Бул темада озунордун жашоодогу болгон опыттын негизинде алган, же жакындарынардан уккан, акылдуу ойлор жана кенешинер менен болушсонор жакшы болот эле.
Мен баштайын анда:
Мен мындай нерселерди тушундум -
1) адамдар мен жонундо эмне ойлойт деп, капа болуп же коп ойлобош керек экен, анткени алар озу жонундо эле ойлойт коп учурда, сен жонундо эмес.
2) бактылуу болгун келсе, озунду башкалар менен салыштырба. Анткени ар дайым башка бироо сенден жакшыраак жашайт.
(тескерисинче жаман да жашагандар коп) бирок башкалар менен озунду салыштырсан, конулун чогот, жаман ойлор келет, бактылуу болбойсyн андай убакта.
3) сенин кандай адамсын - бул коп учурда сенин айлана чойрондон. Сен - озундун жакынкы 5 досторун орточосусун.
Ошондуктан досторун жакшы, мыкты болсо, сен да ошондой болосун. Досторун начар болсо, сен деле алардан алыска кетпейсин.
4) бир нерсеге жетишиш учун (ийгиликке), ката жасоодон коркпошун керек, каталар эн копту уйрото турган нерселер.
Канчалык коп ката болсо жолунда жана алардан сабак алсан, сен ошончолук ийгиликке жакындадын.
5) 25 жаштан кийин убакыт абдан бат отот экен. Убакытынды текке кетирбе. Жакындарын, ата-энен, туугандарын по любому бир куну алар дагы бул дуйнодон кетет, ага чейин эле алар менен жакшы мамиледе болуп, конулун бузбаганга аракет кылыш керек. Oзундун убакытын жакындарын менен урушка, таарынычка кетирсен - кийин окуносун.
жана башкаларды дагы жазам, кийин. силер дагы толуктай бергиле.
Жашоонун өзү күрөшүү. Адам баласы белгилүү бир жашты жашап койсо да "Дагы канча жыл жашаар экем? Канча өмүрүм калды экен?" деп кээде өзүнө суроолорду берип жашап келет эмеспи. Адам баласы үчүн анын канча жыл жашаганы маанилүү эмес. Маанилүүсү - дагы канча жыл өмүрү калгандыгында,
албетте муну биле албаганыбыз менен, жашоо үчүн күрөшүп өмүр сүрүп келебиз. Албетте, ал жагы бир кудайдын колунда. Эми ушул жерден суроо туулат экен.. Сиз ушул убакка чейин бул жашоонун өйдө-ылдыйын түшүнө алдыңызбы? Аталган суроого айрым форумчулардын,
айрыкча орто жашка келе элек жаштардын "Ооба" деп жооп беришине жаш курагы деле тоскоол болушу мүмкүн, бирок "Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет" деп коюшат го.
P.s. Флудга жол жок! Теманы "Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет" деген темада талкулоонун кажети жок, анткени андай тема бар. Жөн гана суроого жооп берип кетиңиздер.
P.s. Флудга жол жок! Теманы "Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет" деген темада талкулоонун кажети жок, анткени андай тема бар. Жөн гана суроого жооп берип кетиңиздер.

Супер-Инфо
super.kg
видео




















