Кыздар неге хиджаб кийбейсиңер?
#2301 27 Май 2014 - 22:41
hidjab jana joluk
Мусулман кыз-келиндердин узун кийинип, жоолук салынышынын сыры эмнеде?Мусулман аялдардын жоолук салынышы ыймандын алты түркүгүндө, исламдын беш шартында жок. Бирок Куранда Ахзааб сүрөсүнүн 59-аятында: «Ээ, пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана момун-мусулмандардын аялдарына айткының, үстүлөрүнө сырткы (кенен) кийимдерди жамынышсын. Анткени бул аларды ар кандай кордуктардан сактайт» - деген аят бар. Демек, бул Алла Тааланын буйругу. Кудайдын ар бир буйругу парз. Парзды аткарбаш Кудайга каршы чыккан менен барабар.
Мусулман кыз-келиндер эмне үчүн узун көйнөк кийип жоолук салынышы керек?
Себеби бул кийим аларды эркектердин жаман назарынан сактайт, жаман назардан сактангандан кийин, зордукталуу сыяктуу жаман нерселердин алдын алат дегенди билдирет. Мындай бир мисал берели, базардан 2 килограмм койдун этин сатып алып, бирок баштыкка салбай жөн эле эндей көтөрүп алып, үйдү көздөй бараталы дейли. Эгер этти пакетке ороп, көрүнбөй турган баштыкка салбасак, ал этке ар кимдин сугу түшөт, назары тиет. Өзгөчө көптөн бери эт жей элек ачка кишилердин шилекейи чууруп, жегенге аракет кылбаса да ичинен ойлоп коет. Эгер базардын айланасында жолбун иттер бар болсо, анда ээрчип алат. Эптеп бир айласын таап, иле качышты ойлошот.
Же дагы бир мисал, чоң суммадагы акчаны көтөрүп, же өтө баалуу алтын-күмүш жасалгаларды тагынып элдин көзүн кычыштыра көчө бойлой бассак, аны көргөн ниети бузуктар эптеп амалын таап алууга аракет кылат. Эгер биз бул баалуу нерселердин сакталышын кааласак, анда буларды эч кимге көрсөтпөшүбүз керек.
Аялзатын этке же жасалгага салыштыргыбыз келбейт, аялзаты булардан миң-мертебе жогору турат. Андай болсо, аялзат бул кымбат баалуу өзгөчөлүктөрүнөн ажырагысы келбесе жана эркектерди күнөөгө түрткүсү келбесе, сакташ керек.
Негизи, абийири болгон ар бир аялзат өзүн сыйлагандай эле, эркектерди сыйлап, аларды бузгусу келбейт. Ошондуктан денесин белгилүү кылбай тургандай кылып жамынса, үй-бүлөсүн да сактап калат. Себеби, жоолук салынган аялга эч ким жаман, бузуку ой менен карабайт.
Узун кийинип, жоолук салынуунун сырлары
1. Денени жабуу – аялзатынын табияты
Узун кийим кийүү, жоолук салынуу жалгыз мусулман аялзаты үчүн гана эмес, бүткүл аялзаты үчүн табигый нерсе, анткени муну табияттары талап кылат. Анткени аялдар жаратылышынан эле назик жана алсыз болгону үчүн өздөрүн жана жандарынан да артык көргөн балдарын коргой турган күйөөнүн коргоосу менен жардамына муктаж болгону үчүн, өзүн сүйдүрүп, жек көрдүрбөш жана суук мамилеге дуушар болбош үчүн узун кийишти өзү эле табияты каалап турат.
Адам баласы өзү жактырбаган, сүйбөгөн кишисинин назарынан жаман абалда калгысы келбейт. Албетте, ачык кийинген он аялдын эки-үчү чоочун эркектердин назарынан лаззат алса, жети-сегизи тартынат. Эгер аялдын жүрөгү бузула элек болсо, сөзсүз түрдө бушайман болот. Курандын, аялдардын кийими тууралуу кылган буйругу табигый болуу менен бирге мээримдүү жана түбөлүктүү өмүрлүк жолдош болгон аялдарды узун кийим аркылуу ыпылас, сук көздөрдөн, эң төмөнкү даражага түшүштөн жана рухий туткундуктан куткарат.
Ошондой эле, аялдар чоочун эркектерден табигый түрдө коркушат. Бул коркуу болсо табигый түрдө денени көрсөтпөгөн кийимди талап кылат. Куран буйрук кылган кийим аркылуу чоочун эркектердин делебесин козгобоону, алардын зордукташына тоскоол болушту алсыз табияты буйрук кылат. Куран буйрук кылган кийим болсо – аялдын бул коркунучтардан коргоно турган чеби. Ачык кийинген тигил, же бул бардык кызга жаман ниеттүү, сук көздүү эркек тийишпей койбойт, муну баарыбыз эле билебиз. Андай болсо, жарым-жылаңач кийинүү аялдын табиятына карама-каршы келет, ал эми денени көрсөтпөй кийиниш аялдын табиятына абдан туура келет. Демек, «Жоолук салынуу – бул, туткунчулук» - дегендердики туура эмес.
2. Жабынуу бул – кепилдик
Аял менен эркектин ортосундагы ысык мамиле, сүйүү жалгыз дүйнөлүк жашоонун муктаждыгы үчүн гана бар эмес. Ырас, аял күйөөсүнүн дүйнөлүк жашоого гана тиешелүү өмүрлүк жубайы эмес. Тескерисинче, түбөлүктүү жашоодо да өмүрлүк жубай.
Аял тигил дүйнөдө да өмүрлүк жолдош болгондон кийин албетте, түбөлүктүү жолдошу жана досу болгон күйөөсүнүн назарынан башка назарлардын өзүнүн сулуулугуна тартып, аны кызгандырып, таарынтпашы керек. Момун мусулман болгон күйөөсү ыймандуу болгону үчүн аны менен болгон байланышы дүйнөлүк жашоого гана тиешелүү, убактылуу болбогондон кийин, сүйүүсү түбөлүктүү жашоого чейин уланат. Ошондой эле, жаштыгында, сулуу кезинде гана эмес, карылыкта, сулуулук кеткенде да сүйүшү керек. Бул адамгерчиликтин талабы. Антпесе, көп нерседен ажырайт.
3. Жабынуу бул – калкан
Үй-бүлөнүн бактылуу жашоосу жубайлардын ортосундагы урмат, сүйүү аркылуу уланат. Денени белгилүү кылып кийинүү ошол сүйүүнү бузат. Адам баласы махрам (никеси түшпөгөн аялзат, карындашы, кызы, эжеси, эмчектеши ж.б.) аялзатына сугун артып карабайт. Тууган катары көрүшү мүмкүн, мындай жагдайда напсиси анын айбандык сезимдерине тоскоол болот. Бирок буттар сыяктуу шарият уруксат бербеген дененин мүчөлөрүн ачык калтыруу абдан ыпылас сезимдердин ойгонушуна себепкер болушу мүмкүн. Анткени махрам аялзатынын жүзү махрам эмес аялзатына окшош эмес. Бирок мисалы жылаңач буттар махрам болбогон аялзаты менен бирдей деңгээлде. Демек, жылаңач буттар махрам болуу чегинен чыккандыгы себептүү эркектин айбандык сезимдерин ойготуп жибериши толук мүмкүн. Муну далилдештин деле кереги жок, гезиттерден окуй калып жүрөбүз, өз карындашын, өз эжесин зордуктаган эркектер, өз кызына аңги болгон аталар коомубузда жок эмес, тилекке каршы... Курандын аялзатынын кийими тууралуу берген буйругу тамаша эмес. Ал буйрукка баш ийбеген коом төбө чачты тик тургузган ыпылас окуяларга күбө боло бермекчи!
4. Жабынуу бул – таза урпак[/b]
Калктын санынын көп болушу бардык мамлекеттер тарабынан талап кылынган негиз. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) дагы бир хадисинде «Үйлөнгүлө, көбөйгүлө. Акыретте мен силердин көп сандуулугуңар менен сыймыктанам. » - деген.
Ал эми аялдардын мусулманча кийиминин жоюлушу үйлөнүүлөрдү көбөйткөндүн ордуна азайтат. Анткени эркек канчалык жаман болбосун, канчалык заманбап болбосун, өмүрлүк жарынын намыстуу болушун каалайт. Өзү сыяктуу заманбап, тагыраак айтканда, жарым жылаңач кийинген кыз менен үйлөнүштү каалабагандыктан бойдок калат, балким зынаакордукка барат.
Аял болсо андай эмес, күйөөсүн башкара албайт. Анткени аялдын (үй-бүлөлүк жашоодо үйдөгү турмушту жөнгө салган жагы менен алып караганыбызда күйөөсүнүн бүткүл мал-мүлкүн, балдарын сактай турган кызматчы болгондугу себептүү) эң маанилүү артыкчылыгы – күйөөсүнө берилгендиги. Жарым жылаңач кийинүү бул берилгендикти жоет, күйөөсүнүн назарында аял коопсуздукту жоготот, анан абийирин азабын тарта баштайт. Эркектердеги эки өзгөчөлүк, эр жүрөктүк менен жоомарттык аялда болсо, ушул коопсуздукка жана берилгендикке зыяны тийгени үчүн жаман ахлак болуп саналат. Бирок күйөөсүнүн милдети – аны коргоо, урматоо жана мээримдүү мамиле кылуу.
Анын үстүнө, Кыргызстандын 80 пайызы мусулман, күн санап мусулмандардын саны көбөйүп баратат. 70 жылдан ашуун коммунизмдин, материализмдин таасиринде калса да, мусулманчылык көбүнесе салт катары калса да сакталып калган. Мамлекетибизди Европадагы мамлекеттер менен салыштырганга болбойт. Европа Азияга салыштырмалуу суук келет, Азия болсо ага салыштырмалуу ысык климаттуу. Ал эми климаттын адам баласынын адеп-ахлагынан таасирин тийгизет. Ошол суук мамлекеттерде жарым жартылай ачынуу адамдын айбандык сезимин ысык мамлекеттерге салыштырмалуу анча ойготпошу мүмкүн. Ойготсо да анчалык чоң зыян келтирбейт. Бирок ысык мамлекеттерде жарым жылаңачтанып кийинүү көптөгөн кырсыктарга жол ачышы мүмкүн.
Анан да, ислам эч качан бир улутту башка улутка үстөм көрбөйт. Ошондой эле, эгер исламга карама-каршы келбесе эч бир каада-салтты тыйбайт. Буга таянып, Кыргызстандагы мусулман аял Арабиядагы, же Пакистандагы аялдардан үлгү албай койсо болот. Маанилүү болгон нерсе – Куранда кандай буйрулса, ошондой кийинүү. Куранда кандай буйрулса, Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) кандай айтса, ошого карап кийиниш керек, бир улутка тиешелүү өзгөчөлүктөрдү ээрчий берген болбойт.
5. Жабынуу бул – дененин ырахаты
Кээ бир аялдар «Күн ысык тийип турса, кантип тумчуланып алабыз?» - дешет. Бирок тумчуланган башка нерсе, тумчулануу – бул, жүздү да көрсөтпөстөн жамынуу. Бирок мусулман аялдардын жамынышы тумчулангандыкка жатпайт.
Кудайга шүгүр, Алла Таала аялдардын жамынышы тууралуу буйругун эң ысык өлкөлөрдүн бири болгон Арабияда жүзөгө ашырган. Арабиянын ысыгы Кыргызстандыкынан эки эсе ысык, анда аердеги аялдар кантип чыдап жүрүшөт? Бул жөн эле психологиялык таасир. Негизи, узун кийим кийип, жоолук салынган аялзатына караганда ачык кийинген аялзаты көбүрөөк ысыйт. Анткени шарият боюнча кийинген аялзатынын денесинин температурасы эшикке чыкканда да сакталат. Медиктер муну далилдеп чыгышты.
Кээ бир жаш кыздар «Мага узун кийим кийген, жоолук салынган жарашпайт» - дейт. Бирок кечиресиздер, бул жерде бүткүл ааламды жараткан Алла Тааланын буйругу бар. Мусулман аялзаты кийимди жарашканы үчүн эмес, Кудай буйрук кылганы үчүн киет.
Сөздүн кыскасы, аялдардын шарият боюнча кийинишинде жогоруда саналган көптөгөн жеке инсандык, үй-бүлөлүк жана коомдук пайдалары бар. Тилекке каршы, буга каршы чыккандар көптөгөн зыяндарга учурайт.
Не лезь с советами, к тем, кто их не спрашивал.
Цени себя, свое слово, свои мысли.
#2302 27 Май 2014 - 22:50

#2303 29 Май 2014 - 14:18
#2304 29 Май 2014 - 14:38
#2305 29 Май 2014 - 23:01
Nurmuxammet (24 Май 2014 - 20:09) жазган:
Же эмне мини юпкага же джынсыга оймо чийип койсо улуттук болуп калат бекен?
Бабаларыбыз жана алардын аялдары Кытайдан келген мата (материал, чүпүрөк) менен ШАРИАТКА ылайык жабынышкан!
оххоооо озунчо эле устуртон суйлойс го " кыргыздын кандай кийими бар кие турган ?" деп коздун кыры менен карап.
Кунумдук турмушта кийип эле журушот кемсел,желетерди, койнокторду ,чапандарды жараштырып . Нукура кыргыздын оймолору менен кооздолгон.
#2306 29 Май 2014 - 23:08
Не лезь с советами, к тем, кто их не спрашивал.
Цени себя, свое слово, свои мысли.
#2307 29 Май 2014 - 23:15
antiwithin14 (29 Май 2014 - 23:01) жазган:
Кунумдук турмушта кийип эле журушот кемсел,желетерди, койнокторду ,чапандарды жараштырып . Нукура кыргыздын оймолору менен кооздолгон.
Сиз эмес, дуйнодогу 7 миллиард адам биз хиджабка каршыбыз десе да, Алланын окумун эч качан озгорто албайт. Сиздейлер тарыхта даалай болгон жана эч нерсени озгорто алышкан эмес. Азыр ка ра жердин астында жатышат. Канчалык текебер бол, канчалык менменсин. Канчалык Алланын окумуно каршы чыксанда. Баарибир бир кун бараар жерин Алланын алды! Кыяматта Алла кыргыздын салтындагыдай кийиндинби деп сурабайт. Кыяматта Алла мен жап деген жерди пайгамбар корсоткондой жаптынбы деп сурайт. Ал куну салт палт. Улуттук кийм деген нерселер жардам бербейт, тескерисинче тозоко тартат!
Билдирүүнү түзөткөн: No_comment.: 29 Май 2014 - 23:19
#2308 30 Май 2014 - 00:46
#2309 30 Май 2014 - 01:00
antiwithin14 (30 Май 2014 - 00:46) жазган:
Хиджабка коп жерде каршы чыкканынызды окугам. Мисалы да сиз хиджаб эмес кыргыздын кийимин да кийбейс туурабы? Анткени сиздин эркиниз ал нерсеге жетпейт и кийбейсиз туурабы? Ким болбосун озу амалда жашоодо айткан, жазган создорундогудой жашаса, анан башкалардан мына мен мындай кийинем силер да мендей кийингиле ошондо мындай болобуз десе окшошот. Анан озу кылбай туруп башкалардан талап кылган болбойт да. Сиз жана сизге окшогондор тек гана ар кандай шылтоо издешет. А оздору олуп баратса да ошону кылбайт. Бул ачуу чындык. Адамдар оздорун оздору алдап жатышат, Алланы эч ким алдай албайт.
Билдирүүнү түзөткөн: No_comment.: 30 Май 2014 - 01:04
#2310 30 Май 2014 - 01:15
Мисалы,мен турмушка чыга элек жаш кыз болсом дагы башымдан жоолук тушпойт , тизеден ылдый койнок,юбка кийем. Эмне учун?
Себеби, уйумдо сага окшогон байке,инилерим коз салып , айтып деп турат. Бирок, алар орнушума каршы,болгону абийирин менен журуп,абийирин менен кийин деп коз салышат.
Ошондуктан мен да ачык кийимге каршымын , башкаларга да сунуш кылбайм. Байкемдин созуно таасирленип, хиджап кийбей туруп деле абийирдуу кийинип,журсо болот деп айкым келген ,ошондуктан оронууга каршы чыккан болчум.
#2311 30 Май 2014 - 01:27
antiwithin14 (30 Май 2014 - 01:15) жазган:
Мисалы,мен турмушка чыга элек жаш кыз болсом дагы башымдан жоолук тушпойт , тизеден ылдый койнок,юбка кийем. Эмне учун?
Себеби, уйумдо сага окшогон байке,инилерим коз салып , айтып деп турат. Бирок, алар орнушума каршы,болгону абийирин менен журуп,абийирин менен кийин деп коз салышат.
Ошондуктан мен да ачык кийимге каршымын , башкаларга да сунуш кылбайм. Байкемдин созуно таасирленип, хиджап кийбей туруп деле абийирдуу кийинип,журсо болот деп айкым келген ,ошондуктан оронууга каршы чыккан болчум.
Хиджабты аялдарга кийгиле деп милдеттендирген, мен же башкалар эмес Алла буйурган. Алла эмнеге аялдарга хиджабты фарз кылган десе аялдарды кооптогон жаман бузуку иштерден тосот. Акыретте байкелериниз же инилериниз сиз учун жооп бербейт. Ал кун ушунчалык коркунучтуу кун дейсиз, ал кундо бала атасынын жакасына асылат, кыз энесинин жаксына асылат. Окунучтуусу ал куну ата-энеге баласы жат болуп калат жана ар ким озун гана ойлоп калат. Аттин кылат бирок ал куну кеч болот кайра эч качан жаралбайт бул дуйного.
Билдирүүнү түзөткөн: No_comment.: 30 Май 2014 - 01:41
#2312 30 Май 2014 - 01:40
Маанилуу содорун учун рахмат.
#2313 30 Май 2014 - 01:46

Билдирүүнү түзөткөн: No_comment.: 30 Май 2014 - 01:46
#2314 30 Май 2014 - 13:03
antiwithin14 (29 Май 2014 - 23:01) жазган:
Кунумдук турмушта кийип эле журушот кемсел,желетерди, койнокторду ,чапандарды жараштырып . Нукура кыргыздын оймолору менен кооздолгон.
Мен айткан ойду түшүнсөңүз биринчиден, Джынсыга оймо түшүрүп кыргыздыкы десе боло береби?
Же артис көйнөкчөн жүрүшсүнбү көчөдө?
Бул биздин улукктук кийимби же


Бул чыны артис көйнөк! Улуттук кийим эмес.
Бул биздин бабалардын кийимдери! Аурат жерлери жабык. Бир да кийим дүкөндөрүндө жок, музейде гана болбосо.



Билдирүүнү түзөткөн: Nurmuxammet: 30 Май 2014 - 13:05
#2315 30 Май 2014 - 13:21
#2316 30 Май 2014 - 19:32
Сиз айткан алгачкы суроттогу формалар кунумдук турмушта кийилбейт туура айтасыз,бирок, акыркы илинген суроттогу форманы азыр заманбап турдо тигип кийилуудо.
Билдирүүнү түзөткөн: antiwithin14: 30 Май 2014 - 19:36
#2317 03 Июнь 2014 - 13:35
Билдирүүнү түзөткөн: Nurmuxammet: 03 Июнь 2014 - 13:37
#2318 04 Июнь 2014 - 23:01
No_comment. (30 Май 2014 - 01:27) жазган:
#2319 05 Июнь 2014 - 09:18
#2320 05 Июнь 2014 - 09:46
Kosmopolitka (05 Июнь 2014 - 09:18) жазган:
Деп жазганыныз, сиз озунуз Алланын буйругун аткаргыныз келбегенин тушунтурот. Сиздин жазганыныздай болгондо 95%, атеист болуп калышыбыз керек эле да. Менин ата-энем арак ичсе, мен да арак ичишим керек беле? Бизго мусулман экенбиз, а тиги християн, бутпарастар исламды кабыл кылып, исламий жашап, хиджаб кийип журбойбу. Жакында эле бир тема ачылган, бир кафир кыз мусулман болгон экен, жана хиджаб кийген, арадан бир нече кун отпой атасы хиджабыны чечесин деген. Бирок кыз чечпей койгон, жана атасы элдин козунчо башын жанчып, жанагы кыз шейит болгон. Бул окуя, бир эки ай мурда болгон. А бизчи биз мусулманбызго, качанга чейин озубузду-озубуз алдап, озубузду-озубуз сооротуп журо беребиз! Ата-эне биз учун жооп бербейт жана бизди тозоктон куткара да албай. Ар ким озуно-озу жооп берет. Ажал келгенде баары кеч болот!