Мусулман кыз-келиндердин узун кийинип, жоолук салынышынын сыры эмнеде?
Мусулман аялдардын жоолук салынышы ыймандын алты түркүгүндө,
исламдын беш шартында жок. Бирок Куранда Ахзааб сүрөсүнүн 59-аятында: «Ээ, пайгамбар!
Аялдарыңа, кыздарыңа жана момун-мусулмандардын аялдарына айткының, үстүлөрүнө сырткы (кенен) кийимдерди жамынышсын.
Анткени бул аларды ар кандай кордуктардан сактайт» - деген аят бар. Демек, бул Алла Тааланын буйругу. Кудайдын ар бир буйругу парз. Парзды аткарбаш Кудайга каршы чыккан менен барабар.
Мусулман кыз-келиндер эмне үчүн узун көйнөк кийип жоолук салынышы керек?
Себеби бул кийим аларды эркектердин жаман назарынан сактайт, жаман назардан сактангандан кийин, зордукталуу сыяктуу жаман нерселердин алдын алат дегенди билдирет. Мындай бир мисал берели, базардан 2 килограмм койдун этин сатып алып, бирок баштыкка салбай жөн эле эндей көтөрүп алып, үйдү көздөй бараталы дейли. Эгер этти пакетке ороп, көрүнбөй турган баштыкка салбасак, ал этке ар кимдин сугу түшөт, назары тиет. Өзгөчө көптөн бери эт жей элек ачка кишилердин шилекейи чууруп, жегенге аракет кылбаса да ичинен ойлоп коет. Эгер базардын айланасында жолбун иттер бар болсо, анда ээрчип алат. Эптеп бир айласын таап, иле качышты ойлошот.
Же дагы бир мисал, чоң суммадагы акчаны көтөрүп, же өтө баалуу алтын-күмүш жасалгаларды тагынып элдин көзүн кычыштыра көчө бойлой бассак, аны көргөн ниети бузуктар эптеп амалын таап алууга аракет кылат. Эгер биз бул баалуу нерселердин сакталышын кааласак, анда буларды эч кимге көрсөтпөшүбүз керек.
Аялзатын этке же жасалгага салыштыргыбыз келбейт, аялзаты булардан миң-мертебе жогору турат. Андай болсо, аялзат бул кымбат баалуу өзгөчөлүктөрүнөн ажырагысы келбесе жана эркектерди күнөөгө түрткүсү келбесе, сакташ керек.
Негизи, абийири болгон ар бир аялзат өзүн сыйлагандай эле, эркектерди сыйлап, аларды бузгусу келбейт. Ошондуктан денесин белгилүү кылбай тургандай кылып жамынса, үй-бүлөсүн да сактап калат. Себеби, жоолук салынган аялга эч ким жаман, бузуку ой менен карабайт.
Узун кийинип, жоолук салынуунун сырлары
Куран буйрук кылган кийимдин көптөгөн сырлары, негиздери бар:
1. Узун кийим кийүү, жоолук салынуу жалгыз мусулман аялзаты үчүн гана эмес, бүткүл аялзаты үчүн табигый нерсе, анткени муну табияттары талап кылат. Анткени аялдар жаратылышынан эле назик жана алсыз болгону үчүн өздөрүн жана жандарынан да артык көргөн балдарын коргой турган күйөөнүн коргоосу менен жардамына муктаж болгону үчүн, өзүн сүйдүрүп, жек көрдүрбөш жана суук мамилеге дуушар болбош үчүн узун кийишти өзү эле табияты каалап турат.
Адам баласы өзү жактырбаган,
сүйбөгөн кишисинин назарынан жаман абалда калгысы келбейт. Албетте, ачык кийинген он аялдын эки-үчү чоочун эркектердин назарынан лаззат алса, жети-сегизи тартынат. Эгер аялдын жүрөгү бузула элек болсо, сөзсүз түрдө бушайман болот. Курандын, аялдардын кийими тууралуу кылган буйругу табигый болуу менен бирге мээримдүү жана түбөлүктүү өмүрлүк жолдош болгон аялдарды узун кийим аркылуу ыпылас, сук көздөрдөн, эң төмөнкү даражага түшүштөн жана рухий туткундуктан куткарат.
Ошондой эле, аялдар чоочун эркектерден табигый түрдө коркушат. Бул коркуу болсо табигый түрдө денени көрсөтпөгөн кийимди талап кылат. Куран буйрук кылган кийим аркылуу чоочун эркектердин делебесин козгобоону,
алардын зордукташына тоскоол болушту алсыз табияты буйрук кылат. Куран буйрук кылган кийим болсо – аялдын бул коркунучтардан коргоно турган чеби. Ачык кийинген тигил, же бул бардык кызга жаман ниеттүү, сук көздүү эркек тийишпей койбойт, муну баарыбыз эле билебиз. Андай болсо, жарым-жылаңач кийинүү аялдын табиятына карама-каршы келет, ал эми денени көрсөтпөй кийиниш аялдын табиятына абдан туура келет. Демек, «Жоолук салынуу – бул, туткунчулук» - дегендердики туура эмес.
2. Аял менен эркектин ортосундагы ысык мамиле, сүйүү жалгыз дүйнөлүк жашоонун муктаждыгы үчүн гана бар эмес. Ырас, аял күйөөсүнүн дүйнөлүк жашоого гана тиешелүү өмүрлүк жубайы эмес. Тескерисинче,
түбөлүктүү жашоодо да өмүрлүк жубай.
Аял тигил дүйнөдө да өмүрлүк жолдош болгондон кийин албетте, түбөлүктүү жолдошу жана досу болгон күйөөсүнүн назарынан башка назарлардын өзүнүн сулуулугуна тартып, аны кызгандырып,
таарынтпашы керек. Момун мусулман болгон күйөөсү ыймандуу болгону үчүн аны менен болгон байланышы дүйнөлүк жашоого гана тиешелүү, убактылуу болбогондон кийин, сүйүүсү түбөлүктүү жашоого чейин уланат. Ошондой эле, жаштыгында,
сулуу кезинде гана эмес, карылыкта, сулуулук кеткенде да сүйүшү керек. Бул адамгерчиликтин талабы. Антпесе, көп нерседен ажырайт.
3. Үй-бүлөнүн бактылуу жашоосу жубайлардын ортосундагы урмат, сүйүү аркылуу уланат. Денени белгилүү кылып кийинүү ошол сүйүүнү бузат.
Адам баласы махрам (никеси түшпөгөн аялзат, карындашы, кызы, эжеси, эмчектеши ж.б.) аялзатына сугун артып карабайт. Тууган катары көрүшү мүмкүн, мындай жагдайда напсиси анын айбандык сезимдерине тоскоол болот. Бирок буттар сыяктуу шарият уруксат бербеген дененин мүчөлөрүн ачык калтыруу абдан ыпылас сезимдердин ойгонушуна себепкер болушу мүмкүн. Анткени махрам аялзатынын жүзү махрам эмес аялзатына окшош эмес. Бирок мисалы жылаңач буттар махрам болбогон аялзаты менен бирдей деңгээлде. Демек, жылаңач буттар махрам болуу чегинен чыккандыгы себептүү эркектин айбандык сезимдерин ойготуп жибериши толук мүмкүн. Муну далилдештин деле кереги жок, гезиттерден окуй калып жүрөбүз, өз карындашын,
өз эжесин зордуктаган эркектер, өз кызына аңги болгон аталар коомубузда жок эмес, тилекке каршы... Курандын аялзатынын кийими тууралуу берген буйругу тамаша эмес. Ал буйрукка баш ийбеген коом төбө чачты тик тургузган ыпылас окуяларга күбө боло бермекчи!
4. Калктын санынын көп болушу бардык мамлекеттер тарабынан талап кылынган негиз. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) дагы бир хадисинде «Үйлөнгүлө,
көбөйгүлө. Акыретте мен силердин көп сандуулугуңар менен сыймыктанам.
» - деген.
Ал эми аялдардын мусулманча кийиминин жоюлушу үйлөнүүлөрдү көбөйткөндүн ордуна азайтат. Анткени эркек канчалык жаман болбосун, канчалык заманбап болбосун, өмүрлүк жарынын намыстуу болушун каалайт. Өзү сыяктуу заманбап, тагыраак айтканда, жарым жылаңач кийинген кыз менен үйлөнүштү каалабагандыктан бойдок калат, балким зынаакордукка барат.
Аял болсо андай эмес, күйөөсүн башкара албайт. Анткени аялдын (үй-бүлөлүк жашоодо үйдөгү турмушту жөнгө салган жагы менен алып караганыбызда күйөөсүнүн бүткүл мал-мүлкүн, балдарын сактай турган кызматчы болгондугу себептүү) эң маанилүү артыкчылыгы – күйөөсүнө берилгендиги.
Жарым жылаңач кийинүү бул берилгендикти жоет, күйөөсүнүн назарында аял коопсуздукту жоготот, анан абийирин азабын тарта баштайт. Эркектердеги эки өзгөчөлүк, эр жүрөктүк менен жоомарттык аялда болсо, ушул коопсуздукка жана берилгендикке зыяны тийгени үчүн жаман ахлак болуп саналат. Бирок күйөөсүнүн милдети – аны коргоо, урматоо жана мээримдүү мамиле кылуу.
Анын үстүнө, Кыргызстандын 80 пайызы мусулман, күн санап мусулмандардын саны көбөйүп баратат. 70 жылдан ашуун коммунизмдин,
материализмдин таасиринде калса да, мусулманчылык көбүнесе салт катары калса да сакталып калган. Мамлекетибизди Европадагы мамлекеттер менен салыштырганга болбойт. Европа Азияга салыштырмалуу суук келет, Азия болсо ага салыштырмалуу ысык климаттуу. Ал эми климаттын адам баласынын адеп-ахлагынан таасирин тийгизет. Ошол суук мамлекеттерде жарым жартылай ачынуу адамдын айбандык сезимин ысык мамлекеттерге салыштырмалуу анча ойготпошу мүмкүн. Ойготсо да анчалык чоң зыян келтирбейт.
Бирок ысык мамлекеттерде жарым жылаңачтанып кийинүү көптөгөн кырсыктарга жол ачышы мүмкүн.
Анан да, ислам эч качан бир улутту башка улутка үстөм көрбөйт. Ошондой эле, эгер исламга карама-каршы келбесе эч бир каада-салтты тыйбайт. Буга таянып, Кыргызстандагы мусулман аял Арабиядагы,
же Пакистандагы аялдардан үлгү албай койсо болот. Маанилүү болгон нерсе – Куранда кандай буйрулса, ошондой кийинүү. Куранда кандай буйрулса, Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) кандай айтса, ошого карап кийиниш керек, бир улутка тиешелүү өзгөчөлүктөрдү ээрчий берген болбойт.
Кээ бир аялдар «Күн ысык тийип турса, кантип тумчуланып алабыз?» - дешет. Бирок тумчуланган башка нерсе, тумчулануу – бул, жүздү да көрсөтпөстөн жамынуу. Бирок мусулман аялдардын жамынышы тумчулангандыкка жатпайт.
Кудайга шүгүр, Алла Таала аялдардын жамынышы тууралуу буйругун эң ысык өлкөлөрдүн бири болгон Арабияда жүзөгө ашырган. Арабиянын ысыгы Кыргызстандыкынан эки эсе ысык, анда аердеги аялдар кантип чыдап жүрүшөт? Бул жөн эле психологиялык таасир. Негизи, узун кийим кийип, жоолук салынган аялзатына караганда ачык кийинген аялзаты көбүрөөк ысыйт. Анткени шарият боюнча кийинген аялзатынын денесинин температурасы эшикке чыкканда да сакталат. Медиктер муну далилдеп чыгышты.
Кээ бир жаш кыздар «Мага узун кийим кийген, жоолук салынган жарашпайт» - дейт. Бирок кечиресиздер,
бул жерде бүткүл ааламды жараткан Алла Тааланын буйругу бар. Мусулман аялзаты кийимди жарашканы үчүн эмес, Кудай буйрук кылганы үчүн киет.
Сөздүн кыскасы, аялдардын шарият боюнча кийинишинде жогоруда саналган көптөгөн жеке инсандык, үй-бүлөлүк жана коомдук пайдалары бар. Тилекке каршы, буга каршы чыккандар көптөгөн зыяндарга учурайт.
Кыздар неге хиджаб кийбейсиңер?
#1362 26 October 2013 - 20:02
azamat1992kg
, Азаматсын Аллах ыраазы болсун.
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле
#1363 26 October 2013 - 20:13
Тооба Кыргыздар мусулман деген аты эле болбосо чыныгы мусулмандары ото аз экен.Бул жерге бир нерсе деп жазыштан мурун кичине дин жонундо Гуглдан издештирип окуп уйронуп келбейсинерби?
Эгер жакшы тушунбосонор жаман соз жазыштан алыс болгула...Аллахтан корккула айнанайындар.
Эгер жакшы тушунбосонор жаман соз жазыштан алыс болгула...Аллахтан корккула айнанайындар.
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь!
!!
#1364 26 October 2013 - 21:22
Тооба Кыргыздар мусулман деген аты эле болбосо чыныгы мусулмандары ото аз экен.Бул жерге бир нерсе деп жазыштан мурун кичине дин жонундо Гуглдан издештирип окуп уйронуп келбейсинерби?
Эгер жакшы тушунбосонор жаман соз жазыштан алыс болгула...Аллахтан корккула айнанайындар.
Эгер жакшы тушунбосонор жаман соз жазыштан алыс болгула...Аллахтан корккула айнанайындар.
#1365 26 October 2013 - 22:30
#1366 26 October 2013 - 22:57
Христиандарда:
Кыздар,
эми эмне кылабыз?
Машайакчылыкта башын жабуу жөнүндө гана сөз болууда, анткени денесин ансыз деле жабышат да. Анан жап десе тумчулап бууп салбаш керек да.
Жалпы эле айта кетчү дагы бир нерсе, шак эле чектен чыгып, хиджаб кийүү менен жарым-жылаңач кыздарды мисал кылат экенсиңер. Хиджабды туура көрбөгөндөр жарым-жылаңач кийинүү туура дешкен жок да. Андай кийингендерди сындап, каршы болуп жатканыңар жакшы го, бирок хиджабды туура көрбөгөндөрдүн баары эле ошондой кийинип калышкан эмес.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
#1367 26 October 2013 - 23:04
Айсулушка_муслима,
асылат десе асылыпсыңар го, такыр эле ))). Эми ал "ы" тамгасын билсе деле ашыкча басып алгандыр, сенсорун дагы бир жылмышкан нерсе эмеспи. Инеттен жазышкандар тыныш белгилерин жазып отургандан деле зеригишет.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
#1368 26 October 2013 - 23:09
Анан дагы чала молдонун жанында эки минута туруп алып.
Исламда момундай исламда тигиндей деп жаза бергенинерди койгула.Шариятта жок создорду бар кылып бар создорду жок кылып жазып елди дааватка угуттоп анан ошолордун арасынан чыгып жатат бахабиси махабиси намаз окуп туруп кыянаттык иш кылып койгондор.
СЕЛДЕНЕ СУЗУП БОЗО ИЧИП
ЭЛ ЖОК ЖЕРДЕ КОКУЙСУН
СЕН БИР БОЛСО МЕН БИЛДИМ
КАЛП ЭЛЭ НАМАЗ ОКУЙСУН дегендер тодуп кетсен.
Молдонун айтканын кыл кылганын кылба дечуу беле азыр тескеринче да
Молдонун айтканын да кылганын да кылба деген заман.
Жеке оюм ушундай
Исламда момундай исламда тигиндей деп жаза бергенинерди койгула.Шариятта жок создорду бар кылып бар создорду жок кылып жазып елди дааватка угуттоп анан ошолордун арасынан чыгып жатат бахабиси махабиси намаз окуп туруп кыянаттык иш кылып койгондор.
СЕЛДЕНЕ СУЗУП БОЗО ИЧИП
ЭЛ ЖОК ЖЕРДЕ КОКУЙСУН
СЕН БИР БОЛСО МЕН БИЛДИМ
КАЛП ЭЛЭ НАМАЗ ОКУЙСУН дегендер тодуп кетсен.
Молдонун айтканын кыл кылганын кылба дечуу беле азыр тескеринче да
Молдонун айтканын да кылганын да кылба деген заман.
Жеке оюм ушундай
Bul senin gana oiun.
Allaxym buiurgandy atkarsak
100
#1369 26 October 2013 - 23:11
Анан дагы чала молдонун жанында эки минута туруп алып.
Исламда момундай исламда тигиндей деп жаза бергенинерди койгула.Шариятта жок создорду бар кылып бар создорду жок кылып жазып елди дааватка угуттоп анан ошолордун арасынан чыгып жатат бахабиси махабиси намаз окуп туруп кыянаттык иш кылып койгондор.
СЕЛДЕНЕ СУЗУП БОЗО ИЧИП
ЭЛ ЖОК ЖЕРДЕ КОКУЙСУН
СЕН БИР БОЛСО МЕН БИЛДИМ
КАЛП ЭЛЭ НАМАЗ ОКУЙСУН дегендер тодуп кетсен.
Молдонун айтканын кыл кылганын кылба дечуу беле азыр тескеринче да
Молдонун айтканын да кылганын да кылба деген заман.
Жеке оюм ушундай
Исламда момундай исламда тигиндей деп жаза бергенинерди койгула.Шариятта жок создорду бар кылып бар создорду жок кылып жазып елди дааватка угуттоп анан ошолордун арасынан чыгып жатат бахабиси махабиси намаз окуп туруп кыянаттык иш кылып койгондор.
СЕЛДЕНЕ СУЗУП БОЗО ИЧИП
ЭЛ ЖОК ЖЕРДЕ КОКУЙСУН
СЕН БИР БОЛСО МЕН БИЛДИМ
КАЛП ЭЛЭ НАМАЗ ОКУЙСУН дегендер тодуп кетсен.
Молдонун айтканын кыл кылганын кылба дечуу беле азыр тескеринче да
Молдонун айтканын да кылганын да кылба деген заман.
Жеке оюм ушундай
Bul senin gana oiun.
Allaxym buiurgandy atkarsak
Tolluk baktyluu bolobuz.
Bul menin oium emes...
#1370 26 October 2013 - 23:17
Debi, Бул жерде мусулман кыздары туралуу талкуу журуп жатат. Мени тушундунузда ээ?
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле
#1371 26 October 2013 - 23:22
Debi, Бул жерде мусулман кыздары туралуу талкуу журуп жатат. Мени тушундунузда ээ?
Сени... жакшы эле түшүнөм, кандай ойлоноруңду, кандай жазарыңды ))). Талкуу эмне тууралуу жүрүп жатканын окуп алдым. Теманын аты да турат бажырайа, "...неге..." деп ))). Сен не убара болдуң? )))
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
#1372 26 October 2013 - 23:33
Сени... жакшы эле түшүнөм, кандай ойлоноруңду,
кандай жазарыңды ))). Талкуу эмне тууралуу жүрүп жатканын окуп алдым. Теманын аты да турат бажырайа, "...неге..."
деп ))). Сен не убара болдуң? )))
Окуп тушунсон жазбайт болчусун . Ар бир колдонуучу оз оюн жазууга укугу бар, бирок, бул жерге хрестыян, атеист, будистер кирбей эле койсонор. Тема мусулман кыздары учун ачылган.
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле
#1373 26 October 2013 - 23:39
Айсулушка_муслима,
асылат десе асылыпсыңар го, такыр эле ))). Эми ал "ы" тамгасын билсе деле ашыкча басып алгандыр, сенсорун дагы бир жылмышкан нерсе эмеспи. Инеттен жазышкандар тыныш белгилерин жазып отургандан деле зеригишет.
Мусулманга каршы чыгып жаткан бул форумчунуку эми силердин оозунарга сала бергендей эле болду да! Бурчтан акырын андып,анан ынгайы келгенде чыга калдынызбы? Билем,сенсордон жазганда коп ката кетет,менде да коп болот жана мындай учурда кайра тузотуп жазам. Байкасаныз, мен башка форумчулардын каталарына асыла бербейм. А бул форумчунун ушул темадагы билдируулорун окусаныз,мусулмандарды жамандаш учун эмнени гана жазган жок? Калп эле ”патриотмун”деп тош кагып,салтты, тилди сакташ керек деп коюп,кыргыз тилин озу кордоп жатат го? Ушунча чон кадам жасап жаткандан кийин алгач озу туура журсун да. Мен так ушуга келтирип жаздым. Эгер теманын башынан окуган болсонуз,тээ алыста жашаган арабдарга эмне деген гана жалаа жабылган жок? Ар кимге асылганды коюп,чындыкка тике карашыбыз керек деп жатам го. Оз тилин жакшы билбей,арабдар мындай,тигиндей десе кулкун келет экен,же бир далили жок. Дагы айтаарым,теманы башынан окуп чыккан адам гана бул жакта эмне жонундо соз болуп жатканын тушунот,ортодон кире калып кекетпегиле.
#1374 27 October 2013 - 17:46
ассалому алейкум момун мусулмандар хиджап ар бир мусулман бойго жеткен кызга парз болуп эсептелет.жоолуктун окуму сакалдын окумунон да алдын турат.аврат жерлерди жаап журуу керек.
#1375 27 October 2013 - 18:50
ассалому алейкум момун мусулмандар хиджап ар бир мусулман бойго жеткен кызга парз болуп эсептелет.жоолуктун окуму сакалдын окумунон да алдын турат.аврат жерлерди жаап журуу керек.
Болбойт. Кыргыздар динге ото берилуу жана жузду озгортуу капкара болуп кийинуу, ороонуп чулгануу болбойт. Мусулмандыкты журок аркылуу гана таануу керек.
#1376 27 October 2013 - 18:56
хиджап десе эле оронгон капкара кийингендерди элестетесинер.
жакшынакай озуно жарашкан тустогу денесин жапкан койнок жоолук кийсе болду го.эркектерди озуно тарткандан коро ислам дини жонундо коп окушунуздар керек экен.
#1378 27 October 2013 - 19:07
хиджап десе эле оронгон капкара кийингендерди элестетесинер.
жакшынакай озуно жарашкан тустогу денесин жапкан койнок жоолук кийсе болду го.эркектерди озуно тарткандан коро ислам дини жонундо коп окушунуздар керек экен.
Рахмат! Ото берилип жатат жана он жагына эмес. Азыркы учурда дин ото талаштуу болуп жатат. Сунниддер шахиддер салафиттер, хизбуттар толуп кетти. Азыркы учурда жигад деп кыз баладан баштап Алланын буйругу сыйлыгын алууу деп ар нерсе болуп жатат. Оруссиядагы жардыруу ал эми Казакстанда 150 адам бала чакасы менен кетип отурат. Алар кимди олтургону барышты бунун жыйынтыгы ашыкча диний болуу оронуу чулгануу шариатчыл болуу ар кандай тескери ундоолор.Бул Кыргыздарга болбойт.Биз мусулманбыз бирок каада салты кармоо акчага азгырылуу эмес. Туура келбейт. Бизде диний маселер ото карангы жакка ооп бара жатат.
#1379 27 October 2013 - 19:35
мен альхамдулиллях хиджапка отуп кийип журом россиядамын кыргызбыз дейсиз кыргыз да мусулман го шариятка туура коз карашта болуш керек.
#1380 27 October 2013 - 21:22
Хиджапка каршылар канчалык көбөйгөн сайын хиджаб кийгендер ошончолук көбөйүп келе жатышат. Муну четке кага албайсыңар.
Айрым "ярый" душмандар ыйманга келип хиджап кийип алып жатышат. Муну да четке кага албайсыңар.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.

Супер-Инфо
super.kg
видео













