Буларга акча берсе болобу? 077325...
- Жакшысы, билгенге бергениң жакшы.
- Аял менен эркек интимдик катнашта
бирин-бири киндиктен ылдый өпсө болобу?
айка
- Шариат тыюу салбайт, а бирок кээде кээ бир
учурларды адепсиздик катары баалайт.
- Айлам кеткенде ден соолугум үчүн, үй-
бүлөм үчүн жакшы ниет менен көзү ачыкка
кайрылдым. акыбети кандай болот? 077301...
- Ыйманыңды жаңылап ал.
Чубак ажы Жалилов
Бактылуулук Формуласы
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   xake95   19 Февраль 2016 - 02:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 148
  • Катталган: 26 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2018 02:24
  • Калаасы:Ош Бишкек

Өзүм намаз окуйм бир бала менен сүйлөшөм аны жакшы көрөм мени да жакшы көрөт сүрөт жибер дей берет сүрөткө түшүп жиберип койсом болобу?
Кимгедир керек болуп жаша, Эрмек болуп эмес
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Abuxanifa   19 Февраль 2016 - 03:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 703
  • Катталган: 22 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Июн 2019 06:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Просмотр сообщения xake95 (19 Февраль 2016 - 02:21) жазган:

Өзүм намаз окуйм бир бала менен сүйлөшөм аны жакшы көрөм мени да жакшы көрөт сүрөт жибер дей берет сүрөткө түшүп жиберип койсом болобу?


Эхххх Хаке, балеенин баары ушинтип суйлошкондон келип чыгатта. Суйлошуп эле журо бербей теззз уйлонгуло. Эгер уйлонушко ниет жок эле бири-биринди жакшы коруп суйлошуп журсонор, анда жыйыштыргыла андай жомок суйууну...

Чындап уйлонотурган болсонор, анда дене мучонду жаап, адептуу суротко тушуп, ошону жонотуп кой, анындыда ач карышкырдай кылбай...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   Meruet84   19 Февраль 2016 - 09:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор(жумадан- жумага). 24-Бөлүк, уландысы
-Таласта Калинин көчөсүндө жашайм. Биздин көчөнүн жогору тарабында Рапия, Бекберди деген жубайлар жашайт. Алардын неберелери жаш балдар менен ойноп жатып уруша кетишсе, Рапия эже чыгып оозго алгыс уят сөздөр менен тилдей баштады. Көчөдө урушушпаган адамы калган жок. Дагы 5 маал намаз окушат. Намаз окуган адам өзүн ушинтип алып жүрсө боло береби? 077969...
-Намаз адамды жаман иштерден кайтаруусу керек. Жаман иштерден кайтара албаган намазды кантип жакшы намаз деп айтаар элек?
-Кызым менен сүйлөшкөнүмө бир жыл болду. Никелешип жашап турсак болобу? 077999...
-Никелешкениңерди кыздын ата-энеси билүүсү керек.
-Менин айызым 1 айга чейин келип, намазым калып жатат. Эмне кылсам болот? 054390...
-Айыздын эң көбү он күн, эң азы үч күн. Он күндөн ашса намаз окуп баштай бересиз.
-Айласыздан, уяттуу нерседен калп айтууга болобу? 054390...
-Калп айтыш керек эмес. Болгону уяттуу болсо да маданияттуу кылып айтыш керек.
-Бир аял инимдин башын айлантты. Эмне кылсак болот? 055509...
-Кудайдан суранып дуба кылыңыз. Иниңизге дем салдырыңыз. Иншаллах жакшы болот.
-Телефондон үч талак берсе түшөбү? +7926...
-Түшөт.
-Апам хиджап кийүүмө каршы. Эмне кылышым керек? 077148....
-Ата-эненин өкүмү менен Алланын өкүмү каршы келген учурда Алланын өкүмү аткарылат. Хиджап кийүү аялзатына парз кылынган.
-Балыкты өлгөндөн кийин жейбиз. Бул адалбы? 077292...
-Адал. Өзү ооруп өлүп калса арам болот. Тутуп келип союп жей беребиз, бул адал.
-Россияга кетип 1 жыл аялым менен кошула албасам, шариятта бул маселе кандай? 070599...
-Аялыңыз нааразы болсо күнөөкөр болосуз. Ыраазы болсо эч нерсе болбойт.
-Бирөөгө сүйлөгөндө кекечтенип коркуп кетем. Мындан кантип кутулууга болот? Акылай
-2 рекет намаз окуп, дуба кылыңыз. Кудай кабыл кылса иншаллах жакшы болот.
-Кыздар канча жашынан намаз окушу керек? 077918...
-Балагатка жеткен учурдан баштап намаз окушат. Эң минималдуусу 9 жаш.
-Мончодо суу ичкенге болобу? 077922..
-Болот. Бирок мончо суу иче турган жер эмес да.
-Казасы бар туруп нафил окууга болобу?
-Негизи казаны тезирээк бүтүрүп алган жакшы. Мүмкүнчүлүк болсо казаны да, нафилди да окуй берсин.
-Куран окуганда өлгөн адамдын атын аташ керекпи же жалпы деш керекпи? 077920...
-Ниетинде болсо жетиштүү болот.
-Дааватка чыксаң намазды тез үйрөнөсүң дешет. Кантип чыкса болот? 077788...
-Мечиттерге барып дааватчыларга кошулуңуз. Муфтияттын даават бөлүмүнө кайрылыңыз.
-Турмушка чыккандан кийин каш терсе болобу? 077961...
-Каш терүүгө такыр болбойт. Шариятта күнөө эсептелет.
-Мен бир эжеден пайызга акча алчумун. Ишим жүрүшпөй акыркы алганымды бере албай жүрөм. Бирок, үстөгүн алган акчадан 2-3 эсе ашыгы менен бергем. Эми калганын бербей койсом карыз болбойбу? Н.
-Негизи пайызга акча албаш керек болчу. Бербе десек тигилер келип дагы ызы-чуу болот да.
-Өзүмө жаккан адам менен никесиз жашап жүрөм. Нике кыйдыралы деп жалдырайм. Эч нерсе болбойт, кыйдырабыз да деп кебелбейт. Күнөө кимде? Рая
-Экөөңөрдө тең күнөө. Сиз да күнөө экенин билип туруп жашап жатасыз.
-Күйөөм мурун үйлөнгөн. 2 баласы бар. Менин ата-энемдин алдына барып калың бербеди. Жакындарым нааразы. Эмне кылам? Күйөөмдөн балалуу болгум келет. 077260...
-Жакындарыңыз нааразы болсо эле никени бузуунун кереги жок. Калың бербеди деп эле ажырашып кетпей жашай бергиле.
-5 убак намазды окубай жума намазына эле барса күнөө эмеспи? 077961...
-Парз кылынган 5 убак намазды окубаганыңыз үчүн күнөөкөр болосуз. Окуганга аракет кылыңыз. Жума намазга барганыңыз үчүн сооп аласыз.
-Атамдын тууганы башка динге өтүп кеткен. Мен кичинекей кезимде мени да сыйындырып, китептерин окутчу. Кийин намаз окуп жүрдүм. Мен мусулманмынбы же... 077887...
-Сиз мусулмансыз. Келиме айтыңыз.
Менин аласаларым аябай көп. Кайсы дубаны окусам болот? Э.
-Кыргызча эле Кудайдан суранып дуба кыла бериңиз.
-Аялдар мүрзөнү зыярат кылса болобу? 077951...
-Көмүп жатканда барганга болбойт. Кийинчерээк барып зыярат кылса болот.Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор(жумадан- жумага). 24-Бөлүк, уландысы
-Таласта Калинин көчөсүндө жашайм. Биздин көчөнүн жогору тарабында Рапия, Бекберди деген жубайлар жашайт. Алардын неберелери жаш балдар менен ойноп жатып уруша кетишсе, Рапия эже чыгып оозго алгыс уят сөздөр менен тилдей баштады. Көчөдө урушушпаган адамы калган жок. Дагы 5 маал намаз окушат. Намаз окуган адам өзүн ушинтип алып жүрсө боло береби? 077969...
-Намаз адамды жаман иштерден кайтаруусу керек. Жаман иштерден кайтара албаган намазды кантип жакшы намаз деп айтаар элек?
-Кызым менен сүйлөшкөнүмө бир жыл болду. Никелешип жашап турсак болобу? 077999...
-Никелешкениңерди кыздын ата-энеси билүүсү керек.
-Менин айызым 1 айга чейин келип, намазым калып жатат. Эмне кылсам болот? 054390...
-Айыздын эң көбү он күн, эң азы үч күн. Он күндөн ашса намаз окуп баштай бересиз.
-Айласыздан, уяттуу нерседен калп айтууга болобу? 054390...
-Калп айтыш керек эмес. Болгону уяттуу болсо да маданияттуу кылып айтыш керек.
-Бир аял инимдин башын айлантты. Эмне кылсак болот? 055509...
-Кудайдан суранып дуба кылыңыз. Иниңизге дем салдырыңыз. Иншаллах жакшы болот.
-Телефондон үч талак берсе түшөбү? +7926...
-Түшөт.
-Апам хиджап кийүүмө каршы. Эмне кылышым керек? 077148....
-Ата-эненин өкүмү менен Алланын өкүмү каршы келген учурда Алланын өкүмү аткарылат. Хиджап кийүү аялзатына парз кылынган.
-Балыкты өлгөндөн кийин жейбиз. Бул адалбы? 077292...
-Адал. Өзү ооруп өлүп калса арам болот. Тутуп келип союп жей беребиз, бул адал.
-Россияга кетип 1 жыл аялым менен кошула албасам, шариятта бул маселе кандай? 070599...
-Аялыңыз нааразы болсо күнөөкөр болосуз. Ыраазы болсо эч нерсе болбойт.
-Бирөөгө сүйлөгөндө кекечтенип коркуп кетем. Мындан кантип кутулууга болот? Акылай
-2 рекет намаз окуп, дуба кылыңыз. Кудай кабыл кылса иншаллах жакшы болот.
-Кыздар канча жашынан намаз окушу керек? 077918...
-Балагатка жеткен учурдан баштап намаз окушат. Эң минималдуусу 9 жаш.
-Мончодо суу ичкенге болобу? 077922..
-Болот. Бирок мончо суу иче турган жер эмес да.
-Казасы бар туруп нафил окууга болобу?
-Негизи казаны тезирээк бүтүрүп алган жакшы. Мүмкүнчүлүк болсо казаны да, нафилди да окуй берсин.
-Куран окуганда өлгөн адамдын атын аташ керекпи же жалпы деш керекпи? 077920...
-Ниетинде болсо жетиштүү болот.
-Дааватка чыксаң намазды тез үйрөнөсүң дешет. Кантип чыкса болот? 077788...
-Мечиттерге барып дааватчыларга кошулуңуз. Муфтияттын даават бөлүмүнө кайрылыңыз.
-Турмушка чыккандан кийин каш терсе болобу? 077961...
-Каш терүүгө такыр болбойт. Шариятта күнөө эсептелет.
-Мен бир эжеден пайызга акча алчумун. Ишим жүрүшпөй акыркы алганымды бере албай жүрөм. Бирок, үстөгүн алган акчадан 2-3 эсе ашыгы менен бергем. Эми калганын бербей койсом карыз болбойбу? Н.
-Негизи пайызга акча албаш керек болчу. Бербе десек тигилер келип дагы ызы-чуу болот да.
-Өзүмө жаккан адам менен никесиз жашап жүрөм. Нике кыйдыралы деп жалдырайм. Эч нерсе болбойт, кыйдырабыз да деп кебелбейт. Күнөө кимде? Рая
-Экөөңөрдө тең күнөө. Сиз да күнөө экенин билип туруп жашап жатасыз.
-Күйөөм мурун үйлөнгөн. 2 баласы бар. Менин ата-энемдин алдына барып калың бербеди. Жакындарым нааразы. Эмне кылам? Күйөөмдөн балалуу болгум келет. 077260...
-Жакындарыңыз нааразы болсо эле никени бузуунун кереги жок. Калың бербеди деп эле ажырашып кетпей жашай бергиле.
-5 убак намазды окубай жума намазына эле барса күнөө эмеспи? 077961...
-Парз кылынган 5 убак намазды окубаганыңыз үчүн күнөөкөр болосуз. Окуганга аракет кылыңыз. Жума намазга барганыңыз үчүн сооп аласыз.
-Атамдын тууганы башка динге өтүп кеткен. Мен кичинекей кезимде мени да сыйындырып, китептерин окутчу. Кийин намаз окуп жүрдүм. Мен мусулманмынбы же... 077887...
-Сиз мусулмансыз. Келиме айтыңыз.
Менин аласаларым аябай көп. Кайсы дубаны окусам болот? Э.
-Кыргызча эле Кудайдан суранып дуба кыла бериңиз.
-Аялдар мүрзөнү зыярат кылса болобу? 077951...
-Көмүп жатканда барганга болбойт. Кийинчерээк барып зыярат кылса болот.

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   aiturgasha   19 Февраль 2016 - 10:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

Алла ыраазы болсун сизден эже.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Erniza   20 Февраль 2016 - 23:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 188
  • Катталган: 14 Июнь 11
  • Соңку аракети: 15 Сен 2021 09:01
  • Жынысы:Аялзаты

Рахмат алаа ыраазы болсун
Пусть всевышний дарует нам возможность помогать всем,тем,кто нуждается в нашей помощи..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   merim97   21 Февраль 2016 - 15:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 161
  • Катталган: 04 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 06 Дек 2016 20:42

Сууроону кай жактан кантип берсек болот Чубак ажыга
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   chyngyz-KG   23 Февраль 2016 - 10:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 232
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 23 Сен 2017 00:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Барселона-Ош

Агам токко тартылып өлдү. Ошондо ал шейит кеткен болобу?

Жооп: Кимде-ким “акыйкат дин баарынан жогору болсун” деп өлгөн болсо, ошол адам шейит кеткен болот. Ошондой эле, кырсыктан өлгөндөргө да ошондой сооп берилет деп да айтылат. Кандай болгон күндө да, агаңдын ыйманы саламат болсун. Негизгиси ыйман менен кеткенге аракет кылуу зарыл. Ар бир мүнөттө акыретке узообуз ыктымал. Андыктан дайым ыйман менен жүрүүнүн аракетинде бололу!?

Кудай Таалам ыйык Куранда айтат:

“Эй Момундар! Бир Алладан корккула!

Чын корккула, (жалгыз гана Ушундан,

Алыс болуп, арам ойдон бузулган.

Өмүр солку, жасап өтөөр иш азбы?)

Өлбөгүлө болбой туруп мусулман?! .”

((Аалу Имраан: 102) Н. Алымбек))

2) Мектепти бүтсөң, врач болосуң дейт үйдөгүлөр. Мен Бишкектеги Көлмө медресесине тапшыргым келет. Бул жерде ата-энемдин айтканын кылайынбы, же илим алайынбы?

Жооп: Эч бир ата-эне перзентине жамандык каалабайт. Ошол эле учурда мойнунан байланган ит ууга жарабайт деген да кеп бар. Ата-энең менен кеңеш, кеңешип кескен бармак оорубайт. Кеңешпей калсаң, төө кыядан өткөн соң, “оо” дегениң курусун. Менин пикиримде медресеге окусаң баарыңарга жакшы болот.

3) Койдун көңүн сатса акчасы арам болбойбу?

Жооп: Жер семирткич катары сатса, адатка каршы келбейт. Адатка каршы келбесе, ошол эле учурда шариатта да тыюу салынбаса, сатууга уруксат болуусу зарыл. Имам Сиражуддин Оошийдин “аль Фатаава ас сираажиясынын» 416-бетинде мындай деп айтылат: “Мал байланган жердеги тезекти турган жеринен (чаппастан, омкорбостон) сатса болбойт. А бирок, аны топтоп (алып кетүүгө ылайыктап), андан соң сатса, шариатка туура келет”.

4) Эмран деген ат китепте барбы жана анын мааниси кандай? Алдын-ала чоң рахмат!

Жооп: Ооба. Куранда Аалу Имраан деген бүтүндөй бир сүрөө бар. Эмран ошол Имраандын бир аз бузулуп айтылуусу.

5) Менин жубайым Москвадан келип башка бирөө менен жүрүп кетиптир. Намаз оку десем болбойт. Кечирип кайра жашасам болобу?

Жооп: Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы деген экен кеменгер эл. Анын сыңарындай, намаз окуганга көнбөсө, көнгөн жагына көмкөрүлүп кете берсе айлаң не болоор экен ыя, карагым Эми-и, карап көр, адашкандын айбы жок кайтып үйрүн тапкан соң делет. Көңүлүң тартса, көкүрөгүңдөгү кирди чайкап, кечирсең а деле жакшы. Аккан сууну чыбык менен чапкандан так калбайт эмеспи. Кечирсең кечирем дейт Жараткан Эгем.

6) “Үч талак» дегенде гана талак түшөбү, же «талак, талак, талак» дегенде гана түшөбү?

Жооп: Садагасы, талакты гезит бетинен үйрөнбөйт. Молдонун астына чөгөлөп олтурсаң, олтургандан тизең ооруп, жамбашың жооруса, андан кийин буюрса, илим алсаң фыкыхтан, келээр кезеги менен маселеси талактын. Дааратсызга Куран карматпагандай эле, талактын маселесин илимге өзүн арнабаган адамга айтуу оңтойсуздук жаратат. Айтып койсоң ал сыяктуу жаранга, карапайым элдин жүзүн өзүнө каратат, айткан маселеси менен башты аңги-деңги айлантат.

7) Чүкө ойноого болобу?

Жооп: Болот. Зыяны тийбейт. Кумарга кирип кетсе, ойноого жол берилбейт. Сөөктөр жиндердин азыгы, аны менен истинжа кылууга болбойт. Истинжа кылбаса эле, жин ааламы капа болбойт. Зыяны да ушул себептен тийбейт. Динибизде малдын (арам өлгөн малдын деле) сөөктөрүн, жүндөрүн, тарамыштарын сатса, колу менен кармаса болот. Эми сатса болсо, кармаса болсо, анда эмне үчүн ойногонго болбосун?! Баса, арам өлгөн малдын терисин ийлемейинче сатууга болбойт.

8)Ассаламу алейкум устаз! Турмушка чыгарда баланын жеңеси, же эжелери кызды чечиндирип денесин, тулку-боюн көрсө болобу? Кийин жакпай калбаш үчүн. Бишкек, Гүлбар.

Жооп: Ва алайкумус салам!... Турмушка чыгаарда баланын апасы, жеңеси, же эжелери кыздын киндиги менен тизесинин аралыгынан башка жерин көрсө болот. Албетте ошол турмушка чыга турган кыз уруксат берсе. Уруксат бербеген учурда жылаңбаш абалында көрсө болот. Мынчалык болуп калгандан кийин, кыз деле кийин айнып кетпеси үчүн, кыздын атасы, агасы, же жездеси жигиттин келбетин, денесин көргүсү келсе, жигиттин киндиги менен тизесинен башка жерин жылаңач абалында көрсө болот. Колтуктарын жана оозун жыттап көрсө да болот. Кыз тарап да, жигит тарап да көргөндөрүн башка бирөөлөргө айта турган болсо, шариатта арам ишти аткарып, аманатты бузушкан болуп эсептелет.

9) Баардык оору Алладан болобу?

Жооп: Ооба, берекем! Тагдырдагы бардык жакшылык жана жамандык бир Алладан гана болот. Кудай Таалам ооруну пендесине сыноо үчүн жиберет. Акыреттеги даражасы бийик болсун, Кудай Тааламдын өзүнө жакын болсун, анча-мынча пендечилик кылып кетирген күнөөлөрү кечирилсин деп берет ооруну. Ооруган адам тагдырына ыраазы болуп, жазмышына нааразы болбой, колдон келген аракети менен даарыланууга аракет кылса, кылганына береке болор.

10) Атам жол кырсыгына учурап каза болду. Ошондо шейит кеткен болобу? Шейит кеткендер бейишке киреби?

Жооп: Бул жөнүндө жогоруда айттык. Шейит кеткендер пендеге карызы болсо, албетте суракта жооп беришет. Алла Таалам менен болгон мамилесинде кандайдыр бир кемчилик кетиришкен болсо, аны Кудай Таалам өзү билет. Канкен менен шейиттиктин даражасы жогору, бейиштин жогорку макамдары насип болоор.

11) Дааратта масх тартууну, же мурун чайкоону унутуп калсаң, дааратты башынан алуу туурабы, же ошол эле унуткан бөлүгүн алуу керекпи?

Жооп: Бул учурларда дааратты кайра баштан алуунун кажети жок. Унуткан бөлүктү гана жууп, чайкап, же масх тартып коюу жетиштүү болот. Анткени тартиби, катары, удаама–удаа даарат алуу даараттын парздарына кирбейт. Булар сүннөт жана адеп болгондуктан, кийин аткарып коюу жетиштүү.

12) Тумар тагынса болобу? Тумардын ичине арапча дубаларды салып жүрсө туурабы? Ош, Аман.

Жооп: Тумарды тагынгандан тагынбаган жакшыраак. Анткени тумарды таккан адам ушул тумар мени сактайт деген пикирде болсо, акыйдасына коркунуч келип калат.Ал эми, мен тумарда катылган Кудайдын сөзүн сактап жүрөм, аны барктап жүрөм, Кудай Таалам мени сактасын десе, кээ бир аалымдар болот дешкени менен, аны менен дааратсыз жерге баскан болбойт, аны сактап жүрүү оголе машакат болот деп, акыр түбү такпай коюу жакшы дегенге келишкен. Мунун баары Куран аяттары жазылган тумарга тиешелүү. Куран аяттарынан башка түшүнүксүз нерселер жазылса, же карышкырдын тырмагы сыяктуулар тагылса – анда-ачык эле ширк болуп, адамды ыймандан чыгарат.

13) Ата-энем кичине кезимде каза болгон. Мени апамдын сиңдиси чоңойтту, окутту дегендей. Бирок эч мээрим менен өстүргөн жок. Азыр ал жалгыз. Аны кароого мен милдеттүүмүнбү?

Жооп: Чоңойткону, окутканы жетиштүү болбойбу сага?! Мээримди Кудай анын жүрөгүнө салбаса, ким мээримдүү болмок эле? Сени балдар үйүнө берип салганда, накта мээримсиз болот эле. Аны кароого аракет кыл. Адамдар итти деле күчү-күчүлөп багышат. Ага караганда бул киши биринчиден адам, экинчиден апаңдын сиңдиси, үчүнчүдөн сени баккан жана төртүнчүдөн жалгыз калган кемпир экен. Ушул сага жетээр бекен? Жыйынтыгында ким мээримсиз болгону турат?

14) Жолдошу аялына “сени менен жашабайм” десе талак түшкөн болобу? Бишкек.

Жооп: Талак маселесинде жубайлар чогуу келип кайрылышканда, толугураак жооп чыгат.

15) Биз дүңүнөн мөмө-жемиш алып кайра аны сатабыз. Бизден сатып алган эжелер таразадан алдап сатышат. Ошондо биздин ал эжелерге сатканыбыз күнөө болбойбу? Каракол, Мухаммедшариф.

Жооп: Таразадан алдап саткандар эч качан жарыбайт. Куранда «таразадан алдагандарга тозок болсун» дейт Кудай Таалам. Башка бирөөнүн алдаганы үчүн силер күнөөкөр болбойсуңар. Ошентсе да, аларга акыл-насаат айткандан тажаба да, чарчаба. Адегенде Алла Тааламды улуктап, Аны тааныт. Андан кийин Анын шариат динин тааныт. Акырында ал пенденин өзүн өзүнө тааныт. Ошентип олтуруп ыйманга келсе, акыретиң абат болот.

16) Ассаламу алайкум! "Мусулмандын парасатынан корк" деген хадистин маанисин кененирээк айтып коёсуздарбы, мүмкүн болсо?

Жооп: Берекем бул хадисти Хаафиз Ибн Абдул Барр риваяттайт. Шейх Альбааний хадисти “даьииф” дегени менен, хадистин чыныгы даражасы “Хасан”. Бул туурасында кеп узакка созулат. Бирок жыйынтыгында бул хадис “Хасан” хадис болуп эсептелет. Хадистин тексти: “Момундун фарасатынан сактангыла! Анткени ал Алланын нуру менен карайт (көрөт)!”Хадистин мааниси: Фараасат - сырткы кебете-кешпирдин (дене-бой, түс, ыраң, өң) акыбалдары аркылуу ички акыбалдарга далаалат табуу, далил келтирүү. Куранда, Бакара сүрөөсүнүн 273-аятында “аларды белгилеринен (алааматтарынан) билесиң” деп айтылганын эске алсак, бул бап терең экендигин байкайбыз. Азирети Алий айтат: “Ким кандай нерсени ичине жашырбасын, тилинин булдуруктаганы менен жүзүнүн барактары аны ачып берет!”.

Имам Ибнуль Асиир фараасатты экиге бөлөт: (1) Алла Таала өзүнүн сүйүктүү пенделеринин, олуяларынын көкүрөгүнө салып, пенделердин ой-туюмун окуп, ичиндеги пирин билип турушат. Бул Кудай Тааламдын сүйүктүү пендесине берген керемети болуп саналат.

(2) Кулк-мүнөз, тажрыйба, дене-түзүлүш, далилдер аркылуу көкүрөгүндөгүнү көрүүгө далил табуу, ошол аркылуу үйрөнүү.

Момундун фараасатынан сактан дегени, аны алдагандан алыс бол, анткени Кудай Таалам ага билдирип турат. Чын ниеттен, ак дилден сүйлөш деген маани маңыз камтылган! Момундун жүрөгү Алла Тааланын нуру менен чулгангандыктан, ал ошол нур аркылуу баам-парасаттуу болуу макамына илинет.

Кантип фараасаттуу болобуз?

Көп китеп окуу, илим алуу менен. Илим, илим алуу менен болот;

Алла Таалага көп таат-ибаадатта болуу. Момун Алла Тааланын нуру менен көрөт. Момундун фараасаты барлыгын Мухаммад пайгамбарыбыз алайхис салам кабар берди;

Аалымдар жана акыл-эстүүлөр, хикмат ээлери менен мажилистерде чогуу болуу;

Кудай Таалам баарыбызды баам-парасаттуу момундардан кылган болсун!.

17) Көзү ачыктардын дубасы адамга таасир этеби?

Жооп: Даарат менен пакиза жүргөндөргө, ыйманы бекем болгондорго, намаз менен жүргөндөргө алардын таасири тийбейт. Жин-шайтандар менен иштешкендиктен көзү ачыктын бири калбай каапыр болуп, динден чыгат. Мусулман пендеси таңкы жана кечки зикирлерди такай айтып жүрүүсү милдет десек аша чапкандык болбойт

18) Ассалааму алейкум устаз! Шарияттын өкүмү боюнча кирди канча ирет чайкоо керек. Азыркы кир жуугуч машинасы шарияттын талабына жооп береби?

Жооп: Кийимге жуккан нерсенин изи кетсе, анын жыты кетсе таза болуп эсептелет. Азыркы кир жуугуч машинелерге жуулган кийимди таза болот деп билебиз. Колдон келсе намаз окуй тургандардын кийимин өзүнчө, намаз окуй элек жаш балдардын кийимин өзүнчө жууган жакшыраак. Же заара тийген жаш балдардын кийимин бир ирет чайкап жиберип, андан соң жалпы кийимге кошсо, максатка ылайыктуураак болот.

19) Чачты чогултуп жерге көмүш керекпи же ыргыта берсе болобу?

Жооп: Чачты мүмкүнчүлүк болсо, жерге көмгөн жакшыраак. Ага мүмкүнчүлүк жок болсо, таштанды салчу кагазга салып, жалпы таштандыга кошсоңуз болот.

20) Дамылла бильярдка кандай карайсыз, ойносо болобу?

Жооп: Негизи бул оюнга тыюу салуунун кереги жок. Намаз окугандан, үй-бүлөнү багуудан тоссо, кумар ойноого алып келсе, анда бул оюнду ойногон арам болот. Кээ бирөөлөр кечинде үйүнө барбай, достору менен ойноп жүрө берет. Булардыкы макрух. Жакшы эмес, жакшылыка алып барбайт. “Окуң намаз куптан, куптандан кийин зарыл ишиңиз болбосо, жатып алып уктаң!”

21) Менин үйлөнгөнүмө 1 жыл болду. Уулум бар. Бирок никебиз кыйылган эмес. Эми эмне болот?

Жооп: Эч болбосо, кеч болсун! Кыйдыргыла! Өткөн ишке салават. Тооба кылгыла! Кудай Таалам кечиримдүү, кечирет. Кечиктирбегиле!

22) Зулум деген эмне? Анын канчалык зыяны бар?

Жооп: Зулум – башка бир адамдын укугун тебелеп, аны кемсинтүү, кордоо дегендик. Шариатта зулумдук арам. Зулумдук көргөн адамдын дубасы кабыл болот. Каргаса, каргышы мустажаб. Анын дубасынан сактануу керек.

23) Тер кийим менен намаз окууга болобу?

Жооп: Арак сыяктуу жаман ичимдиктин жыты келип турган тер болсо, аны жууп салуу керек. Кадимки тердин зыяны тийбейт.

24) Тааныш эжемдин үйүндө жүргөнүмдө кызынын телефону жоголот. Ошол телефонду менден көрүп жатышат. Эгер албасаң Куранды кармап айт деп жатат, эмне кылам? Каргап-шилеп жатыптыр мени. Каргышы өтөбү?

Жооп: Күнөөкөр болбосоңуз өтпөйт. Маани бербеңиз.

25) Балам төрөлгөндө азан айтпай эле ат коюп койгонбуз. Эч нерсе болбойбу? Балам төрөлгөндө жентек бералбадым, кийин берип койсом болобу? Москва.

Жооп: Азанды эми деле уктургула. Мечитте күн сайын беш маал кыйкырат. Ошону укса жетиштүү. Жентек, же акыйка тоюн качан берсеңиз да жарай берет. Ийгиликтин эрте-кечи жок.
http://
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   Meruet84   25 Февраль 2016 - 16:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Мен жашоомдо жаңылдым десем болот. Оштук бала экөөбүз бири-бирибизди жактырып калганбыз. Мен эмне болуп макулдугумду бергенимди билбейм. Никебизди кыйдырганбыз. Бирок, ата-энем билип калып, каршы болуп экөөбүздү жашатпай койгон. Андан деле талак сөзүн уккан жокмун. Экөөбүз азыр кайра чогуу болсок болобу? Рахат

-Жашаса болот, эгер талак айтылбаган болсо нике сакталуу. Бирок, учурдан пайдаланып айта кетчү нерсе, кыздар турмушка чыгаарда нике туруктуу, үй-бүлө бактылуу болушу үчүн ата-энесинин уруксатын, батасын алганы жакшы. Ата-энеси каршы болуп туруп алса, акыркы жыйынтык кыздын өзүнө берилет, эгер бойго жеткен, акыл-эси жайында кыз болсо.

-Зарыл учурда аз өлчөмдө арак ичсе болобу?

-Арак шариятта арам эсептелинип, тыюу салынат. Бирок кээде мусулман, Кудайдан корккон врачтардан кеминде үчөө “аракты ичишиң керек, башка дары жок” деп айткан болсо, ошолордун көрсөтмөсү менен ичсе бир жөн. Анан элдик табыптар, достор, кемпирлер, абышкалар “ичсең жакшы болосуң” десе эле иче берсе болбойт.

-Күйөөм экөөбүз 2 жылдан бери чогуу жашабайбыз. Ал телефондо эле талак берип, үйлөнүп алган. Бир кызым бар. Мыйзамдуу түрдө ажырашкан эмеспиз. Кандай түшүнсө болот? 0778 87…

-Бул суроо жалпы эле айтылып калыптыр. Телефондо өзү айтканбы же СМС жөнөткөнбү, кантип айтты, өткөн чактабы, келер чактабы, талак түштүбү же жокпу, мындай нюанстарды тактап туруп талак түшкөнүн айтуу керек. Аны үчүн өзү келиши керек. Эгер бирөөнүн сөзү менен чечилбесе, экөө келиши керек. Мыйзамдуу түрдө ажырашпай туруп деле талак айтылган болсо талак түшө берет. Эгер талак бербестен мыйзамдуу түрдө ажырашса, тагыраак айтканда ажырашууга макул болушуп, кол коюшса — бул бир талак эсептелинет. Бул ажырашып жаткан кербези.

-Имам Аззам байпакка масх тартууга, зикрде теспе колдонууга уруксат бергенби?

-Уруксат берген. Бирок байпак дегенде үч шарт бар. 1. Масх тартканда колдогу нымдуулук бутка өтпөй тургандай болушу керек. 2. Байпактын резинкасы жок болсо да буттан шыпырылып түшпөй турган болушу керек. 3. Сапарга чыкканда байпак жыртылбай тургандай болушу керек. Бул шарттардын талабына байпак эмес, маасы ылайыктуу. Ал эми байпакка масх тартса болот деген хадистердин баары сахих эмес, б.а алсыз хадис. Теспе колдонууга болот, зикрди так эсептеш максатында.

-Кызга куда түшкөн соң канча убакыттан кийин үйлөнсө болот же чектелбейби? Бизди кудалаганына 2 ай болуп калды. Адинай

-Чектелбейт. Кудалаган күнү алып кетсе деле болот. Мүмкүн болушунча тезирээк алып кеткен жакшы, кудалашкандан кийин көп убакыт өтүп, ар түрдүү проблемалар чыгып кетпеши үчүн. Жакшылыктын эрте болгону жакшы да.

-Даватка 4 ирет чыккам. Айрымдар өтө көп нерсени айтып, сүннөттөн чыкпа, 4 масхабда жок, бидьат дейт. Туурабы? Ошондон бери чыкпай калдым. 0700 81…

-Даватка чыгуу 4 масхабда жок дегени туура. Анткени китепте жазылган эмес. Бирок, бул Исламдын практикалык жашоосун көрсөтүү үчүн уюштурулган иш-чара да. Бул жакшы көрүнүш. Каршы болбошубуз керек. Биздин масхабда Ислам университетин ачып, окуткула деген жазуу жок. Бирок натыйжалуу билим берүү максатында атайын окуу жайын ачып, белгиленген тартипте иштеп жатпайбызбы. Ошол сыяктуу эле да.

-Көз мончок тагуунун, тумар тагуунун мааниси кандай?

-Көз мончок, тумар мени сактайт деген ишеничте таккан болсо, өтө жаңылыштык кылып, Кудайга шерик кошкон болот. Кудайда бар күч тумарда да бар дегендей кабыл алынат. Ушул ниетте такканга болбойт. Бирок Куран аяттарын жазып, Аллахтын сөзүн, пайгамбарыбыздын осуяттарын сактап жүрөм, Аллах мени сактайт деген ишеничте болсо уруксат берилет. Ошентсе да, такпай эле койгон жакшыраак. Себеби сиздин ниетиңиз түз болсо да көрүп турган адамдар оюңузду түшүнбөй, демек тумар аны сактайт турбайбы деген ойго келиши мүмкүн.

Жаш балдарга көз мончок тагып коюшат эмеспи. Негизи адамга көз тиет. Кээде көз тийүү адамды өлтүргөнгө чейин барат. Адамды караганда алгач жалтырап, өзгөчө болуп турган нерсеге көзү түшөт да ошого тийип баштайт. Ошон үчүн баш кийимдин төбөсүнө тигип коюшат. Бул көз мончок сактайт деген сөз эмес. Болгону адам караганда көзү жалтырап турган нерсеге урунуп, адамга эмес ошого көзү тиет деген түшүнүктүн негизинен келип чыккан. Ошол ниетте таккан болсо бир жөн. Андан башка ниетте болбойт.

-Мечиттерде имамчылык кандай жол менен болот? Уруксат алышабы?

-Албетте, жамааттын, муфтияттын, казыяттын бир пикирге келиши менен болот. Жергиликтүү элдин салт-санаасын билген, элге аралашкан, элге кадыр-баркы сиңген, ошол эле убакта илимдүү адам имам болот. Бирок албетте, өзүнөн жогорку райондук, облустук казылардан, имамдардан суроосу милдеттүү. Кээде эч ким жок болуп калса сырттан башка молдолор барышы мүмкүн.

-Насыбай чегүүнүн шарияттагы өкүмү кандай?

-Насыбай шариятта макүрү, өтө жаман амалдардын катарында. Өзүн мусулман деп эсептеп, даарат алып, Куран окуп жүргөн адамдын насыбай чегиши өтө жаман көрүнүш.

-Кыз кезимде ыраматылык атамдын каргышына калдым. Мага көп капа болчу. Азыр 50гө таяп калдым. Кантип жоем?

-“Кантип жоем?” дегениңиз жакшы. Биринчиден, эки рекет намаз окуп тообо кылыңыз. Тообо — өткөн ишке өкүнүп, эми ушундай кылбайм деп ниет кылуу. Колдон келсе жакшы иштерди кылыңыз: көчөт эгип, жардамга муктаждарга тамак-аш берип, Куран окуп, ошонун соопторун атаңыздын арбагына багыштаган болсоңуз иншааллах Аллах кечирет. Намаз окуп, дуба кылсаңыз баары жакшы болот.

-Исламда аял мамлекетти башкара алабы?

-Буга Ислам шарияты жол бербейт. Бул аялды төмөн тартуу эмес, урматтоо максатында. Аялзаты келечек муундарды тарбиялайт, алардын жүрөгү дайыма таза болуп турушу керек. Эгерде аял эл башкарса кээде бирөөнү өлтүрүүгө буйрук берет, бирөө менен урушат, анан эркекке айланып кетет да өзүнүн коомдогу аялдык ордун жоготот. Пайгамбарыбыздын кайсы бир осуяты бар: “Кайсы коом өзүн аялга башкартса, эч убакта жарыбайт” деген.

Бул биздин бийликке карата айтылып жаткан суроо болушу мүмкүн. Азыр Роза Отунбаева эжекебиз башкарган жери жок. Убактылуу өкмөттөгү 14 адамдын бири болуп милдетин аткарып жатат. Менин оюмча, Роза эжеке өтө акылдуу адам, шайлоого барбайт, татыктуу мырзаларга уруксат берип, өзүнүн Каныкейлик образын көрсөтүп, кеп-кеңешин берип турат.

-Ажырашып кеткен, бирок талак бере элек, аялдын боюнда болсо талак берүүгө мүмкүн эмеспи? Руслан

-Бизде кээде талак бербесе деле ажырашат, “кет, жогол” деп айтылган болушу мүмкүн да. Муну алар менен жекече сүйлөшүү керек болот. Эгер күйөөсү “жашоону токтоттук, сен да ыраазы бол, мен да ыраазы, кет” деп ажырашуу ниетинде айткан болсо талак дебесе да талак түшүп калат. Ал эми боюнда болсо талак түшпөйт деген сөз туура эмес. Боюнда бар кезде талак түшкөн болсо төрөгөнгө чейин башкага турмушка чыкканга уруксат берилбейт. Төрөгөнгө чейин күйөөсү аны тамак-аш, кийим-кече, жатакана менен камсыз кылып туруусу керек. Төрөгөндөн кийин бала эрезеге жеткенге чейин атасы камсыз кылып турууга милдеттүү.

-Менин 5ке чыккан балам бар. Күйөөм экөөбүз ажырашканыбызга 1 жыл болду. Мен башка бала менен сүйлөшүп жүрүп, азыр 5 айлык боюмда бар. Экөөбүз 1 айында нике кыйдырып баш коштук. Бирок азыр жашабайбыз. Бала арам эмеспи? Алдырып салайын десем үйдөгүлөр күнөө болот дешти. Кененирээк маалымат берип койсоңуз. 0551 76…

-Баланы алдырып салуу албетте күнөө, бул адам өлтүргөнгө тете. Никесиз кошулуу да күнөө. Экинчи адам менен никеге туруу үчүн биринчисинен никеси бузулганын аныктоо керек эле. Эгер нике бузулган болсо кийин турмушка чыкканда шарттар туура келдиби, жокпу деген маселе бар, текшерүү керек. Никесиз катнашка барган болсо наристеде күнөө жок, ата-энеси күнөөлүү. Баланы төрөп, жакшы тарбия берип, эрезеге жеткирүү керек.

-Мен өтө мас болуп, досторум үйгө жеткиришет. Себепсиз эле аялыма үч талак берип коюптурмун. Уятыма чыдабай, өлүп кала албай шаарга баса бергем. Аялым артымдан 2 балам менен келген. Чогуу жашап жатабыз. Өтө мас болсо талак түшпөйт деген чынбы? 0778 60…

-Өтө мас учурда талак түшүшү боюнча уламалар эки кайчы пикирде. Бул маселени тактагыңыз келсе, муфтияттагы менин жумуш бөлмөмө келсеңиз татыктуу жооп берем деген үмүттөмүн. Же болбосо (0312) 28 65 30 номуруна чалыңыз. Көпчүлүк аалымдардын пикиринде “арам нерсени ичип мас болгондугу үчүн жаза катарында талак түшөт” деп айтылат.

-Бир жигит экөөбүз бири-бирибизди абдан жакшы көрөбүз. 5 жылдан бери сүйлөшөбүз. Бирок ал башка динге өтүп кеткен. Менин ата-энем мусулманчылыкты катуу кармайт. Баш кошконго уруксат бербей жатышат. Ал бала да өз дининен чыкпай жатат. Эмне кылсам болот? 0770 17…

-Ага турмушка чыкканга болбойт. Себеби биз мусулмандар өзүбүздүн кыздарыбызды аманатты билген, Кудайдан корккон адамдарга гана бере алабыз. Башка диндегилер балким зулумчулук жасап, башка динге өткөрүп жибергенге аракет кылышы мүмкүн. Анткени кааласак да, каалабасак да үйдө эркек кожоюндук кылат. Бир гана жолу, ал бала мусулман болсо турмушка чыга аласыз. Болбосо бактыңызды башкадан издеңиз. Кудайдан коркуп, шариятта бул болбойт экен деп ниет кылсаңыз, Кудай андан да жакшысын берет. Кыздарга айтаар кеңешим: намаз окуп, дуба кылуу керек. “Оо Жараткан, мага кандай күйөө ылайык болсо, ошондой күйөөнү жөнөткүн” деп дуба кылса өзүнө бардык жагынан төп келген адамды жөнөтөт деген ишеним өтө чоң.

-Намаз окуюн деген ниетим бар, бирок косметика колдонбо деп айтышат. Атыр, лак ж.б колдонбосом жүрө албайм. Эмне кылсам болот? 0770 48…

-Косметика колдонуп намаз окуса болбойт деген сөз туура эмес. Болгону тырмагына лак койгон болсо даарат алганда тырмакка суу тийбей даарат өтпөй калат. Ал эми даарат албай турган учурда айыз келгенде, төрөгөн учурда каалашыңызча лак колдоно берсеңиз болот. Бирок гусул алаарда лакты өчүрүү керек. Чачты химиялык боектор менен боегондо чачты каптап калат да жууганда суу кирбей калышы мүмкүн. Ал эми атырды себине бериңиз. Бирок көчөгө атыр себинип чыккан жакшы эмес, адамдарды азгырат. Жолдошуңуздун жанында же өзүңүзчө жүргөндө каалашыңызча колдоно бериңиз.

-Ассалому алейкум Чубак ажы, иштериңизге ийгилик, береке жана сизден Аллах ыраазы болсун. Мен дин кызматкери – аалым болгум келет. Мектепти толук бүткөн эмесмин. Аттестатты пара берип сатып алгам. Бирок ошону менен Ислам университетине тапшырып окуй аламбы? Бакай

-Аллах сизден да ыраазы болгон болсун. Дин кызматкери болуп адамдарга акыйкатты жайылтайын деген ниетиңиз жакшы экен. Албетте мындай тилекке сооп берилет. Ал эми аттестатты жасалма же чыныгы экен деп бөлө турган аппаратыбыз жок. Стандартка ылайык документтин баары кабыл алынат. Эгер маңдайыңызга жазылган болсо, албетте университетке тапшырып окуй аласыз. Илим алуу университет менен эле чектелип калбайт. Устаздардын жеке сабактарына катышып турсаңыз да болот. Аллах ниетиңизге жеткирген болсун.

-Жолдошум экөөбүз 7 жылдан бери жашайбыз. Балабыз жок. Дагы бир аял алып балалуу болсо болобу? Эгер болсо мени менен чогуу жашаганга кантип сүйлөшсө болот? 0773 49...

-2-3 аял алсаңыз деле балалуу болушуңузду Кудай билет. “Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” дейт. 4 аял алганга чейин уруксат бар. Балалуу болуу сүннөт. Бирок Кудай бала бербей жатса мен балалуу болушум керек деп эле жулуна берген туура эмес. Аллахтын берген сыноосу.

Шарият эки аялды бир үйдө жашатканга тыюу салат. Жок дегенде бир короодо эки үй болуп, дааратканасы, мончосу, ашканасы эки башка болсо уруксат берилет. Негизи эки башка жерде жашашы керек. Себеби кызгануу дегендей сезимдер болот. Ошону эске алуу керек.

-Жолдошум экөөбүз бир балалуу болгондон кийин бир жылча ажырашып жүрдүк. Кайра жарашкан соң нике кайра окулушу керек беле? 0778 75…

-“Кет, жашабайм” деген сөздөр айтылбай, талак берилбей эле таарынышып кеткен болсо нике кыйыштын кереги жок. Ал эми 6 ай жашабай койсо талак түшүп калат деген сөз туура эмес. Эгер “кет, болду, бирге жашоону токтоттук” деген сөздөр айтылып ажырашкан болсоңор кайра нике кыюу милдеттүү болот. Муну тактоо үчүн дин адамдарына жолуксаңар кененирээк жооп аласыңар деген үмүттөмүн.

-Чубак Жалиловдун өзү жөнүндө маалымат бергилечи. 0 771 19…

-Менин аты-жөнүмдү билет экенсиз. Мен кыргызмын. Жолборс жылында төрөлгөм. Азирети Умар Ислам институтун (азыр университет) бүтүрүп, ал жерде мугалим болуп иштегем. Кийин Улуттук университетте Чыгыш таануу бөлүмүндө араб тили адистигинде ага окутуучу катары эмгектенгем. Меккедеги Уммуль Кураа университетинин алдындагы Араб тили институтун бүтүргөм. Ошол эле университеттин Шарият факультетин да бүтүргөм. Азыркы учурда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн башчысымын. Уламалар кеңешинин мүчөсүмүн. Азирети Умар Ислам Университетинин мугалимин.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Meruet84   29 Февраль 2016 - 21:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

-Гусул албай туруп куран окуса
болбойбу? Гусул алууга шарт
болбой 5 күн катары менен
ырааматылык досум түшүмө
кирди эле, гусулум жок куран
окуй албадым. Маркум адамды
сагынса эмне болот? Дайыма
түшүмө киргендиктен
сагынычым кадимкидей тарайт.
Арбак колдойт дегенге ишенсе
болобу? 055577....
-Арбак колдойт дегенге ишенсе
болбойт. Тескерисинче, арбактарга
сооп багыштап тирүүлөр колдоп
турушат. Алар дайыма тирүүлөргө
муктаж. Куран окуп, садака берип,
сооптуу иш кылып, бак-дарак эгип,
жол куруп жана башка иштерди
кылып, анын сообун ошол
маркумга арнаса жетип турат.
Гусулсуз куран окулбайт. Гусулсуз
көп убакытка жүрүү күнөө болот.
Себеби, Кудайдын парзы
кечиктирилип жатат. Гусул алууга
шарт түзүү керек.
-Өзүн өзү рахаттандырса күнөө
эмеспи? Аза
-Күнөө! Чектен ашкандык. Мындай
кылбаш керек.
-Тахажуд намазын окуганда
парз менен сүннөтү да кошо
окулабы? Саат канчада окулат?
055298...
-Тахажуд намазы жөн гана 2
рекеттен баштап, каалаганча
рекетте түнү окула берет. Түндүн
үчтөн бир акыркы бөлүгүндө
окуган жакшы, багымдат намазы
киргенге чейин.
-Намаз окуп жатканда
колдорум кыймылдап китептен
карап окуйм. Карабасам
адашып кетем. Окуп жатып
адашып башкасын окуп алам.
Катары менен окубай
алмаштырып алам. Күнөө
эмеспи? ө55298....
-Намазга киришкенде китепти
карабаганга аракет кылыңыз.
Бирок, ар бир кыймылды толук
аткарыңыз, кыям, рүкү, сажда
дегендей. Ал эми сүрөлөрдү
жаттаганыңызча эсиңизге
келгенин окуңуз. Анан тезирээк
жаттаганга аракет кылыңыз.
Андыктан тажабай кайталай
бериңиз.
-Мен күйөөм менен ажырашып
аялы бар күйөөгө тийдим.
Бирок, үйдөгүлөр билишпейт.
Биз эч кимге айтпай нике
окутуп алганбыз. Күнөө
эмеспи? Ага турмушка
чыгышыма баары каршы.
Жардам бериңизчи. 055298...
-Никенин маңызы – аны жарыя
кылууда. Нике жашыруун болбойт.
Ата-энеңиздин ак батасын алып,
уруксаты менен турмуш
курушуңуз керек эле. Ата-эненин
уруксатысыз никеде береке
болбойт. Ойлонуп иш кылыш
керек. Себеби, үй-бүлө деген
оюнчук эмес, аялы билсе үй-
бүлөнүн ыркы кетип, жада калса
бузулуу коркунучу бар.
-Күйөөм экөөбүз балалуу боло
албай жатабыз. Кайсы
сүрөлөрдү окусам болот?
070712...
-Бул Кудайдын ыктыярына
жараша болот. Кимге кааласа уул
берет, кимге кааласа кыз берет,
каалабаса бербей да коёт. Алладан
жалынып жалбарып дуба кылуу
гана колубуздан келет.
-Сиңдиме сөз айтсак эле жаман
ойдо кабыл алат. Мени
карабайсыңар деп эле
депрессия боло берет. Сөз
көтөрө албайт. Апам менен
урушуп, көңүлүн оорутат. Дем
салдырсак жардам болобу?
Кимге салдырабыз? Намаз
окуйм деп жаттап жатат. Бирок,
адатын таштабайт. 077977...
-Жумшак мамиле кылганга аракет
кылгыла. Дем салдырып да
көргүлө. Адеп-ахлак туурасында
китептерди окуп бергиле же
болбосо дааватка алып чыккыла.
Коомчулук менен дайыма
байланышта кылып, адамдар
менен көбүрөөк сүйлөштүргүлө.
-Ражаб айы, шаабан айы кайсы
айлар жана бираат кечеси
кайсы күн? 077858..
-Булар Рамазан айынан мурда
келет, берекелүү айлар. Бираат
кечеси шаабан айынын 14үнөн
15ине караган түнү болот, ыйык
түндөрдүн бири. Булар боюнча
атайын китептерден кеңири
маалымат алсаңыз болот.
-Кызымдын чачы түшүп рахит
болуп жатат. Карышкырдын
өтү менен дарыласа жакшы
болуп кетет деп айтышты.
Ширк болуп калбайбы?
077858...
-Дарылык катары колдонсоңуз
ширк болбойт. Ниетиңиз туура
болушу керек, ал нерсе эмес,
Кудай шыпаа берет, дары себепчи
болот.
-Турмушка чыкканмын. Бирок,
күйөөмдү сүйбөйм, ортодо
балабыз бар. Мени, баламды
камсыздандырбайт. Эми мени
башка бала алам деп жатат. Ага
турмушка чыксам болобу?
077784...
-Күйөөңүз менен нике бар учурда
башкага турмушка чыга албайсыз.
Эгер ажырашсаңыз, идда мөөнөтүн
өткөргөнүңүздөн кийин гана
турмушка чыксаңыз болот.
-Күйөөсүнө жагыш үчүн чачын
кыркып жасаса, шымданып,
модаланып үйдүн ичинде
жүрсө болобу? 077822...
-Албетте, болот. Чачыңызды
кыркканда мүрүңүздөн жогору
чыгып кетпеши керек.
-Операциядан чыкканыма 2
жума болду. Жуундум, бирок
гусул ала элекмин. Куран
китепти кармасам, намаз
окусам болобу? Тигилген
жерим кыймылдасам ооруйт.
070512...
-Эгерде, врачтар тыюу салса же
сизге кыйын болсо таяммум
кылып намаз окусаңыз болот.
-Үйлөнүп жаткандар молдосу
жок эле “туттум” деп бири-
бирине бир нече адамдын
көзүнчө айтса нике кыйылып
кетет деп уктум. Ошол чынбы?
Наргиза
-Чын, эгерде өткөн чакта “кабыл
туттум, багыштадым” деп бир
канча адамдын көз алдында
макулдугун айтса нике кыйылып
калат. Бирок, муну менен толук
түрдө маселе чечилип калбайт.
Себеби, алардын никеге турууга
ылайыктуулугун текшерүү керек.
Туура келип калган болсо, нике
кыйылат. Бирок, көп сүннөттөр
калып кетет.
-Намаз окуйм. Оронгум келет.
Бирок ата-энем жол бербейт.
Эмне кылуу керек? Оронуу
шартпы? Миргүл
-Оронуу милдеттүү. Бул шарияттын
буйругу. Бул маселеде ата-эненин
эмес, шарияттын буйругу
аткарылат
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   FCMUKG   19 Март 2016 - 02:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 197
  • Катталган: 11 Июль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2023 04:55
  • Жынысы:Эркек

✍ ШЕЙХ ЧУБАК АЖЫ МЕНЕН БОЛГОН СУРОО-ЖООП 03

-Раяна бейиш эшигинин, Гүлнара тозок эшигинин аты деген чынбы? 077780...
-Бир хадисте айтылган бейиштин “Раййан” деген бир эшиги жөнүндө. Гүлнара деген эшик жөнүндө айтылган эмес. “Наар” тозок дегенди билдирет. Бирок Гүлнара кыргызча жакшы мааниде коюлган ат деп ойлойм.

-7 кызга төшөккө чыкканда жеңе катары күбө болсоң сооппу же күнөөбү? Кулпунай
-Салт менен динди аралаштырбаш керек. Кандай гана жакшы ниет менен кылынган жакшы иш болсо сооп берилет. Кызга турмуш куруудагы шарияттын жол-жобосун, керектүү кеңештерди айтып берүү албетте сооп иш. (Бирок жеңелердин нике түнүндө аңдыгандыгы чоң күнөө, арам иш)

-Арактан башкасын саталы деп ойлодук. Бирок арактан жакшы пайда калгандыктан сатып атабыз. Эмне кылыш керек? 055402...
-Алла арам деген нерсенин баасы жок. Арамдан тапкан пайда арам болот. Аз пайданы көздөп көп сооптордон куру калбашыңызды сунуштайбыз. Адал менен соода кылсаңыз, Алла берекесин да берет, эки дүйнөдө бактылуу болосуз.

-Ахмадия Хилаафатынын жүз жылдык юбилейине чыгарылган Куран китепти туура эмес дейт. Чынбы? 077292...
-Ахмадия өзү туура эмес. Мусулманбыз дегени менен мусулман эмес. Себеби акыркы Мухаммед пайгамбарыбыздан кийин өздөрүнөн чыккан адамды пайгамбар деп эсептегендиги үчүн мусулманчылыктын чегинен чыгып кеткен. Өзү мусулман болбогондон кийин китеби да жараксыз.

-Эмне үчүн жумада эки жолу азан айтылат? 070002...
-Биринчиси жума намазынын убактысы киргенде, экинчиси хутбанын башталышында эскертүү катары айтылат.

-Ноокатта жашайм. Намаз убактысы Ош же Кызыл-Кыяга окшошпу? Канча мүнөт айырмаланат? 077966...
-Ош, Кызыл-Кыя, Ноокат бир эле убакта, айырмасы жок. Муфтият чыгарган календарды карасаңыз, Бишкектен 10-15 эле мүнөт айырмасы бар.

-Курбум жигиттер менен көп жүрөт эле. Ошондуктан агасы мажбурлап намаз окутуп, оронтуп койду. Оронуп жүрүп жигиттер менен жүрсө күнөөсү оор болобу же тескерисинче болсо оор болобу? 077898...
-Эки учурда тең бирдей күнөө кылып жатат. Жигит менен жүрүү таптакыр Исламда жок. Байкесинин карындашына күйүп кылганы эң туура иш. Курбуңузга айтыңыз, акмактык кылбасын. Оронуп жүрүп жигиттер менен сүйлөшүп Исламды жаман көрсөткөндүгү үчүн ого бетер күнөөсү көбөйөт.

-Жума намазга барам деп жүрүп баралбай калсам күнөө болобу? 077963...
-Жума намазга баруу парз. Сөзсүз баруу керек.

-Турмушка чыккандар да жоолук салынышы керекпи же кыздар дагыбы? 077951...
-Кыздар балагатка жеткенден баштап шарияттын талабына ылайык жоолук салынуусу керек.

-Намаз окубаган адам теспе тартса болобу?
-Болот. Бирок намазды да окуңуз.

-Пайгамбарыбыз айтыптыр билимдүү молдого караганда берешен каапыр бейишке жакыныраак деп.
-Андай сөз жок. Жалган сөз.

-Астролог менен көзү ачыктардын айырмасы кандай? Ишенсе болобу? Ботай
-Экөөнө тең ишенбеш керек. Ушундай болот деп ишенип алуу ширк болот. Себеби эртеңки күнү эмне болоорун Кудайдан башка эч ким билбейт.

-Куран окуганда бир канча кишинин атын атаса болобу? Нази
-Маркумдун атын атаса да, атабаса да болот. Бардык момундарга атап окуп койсо анын ичине өзүнүн атасы да кирет. Баарына бирдей жетет.

-Мен акыркы күндөрү өзүмдөн өзүм эле ар кандай жаман ойлорду ойлоп, бирөөлөрдүн, өзүмдүн өлгөнүмдү элестетип ыйлай берем. Намаз окуюн десем жаттай албайм. Эки сөз да башыма кирбейт. Кечинде эшикке чыкканда, түндө жалгыз калганда аябай коркунуч пайда болот. Жардам бериңизчи. Асел
-Коркконго кош көрүнөт дегендей жаман нерселерди ойлой бербей өзүңүздү алаксытканга аракет кылыңыз. Андай мезгилде сүрөлөрдү окуңуз, зикир чалыңыз. Дайыма даарат менен жүрүңүз. Намазды жатташ үчүн талыкпай кайталай бериңиз. Жаттаганча китептен карап окуп, улам жаттаганыңызды кошуп кете бериңиз.

-Жолдошум бир келин менен никесиз эле жашап жатат. Күндө ичип келип мени урушкандан тажап бүттүм. Экөөбүз бир жерде базарда иштейбиз. Жанымдагылардан уялып бүттүм. Мактанат уялбастан. Эмне кылсам болот? 077768...
-Соо болгон мезгилде чогуу отуруп кеңешиңиздер. Өзүңүздөр чече албасаңыздар, туугандарды, башка тиешелүү адамдарды ортого салып, мындай жолдон кайтарганга аракет кылыңыз. Бирөө менен никесиз жашап жаткандыгы чоң күнөө. Үй-бүлөнү сактап калганга аракет кылгыла.

-Шариятта каш терсе болбойт деп уктум. Чынбы? Турмушка чыккандан кийин да терсе болбойбу?
-Турмушка чыккандан кийин да, мурун да каш терүүгө шарият тыюу салат.

-Атым Гүлнара. Мааниси жок. Атымды өзгөртсөм болобу? Өзүмө жакпайт.
-Жакшы атты өзгөртүүнүн кажети жок. Бирок атты өзгөртүү ар бир адамдын өз ыктыяры, тыюу салынбайт.

-40 жаштан кийин тилеги кабыл болбойт деген чынбы? Намаз окуп жаткан адамдан жел чыкса даарат бузулабы? Кайра даарат алабы? Гуля
-Бардык жаштагы адамдардын тилеги кабыл болот. Жел чыкса даарат бузулат. Кайра даарат алып келип намазды окуу керек.

-Дааратканадагы агып жаткан сууга жана ошол жерде толук даарат алса болобу? 077328...
-Албетте дааратканада даарат алсын деп шарт түзүлөт. Таза суу болот. Сууну чачыратпай тыкан болуу керек.

-Жолдошумдун биринчи аялынан 2 кызы бар. Менден 2 уул, бир кыз бар. Ошол кызынын айынан телефондо тез-тез сүйлөшүп турушат. Күнөө эмеспи? 077882...
-Негизи сүйлөшпөш керек. Зарыл болуп калган учурда адам катары сүйлөшсө болот. Башка темаларда атайын сүйлөшсө күнөө болот.

-Түшүмдө көргөнүмдүн өңүмдө кайталанганын көп эле байкагам. 3-4 жолу түшүмдө кыямат кайым болду. Муну кандай түшүнсө болот?
-Түштүн мойну кылдай, кайсы жакка бурсаң ошол жакка кетет дешет. Кандай түш болбосун жакшылыкка жооруп коюңуз.

-Жаңы төрөлгөн баланын чачын кыркы чыкмайынча алса болбойбу? 055577...
-Негизи төрөлөөрү менен чачын алып, чачтын граммы канча болсо, ошончо грамм алтын же күмүш садака берилет шарият боюнча. Ошондуктан кыркы чыкканга чейин деле алса болот.

-Апам сигарет сатып иш кылат. Күнөөбү?
-Ооба. Бул ден соолукка зыян нерсе. Мүмкүн болсо башка нерсе сатсын.

-Балам 1 жашка чыкты. Дагы боюма болуп калыптыр. Алдырып салсам күнөө болобу? Бул 4-наристем болот. 055088...
-Албетте, чоң күнөө болот. Өз баласын өлтүргөнгө тете.

-Бул дүйнөдө үйлөнбөй эле өтсө болобу? Күнөө болбойбу?
-Биздин масхаб боюнча үйлөнбөй өтүү күнөө болот. Үйлөнгөнгө аракет кылгыла.

-Ыймандуу, жоолук салынган кыздар менен кантип таанышса болот? 055940...
-Тааныган, билген ыймандуу кыздар болсо үйүнө жуучу жөнөтүңүз. Макулдугун берсе үйлөнүңүз. (Жеңелер, эжелер, карындаштар эмне кылып жүрөт ошолорго айтыңыз таап берсин)

<<БЕЙИШКЕ КАРАЙ ЖОЛ>>
__________ИЛИМ_________
________ЧЫЙЫРЫ_______

КАТТАЛЫҢЫЗДАР
FOLLOW BEYISHKE
сөзүн өз телефонуңуздан 4040 кыска номерине СМС кылып жөнөтүңүз.
Эскертүү: FOLLOW сөзүнөн кийин бир боштук бар.

Россия жергесиндеги бир туугандарга 7070 же 8080 номерине жогорудагыдай кылып СМС жөнөтүү жетиштүү.
Эскертүү: Билайн, Мегафон, Мегаком абоненттери гана улана алат.
СМС жөнөтүү 1 сом же 1 рубль.

WhatsApp/+996778315077

Көңүл буруңуз! Башка инсандарга жеткизүүнү унутпаңыз, аларда пайдалансын.
Кыяматта "Билип туруп мага айтпадың" -деп мойнуңарга асылбоосу үчүн.

Билдирүүнү түзөткөн: FCMUKG: 19 Март 2016 - 02:27

Alhamdulillah
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   etalon   31 Март 2016 - 02:39

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 08 Май 13
  • Соңку аракети: 16 Янв 2018 23:34

Мусулмандарга чач кыркып иштеген арамбы. Мисалы парекмахерде чач кыркып иштесем кунообу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   Daud   10 Апрель 2016 - 22:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

- Бала киринткен сууну эл баскан көчөгө төксө эмне болот?

Жооп: Көп чачса баткак болот. Азыраак чачса жайдын күнү жер чаңыбай сергек болот. Кыштын күнү чачса тайгак болуп, тайталаңдап араң баскан абышка тайып жыгылса буту сынып аксак болот. Самын кошулуп жуулган болсо, көчөнүн баарын сасытып, каргыш алып келгенге себеп болот. Андан башка эч нерсе болбойт. Болгону ушул нерселер эле болот.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   KPACKA   12 Апрель 2016 - 22:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 244
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оруссия (Питер)

Устазыбыздан ачуу кеп. Депутат, Министр, Президент болом дегендер үчүн...

Чубак Ажы Жалилов: Азыр биздикилер аял алат десе эле жаш кыздарды алып, анан аларды деле карабай жумасына бир келип жүргөндөр бар да. Андай эмес. Аял алгандан кийин ага тең караш керек, тең келиш керек. Анын көңүлүн көтөрүш керек. Анан байбичелер экинчи аял алганын билип калышса, “ал менен ажыраш” деп жаткан аялдар бактысыз аялдар. “Экинчи менен ажыраш” деп күйөөсүн коркуткан байбичелерге Кудайдын каары келет, Кудайдын каары келип балдарынан жамандык көрүшөт.
Ал эми колунда бар биздин байларга айтаарым: Байлыгыңарды аяк-биякка алып барып чача бербестен, Эмиратка барып чача бербестен, жалгыз бой аялдарга жардам берип, ушуларды алсаңар, балдарын баксаңар жетим балдарды баккандай сооп болот. Мактанышат, аттан ат алышат, машинадан машина алышат, анан өздөрү үчүн ары-бери барышып “мен “обедди” Ташкенттен ичип келдип, “ужинди” Москвага барып ичип келдим” деп мактангандар толтура. Андай эмес, колуңардан келсе экинчи, үчүнчү, төртүнчү аял алыш керек.
Анан суранат элем, баарыңар чогулуп Кыргызстанда көп никелүүлүккө эки аял алганга, үч аял алганга, төрт аял алганга уруксат бере турган мыйзам жазыш керек. Анткени бул биздин динибизге туура келет, салтыбызга туура келет жана бизде чыңалып-чыңалып жарылайын деп жаткан социалдык “проблемалардын” баардыгын оңдогонго мүмкүнчүлүк берет. Анан жөн эле, калп эле айта берген менен азыр жашырбайбыз мына канчалаган депутаттардын, министрлердин, муфтиятта иштегендердин экиден, үч-төрттөн аялдары бар, аны эч ким билбейт, жашыруун жүрүшөт. Жашыруун болгон туура эмес, ачык кадимкидей ошол экинчи, үчүнчү аялдардын дагы укугу корголушу керек. Жөн эле казды туурап карганын буту сыныптыр дегендей, Европаны туурап... Алар ойнош кадимкидей күтө беришет экен, айырмасы жок экен ойнош болгон. Ал эми бизде бул нерсе арам. Ошол үчүн динибизде, салтыбызда бар нерсе, менталитетибизге туура келген нерсе.
Муну дайыма эле айтым жүрөм эки аял алмайын депутат болбош керек, үч аялы жок министр болбошу керек, төрт аялы жок Президент болбошу керек. Анткени ошол эки аялдын башын коштуруп караган эркек - элди башкара турган эркек болот. Албетте, ден-соолугу жол бербесе же өтө зарыл болуп, мисал үчүн тыйыны жол бербесе макул. Бирок көпчүлүгүнүн капчыктары калың, акчалары көп. Ошолор жөн эле басып жүрөт. Ошолор өздөрүнүн “секретаршаларынын” шыйрактарын аңдыбастан, ошол баласы бар аялдарды алса албетте сооптуураак болоор эле. Пайгамбарыбыз Умму Саляманы алды, Пайгамбарыбыз алган аялдардын баардыгы мурда турмуш көргөн 5-6 балдары бар болгон. Бир гана Айша энебизди кыз алган, калгандарынын баарын “кемпир” алган.
Ошондуктан бир туугандар, аялдарды антип таштап койгон болбойт. Аларга жөлөк пул берип, башка пул берген менен алардын көңүлүн көтөрө турган эркек керек. Анан калган эркектер да алдым деп койуп, бирок бир жумада бир барып, байбичесинен коркуп, аялдарды кор кылгандар бар. Ал дагы туура эмес, Кудай-Таалам ошондон сактасын.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 12963758_999854230098419_7537933126856577911_n.jpg

МАСКА.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   KPACKA   12 Апрель 2016 - 22:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 244
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оруссия (Питер)

Урматуу Темир Аргенбаевич Сариев мырза, Урматтуу министр Элвира Сариева айым! Биз, Кыргызстандын жарандары, Кыргызстандын дээрлик 90%дан ашуун эли өзүбүздүн динибизди карманабыз. Биз ошол эле учурда бизге бийлик кылып турган бийликтегилерибизди урматтап-сыйлайбыз. Бирок ошол эле учурда Кудайдын бизге милдет кылган парзы баарынан жогору турат! Биздин бүтүндөй Кыргызстан эли тандап берген Башмыйзамда биздин дин тутуу эркиндиги камсыздалган. Башмыйзамда биздин мамлекет светтик деп жазылгандыгы - ал мамлекеттин бийликке дин аралашпайт деген гана сөз, ал мектептерге жылаңбаш барыш керек деген сөз эмес!

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: getImage.jpg

МАСКА.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   kaidasyn   12 Апрель 2016 - 22:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек



Ушундай адамдар бийликке келсе Кыргызстан онолмок.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   KPACKA   12 Апрель 2016 - 22:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 244
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Июн 2016 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Оруссия (Питер)

Бироолор уйлон десе: Бутка туруп алайын... Не инвалидсинерби? Кайра бутуна турганча, башка жагын турбай калат. Ошо менен... Сүрөт
МАСКА.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 12 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 12, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 21:25

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: