Ассалому алейкум мусульман бир туугандар!
Ушул теманы дагы улантыныздар.
Мс мен хиджап кийгенди жакшы кором,бирок кайнэнем каршы,бирок албетте кием деген ниет бар буйруса кием. Азыр 5убак намаз окуйм акырындан баары болот,
Кыздар неге хиджаб кийбейсиңер?
#2942 26 Октябрь 2017 - 10:48
Италиянын Ички иштер министри Жулиано Амато хиджап кийууго тыю салуу боюнча законуна кол койбой коюптур. Анын: "Бардык иконаларда Дева Мариянын башында жоолук турса мен кантип хиджапты кийууго тыю салам" деп айткан созу адамды тан калтырбай койсо керек.
Аллах-кудуреттуу зат!
#2943 26 Октябрь 2017 - 11:02
Марьям Алейхи саламдын айтканы бар экен " Эгер аял башына жоолук салбаса, чачын эркекке окшоп кырып алсын" деген. Бул создор башкалар учун кандай угулат, бирок мен учун эн маанилуу. Чачы менен аял эркектен айырмаланып сулуу болот, мына ошол сулуулугун башкалардан жаап-жашыруу керек. Сырдуу болуш керек.
Аллах-кудуреттуу зат!
#2944 26 Октябрь 2017 - 13:47

Ассаламу алайкум эжеке, Марям энебиздин ушул сөзүн же ушул айтканыңызды толугураак ачыктап кетсеңиз, хадис же баяндарда бар бекен.
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
#2945 26 Октябрь 2017 - 20:50
Бир имам исламдын тарыхында эн кыска хутба айткан экен:" аялдарынар жыланач жургон учун, намазынардын берекеси жок"- деп. Буга далил пайгамбарыбыздан хадис бар ( мааниси):"
аялы созун укпаган эркектин дубасы кабыл болбойт жана ибадатында береке жок"- деген. Бул хадисти талдап деле кереги жок, ансыз деле баары тушунуктууго.
Ушул хадисти окугандан кийин кайсы аял жабынбай койот, билбейм.
brother
#2946 26 Октябрь 2017 - 23:29
Ассаламу алайкум эжеке, Марям энебиздин ушул сөзүн же ушул айтканыңызды толугураак ачыктап кетсеңиз, хадис же баяндарда бар бекен.
Алейхи Ассалам. Кайсы бир жерден окудум эле эсте жок бирок. Тапсам жазам го.
Аллах-кудуреттуу зат!
#2947 27 Октябрь 2017 - 13:51
Алейхи Ассалам. Кайсы бир жерден окудум эле эсте жок бирок. Тапсам жазам го.
Күтөм эжеке жазыңыз.
Алейхис салам -бул сөз пайгамбарларга карата айтылат.
Марьям энебиз пайгамбар болгон эмес да , Иса пайгамбар алейхис саламдын энеси болгон.Куранда айтылган аялдардын бирөөсү .
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
#2948 27 Октябрь 2017 - 17:23
#2950 27 Октябрь 2017 - 19:14
Кудайга миң мертебе шүгүр, мени да жабык кийингендердин арасына кошконуна. Туура эмес билдирүү калтырган эже-сиңдилериме Аллаhым мээримин төксүн. Аларда парз амалдарды аткаруучулардан болсун.
#2951 27 Октябрь 2017 - 20:50
Ассаламу алайкум эжеке, Марям энебиздин ушул сөзүн же ушул айтканыңызды толугураак ачыктап кетсеңиз, хадис же баяндарда бар бекен.
Ва алейкум ассалам деп башынан баштайын. Туура эмес жазгандарым учун кечирим сурайм. Берген суроонуз учун рахмат. Мен фразаларды окуп калсам, каяктан жазылган булагына анча маани бербей, фразаларды гана эстеп калат элем. Сиздин суроонуздан кийин издеп отуруп таап келдим. Бирок мен окугандай Марьям (р.а) энебиздин айтканын эмес, бир аз башкачараак экен.
Орусчасы:
11.6 Ибо если жена не хочет покрываться, то пусть и стрижется; а если жене стыдно быть остриженной или обритой, пусть покрывается.
Библия, Коринфиям, 11:6
Озум окуп тан калдым. Пайгамбарларга келген китептерден биздин Курандан башка китептер бурмаланып кеткен деп окугамын. Ошондой болгон чакта да Библияда ушундай аяттары бар экен
Анан эмнеге мусулман кыздардын хиджап кийгенин тушунушпойт? - деген суроо келди.
Ушул жазгандарым хиджап араптардыкы, мусулмандар гана киет дегендерге жооп болду окшойт.
Аллах-кудуреттуу зат!
#2952 28 Октябрь 2017 - 08:50
Хиджап десе эле арабтардын кийимин кийип моода кылып алышты. Ким билет моодасын дагы канча жыл кийишет.Мурунку апа-энелерибиз кийинип келгендей эле жабык кийинип, жоолук салынып ыйманынды ичине катып, копчулук алдында озунду корсотпой, кичи-пейил, 5 убак намазды калтырбай, ийкемдуу болуп эле журсон болду да.
#2953 28 Октябрь 2017 - 10:18

Сиз ошол апа энелердей болуп жабык чепкен элечек кийип жүрөсүзбү?
Макул алар арабдардын кийимин кийип жатышыптыр.
Жеке өзүм үчүн жооп бере турган болсом, Хижааба -которулушу ""жамынуу" Аллахтын ыраазычылыгы үчүн кийгемин модага эмес.Куранда айтылган.
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
#2954 28 Октябрь 2017 - 11:06

Куранда айтылганын баары билет. Жамынып арабтардын кийимин кий деген эмес да ал жерде. айтайын дегеним арабтарга окшобой эле жабык кийинип жоолук салынып журсо болот го. Ошентип эле келген апаларыбыз, биз биринчи ошо апаларыбызга окшоп алалы арабтарды коюп.
#2955 28 Октябрь 2017 - 12:28
Куранда айтылганын баары билет. Жамынып арабтардын кийимин кий деген эмес да ал жерде. айтайын дегеним арабтарга окшобой эле жабык кийинип жоолук салынып журсо болот го. Ошентип эле келген апаларыбыз,
биз биринчи ошо апаларыбызга окшоп алалы арабтарды коюп.
Кыргыздар кийген хиджап менен арабдардын кийгени такыр окшобойт. Арабдардын куйоолору ак кийим кийсе, аялдары кара паранжа (башынан аягына чейин толук жабылган) кийип жургонун телевизорлордон коробуз го.
Аллах-кудуреттуу зат!
#2956 28 Октябрь 2017 - 12:30

#2957 28 Октябрь 2017 - 12:37
Куранда айтылганын баары билет. Жамынып арабтардын кийимин кий деген эмес да ал жерде. айтайын дегеним арабтарга окшобой эле жабык кийинип жоолук салынып журсо болот го. Ошентип эле келген апаларыбыз,
биз биринчи ошо апаларыбызга окшоп алалы арабтарды коюп.
Хижааба арабдарга эмес бүт дүйнө аялдарына парз болуп түшкөн. Арабдардыкы бул биздики эмес деген сөздөр куру шылтоолор. Өзүбүздү алдоо эле....
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
#2958 28 Октябрь 2017 - 12:49
Хиджап десе эле арабтардын кийимин кийип моода кылып алышты. Ким билет моодасын дагы канча жыл кийишет.Мурунку апа-энелерибиз кийинип келгендей эле жабык кийинип, жоолук салынып ыйманынды ичине катып, копчулук алдында озунду корсотпой, кичи-пейил, 5 убак намазды калтырбай, ийкемдуу болуп эле журсон болду да.
Хиджабтын айырмасын билип алыныз.
#2959 28 Октябрь 2017 - 12:54
Кудайга миң мертебе шүгүр, мени да жабык кийингендердин арасына кошконуна. Туура эмес билдирүү калтырган эже-сиңдилериме Аллаhым мээримин төксүн. Аларда парз амалдарды аткаруучулардан болсун.
Аамиин. Сизге да Аллах ыраазы болсун! Хижаабаңыз берекелүү болсун!
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
#2960 29 Октябрь 2017 - 23:27
Хиджап десе эле арабтардын кийимин кийип моода кылып алышты. Ким билет моодасын дагы канча жыл кийишет.Мурунку апа-энелерибиз кийинип келгендей эле жабык кийинип, жоолук салынып ыйманынды ичине катып, копчулук алдында озунду корсотпой, кичи-пейил, 5 убак намазды калтырбай, ийкемдуу болуп эле журсон болду да.
Ассалам алейкум! Сиздин бул жазганыныз катураак айтканда эки жуздуулукко жатат эн биринчи эле озунуз аткарбаган нерсени башкага шылтаганыныз, озунуз кылбаган башкадан коргунуз келгени айта берсе коп.Кыргыз эле Кыргыз илгерки ата-бабаларыбыз андай эмес,мындай эле деп жургондор оздору Америка,Кытайдын кийимдерин кийип жургондору менен иши жок.Азыр,кочодон калпак кийип,чапан жамынып жургон эркекти коруп калышса айтат (халкоз,тоолук. кийинишин билбейт деп) озунун ким болуп калганы менен иши жок.Хижап кийип,Суннот кийиминде жургондорду айтат,Бахаис, Пакистандын кийимин кийип алыптыр дейт,Араптардын кийими десе да суйуносун.
Кыргыз кмйим азыр шорта жамбаштан,чыпыйган денеге жабышкан шымдар болуп калганбы эмне? Же тизесине жетип жетбеген койноктор Кыргыз кийимге айланып кеттиби? Хижап десе каршы болгондор ушуга жооп бергилечи.Же Кыргыздын каада-салттарын окуган эмессинерби? Илгери ата-бабаларыбыз кыздарды кийингенинен эле таанып койчу экен. Азыр кыз,келин,аял, кемпир кимиси экенин таанышка башын айланат.Кыскасы ар биринер озунор кийгиле да анан башканы айтсанар болот.Озу кыла албайт,кылганды кылдырбайт болбой..
Дагы акыркы айтканыныз да туура эмес,ыйманын ичине катып алса дейсиз.Элестетиниз эми ыйманын ичине катып алып озу эле окуп башкага уйротбосо анда кийинки муундарга ким тарбия берет? Же илгерки ата-бабаларыбыз ыйманын ичине катып журо берип бизге ыйман жетбей калганбы.Мындай кийингенибизге караганда.Ыймандын 70-тен ашык туру бар деген "Пайгамбарыбыз (салаллоху алейхи ва салам)" Алардын эн улуусу (Лаа иллаха илАллох Мухаммад расулуллох) деп айтуу,эн кичинеси жолдогу турган ташты жолдун жээгине алып кою адамдарга зыян бербеш учун.Эми кайсы ыйманды катыш керек ошондо?

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия