Суперстан: Кыздар неге хиджаб кийбейсиңер? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 128
  • 129
  • 130
  • 131
  • 132
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыздар неге хиджаб кийбейсиңер?

#2581 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   20 Сентябрь 2014 - 12:12

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Просмотр сообщения MARGO55 (20 Сентябрь 2014 - 12:05) жазган:

*Шариятка ылайыктуу*дегенде хиджап оронот да э.

Ооба да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2582 Пользователь офлайн   rumaika5544   21 Сентябрь 2014 - 00:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Мусулман кыз-келиндердин узун кийинип,
жоолук салынышынын сыры эмнеде?
Мусулман аялдардын жоолук салынышы
ыймандын алты түркүгүндө, исламдын беш
шартында жок. Бирок Куранда Ахзааб
сүрөсүнүн 59-аятында: «Ээ, пайгамбар!
Аялдарыңа, кыздарыңа жана момун-
мусулмандардын аялдарына айткының,
үстүлөрүнө сырткы (кенен) кийимдерди
жамынышсын. Анткени бул аларды ар
кандай кордуктардан сактайт» - деген аят
бар. Демек, бул Алла Тааланын буйругу.
Кудайдын ар бир буйругу парз. Парзды
аткарбаш Кудайга каршы чыккан менен
барабар.
Мусулман кыз-келиндер эмне үчүн узун
көйнөк кийип жоолук салынышы керек?
Себеби бул кийим аларды эркектердин
жаман назарынан сактайт, жаман назардан
сактангандан кийин, зордукталуу сыяктуу
жаман нерселердин алдын алат дегенди
билдирет. Мындай бир мисал берели,
базардан 2 килограмм койдун этин сатып
алып, бирок баштыкка салбай жөн эле эндей
көтөрүп алып, үйдү көздөй бараталы дейли.
Эгер этти пакетке ороп, көрүнбөй турган
баштыкка салбасак, ал этке ар кимдин сугу
түшөт, назары тиет. Өзгөчө көптөн бери эт
жей элек ачка кишилердин шилекейи чууруп,
жегенге аракет кылбаса да ичинен ойлоп
коет. Эгер базардын айланасында жолбун
иттер бар болсо, анда ээрчип алат. Эптеп
бир айласын таап, иле качышты ойлошот.
Же дагы бир мисал, чоң суммадагы акчаны
көтөрүп, же өтө баалуу алтын-күмүш
жасалгаларды тагынып элдин көзүн
кычыштыра көчө бойлой бассак, аны көргөн
ниети бузуктар эптеп амалын таап алууга
аракет кылат. Эгер биз бул баалуу
нерселердин сакталышын кааласак, анда
буларды эч кимге көрсөтпөшүбүз керек.
Аялзатын этке же жасалгага салыштыргыбыз
келбейт, аялзаты булардан миң-мертебе
жогору турат. Андай болсо, аялзат бул
кымбат баалуу өзгөчөлүктөрүнөн ажырагысы
келбесе жана эркектерди күнөөгө түрткүсү
келбесе, сакташ керек.
Негизи, абийири болгон ар бир аялзат өзүн
сыйлагандай эле, эркектерди сыйлап,
аларды бузгусу келбейт. Ошондуктан
денесин белгилүү кылбай тургандай кылып
жамынса, үй-бүлөсүн да сактап калат.
Себеби, жоолук салынган аялга эч ким
жаман, бузуку ой менен карабайт.

Узун кийинип, жоолук салынуунун сырлары

1. Денени жабуу – аялзатынын табияты [/
b]
Узун кийим кийүү, жоолук салынуу жалгыз
мусулман аялзаты үчүн гана эмес, бүткүл
аялзаты үчүн табигый нерсе, анткени муну
табияттары талап кылат. Анткени аялдар
жаратылышынан эле назик жана алсыз
болгону үчүн өздөрүн жана жандарынан да
артык көргөн балдарын коргой турган
күйөөнүн коргоосу менен жардамына муктаж
болгону үчүн, өзүн сүйдүрүп, жек көрдүрбөш
жана суук мамилеге дуушар болбош үчүн
узун кийишти өзү эле табияты каалап турат.
Адам баласы өзү жактырбаган, сүйбөгөн
кишисинин назарынан жаман абалда
калгысы келбейт. Албетте, ачык кийинген он
аялдын эки-үчү чоочун эркектердин
назарынан лаззат алса, жети-сегизи
тартынат. Эгер аялдын жүрөгү бузула элек
болсо, сөзсүз түрдө бушайман болот.
Курандын, аялдардын кийими тууралуу
кылган буйругу табигый болуу менен бирге
мээримдүү жана түбөлүктүү өмүрлүк
жолдош болгон аялдарды узун кийим
аркылуу ыпылас, сук көздөрдөн, эң төмөнкү
даражага түшүштөн жана рухий
туткундуктан куткарат.
Ошондой эле, аялдар чоочун эркектерден
табигый түрдө коркушат. Бул коркуу болсо
табигый түрдө денени көрсөтпөгөн кийимди
талап кылат. Куран буйрук кылган кийим
аркылуу чоочун эркектердин делебесин
козгобоону, алардын зордукташына тоскоол
болушту алсыз табияты буйрук кылат. Куран
буйрук кылган кийим болсо – аялдын бул
коркунучтардан коргоно турган чеби. Ачык
кийинген тигил, же бул бардык кызга жаман
ниеттүү, сук көздүү эркек тийишпей койбойт,
муну баарыбыз эле билебиз. Андай болсо,
жарым-жылаңач кийинүү аялдын табиятына
карама-каршы келет, ал эми денени
көрсөтпөй кийиниш аялдын табиятына абдан
туура келет. Демек, «Жоолук салынуу – бул,
туткунчулук» - дегендердики туура эмес.

2. Жабынуу бул – кепилдик

Аял менен эркектин ортосундагы ысык
мамиле, сүйүү жалгыз дүйнөлүк жашоонун
муктаждыгы үчүн гана бар эмес. Ырас, аял
күйөөсүнүн дүйнөлүк жашоого гана тиешелүү
өмүрлүк жубайы эмес. Тескерисинче,
түбөлүктүү жашоодо да өмүрлүк жубай.
Аял тигил дүйнөдө да өмүрлүк жолдош
болгондон кийин албетте, түбөлүктүү
жолдошу жана досу болгон күйөөсүнүн
назарынан башка назарлардын өзүнүн
сулуулугуна тартып, аны кызгандырып,
таарынтпашы керек. Момун мусулман
болгон күйөөсү ыймандуу болгону үчүн аны
менен болгон байланышы дүйнөлүк жашоого
гана тиешелүү, убактылуу болбогондон кийин,
сүйүүсү түбөлүктүү жашоого чейин уланат.
Ошондой эле, жаштыгында, сулуу кезинде
гана эмес, карылыкта, сулуулук кеткенде да
сүйүшү керек. Бул адамгерчиликтин талабы.
Антпесе, көп нерседен ажырайт.
3. Жабынуу бул – калкан
Үй-бүлөнүн бактылуу жашоосу жубайлардын
ортосундагы урмат, сүйүү аркылуу уланат.
Денени белгилүү кылып кийинүү ошол
сүйүүнү бузат. Адам баласы махрам (никеси
түшпөгөн аялзат, карындашы, кызы, эжеси,
эмчектеши ж.б.) аялзатына сугун артып
карабайт. Тууган катары көрүшү мүмкүн,
мындай жагдайда напсиси анын айбандык
сезимдерине тоскоол болот. Бирок буттар
сыяктуу шарият уруксат бербеген дененин
мүчөлөрүн ачык калтыруу абдан ыпылас
сезимдердин ойгонушуна себепкер болушу
мүмкүн. Анткени махрам аялзатынын жүзү
махрам эмес аялзатына окшош эмес. Бирок
мисалы жылаңач буттар махрам болбогон
аялзаты менен бирдей деңгээлде. Демек,
жылаңач буттар махрам болуу чегинен
чыккандыгы себептүү эркектин айбандык
сезимдерин ойготуп жибериши толук
мүмкүн. Муну далилдештин деле кереги жок,
гезиттерден окуй калып жүрөбүз, өз
карындашын, өз эжесин зордуктаган
эркектер, өз кызына аңги болгон аталар
коомубузда жок эмес, тилекке каршы...
Курандын аялзатынын кийими тууралуу
берген буйругу тамаша эмес. Ал буйрукка
баш ийбеген коом төбө чачты тик тургузган
ыпылас окуяларга күбө боло бермекчи!
4. Жабынуу бул – таза урпак

Калктын санынын көп болушу бардык
мамлекеттер тарабынан талап кылынган
негиз. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи
васаллам) дагы бир хадисинде «Үйлөнгүлө,
көбөйгүлө. Акыретте мен силердин көп
сандуулугуңар менен сыймыктанам. » - деген.
Ал эми аялдардын мусулманча кийиминин
жоюлушу үйлөнүүлөрдү көбөйткөндүн ордуна
азайтат. Анткени эркек канчалык жаман
болбосун, канчалык заманбап болбосун,
өмүрлүк жарынын намыстуу болушун
каалайт. Өзү сыяктуу заманбап, тагыраак
айтканда, жарым жылаңач кийинген кыз
менен үйлөнүштү каалабагандыктан бойдок
калат, балким зынаакордукка барат.
Аял болсо андай эмес, күйөөсүн башкара
албайт. Анткени аялдын (үй-бүлөлүк
жашоодо үйдөгү турмушту жөнгө салган
жагы менен алып караганыбызда күйөөсүнүн
бүткүл мал-мүлкүн, балдарын сактай турган
кызматчы болгондугу себептүү) эң маанилүү
артыкчылыгы – күйөөсүнө берилгендиги.
Жарым жылаңач кийинүү бул берилгендикти
жоет, күйөөсүнүн назарында аял
коопсуздукту жоготот, анан абийирин азабын
тарта баштайт. Эркектердеги эки өзгөчөлүк,
эр жүрөктүк менен жоомарттык аялда болсо,
ушул коопсуздукка жана берилгендикке
зыяны тийгени үчүн жаман ахлак болуп
саналат. Бирок күйөөсүнүн милдети – аны
коргоо, урматоо жана мээримдүү мамиле
кылуу.
Анын үстүнө, Кыргызстандын 80 пайызы
мусулман, күн санап мусулмандардын саны
көбөйүп баратат. 70 жылдан ашуун
коммунизмдин, материализмдин таасиринде
калса да, мусулманчылык көбүнесе салт
катары калса да сакталып калган.
Мамлекетибизди Европадагы мамлекеттер
менен салыштырганга болбойт. Европа
Азияга салыштырмалуу суук келет, Азия
болсо ага салыштырмалуу ысык климаттуу.
Ал эми климаттын адам баласынын адеп-
ахлагынан таасирин тийгизет. Ошол суук
мамлекеттерде жарым жартылай ачынуу
адамдын айбандык сезимин ысык
мамлекеттерге салыштырмалуу анча
ойготпошу мүмкүн. Ойготсо да анчалык чоң
зыян келтирбейт. Бирок ысык
мамлекеттерде жарым жылаңачтанып
кийинүү көптөгөн кырсыктарга жол ачышы
мүмкүн.
Анан да, ислам эч качан бир улутту башка
улутка үстөм көрбөйт. Ошондой эле, эгер
исламга карама-каршы келбесе эч бир
каада-салтты тыйбайт. Буга таянып,
Кыргызстандагы мусулман аял Арабиядагы,
же Пакистандагы аялдардан үлгү албай
койсо болот. Маанилүү болгон нерсе –
Куранда кандай буйрулса, ошондой кийинүү.
Куранда кандай буйрулса, Пайгамбарыбыз
(саллаллоху алейхи васаллам) кандай айтса,
ошого карап кийиниш керек, бир улутка
тиешелүү өзгөчөлүктөрдү ээрчий берген
болбойт.
5. Жабынуу бул – дененин ырахаты

Кээ бир аялдар «Күн ысык тийип турса,
кантип тумчуланып алабыз?» - дешет. Бирок
тумчуланган башка нерсе, тумчулануу – бул,
жүздү да көрсөтпөстөн жамынуу. Бирок
мусулман аялдардын жамынышы
тумчулангандыкка жатпайт.
Кудайга шүгүр, Алла Таала аялдардын
жамынышы тууралуу буйругун эң ысык
өлкөлөрдүн бири болгон Арабияда жүзөгө
ашырган. Арабиянын ысыгы
Кыргызстандыкынан эки эсе ысык, анда
аердеги аялдар кантип чыдап жүрүшөт? Бул
жөн эле психологиялык таасир. Негизи, узун
кийим кийип, жоолук салынган аялзатына
караганда ачык кийинген аялзаты көбүрөөк
ысыйт. Анткени шарият боюнча кийинген
аялзатынын денесинин температурасы
эшикке чыкканда да сакталат. Медиктер
муну далилдеп чыгышты.
Кээ бир жаш кыздар «Мага узун кийим
кийген, жоолук салынган жарашпайт» - дейт.
Бирок кечиресиздер, бул жерде бүткүл
ааламды жараткан Алла Тааланын буйругу
бар. Мусулман аялзаты кийимди жарашканы
үчүн эмес, Кудай буйрук кылганы үчүн киет.

Сөздүн кыскасы, аялдардын шарият боюнча
кийинишинде жогоруда саналган көптөгөн
жеке инсандык, үй-бүлөлүк жана коомдук
пайдалары бар. Тилекке каршы, буга каршы
чыккандар көптөгөн зыяндарга учурайт.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2583 Пользователь офлайн   rumaika5544   21 Сентябрь 2014 - 17:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

:tongue:

ﻕ
Бир тиштелген алмасы бар АЙФОНду
Коргоо учун чехол алып каптайбыз
Неге анан шаттандырбай шайтанды
Кызыбыздын ачык жерин жаппайбыз?
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2584 Пользователь офлайн   rumaika5544   22 Сентябрь 2014 - 13:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

9) Атыр жыт (духи) себинген аял.
Эгер кандайдыр бир аял көчөгө чыгаардан
мурда, өз денесине атыр жыт себине турган
болсо жана ал аял көчөгө чыккан кезде анын
жыты көчөдөгү эркектерди өзүнө тарта турган
болсо ал аял зина
( прелюбодеяние) кылган аял сыяктуу деди. (өз
үйүндө каалага духисин, косметикасын
колдосун ал нерсеге ислам уруксат берет).
10) Жылаңачтанган аял.
Бул азыркы убактагы кээ бир эже карындаштар
кийинип жүргөн кийимдер тууралуу. Денесине
жармашкан тар кийимди моода (саркеч) сымал
кийишип никесинде жок эркектерди өзүнө
бурууда. Же болбосо ушундай тор кийимдерди
кийишет ички денеси, тулку бою толук көрүнүп
турат. Бул аялдар жөнүндө пайгамбарыбыз (ага
Алланын салаваты жана саламы болсун)оо
аялдар, мага ишенгиле тозоктун көпчүлүк
бөлүгүн силер ээлейсиңер деди. ( Ошол
кийимдердин түрлөрүн кийсин өз үйүндо.
Күйөөсүнө өзүн жакшылап жасасын. Ал эми кээ
бир аялдар туура эмес кылат. Көчөгө чыккан
кезде ушундай тар жана кыска кийим кийишет
баардык эркектердин көңүлүн өзүнө тартып.
Үйүндө болсо 7 кабат кийим кийет).
Эсинде болсун бир тууганым Алланын
каргышынан жана наалатынан корк. Анткени
Анын каргышы тийген адам Анын мээриминен
куру калат. Кимге Алланын каргышы тийген
болсо ал каргыш анын жети урпагына жетет.
Ошондуктан эже карындаштарым бул кыска
сыноо дүйнөдө болбогон нерсеге азгырылбайлы.
Жүзүндөгү сулуулук эсептелүү убактан соң
кетет. А бирок Алланын азабы, Алланын тозогу
түбөлүк.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2585 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   23 Сентябрь 2014 - 18:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Ассалямуалейкум уа рахматуЛлахи уа баракатуху!

- "Сен хижаб кийгидей араб эмессин!" - деп, Айша деген эжебиз кызына кыйкырып, италиялыктардын шиш такасын кийип, колуна америкалыктардын айфонун алып, кийип турган франциялыктар тиккен көйнөгүн оңдоп, орустардын тилинде, жапондуктардын унаасын айдаган таксисти чакырып, ата-бабасы эзели көрбөгөн Малдиваны коздой америкалыктардын учагына: "Бысмылла !" деп отуруп учуп кетти... (Бул текстке кимдин ою кандай?)
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2586 Пользователь офлайн   alibekova94   23 Сентябрь 2014 - 19:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Мусулманчылыктан чыккан адамдар ошентишет окуганыма тообо кылдым !!!

Хиджап кыздар учун парз мусулман кызы ачык кийинбеши керек....

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2587 Пользователь офлайн   ACAH_AKA   23 Сентябрь 2014 - 20:36

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 068
  • Катталган: 30 Март 14
  • Соңку аракети: 02 Фев 2018 20:49
  • Жынысы:Эркек

Жургон жерин бору болсо бору бол
Тулку болсо тулку бол деген заман да азыр
УЛУТЧУЛ ДЕЙТ БИЛБЕГЕН
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ







МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2588 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   23 Сентябрь 2014 - 21:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Акырында быссмылла деп учагына отуруп учуп кеткени кызык го...
Эч нерсе дей албайм...
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2589 Пользователь офлайн   rumaika5544   23 Сентябрь 2014 - 22:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

.

Билдирүүнү түзөткөн: rumaika5544: 23 Сентябрь 2014 - 22:41

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2590 Пользователь офлайн   rumaika5544   23 Сентябрь 2014 - 22:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Уаалайкумассалаам, рахмаатуллахи уа баракаатух!

Арабча сүйлөп койуптур го "Быссмылда "-деп,мындай көрүнүштөр толтура эле да, өздөрүнүкү көрүнбөй, башкалардыкы дароо көрүнөт.Шайтан башкача кылып көргөзуп койот да...

Билдирүүнү түзөткөн: rumaika5544: 23 Сентябрь 2014 - 22:40

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2591 Пользователь офлайн   Nusrat_Jakyn_Insha_Allah   23 Сентябрь 2014 - 22:36

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 15 Июль 14
  • Соңку аракети: 30 Сен 2014 19:20
  • Жынысы:Эркек

Хиджаб арабтыкы дегендер азыртан олгонунордо кепиндин ордуна кие турган кыска кийиминерди, костюм шымдарынарды даярдап койгула. Хиджап араптыкы болсо кепин да араптыкы! !! Силер олгондо очки тагып кепка кийгизип анан комушсун ыразысынарбы?

Раз шайтанга моюн сунуп Аллахтын буйругуна каршы чыктынарбы, олгонунордо куран окубай, музыка коюп комушсун...ким ыраазы? Неге башынарга мусибат тушкондо эле Аллахка кайрыласынар?

деп бир Мусульманка Хиджабка каршы чыккандарга жазыптыр.

Билдирүүнү түзөткөн: Nusrat_Jakyn_Insha_Allah: 23 Сентябрь 2014 - 22:40

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2592 Пользователь офлайн   Nusrat_Jakyn_Insha_Allah   23 Сентябрь 2014 - 22:42

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 15 Июль 14
  • Соңку аракети: 30 Сен 2014 19:20
  • Жынысы:Эркек

Билбегендер билип алсын.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG_4528074525328.jpeg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2593 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   23 Сентябрь 2014 - 23:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Ва Алайкум Ассалам Ва Рахматуллохи Ва Баракатуху!

Менин көз карашым Сүрөт мына ушундай экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2594 Пользователь офлайн   edu.kg   23 Сентябрь 2014 - 23:50

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Менин жеке ойум кыска жана хиджап кийгендерге каршымын. Себеби кыргыз кызы эч качан кыска кийнген эмес жана да оронуп жургон эмес. Жакында эле болгон окуяны жазып кетейин негизи мындай жоруктарды коп эле коруп турам. Мен да силер сыяктуу мусулман баласымын туугандар. Маршруткада баратам воронцовканы коздой,ичи тыгын адам коп, мен киребериш жерде баратам,ортодо жашы отуп улгайган адамдар да туруп баратышат,бир кезде адамдын саны азайып калган кезде ортодо эки эркек бир аял калды жанада мага туш жерде бир кыз келе жатты. Артта сиздер мактап ишенген ошол хиджап кийген эки кыз арткы орундуктарда отуруп келе жатышты ооздорунда жвачки колдорунда телефон колому алакандай,телефондогу бир нерсеге кулуп оздорунчо тамашалашып кележатышты. Ортодо тикке туруп келе жаткан улууларга туруп орун берип койушабы десем жок, такыр ойлоруна келген жок андай нерсе. Ансайын кыткылыкташып жвачкаларын чалпылдатышып телефондогу нерсени тамаша кылып кебелишпейт. Ангыча бала которуп бир келин тушту маршруткага, орундукта баары улгайган адамдар болгондуктан баары бири бирин тиктеп калды жана да тиги кыздарды карап калышты. Агыча тигилер козголбогондуктан орундукта отурган эже туруп бошотуп берди балалуу келинге. Бираз жургондон кийин мурдатан туруп келедаткан эжеге менин каршымда айдоочунун артында туруп кележаткан кыз(кийгени :колу узун кофта,жарашыктуу юбка жана да чачын жарашыктуу кылып бууп алган) эжэ келиниз бул жер ынгайлуу экен деп турган жерин бошотуп берди. А тиги хиджапчан кыздар качан гана оз адрестерине жеткенде тушуп кетишти. Бири узун ага го бираз жарашыптыр а бироосу кыска бойлуу экен узун хиджаппы билбейм негедир жудоп аран басат чалынып. Эми айткылачы туугандар кимге ишенип тушунсо болот?

Билдирүүнү түзөткөн: edu.kg: 23 Сентябрь 2014 - 23:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2595 Пользователь офлайн   rumaika5544   23 Сентябрь 2014 - 23:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Аллахга жанан анын пайгамбарына, исламга ишенип, түшүнүү керек.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2596 Пользователь офлайн   edu.kg   24 Сентябрь 2014 - 00:15

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Айтайын дегеним мен да мурда силер сыяктуу хиджап кийген кыздарды мактачумун. Негедир акыркы убакта жакпай баратат. Хиджап кийип тамеки тарткан кыздарды жэ болбосо кечки кафе клубдарда кундузу хиджап кийип кечкисин жургондорун коруп мумкун ошондонго дейм. Агамдын шаарда квартиранттары бар эле хиджап кийинген эжэсинди эжэсинин куйосу камаз айдачу кобуно уйдо болбойт эле. Ошол кыздар негизи туурасын айтайын нан деген билесиздер кандай улук экенин менинмче бизде эле эмес мусулман олколордо да ошондой эле болсо керек деп ойлойм,алар он келген жерге пакеткке ороп ыргытып салышчу коруп алып тан калчубуз бул эмнеси деп. Анан кайдадыр кечке карай чыгып кетишчу баштарын гана орошпосо кадимки эле джынсы шымдарды кийип алышып чытыратып уйдо деле ошентип журушчу. Анан да такыр тазалык деген немени билишчу эмес себеби алар жашаган болмодо элект.э бузулуп ондоп бергем уй ичи бир жагымсыз жыт менен бирге шыпырылып жыйналган эмес чан коптон бери экени. Ажаат кана сыртта болгондуктан (жайкысын) даарат алганы чай кайнаткан чайнектерине эле алышчу. Бизге алардын бул корунуштору оон учурагандыктан тан калчубуз агамда айтып калчу ишенген адамдар ушундай болсо деп. Негизи алар хиджап кийинип келишкендиктен киргизгенбиз тынчыраак жана да таза деп. Эки ай аран чыдадык. Бул менин жэке ойум достор. Оронбосо койсун оз абиир намыс уяты менен болсо кыргыз кызы.

Билдирүүнү түзөткөн: edu.kg: 24 Сентябрь 2014 - 00:23

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2597 Пользователь офлайн   MACKA   24 Сентябрь 2014 - 00:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения edu.kg (23 Сентябрь 2014 - 23:50) жазган:

Менин жеке ойум кыска жана хиджап кийгендерге каршымын. Себеби кыргыз кызы эч качан кыска кийнген эмес жана да оронуп жургон эмес. Жакында эле болгон окуяны жазып кетейин негизи мындай жоруктарды коп эле коруп турам. Мен да силер сыяктуу мусулман баласымын туугандар. Маршруткада баратам воронцовканы коздой,ичи тыгын адам коп, мен киребериш жерде баратам,ортодо жашы отуп улгайган адамдар да туруп баратышат,бир кезде адамдын саны азайып калган кезде ортодо эки эркек бир аял калды жанада мага туш жерде бир кыз келе жатты. Артта сиздер мактап ишенген ошол хиджап кийген эки кыз арткы орундуктарда отуруп келе жатышты ооздорунда жвачки колдорунда телефон колому алакандай,телефондогу бир нерсеге кулуп оздорунчо тамашалашып кележатышты. Ортодо тикке туруп келе жаткан улууларга туруп орун берип койушабы десем жок, такыр ойлоруна келген жок андай нерсе. Ансайын кыткылыкташып жвачкаларын чалпылдатышып телефондогу нерсени тамаша кылып кебелишпейт. Ангыча бала которуп бир келин тушту маршруткага, орундукта баары улгайган адамдар болгондуктан баары бири бирин тиктеп калды жана да тиги кыздарды карап калышты. Агыча тигилер козголбогондуктан орундукта отурган эже туруп бошотуп берди балалуу келинге. Бираз жургондон кийин мурдатан туруп келедаткан эжеге менин каршымда айдоочунун артында туруп кележаткан кыз(кийгени :колу узун кофта,жарашыктуу юбка жана да чачын жарашыктуу кылып бууп алган) эжэ келиниз бул жер ынгайлуу экен деп турган жерин бошотуп берди. А тиги хиджапчан кыздар качан гана оз адрестерине жеткенде тушуп кетишти. Бири узун ага го бираз жарашыптыр а бироосу кыска бойлуу экен узун хиджаппы билбейм негедир жудоп аран басат чалынып. Эми айткылачы туугандар кимге ишенип тушунсо болот?

Сен да кызык немекенсиң, ушунун баарына кайдыгер карап, кыздарга өздөрүнө бир ооз сөз айтып койгонго да жарабаган... Мен болсо түтөп кетмекмин! "Чоң кыздар тургула, улуу кишилерге орундук бошотуп берип койгула!" - деп. Бул жерге окуяны тимммеле кырааты менен түшүнүктүү, укмуш жеткиликтүү жазыпсың, ошол кыздарды бир уяткарып койгонго кудуретиң жетпедиби йя?
Тема боюнча оюмду айтсам: Хиджап-миджапка караманча каршымын! Ата-бабаларыбыз да кийген эмес мындай хиджапты. Хиджап деген сөздүн өзүн кечээ жакындан бери эле кулагыбыз чалып, бул сүйрөлгөн кийим экенин түшүнүп отурабыз! Же калппы? Түшүнүп-түшүнбөй эле хиджапка оронуп-чулганып алган кыздарга көрсөтүп коёюн; ушунчалык эле оронгусу келсе, тээ алмуздактан бери ата-бабаларыбыз аздектеп кийип келген төмөндөгү өзүбүздүн улуттук кийимдерди эле тандагыла дейт элем. Хиджаптан эмнеси кем?! Азыркы заманбап үлгүсүндө кандай гана сонун кийимдерибиз жок эмес.
Кыргыздар өзү оомо калкпыз! Анан да моюнга алгыбыз келбей чычалап, сөз жебестигибизди айта бергиле да...! Мени төө бастыга алмай жок! Тема боюнча гана жазабыз.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: throughrussiance00grahuoft_0121.jpg
  • Прикрепленное изображение: throughrussiance00grahuoft_02831.jpg
  • Прикрепленное изображение: throughrussiance00grahuoft_02691.jpg
  • Прикрепленное изображение: throughrussiance00grahuoft_02751.jpg
  • Прикрепленное изображение: throughrussiance00grahuoft_02871.jpg
  • Прикрепленное изображение: throughrussiance00grahuoft_02591.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 24 Сентябрь 2014 - 00:38

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2598 Пользователь офлайн   rumaika5544   24 Сентябрь 2014 - 00:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Биз баары бир
”адам”быз, катачылык кетиребиз,ошол
катаны чын журоктон жакшылык
каалап,тушундуруп айтса,ар бир адам
ондогусу келет. Бирок,сиздин андай
ниетинизди байкабадым. Кечке
дразнить этип тийишип.анан кайра
жектеп атасыз. Макул,биз ката кетирсек
да (билбестиктен) Аллахтын
буйруктарын Анын ыраазылыгына
жетууго аракеттенип атабыз. А сиз
Аллах учун эмне кылдыныз?
Башкаларды сындагыдай, озунуз
фарздарынызды аткардынызбы?
Дагы чыкпаныз беттен аласынар
деп,жон гана сиздин чектен чыкканыныз
ушинтип жазууга туртту.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2599 Пользователь офлайн   rumaika5544   24 Сентябрь 2014 - 00:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Мисалы мен кочого
чыкканда балдарымды
ээрчитип,коомдук унааларга
олтурам.Анда мага ынгайсыз болот
экен.Азыркы замандын стилинде
кыргыз кийимдерди чыгарышыптыр,
алар, эң арзандары 12:;14миңдин
тегерегинде экен.Лична менин андай
койнокту алып кийгенге мумкунчулугум
жок.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2600 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   24 Сентябрь 2014 - 01:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

MACKA, эже азыркы хиджап (жабынуу) менен биздин энелер кийген (сүрөттөгү) хиджаптын кандай айрымасы бар?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 128
  • 129
  • 130
  • 131
  • 132
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Июн 2025 23:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: