Суперстан: Чубак ажыга берилген суроолорго жооп - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чубак ажыга берилген суроолорго жооп Суроо бербеңиздер. Чубак ажыга жетпейт. Башка сайттан алынган.

#21 Пользователь офлайн   Altyshok   22 Февраль 2014 - 09:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 748
  • Катталган: 28 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2021 15:43
  • Жынысы:Эркек

СУРОО: Эмне үчүн нафил орозосун бир ай кармаса болбойт? Мен бир айга ниет кылып кармадым эле.

ЖООП: Пайгамбарыбыз болбойт деп айткан. Орозодон башка ибадат бар, жашоо бар, ден-соолукка да көңүл буруу керек. Бир күн кармап, бир күн оозу ачык жүргөн сүннөткө ылайык болот.

СУРОО: Арыбаныз, устаз. Сиздин баян сабактарынызды (кыздар үчүн) кайсы жактан угалабыз?

ЖООП: Жекшемби күндөрү Айни №31 дарегинде 10:30-12:00 чейин болуп жатат. Келсеңиз, угасыз.

СУРОО: Т урмуш кургандан кийин алынган там ажырашканда кимге калат ?

ЖООП: Үй кимдин каражатына салынган болсо, ошол алат.Эгер экөөнүн тең каражаты кеткен болсо, сатып, каражатты бөлүп алышы керек. Эгер бирөөнө кала турган болсо, үйдү баалап, үй калган тарап тең жарымын бериши керек болот. Кээ бир убакта аялы күйөөсүнө акча тапканга жардам берген учурда да бөлүшүшү керек.

СУРОО: Кыргызстандагы ар кандай жамааттар көбөйүп, жаштарыбыз бири нуржу, бири сулайманчы, бири Фетхуллах Гуленчи бири ушундай-ушундай. .. болуп ажырым ичибизден пайда болууда. Альхамдуллиллах, буларды жаман дештен алысмын бирок баары бир дубаларында, баскан-турганында айырмачылыктар бар. Бизге мунун пайдасы көппү, же зыяныбы?

ЖООП: Зыян деп айткан туура эмес, пайдасы бар десек болот. Себеби, диалог түзүүгө негиз болот. Адамдын акылын чектегенге болбойт, адам акыйкатка канышы керек. Ушундай жамааттар акырындап тартипке келет. Бул боло турган маселе, болгону да жакшы. Бул көрүнүш башка жерлерде болбосо, боло турган учур келет. А бизде акырындап калыбына келип баратат.

СУРОО: Менин ата-энем сөз келишпестиктен урушуп кетишип, апам кетип калган (туугандардыкында жашайт). Апам атамды өзгөрсүн, кечирим сурап келсин деп жатат. Атам болсо бирде жакшы айтып, бирде келбегенине жини келип сөгөт. Атам менен апамдын ортосу 12 жаш. Балким, ортодогу бири-бирин түшүнүшүү оор болуп жатса керек. Эмне кылып атамды өзгөртсөм болот? Апам иншаАлла, намаз окуйт. Ал эми атама "Намаз окуп, ибадат кылыныз"- десем,ал сөздү уккусу келбейт, жаман айтып, "цыган болбойм"- дегенсип койду. Ушул сөз катуу тийди. Демек, атама апамдын намаз окуганы үйдөн чыкпашы үчүн эле болгондой... Апам үйдө эмес болгондуктан, үйгө баргым келбей, "атам го"-деп барам, бирок жаман сөздөрүн укканда кыжырданам. Эки жакка бирдей болоюн дейм, эмне кылышым керек? Экөөнүн урушпай эки жакта жүргөнү жакшыбы, же бири-бирин жек көрүшүп чогуу жашаганы жакшыбы? Атам 57де, мен бойго жетип калдым, иним 12де (атам менен) ч ачырап жү р ү п, кийинки жашообуз кандай болот?

ЖООП: Дуба кылабыз, иншаАлла.Башка эмне дейбиз. Албетте, балдары чоңоюп калганда минтип бөлүнүп калганы жакшы эмес.

СУРОО: У стаз , м ен намаз окуйм официант болуп иштесем болобу?

ЖООП: Эгер адал тамак менен тейлесе боло берет.

СУРОО: Эгер күйөөдөн ажыраган келин бойдок балага турмушка чыгып, нике кыйдырып ата-энелерине айтпастан экөө жакшы эле жашап жүрөт. Бирок баланын ата-энеси күйөөдөн чыккан келинди алып бербеймин десе, ак нике эмне болот, же ажырап кетсе болобу? Бирок келинге кыйын болбойбу күйөөдөн күйөөгө чыгыш, же Аллахтын буйругу ушундай тагдырбы?

ЖООП: Сурооңуз башаламан.Башында сурабай туруп, эми сурап жатасыз. Ата-эне да баласын ойлойт. Негизи күйөөдөн чыккан эже, карындаштарым бул маселеде жети өлчөп бир кесип, чечим кылышса мындай болбойт эле. Ата-эненин макулдугусуз үйлөнгөндөр кийин ушинтип, көп суроодо калат. Шариат тыюу салбайт, пайгамбарыбыз деле Хатижа энебиздин үчүнчү күйөөсү.

СУРОО: Биз жолдошум экөөбүз дааватка чыгалы дегенбиз. Бирок күйөөм биринчи өзү чыгыш керек экен, ушу чынбы?

ЖООП: Туура. Негизи аялдар эркектерге караганда зээндүү келет. Экөө тең баштаган болсо, аялдар күйөөсүнөн озуп кетип, амирсап болуп алат. Негизи шариатта дааватка чыгат деген жок. Бирок динди үйрөнүүнүн бир жолу катары кабыл алуу керек. Эркек үйүнө кожоюндук кылышы үчүн бардык тараптан жогору болгону жакшы. Үй-бүлөдөгү баланс сакталат.

СУРОО: Мен үйдө жалгыз калганда, же балдарым уктап калса намаз окусам өзүмчө корко берем. Кечинде жалгыз эшикке чыккандан корком. Кантсем коркпой калам?

ЖООП: Коркуу сезимин жок кыла албайбыз. Бирок, коркуу бир Кудайдан болгону жакшы. Кудайга болгон ыйманыңызды оңдосоңуз, жеңилдеп каласыз. Куран окуңуз.

СУРОО: Forex (дүйнөлүк банктар аралык түзүлгөн система, бул эл аралык валюта базары, бул жерде акча алып сатуу иштери жүрөт, каалоочулар Forexке акча салып, инвестиция кылса болот). Бул халалбы , же арамбы? Forex динге туура келеби , же жокпу? Сураныч, ушул жө н ү нд ө маалымат билип берсениздер.

ЖООП: Булардын расмий кагаздары менен таанышып анан фатва бербесе, оозеки айтылган маалыматтар боюнча арам, же адал деп айтуунун өзү ката.

СУРОО: Арабча жазуусу бар кагаздан жасалган тумар таап алдым, көзү ачыктарга дубаланган окшойт деп таштандыга ыргытып жибердим. Эч нерсе болбойбу?

ЖООП: Куран аяты жазылган болсо, күнөөкөр болосуз.

СУРОО: Окутуп алат дегенге ишенсе болобу?

ЖООП: Ишенсе болот, сыйкырчылык деген бар.А муну Кудайдан коркпогондор кылышат. Дайыма даарат, зикир менен жүрүү керек.

СУРОО: Орусияда бирөөнүн паспорту менен иштеген туурабы? Ошол бирөөнүн паспорту менен тапкан акча халал болуп эсептелинеби?

ЖООП: Бирөөнүн паспорту менен тапкан акча арам болбойт, бирок бирөөнүн паспорту менен жүргөндүн өзү туура эмес. Орусияны алдап жатпайсыңбы? ! Алдаган шариатка туура келбейт.

СУРОО: Тага - жээн турмуш курса болобу?

ЖООП: Болот. Бирок, бир тууган тага-жээн болбойт. Мисалы, апаңдын бир тууган инисине турмушка чыккан болбойт. Бир тууганынын баласына чыксаң болот.

СУРОО: Зайтун майы ден-соолукка пайдалуу дейт. Куран, хадисте, ислам медицинасында кандай айтылат. Арыктатат, жашартат дейт ушул чынбы?

ЖООП: Ушундай айтылат. Арыктатканы, жашартканы чын. Зайтун тууралуу Куранда да, хадисте да айтылат.

СУРОО: Исламда тарикат жолунун орду кандай? Тарикат деген эмне деген жол? Алла ыраазы болсун!

ЖООП: Тарикат деген түздөн-түз мааниси адамга такыбалыкты үйрөтө турган мектеп. Фыкх адамга адеп-тартипти үйрөтсө, акыйда ишенимди, тарикат такыбалыктын жолун үйрөтөт. Азыркылар тарикатты жанагынтип бийге түшкөндү түшүнүп алып жатканы туура эмес.

СУРОО: Мен фотограф болуп иштейм тапкан акчам кандай макүрүүбү, же адалбы, же арамбы?

ЖООП: Эмне тартканыңызга байланыштуу. Жылаңачты тартсаңыз-арам, паспортко тартсаңыз – адал, же жөн эле нары-карап, бери карап түшө берсе-макүрүү болот.

СУРОО: Дааватты мазхаб менен кылыш керекпи?

ЖООП: Даават-динге чакыруу, таргип берүү. Мазхабды исламды түшүнүү үчүн пайдалануу керек.

СУРОО: Ош шаарында кай жерден жакшы илим алса болот? Дааватка чыкпай туруп алса болобу? Чоң рахмат! Аллах ыраазы болсун сизден!

ЖООП: Ош шаарындагы сабактар тууралуу кабарым жок. Казыяттарга кайрылсаңар болот.

СУРОО: Коёндун эти арамбы, же адалбы? жана бозо деген улуттук Кыргыздардын ичимдиги арам болобу? Бозо ачытылат арам дейт. Нан ж.б,. нерселер деле ошондой да?

ЖООП: Коён адал, бозо арам.Ачытылганынан арам болбойт, мас кылганынан арам делет. Пайгамбарыбыз: «Ар бир мас кылуучу нерсе арам» деген.

СУРОО: Багымдатты 6:40 окуш керекпи, же күн чыккыча окуса болобу?

ЖООП: Таң аткандан күн чыкканга чейин окуу керек.

СУРОО: Норвегияда бир тууганыбыз бар. Ал жакта 3күн чыкпайт, 3 күн чыгат экен. Намаз убактысынан кыйналып жатам дейт. Күн чыкпаган күндөрү кайдай окуш керек? Күн чыккан жагына батат экен, кыбылага кантип карайт? Алдын ала рахмат.

ЖООП: Норвегияга жакын аймактагы убакыт менен окуу керек болот.Кыбыланын күн батыш менен байланышы жок. Кыбыла Каабага байланыштуу. Күн кыска болгондуктан бир жактан чыгып, ошол жактан баткандай көрүнөт. Бирок күн чыккан жагынан батпайт.

СУРОО: Махр калың эмес, махрды кыз сурайт деген кандай?

ЖООП: Махр деген калың, калың деген махр. Кыз калыңды сурай албайт, атасы анын өкүлү болгондуктан ага сурап берилет.

СУРОО: Аллах жалгыз, андан башка К удай жок туурабы? Анан тү ш ү нб ө йм да, эмнеге ислам агымдарга бө л ү н ө т? Аллахка эле сыйынышат, башкача жолдор мененб и, эмнеге?

ЖООП: Туптуура, Аллах жалгыз. Адамдардын беш манжасы ар кандай болгон сыяктуу, Алла Тааланын Куранын ар кандай түшүнгөн акыл-эстеги адамдар бар. Агымдардын болушу ошол себептен. Кудай жалгыз экенин билишсе да, кээ бири көп нерсени «кудай» кылып алышат. Бирок ар бир адам акыйкатты издесе, сөзсүз табат.

СУРОО: Өзүм Америкадамын сүйлөшүп жүргөн кызым Кыргызстанда. Ата-энем жакында куда түшкөнү барышат. Суроом: Кызымды бул жакка чакыртып, бул жактан эле нике кыйдырып алсам болобу? Эгер болсо кандай жолдор менен?

ЖООП: Куда түшкөнү барганда, ошол жерден нике кыйылышы керек. Өзүң келе албасаң, таекеңби, жээниңби бирөөнү өзүңдүн атыңдан өкүл кылып жибер. Ошондо кыз Америкага барганда, кыздын колунан кармаганга уруксат аласың. Бул жактан нике кыйылбай, ал кыз Америкага барып, анан экөөң мечитке жетелешип барганга чейин арам болуп калат. Скайптан нике кыюу деген дагы туура эмес.

СУРОО: Менин адамдарым бар бирок мага көрүнбөйт. Сен Куран түшүрүп даражан көтөрүлгөн кезде көрүнөт дейт. Мен эмчи тамыр кармап көргөн энеден дуба алганмын. Таятамдын тагасы эшен ата болгон . Мен Куран түшүрүп «Ашрату Саъа» жана ушундай китептерди окуп адамдарым менен бирге элге жардам берсем, Аллах алдында күнөө болбойбу? Адамдын ооруусун биле турган өнөр бар бирок, ага даражам жете элек . Куран түшүрөйүн десем, эч жолум болбойт . Эмне кылуу керек? Кеңеш берип коюнузчу, рахмат

ЖООП: Сен ооруп калыптырсың, бир тууганым. Өзүңө дем салдыр. «Ашрату Саъа» окуйм деп эле, өзүңдү «касиеттүү» сезе бербе! Медресеге кирип оку.

СУРОО: Мен Бишкекте жашайм, Ошко өз үйүмө 10 күнгө келгенде каср намаз окуймунбу? Аллах ыраазы болсун, эки дүйнөдө бактылуулук берсин сизге. Аминь

ЖООП: Ошто үйүңүз бар болсо, толук окуй бересиз.

СУРОО: Акыйкатта бизде суроолорубуз өтө көп. Ар бир суроолорго жооп жазып чакан китепчелерди диний башкарманын уруксаты менен басып чыгарса болобу? Ошондо Аар бир үйдө болсо кандай жакшы. Кээде сураган сурооңдун жообун такыр унутасын дагы кайра кайсы илимдүүгө, кайрылсам экен деп каласың.

ЖООП: Ооба, ошол маселени эске алып, мына «Бактылуулуктун формуласы» деген китепти чыгардык, эми дагы экинчисин чыгарганы турабыз. Бул китепти алып окуңуз.

СУРОО: Куран жаттоо үчүн зээнди күчөтүү үчүн эмне кылуу керек? Рахмат

ЖООП: Адал тамак жеш керек. Такыба болуш керек.

СУРОО: Куран окуган аял менен Куран окуган эркектин сообу бирдей болобу? Жаннатка Куран окуп кирген эркектер менен Куран окуган аялдардын даражасы бирдей болобу? Аллах сизден ыраазы болсун, рахмат.

ЖООП: Ооба, бирдей болот.

СУРОО: Устаз, «Экоисламик» банктан кредитке автомашина алса болобу? Маршруткада хижаб менен кыйын экен. Рахмат.

ЖООП: Дүйнөлүк тажрыйба боюнча банк боюнча фатваны ошол банктын кеңешинде мүчө болгон аалымдар берет. Мен бул банктын кеңешинде мүчө эмесмин. Банктын ишмердүүлүгү, ички принциптери кандай экенин билбегендиктен айта албайм. Хижаб коомдук транспортто кыйын эле, кыйын эле деп чечип салат белеңиз?.

СУРОО: 1) аял кишиге жаназа окулабы? 2) мусулман канга донор болсо болобу? 3) Америка штаттарындагы мусулмандар дын бере турган зекети канча болот?

ЖООП: 1)Аял кишиге жаназа окулат. 2) донор болсо болот. 3) Зекет баасы бардык жерде бирдей. Тапкан ырыскынын 2,5 пайызын берүү керек.

СУРОО: Таксыр, мен арабчаны жаза алам, бирок окуй албайм .
Мен өзүмө Куранды биринчи тамгасынан баштап арабча үйрөнөм дегенмин. Анан Куран түшүрүп кары болсом дейм. Бирок 5 жылдай болуп калды, эч болбой жатат, эмне кылуу керек?


ЖООП: Окуй албасаң кантип жазасың? Кызык, анда сен сүрөтчү турбайсыңбы! Устаз таап, анын жетеги менен үйрөнүшүң керек.

СУРОО: Сиз айттыныз эгерде ШЕЙХ көрсөңөр айткыла деп .
2013-жылы 15-Сентябрда Москвада дүйнө Мусулмандар арасында Куран окуу боюнча жарыш болгон . Ушул кечеге Арабия өлкөсүнөн
ШЕЙХ АБУ БАКР АШ ШАТРИ келген мен өз көзүм менен көргөмүн. Бул адам Куран окуу үнү менен бүткүл дүйнөгө белгилүү.


ЖООП: Мындай шейхтерди мен көп көрүп жүрөм...

СУРОО: Бир тууган мен ойлойм менин суроомо да жооп болот деп Чубак ажы биздин мечитте эки адамдын ортосунда көптөн бери чечилбей келген маселе мындай: бирөөсү айтат, мусулмандар ибадат кылгандар гана бейишке кирет. Ал эми мурунку жана азыркы башка динди кармагандар дини жоктор кирбейт дейт. Ал эми экинчиси жок кирет деп талашып келишет жана да биздин жамаат сиз менен байланышып суроо берсек дешет бирок эч эле байланыша албадык мүмкүн болсо тел. номеринизди берсениз.

ЖООП: Мухаммед пайгамбарга чейинкилер ага чейинки дин менен бекем жашаган болсо, ошол такыбалыгы үчүн бейишке кирет. Пайгамбарыбыздан кийинкилер Мухаммеддин дини менен жашагандар гана бейишке кирет.0700948583

СУРОО: Кредитке телефон, же ушул сыяктуу буюмдарды алып иштетсе болобу?

ЖООП: Муну исламдык банк болсо жана ошол банктын кеңешиндеги аалымдардын фатвасы менен таанышып, чечүү керек. Башка учурда болбойт.

СУРОО: Ассаламу алейкум, кыз-жигиттин достугу болобу, же тыюу барбы динибизде. Ушул боюнча күндө коомдук желелерде да талаш, чечип беринизчи.

ЖООП: Болбойт. Дегеле, кыз-жигиттин ортосундагы мамиле олуттуу иштер менен гана болушу керек. Мисалы, жумушка байланыштуу. Ал эми дос болуп, ынак болуу деген түшүнүк болбошу керек. Эгер интернеттеги «достук» тууралуу айтсаңыз, максат маселеге үн кошуу, дин кызматында кызматташууга гана байланат. Интернетте дос болуп алып чай ичиш деген сөз эмес. Иштиктүү байланыш менен гана чектелет.

СУРОО: Бир кыз менен нике кыйдырып, бирок экөөбүз эки башка жакта убактылуу жашасак болобу? Мен кээде барып, жардам берип турмакмын. Ал мурун ажырашкан, мен да ажырашканмын. Анан Кудай буюрса, шарт түзүлгөндөн кийин чогуу жашайт элек.

ЖООП: Ошол шарт түзүлгөндөн кийин нике кыйдыр. Ага чейин эч кандай мамиле түзбө жана Кудайга жалынып сурай бер. Нике кыйгандан кийин сен ал аялга жоопкер болсуң. Андан көрө эртерээк шарт түзгөнгө аракет кыл.

СУРОО: Аялым менен чогуу намазды жамаат кылып окусак, ниетти кандай кылыш керек?

ЖООП: Ооба, аялыңа имам болуп окуп жаткандан кийин ниетти түздөшүң керек болот. «Аялыма имамдык кылууга» деп ниет кыла бер. Эгер ниет кылбасаң намазың өтпөй калат.

СУРОО: Ооруп жаткан учурда намазды кантип окуса болот? Даарат алганга да шарт болбой калган учурларда .

ЖООП: Таямум алыш керек болот.Бирок жалкоолонуп эле таямум ала бербеңиз. Дарыгер-себепчиңиз ооруңузга байланыштуу суу тийгизбөө керектигин айткан болсо, ошол суу саламаттыкка зыян жеткирип жатса, же сууга бара турган жолдо өмүргө коркунуч туулган учурда, же таптакыр суу табылбай калган шартта гана таямум алуу керек. Абалы ошондой эле оор болсо, намазды туруп окуй албаса, отуруп окуйт. Отуруп окуй албаса, башы кыймылдап турган болсо, көз ирмем менен башын кыймылдатып ишарат менен окуйт.

СУРОО: Албарсты (Басырык) тууралуу эмнени айта аласыз? Бул тууралуу куттуу Куранда айтылганбы?

ЖООП: Бул жин.Куран окуп, даарат менен жүргөн адамга тийиштик кыла албайт.

СУРОО: Түш тууралуу маалымат бере кетсеңиз. Түш тууралуу пайгамбарыбыздын хадистеринде, Ыйык Кураани Каримде кандай сүрөөлөрдө айтылат? Т ү ш аркылуу адам алдыда боло турган окуялар тууралуу кабар ала алабы? Деги эле ислам негиздерине дал келген тү ш жоруу китептери барбы?

ЖООП: Түш тууралуу китептер көп. Суроолор да көп болуп жатат. Бул темада макала жазайын деп турам. «Ислам жолу» сайтына жарыялайм, иншаАлла. Кандай түш болбосун жакшылыкка жоруу керек. Жаман түш көрүп калсаңыз, эч кимге айтпай жарды-жалчыга садака берип коюңуз. Жаман түштөр көпкө уктоо, же туура эмес убакыттагы уйкуга да байланыштуу болот.

СУРОО: Эртең менен багымдатты окуймун. Учурда мен Москвадамын жумушта окуганга уруксат жок. Баарын Куптан убактысында кошуп окууга болобу?

ЖООП: Намазды 5 убак окуу парз. Багымдатты калтырбай окуп, дуба кыла бер. Каза кылбаганга аракет кыл.

СУРОО: Телефонго жазылып алынган сүрөөлөрдү наушник менен жатып укса болобу, же отуруп угуш керекпи? Рахмат.

ЖООП: Куранды жатып алып окуганга болбойт. Бирок, отуруп уга албасаң жатып алып ук. Бирок, жатып алып Куран угуп жатканыңды көргөн адамга Куранды сыйлабагандай түр көрсөтсөң, андан сактануу керек.

СУРОО: Мени кыжаалат кылган көп нерсе бар. 1. Аллахымдын амири менен илгерки каза намаздарымы толуктаганга аракет кылып жатамын. Көбүнчө багымдат намаздын убагы киргенче, анан аср намазынан кийин окуп жаткам. Бир таксыр ал убакта намаз окуганга болбойт дегенинен күмөн болуп калдым. Мен аср намазынан кийин илгерки каза намаздарды окуса болот дегенин уккан элем, ал эми багымдат намазга чейинки каза окуган болбосун билбеген экемин.

ЖООП: Бул туура эле. Асрдан кийин нафил намаздар гана окулбайт, каза окула берет.

СУРОО: Хижаб масалеси. Бизде Кыргызстанда мамлекеттик жумуштарда, же башка жумуштарда хижабчан иштөө маселеси кандай? Мисалы, мен иншаАллах, инженер-эколог болом жана хиджаб парзымы аткарууга ниет кылып жатам. Жакшы жумушта иштеп, үй-бүлөөмө жардам берүүм керек. Ошондой эле бул парзды аткармайынча жүрөгүмдө бейпилдик орнобой тургандай сезилет. Ушул тууралуу маалымат бере аласызбы? Кандай кылсам туура болот? Аллах ыраазы болсун!

ЖООП: Бул мектептерде эле маселе болбосо, башка жерлерде андай жок. Негизи мектепте да болбошу керек. Ишиңизди, укугуңузду жакшы билишиңиз керек. Анан парзды аткаруу да керек. Кудайым жардам берсин.

СУРОО: Менде эки суроо бар: 1) Жүрөк түшкөндө кандай дубалар аркылуу адам өзүнүн жүрөгүн көтөрө алат? 2) Жүрөк түшкөндөн бери ооруканага барып ар кандай диагноздорду коюп жатышат, мындан улам тынчым кетип, ойлорум жалаң гана жаман ойлордон куралууда... Кудайга шүгүр намаз деле окуп жатамын.

ЖООП: Кудайга чын ыкластан берилип дуба кылуу, Кудайга тапшыруу бардык маселени чечет.

СУРОО: Тө рө л ө элек наристеге ат (ысым) тандап , же караштыра берсе болобу?

ЖООП: Болот.

СУРОО: Ихсан_Алла Таалага, аны көрүп тургандай ибадат кылуу. Бул Алла Тааланын "Сыддык" деген наамды алган сүйүктүү пенделеринин даражасы, дегенин окуп калып менде төмөндөгүдөй суроо пайда болду. Исламда дагы кандай даражалар бар, болсо кандай аталат?

ЖООП: Ихсан эң жогорку даража. Ушуга умтула бериңиз.

СУРОО: Кыргызда макалдар бар "Баш кесмек бар тил кесмек жок", "Сөз келгенде атаңды аяба"," Сөз келгенде айтпасаң, сөз атасы өлөт" ж.б,. Айтайын дегеним М; намаз окуган адам туура сөздү айтуу үчүн өзүңөн чоңдорго ата-эне, кайнене-кайнатага да сөз кайрыса болобу, же алардыкы калп болсо да макулдап коюш керекпи?

ЖООП: Кырдаалга жараша да. Кээде чындык сен тарапта болсо деле, кайнене, кайнатаны сыйлап жол бошотуп койсоң, ошол чындыкты тапкан күнү уялып калышат. Сууну сиңген жерге куюп, сөздү укканга айтуу керек.

СУРОО: Сизге Аллахтын рахматы болсун! Сизден суранарым менин атам Абдумиталипке да жакшылап бата кылып коюунузду суранам. Атамды жашы 60ка жакындап баратат. Бирок алиге дейре намаз окууну баштай элек.

ЖООП: Аллахым ыйман берсин. Атаңыз пайгамбар жашына келиптир, эртерээк намаз окусун. Дегеле, бардык намазы жокторду Кудайым намаздар кылсын.

СУРОО: Мени намаз окуюн деген оюм бар, жашым 18де. 1.Намаз окуган адам кандай кийинип жүрүү керек? Анан кечинде көчөдө жүрбөш керекпи, же боло береби? Майрамдарда кафелерге барса болобу? 2.Жумушка байланыштуу 5убак намаз окууганга шартым жок. Азырынча эртең менен анан кечинде окуп турсам болобу? Ушул намаз окуган адам кандай жүрүш керек ошол жөнүндө маалымат таштап кетсениз. Рахмат чоң!Алина

ЖООП: Намазды баштоо керек. Намаз окуган адам адамдай кийинип жүрүү керек. Чыпташканды кийбеш керек. Эркектер сары менен кызылды кийбеши керек. Шариат талап кылгандай, адептүү кийинүү зарыл. Көчөгө зарыл жумуш болгондо эле чыкпасаң, бейчеки басканды шариат жактырбайт. Намазга ар кайсы шылтоону айтпаш керек. Намаз окуган адам адептүү болушу керек.

СУРОО: Мен көбүнчө уктаганда ичим менен уктайм (көмкөрөмөн) анан мага көмкөрөмөн жана чалкасынан уктаганга болбойт деп айтышты бул туурабы? Эгер болбосо себеби эмнеде? Жооп күтөм.

ЖООП: Пайгамбарыбыз: «Тозоктогулар көмкөрөсүнөн болот» деген. Уктаганда сүннөткө ылайык жатуу керек. Уктап калып көмкөрөңдөн түшүп калсаң эч нерсе болбойт. Атайылап антип жатпа деген сөз.

СУРОО: Көзүм өзүмө жакпайт операция жасатсам болобу? Күйөөмө жагыш үчүн?

ЖООП: Балким күйөөңө жагат. Артык кылам деп, тыртык кылып алба. Сен андан көрө көзүңдү жакшылап боё. Боё десе ошол боюнча көчөгө чыкпа, чыксаң кара көз айнек, же паранжа кийип ал.

СУРОО: Күнүгө окулган намаздардын аттарын, кайсы сүннөт кайсы парз жазып жана алардын убактысын жазып бересиңерби сураныч.

ЖООП: Бул бонча 5 убак намаз деген кичинекей чөнтөк китептер көп чыгып жатат. Ошолордон окусаң болот.

СУРОО: Үй-бүлө жөнүндө насааттарды кайсы сайттан окуса болот?

ЖООП: «Ислам жолу» сайтынан окусаң болот.

СУРОО: Аллахыбызда неге мынчалык күчтүү кудурети бар жана Аллах тууралуу маалымат берип кетесиздерби. Аллах колдосун силерди.

ЖООП: Алланын кудурети чексиз. Бул тууралуу сөз кылсак, сөз бүтпөйт. Бул үчүн Кудайдын кудуретин тааныткан китептерди көп окуңуз. «Ислам жолу» сайтын окуңуз. Жакшы маалыматтар бар.

СУРОО: Атасы баласына кылган дуба кабыл болобу?

ЖООП: Ооба.

СУРОО: Биздин аймак тоолу болгондуктан тоо жаныбарлары менен элдин мамилеси тыгыз. Ошондуктан тоодо жашаган суур жаныбарын эл эч себепсиз эле жеше беришет. Эмнеге деп сурасам дарылыкка дешет. Негизи мен суурдун арам экенин айтсам деле далили ң ди айт дешет. Негизи бул тууралуу Курандан жана Хадистерден далилдери менен кеңири кабарлап берсеңиздер? Сураныч... Алдын ала Аллах ыраазы болсун...

ЖООП: Эгер,суур чөп гана жей турган болсо, коёндун өкүмүндөй болот. Эгер, чычкан жей турган болсо, мышыктын өкүмүндөй болот. Кээ бирлер айтып жүрүшөт баласын жеп коёт, айыз көрөт дешип. Анын эмне жээрин билбегенден кийин адал, же арам болот деп айтыш кыйын.

СУРОО: Аллах сизден ыраазы болсун! Мен диндемин бирок, бир тууганым ичкилик ичет. Ичкенде эч нерсени билбей жумалап ичет дин жолу менен кантип калтырсак болот?

ЖООП: Дааватка чыгар, дуба кыл.

СУРОО: Зекетти акча түрүндө берсе, канча пайызын берет?

ЖООП: Тапкан акчанын 2,5 пайызын

СУРОО: Ажылыка интернет аркылуу кандай каттала алабыз, же башка кандай жолу бар?

ЖООП: Бул боюнча муфтиятка кайрылыңыз.

СУРОО: Устаз, биз намаздарды жалгыз окуганда жарыя окушубуз керекпи, же купуя окуйбузбу? Бутка маск тартса болобу байпактын үстүнөн? Мен повар болуп иштем кээде чочконун этин кармашка туура келип калат. Чочконун этин кармасам күнөөкөр болбойбузбу? Рахмат алдын ала.

ЖООП: Эркектер каалаганындай окуй берет. Аялдардын купуя окуган жакшы. Байпакка масх тартыш үчүн байпактан суу өтпөшү керек, бутан шыпырылып түшүп калбагыдай болушу керек. Жок дегенде, 5 км баса тургандай болушу керек. Торопойду сыласа арам болуп калбайт. Бирок, сиздин тамакты мусулман жесе арам болот. Эгер этти кармаганда кол терисине тийсе жууп коюу керек.

СУРОО: Денени тилдирип кан алдырып (хижама ) кылгандын ден - соолука кандай пайдасы бар?

ЖООП: Бул сүннөт. Пайдасы көп. Бирок тажрыйбалуу дарыгерге кылдыруу керек.

СУРОО: Аял күйөөсүнүн уруктугун бетине сүйкөсө болобу? Косметикалык максатта.

ЖООП: Астагфируллах! Нажасты бетиңе кантип шыбайсың?! Мунун сойкулар кылат! Мусулман кантип ушундай кылсын?!

Атайын "Ислам жолу" сайты үчүн

жаздырып алган Мээрим Осмонкул кызы


Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   sterva   27 Февраль 2014 - 00:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 955
  • Катталган: 17 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 08:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Дагы жазчы суроо-жоопторун. ..
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   vankuver   27 Февраль 2014 - 11:51

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

СУРОО
.
-Мен 24 жаштамын. Менден 17 жаш улуу менен сүйлөшүп жүрөм. Никебиз бар. Бирок анын үй-бүлөсү бар. Мени токол кылып алам дейт. Бири-бирибизди өтө жакшы көрөбүз. Боло береби же мен өтө жаман нерсеге барып жатамбы?
.
ЖООП
.
-Кыз биринчи жолу турмушка чыгып жатканда ата-энесинин уруксат берүүсү милдет. Нике теңдикти талап кылат. Эгер аялдын экинчи турмушу болсо, анда аял өзү никесин тандаса болот. Нике кыйылган болсо кабыл алынат. Бирок никенин маңызы аны жарыя кылууда. Жашыруун никелешип алуу жакшы эмес. Анын үстүнө эркектин биринчи аялы макул эмес болсо, үй-бүлөнүн ыркы кетип, жада калса ажырашуу коркунучу бар. Көп аялдуулукка уруксат деп эле азыркылар жеке кумарын ойлоп жаш кыздарды алып жатышат. Бул туура эмес. Көп аялдуулук кумар кандыруунун жолу эмес. Социалдык маселелерди чечүүгө багытталган. Пайгамбарыбыз жесир калган аялдардын бала-чакасын камсыздоо максатында өзүнөн чоң аялдарга үйлөнгөн. Терең ойлонуп келечегиңизди чечиңиз.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   vankuver   04 Март 2014 - 13:28

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Чубак ажы Жалилов
.

СУРОО ЖООП
.

- Учурда айрым аялы бар адамдар убактылуу нике кыйышып, аны менен жыныстык катнашта болгон соң талак берип ажырашып алышат экен. Бул мусулманчылыкта күнөөбү же күнөө эмеспи?
.
- Убактылуу нике кыйганга шариат жол бербейт. Бул сойкулукту расмийлештирүү дегенге барбар. Ар бир адам ажырашаарда өзүнүн апасын, эже-карындаштарын, кызын элестетүүсү керек болот. Сойкулук, же шариатташтырып айтканда зынаа кылган адамдын тууган аялзатына эртели-кеч зынаа кылынбай койбойт. Такыр аялзатынан тууганы жок делгенине да акыр-түбү үйүнүн дубалына зынаакор адам жаба сийип кетет. Убактылуу нике кыйдырган менен ал кыйылып калбайт. Азыр өлкөбүздү каптап келе жаткан шийит агымында убактылуу никеге жол берилет деп айтылат. Бизге шийит агымы перс тили жана маданиятын улуттук, гуманитардык университеттерде окутуу аркылуу кирип жатат. Эгер шийит агымы күч алса Сириядагы абал бизге келиши мүмкүн. Анткени Сирияда сунниттер менен шииттерди кагыштырып, андан экономикалык жана саясый упай топтоп жаткан державалар бар.
.
- Урушчаак аялды кантип жумшартса болот?
- Урушчаак аял өзүнөн-өзү эмес турмуштун заарынан улам урушчаак болушу мүмкүн. Мышыкты деле ургулай берсең, айласы кеткенде арстандай айбат көрсөтөт. Айтор, баккан ээси жарашса күйпүл күчүк сак болот, алган эри жарашса кара катын ак болот. Жарашпай калса сакоо катынга тил бүтүп, уулуу заарга айланат. Ошондуктан аялды күндүзү үйдөгү идиш жуууп, кийим жууп, балдарды караган роботтой көрүп, түндөсү бир түндүк сойкудай пайдаланбай, ага аял катары, өмүрлүк жар катары, эң негизгиси эркек сыяктуу эле урмат-сый менен жыргалчылыкка укуктуу адам катары мамиле кылуу керек. Экинчиден, айылдын балдары үйрөтүлө элек тайларды үйрөткөндү, чарс аттарды жоошутканды билебиз да. Ошентип жоошутуп, анча-мынча алдаса да болот. Ортодогу сүйүү жалындап күйүү үчүн кичине калп айтып, аялзатын мактап койсо да болот. Аял киши көзүнө ишенбейт, кулагына ишенет. Акылына ишенбейт, сезимине ишенет. Ошон үчүн аялдар башкарган машинелердин авариясы көп болот. Үчүнчүсү, ачууланып баштаганда эле кучактап, сүйлөтпөй өбө калсаң, оозу жабылат. Кээде аял киши эркектин эркектей болуп чечкиндүү кадам шилтегенин жактырат. Куру жентельмендик өтпөйт бу кургур жашоодо. Илгери Жаныбек Жанызак деген кээде акыл-эстүү аял-эркек мамилелерин жаза коюп жүрчү, ошонун сабагынан бир аз үйрөнүү деле ашыкча болбойт. Аял киши кумарынан канбай калса да ачуусу мурдуна чыгып, жердин баарын өзүнүн жинди казанына салып кууруп ийет. Акырында айтаарым, аялдарды дааватчылар таалимдерине жиберүү керек. Аял динге келсе, кыз жибектей созулуп, Айчүрөктөй суналып, Курманжандай каада күтүп, Каныкейдей жароокер болуп, Акмөөрдөй сулуу боло түшөт. Өзүмдүкү беле деп көзүңдү ачып-жуумп тааныбай каласың. Миң уккандан бир көргөн артык, ошенткиле эркектер.
.

- Акырындап аялдын аялга, эркектин эркекке үйлөнүүсү Кыргызстанга да жылып кире баштады. Муну медицина кызматкерлери табигый көрүнүш, оору дешет. Ислам буга кандай карайт?
.
- Ошентип айткан доктурларды бир сыйра Жыргал каары деген жинайдаар молдобуз бар - Ат-Башынын кулуну. Ошого бир көрсөтүп дем салдырыш керек. Ага болбосо Оштогу Ак-Бууранын суусуна кыштын күнү бутунан кармап башынан сууга салыш керек болот. Э кокуй, ушул кантип табигый көрүнүш болсун? Бул накта жапайы, акмак көрүнүш. Эркекке тийген эркексымалдарга кой кайтартып, илгеркидей сакмалга эки жолу салсаң, жамгырдын күнү кезүү кайтартып, бутун торпокко сыя бастыртсаң, колтугундагы колоңсосу сасып, буту чирип кете тургандай абалга алып келсең, кечинде сарайдагы көңдү чаптырсаң, анан көрөөр элем эркекке эрге тийгенди. Чачын кырып салып, молдого шакирттикке берип, одоно көйнөк ыштан кийгизсең, такымы кызарып пикириндеги "айчүрөк сулуу" болгону эсинен чыгып, өзүнө келээр эле. Ал эми аял ала турган болгон аялдарга пахта тердирип, тамеки чаптырып, күнүгө он эки уйду саадырып, сүтүн уюттуруп ишке койсок алар да акылына келет. Эркекке эркектин, аялга аялдын гормондорун ичириш керек. Жогоруда мен айткан нерселер да ошол гармондордун эң күчтүүлөрү. Ислам мындай чектен чыккандарды жектейт. Бул коомчулуктагы оору. Ооруну жашырсак өлүм ашкере кылат, муну жок кылуу керек.
.
- Даабатчылардын кир, аялдыкындай узун көйнөк кийип келип даабат айтышы туурабы?
.
- Эми ошол кир көйнөк кийген биздин (намаз окугандардын) эң жамандарыбыз болуп эсептелет. А намаз окубаган, кудайсыздардын эң жамандары бомж болуп көчөдө жүрөт го. Ошолор кир кийим кийип, бомж болуп жүргөндө көңүл бурбайбыз. Эң жакшы деп, сүрөттөрүн төргө илген, ошол намаз окубагандардын партиясындагы эки президент качып кетти го. Парламентте олтурган жакшылар ачуу суудан ууртаганын, даараткана таппай даракка жаба урганын, дагы башка болбогон иштерди кылганы көзгө көрүнбөй эле, ушул кир көйнөк көрүнүп калабы? Туура, мусулман таза болуш керек. А бирок ошону менен эле мусулманчылыкка көлөкө түшүрө берүүгө болобу? Ынсаптуулук кайда кетти? Биз карасак Абдышүкүр ажыга же мага карагыла. Биз бир ич кийимди эки күн катарынан кийбейбиз. Ал эми узун көйнөк боюнча, Суусамырдагы музейдеги Кожомкул алптын көйнөгү менен ошол дааватчынын көйнөгүнүн ыразмери бирдей болбосо, мага келгиле, мурдумду туурасынан кесип берейин. Мусулманчылыкты кармануу үчүн сөзсүз эле арабдардын же башкалардын көйнөгүн кийүү шарт эмес. А бирок ошол эле учурда алардын кийимин кийип алса тыюу салуу деле туура эмес деп билем. Анткени америкалыктардын же батыштын кийимин кийип жүргөндөргө эч ким каршы деле чыккан эмес. Мисалы тизесин көрсөтүп кыска кийген Каныкей энекебизди, же каре кылып чач кырктырган Айчүрөк апабызды, же көкүрөгүнүн жарымын көрсөткөн Курманжан датканы элестете аласызбы? Мен мисалы, элестетмек турсун акылыма сыйдыра албайм.
.

- Атасы сакал кое электе баласы сакал коюп алууга ислам жол береби?
.
- Негизи исламда сакалы жок адам үйлөнбөйт. Ал күйөөгө тийет. Балалуу болгонго чейин сакалдуу болуп калуусу кажет. Алыс барбай филармониянын дализиндеги залкарларды карап көрөлү. Курманжан ападан башканын баарынын сакалы бар. Орустардын кашасын жегендерди буга кошкон жокпуз. Кашадан ооз тийбеген кытайлык кыргыздардан Жусуп Мамайды карачы. Жел келсе сакалы желбиреп, көзүңө бир жакшы көрүнөт.
.
- Намаз окуп, кайра ичимдик ичип, сойкулук, тоноочулук кылган адамдарды Кудай кечиреби?
.
- Эми чындап ыйласа сокур көздөн жаш чыгыптыр. Жаңылып-жазбаган пенде болбойт. Чындап тооба кылса Кудайым кечирет. Эң эле жаманы кечирет экен деп кайра-кайра күнөө кылуу болот. Билип туруп сууга сийген дегендей кээ бирлер билип туруп арам иштерге батынышат. Буларга өзүнчө азап болоор. Кандай болгон күндө да тооба эшиги дайыма ачык турат. Ошол эле учурда эске ала турган жагдай, ар бир пенде ар бир мүнөттө аркы дүйнөгө узай берүүсү ыктымал.
.
- "Халал" деген тамак-аш продукцияларынын адал экенине кантип ишенебиз?
.
- Мамлекет менен диний башкармалык чогуу-чаран көзөмөлдөгөн Адал ишканасы тастыктаган болсо коркпой ишенсек боло берет. А бирок жеке менчик ишкана болгон учурда, шайтан алайхи лаьнанын таасири көбүрөөк тийип калуусу ыктымал. Негизи адал тамак-аштагы эске алуучу орчундуу жагдай эт жана эт азыктары болуп саналат. Ошондой эле ден соолукка зыяндуу азыктар да макрух же арам деген баага татыктуу болуп калат.
.
- Аялынын көзүнө чөп чалган эркек кантип күнөөсүнөн арылса болот?
.
- Тооба кылсын. Экинчи кайталабоого өзүнө шерт берсин. Кылган ишине өкүнүп, күнөөлүү болгондугун Кудай алдында мойнуна алсын. Дагы деле болбой чөп салгысы келип жатса, адалдап никелеп токол алсын, орозо кармасын. Жөн эле тооба кыла бербей, ошол күнөөнүн алдын алуу керек го. Коррупцияга каршы күрөш ошол коррупционерлерди камоо менен эле бүтпөйт да, анткени жаңы коррупционерлер чыга берет. Коррупцияга каршы күрөш ошол коррупцияны шарттаган жагдайларды жоготуу менен болот. Чөп салууну деле алдын алуу керек.
.

- Дин жолундагылардын ичимдик ичкендер менен бир дасторкондо отуруп тамак ичүүсү күнөө эмеспи?
.
- Күнөө болот. Колдон келишинче алар менен бир дасторкондо олтурбаганга аракет кылуу лаазым болоор. Арак бардык жамандыктын башаты. Бардык балээ ошого келип такалат.
.
- Ырдоо, сүрөт тартуу күнөө делет? Бул чынбы?
- Чын экени чын. Жандуунун сүрөтүн башы менен кошо тартуу күнөө. Жансыздарды мисалы жаратылышты же бир буюмду тартса боло берет. Ырдаганда да Жеңишбек менен Аалыдай болуп акыйкатты ырдаса сооп болот. Анан, жинди-кетти болуп ырдагандарга күнөө болот.
.
- Жини келген адам бирөөнү "эшек, "чочко" деп атаса, ага динде кандай күнөө тагылат?
- Сөккөндөй эле күнөө болот. Кээде мени ошентип айтты деп биротоло кыяматтык кас болуп алышат бирөөлөр. Антпей, аны да "чочко" , же "эшек" деп койсо тараза теңделип калат. Ошону менен маселе бүтөт.
.
- Никесиз бойдо бүтүп калган балага ким көбүрөөк жоопкер болот?
- Ошол никесиз бойго бүтүп калганга ким канчалык себепкер болсо ошончолук күнөө болот. Кунаажын көзүн сүзбөсө бука жибин үзөбү. Үзгөнү да, сүзгөнү да күнөөкөр болот.
.
- Денесин саткан кыз-келин дин жолуна түшсө кечирим болобу?
- Тооба кылса кечирим болот. Кудай Таалам чексиз мээримдүү, тооба кылса кечирет. Кечирет экен деп сойкулук кылуу да жарабайт. Тооба кылганга мүмкүнчүлүк берилбестен аркы дүйнөнгө узап кетүү ар бир мүнөттө болуп калуусун жогоруда айттык.
.
- Аялы бар эркек көчөдө чырайлуу, сулуу кыздарга суктанып караса не болот?
- Көзү агып түшөт. Аны кыяматта билет. Ошондуктан азыр эмне кылуу керектигин жогоруда айттык.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   sterva   04 Март 2014 - 13:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 955
  • Катталган: 17 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 08:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Рахмат vankuver. Дагы жазынызчы.
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   vankuver   07 Март 2014 - 18:14

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

.
.СУРОО:
Мен өзүм врачмын. Биздин тажрыйбабызда аборт көп жасалат. Мен да бул ишке катышкам. Азыр эмнегедир түшүм бузулуп жаш балдар кире баштады. Анан жасабай калдым. Эми ошол кылганым үчүн мага күнөө жазылабы, же аборт кылдырган кыздаргабы?
Жүрөгү сокконго чейин жасатса болот дейт, ал кандай?
Анан азыр өзүм кош бойлуумун,“өзүң төрөй албайсың, операция кылыш керек, кесарево” деп жатышат. Кээде олтуруп ойлоном, ошол кылган аборттордун натыйжасыбы деген жаман ой кетет.
.
ЖООП.Аборт Ислам Шариаты тарабынан уруксат эмес. Бир гана энеге зыян, баланы алдырыш керек деп адилеттуу, ишеничтүү доктурлар айткан болсо - эненин жанын сакташ, анын ден-соолугу үчүн гана аборт кылдырса болот. Бирок, "азыр төрөгүм келбейт, азырынча планда жок, ким багат? , же ойноштуктан пайда болгон балдарды алдырып салайын", - десе - бул таптакыр мумкун эмес! Алдырган да, операция жасаган кишилер да бирдей күнөөлүү.
Тообо кылыңыз. Ал нерсе билбестиктен, Кудайдын мыйзамын жакшы түшүнбөстуктөн болду десек болот. Азыр тообо кылып, бул ишти эч качан кайталабаймын деп Аллага убада берип, өзүңүздүн балаңызды аман-эсен төрөлүшүн тилеңиз. Аллах бардык нерсеге Кадыр, Кечирүүчү, Ырайымдуу, Боорукер! Качан пенде чын жүрөктөн тообо кылып, Жараткандан жалбарып тообо-дуа кылса, Аллах аны кечирет!
.
Алла айтат: “О, Менин өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллаhтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллаh бардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында, Ал - Кечиримдүү, Ырайымдуу! ” (Куран, Зумар: 53)
.
Эгер пенде чындап тообо кылса Аллаh анын бардык күнөөлөрүн, ал канчалык чоң жана көп болсо да, кечирет.
Аллаху аълам!

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   vankuver   07 Март 2014 - 18:21

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

.
СУРОО:1) Шариатта аял менен эркек кишинин кыз-жигит болуп жүрүшүнө мүмкүн эмес экен. Мен өзүмө ыймандуу, акылдуу жар табышым үчүн эмне кылышым керек?
2)шарият боюнча эркек киши аял адамды бир эле көрүп эгер жактырса үйлөнсө болот экен. Бир эле көрүп ал аялды ыймандуу кулк-мүнөзү жакшы экенин кантип билесиң? Анын үстүнө аял адам деле бир эле жолу көрүп эркек жөнүндө билип-билбей ыраазычылык(ата- энеси макул болгону менен)бербейтда. Сизден АЛЛАХ ыраазы болсун,чоң рахмат жообунузду күтөм...
.
ЖООП:Досторуңдун аялдары, эжелериң, жеңелериң, деги сен тараптагы аялдардын жардамы керек болот. Ооба, бир көрүп баарын биле албайсың, ал эмес өмүр бою жашап туруп деле, билбей өтүп кетесиң... Аял дагы ошондой, туура тандоо кыла албайт. Ошондуктан, ата-энесинин кеңеши, тандоосуна муктаж. Аялдарды аялдар жакшы билет, эркектерди эркектер жакшы билет. Ошондуктан жар тандоодо аял аял менен, эркек эркек менен сүйлөшүп, байкаганы туура. Жарандык никеде жашап, бири-бирибизди жакшы билип алабыз деген жаңылыш пикир.
.
СУРОО:Менин атым Сталбек кандай маанини түшүндүрөт?
.
ЖООП:Сталбек кандай максатта койду биз билбейбиз. Бирок, бул жаман деле ат эмес.
.
СУРОО:Мавлид айы келгенде молдолорду, таква, салых кишилерди үйүнө чакырып, тапкан тамагыны берип Мавлид набий окутса болобу? Биз ар дайым ушинтебиз. Быйыл бир чоң мечиттин имамы жумада "болбойт күнөөкөр болосуңар, бул бидаъат", - деди, кимиси туура?
.
ЖООП:Бул боюнча чоң макалам бар. Ошону окууну сунуш кылам. Бул темада кеңири түшүнүк аласыз деп ойлойм.
.
СУРОО:Кыргызстанда диний фыркалар көбөйүп жатканы байкалат, ошондойлорду сизге окшогон аалымдар тосуп туура жолго салса болбойбу? Дегеле, туура жол кайсыл жол? Аллах ыраазы болсун!
.
ЖООП:Кыргызстанда фырка деле жок. Сиз фырка деген жамааттар. Бул жамааттардын баары эле Ахли сунна вал жамаьадан болуу ыктымалы бар. Биздин лекциянын, баяндардын, маалымдоо каражаттарынан чыкканыбызда акыйкатты айтып жатканыбыз, ошол туура жолго багыт бергенге кылган аракет. Бирок, тигиники туура эмес, меники туура дегендин өзү туура эмес.
.
СУРОО:Орусияда курулушта иштейм, ошол мен иштеген фирманын директорунун үйүндө жашаймын. Анан директор арак, пиво ичет. «Мага алып келип берчи»,- деп дүкөнгө жөнөтөт, мен дайыма эле алып келип берем, күнөө эмеспи? Директор орус. Анан анча-мынча койдун, уйдун этинен тамак жасап алып келет, этти адал экенин билбейм, жесем болобу? Аллах ыраазы болсун.
.
ЖООП:Алып келбеген жакшы болмок. Бирок, ал мусулман эмес экен. Итке ачыган-кычыган, арам тамакты бергендей эле кеп. Ахли китептегиле сойсо жей бергенге уруксат.
.
СУРОО:Өз аялына нике жаңылаш сүннөтпү? Нике жаңылатса жакшы болот дейт. Жаңыдан нике окутса болобу?
.
ЖООП:Жок, сүннөт эмес. Кайра нике жаңылатам деген күмөнгө алып барат. Бир күнү эмне нике кыйдырып жатам деп отуруп ширкке жетесиң. Нике ажырабаса эмне кыйдырасың? Никени жаңылатсаң, сүйүү «ташып» кетет экен деген болбогон кеп.
.
СУРОО:Устаз, окуу, окуу жана окуу деги эле ислам дининде илим деп кайсыны билебиз, эмнелерди окушубуз керек? Мисалы, диний багытта билимби, же математика, физика, тарых ушул сыяктуу илимдерби? Түшүндүрмө берип кетсеңиз, илимдүү адам деп кимди түшүнөбүз? Рахмат
.
ЖООП:Адам динин түшүнүш үчүн алынган илимди атасак болот. Берки физика, математика сыяктуу илимдер да керек.
.
СУРОО:Урматтуу устаз, мен Москвада иштейм бир досум башка динге өтүп кеткен, кайра ислам динге кантип өткөрсөк болот?
ЖООП:Даават аркылуу.
.
СУРОО:Алыста үч күндөн ашык жүрсө, намаз толук окулабы, же каср кылып окуйбу?
ЖООП:Үйүңдөн 90 км алыстыкка ниет кылып чыга турган болсоң жана 15 күндөн аз сапарда болсоң каср окуйсуң. Эгер 15 күндөн көпкө калсаң, анда толук окуп баштайсың.
.
СУРОО:Чубак ажы үй-бүлөлүү болгондо акыйка кылдырыш шартбы, ошол жөнүндө кенири маалымат берип койсоңуз. Кылбасаң аял кишинин сообу да күйөөсүнө кете берет деп уктум... Аллах ыраазы болсун, сизден.
ЖООП:Акыйка деген башка. Сиз ак кечишүү тууралуу айтып жатат окшойсуз. Бул Баткенде кеңири жайылган түшүнүк, бирок ак кечишүү деген шариатта жок.
.
СУРОО:Эркек гинекологдун аялдарды төрөтүшү шариатта арамбы?
ЖООП:Арам болгон жана милдеттүү боло турган учур бар. Эгерде эркектен башка төрөтө турган аял гинеколог жок болсо жана эне-бала олуттуу зыянга учурап кала турган болсо, анда эркек гинеколог төрөтсө болот.
.
СУРОО:Менден бир эже карызга акча сураган эле мен анда иштечүмүн. «Макул айлык алсам берип турам»,- деп сөз берип койдум эле. Ошол учурда бир нерсе себеп болуп мен жумуштан чыгып кетип, ал эжейиме акча бере албай калдым. Ошол бойдон экөөбүз сүйлөшө элекпиз. Күнөө менден кеттиби? Бирок, чынында менде акча жок эле. Ушуга жооп берип коёсуздарбы, Аллах үчүн.
.
ЖООП:Эми сиз айлык алсам, берип турам деген экенсиз, айлык албай калыптырсыз. Убаданы аткаруу сооптуу, бирок аткара албай калсаңыз кечирим сурап коюңуз.
.
СУРОО:Бирөөгө карызга акча берген болсоң кийин кайтарганда кошуп берсе эмне кылыш керек? Кошуп берген акчасын алса болобу, же албаш керекпи?
.
ЖООП:Кошуп берсе албаш керек. Алса арам болот.
.
СУРОО:Ислам принциби мененнасыя берүү, каржылоо деген нерсе Исламда барбы? Куран жана хадисте кандай айтылган? Дүйнө жүзүндөгү жана Кыргызстандагы ислам принцибине таянганбанктык система канчалык даражада шариат менен төп келет? Рахмат
.
ЖООП:Азыркы банк системасын адалга туура келбейт деп эсептеген аалымдар бар. Кээ бирлери туура дешет. Мен кайсы бир банктын ишмердүүлүгү тууралуу айта албайм. Анткени, ислам принциби менен иш алып барып жатабыз деген банктардын өздөрүнүн кеңешинин курамында шариат боюнча адистер бар. Ошолор кредитпи, башкабы адалдыгына фатва беришет.
.
СУРОО:1) Аял эркек биргеликте бир жайда гусул кылса болобу? 2)Жума намазда имам хутбада "самиъи дуъа" деп бир аз отурат, анда адамдар кандай дуа кылыш керек? 3) Заара менен бөйрөктү дарыласа болобу?
.
ЖООП:1) Эгер жубайлар болсо, болот. 2) Дуба айтып жатканда угуп отуруш керек. 3) Негизи арамдан шыпаа болбойт. Бирок, айласыз, башка дары түгөнүп калып, анан дарыгерлер тажрыйбадан өткөн, шыпаа берген учурлар болсо дарылаганга уруксат. Мунун баары такыбычылыкка барып такалат...
.
СУРОО:Кичинемде апам үйдө тамак жасаганда анча-мынча бир чыныга салып таенеме берет эле. (үйү жакын болчу). А мен ошого киришет элем мени атамды тапканын чачып атасын дегенсип... Иий бетим, азыр ойлосом кыжаалат болом. Ушу мүнөзүмө кандай баа бересиз?
.
ЖООП:Кайсар экенсиң, тообо кыл.
.
СУРОО:Үй-бүлөлүү аял зекет, садака берсе сообу өзүнө тиеби? Аял-эркек ак кечишмейинче аялдын сооп иштери күйөөсүнө тиет деген сөзгө кандай карайсыз?
.
ЖООП:Аялдын өзүнүн мүлкү болсо, берсе болот. Күйөөсүнүкүн уурдап бергени арам.
.
СУРОО:Менин атым Элмира мен Алланын ыраазылыгы учун ислам жолуна киргемин намаз, илим алуу фарздарын аткарып жатымын, алхамдулиллах. Бирок ата-энем узун кийгениме каршы болуп жатат. «Эгер узун кийинсең, ата-энем жок деп үйдөн чыгып кет»,- деп атат. Медресеге да жөнөтпөй жатышат, эмне кылсам болот? Сураныч мага туура жооп бериниздерчи! Аллах ыраазы болсун сиздерден.
.
ЖООП:Кенен шым менен тизеден ылдый түшкөн көйнөк кийип алсаң болот. Жаңы келген келиндей кийинип алсаң, алардын көзүнө жаман көрүнүп жатса керек. Өзүңө жарашыктуу, бирок шариат чегинен чыкпаган кийимдерди кийишиң керек. Бирок, алардын пикири менен болуп хижабыңды чечип койбо.
.
СУРОО:Чубак устаз! Интернеттен шейх Альбани дегендин намаз жөнүндө китебин таптым.Аны окуса болобу жана Альбани деген ким болгон? Аллах ыраазы болсун!
.
ЖООП:Альбани хадис боюнча аалым. Альбанинин китептерин исламды жаңы үйрөнүп жаткандарга сунуштабайт элем, хадистешкен аалымдар окуса болот. Намаз үйрөнүп жатсаң, ханафий мазхаб боюнча окусаң пайгамбардыкындай намаз окуйсуң.
.
СУРОО:Алла Тааладан перзент сураганда кандай кандай дубаларды, же келмелерди айтып суранса болот? Ырахмат, Алла раазы болсун сиздерге.
.
ЖООП:Ыйык Куранда мындай деген аят бар. Мааниси: «Оо, Кудай Таалам! Мага жакшы перзент бере көр. Албетте, Сен дубаларды угуучусуң». Билген тилиңде сурана берсе болот.
.
СУРОО:Түшүмдө Пайгамбарыбыздын бычагын, абдестесин, пияласын, кесесин ошо сыяктуу көп буюмдарын көлдүн жээгинде көрдүм. Баары илгерки буюдар. Дагы бир түшүмдө Пайгамбарыбызды бир жак келбетин көрдүм, күлүмсүрөп олтуруптур.
.
ЖООП:Пайгамбардын келбети кандай болду экен? Муну биз билбей туруп пайгамбар деп да айта албайбыз. Эч ким Пайгамбардын келбетинде түшкө келе албайт, бирок, мен пайгамбармын дегендей сезим бере берет. Бирок түштү жакшылыкка жоруңуз.
.
СУРОО:Аялымдын чачы белине чейин.Кошулганыбыздан кийин гусул алганда баарын жууш шартпы?
.
ЖООП:Кошулганда чачы өрүлгөн болсо жана аны жандырбаса, гусулда баш терисине гана суу жеткирүү керек. Андан соң масх тартып койсо жарай берет.
.
СУРОО:Чубак ажы,сизденАлла ыраазы болсун. Жамаат менен намаз окугандан кийин,зикр чалынгандан кийин,имам же зикр чалган адам дубаныүндүчыгарып айтуу керекпи,же купуя (ичинен) айтабы, ар бириөз-өзүнчө?
ЖООП:Эң жакшысы купуя айтылганы.
.
СУРОО:Кайненем бул жолго аябай берилип алган Аккуу деп Ошко беш атанын башына, Таласка Манас атанын башына, Казакстанга 41 атаны башына арбакты жабып келиш керек деп көп барат. Мисалы, Манас атанын батасы деп адамдын башынан өткөн окуяны алдыда боло турган окуяны манас айткандай айта берет. Бул кандай жол? Алардын айтканын кылып кайненем кудай тамак деп үйгө дасторкон жасап адамдарды чакырат. Кийин ар пайшанба 7 токоч жасап, 41 шам жагып үйдө арбактарга Куран окуп багыштайбыз. Шамды жагып Аллахым ден-соолугума шыпаа берсин деп колубузду отко коюп денебизге сүртчүбүз. Бул кылгандарыбыз турабы? Мен азыр Москвага келип ал жолго такыр ишенбей калдым. ишенгеним бир Алла деп жүрөм.
.
ЖООП:Кайненеңиздин кылганы толугу менен ширк. Сиздин кылганыңыз туура.
.
СУРОО:Биринчи радионун Шариат жолунда уктуруусуна төмөндөгүдөй суроо келди. «Ассаламуалейкум, мага Ислам университети тууралуу маалымат керек болуп жатат.Быйыл ошол жерге тапшырайын дегем. Өлкөдөгү бардык окуу жайлар жөнүндө маалыматтар ар жерде жолугат,бир гана Ислам университети жөнүндө жок. Ушуга жооп берип коёсуздарбы?
.
ЖООП:Бул боюнча Ислам университетинин жетекчилигине кайрылсаңыз жеткиликтүү жооп ала аласыз. Ислам университетинин проректору Ниязов Бакыт 0777 002 076
.
СУРОО:Бул суроо уяттуу, бирок мен үчүн керектүү. Мен түшүмдө эротикага байланыштуу түштөр кирип чыгат, ошондон өзүм билбеген абалда уруктук чыгып кетет. Эми гусул кылып намаз баштасам дагы ошол иштер кайталанат, не кылсам болот таксыр? Тезирээк жооп жазып жиберишинизди суранам.
.
ЖООП:Гусул кылып окуй бер. Такыбачылыкка умтул. Үйлөн.
.
СУРОО:Өзүм 5 убак намаз окуйм мамлекеттик кызматта иштейм. Жоро- жолдош отурушубуз бар. Спирттик ичимдик коюлбайт, бирок карта ойношот. Биз арам экенин айтабыз. Бирок алардын калтырышы кыйын болуп жатат. Биз алар менен олтурганыбызга күнөөкөр болбойбузбу? Анча-мынча жерде эмгек жамаат менен отурган жана башка жерлерде спирттик ичимдиктер ичилет. Бизге кандай болот? Аллах ыраазы болсун сизден.
.
ЖООП:Анча-мынча даават кылуу керек. Исламдык китептерден белек кылып аракет кыла бериңиз. Таптакыр бөлүнүп кет деп айтпайт элем.
.
СУРОО:Устаз мен 5 жыл мурун бир кызды жакшы көрчүмүн. Ал кыз болсо башка бирөөнү сүйчү. Окууну бүткөндөн кийин ал кызды ата-энеси башка эле бирөөгө турмушка берет. Ал турмушунан тез эле ажырашып кетет. Анан медреседе илим алып Москвага келиптир. Кийин экөөбүз жолуктук, дагы деле сезимим бар экен. Ал кызга үйлөнөйүн десем, менин ата- энем каршы. Жашыруун нике окутуп жүрөлү десем ал болбойт дейт. Астагфиралла, ыйманымын алсыздыгынан ушундай ойго келдим эле. Жүрөгүм сүйөт, акылым кой дейт. Кенеш беринизчи.
.
ЖООП:Акылыңды ук, бир тууганым. Жашыруун нике деген жок. Ата-энеңди макул кыла албасаң, акылыңа карап иш кыл.
.
СУРОО:Каза намаздарга коомат айтылабы?
.
ЖООП:Каза намаздарга азан да, коомат да айтыла берет.
.
СУРОО:Устаз, Курани Каримди кырааты менен окууну кайсы жактан үйрөнсө болот?
.
ЖООП:Кыз Куран курсуна, Аялдардын маданий борборуна кайрылсаңыз болот. 0700 833 711
.
СУРОО:«Фаберлик» косметикалык тармактык бизнестен тапкан акчага ажыга барса болобу ?
.
ЖООП:Эгер косметиканы өзү сатып барсаңыз болот. Бирок маркетиң планында улам артынан ээрчитип келген адамдын эсебинен кирешеси жогорулаган тартип болсо, ал арам.
.
СУРОО:Күйөөмдүн апасы менен кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болгондуктан күйөөм менен ажырашып кеттим. 9 айлык кызымды эмизем. Чет мамлекетке иштегени кетсемби деп атат элем. Эмчектен чыгарсам күнөө болбойбу? Айласыздан чыгарганга туура келип атат.
.
ЖООП:Кайненеңден кечирим сурап, күйөөң менен жараш. Чет мамлекетке кеткенде жашооң мындан жаман бузулат. Баланы 2 жыл эмизиш керек.
.
СУРОО:Менин жолдошум жана кайын журтум намаз окушпайт. Ошондой эле көзү ачыктарга бара беришет жол ачтырабыз деп, арак ичишет. Жолдошум менен кайнатам күрөөкана ачкан. Күрөөкана мени иште дешти, кандай кылсам болот?
.
ЖООП:Ал жерге иштегениң арам. Төрөп, балага багам деп үйгө отуруп алыш керек. Намаз окуп, мындай балээлерден сактануу керек.
.
СУРОО:Акыркы күндөрү жакын кишиге жаман ойлор болуп жатат. Кантсем жаман ойлордон кутулам.
.
ЖООП:Жаман ойлор келгенде: «Аъузу биллахи минаш шайтоонир рожиим» деш керек.
.
СУРОО:Адам нафсисин кандай денгээлде ээрчисе, өзүнө «кудай» тутуп алат?
.
ЖООП:Ошол напси каалаган нерселерди аткара берип, шариат буюрган деңгээлден чыгып кете турган болсо, «кудай» тутуп алат.
.
СУРОО:Намаз окуйм, бирок шайтанга азгырылып көп күнөө кетирип жиберип жатам. Ошондуктан намаз окуганга татыксызмын деп ойлойм, кандай кылса болот?
.
ЖООП:Бул шайтандын сага салып жаткан пикири. Татыксыздар окубагыла деген шариатта өкүм жок. Кандай болсоң да намаз оку, ошол намаз сени жамандыктан кайтарат.
.
СУРОО:Эгерде үйдө намаз окулганда уулума уюсам болобу? Бирок,анын сакалы азырынча жок.
.
ЖООП:Ооба, бала балагатка жеткен болсо, уюса болот.
.
СУРОО:Аялдын жыныстык органынан келген суюктук (нифас, же айыз эмес, кан эмес) даарат алгандан кийин намаз убагында келсе даарат бузулабы? Эгер аял намаз убагында выделение келгенин сезип калса намазды улантып окуй береби, же намаз бузулабы?... Алдын ала рахмат.
ЖООП:Бузат.
.
СУРОО:Мен барган жерлерде 3 күнгө барып келсениз жакшы болот дейт! А мен жумуштан бошобойм. Анан да менде эч кандай илим жок кимдир-бирөөгө кандай дават кылам? Кийин мага күнөө болот ээ таксырым?! Кудайга шүгүр, намаздарым өз-өз убакыттарында окуйм! Бирок, илимим аз да... Мүмкүн болсо Ош шаарына да шакириттериңизди даярдасаныз жакшы болмок... Бизден өтсө кечиресиз! Аллах ыраазы болсун сизге таксырым!
.
ЖООП:Билгениңди айтасың, билбесең унчукпайсың. Билбегениңди айт деп эч ким кыйнабайт. Бирок дааваттан билгендерден үйрөнө турган дагы нерсе бар. Ооба, шакирттерди даярдап жатам, Кудайга шүгүр. Ошто да шакирттерим бар...
.
СУРОО: Кыздын ата-эненин уруксатсыз нике кабыл болобу?
ЖООП:Болбойт.
.
СУРОО:Устаз, бирөөнү кечирдим, бирок мурдакыдай мамиле кыла албаса, эмне болот?
.
ЖООП:Эми мурдакыдай мамиле болушу кыйын. Мамилеңди үзбө. Ниет кыла бер, иншаАлла жакшы болот.
.
СУРОО:Хизбуттахирлердин кеткен жолу турабы?
ЖООП:Ошолор, же башкалар жөнүндө айтууну каалабайм.
.
СУРОО:Түшкө ишенүүгө болобу? Гороскопкочу?
ЖООП:Жакшы түш болсо ишенсе болот. Ал эми гороскопко ишенгенге болбойт, ширк болот.
.
СУРОО:Пешин намазын окуп жатып 3- рекетте аттахиятка олтуруп алып анан эстеп калсам, эмне кылыш керек?
ЖООП:Дароо 4-рекетке туруп, намаз аягында жаңылуу саждасын кылып бересиң.
.
СУРОО:Эмнени ойлой берсең,Кудайым ошол нерсеңди берет дешет.(мисалы: күйөөмө сен менен ажырашам деп айта берсем) ошол нерсе болобу?
.
ЖООП:Ооба, жакшы ниет ылыш керек. Ошондой жаман ниет кыла берсең, өзүңдү ошого ишендирип алып, ошондой аракеттерге кантип барганыңды билбей каласың.
.
СУРОО:Менин дос балдарым пайгамбарыбызды түшүмдө көрдүм дешет. Намаз таштаганы да, окуп атканына да. Мен дагы пайгамбарыбызды түшүмдө көргүм келет. Канткенде көрө алам? Эмне кылышым керек?
.
ЖООП:Пайгамбарды сүйүп, анын сүннөттүн так жана дайым аткаруу керек. Тиги түш көргөн досторуңузга чын эле пайгамбар кирдиби, бир Кудай Өзү билет.
.
СУРОО:Намазды кантип тез, үйрөнөм?
ЖООП:Намазды үйрөнүп окуйм деген туура эмес. Билгениң менен окуй берсең, улам жаттап кошуп отурасың.
.
СУРОО:Менде азыр мурдагыдай коркуу, аракет болбой жатат. Намаз да окуй албай жатам. Азыр Москвадамын. Көп адам жашагандыктан намаз окуганга деле мүмкүнчүлүк жок. Аллахтын амалдарын ушинтип аткара албай каламбы деп коркуп жатам. Жардам бериңизчи, эмне кылсам болот?
.
ЖООП:Аракет кыла бериңиз, иншаАлла баары ордуна келет. Ошол кыйынчылык, тоскоолдук менен окулган намаз сизге жакшылык алып келет. Ниетти түздөңүз. Мындан жаман кыйынчылыктарда да окугандар бар...
.
СУРОО:Мен чет өлкөдө жашайм .Башка кыздар менен турам. Алар чочконун этин муздаткычка сакташат. Ал муздаткычта менин да азыктарым бар. Менин тамагым арам болуп калбайбы?
.
ЖООП:Муздаткычка тамактарыңды баштыкчага ороп сал жана алардын булганган идиштери менен аралаштырба.
.
СУРОО:Мен хижаб кийем. Бирок, жумушта окшош форма кийгенге байланыштуу шым кийүүгө туура келет. Күнөөлүү болбоймунбу?
ЖООП:Кенен шым жана тизеден төмөн түшкөн көйнөк кийишиң керек.
.
СУРОО:Ата-энем ажырашып кеткендемен анда тогуз айлык экен элем. Мен атам менен чонойдум. Эжем, апамда чонойду. Мен апама он алты жашымда жолуктум. Апам болсоөгөй энемди,атамды күнөөлөйт. Атамдын өлгөнүнө жети был болду. Атам өлөөрүндө апам туралуу жаман күмөндө экенин айтып кетти. Баккан өгөй энемдин чоң күнөөлөрүн билем. Бирок атама айтпадым, үй-бүлө бузулат деп. Атам айткан күмөн нерселерин апама айта албадым. Себеби, хадиске амал кылдым. "Эгерде бир мусулмандын күнөөсүн жашырсан, Сенин күнөөңдү Аллах Кыяматта, жашырат" дегенди окуганмын. "Бейиш эненин таманында" , дейт мен апама кандай мамиле кылсам? Дуба кылыныз, Азамат деген балага, үч баланын атасымын. Орусиядабыз мен да сизге дуба кылайн, Аллах кабыл кылсын.
.
ЖООП:Азамат, сенден Аллах ыраазы болсун! Апаңа жакшы мамиле кыл. Эң туура кылгансың! Кудайым балдарыңдын жакшылыгын көрсөтсүн! Дуба кылабыз, иншаАлла.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   vankuver   07 Март 2014 - 18:22

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Окурмандардын суроолоруна Чубак ажы Жалилов жооп берет.
.

СУРОО: Түндө уктаганда сүйлөнө берем. Кантип калтырсам болот?
.
ЖООП:Даарат алып, куптан намазын окугандан кийин “Аятал курси”, “Фатиха”, “Ихлас” , «Фалак», «Нас» сүрөөлөрдү окуп, Кудайдан суранып жатыңыз. Жаман иштерди кылбаңыз, “казанда болсо чөмүчкө чыгат” дегендей жүрөгүңүздө жаман нерселер болсо чыгат. Жакшы жүрсөңүз эмне үчүн жаман сөздөр чыгышы керек?
.
СУРОО:Кырк күн, 4 ай дааватка чыгуу кайсы китепте келген? Дааватка чыгуу парзбы же сүннөтпү? Сиз дааватка чыгасызбы?
.
ЖООП:Бул парз, же сүннөт деп чектелүүдөн дагы жогоруда турган бир нерсе. Даават кылуунун өзү- парз. Ал эми кырк күндүк, төрт айлык дегендерибиз тартип. Менин сизге ушинтип жооп жазып олтурганым дагы даават. Анда –мында дааватка чыгып турам. Мага дааватчы бир туугандарым менен чогуу болуп, бир жамаатта жүргөн жагат. Анткени, чыныгы дааватчылар такыбалыкты карманышат. Дайыма адептин чегинде жүрүшөт. Эч качан сага зулумдук кылышпайт. Бейишке кирүүгө ылайыктуу заттар деп ойлойм.
.
СУРОО:Турмушка чыга турган кыз менен канча жолу сүйлөшүш керек. Кызга канча калың бериш керек? Сүйүү бар экенине ишенесизби?
.
ЖООП:Турмушка чыга элеги менен деле, мурда турмушка чыкканы менен деле бир эле жолу сүйлөшөт. Андан ашыгы болбойт. Калган сүйлөшүүлөрдү никеден кийин кенен-кесири өткөрө бересиң. Калыңдын эң азы азыркы учурда беш миң сом. Эң көбүнө чек жок.
Сүйүү бар. Сүйүү бар экенине ишенмек турсун, өзүм дагы билем. Ошону менен жашайм. Мендеги ал назик сезим балдарымдын апасына арналган.
.
СУРОО:Кыяматта Иса пайгамбар келип, бардык адамдарга сот жүргүзүп дажжалды
жеңет деп айтылат. Дагы Иса пайгамбар “мен башымын, аягымын, альфамын-омегамын” деп айтыптыр. Инжилди окуп Исага ишенич артсак кандай болот?
.
ЖООП:Иса пайгамбар Кыяматта эмес, Кыяматтын алдында келет. Келип экөөбүздөй намаз окуйт. Чочкону өлтүрүп, айкашкан жыгачын сындырат. Ал эми "альфа-омеганы" билбейм. Куранда,хадистерде, Ыйса пайгамбарыбыз жөнүндө кандай маселеге муктаж болсок,ошонун баары бар. Эч кыжаалат болбо. Өз агасын агалай албаган, жат агасын сагалайт.
.
СУРОО:Диндин туура бутагында баратканыбызды эмнеден, кантип билсек болот?
.
ЖООП: Мусулман жаамат менен чоогу жургөн болсоң, туура кетип айтканың ошол болот. “Ахли сүнна вал жамаат саваабул ‘азам”. Көпчүлүк жаамат менен кетип аткан болсоң, туура жолдо болгонун ошол болот. Ушул мечиттегилер менен чоогусуңбу, туура жолдо кетип ататсың, Ин ша Аллах.
.
СУРОО:Ассаляму алейкум, айылда, буудайды каптарга сакташап эмеспи, негизи элебуудай сактаган жерде чычкан аралап, кээде чычканбуудайдын арасында өлүпкалат. Ошол буудайдан жасалган унду пайдалануунун шарияттын өкүмүкандай?
.
ЖООП: Чычкан өлүп калса чыканды ыргытып жибересиз, болду. Ал суу эмес, ал курук, "фү" деп үйлөп койсоңуз, чаң болуп калса, ошонумененкетти. Ал эмес чычкан сары майга түшүп калса, сары май кышында тоңуп калган болсо, чычканды жана чычканга тийген жерди алып ыргытасыз, болду. Анансуюк майга түшүп калса, суунун өкүмүндөй. Суюктуктардын өкүмүнүн баардыгы бирдей болот.
.
СУРОО:Шахмат, бильярд спорт оюндары азгыруу болуп эсептелет, бирок азгырыккажеткизбей, ойноп мелдешке чыкса болобу?
,
ЖООП: Шахмат атайын хадистерде айтылынып калынган, "шаах" деген падыша, "маата" деген өлдү деген. Шахмат ошондон келип чыккан, арапча бул. Падыша өлдү дегенди түшүндүрөт. Бул макрух, кандай болгон күндө дагы шахмат оюну.
Ал эми бильярд, башка бир спорт оюндары булар намаздан азгырбаса,
ортосуна мелдеш (акча чогултуп ортого койуу) койбосо боло берет. Бул ханафи мазхабта, ал эми шафи мазхабта шахмат ойносо болот себеп
дегенде акыл эсти курчутуп турат деп айтат, бирок ибадаттан азгырбасын.
Демек сунний мазхабтардын биринде болгондон кийин ал нерсеге моюн сунган болсо жакшы эле.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   sterva   07 Март 2014 - 19:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 955
  • Катталган: 17 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 08:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Рахмат. Дагы кутом...
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   MUSLIM.   27 Апрель 2014 - 09:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 46
  • Катталган: 07 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2014 11:06

Мээрим эже Аллах разы болсун Чубак ажынын сайытын билесби билсениз жазып койсонуз. менин суроо бар эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Altyndai   05 Май 2014 - 17:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 697
  • Катталган: 16 Июль 13
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2020 18:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош обласынын.Кара-Кулжа району!

Абдан жакшы жооп бериптир,шашпааай отуруп окуп чыгыш керек экен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Nuraxmad   24 Май 2014 - 13:23

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 03 Июль 13
  • Соңку аракети: 03 Фев 2016 01:14

Ассаллому алейкум Чубак ажы аке. мен бир кыз менен суйлошуп келем ала турган ниетим бар Аллахым насип кылса уйлоном ошол кызга. Бирок Ал кыз менен 3 жылдан ашык суйлоштум каражатка байланыштуу уйлоно элекмин. Акыркы кундору ал мен менен суйлошкусу келбей калыптыр. Истихара намазын окун деди окуп дуа кылдым сурандым егер бир болууга жолубуз болсо тушумдо корууну Аллахым озу аалим 1 кун эмес катар кундру туш кордум. бирок азыркы тапта ортобуздагы мамилени узуп койду эмне кылсам болот мен,? Чындыгында Аны Аллах учун жакшы кором колумдан келген жакшылыктарды тартуулагым келет Бирок азркы тапта эмне кылаарымды билбей турам. ага чын суйлогонду жакшы кором чын айтып чын суйлогон учурумда созумду калпка чыгарат. макул деп кечирим сурайм. Аны да намаз оку дейм кундо оронуп журот мен озумда колумдан келишинче аракет кылып окуймун намаздарымды калтырбай. Кандай кылсам болот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Nuraxmad   24 Май 2014 - 13:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 03 Июль 13
  • Соңку аракети: 03 Фев 2016 01:14

дагы кееде айтып калат ата энелериниз менен жашавайм озубузчо жашаганды каалайм деп бирок ал учун ата энемден баш тартпаймын эч качан сутун берип туура жолго коргозгон ата энемди Колумдан келсе ажыга которуп барып келууго дайармын бул нерсеге эмне кылсам болот?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Nuraxmad   24 Май 2014 - 13:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 03 Июль 13
  • Соңку аракети: 03 Фев 2016 01:14

мен берген суроого жооп келсе ескертип койунуздарчы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   VANCOUVER   24 Май 2014 - 14:32

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 12 Март 14
  • Соңку аракети: 23 Июл 2015 12:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Нурахмад Чубак ажы бул жака жооп бербейт. Анын Фэйсбуктагы дарегине жазсаныз да окшошмок.
Дагы айтаарым Чубак ажы кудай эмес да сиздин проблеманызды чечкидей. Ал дин тууралу суроолорго жооп берет. Ал эми суйуу проблемасын чече албайт. Чечимди озунуз чЫгарасыз. Суйдунузбу демек баарына чыдап курошун анда. Ийгилик сизге

Убакыт учкан куш



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   ERMAC   26 Май 2014 - 01:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 105
  • Катталган: 24 Август 13
  • Соңку аракети: 20 Окт 2018 22:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:KG

Suroo jooptordu taiyn ubaktynardy bolup jazyp jatkandar silerden Allah yraazy bolsun. Chon soopko ee bolup jatasynar. Antkeni kopchulugu kyzyguu menen okuit myndailardy. Paidasy oto chon.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   nasaatmedia   17 Август 2014 - 08:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 15 Февраль 14
  • Соңку аракети: 13 Дек 2016 01:18
  • Калаасы:Kg

Биздин фейсбуктагы баракчадан суроо жоопторду, гугл.плейден китепдерден суроо жоопторду окусаңыз болот. Насаат Медиа деп издесеңиз табасыз. Суроону +996556773389 номерине WhatsApp аркылуу берсеңиз болот.
Пайгамбарыбыз САВ айтты: Аллах Таала силердин келбетинерге жана байлыгынарга карабайт.Бирок, Ал силердин журогунорго жана иш аракеттеринерге карайт. Сахих Муслим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   KAHAT   30 Август 2014 - 01:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 15 Март 14
  • Соңку аракети: 03 Июн 2017 00:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мен 21 жаштамын. Жин кирип кеткенби деп шектенип жатам. Анткени, мен жөндөн жөн эле, күлө берем. Жин кирсе кантип чыгарса болот?
Жөндөн жөн эле ачуусу келе бергендер, же күлө бергендерге жин бир азыраак илешип калган болуусу мүмкүн. Аны жинайдаар молдокелерге кайрылып окутсаңыз болот. Анан калса дайыма даарат менен жүрүп, эртели-кеч окулчу дубаларды окуп жүрүңүз. “Мусулмандын чеби”, “Маснун дубалар” сыяктуу китепчелерде айтылган зикирлер жазылган.


Өгөй атанын милдеттери тууралуу айтсаңыз?
Өгөй атанын милдеттери деген сөз жок. Бир гана учурда, өгөй балдарды өз колу менен тарбиялоого милдеттенме алган учурда, милдеттенмени аткарууга милдеттүү болот. Аял турмушка чыгаарда, мурунку жашоосунан балдары болсо, экинчи күйөөсү ал балдарды мен бага албаймын деп нике кыйганга чейин айтып билдирүүсү керек болот.
Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!


Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   KAHAT   30 Август 2014 - 01:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 15 Март 14
  • Соңку аракети: 03 Июн 2017 00:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Атам арак көп ичет. Апама кол көтөрөт. Ортодогу чырды “токтотом” деп, атама колум тийген эле. Кудайдан корком, эмне кылсам болот?
Тооба кыл. Кудайдан кечирим сура. Атаңдан кечирим сура. Апаңа кол көтөрсө ортосуна түшүп ажырат, атаңдын муштуму сага тийсин, апаңа эмес. Эзели атаңа кол көтөрбө.

Түрктөр көбүнчө мойло коюшат. Бизде да кездешет. Ушул тууралуу айта кетсеңиз?
Мойлону салаңдатып койгон жакшы эмес. Айрыкча эриндерди жаап калса айтылган жакшы дубалары кабыл болбой калынат делет. Мойлону кыскартып алып жүрүү максатка ылайыктуу. Шариатта сакалды өстүрүп мойлону кыскартабыз.

Жоолук салынып, көйнөктү тизеге жетип, жетпеген кийген жакшыбы же узун кийинип, жоолук салынбаган жакшыбы?
Жоолук салынып, узун этек көйнөк кийген парз. Кааласаң да каалабасаң да парз. Кыяматта сураласың.
Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!


Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   KAHAT   30 Август 2014 - 01:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 15 Март 14
  • Соңку аракети: 03 Июн 2017 00:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Тамак жегенге чейин оозду чайкоо сүнөтпү? Ширин тамак менен майлуу тамакты аралаштырып, жесе болобу? Досумдун аялы мени “сиз” десе, биз да “сиз” дешибиз керекпи?
Тамак жегенге чейин оозду чайкоонун
сүннөттүгү туурасында маалыматым жок. Ошондой эле ширин тамак менен майлуу тамакты аралаштырып тамактануу туурасында да маалыматым жок. Ал эми досуңдун аялы менен мамилелеш болуу туура эмес. Аралашып олтурган да жакшы эмес. Аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө айрым олтуруулары керек.


Салтыбызда сөйкө салуу бар. Бул нерсе шариатта кандай?
Шариатта бар. Салт менен шариатыбыздын төп келишкен жерлеринин бири мына ушул.
Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!


Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 14:34

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: