Суперстан: Кожогелди Култегин - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кожогелди Култегин Акын, драматург, котормочу

#21 Пользователь офлайн   historic   17 Сентябрь 2013 - 19:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Ирмем, ирмем, ирмем кыз,
Интернетке кирген кыз.
Издегени табылса,
Ичтен: "есть" деп ийген кыз.

Кайда болсун жол табат.
Каалаганын мол табат,
Тиги колдор бошобой,
Тизе менен кол чабат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   historic   17 Сентябрь 2013 - 19:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Учу барып түшкө айлансын оюңдун,
Укта сулуу, уктай турган орун бул.
Сулуу сенин түшүңө бир кириш да,
ЦУМга кирип чыккан өңдүү сонундур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   historic   17 Сентябрь 2013 - 19:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Тез-тез каттай берип – сулуу тентек
жол,
тепилдемей, лепилдемей элпек кол!
Келиндердин кепичинче иш
кылбай
керсейген да, торсойгон да эркек
мол.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   origami   21 Январь 2014 - 01:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 337
  • Катталган: 13 Июнь 13
  • Соңку аракети: 27 Дек 2016 21:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Суйуу телефонум.

Шарт таанып менин суйлоп жатканымды,
Тарс койуп трубканы таштадыбы?
Уйрулуп турсам дагы дал ушинтип,
Устумо таштайсын го асманынды.

Чыдабай неге чалдым келесоомун,
Чынында сенден уккан жеме сонун.
Капыстан башка жеген иттей болуп,
Каншылап жатат клодо телефонум.
Каншылап жатат суйуу телефонум.-деген ырын кечке кайталап айтып журо берем.
Сени да ийген тура турмуш заары,
Бакыттын,азаптын да болот маалы.
Сыртынан сыр бербеген менен канча,
Бир арман менен жашайт жандын баары...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   origami   21 Январь 2014 - 01:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 337
  • Катталган: 13 Июнь 13
  • Соңку аракети: 27 Дек 2016 21:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Машинанын антенасы кылтылдайт,
Жаратканды зекип жаткан соомойдой.

Жатка билген,жакшы коргон саптар ушулар.Кожогелдинин ырларын окуганда бир черден чыгам,эки эле сап ыр менен чоон ойду берип салат.
Сени да ийген тура турмуш заары,
Бакыттын,азаптын да болот маалы.
Сыртынан сыр бербеген менен канча,
Бир арман менен жашайт жандын баары...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Gupa   14 Февраль 2017 - 13:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Акындын бул ыры менин кичи мекениме болгон сүйүүмдү ого бетер курчутту. Ырда Алайкуунун бүт жашоо-турмушун чагылдырып койгон экен...

МОСКВАДАН АЛАЙКУУГА ЖАЗГАН КАТ

Кандай, Таалай? Кандай эл-журт? Аманбы?
Кат алганда калам жыргап далай бу.
Кабелтеңдик, кабылуулук жарашкан
кандай деги канат-түптөй Алайкуу?..


Арыбасын даарат алган ак таңдар,
арыбасын ат сугарып жаткандар.
Сабиз кейпте самсаалаган муздарды
сабиз сымал жеп жүргөндүр жаш балдар?


Маторго отту тосуп шопур сөгүнүп,
маңдайкы үйдө кыздар чачын өрүнүп...
Кечке таяп – чөп артынган атчандар
келүүдөдүр «Ф» тамгадай көрүнүп?


Алыста маа баары көзгө тартылат –
аркы тоодон Ан-2 (два) үнү каркырап...
Апасынын болжураган уулундай
ар бир үйдү жандап жапыз там турат.


Кеңсе алдында бир аз адам – жыйылган,
гезиттер жүр керзовойго тыгылган.
Маңдайда тээ машинаны шарт таанып,
маектерин кайра улантат: « – Быйыл мал...»


Өтсө бирөө кеңсе карай энтигип –
өрмө камчы кар чийип да жер чийип...
Каатчылыктан тургансыйт эл көңүлү
там башында моло чөптөй кемтийип...


Ушундай- ээ? Айтчы, досум, чындыгын?
Угам суунун муз алдында шылдырын.
Кампа жакта кап өңөргөн аркы ким –
алперейин жерге түшкөн чылбырын...


Эшик аңдып күрөндүлөр тур жылбай,
эки көздүү дандыр – кудум куржундай.
Жалтыроодо чана тепкен эңиш жер
жаш баланын агып калган мурдундай.


Кашааларга качып чымчык, каргалар –
майда класс чыкса көчө шаңданаар,
өпөңдөтүп зоот аттарын топ солдат
өтпаратса – «орус!» дешип таңданаар...


Чынбы, Таалай?Биздин айыл ушул да?
Жол-дарактын жогорку бир учунда.
Ат үстүндө колгап чечпей кол коюп,
ал жерде сен актипсиң бул учурда.


А мен жүрөм... Окуу көңүл жубатып...
Айтпа суукту!Бирок, бүгүн күн ачык.
Кайра-кайра Москвада саат тиктейм
канча болду Бишкекте деп убакыт...


Ортосунда кагаз менен каректин
оо, күн-саатым – кырсылдаган данектир.
Ата-Журттан Адабият-Журтуна
арык алып өтүш үчүн алекмин.


Ааламдын бүт аң-сезимин тепчиген
Останкино – ишпиристей деп жүрөм.
Аны тиктеп тереземден күзгүдөй –
Останкино боло калам, эх, бу мен...


Аскар үйлөр айкалышып –жаркырап,
алыстыкты жатат көздөн кайчылап...
А бирок да алы-ыс, алыс ойлогон
адамдарга а Москва бай турат.


Шаани менен шагдам жүрүп, тез жүрүп,
шашып кошо таң атып да кеч кирип...
Зор калаанын таасири бир зор экен
кипкичине – байкуштугуң сездирип.


Көп нерсенин аты алмашып тетиктей,
көчөлөрдө митинг...талаш. ..чекишмей...
Аларды тынч басыш үчүн тургансыйт
алайкуулук аксакалдар жетишпей...


Ыштаны жок гезит жайнап, кокуй күн,
ыштаны бар жандар сатып олтур миң.
Кайда болсун катар-катар кезектер
таштарындай сенин эсеп-чотуңдун.


Азыркы салт –арты ким деп таанышмай,
арзуусун да алды-артынан табышмай.
Кымбатчылык көгөнүнө – кезекке
кыналыша баш байлап эл жабыкты-ай.. .


Кызыл-тумшук салаасына кыстарып,
кызыл-тумшук чылымчан жүр кыздары.
Кыялданып басчу Кызыл-Аянттан
кызарат жүз... кычап кыштын ызгаары.


Кээде өзүмдү, – келди эми деп кезегим, –
келечекки чет элдиктей сеземин.
Дүңгүрөгөн шаар шыбырайт ар кимге:
«Дүйнөдөгү эң улуу эл – өз элиң!!! ».


Каатчылыкта кат жайылып астыга,
барчылыктын байлыгындай ташсын-аа?!
Кошкун эми, көрүшкөнчө жакшы тур.


Кожогелди.
Бештин айы.
Москва.
1991-жыл

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 14 Февраль 2017 - 13:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Gupa   01 Ноябрь 2019 - 15:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

ЭХЕ- ХЕ-ХЕ-ЕЙ, АТА-ЖУРТ!
(Алайкууга ода)
Нагыз педагог Койгелди акемдин
жаркын элесине арнаймын!


Эхе-хе- хе-ей, Ата-Журт!

Ээлене албай жүргөн белем кыйлага,
эргиттиң сен! Эргиш сенде – жыргал-аа!
Колду серпип ырларымды окусам –
колум кирип-чыгат колот-жылгаңа!


Кесир кылып ыраактарда жүрдүкпү,
кеп-сөз тургай, керней болуп – үн күчтүү!
Бешиликке сайып чөптү көтөрсөм –
бел чыңалат көтөргөндөй түндүктү!


Канча тарых – качанаак же кашаң ат!
Карагатты тиктеген жан сакаят.
Кемсел тургай, төөнөгүчтү көргөндө
келип кетет эркелегим апалап...


Жалын болом чапкан кезде кула атты,
жарлар ана жарыша таш кулатчу.
Алып барып, үйгө кадап алгым бар
Ата-Журттун сүрөтү деп – булакты!


Эхе-хе-хе-ей, Ата-Журт!

Өзүңдөгү ирмемдерге кылым бап,
өзгөчө элим – атты барктап-ырымдап!
Береги чал азынаган айгыры
бээни үйүрсө ичинен тур кымылдап...


Чаалыкканда, кашка дайрам, кээде мен
чалп секиргим келип сага ээленем.
Балдар шымай салган чолок шымдар бул –
палбан-дүрбү жердин түбүн мээлеген!


Тоолор бизге кайда жүрсөк кол сунат,
тоолор бизди коштоп-таяп олтурат –
аял дебей, эркек дебей баарыңар
ачайсаңар – алаңарда тоо турат!


Ата-Журтум болгон үчүн кең далы
айланат дейм өз огунда жер шары!
Карап туруп балаңды атаң урганын
каткыра алсаң – Ата-Журтсуң сен дагы!


Эхе-хе-хе-ей, Ата-Журт!

Очок көрсөм – отун издейт карегим,
отту өчүрбөй алып жүрөт калемим.
Атымдан да мурунураак берилген
алайкулук деген менин дарегим!


Кайратынан жазбайт эч бир карысы,
карышына теңелсе да арышы.
Чүрөктү ана кекиликтей чочутат
чүчкүргөндө чүмчүңдөбөй дабышы!


Каржайган чал – күндүз белем, түн белем
бата берет каргылданган үн менен.
Жайган колу жармын ээлейт бозүйдүн,
жайган колун көрүп дароо сүрдөнөм.


Арзыгандай оң жагыңа сол жак бу
айтып жаткан сыяктанат: «Бол, каччы?»
Карайт балдар тураар замат Күндү шарт
карагандай шаардагылар чоң саатты!


Эхе-хе-хе-ей, Ата-Журт!

Кутурган бир күндөр өттү не деген!
Кулун салып берүүчү элем кээде мен.
Алчумун өөп – кылчайса кыз саап атып
айылды бүт тосуп туруп бээ менен!


Бош жаткан ээр канат кагып уччудай,
бозгуч уя Күндү бир күн тутчудай.
Кагылган бул казыктарды карасам –
калдайган жер соруп жатат упчудай.


Жайыттарың жан дүйнөмө канат чын,
жайылган мал жайытка куп жарашчуум.
Жайылган мал кандай гана маанилүү
жазуу сымал бетиндеги кагаздын.


Нары-бери кечип жүрүп гүлдү бу –
наристенин чорбою дейм үлгүлүү.
Асман башын сылап учкан бүркүттөр –
Ата-Журттун жылып жүргөн түндүгү!


Эхе-хе-хе-ей!
Эхе-хе-хе-ей, Ата-Журт!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   max-bek   01 Ноябрь 2019 - 20:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 291
  • Катталган: 13 Декабрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2025 23:23

[quote name='Gupa' date='01 Ноябрь 2019 - 15:52' timestamp='1572601942' post='3835785' ]
ЭХЕ-ХЕ-ХЕ- ЕЙ, АТА-ЖУРТ!
(Алайкууга ода)
Нагыз педагог Койгелди акемдин
жаркын элесине арнаймын!


[size="3" ]Эхе-хе-хе-ей, Ата-Журт!

Ээлене албай жүргөн белем кыйлага,
эргиттиң сен! Эргиш сенде – жыргал-аа!
Колду серпип ырларымды окусам –
колум кирип-чыгат колот-жылгаңа!


Кесир кылып ыраактарда жүрдүкпү,
кеп-сөз тургай, керней болуп – үн күчтүү!
Бешиликке сайып чөптү көтөрсөм –
бел чыңалат көтөргөндөй түндүктү!


Канча тарых – качанаак же кашаң ат!
Карагатты тиктеген жан сакаят.
Кемсел тургай, төөнөгүчтү көргөндө
келип кетет эркелегим апалап...


Жалын болом чапкан кезде кула атты,
жарлар ана жарыша таш кулатчу.
Алып барып, үйгө кадап алгым бар
Ата-Журттун сүрөтү деп – булакты!


Эхе-хе-хе-ей, Ата-Журт!

Өзүңдөгү ирмемдерге кылым бап,
өзгөчө элим – атты барктап-ырымдап!
Береги чал азынаган айгыры
бээни үйүрсө ичинен тур кымылдап...


Чаалыкканда, кашка дайрам, кээде мен
чалп секиргим келип сага ээленем.
Балдар шымай салган чолок шымдар бул –
палбан-дүрбү жердин түбүн мээлеген!


Тоолор бизге кайда жүрсөк кол сунат,
тоолор бизди коштоп-таяп олтурат –
аял дебей, эркек дебей баарыңар
ачайсаңар – алаңарда тоо турат!


Ата-Журтум болгон үчүн кең далы
айланат дейм өз огунда жер шары!
Карап туруп балаңды атаң урганын
каткыра алсаң – Ата-Журтсуң сен дагы!


Эхе-хе-хе-ей, Ата-Журт!

Очок көрсөм – отун издейт карегим,
отту өчүрбөй алып жүрөт калемим.
Атымдан да мурунураак берилген
алайкулук деген менин дарегим!


Кайратынан жазбайт эч бир карысы,
карышына теңелсе да арышы.
Чүрөктү ана кекиликтей чочутат
чүчкүргөндө чүмчүңдөбөй дабышы!


Каржайган чал – күндүз белем, түн белем
бата берет каргылданган үн менен.
Жайган колу жармын ээлейт бозүйдүн,
жайган колун көрүп дароо сүрдөнөм.


Арзыгандай оң жагыңа сол жак бу
айтып жаткан сыяктанат: «Бол, каччы?»
Карайт балдар тураар замат Күндү шарт
карагандай шаардагылар чоң саатты!


Эхе-хе-хе-ей, Ата-Журт!

Кутурган бир күндөр өттү не деген!
Кулун салып берүүчү элем кээде мен.
Алчумун өөп – кылчайса кыз саап атып
айылды бүт тосуп туруп бээ менен!


Бош жаткан ээр канат кагып уччудай,
бозгуч уя Күндү бир күн тутчудай.
Кагылган бул казыктарды карасам –
калдайган жер соруп жатат упчудай.


Жайыттарың жан дүйнөмө канат чын,
жайылган мал жайытка куп жарашчуум.
Жайылган мал кандай гана маанилүү
жазуу сымал бетиндеги кагаздын.


Нары-бери кечип жүрүп гүлдү бу –
наристенин чорбою дейм үлгүлүү.
Асман башын сылап учкан бүркүттөр –
Ата-Журттун жылып жүргөн түндүгү!


[font=inherit]Эхе- хе-хе-ей!
Эхе-хе-хе-ей, Ата-Журт!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 05:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: