Суперстан: Чубак ажыга берилген суроолорго жооп - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чубак ажыга берилген суроолорго жооп Суроо бербеңиздер. Чубак ажыга жетпейт. Башка сайттан алынган.

#141 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   08 Июнь 2016 - 10:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

-Мен бир кызды жакшы көрөм. Ал агамды жакшы көрөт экен. Шарият боюнча сүйүп калса күнөөбү? Ариет

-Негизи сүйүп калганга жол берилбеш керек. Ошондуктан аялдар жоолук салынып жүрүшү керек, аялдар менен эркектер чогуу отурбаш керек. Сүйүп калууга шарият жол берет. Бирок, шариятта сүйүү никеден кийин башталат. Ага чейин жактыруу сезими гана болот. 

-Газетага Кадър жана Вакиъа сүрөсүн берип коюңузчу. 077357...

-Бул сүрөлөрдү борбордук мечиттин жанындагы дүкөндөрдөгү китептерден тапсаңыз болот. Гезиттин бетине өтө көп болуп калат. 

-Таежемдер башында мусулман болушчу. Кийин башка динге ооп кетишти. Көрсө ал дин эмес, уюм экен. Биз жахабанын күбөсүбүз деп өздөрүн тааныштырды. Мен буга миң мертебе каршымын. Кайсы жол менен ушул уюмду жойсо болот? Бекзат

-Жахабанын күбөлөрү деген уюм да, дин да. Ага киргендер динден чыккан эсептелет. Аларды тообо кылганга үндөп, дават кылыш керек. Кайтаруу үчүн ар бир адамга жекече мамиле кылуу керек. 

-Намазга жыгылсам дейм. Биринчи эмнеден башташ керек? Аялдар бир күндө канча жолу окуш керек? 055941...

-Ниетти түздөгөндөн башташ керек. Анан баары өз ордуна келе берет. Аялдар да, эркектер да бир күндө 5 убак намаз окушат. 

-Намазда Аттахиятты окуп жатканда колдун учтарын карайбы же жүрөк тушту карайбы? Сөөмөйдү Салаватты окуп жатканда да көтөрөбү же Ташахудда элеби? Байпактын үстүнөн масх тартса болобу? 077311...

- Кээ бир аалымдар “Аттахиятты окуп жатканда жүрөк тушту карайт” десе, кээ бирлери “сажда кылган жерди карайт” дешет. Эки учурда тең намаз дурус болот. Сөөмөйдү Ташахудда эле көтөрөт. Биздин азыркы байпактарга масх тартса болбойт. Үч шартка жооп берген байпакка масх тартса болот: 1. байпак буттан түшүп кетпей турган деңгээлде калың болушу керек. 2. масх тартканда колдун суусу бутка өтпөшү керек. 3. байпак менен 6-7 километр жүрсө жыртылбай турган деңгээлде болушу керек. Бул маасы өкүмүндө болуп калгандыгы үчүн маасыга масх тартууга болот. 

-Аялзаты мурдун тештирсе болобу? Күнөө эмеспи? 077275...

-Аялдар мурдун тештиргени жакшы эмес. Кулагын тештирүүгө уруксат берилет. Кулагындагы көрүнбөйт, а мурдундагы кооздугу көрүнүп ансайын адамдар азгырылышы мүмкүн. Ошондуктан уруксат берилбейт. 

-Ажырашканыма 4 жыл болду. Күйөөм жарашабыз дейт. Бирок аны менен жарашмак түгүл сүйлөшкүм да келбейт. Мага жаккан адам камакта. Нике кыйдыралы десем ал чыкканда дейт. Жалгыздыктан тажап кеттим. Мен ага барып турам. Ансыз мага жашоо кызыксыз. Кеңешиңизди күтөм. 055614...

-Нике кыйдырып алып бара бериңиз. Никесиз жолугушуу шариятта арам эсептелет. 

-Менин ээгим жоктой. Операция кылдырсам күнөө эмеспи? 077949...

-Эгер жоктой болсо операция жасатсаңыз болот. 

-Новакаин, лидокаин, наркоз, ридокаин, анестезин ж.б укол кылганда жана денеге спирт сүрткөндө арам болбойбу? 055257...

-Булар медициналык жактан каралгандыгы үчүн арам болбойт. А түгүл наркоздон өзүн билбей калып талак айтып жиберсе да талак эсепке алынбайт. 

-Айыз учурунда ибадаттардын кайсыларына уруксат (зикр, дуба, китепсиз сүрөлөрдү окуу)? +77753...

-Айыз учурунда намаз окулбайт, орозо кармалбайт, Куран китеби кармалбайт. Калган китептердин баарын окуганга, башка ибадаттарды аткарганга уруксат берилет. 

-Мен намаз окуйм, ороном. Азыр ден соолугума байланыштуу окуй албай жатам. Сол колум ревматизм болду. Эмне кылсам болот? 077821...

-Колуңуздан келишинче окушуңуз керек. Жок дегенде парз намаздарды окуп туруңуз. Эңкейе албасаңыз туруп окуңуз, тура албасаңыз отуруп окуңуз. Качан намаз окулбай калат билесизби? Башы да кыймылдабай көзү гана кыймылдап калганда окубай койсо болот. Эгер башы кыймылдаса башы менен ишарат кылып окуй берет. 

-Гусул алганда өрүлгөн чачтын ар бир түбүнө суу жеткирүү керекпи же масх тартса болобу? Өрүлгөндөн ашканын жууш шартпы? 077774...

-Чачтын ар бир түбүнө суу жетүү керек. Өрүлгөндөн ашканын жууш шарт эмес, эгер жыныстык катнашка чейин чач өрүлүп, жуунуп бүткөнгө чейин жайылган эмес болсо. Эгер чачы жайылып кеткен болсо баарын жууп коюу милдеттүү болот.

-Учурда 3 жумалык боюмда бар. Жолдошум “кызыбыз араң бирге чыкса төрөгөнүң уят” деп отурат. Бул күнөө экенин билип бир кыйналсам, жолдошум балага жоопкерчиликти албайм дегенинен бир кыйналам. Мага кеңешиңиз керек. Аида

-Төрөшүңүз керек, балким ошол балаңыз президент болуп, качып кетпей элди багар. “Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет, карындагы баланын хан болоорун ким билет”. Бойдон алдырган күнөө болот. Жолдошуңуз бала баккысы келбей жатса алдын ала сактаныш керек эле. Аял алганды билген адам кантсе бойго бүтүрбөгөндү да билиши керек. 

-Күйөөсүн ойношунан кайтаруу үчүн дубалаткан күнөөбү?  077353...

-Дубалаткан күнөө болот. Осуят айтуу керек, даватка чыгаруу керек, ыйман жолуна түшсө калып кетет. Дубалатып күйөөңүздү өлтүрүп албаңыз, кара дубанын баары жин-шайтандын аракети менен жасалат. Дубалатуу жөнүндө “Тамчынын” 26-октябрда чыккан №42 санында кененирээк маалымат берилген. 

- 4 баласы, аялы, бир баласы эмчекте болсо аларды таштап, жалгыз уйун сатып 40 күнгө даватка чыгуу туурабы? Күнөөбү же сооппу? Байтемир

-Эгерде жүздөгөн койлору, жылкылары болуп, үй-бүлөсү тамак-аш менен кеңири камсыз болуп турган болсо даватка чыкса күнөө эмес. Жалгыз уйун сатып, балдарын ачка калтырып кетсе күнөөкөр болот. 

-Тахажуд намазы жөнүндө кененирээк маалымат бериңизчи. 5 маал намаздан бийик турабы? 077238...

-5 маал намаздан бийик болбойт. Нафил (милдеттүү эмес, кошумча) намаздардын эң жогоркусу катары бааланат. Окуса жакшы болот деген милдеттүү эмес намаздардын катарына кошулат. Түн ичинде окулат. Эң азы 2 рекет. 4, 8 жана андан көп рекет окуса деле болот. 

-Мени 8 жыл мурун ала качкан. Отурган эмесмин. Эми турмушка чыга албай жүрөм. Артыман сөз айтылган экен. Көзү ачыкка барып жол ачтырсам болобу? 077843...

-Көзү ачыкка барбаңыз, ансайын жолуңуз жабылып калышы мүмкүн. Жакшысы намаз окуңуз, иншаллах жолуңуз ачылат. Отурбай койсом жолум жабылып калды деген болбогон сөз. Ала качуу кыргыздын жаман салттарынын бири. Жаккан болсо отурат, жакпаган болсо туруп кете берет, жолго жетимиш кемпир жатып алса деле эч нерсе эмес. Андан жолу байланбайт. Болгону Алланын берген тагдыры. 

-Апам “кечкисин түз жат, болбосо өлгөнүңдө бүрүшүп каласың” дейт. Мен оң тарабым менен жатам. Деги кантип жатыш керек? Майрам

-Оң тарап менен жатуу сүннөт. Уктагандан кийин каалагандай жата берсе болот. 

-Бетимде анарым бар. Көпчүлүк учурда андан уялам. Бул күнөөбү? 077863...

-(Күлүп) Кызык суроо экен. Анарынан уялса күнөө болмок беле? Уялыштын кереги жок. Бул Кудайдын бергени. Туура кабыл алуу керек. 

-Намаз окуганга ниетим бар. Бирок отуруп тура албайм. Эмне кылсам болот? 077230...

-Анда туруп окуңуз же отуруп окуңуз. Кандай ыңгайлуу болсо ошондой окуй бериңиз. Шарият сиздин абалыңызга жараша намазга уруксат берет. 

-Кечинде тырмак алса эч нерсе болбойбу? Эрте менен убактым жок. 077821...

-Кечинде тырмак алса болот. Болгону кыргыздын салтында болбойт дешет, караңгыда көрүнбөй тамак-ашка түшүп калышы мүмкүн деген себептер менен. Далдоо жерге барып тырмак алып, чогултуп, таштандыга таштап коюңуз. 
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   kok-jar   09 Июнь 2016 - 10:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 656
  • Катталган: 01 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 02 Сен 2019 22:07
  • Жынысы:Аялзаты

Ээээх кооооп жакшы нерселер билип алдым кызыктуу жеткиликтууу кылып жооп бергени жагат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   chyragym   09 Июнь 2016 - 11:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ СУРОО-ЖООПТОР>
-Мен дукондо иштейм.Таразада 30сом 95тыйын болсо40сом алып калам.Туурабы?
-Ката.Туура эмес.
-Хиджап кийгениме 2апта болду уйдо жездемдин козунчо жоолук салынбай эле журсом болобу?.
-Болбойт.
-Астрологияга ишенсе ширк эмеспи?
-Ширк
-Чачты боёсо гусул,даарат отпой калабы?
-Ооба калын катмарланып суу откорбогондой болсо отпойт.
-Дукондо уят диск сатса эмне болот? Куноосу канчалык?
-Арам болот.Адамдарды колунан жетелеп барып сойкулук кыл деп багыт бергендей куноого батат.
-Аялдардын этек кири келген убактагы намаз каза болобу же окулбайбы?077243
-Окулбайт.Бул Кудай тарабынан берилген женилдик.
-Беш маал намаз окуган,бир турмуш башынан откон,баласы бар болсо мастуратты кантип алса болот?077012
-Эгерде мурдагы куйоосунон талак алып,башы бош болгон болсо никелеп ала бересиз.
-Менин колума соол жайнап кетти,окутсам жолум жабылбайбы? 0777333
-Окута бериниз.Эч нерсе болбойт.
-Аллах менен Кудай бир адамбы?Же башка башкабы?077843
-Адам деген Кудай жараткан макулук.Кудайды адам дебейт.Кудай фарс тилинде,Алла араб тилинде.Айырмасы жок,баары бир затка,Улуу жаратуучуга айтылган соз.
-Атам аракты коп иччу болду.Эмне кылуу керек?055192
-Кудайдан суранып дуба кылыныз.Алла ынсап берсин.Мумкун болсо даватка чыгарыныз,жакшы болуп кетет.
-Азыркы кезде кыздар ачык-чачык эле кийинип жатышат.Шариятта бул кунообу?077863
-Ооба,куноо. Кыяматта жооп беришет.
-Намазды жаттагыча,китептен карап окуса болобу?077871
-Болот.Бирок колдон келишинче тезирээк жаттаганга аракет кылыныз.
-Мага азан чакырып ат койгон эмес.Куноо эмеспи?
-Куноо эмес.Кааласаныз мечиттин жанына келип азан угуп кетиниз.
-Биз бири-бириризди жакшы коробуз.Анын уй булоосу бар.1жылдай никесиз жашадык.Азыр нике бар.Кунообу? Г-а
-Никесиз жашаганынар куноо.Аны учун Алладан кечирим сурагыла.
-Жылдыз тушкондо тилек айтсан аткарылабы?
-Жок,бул туура эмес.
-Жумушка байланыштуу аялым экообуз бир жыл болок жашадык.Нике бузулбайбы? Д.......н
-10жыл,100жыл болок жашасанар деле нике бузулбайт.
-Хижаманы кайсыл жерден алат?077838
-Баштан,кокуроктон, желкеден негизи эле ооруган жеринен же ынгайына жараша ала берет.
-Сиздин оюунуз бойунча багымдат намазын окуп,Кудай алдында таза журуп ,бирок хиджап кийбесе куноо болбойбу?077878
-Намаз озунчо ибадат,хиджап озунчо ибадат.Намаз окугандыгы учун карызынан кутулат,хиджап кийбегени учун куноокор боло берет.
-Жигити менен обушсо 10 адамды олтургонго барабар деп уккам .Чынбы?Дилейла
-Бул туура эмес.Жигити менен обушкону куноо.Кудай зынага жакындабагыла деп буйрук берген.Демек, обушуу,кол кармашуу,кучакташуу дагы арам.
-Биз мусулман болуп,мама папа десек кунообу?077245
-Куноо эмес.Каалагандай айтса болот.Кыргыз болгондон кийин ата апа дегени эле жакшы.
-Адамдын суротун тарткан кунообу?
-Адамдын суротун фотоаппарат менен тартуу куноо эмес,кол менен тартуу куноо.
-Шариятта тушко ишенип жоруса болобу?
-Ооба.Жакшы ниеттууго жоруткан жакшы.
-Никесиз торолгон бала кандай?
-Анда эмненин куноосу.Ошол бейтаалай жарык жашоого программасыз келип калганына себепкер болгон эркек менен аял куноокор.
-Байкемдин балдызына уйлонсом болобу?
-Болот.Байкен менен бажа болуп жатып каласын.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   asylbekova   10 Июнь 2016 - 01:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 112
  • Катталган: 04 Май 16
  • Соңку аракети: 25 Мар 2025 10:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Аябай сонун бир дем менен окуп чыктым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   15 Июнь 2016 - 09:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Орозодо кыз узатса болобу? ) 1 айлыгымда апам мени таежеме таштап кеткен экен. Өз апамды таежем деп жүрдүм, 6-классымда гана билдим апам экенин. Азыр баккан апамды да, өз апамды да жек көрөм. Баккан апам “өз апаңа кет” деп тилдейт. Ага барайын десем өзү зорго жашайт, турмушка да чыккан эмес экен. Атамды сурасам айтышпайт, Көл жакта деп коёт. Эмне кыларымды билбей калдым?
Жооп: Бакканды да, тапканды да жек көрбө! Балам балалуу болгондо билерсиң деген экен илгери бирөө. Анын сыңарындай, балалуу болгондо алардын баркын билесиң. Апанын тилдегени дары болот. Чоңоюп эле калыпсың, колуңа ак карга чычып, бак таалайлуу болсоң баарын карарсың. Жоголгон атаңды да табарсың. Намаз оку, ыймандуу бол! Куран окуганды үйрөн. Бактылуулук динде гана. Андан башкадан таппайсың, тапкандай болосуң, а бирок, ал закым гана. Жаратылганды жараткан Жаратканым жаратканын жаттан жакшы билет, Ал сызып берген сызыктан чыкпай жашасаң, бакытка жеткениң ошол, берекем!
2) Намаз окугандан кийин сөзсүз оронуш керкпи? Москвада оронгондорду жумушка албай жатат. Эмне кылсам, устаз?
Жооп: Намаз окуу - парз. Оронуу да парз. Бир парзды аткара албай жатсаң, экинчисин да аткарбай коюш керек деген маани жок. Пендеси колунан келишинче амал кылып, мусулманчылык вазийпасын өтөйт. Эң ириде абийирдүү ниеттин болмогу абзел, калганы Кудай Таалама ташталат.
3) Жолдошумдун экинчи жубайымын. Кара тизмеге кирип калган жолдошумду сагынып Кыргызстанга келсем ал: «Келбе, кайра кет» деп жатат. Ушуга чейин жок эле дегенде байпак да алып берген жок. Ортобузда бир балабыз бар. Ал биринчи аялы менен жашайт. Талагымды сурап кете берсем болобу?
Жооп: Байпак менен бардыгы чечилип деле кетпейт. Ага турмушка чыгарда эмнеге макулдук берип, эмнени талап кылган элең? Бир байпак албаган сенин кадырыңа жетер беле? “Кайра кет!” десе күндөшүңдөн коркуп жаткандыр. Сага мээримин бере албаса, ашы жок болсо да кашын тартуулай албаса!?! Ээн талаа эрме чөлдөй Орусияга шыйракка чапкандай кайра айдаса!?! Анын эмнеси эркек да, анын эмнеси эр?!? Кумурскадай кыжылдаган адамы көп Орусияда мээрлеше турганың жок болсо, ээн талаа болбогондо гүлзар болмок беле? Өзүң карап көр, атына ыраазы болсоң ыраазы болуп жашай бересиң. Аты эмес заты керек боло турган болсо, анда анын затын, же ажырашуу тууралуу оозеки же жазуу түрүндөгү катын суроого болот акың.
4) Балдарымдын денесине арак сүртүп турам. Эч нерсе болбойбу?
Жооп: Арак эмес, атайын ошонун ордун баса турган медициналык каражаттар болот. Ошондон сүрт. Атың өчкүр арактын шишесине балдардын көзү көнбөсүн. Аны көргөндө жийиркенип, кача тургандай тарбия берген жакшы.
5) Мед. колежде окуйм. Мен да намаз окуп, жоолук салынгым келет. Ошого бул окуумду таштап, медресеге тапшырып алсам болобу?
Жооп: Окууну таштабай эле намаз окуп, жоолук салынсаң болот эмеспи? Сөзсүз медресеге окуу да шарт эмес. А эгер диний таалимди тереңдеп алууну каалаган болсоң, анда башка кеп. Бир окууну баштап, бүтүрбөй аны таштап, экинчисине жармашып жаңыдан аны окуп баштап жүрө берсең, убакыт өтө берет. Убакыт кылыч сыңары, аны кесип калбасаң ал сени кесип кетет.
6) Эволюцияга көз карашыңыз кандай, устаз?
Жооп: «Өөрчүп, өзгөрүп отуруп бир абалдан экинчи абалга өтүү процесси” эволюция деп жалпылай айтылса, философияда “сан жагынан акырындап өзгөрүп отуруп, сапаттык өзгөрүүлөргө алып келүүчү өнүгүү формасына» айтылат. Сиздин сурооңуз советтик (СССРдик дегеним, светтик эмес) илимде айтылып келген “ Дарвин органикалык дүйнөнүн эволюциясына көп сандаган далилдерди келтирген. Жыйынтыгында адам маймылдан жаралган деген теорияны аныктаган” деген түшүнүккө такалса керек деп ойлоп турам. Сиздин сурооңузга бир аз узунураак жооп берүүгө туура келет. Аллах Таала касиеттүү Куранда инсандын жаралуусунун тепкич-этаптарын баяндап берген. Биринчи этап анын топурак (же кааласаң “баткак, же ылай”) болуусу; • “Чындыгында, Биз жараттык адамзатты ылайдан, (Чындык ушул, жалганы жок кылайган)”. (Аль Муьминуун: 12) • “О, адамдар! Эгерде, Шек кылсаңар тирилүүгө кайрадан, Силер үчүн (далилдер көп жайнаган). Эң биринчи топурактан башталып, (Көзү өткөнчө топуракка байланган)”. (Аль Хажж:5) • “(Эй Мухаммад! Эстегин!) Раббиң периштелерге: “Топурактан Мен жараттым денесин, Кара баткак түгөл берди (мөмөсүн). Турпатына өз жанымдан дем үйлөп, Жан киргиздим адамзатка Мен Өзүм. (Андан кийин Адам көзүн ачканда), Таазим кылып жыгылгыла саждага”.” (Аль Хижр:28-29) • Аллах Таала, каргышка калган Иблистин сөзүн мындай кабар берди: “(Иблис) жооп берет: “Сен аркылуу, Баткак менен ылайдан ал жаралды, Аны билип мен саждага барамбы?””. (Аль Хижр:33) • “(Эй, Мухаммад! ) (Мушриктерден) сурачы, Эмне алар жаралганбы өзгөчө, Бышык бекен Биз жараткан заттардан? Билебиз го адамдардын денесин, Жабышкак бир (кара) ылайдан чапталган”. (Ас Саффат: 11)
Аяттардан көрүнгөдөй инсандын топурактан жаралуусу бир канча этаптарды басып өттү. Адегенде топурак, андан соң топурак сууга аралашып созулган ылай (жабышкак ) болду. Кийин ал ылай сасык жыттуу кара баткакка айланды. Бул кара сасыган баткак кургап, черткенде үн чыга турган чопо сымалга өттү.
Кээ бир окумуштуулар эволюция көз карашын адегенде Ламарк айтып, андан соң Дарвин кенен баяндап чыккан деп айтышат. Дарвин бул теорияны 1859-жылы жарыялаган. Чындыгында, бул теория аларга чейин эле айтылып келген. Мусулман аалымдарынан бул теорияны алгачкы оозанган аалым Ахмад бин Сахл аль Балхий (834-жылы туулган) болгон. О.э. биздин жердешибиз Абу Наср аль Фарабий (950 жылы өткөн) да бул сыяктуу пикирдин ээси болгон. Ал айтат: “Аллах Таала барлыкты жаратканда жөнөкөйлүктөн татаалдыкка, төмөндөн жогоруга карай жараткан. Акыркы чекит адамды жаратуу болгон. Адамдан да мыкты жаратылган барлык жок...”. Айтор, Дарвин абышкага чейин эле мусулман аалымдары бул маселени козгогон. А бирок кандайдыр бир бөлөк өңүттө сөз кеткен. Менимче, Дарвин аксакал өзүнөн мурдакылардын пикирин жакшы аңдай албастан, акыйкаттан алыстап кеткен болуу керек.
7) Ооз ачуу убагынан эрте ачып алса, орозо бузулабы?
Жооп: Ооба, ачылат. Эгерде атайылап ачса, анда бир күн каза менен биргеликте алтымыш күн каффаарат да кармап берет. Бирок, күн батыптыр деп ачып алган болсо, анда бир күн казасын кармап берет.
8) Шамдын убактысы киргенден баштап канча мүнөттө чыгат?
Жооп: Муфтияттын календарын карасаңыз бардыгы ачык болот.
9) Апам мен тандаган мусулман балага турмушка чыгуума каршы болуп жатат. Эгер ага турмушка чыксаң сенден кечем дейт. Өзү Москвада, динди жакшы түшүнө бербейт. Мен ал балага турмушка чыгуум менен жоолук ороном деп жатам иншаАлла. Өгөй атам бар, өз атам жок. Турмушка чыгып кете берсем болобу?
Жооп: Сен тандаган баланы сен тараптагы эркек адамдарга көрсөт. Мисалы атаңдын бир туугандарына, же өзүңдүн бир туугандарыңа. Балким сен жаңылып жаткан болушуң да мүмкүн. Ошол эле учурда апаң менен да кеңеш. Кеңешип кескен бармак оорубайт.
10) Намаз окубай туруп, орозо тутса болобу?
Жооп: Намаз парз. Ким намазын
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   15 Июнь 2016 - 09:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

10) Намаз окубай туруп, орозо тутса болобу?
Жооп: Намаз парз. Ким намазын тургузса, динин тургузган болот. Орозо да парз. Аны кармабаган адам күнөөкөр болот. Намаз да окусун. Орозо да тутсун. Колунан келишинче аракетте болсун.
11) Биздин жашап жаткан жерибиз чоң аталарыбыздан мураска калган үй. 12 жыл мурун жаныбыздагы кошуна үйүн сатып кетти. Жаңы келген кошуна силер бизге жарым метр кирип кеткенсиңер деп үйүбүзгө ныктап чатырын бийик кылып малкана салып алды. Анын чатырынын суусу биздин үйдүн дубалына түшөт. Багына суу койгондо биздин үйгө кирет. 6 бөлмөлү үйүбүздүн 2 бөлмөсү жараксыз болуп калды. Атам жок. 5 бир тууганбыз. 90 жаштагы энем, апам болуп жашайбыз. Азыр жаңы үй салууга каражатыбыз жетишпейт. Ошондо кимибиз бир-бирибиздин акыбызга кирип жаткан болобуз?
Жооп: Жаңы келген адам мурдатан кандай болгон болсо, ошол чегарага ыраазы болуп алат. Ыраазы болбосо, ошол сатуучудан алып жаткан учурда тактап алуусу керек болот. Же, үйдүн документиндеги жердин картасына карап иш кылат.
12) Жорго атты суутуп таптаса болобу?
Жооп: Болот.
13) Жолдошумду жакшы көрбөй, балам үчүн чыдап жашасам болобу?
Жооп: Жакшы көрүп жашоо деле милдеттүү эмес. Ырайым, мээрим болсо деле жетет.
14) Жума намазынан кийин сөзсүз “Этиатул бешим” намазын окуйбуз. Бул туурабы?
Жооп: Ханафий мазхабында этиет бешим туурасында айтылат. Окуган жакшы. Бирок окуунун шарттарын кененирээк билген оң болот. Адатта бул маселелер жума намаздын шарттарын билүүгө келип такалат.
15) Мусулман адам жалганчы болушу мүмкүнбү?
Жооп: Мусулман адам жалган айтпайт. Пайгамбарыбыз алайхис салам ушундай деп осуят айткан. Жалган айтып жаткан учурда ыйманы көтөрүлүп турган болот. Ыйман жана жалган айтуу бири-бирине коошпогон нерселер.
16) Азыр жубайым, 3 балам бар. Үйлөнгөнгө чейин жашоом жакшы болчу, ибадаттарыма бекем, намаздар убагында окулуп дегендей. Жубайымды намазга жыга албай койдум. Жакшы да, катуу да айтып көрдүм, бирок болбоду. Намазым алсыздап, ал да намазга жыгылбай, тапканым да берекесиз болуп, кыйналып кеттим. Эмне кылсам болот устаз?
Жооп: Аялыңды дааватка чакырсаң, мастурат жамаатка алып чыксаң жакшы болуп кетет. Дубада болсоң баары жакшы болот. Үмүтсүз шайтан.
17) Жолдошум менен аз эле жашадым, бирок ошондо эле “мен сага эч качан ыраазы болбоймун” деп айта берчү. Бул сөзүнө акыретте жооп берип калбаймынбы?
Жооп: Эми өткөн ишке салават. Ката кылган болсоң, тооба кыл. Кудай Таалам тообаларды кабыл кылат.
18) Бала 2 жашка чейин эмизүү керек деген шариатта бар. Бирок жолдошуң бала 2 жашка чыккыча эле төрөй бер десе эмне кылуу керек?
Жооп: Баланын акысын жеп койгон болуп, бир азыраак күнөөкөр болот.
19) Орозодо кыз узатсак болобу?
Жооп: Боло берет. Бирок орозодон кийинкиси жакшыраак.
20) Узиге түшкөндө боюңдагыны кыз же уул деп айткан эжелерге ишенсек Аллага ширк келтирген болбойбузбу?
Жооп: Жок, ширк эмес. Ал тажрыйбанын негизинде боло турган нерсе...
21) Атаң зынакор болсо кандай чара колдонуш керек?
Жооп: Дуба кыл. Катуу айтпа. Жакшы адамдар менен жолугуштур. Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети.
22) “Жолдошум жок. Кыз багып алсам болобу» деген суроого «ата тарбиясын көрбөгөн кыз эрин кантип сыйласын” деп жооп бердиңиз. Ошондо атасынан эрте ажыраган кыздар турмуш курбай эле коюш керекпи?
Жооп: Атасы бар туруп деле ата тарбиясынан албай калгандар болот. Атасы жок туруп деле аталуу кыздардай тарбия алгандар бар. Бирок, айта кете турган маселе бүтүн үй-бүлөдөн келин алган эң жакшы. Бүтүн үй бүлөгө кыз берген да эң жакшы..... Бүтүн үй-бүлө адатта бүтүн тарбия берет. Кээде андай болбой да калат
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   aigerim_abduvalieva   16 Июнь 2016 - 00:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 258
  • Катталган: 04 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2018 23:23
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Doha оаэ

: Атасы бар туруп деле ата тарбиясынан албай калгандар болот. Атасы жок туруп деле аталуу кыздардай тарбия алгандар бар. Бирок, айта кете турган маселе бүтүн үй-бүлөдөн келин алган эң жакшы. Бүтүн үй бүлөгө кыз берген да эң жакшы..... Бүтүн үй-бүлө адатта бүтүн тарбия берет. Кээде андай болбой да калат





Ушул убака чейин сыйлап москвада да мавлетине акча аябай барат элем ушул жооптон кийин конулум калды.
@
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   Salixa.   29 Июнь 2016 - 09:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

② ЧУБАК АЖЫДАН СУРОО-ЖООПТОР

СУРОО: Мен билген бир адам бар, 5 убак намаз окуйт, ислам тууралуу илими да өзүнө жетиштүү. Жубайы намаз окубайт экен. Эми ошол адам аялын, балдарын таштап намаз окуган аял алган. Никеде берген убадасы ысык-суугуна чыдайм дегендей, же анын балдарынын шариятка болгон көз карашы келечекте кандай болот?

ЖООП: Намаз окубаган аял менен жашоо кандай оор экенин элестете да албасаңыз керек. Аял турмушка чыккандан кийин күйөөсүнө ыңгайлашып жашоосу керек. Айрыкча мусулманчылык жашоосунда. Эмнеге намаз окубайт? Эмнеге ачык-чачык кийинет? Эркек ачык жүргөн аялзатын аялым деп ээрчиткенден намыстанат. Никеде берген убадасын аял деле аткарган эмес турбайбы? Никеде аял өзүн багыштайт, бул багыштаган эмес турбайбы? Керек болсо, күйөөсү жакшы көргөн тамакты жакшы көргөнгө аракет кылса, үй-бүлөдө бакыт орнойт. Балдары эмне дейт дейсиз. «Балам, балалуу болгондо билээрсиң» деген кеп бар, балдары да баралына келгенде түшүнөт. Алар да жашоонун даамын татышат. Атасын түшүнөт.

СУРОО: Мечитке намазга майкачан келип окуп атыптыр. Биз айтсак «бул аврат эмес го» дейт.

ЖООП: Туура айтат. Аврат эмес. Эртең үйлөнүү той кылганда, өзү үйлөнгөндө да аврат эмес деп майкечен келсин. Президент конокко чакырса да аврет эмес деп майкечен келсин... Аврат дегенден сырткары кийим кийүүнүн сүннөттөрү, адептери деген нерсе бар да, кокуй... Тузу жок, катыгы жок кара жарма ичкендей болуп, кантип ушундай болсун. Намазды жеңи узун, башына баш кийим кийип, кененирээк кийим менен окуйт.

СУРОО: Чакадагы жармага чымын түшүп, өлүп калса, алып коюп иче берсе болобу?

ЖООП: Ооба, өлгөн чымынды жармага бир батырып киргизип алып, андан кийин сыртка ыргытып жиберип, жарманы иче берсеңиз болот. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Чымындын бир канатында уу, экинчи канатында ууну жойгон нерсе бар. Чымын идишке түшкөндө ошол уу жак канаты менен жыгылат. Кимдир-бирөөнүн идишине чымын түшүп кетсе, экинчи тарабын да матырып алып, андан кийин ичкиле!»

СУРОО: Менин күйөөм, үч балам, неберелерим бар. Көп жылдан бери 5 баласы, аялы бар эркек менен контейнерде чогуу соода кылып иштейм. Ал «байкемден» бир уул төрөп алгам. Башында эч ким билбейт эле, эми элге жайылып кетип: «Бузуку аял, арам сийдик баласы бар»,- деп эл жек көрө баштады. Эми күйөөмө да угулат. Ал өзү аябай таза жүргөндүктөн мага да катуу ишенет. Жардам бериңиз, эми кандай айла кылам? «Сенин уулуң ойноштон никеси жок туулган, ал шайтандын баласы, байкең экөөңдү тең таш бараңга алуу керек»,-дейт бир кошунам. Ушул туурабы Исламда? Мен эми «байкеме» да нике кыйдырып алсам болобу?

ЖООП: Кошунаң туура айтат. Сени таш бараңга алуу зарыл. Бирок аны сот чечимин чыгарып бергенден кийин гана иш жүзүнө ашырса болот. Ар ким соттун чечмин кыла албайт. Аялын чоочун эркек менен иштетип койгон эркекти кантип таза адам деп айта алабыз?! Эриң экөөң тең бирдей эле экенсиң тазалыкта.

СУРОО: Аялым Орусияга кеткенине 6 ай болду. Нике бузулбайбы?

ЖООП: Бузулбайт. Бирок, сен аялыңды тигил жакка жиберип коюп бул жакта эшек такалап жүрөсүңбү? Сен да кет. Барып аны кара.
СУРОО: Шарият боюнча үйлөнөм дейм. Кудалашкандан кийин тойго чейин сүйлөшө берсем болобу?

ЖООП: Ниетиң жакшы экен. Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартпа! Кудалашкандан кийин да сүйлөшпө. Никеден кийин сүйлөшө бересиң.
СУРОО: Намаз бүтүп калса, кечигип калсам, коомат айтпай эле окуймунбу?

ЖООП: Ооба, кооматы жок окусаң боло берет. Сен үчүн мечитте айтылган коомат жетиштүү.
«Акыйкат жолу» китебинен алынды
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   Salixa.   29 Июнь 2016 - 11:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

➲ЧУБАК АЖЫДАН СУРОО-ЖООПТОР
СУРОО: Аялдарга таравих намазы сүннөтпү, же парзбы?

ЖООП: Эркектерге да, аялдарга да таравих намазы сүннөт муаккада. Аялдар мүмкүнчүлүгү болушунча таравих намазын үйүндө окуганы жакшы. Төрт рекеттен кылып жыйырма рекет окуса аткарган болот.
СУРОО: Азыркы жаштардын көбү заманга жараша дешип кыз-жигит болуп жүрүшөт . Ушул туурабы?

ЖООП: Туура эмес. Заманга жараша дегидей заман өзгөрүп кетиптирби? Ошол эле күн, ошол эле ай. Жада калса, ошол эле жылдыздар. Заман өзгөрбөйт. Заманда жашап турган адамдардын пейил-кую өзгөрөт. Кыз-жигит болгон туура эмес. Шайтандын шакирттери кыла турган иш.
СУРОО: Уулум 4 жашта. Бетинен өпсөм, орозом бузулбайбы?

ЖООП: Балаңды эмес, балаңдын атасынын бетинен өпсөң деле орозоң бузулбайт. Болгону, өбүү делебени козгобогондой болуу керек.

СУРОО: 1) Аялын күйөөсү башына чыгарып албаш үчүн аялга кандай мамиле кылуу керек? 2) Мусулмандар каапырга биринчи болуп салам берсе болобу?

ЖООП: Аялын башына чыгарып албоо үчүн күйөөсү аялына шарияттагыдай мамиле кылуу керек. Шарият китептерин окуңуз. Аял-эркектин ортосундагы укуктар менен милдеттерди үйрөнгөндүгүңүз өтө пайдалуу.

Мусулман эместерге мусулманча салам айтуу болбойт. Аларга жөн эле «Саламатсыңбы? Кандай?» деген саламдын түрлөрү менен гана салам айтууга болот. Эгерде мусулман эместер бизге «Ассалааму алайкум» деп салам берсе, биз аларга «Ва алайкум» деп гана жооп беребиз. Эгерде сиз салам айта турган жамааттын мусулман-мусулман эмеси аралаш болсо, «Ассалааму ьалаа ман иттабаьал худаа»,- деп салам айтасыз. Биринчи салам айткан жакшы.
СУРОО:Жигитим менен 4 жыл жашадым. «Нике кыйдырып үйлөнөлү» десем, «Шартым жок, сени албайм, башкага тий. Сенин туугандарың каршы, кийин кийгилишет, сенден тажадым»,-деп кетип калды. Өзү намаз окуйт. Эмне кылам?

ЖООП: Сага ырас эле болот. Башында нике менен этегиңди ачтырбайсыңбы? Ал го акмак экен. Сен түзүгүрөөк болбойсуңбу? Бир чети анын кетип калганы да жакшы болуптур. Намаз окуп жүрүп сени менен ойноштук кылса, андан таптакыр жакшылык күтпө. Намаз аны жамандыктан тосо албаса, таптакыр оңдоло албай турган кургур болот андайлар.

«Акыйкат жолу» китебинен алынды
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   nazira...   29 Июнь 2016 - 13:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 39
  • Катталган: 25 Январь 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:32

aigerim_abduvalieva (16 Июнь 2016 - 00:25) жазган:

: Атасы бар туруп деле ата тарбиясынан албай калгандар болот. Атасы жок туруп деле аталуу кыздардай тарбия алгандар бар. Бирок, айта кете турган маселе бүтүн үй-бүлөдөн келин алган эң жакшы. Бүтүн үй бүлөгө кыз берген да эң жакшы..... Бүтүн үй-бүлө адатта бүтүн тарбия берет. Кээде андай болбой да калат





Ушул убака чейин сыйлап москвада да мавлетине акча аябай барат элем ушул жооптон кийин конулум калды.
Бул чын эле Чубак ажынын жообу бекен?. Азыр бутун уй-булоо аз, бирок ошо бутун эместер баш кошушуп бутун уй булоодон да бактылуу жашап жатышпайбы. Бутун уй булоон эртеси эле ажырашып атышпайбы. Эмне анда менин атам же апам жок бутун эмесмин, баарибир бактысыз болом дешеби анда. А 5-10 жылдап балдарын таштап Россияда жургон ата-энелердин балдары бутун айтылат бекен. Керек болсо ошо ата-энеси менен бироонун ата-энесиндей учурашып корушкон балдарды коргомун. Аларга краганада атасы жок бала олук одо. Бул жообу туура эмес Чубак ажынын, азыр ушундай жарым жетим балдар ото коп алар эмне деп калышат, алардын каарына калып калбайын дебеди бекен жооп берээр алдын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   no.comment   29 Июнь 2016 - 15:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 31 Авг 2020 23:51
  • Жынысы:Эркек

nazira... (29 Июнь 2016 - 13:38) жазган:

Бул чын эле Чубак ажынын жообу бекен?. Азыр бутун уй-булоо аз, бирок ошо бутун эместер баш кошушуп бутун уй булоодон да бактылуу жашап жатышпайбы. Бутун уй булоон эртеси эле ажырашып атышпайбы. Эмне анда менин атам же апам жок бутун эмесмин, баарибир бактысыз болом дешеби анда. А 5-10 жылдап балдарын таштап Россияда жургон ата-энелердин балдары бутун айтылат бекен. Керек болсо ошо ата-энеси менен бироонун ата-энесиндей учурашып корушкон балдарды коргомун. Аларга краганада атасы жок бала олук одо. Бул жообу туура эмес Чубак ажынын, азыр ушундай жарым жетим балдар ото коп алар эмне деп калышат, алардын каарына калып калбайын дебеди бекен жооп берээр алдын.

Бутун уй-булонун балдары, кыздары тарбиялуу болот деп айтылганынын бирден бир себеби, бугунку кундогу социалдык проблемалардын алдын алууга арналган чакырыктардын бири. Уй-булонорду бутун бойдон сактап калгыла, уул-кыздарынарга толук кандуу тарбия бергиле, балдар тарбиясыз тируу жетим болуп калбасын деген мааниде айтылган соз ал.
Бугуе жаштар керектуу нерсенин баарын кочодон таап калышты, интернет, гезит, журнал, университет, чет олколор дегендей... Андыктан бугунку куну кимдир бироого баа беруудо анын ата тегине эмес, озунун турмушка болгон коз карашына, адамдык денгээлине, кобуроок караганыбыз максатка ылайык болот. Ата-эне балдардын мээсин ачып тарбияны куюп кое албайт, алар жакшы жакка багыт гана бере алат, калганы болсо баладан жана анын чойросунон. Бирок, эн алгачкы багытты ата-эне бербесе жаш баланын туура багыт таап кетиши кыйынга турат. А бирок турмуштагы оз ордун атасынын жардамысыз же апасынын жардамысыз эле таап кеткен жаштар, мына ошолор чыныгы эрки кучтуу, чыныгы турмуштук билими терен жаштар деп билем... Алар келечекте оз уй-булосун гана эмес, бутундой бир элди баштап кетууго жондомдуу болушат деп ойлойм... Мисалга алсак, Мухаммед САВ, Лев Толстой, Бах Себастьян, Майк Тайсон, Стив Джобс, Исхак Раззаков жана башка толтура, ата-эне мээримине жетпей, бирок дуйнону дунгуроткон белгилуулор. Негизи аларда эмне куноо, эгер ата-энелери ажырашып же о дуйно сапар тартып кетишсе? Ата-энесинен эрте ажырап калгандарга Аллахтын оз убадасы бар... Чубак ажынын андай айткан созу ажырашуулардын алдын алуу гана... Анткени мен коп жолу кубок болгонмун бул нерсеге...
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   20 Июль 2016 - 10:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ ТУРМУШТУК СУРОО ЖООПТОРУНАН. .

-Банкта кредит берүү бөлүмүндө иштегенге болобу? 077284...

-Эгер ислам шарттарына туура келбесе башка жумуш тапсаңыз жакшы болот. Пайызга акча берүү, алуу арам. 

-Аялдарда кээде ак коюу суюктук келет го. Гусул алуу керекпи же даарат элеби? 055006...

-Бул жанагы “выделение” деген болсо, даарат эле бузулат. 

-Тахажуд намазын 40 күн удаа окуса дубалардын баары кабыл болору чынбы? 077238...

-Ошондой болуу ыктымалы бар. Себеби, адам парз намаздарын окуп бүтүп, тахажуд намазын да окуп, нафил намаздардын ордун толуктап жатат. 

-Алыска каттайм, таксистмин, 160-180ден кем айдабайм. Кырсык болсо баарына жооп беремби? Дин жолунда кандай? 077911...

-Белгиленген эрежеге карабай айдаган болсоңуз атайылап кырсыкка учураткан катары жооп бересиз. 

-100 000 сомдон канча зекет берилет?

-2,5 пайызы берилет. 

- Талак деп айтпастан жини менен “башың бош” десе кандай болот? 077018...

-“Башың бош” деп чындап ажырашуу ниетинде айтса түшөт. 

Биринчи баламды операция аркылуу төрөгөм,  9 ай болду. Дагы боюмда болуп калды. Врач “ден соолугуңа зыян, алдырып сал, курсагың көтөрө албайт” деди. Эмне кылсам болот? 077123...

-“Ден соолугуңа олуттуу зыян болот” деп врач айтса алдыруу керек. Бирок, бардык врачтардын пикири ушундайбы же бир эле врачтынбы?  Үчтөн кем эмес врачтардан сурап көрүү керек. Баары ушундай пикирди карманса уруксат берилет. 

 -Жаңы жылда салют атса болбойбу? Тамакты столго эмес, жерге дасторкон жайып ичиш керекпи? Элмира

-Жерге отуруп тамак ичүү шарт эмес, ыңгайына жараша боло берет. Бирок, жерге отуруу адамдын кичи пейилдигин туюнтат. 

Эмне үчүн салют атышат? Ойлонуш керек да, жөндөн жөн эле акчаны ысырап кыла бербей. Бул жерде акчаларды чыгарып айрып-айрып эле ыргыткандай сөз болуп атат. 

-Менин күйөөм 4 айга дааватка чыгам деп болбой жатат. Базарда соода кылабыз, карызыбыз бар. Барбаса болбойбу? +79529....

-Карызы жок болсо, ата-энеси, үй-бүлөсү ыраазы болсо, анан дааватка барсын. Алгач карыздан кутулууга аракет кылсын. 

-Бир дүкөндөгү рекламада мындай жазылган: “Зачем мне рай, если там нет шоколада”. Мындайга кандай карайсыз? Кыргызстан мусулман мамлекети эмеспи? Же баары боло береби? Четтен келгендер “кыргыздар Кудайды да унуткан го” деп айтпайбы? 055625...

-Кыргызстанда мусулмандар көп жашагандыгы үчүн мусулман өлкөсү катары тааныйбыз. Бирок, шарият канчалык деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгы башка маселе. Биз бирөөгө барып тыюу сала албайбыз, укугубуз жок. Болгону осуятыбызды айтабыз. Ал адамга сиз да барып “Кудайдан коркуңуз, мындай жазууң туура эмес” деп айтсаңыз болот. 

-Мен 40 жаштамын. Жүрөгүмдү өйүткөн нерсе- сырткы келбетим, жыныс мүчөм эркектикиндей, бирок жан дүйнөм, оюм, баскан-турганым, сүйлөгөнүм, айтор баары кыздардыкындай. Кыйналып кеттим. Кеңеш бериңизчи. 077960...

-Жыныс мүчөңүз эркектикиндей болсо эркек болуп эсептелесиз. Врачтар менен кеңешип, эркектин гормонун көбөйтө турган дарыларды алып ичиңиз. Өзүңүздү эркек катары көрүңүз. Кээ бир адамдар өзүнөн өзү эле психологиялык жактан жабыркап жүрүп акырында жаман жакка келип калат. Шарияттын жолунда жүргөн болсоңуз иншаллах баары жакшы болот. 

-Менин дос кызым намаз окуйт. Анан тамеки да тартат. Тамекини таштай албайм дейт. Ал кылганы күнөөбү? 055232...

-Тамеки тартуу макүрү (арамга жакын). Адамдын ден соолугуна, экономикалык абалына зыян жеткирет. Тегерегиндеги адамдарга да зыян. Намаз окуп алып тамеки тарткандарга таң кала берем. Намаз адамды жаман иштерден кайтаруусу керек. Анын намазы кандай болду? Анда намазды кайрадан карап чыгуу керек, кантип окуп жатат?

-Ыймандуу балага турмушка чыккым келет. Өзүм 5 убак намаз окуйм. Тилегиме жетиш үчүн кандай дуба кылсам болот? 055232...

-Намаздан кийин Кудайдан сураныңыз “Оо Кудай, мага төп келген, ыймандуу баланы насип эт” деп.

-Мен намаз окуган баланы жакшы көрчүмүн, ал да мени. Бирок урушуп кеттик. Аны менен турмуш кургум келет. Кантип анын көңүлүн алсам болот? 

-Анын көңүлүн алуу үчүн күйөөгө тие турган убагыңыз келгенде бирөөнү жөнөтүп “мени алсын” деп айттырыңыз. Көңүлүн алам деп индияча бийлеп, оозу-мурдун боёп алып ары-бери баскан туура эмес. Жакшы жүргөнгө аракет кылыңыз, анан Кудайдан суранып дуба кылыңыз. Кудай баарын өз жолуна коёт. 

-Атамдын жаман жолдо жүргөнүн билем. Көргөн сайын жиним келет, апамды аяйм. Кээде атама катуу сүйлөп жиберем. Кайра өкүнөм, бирок, кечирим сурабайм. Бул күнөөбү? 

-Күнөө. Ата-энеңиз каапыр болгон күндө да жакшы мамиле кылууңуз керек. “Аргымакты жаман деп бууданды кайдан табасың, агайыңды жаман деп тууганды кайдан табасың”. Атаңызды жаман деп жээрисеңиз бирөө менин атам жакшы деп сизге берип койбойт. Урматташыңыз керек. Жараткандан суранып дуба кылышыңыз керек, “атама түз жолду көрсөт” деп. 

-Намаз окуйм. Бирок, дайыма көңүлүм чөгүңкү. Тез жиним келет, жаман ойлойм. Көңүлдү тынчыткан, мээримдүү кылган дубалар болсо айтыңызчы. 077879...

-“Фатиха” сүрөсүн окуп өзүңүзгө дем салыңыз. Пайгамбарыбыздын, сахабаларынын тарыхын, диний китептерди окусаңыз иншаллах жакшы болот. Дайыма “бисмилла” деп жүрүңүз.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   21 Июль 2016 - 11:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВДОН ТУРМУШТУК СУРОО ЖООПТОР...

-14 жаштамын. Намаз окуганга ниет кылып жүрөм. Эркектер канча жаштан баштап намаз окуусу керек? Окубай калган намазды окуп койсом болобу? Исламда канча сүрө бар? 077904..

-Эркектер 12 жаштан баштап намаз окушат, б.а балагатка жеткен мезгилден тартып. Окулбай калган намаздардын казасын окуп койсоңуз болот. Куранда 114 сүрө бар. 

-Мен соода сүрөсүн жазып алып, ар дайым соодада окуп турам. Күнөө эмеспи? 077701...

-Жакшы болот, Алладан үмүт кылып окуй бериш керек. 

-Эки жолу боюмдан түшүп калды. Кыргызчылык кылып, молдого тумар жасатып, дем салдырдым. Күнөө эмеспи?

-Күнөө эмес, муну Кудайдан жардам суроо деп түшүнсөк болот. 

-Даарат алганда кайсы жерден баштайт? Ирети менен айтып коюңузчу. Аврат жерлер жана буттар кайсы кол менен жуулат? Аида 

-Аврат жерлер жана буттар сол кол менен жуулат. Калган дене бөлүктөрү оң кол менен жуулат. Даарат алуу тартиби: 1. Аврат жерлер; 2. Үч жолудан колдор; 3. Ооз, мурунду чайкоо; 4. Бет чач чыккан жерден ээктин астына чейин; 5. Колдорду чыканакты кошо; 6. Баш, кулак, моюнга масх тартуу; 7. Биринчи оң бут, анан сол бут.   

-Мен көзү ачыктарга барып, жигитимди өзүмө каратып алайын дегем. Аябай жакшы көрөм да. Ошол окутканым орундалабы? Мен ага тийбесем болбойт. Бирок, менин өз абийирим өзүмдө. Мага эч тийишкен эмес. Өзү дуба менен өзүнө каратат деген чынбы? Мен чоң молдолорго барам. Анара

-Бул чоң күнөө жана чоң зыян алып келет! Өзүң ал жигиттен да көп зыян тартасың. Арты жакшылык менен бүтпөйт. Себеби, жиндер аркылуу байлайт. Мындай оюңдан кайткын. Ал эми молдолор мындай жаман ишке барбайт. Молдонун терисин жамынган көзү ачыктар жасашат. Аларга баргандын өзү да күнөө. Намаз окуп, туура жолдо жүрүп, “мага төп келишкен татыктуу күйөөгө жолуктургун” деп Кудайдан гана суран. 

-Бутту учкаштырып турса эмне болот? 070077...

-Бутту учкаштырып туруу адепсиздик болуп калат деген маңызда ата-бабаларыбыз айтса керек. Шариятта буга тыюу жок. 

-Кийип жүргөн кийимиңди башка бирөөгө берсең эч нерсе болбойбу? 077118...

-Эч нерсе болбойт. Жакшы ниет менен убактынча берип турса да сооп алат. Эскирип же кийилбей калса, атайын берсе да садака катары каралып, сообу жетип турат. 

-Бир молдо менин курбумдун бактын ачып берем деп кулпуга дем салып берген 3 жыл мурда. А кыз дагы деле турмушка чыга элек. Ушул туурабы? Бактысын табуу үчүн кандай дуба окуп жүрсө болот? Гуля

-Алар молдонун терисин жамынган көзү ачыктар. Барбагыла аларга. “Мага бардык жагынан төп келген, татыктуу, ыймандуу күйөөнү насип кыл” деп Кудайдан гана сурагыла. 

-Сапарга чыкканда парз намазынын ордуна касыр намазы кандай эрежеде окулат? +770573...

-Сапардагы кыйынчылыктарды эске алып, жеңилдиктер берилген. 4 рекет намаздар 2 рекет болуп кыскартылып окулат. Мисалы, бешим намазынын касыр болгон парзын окумакка ниет кылынат. Багымдат жана шам намаздары касыр болбойт. Калган 4 рекеттери бар намаздар гана касыр болот. 

-Төрө ата деген ким? Касидачы деген ким? Кимдин илими күчтүүрөөк? Акбий

-Алланын астында бардык адамдар бирдей. Бирок, эң урмат-сыйга татыктуулар – такыбалар деп айтылган. Төрөнүн илими көп же касидачыныкы көп деп чектелбейт. Көбүнчө дем салып, сүрөлөрдү окугандарды касидачы деп коюшат. 

-Аялы күйөөсүн намазга жыкса болобу? Айдеми 

-Албетте, жакшы болот. 

-Эл ортону элүүгө чыккан күйөөм өзүнөн бир топ жаш келинди ээрчип кетти. Эки уулу атасы өлгөндөй ыйлап кала берди. Балдардын убалы кимге? Багымдат намазында экөөнү тең каргайм. Деги каргышым тиеби? 077325...

-Таштап кеткени, албетте, жаман көрүнүш. Алла ага хидаят берсин. Жалпы эле эркектерге айтаарым; аялды, балдарды эч качан таштап кетпеш керек. Бул чоң күнөө. Ушунчалык эле болбой калса, экинчи аял кылып алып, экөөн тең өзүнүн камсыздыгына алышы керек. Алладан жардам сурай бериңиз, үмүтүңүздү үзбөңүз. 

-Катмы-куран деген эмне? Өтүп кеткендерге окулабы? 055588...

-Бул куранды баштан аякка баарын окуп чыгуу болуп эсептелет. Окулган ар бир тамгасына бирден онго чейин сооп берилет. Окуп, маркумдарга сообун багыштаса да болот. Негизи эле Куран окулуп туруу үчүн түшүрүлгөн.  

-Куран сүрөлөрүн даараты жок эле айта берсе кабыл болобу же даарат алыш керекпи? +770134...

-Боло берет. Даарат менен айтса жакшы. Бирок, Куран китебин дааратсыз кармаганга болбойт. 

-Базарда ата-энем соода кылат. Атам саткан баанын үстүнө кошуп сатам. Күнөөбү? 055754...

-Үстүнө кошуп сатса болот, бирок, атаңыздан жашыргандыгыңыз ынсапсыздык болуп калат. Ошондуктан ынтымакты, ырыскыны, сооданын берекесин качырасыз. 

-Унутчаакмын. Алланын 99 атын билет элем. Унутуп койдум. Бул күнөөбү? 055046...

-Күнөө эмес. Унутпаш үчүн тез-тез кайталап туруңуз. 
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   Meruet84   25 Июль 2016 - 17:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

БисмилЛаxир- роxмаанир-роxиим. ..
Чубак ажы Жалиловдун суроо-жооп сабагынан...

СУРОО: Орозо кармайын дегем. Бирок ашказан, өт оорум бар. Анан кайнагам суур атып келип берди эле этин жеп койдук. Бирөө айтат: «Жебеш керек, ал пайгамбардын келини болгон», деп. Ошол чынбы? Кайнагам күнөө кылган жокпу? Мен касиеттүү, пайдалуу дубалар деген китепти окуп жатам. Намаз окуганга ниетим бар. Керектүү дубаны окуй берсем жардамы тиеби?

ЖООП: Мусулман, Кудайдан корккон дарыгердин кеңешин алыңыз. Ал доктур орозо кармоого уруксат берсе, орозо кармооңуз керек болот. Ал эми суурдун эти боюнча мына буларды айтса болот. Суур менен кашкулак экөө окшош болгону менен суур жалаң гана чөп-чардын тамырлары менен тамактанат, ал эми кашкулак өлүмтүккө да кол салганы айтылат. Кашкулак суурга салыштырмалуу өтө эле сасык жаныбар болот. Эгерде суур чындап эле тамырдан башканы жебей турган болсо, анда суур менен коёндун айырмасы жок болуп, экөө тең адал болот. Кокустан, суурдун жашоосун изилдеген адистер суур, жандуулардан кээ бир нерселерди, мисалы чычканды жейт деп билдиришсе, ал учурда мышыктын өкүмүндө болуп, экөө тең арам болот. Мен жаныбарлар боюнча адис болбогондуктан кайсы жаныбар эмне жегендиги боюнча көп деле маалыматым жок.

Дуба китептерге келсек, окусаңыз эле жакшы. Эң жаманы окубай койгон. Дуба окугандан мурда намазды баштасаңыз, андан бетер жакшы. Анткени, намазды Аллах Таалам парз кылган. Сиз дуба окуп Аллах Тааладан сурап жатпайсызбы? Адегенде, ошол сиз дуба кылып жаткан Аллах Тааланын парзын аткарып андан кийин сурасаңыз тезирээк кабыл болуп, өзүңүздүн да жүзүңүз жарык болот.

СУРОО: Үйлөнгөнүмө 6 ай болду. Аялымдын бир жаштагы кызы бар. Бир бала коркутуп, 5-6 ирет зордуктап качып кетиптир. Кайненем өзү багат. Менин ата-энем билбейт. Ата-энем аялымды кыз бойдон келди деп ойлойт. Биринчи түндө бармагымды кесип шейшепке кан тамызып койгом. Ынтымактуу жашап жатабыз. Кеңешиңизди күтөм.

ЖООП: Эми сага кандай кеңеш берейин, өзүң өтө эле акылдуу экенсиң. Ынтымактуу болсоңор, ошону сактап кал. Жашооңорду уланта бергиле. Экөөңөрдү ортоңорду сыр сыр бойдон сакталып калганы ийги.

СУРОО: Кайнатам менен чогуу турабыз. Ал көзүн сактай албайт, көкүрөк, жамбаш дегендей карай берет. Сиңдим уктап жатса көкүрөгүн кармаптыр. Жанынан өтсөң калп эле колун тийгизип өтөт. Андан жийиркенем. Аялдар менен көрүшкөндө алаканын кытыгылайт экен. Жакын эле адамыбыз менен мамилеси бар. Мен жумушка кетсем жашынып келет. Эч ким көрбөдү деп келгенин өзүм көрдүм. Карабайсың, кирин жуубайсың деп көп тил угам. Ич кийимин да мен жууп беришим керек экен. Бирок мен бирин да жасагым келбейт. Аллахтан корком өзүмө кайтпайбы деп. Аллах мени кечиреби?

ЖООП: Мындай учурда силер бөлүнүп жашаганыңар дурус болот. Күйөөң менен кеңеш.

СУРОО: Орозо туткан адам бетине крем сүртсө, помада койсо, кашын терсе, атыр себинсе орозосу бузулбайбы?

ЖООП: Сиз айткан маселелердин бардыгында орозо бузулбайт. Бирок аялзаты көчөгө, сыртка чыгаарда помада койгону, буркуратып атыр себингени туура эмес. Көчөгө атыр коюп чыккан аялзатына периштелер каргыш айтып турушат. Шариятта арам болот. Крем муктаждыкка жараша сүртүлгөнү туура болот. Ал эми каш терүү аялзаты үчүн күнөө болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) каш терүүдөн тыйган.

СУРОО: Менин жашым он төрттө. Орозонун биринчи күнү чыдабай орозомду ачып койдум. Бирок эртеси күнү орозо тутканга үйрөнүп калдым. Ачып койгонум күнөөбү?

ЖООП: Чыдабай койгондо кандай болду? Эгер орозо кармап туруп, ачка болгондугуң себептүү олуттуу ооруга дуушар боло турган болсоң, же ден-соолугуң майып болуп кала тургандай болсо ачканга уруксат берилет. Тутпай калган ар бир күнгө бир күндөн тутуп бересиң. Ал эми жөндөн-жөн эле ачып жиберген болсоң тутпай калган күн үчүн бир күн, ал эми орозонун урматын сактабай ачып жибергениң үчүн алтымыш күндү удаама-удаа кармап каффаарат аткарып берүүң милдеттүү болот. Мунун баары сен балагатка жеткен учурда болот. Анткени, азыркы учурда көпчүлүк он беш жашка барып балагатка жетүүдө.

СУРОО: Мен базарда иштейм. Орозо кармай албай жатам. Башында үч күн кармадым. Кармай албай калган күндөргө 50 сомдон берсем болобу? Кимге берем?

ЖООП: Кармай албай калган күндөрүнө бели бекчейип калган кемпир-чалдар фидия берет. Ал эми жаштар тутуп берүүсү милдеттүү болот. Бир аз ооруп турган болсо, жакшы болгондо тутуп берет. Сен тутпай калган күндөрүңдү тутуп бер. Эртеңден баштап тутуп карма.

СУРОО: Түшкө өтүп кеткен адам кирсе, сенден Куран сурайт дешет го. Менин түшүмө да көп кирет. Алар кандай себептер менен түшкө кириши мүмкүн?

ЖООП: Сени намаз окусун, жакшы жүрсүн деп белги берип кирүүсү да мүмкүн. Анткени, алар тозок-бейиштин аныктыгын өз көздөрү менен көргөн пенделер.

СУРОО: Сиздин илимиңизге муктаж болгондор өтө көп экенбиз. Эл талак маселесин сизден ийне-жибине чейин билип калышты окшойт. Бирок кээ бирөөлөр талак жөнүндө «билип алышып» аялдарына бир талак айтып, кайра нике жаңыртып шантаж кылышат экен. Ошолорго айтчу сөзүңүз кандай? Менин оюмча талактын т сын билбей эле койсок жашоо тынч болоор беле.

ЖООП: Сиз туура айтасыз. Талак менен ойногонго болбойт. Гезиттеги жооптордон улам талак боюнча илим алдым дегени таптакыр туура эмес. Өзүнчө билгендей болгону менен, көр тооктой эле абалда калат. Көзү көрбөгөн көр тоок ар нерсени чокуп, кээде өзүнүн да тезегин чокуп жеп алат экен. Нике жана талак боюнча китептерди окуп, кээде ушул жааттагы жоопторду угуп алып, өзүнчө илимдүү болгондордун көбү үй-бүлөсүн бузуп алгандыгын көрдүм. От менен ойноп үйүн өрттөп алгандардын сыңарындай болушту. Ошондуктан, бул кесепеттүү сөз менен ойногонду токтотуу керек. Шантаж кылганда болгону эки жолу гана шантаж кыла алат. Үчүнчүсүндө кайра кайтарууга жол да калбай калат. Анткени, талактын чыны да чын, тамашасы да чын. Талак берип кайра кайтарып алганда, бир талак берип кайра жарашкан болуп эсептелет. Бирок эсепте тура берет. Инсанга берилган эки лимиттин бирөөсүн пайдаланган болуп саналат. Экинчи жолу талак берип кайра кайтарып алганда экинчи талагын берип кайра жарашкан болуп эместелет. Эми дагы бир жолу талак берсе таптакыр кайтарып ала албай калат. Өзүң кылган иш өз башыңа муш деген ошол болот.

Элибиздин диндүүлүгү барган сайын жогорулап бара жатат. Мындан он жыл мурда даарат жана намаз маселелерин гана сурашчу. Бир-эки жылдын ичинде ал маселелерге нике менен талак кошулган болсо, азыр соода жана зекет маселелери активдүү кошулуп баштады. Кудай насип кылса, дагы он жылдын ичинде толук кандуу мусулман болуп калаарына терең ишенем жана ишенгим келет.

СУРОО: 5 маал намазды китеп менен окуймун, боло береби? Хижап да кийгенмин. Орозо кармайын десем, боюмда бар. Жолдошум намаз окубайт, орозо да кармабайт. Акыл кеңеш сөздөрүңүздү айтып коюңузчу, суранам. Мен сиздин жоопторуңузду берилип окуймун. Чарчабай жооп берип жүрө бериңиз.

ЖООП: Толук жаттап бүткөнгө чейин китеп карап окуганга уруксат берилет. Качан жаттаганда китеби жок окуп каласың. Кудайым хижабыңды кут кылсын. Жоолук аялзатынын бактысы. Орозо маселесин туура кылгансың, анткени боюнда бар аялзаты орозодон бошотулат, качан баланы төрөп, аны эмизип, сүттөн чыгаргандан кийин тутулбай калган ар бир күнгө бир күндөн тутуп бересиң.

Жолдошуң түпкүлүгүндө жаман адам көрүнбөйт. Анткени сенин намаз окугандыгыңа, жоолук салынгандыгыңа каршылык көрсөтпөгөндүгү анын тектүү жерден экендигин каңкуулайт. Бирок намазга түшө электиги өкүндүрөт. Намаз диндин тиреги. Намазы жок адамды мусулман деп эсептей албайт кээ бир аалымдарыбыз. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Биз менен бизден башкалардын ортосундагы эң чоң айырмачылык намазда!». Орозо калкан. Орозо кармаган адам туткан орозосу менен көптөгөн балээлерден, кесепеттерден сактанат. Орозонун өзүнүн айтып бүткүс кубанычтары, жагымдуу жагдайлары бар. Аны туткан адам гана билээр. Кудайым сенин жолдошуңа, жалпы эле намазга түшө албай арасат жүргөн пенделердин баарына намаз окууну насип кылгай, орозо тутканга күч-кубат бергей. Кудай этегиңден жалгасын. Үйүңдө береке болсун.

СУРОО: Тиш пастасы менен тиш жууса орозо бузулбайбы? Мисвак менен тазаласачы?

ЖООП: Мисвак менен тиш тазалаган сүннөт болоор, карагым. Анын сүннөттүгү орозо учурунда, түштөн мурда, түштөн кийин, орозодон сырткары деп айырмаланбайт. Бардык учурда сүннөт бойдон калаар. Ал эми тиш пастасына келсек, эң жакшы жолу ооз бекиткенге чейин жууп, экинчи жолу ооз ачкандан кийин жууса жакшы болот. Ошого карабастан, тиш пастасы менен жууганга зарылчылык туулуп калса, ал учурда аны менен жууганга уруксат берилет. Зарылчылык жок учурда деле жууй турган болсо макрух болуп эсептелет. Анткени, тиш пастасынын өзүнө таандык күчтүү даамы бар болуп, ооздон ары кирип кетсе орозонун бузулуп калуусун шарттайт. Тиш пастасы менен жууган учурда кекиртекке өткөрүп жибербөөгө аракеттенүүсү милдеттүү.

СУРОО: Бешим намазында 4 рекет сүннөтүн окубай туруп имамдыкка өтсө болобу? Даарат алардан мурда байпакты чечип коюу керекпи?

ЖООП: Бешим намазында төрт рекет сүннөтүн окубай туруп имамдыкка өтсө болот. Анткени шариятыбызда ар бир пасык адамдын аркасынан уюп намаз окууга мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде дайыма эле бешимдин сүннөттөрүн окубай жүргөн болсо пасык адамдардын катарына кошулган болот. Ал эми ошол күнү жетишпей калса, пешим намазынан кийин төрт рекет сүннөтүн окуп алат.

Даарат алаардан мурун байпакты чечип коюу милдеттүү эмес. Болгону, бут жууганда баары бир байпак чечилүүсү керек болот. Ошол учурда убара болбостон дароо чечип алган оңтойлуу болот. Андан сырткары, дааратканага кирээрде атайын кийилчү бут кийим-сандаликтер болот да, алар адатта суу төгүлүп, кургак эмес болот. Байпакты чечип коюу болсо, суу тийүүдөн, кайсы бир этиятсыздыктан натыйжасында заара чачырап кетүүдөн сактоого болгон далалат.

СУРОО: Мен орозомун. Оозум аябай жыттанат. Орозодо сагыз чайнап жүрсө болобу?

ЖООП: Сагыз чайнагандан орозо бузулат. Оозуң жыттанса эртели-кеч жакшылап жуу. Атайын дарыгерге кайрыл, анткени соо тиш эч убакта сасыбайт. Мисвак деп аталган жыгач бар Ислам буюмдарын саткан дүкөндөрдө, ошону менен тишиңди дамамат тазалап тур. Орозоң кабыл болсун.

СУРОО: Турмуш курганыбызга 22 жыл болду. Жашообуз жакшы эле болсо да күйөөмдүн такыр кабагы ачылбайт. Баарыбыз анын көзүн карап, айтканын аткарып турабыз. Мен го маңдайга жазганга эптеп чыдайм. Балдарыма терс таасири тийбейби?

ЖООП: Терс таасири тиет. Балдардын жүрөгү жалтанчаак болуп калат. Өзүнүн пикирин айталбаган күнкарама болуп калат. Балдарына ырайымдуу боло албаган адамга Аллах Таала дагы ырайымдуу боло албайт. Кудайым жолдошуңузга ынсап берсин. Андан сырткары айта кете турган зарыл нерсе, Кудайдын бергенине нааразы боло берсе, Кудай Таалам мына ушул нерселерин да алып коёт. Аллах Таала Куранда айтат:» Менин бергендериме шүгүр кылып, ыраазылыкта болсоңор, Мен силерге көбөйтүп беремин!» Кабагы такыр ачылбагандык шүгүрчүлүк келтирбегенге тете жумуш. Кудайым сактаган болсун.

СУРОО: Аялдар оронушу керекпи, же оронбосо да болобу?

ЖООП: Оронуш керек болот. Жоолук салынуу, узун этек, узун жең менен жүрүүсү милдеттүү болот. Бирок ошол узун кийим да айлана-чөйрөгө бир аз ылайыкташуусу керек. Таптакыр кара кийим кийип алгандары биздин менталитетке бир аз одоно келет.

СУРОО: Топурак жеген күнөөбү?

ЖООП: Атайын жей турган күлбото деген топурактын түрү болот. Ошону жегенге уруксат берилет. Анан көчөдөгү баткакты, же акиташ-цементти жегенге таптакыр тыюу салынат.

СУРОО: Биздин каза намаздарыбыз көп болгондуктан кыжаалатпыз. Харам мечитинде окулган намаздардын сообу 1000 эсе көп болсо, ошону менен каза намаздардан кутула алабызбы?

ЖООП: Акыретке барганда Аллах Таалам Өзүнүн пазилет-жоомарттыгы менен ошол эселенген соопторду каза намаздардын ордуна өткөрүп жиберүүсү толук мүмкүн. Бирок ал жөнүндө бизге кабар берилген эмес. Пенделердин мойнундагы милдети каза намаздарды колунан келишинче окуп бере берсин, ажалы жетип өтүп кетсе, калганын Аллахтын ырайымынан сүннөт жана нафил намаздарыбыз каза намаздарыбыздын ордун жапкай деп үмүт кылабыз.

СУРОО: Аялдарга таравих намазы сүннөтпү, же парзбы?

ЖООП: Эркектерге да, аялдарга да таравих намазы сүннөт муаккада. Аялдар мүмкүнчүлүгү болушунча таравих намазын үйүндө окуганы жакшы. Төрт рекеттен кылып жыйырма рекет окуса аткарган болот.

СУРОО: Жуунганда буттун таманын самындап жууса, тиги дүйнөдө кыл көпүрөдөн өтпөй калабы?

ЖООП: Жок берекем, андай эмес. Бут дегенди самындап жууп туруш керек. Байпагыңды шыпка ыргытсаң жабышып кала тургандай болбош керек. Кээ бир адамдар буту ушунчалык жыттанат, мурдуңдун аллергиясы кармайт. Кээде мечитке буту сасыктар кирип кетет. Саждага барсаң мурдуңа жаман жыт келип турат. Адам бутун, байпагын карап жүрүүсү керек болот.

СУРОО: Чындыгында, бул сизге жагымсыз суроо деп ойлойм. 3 талак тууралуу эч кабарым жок болчу. Бир күн телефон аркылуу келинчегиме ошол жаман нерсе оозумдан чыгып кетти. Арадан 6 ай өттү. Келинчегим менен ажырашуу такыр оюмда жок.

ЖООП: Сени алдамчы деш керек. Кабарың жок болсо, кантип аны айттың экен?! Кабары жок адам кантип кабардуу болуп калды экен?! Ошондуктан, кабарым жок эле дегениң таптакыр туура эмес. Канткен күндө дагы сенин маселеңди чечүү үчүн экөөңдү бет маңдай олтургузуп алып суроо керек болот. Бул сөзүң менен эшектин тушоосу дагы чечилбейт.

СУРОО: 5 маал намаз окуйм. Акыркы күндөрү эртең менен уктап калып жатам. Бул күнөө эмеспи?

ЖООП: Күнөө.

СУРОО: Азыркы жаштардын көбү заманга жараша дешип кыз-жигит болуп жүрүшөт . Ушул туурабы?

ЖООП: Туура эмес. Заманга жараша дегидей заман өзгөрүп кетиптирби? Ошол эле күн, ошол эле ай. Жада калса, ошол эле жылдыздар. Заман өзгөрбөйт. Заманда жашап турган адамдардын пейил-кую өзгөрөт. Кыз-жигит болгон туура эмес. Шайтандын шакирттери кыла турган иш.

СУРОО: Намаз календарында багымдат намазынын убактысы менен орозо календарында ооз бекитүү убактысы бирдей. Ооз бекитип дароо эле багымдат окусак болобу, же 15-20 мүнөт өткөрүү керекпи?

ЖООП: Календардагы убакыт, ооз бекитүү учуру багымдаттын кирүү учуруна туура келүүсү милдеттүү. Ошого карабастан, 5-6 мүнөт этият алгандыгыңыз жакшыраак.

СУРОО: Мен өзүмдөн өзүм туталанып, ичим туз куйгандай ачышып, буулугуп ыйлай берем. Баардык жерим ооруйт. Арыктап, капкара болуп чүнчүп кеттим. Апама, бир туугандарыма күндөн күнгө жек көрүүм күчөп барат. Аларды көрсөм эле кыжырым келет. Эч кимге кошула албайм. Жашынып алып ыйлай берем. Дарыгерлерге кайрылсам, так диагнозун айта алышпады. Тааныштарым «сенде кара дуба бар»,- деп айтышты. Кара дуба ушундай ооруларга алып келеби?

ЖООП: Намаз оку. Орозо тут. Бардык нерсени Аллахтын каалоосу деп бил. Келечекке үмүт менен кара. Дайыма даарат менен жүрсөң, бул оорудан айыгасың.

СУРОО: Менин жынысым эркек. Бирок байкелерим «кызтеке», «катын» деген сөздөрдү айта беришет. Кийинки учурларда жеңелер да айта башташты. Мен себепчи болуп күнөөгө батып жатышкан жокпу? Мен эмне кылуум керек?

ЖООП: Байкелериң акмак болбосо, жеңелериң даап айтышпайт эле. Бир тууганды бир тууган сыйлап, жаманын жашырып, жакшысын ашырып туруу керек болот. Тууганым, дааватка чык, намаз оку. Кудайдан калба. Ал байкелериңе Кудай Таалам ынсап берсин.

СУРОО: Уулум 4 жашта. Бетинен өпсөм, орозом бузулбайбы?

ЖООП: Балаңды эмес, балаңдын атасынын бетинен өпсөң деле орозоң бузулбайт. Болгону, өбүү делебени козгобогондой болуу керек.

СУРОО: 1) Аялын күйөөсү башына чыгарып албаш үчүн аялга кандай мамиле кылуу керек? 2) Мусулмандар каапырга биринчи болуп салам берсе болобу?

ЖООП: Аялын башына чыгарып албоо үчүн күйөөсү аялына шарияттагыдай мамиле кылуу керек. Шарият китептерин окуңуз. Аял-эркектин ортосундагы укуктар менен милдеттерди үйрөнгөндүгүңүз өтө пайдалуу.

Мусулман эместерге мусулманча салам айтуу болбойт. Аларга жөн эле «Саламатсыңбы? Кандай?» деген саламдын түрлөрү менен гана салам айтууга болот. Эгерде мусулман эместер бизге «Ассалааму алайкум» деп салам берсе, биз аларга «Ва алайкум» деп гана жооп беребиз. Эгерде сиз салам айта турган жамааттын мусулман-мусулман эмеси аралаш болсо, «Ассалааму ьалаа ман иттабаьал худаа»,- деп салам айтасыз. Биринчи салам айткан жакшы.

СУРОО: Орозо календарынан 10 мүнөт кеч туруп калсак, эч нерсе жегенге, ичкенге болбойбу?

ЖООП: Эгерде орозо календарынан кеч калып калсаңыз, анда эч нерсе жеп-ичпестен туруп орозого ниет кылып койсоңуз туура боло берет. Эгерде бир нерсе жеп-ичип койсоңуз, орозону бузган болуп эсептелесиз.

СУРОО:Жигитим менен 4 жыл жашадым. «Нике кыйдырып үйлөнөлү» десем, «Шартым жок, сени албайм, башкага тий. Сенин туугандарың каршы, кийин кийгилишет, сенден тажадым»,-деп кетип калды. Өзү намаз окуйт. Эмне кылам?

ЖООП: Сага ырас эле болот. Башында нике менен этегиңди ачтырбайсыңбы? Ал го акмак экен. Сен түзүгүрөөк болбойсуңбу? Бир чети анын кетип калганы да жакшы болуптур. Намаз окуп жүрүп сени менен ойноштук кылса, андан таптакыр жакшылык күтпө. Намаз аны жамандыктан тосо албаса, таптакыр оңдоло албай турган кургур болот андайлар.

СУРОО: Жолдошум экөөбүз уруша кетсек эле: «Сени менен жашай албайм, эмне жүрөсүң? Менин үйүмдөн кет, жолуң ачык»- дей берет. Бул талак бергенге барабар эмеспи? Үч жолу «кет!» десе талакка жатабы?

ЖООП: Талак бергенге барабар, же барабар эместиги күйөөңүз менен сүйлөшсөк билинет.

СУРОО: Кээ бирөөлөр намаз окуганда колдорун көкүрөгүнө байлайт, кээ бирөөлөр киндигине байлайт, кээ бирөөлөр түшүрүп эле окушат. Кайсынысы туура?

ЖООП: Эркектер киндиктин алдына байлайт, аялдар көкүрөгүнө байлайт. Жынысыңа жараша колуңду байлай бересиң. Туурасы мына ушул. Башкасы маржуух, б.а., амал кылынбайт.

СУРОО: Менин курбум жахаба динине өтүп кеткен. «Адашкансың», - десем да болбойт. Ушул айдын 26да ат майданда жыйналышы болот экен. Мени да ошол жакка чакырып жатат. Аларга кантип чара көрсө болот? Кеңири маалымат берип койсоңуздар. Канчалаган мусулмандарыбыз адашып жатышат.

ЖООП: Жахабалардын күбөлөрүнүн баары каапыр. Кудайым аларга хидаят-туура жол насип кылсын. Жубайлардын бири жахабаларга кирип кетсе, ортодогу никеси бузулат. Алардын жыйналышына барбаңыз. Тиги дос менен да этият дос болуңуз. Алар мусулмандардын кабырына да коюлбайт. Муфтият булар туурасындагы атайын маалыматтарды чыгаруусу керек болуп турат.

СУРОО: Орозодо ооз ачканда Куран окуп, анан ооз ачабызбы?

ЖООП: Андай таризде ооз ачуу милдеттүү эмес.

СУРОО: Азандын үнү эртең менен эле угулуп, күндүзү угулбайт. Намазды үйдөн окуганда азан чакырбай коомат менен эле окуй берсем болобу?

ЖООП: Болот. Бирок өзүңүз азан айтып окусаңыз андан да жакшы болмок.

СУРОО: Чакадагы жармага чымын түшүп, өлүп калса, алып коюп иче берсе болобу?

ЖООП: Ооба, өлгөн чымынды жармага бир батырып киргизип алып, андан кийин сыртка ыргытып жиберип, жарманы иче берсеңиз болот. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Чымындын бир канатында уу, экинчи канатында ууну жойгон нерсе бар. Чымын идишке түшкөндө ошол уу жак канаты менен жыгылат. Кимдир-бирөөнүн идишине чымын түшүп кетсе, экинчи тарабын да матырып алып, андан кийин ичкиле!»

СУРОО: Түшүмдө сыйкырчы аял мени сыйкырлайт. Мен ага каршы «Фатиха» сүрөөсүн кырааты менен ачууланып айтып, тирешип аткан болом. Бул түштү үч жолу көрдүм. Бир жыл мурун жолдошум экөөбүз Аллахымдын ырайымы менен сыйкырдан улам ажырашканбыз. Намаз окуйм, билим алып жатам. Уктарда Пайгамбарыбыздын (алейхи салам) сүннөтүндөй дем салып жатам. Кеңеш бериңизчи, дагы эмне кылсам болот?

ЖООП: Сага кеңешим, туура сүйлөгөндү үйрөн. Адам Аллахтын ырайымы менен ажырашпайт! Аллахтын сыноосу менен ажырашат. Азыр карманган жолуңдан чыкпа, бактылуу болосуң.

СУРОО: Орозо тута албаган ден соолугу алсыз адам канча сом акча берип кутула алат?

ЖООП: Оорукчан адам айыгып кетүүсү толук мүмкүн. Жакшы болгондо кармап берет. Бирок карылыгы жетип калгандан, каруусу кетип орозо кармай албай турган болсо, тутпай калган ар бир күнү үчүн орозо битирдин өлчөмүндө фидия берүүсү милдеттүү болот.

СУРОО: «Күйөөсүнө айттырбай массаж кылса, бир табак алтын, айттырып кылса бир табак күмүш алган менен барабар»,- деп угам. Айтса да жасабаса күнөө болобу?

ЖООП: Күйөөсү менен бактылуу жашоо бир табак менен алтын менен бир табак күмүштөн да артык болоор. Бактылуу жаша.

СУРОО: Менин жакшы көргөн кызым мурда турмушка чыккан экен. Бир баласы бар. Мен мурда үйлөнгөн эмесмин да. Сөзсүз кызга үйлөнүшүм керекпи, же ал мааниге ээ эмеспи?

ЖООП: Мааниге ээ эмес. Бирок мурда турмушка чыкпаган кыз алганың жакшы жашоого өбөлгө болоор. « Кызга бергис жубан бар, атка бергис кунан» деген кеп бар.

СУРОО: Кыз-жигит болуп жүрүү күнөө экен. Ал бала менен кыз-жигит болуп, үйлөнө электе эле нике кыйдырып алса болобу?

ЖООП: Болбойт. Нике кыйдырсаң үйлөнгөн болбойсуңбу? Кой садагасы, эсиң барда этегиңди жап. Үйлөнгөндөн кийин сүйлөшө бересиң...

СУРОО: Мен бир тууган жеңемдин бир тууган иниси менен жүрөм. Шариятка туура келеби?

ЖООП: Дароо никесине тур, ага турмушка чык. Сүйлөшүү арам. Жакшылыкка алып барбайт.

СУРОО: Тахиятул масжид, тахиятул вузу, тахажуд намаздарынын ордуна каза намаздарды окуса болобу?

ЖООП: Болот.

СУРОО: Менин күйөөм, үч балам, неберелерим бар. Көп жылдан бери 5 баласы, аялы бар эркек менен контейнерде чогуу соода кылып иштейм. Ал «байкемден» бир уул төрөп алгам. Башында эч ким билбейт эле, эми элге жайылып кетип: «Бузуку аял, арам сийдик баласы бар»,- деп эл жек көрө баштады. Эми күйөөмө да угулат. Ал өзү аябай таза жүргөндүктөн мага да катуу ишенет. Жардам бериңиз, эми кандай айла кылам? «Сенин уулуң ойноштон никеси жок туулган, ал шайтандын баласы, байкең экөөңдү тең таш бараңга алуу керек»,-дейт бир кошунам. Ушул туурабы Исламда? Мен эми «байкеме» да нике кыйдырып алсам болобу?

ЖООП: Кошунаң туура айтат. Сени таш бараңга алуу зарыл. Бирок аны сот чечимин чыгарып бергенден кийин гана иш жүзүнө ашырса болот. Ар ким соттун чечмин кыла албайт. Аялын чоочун эркек менен иштетип койгон эркекти кантип таза адам деп айта алабыз?! Эриң экөөң тең бирдей эле экенсиң тазалыкта.

СУРОО: Мен турмушка чыгып ажырашкам. Сүйлөшкөн балам үйлөнгөн эмес. Турмуш курууга анын ата-энеси каршы болуп жатат. Өзүнчө нике кыйдырып жашап кетсек болобу? Бири-бирибизди жакшы көрөбүз.

ЖООП: Анын сага үйлөнгүсү деле келбейт. Сени менен жүргөнгө ыңгайлуу болгон үчүн эле жүрөт. Аны өзүң деле баамдасаң болот. Өзүнчө нике кыйдырган жарабайт. Шарият жол бербейт.

СУРОО: Оозду жапкандан кийин уктаганда жаман нерсе түшкөрүп , түшүркөп калам. Гусул кылса болобу? Андай түштөрдү кантип токтотуу керек?

ЖООП: Ал сыяктуу түштөрдү көргүң келбесе, үйлөн маалкатпай! Түшүркөп койгондон орозо бузулбайт. Гусул алып жүрө бересиң.

СУРОО: 1) Жан-жаныбарлардын жыныстык катнашын көрсө болобу? 2) Күйөөсү аялын «сиз» деп кайрылса болобу? 3) Жин менен адам никелешип, балалуу болгон учурлар болгонбу?

ЖООП: Алардын жыныстык байланышын карап олтурган анчалык чоң күнөө болбосо да, адептүү адамдар үчүн ого эле уятсыздык болуп эсептелет.

Күйөөсү аялын «сиз» деп кайрылганы жакшы. Сен деген сенек сөз, сиз деген сылык сөз. Жин менен турмуш кургандарды угуп жүрөбүз, бирок балалуу болгондугун кулагым чалган жок.

СУРОО: Орозону ар ким өзү үчүн тутабы? Менин апам каза болду. Ал көзү барында орозо тутчу, кээ бир жылдары тута албай да калчу. Ооз ачканда «Апамдын тутпай калган күндөрүн да кечир»,- деп дуба кылам. Туурабы?

ЖООП: Туура эле, перзенттерин дуба кылсын деп багат ата-эне.

СУРОО: Орозодо ыйласа, ооз ачылып калабы?

ЖООП: Жок берекем, ыйлагандын оозу ачылбайт.

СУРОО: Атам жок. 62 жаштагы апамды махрамсыз ажылык сапарга жөнөтсөм болобу?

ЖООП: Сен кошулуп бар. Сен махрам болосуң, же апаңды жакшы адамга күйөөгө бер. Ошол чогуу барат.

СУРОО: Орозо кармаган эркек аялын, же чоочун аялды кумарлануу менен караса ооз ачылат деп уктум. Чынбы?

ЖООП: Кумар менен карагандан ооз ачылбайт. Бирок, адепсиздик болот.

СУРОО: Базарда кээде кийимдерди мактап сатып коем. Шарият кандай карайт? Өзү Аллах гана мактоого ылайыктуу зат го...

ЖООП: Кийимиң мактоого татыктуу болсо макта, жалгандан мактасаң күнөөкөр болосуң.(
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   07 Август 2016 - 11:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бисимиллахир Рахмаанир Рахиим.

Чубак ажыдан суроо жооп.

Спирт тийип кургаган кийим менен намаз окуса болобу?

Жооп: Болот. Кургабаса деле окуй берсең болот. Спиртти ичкенге –мас кылганы себептен арам. А бирок, колдонгонго жарай берет. Арам болгону менен нажас эмес.

5) Өзүм намаз окуймун. Жубайымды намаз оку десем так секирип болбойт. Эмне кылышты билбей калдым?

Жооп: Жубайыңа жакшы мамиле кыл. Даават кыл. Жөн эле оку десең эле, этиңди көргөн аял дароо окуй бермек беле? Анын тилин таап, мусулманчылыкка ыктат. Ошондо бактылуу болосуң.

6) "Бир адам башка бир адамды сүйүп калуусу үчүн окула турган дуба" дегендерди колдонсо болобу? Бул кара дубага кирбейби?

Жооп: Сыйкырлап койсо кара дубага кирет, а эгер жөн эле улук Кудайдан тилек кылып сураса, ал нерсеге шариатта тыюу салынбайт.

7) 25 жаштамын, 7-классымдан бери талма оорусу менен ооруп келем. Турмушка чыксаң калат дешти. Турмушка да чыктым, бирок оорум күч алгандай болду. Бош олтуруп калсам эле бирөө “Мен Кудаймын, сен шайтандын жолуна түшүп кеттиң, деп коркута берет. Уктаганда сөзсүз бир маал коркутат. Намаз дагы окуп көдүм, бирок намазга турганда сенин намазың эч качан кабыл болбойт деп алаксыта берчү. Акыры даарат көп алып ден-соолугумду да начарлатып, намазымды да таштап койдум. Мен сага ишенбеймин жогол десем, сен Кудайга ошентесиңби дейт. Эмне кылам, устаз?

Жооп: Ал шайтандын васвасасы. Өзүңө такыбараак молдо таап дем салдыр. Намазды кайра башта. Калтырбай окуй берсең, ооруң калып кетмек. Даараттын ден-соолукка таптакыр зыяны жок. Сени менен мени жоктон жараткан Аллах Таала буйруган ибадат ал даарат. Даарат диндин жарымы. Тазалык диндин жарымы.

8) Эртең менен түшүркөп, гусул алууга туура келсе орозо бузулбайбы?

Жооп: Эртең менен түшүркөп калгандан орозо бузулбайт. Ооз-мурунга этиеттеп суу алып, дененин баарына суу жеткирсе жарай берет. Ал эле эмес, түн ичинде аялы менен шариаттык иште болуп, ооз бекитер убакта колу менен жүзүн жакшылап чайкап, андан кийин курсагын ныктап тойгузуп, оозун бекитип, андан соң гусул алып намазын окуса да боло берет. Динибиз адамдарды кыйноо үчүн эмес, сыйлоо үчүн келген.

7) Мурундан травма алганым үчүн 2 тамчыдан даары тамызып туруум керек. Оозум ачылбайбы?

Жооп: Мурунга тамчылаткан даары мурундан ары адамдын ичине кирип кете турган болсо орозону бузат. Мурундун ичинде калып кете турган болсо орозосу бузулбайт.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   guljigit96   20 Август 2016 - 16:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 722
  • Катталган: 28 Июль 15
  • Соңку аракети: 18 Июл 2018 14:00
  • Жынысы:Белгисиз

БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ.

=СУРОО-ЖООПТОР= [26]

СУРОО: Багымдатты окугандан кийин жыныстык катнашка барса болобу? Таң аткандан кийин күнөө болбойбу?

ЖООП: Багымдат окугандан кийин орозо учурунда жыныстык катнашка барса болбойт. Орозо бузулуп калат. Ал эми орозодон сырткары учурларда беш маал намаздын бардыгынан кийин жыныстык мамиледе болсоң жарай берет.

СУРОО: Мага түнкүсүн бир элес келип, мени менен жатып кетет. Ал келип кеткен күнү жеңилдеп калам. Бул түш эмес. Турмушка чыга элекмин. Бул эмне болушу мүмкүн?

ЖООП: Бул - эркек жин деген сөз. Намаз окуп, кечки, эртең мененки дубаларды окусаң келбей калат.

СУРОО: Сиздин жоопторуңуз мээге ок аткандай. Кандай аял тууду экен сиздей уулду. Сизди муфтий кылып алсак кана! Сиздей илимдүү баланы Аллах бизге да насип кылса экен. Сотуңуз тез арада оң жагына чечилип, сиздей курч адамдар муфтийликке келсин. Бейиштин төрүнөн Аллахым сизге жай кылган болсун.

ЖООП: Сиз айткан бейиштин төрүндө баарыбызды кошуна кылсын Кудайым. Тилектериңиз кабыл болсун. Сотум жакшы жагына чечилгенди Кудайым насип кылсын. Орозодо шайтандар байланат, ошолор байланып турганда акыйкатка орун берилсин.

СУРОО: Зекет деген эмне? Такыр түшүнүк жок. Кененирээк түшүндүрүп бериңизчи.

ЖООП: Кененирээк айтыш үчүн эки томдук эмгек жазыш керек болоор. Аллаама Юсуф Кардаавийдин зекет туурасындагы китеби эки томдук үлкөн эмгек. Сен жакшысы зекет туурасындагы китептерди таап оку, түшүнбөгөн жериңди сурасаң жардам берели...

СУРОО: Мен былтыр турмушка чыккам. Ала качып келишкен. Ошондо тууган-уруктун алдында кайнатам: «Той кылып берем»,- деп сөз берип, той өтчү күндү да белгилешкен. Кийин ошол күн келгенде «Мен андай деген эмесмин»,- деп жеңип кеткен. Ушул туурабы?

ЖООП: Туура эмес. Бирок сен тилиңи тишиңе катып жашай бер. Утуш сеники болот.

СУРОО: Ооз бекиткенден кийин гусул алса болобу?

ЖООП: Болот.

СУРОО: Мусулман адам көлгө барып, аялдар башка, эркектер башка сууга түшсө болобу?

ЖООП: Болот. Эркектер өздөрүнчө түшкөндө киндик менен тизенин ортосу жабылуу туруусу кажет. Аялдарга да мына ошондой тартип.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   FIFA-KG   20 Август 2016 - 17:13

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 190
  • Катталган: 02 Май 16
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 00:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Олтрафорд

Чубак ажыкебиз ден Алла разы болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   Meruet84   22 Август 2016 - 16:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ.

=СУРОО-ЖООПТОР= [29]

СУРОО: Жамандык, жакшылыкта ашкере чыгым болуп, айрымдары карыздап, же насыя алып эл тосот. Тойдуку го, түшүнүктүү, эл алдында уят болбойлу дешет. Ал эми өлгөндө 2-3 кара мал союп, жакынын жерге берген учурлар көп. Буга муфтият, жалпы эле дин өкүлдөрү кандайдыр бир чара көрүп, элдин чыгымын азайтууга аракет кылсаңыздар болбойбу? Антпесе, араң турган эл карызга малынып, кыйналып жатат.

ЖООП: Сиз айткан ысырапкорчулуктун баары арам. Молдокелер дайыма эле ушул туурасында айтабыз. Жогорку Кеңеш бул маселени жөнгө салган мыйзам чыгарса болоор беле деп ойлоп, бирок Кудайдын мыйзамы шариятты сыйлабай арамга жол бергендер, пенделер чыгарган мыйзамды аткармак беле дейм. Эгерде биз элибиздин динге келүүсүнө жалпы аракет кылсак, элибиздин диний сабаты ачылгандан кийин көп нерсе табигый түрдө ордуна келмек.

СУРОО: Менин аялым жана 3 балам бар. Аялымдын тили узун, урушчаак. Бирок сүйлөшүп жүргөнүбүздө жоош кыз болчу. Ар дайым сүйлөнө берет. Мен аны сүйбөй, сыйлабай калгам. Жарым жылдан бери мага башка кыз жагат. Ал мурда турмушка чыгып, ажырашкан. Ал жөнөкөй, жоош кыз. Мен аны жактырам. Аны менен сүйлөшүп, бир болгум келет.Ушунча убакыттан бери балдарымды гана кыя албай келем. Эмне кылсам болот? Өз аялым менен калсам, өмүр бою кыйналып, сыздап өтчүдөймүн. Кеңеш берүүнүздү өтүнөм.

ЖООП: “Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат” деген кеп бар. Сүйлөшүп атканың деле сага кыздай көрүнүп жатат да. Бирөөнүн аялы бирөөгө кыз көрүнөт болуп. Алсаң аны дагы никелеп алып жаша. Эки аял алган шариятта бар. Үч бала менен байбичеңди кантесиң? Тиги сага жаккан деле үйлөнгөндөн кийин, тили чыгып, өнөрү чыкса, ошенткен сайын мээлейдей алмаштыра берсең, сага кыргыздын катындары кыз тууп берип түтөбү деги?.. Ойлон...

СУРОО: “ Намазга жыгылгыла, ошондо гана Акыр заман келгенде силер бейишке чыгасыңар”, - деп бизди коркуткандарга көз карашыңыз кандай? Алар ар кандай тасмаларды бизди коркутуу максатында (маймылга айланып кеткен кыз, жылаанга, корозго айланып кеткен аялдар тууралуу тасмалар бар билбесеңиз керек) коркунучтуу көрсөтүшөт.

ЖООП: Намаздын парз экени чындык. Окубасаң, тозоко барарың да чындык. Сен намаз окугандан ага бирөө тыйын төлөп турат дейсиңби? Сени тозокко кирбесин деп жатат да. Күн жок деп алаканың менен көзүңдү бекиткениң менен күн жаныбар ишин кылып чыгып, кайра бата берет. Өзүңдү эле алдайсың...

СУРОО: Учурда экинчи никедеги күйөөм менен жашайм. Жакында бирөөдөн «аял аркы дүйнөгө барганда биринчи никедеги жолдошу менен жашайт экен» деген сөздү уктум. Ушул сөздүн канчалык чындыгы бар?

ЖООП: Жалган дүйнөдө аялзаты бир канча ирет жолу турмушка чыккан учурда чын дүйнөгө барганда ошол жолдошторунун ичинен эң эле адеп-ахлактуусу, кулк-мүнөзүнүн жакшыраагы менен болот. Албетте экөө тең бейишке барган учурда мына ошондой жагдай жаралат. Бул туурасында Пайгамбарыбыз (алайхис салам) өз сөзүндө баса белгилеген. Эске ала турган эң негизги маселе адам бейишке барганда ким менен болоорун ойлобой, «ошол жерге барабы, же жокпу?» деген ойдун жетегинде болуусу керек. Анткени, бейишке кирген адам ар дайым бактылуу болот, бардык нерсе купулуна толот, ал жерде көңүл иренжиткен, же ойго толбогон нерсенин өзүнүн болуусу мүмкүн эмес.

СУРОО: Кашымды күнөө экенин билбей терип койгом. Азыр өстүрөйүн десем көзүмдүн үстүн каптап кетип жатат. Тере берсем болобу?

ЖООП: Аялзатына каш терүүгө болбойт. Каш салаңдап өсүп барып көзүнө кирип кеткенде гана учун кыркып койсо жарайт. Андан сырткары, каш узарып барып адамдын бетиндеги түккө кошулганда, кашты эмес ошол түктү терүүгө болот. Анткени, каштан башка жүздөгү түктөрдүн баарын терүүгө аялзатына уруксат берилет.


لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   Meruet84   22 Август 2016 - 16:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ.


=СУРОО-ЖООПТОР= [28]

СУРОО: Саламатсызбы? Сизди салык төлөбөй койду дегендей кылып күнөөлөп жүрүшпөдү беле? Ошол иштин аягы эмне болду? Сизди сыйлаган адам катары мени тынчсыздандырат?

ЖООП: Урматтуу Бактыбек! Кудайым шерменде кылбасын, тукумуңуз жамандык көрбөсүн. Бул нерсе менин ыйманыма сыноо болду. Чындыгында төлөнө турган салык болбош керек эле. Салык төлөгөн адамдар мусулманчылыктын өсүп-өнүгүүсү үчүн берген кайрымдуулук каражаттардан салык төлөгөн болсом Кыяматта Кудайдын алдында кантип жооп бермек элем?! Кыяматтын күнү жалпы Кыргызстандын мусулмандары менден доолашса кантип кутулат элем?! Ошондуктан төлөгөн эмесмин. Кайрадан муфтий кылып шайлашса деле төлөмөк эмесмин. Биздеги мыйзамдар чалакайым болсо эле шарият бузула бериш керекпи? Кудайым бар! Баарын көрүп, билип турат.

СУРОО: Саламатсызбы? Мен ушул гезитке окшогон бир гезитте журналист болуп иштейм. Жакында бирөөдөн журналистик кесипте иштеп, ар кимдин тагдыры, жашоосу тууралуу гезит бетине жарыя кылган күнөө деп уктум. Ушул чынбы? Кенен маалымат беришиңизди суранам.

ЖООП: Эгерде өрнөктүү өмүрү болсо, адамдарга үмүт тартуулап, жакшы багыт бере турган жашоосу болсо эмне үчүн болбосун? Эгерде жашоосу акмакчылык менен алдамчылыкка толсо, жакшылыктуу жери жок болсо, аларды айтуунун кереги бар беле деп ойлойсуң. Кээ бир бактысыз окуяларды айткан учурда, ошондой жамандыктан сактаналы деп коңгуроо катары айтылса жакшы кеп, бирок жеке адамдардын аттары айтылбастан, адамдык беделин түшүрбөстөн болуусу зарыл.

СУРОО: Мен турмушка чыга элекмин, бирок кыз эмесмин... Жигитим башка кыз менен кетти, мен өзүмдү тыйсам да болбойт жатат, эмне кылышым керек?

ЖООП: Сен жакшысы тообо кылып намаз оку. Кудайдан сура, адамгерчиликтүү жигитке башыңды кошсун. Ала жипти аттабай, алаңдабай, алактабай, мурдагы жолоюңа түшпөй жакшы жаша. Күйөөгө тийип, төрт-бешөөнү дароо чуурутуп төрөп жиберсең баары унутула түшөт. Жамандык оюңа да келбей калат. Намаз оку. Намаз бактың, намаз базарың!

СУРОО: Биздин айылда эски мүрзөнү түрттүрүп, ордуна мечит салабыз деп жатышат. Бул маселени көтөрүп чыккан киши мүрзөнү түрттүрүп баштаган күнү ооруп жыгылып, денесин кара-көк басып, Бишкекке ооруканага алып кетишти. Араң жан болуп калыптыр дешет... Негизи эле эски мүрзөнү түрттүргөн болобу? Арбактардын тынчын алуу болбосо керек эле?

ЖООП: Акыркы маркум көмүлгөндөн кийин, ошол маркумдун сөөгү чирип, топуракка айланып кеткенден кийин, ошол жерди иштетүүгө муктаждык жаралса, анда ал жерди пайдалануга уруксат берилет. Куран жаттаганы себептен, же такыба болгон себептен сөөгү чирибей калгандар болсо, аларды жаңы мазарга которуп коюшат. Адегенде, Куран окуп андан кийин гана иштетишет. Менимче силерде жогорудагы шарттардын бири сакталбай калса керек, же сакталган күндө да тиги адамдын ооруп калуусу жөн эле дал келген болуу керек. Мечит сала турган жер Кыргызстанда көп эле го. Мазардын жерине муктаждык жаралгандай абалга жетише элекпиз го, али...

СУРОО: Уулум үйлөнгөнү тез өзгөрүлүп, мүнөзү катаал болуп калды. Көзү ачыкка барсам: “Уулуңуздун башын келин айландырып коюптур”,- дейт. Дубасын чыгара турган дуба барбы? Эмне кылышым керек? Уулум ооруп калабы деп корком.

ЖООП: Уулуңузга дем салдырыңыз. Көзү ачыкка барбаңыз. Ыймандан ажырап калууңуз мүмкүн. Базарда «Манзил» деген китепче бар. Ошону эртели-кеч окуп турса уулуңуз, баары жайына келет. Деги эле ысытма кылган аялдар эсинен чыгарбаш керек, ошентип жүрүп күйөөлөрүн оорукчан, абжип, акыл эси кирди-чыкты кылып алышат. Ысытма кылуу арам. Ал жиндердин аракети менен ишке ашчу нерсе. Эч бир туура жолдогу молдоке ысытма кылып бербейт. Эгер кылып жаткан болсо, молдонун кейпин кийген алдамчы деп билсеңиз адашпайсыз.


لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   Salixa.   27 Август 2016 - 15:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 522
  • Катталган: 21 Июнь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2022 20:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сыноо майданы .

БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ.

=СУРОО-ЖООПТОР= [33]

СУРОО: Азыр көпчүлүк төрөй албаган айымдар айымдар жасалма жол менен бойго бүтүрүп алып төрөп жатышат. Бул күнөө эмеспи?

ЖООП: Жасалма жол менен бойго бүтүрүү туурасында «Карын эне кайгысы» деген темадагы илимий макалам бар. «Бактылуулуктун формуласы» китебимден таап окуңуз.

СУРОО: Аялдын айызы келип жатканда эркек төшөккө чакырса себебин айтып барбай койсо, бирок эркек нааразы болуп калса периштелер наалат айтабы?

ЖООП: Жок, ал учурда наалат айтпайт. А бирок айыз келген учурда деле аял менен күйөөсү бири-бирин эркелетишсе, өбүшсө, кучакташып жатышса сооп эле болот. Болгону шарияттык мамилеге жол берилбейт.

СУРОО: Аял кишинин айызы келип жатканда тырмак алса болбойбу?

ЖООП: Болот.

СУРОО: Мени кызыктырган маселе. Айрым айымдар бир акча, же баалуу буюмун жоготуп, уурдатып алганда «башы көзүмө садага, жамандыктын баары ошону менен кетсин»,- деп айтып калышкандарын угуп калам. Ушул сөздү айтуу туурабы?

ЖООП: Эми ал айла кеткендеги, ичиндеги отту, ызаны, ачуусун басуу үчүн аргасыз айтылган сөз. Бул сөздүн төркүнү мындайча: Адам садака берсе андан жамандыктар качат. Ырыскы оошот. Келе турган балээлер ыраактайт. Садака жаман өлүмдөн сактайт.

Буюму уурдалгандар да ошондой садака кылып жибердим дегенди айтып жаткан болуш керек. Эми булардын садакасы мажбурланган садака болуп жатпайбы. Өз ыктыяры менен берген садакага бул окшошпойт да эми.

СУРОО: Чачым узун, гусул алганда кыйналам. Өрүлгөн болсо, масх тартып койсо болобу, же сөзсүз жууш керекпи?

ЖООП: Шарияттык иш болоордун алдында чач өрүлүү болуп, гусул алганга чейин жазылбаса, анда гусул алуу учурунда чачтын түбүнө, т.а., баштын терисине суу жеткирип, ал эми калган өрүмдү баштан аяк масх тартып сылоо менен маселе жыйынтыкталат.

СУРОО: Мен 5 маал намаз окуйм. Жолдошум окубай жүрөт. Эмне болот? Рахмат.

ЖООП: Намаз окуган убагыңда, ошол окуй элек жолдошуңа хидаят тилеп дуба кыл. Акыйкаттын ак жолуна салуу Аллахтан болот. Себепчиси сен болуп калсаң ажеп эмес. Эгерде анын хидаятка келип калуусуна өбөлгө болсоң, жубайлык жашооңорду ага берген эң кымбат белек болмокчу.

СУРОО: Аллахтын убадасы амалдын артындабы, же аспаптабы? Аспапка Аллах убада койгонбу? Себебин “кылыш” деген ширкпи?

ЖООП: Аллахтын убадасы амалдын артында, мына ошол амалдарды аспап деп атайбыз. Экөөнү эки айрым караган туура эмес. Кээде пайгамбарларга, такыба пенделерге аспап-себепсиз эле берээрин берип коёт. Бирок булар муьжиза менен кереметтер деп эсептелет. Бул баарына эле насип боло бербейт. Себебин кылуу ширк деген туура эмес. Балким, себебин кылуу сүннөттүн дал өзү.

СУРОО: Тахажжуд намазын канча рекет окусам болот?

ЖООП: Тахажжуд намазы бир салам менен эки рекеттен сегиз рекетке чейин боло берет. Эң жакшысы төрт рекеттүү бир салам менен.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 15 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 15, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 21:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: