Суперстан: Кыздар неге хиджаб кийбейсиңер? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыздар неге хиджаб кийбейсиңер?

#461 Пользователь офлайн   Zamira   19 Июнь 2012 - 14:32

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 155
  • Катталган: 18 Апрель 11
  • Соңку аракети: 14 Дек 2012 17:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек.

Чынын айтайын,бул темадагы бир да билдирүүнү окуган жокмун. Хиджаб кийинген кыздар эмне максат менен хиджаб кийинишет түшүнбөйм! Мындай кийинген кыздарды өтө ыймандуу,улууну урматтаган, кичүүнү ызаттаган кыздар десеңер өтө чоң жаңылышасыңар! Эми баары эмес,бар арасында жакшылары. Маршруткалардын ичинде ошондой кыздар болуп калса өлүп баратса да инвалиди кирдиби,кары адамы кирдиби,балалуу аял,боюнда бар аял кирдиби оорун бошотуп бергенди билишпейт! Өздөрүн кудай сезип тим эле мизилдеп отура беришет! Айтыша көрбө алар менен ӨЛДҮҢ!!! Тилдеринин узунун сурабай эле кой. Бирок мен чыдабай алар менен урушуп кетем,мен да түзүк эле тилдүүмүн! Кирээрге жер таппай калышат! Бараар жерине жетпей жарым жолдон эле түшүп калышат. Мындайда мындай нерселерди да айтып уяткарып коюш керек да,туура түшүнгүлө. Даагы бир мисал: Менден бир кабат ылдый жашаган кошунам көзүнөн башка жерин бүт жаап,чүмкөнүп жүрөт,эч ким менен сүйлөшпөйт, сүйлөшкөндү койсун башын ийкеп эле учурашып койгонду да билбейт! Түнт! Бир күнү балкондо турсам,ал балконуна чыгып алып тамекини буркуратып тартып жатыптыр! Көргөн көзүмө ишенбей даагы жакшылап карап койдум,ӨЗҮ! Ассстаффралллаааа! !! деп эле койдум... Иши кылып АМАН ЭЛЕ БОЛУШСУН ошол хиджаб кийингендер! !!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#462 Пользователь офлайн   Zamira   19 Июнь 2012 - 15:05

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 155
  • Катталган: 18 Апрель 11
  • Соңку аракети: 14 Дек 2012 17:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек.

elya2404,азыр экөөбүз точно өлдүк! :blink:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#463 Пользователь офлайн   Afina   20 Июнь 2012 - 01:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 233
  • Катталган: 31 Май 12
  • Соңку аракети: 03 Фев 2020 11:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:KG ♥

Просмотр сообщения Zamira (19 Июнь 2012 - 15:05) жазган:

elya2404, азыр экөөбүз точно өлдүк! :blink:


Мен жогоруда айткан ойунузга кошулам. Хиджаб кийип алып жаман жолдо жургондор толтурa да!Бирок тушунбодум эмнеге олгон атасыныр?

Билдирүүнү түзөткөн: Afina: 20 Июнь 2012 - 10:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#464 Пользователь офлайн   elya2404   20 Июнь 2012 - 03:36

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 126
  • Катталган: 06 Июнь 11
  • Соңку аракети: 14 Фев 2017 21:29
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:БИШКЕК

Просмотр сообщения elya2404 (14 Март 2012 - 03:19) жазган:

Мен деле кийем, байкем атайын Аравиядан ала келиптир, белек деп, ошондон улам кийип калгам. Такай эмес, жума сайын жума намаска барып турам ошондо. Кундо деле киймекмин, жолдошум жудоп-какабай кийбей эле койчу деп кийгизбейт.


Урматтуу АФИНА, бул менин ушул темага биринчи билдирүүм! Бул жерде мен эчкимди хиджап кийгиле деп үндөбөй элемин! Просто менин тема боюнча жеке пикирим! Бул жерде вообще-то тема оймо-чийме чапталган кыргыз кийими эмес, хиджап кийгендер жөнүндө сөз болуп жаткан!
Сураныч, менин билдирүүмө сын айтуунун кереги жок! Ар бир адамдын башы, акылы, ыйманы өзүндө деп ойлойм! Бирөөнүн көз карашын, пикирин сыйлаганды дагы үйрөнүз! Рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#465 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Июнь 2012 - 10:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Темадан алыс, жеке айтышуу иретинде жазылган билдирүүлөр өчүрүлду.

Afina, elya2404 жеке айтышууларды токтотсоңор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#466 Пользователь офлайн   Aziku007   26 Июнь 2012 - 18:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 623
  • Катталган: 08 Июнь 12
  • Соңку аракети: 11 Авг 2018 21:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Намаз окуган, хиджаб кийген кыз алгым келип жүрөт менин.
Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#467 Пользователь офлайн   kaitpas   29 Июнь 2012 - 18:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Хиджап кийгендер кантип журсо оздору учун жооп берет,аларды кемсинтип же мактап жатканыбыз туура эмес.Алар жаман журот ко деп биз да жаман журсок жанылышабыз. Жараткан баарыбызды сыноодо,башты берди,акылды берди.Кайсыл арам,кайсыл адал экенин билдирди.Фарздарды буюрду,эми кайсыл жолду тандоо озубуздун ыйманызга таандык.Кадырлуу форумчулар саналуу гана хиджап кийген кыздарыбыз бар,койгула аларды тынч койгула.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#468 Пользователь офлайн   Balamir   02 Июль 2012 - 17:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Просмотр сообщения Zamira (19 Июнь 2012 - 14:32) жазган:

Чынын айтайын,бул темадагы бир да билдирүүнү окуган жокмун. Хиджаб кийинген кыздар эмне максат менен хиджаб кийинишет түшүнбөйм! Мындай кийинген кыздарды өтө ыймандуу,улууну урматтаган, кичүүнү ызаттаган кыздар десеңер өтө чоң жаңылышасыңар! Эми баары эмес,бар арасында жакшылары. Маршруткалардын ичинде ошондой кыздар болуп калса өлүп баратса да инвалиди кирдиби,кары адамы кирдиби,балалуу аял,боюнда бар аял кирдиби оорун бошотуп бергенди билишпейт! Өздөрүн кудай сезип тим эле мизилдеп отура беришет! Айтыша көрбө алар менен ӨЛДҮҢ!!! Тилдеринин узунун сурабай эле кой. Бирок мен чыдабай алар менен урушуп кетем,мен да түзүк эле тилдүүмүн! Кирээрге жер таппай калышат! Бараар жерине жетпей жарым жолдон эле түшүп калышат. Мындайда мындай нерселерди да айтып уяткарып коюш керек да,туура түшүнгүлө. Даагы бир мисал: Менден бир кабат ылдый жашаган кошунам көзүнөн башка жерин бүт жаап,чүмкөнүп жүрөт,эч ким менен сүйлөшпөйт, сүйлөшкөндү койсун башын ийкеп эле учурашып койгонду да билбейт! Түнт! Бир күнү балкондо турсам,ал балконуна чыгып алып тамекини буркуратып тартып жатыптыр! Көргөн көзүмө ишенбей даагы жакшылап карап койдум,ӨЗҮ! Ассстаффралллаааа! !! деп эле койдум... Иши кылып АМАН ЭЛЕ БОЛУШСУН ошол хиджаб кийингендер! !!


Эми эжекей.. кап этпесеңиз ар бир сүйлөмүңүзгө токтоло кетейин. Мен да билдирүүлөрдүн баарын четтен эле окуй бербейм. Бир теманын багытын түшүнүп анан талкуу кылуу үчүн сорттоп окуп чыгам.
Хиджапты эмнеге кийинишет? Аллах буюрганы үчүн. Бирок, "хиджаб" деген сөз, бизде араптардын улуттук кийимине таандык ат болуп калган. Андай эмес. "Хиджап" тын мааниси "жамынуу" деген этиштен келип чыккан "ысым" (жамынуучу нерсе, буюм, материал). Кандай болбосун денесин (шариятта көрсөтүлгөн ченемде гана ачып жүрүү шарты менен) жаап жүрүү. Мында кээ бир адамдардын алдында гана (күйөөсү, ата-энеси, бала-чакасы жана жалаң аялдардын арасында сыяктуу...) жоолугун ачып кеңири отурса болот.
Анда, кайра суроо келет. "Эмнеге, улуттук кийимибиз турса аны кийишет?" деп. Биринчиден азыр көчөдө узун кылып улуттук кийим менен жүргөн кыз-келин көрбөдүм. Ошол суроону сурагандар өздөрү неге кийишпейт? А, хиджап кийип жүргөндөргө келсек. Алар жок дегенде башка улуттун болсо да кийимин кийип мойнундагы парзын аткарып келишет. Бул жерде дагы айта кетчү нерсе, парзды аткаруу менен кылган амалды аралаштырбоо керек. Анткени, ыйман менен амал (кылган иш-аракеттери) эки башка. Алар бири-бирин толуктабайт. Ыйман келтирүү (Аллахтын бир экенине, Мухаммад (сав)дын анын элчиси экендигине, жалпы пайгамбарларга, периштелерге (Жабраил, Азраил, Микаил, Исрафил сыяктуу эң чоңдору жана башка көптөгөн кызматтарды кылып аткан периштелер), пайгамбарларга түшүрүлгөн китептерге (азыркы бурмаланган абалына эмес), кыямат, акырет күнүнө жана тагдырга ишенүү) Исламды кабыл алуу. Ал эми кылган амалдар менен анын ичин өзүң толтурасың.
Адамдар ар кандай эмеспи. Кулк-мүнөздөр да ар башка болот да. Ошол сиз айткан "тамеки тартуу"нун жакшы эмес экенин хиджаб кийбегендер үчүн да айтсак болот. "Жылтырдын баары алтын эмес".
"Алар менен айтыша көрбө". "Алар" да биздей эле адам. "Айтыша көрбөй" тургандар хиджап кийгендердин арасында да кийбей жүргөндөрдүн арасында да бар. Бирок экөөнүн арасындагы айырма. Мүнөзү жаман болсо да Аллахтын буйругун аткарат жана экинчиси мүнөзү жаман, ошол эле учурда парзды аткарбайт.
Адептүүлөргө эми сөз жок. Бирок, алардын айырмасы: хиджап кийгени экөөсүн тең аткарат, кийбегени парзды аткаралбай калганы үчүн эсеп 2:1.:-)

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 02 Июль 2012 - 17:39

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#469 Пользователь офлайн   Kg_boy3239   03 Июль 2012 - 14:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 14 Май 12
  • Соңку аракети: 10 Май 2021 04:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кичине убакыт болуп окуп коюнуздар Хижаб жонундо
elya2404, Бисмиллахир- Рахмаанир-Рахийм
Ааламдардын жалгыз Раббиси – Аллах Таалага мактоолор болсун! Бардык пайгамбарлардын арасынан эң улугу болгон Мухаммад пайгамбарыбызга чексиз мээрими төгүлсүн! Улук, Даанышман Аллах Таала Өзүнүн улук китебинде дүйнөдөгү бардык улуулук, бардык тазалык жана бардык жогорку касиеттер шарият мыйзамында катылуу экенин билдирди.

Табиятынан аялзатына тазалык, сулуулук, акыл эстүү оор басырыктуулук ылайыкталган. Алар ошого башынан умтулушат. Жаман иштерди, күнөөнү жек көрүп, жашынан эле абийирдүү ак жүрүүгө болгон аракети алардын табиятында “тунуктук” чоң мааниге ээ экенин баяндайт.

Мындай сыпаттарды аялзаты өзү жактырат жана анын ушул өзгөчөлүктөрүнө маани беришет.

Аялзатына ылайыктуу кийинип жүрүү маселеси асмандан түшкөн шарияттардын бирден бир негизинен болуп саналат.

Яхуддардын “Талмут” китебинде ушул негизги күбөлүк берилет. Атүгүл дүйнө акылмандары изилдөөлөрү аркылуу бул маселеге токтолушуп терең түшүнүшүп, аялдарды (күңдөрдөн бөлөк) башка эркектердин көзүнчө өзүн ачып көрсөтүп жүрүүдөн кайтарышты.

Исламда аялдын табиятын, коомдун саламаттыгын эске алып, хижабты лаазым кылуу менен аялдын сырткы жана ички тазалыгы коштолуп туруусуна өбөлгө түзөт.

Ошондой эле үй-бүлөнүн фундаменти бекем болуп, аялдын сулуулугу менен сымбатттуулугу өз жары үчүн гана арналып, бөлөк-бөтөндөрдүн андан пайдалануусуна тыйуу салган.

Натыйжада, кийинип жүрүү мыйзамы аялдын тазалыгын сактоо үчүн гана пайда келтирет. Эч кандай анын колу-бутун чынжырлап туткунга алуу үчүн эмес же анын акыл-эсин өлтүрбөө илим-өнөр үйрөнүүсүнө тоскоолдук кылуу максатында эмес кайта анын рухун байытып, жашоодогу инсандык жоопкерчилигин таанусуна шарт түзөт. Тарыхта, эл алдында сөз сүйлөгөн, өзгөчө сыпаттары бар көптөгөн аялдар болгон жана алардын сөздөрү, эмгектери тарыхта жазылып кала берген.

Ислам жумурияттары, аялдардын хижаб менен жүрүүсү иш-аракеттерине тоскоол болбостон тескерисинче кайра алардын коомдук милдетин эң жакшы аткаруусуна шарт түзөөрүн бекем далилдешкен
уландысы кийинкиде... ....

 Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#470 Пользователь офлайн   Kg_boy3239   03 Июль 2012 - 14:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 14 Май 12
  • Соңку аракети: 10 Май 2021 04:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек


Хижаб


Ислам дини тарабынан аялдарга парыз кылынган хижаб абийирди сактоочу негизги чеп (сепил) болуп саналат. Ошондой эле, хижаб – бул парда, салабаттуулук, бузукулукка калканыч, шарияттык өзгөчөлүк менен сыймыктануу, коомдук жана эркек-аялды бирдей ыйбалуулук менен камсыздоо экени белгилүү.

Аялдын хижабы мусулман аял кааласа зыйнат катары кийип, каалаганда чечий койо турган традициялык кийим эмес, тескерисинче, Аллах Таала тарабынан катуу белгиленген парыз. Аллах Таала аларды сактоо үчүн, алардын абийирдүү аял экенин билдирүү үчүн муну парыз кылган. Мусулман аялдар хижаб маселесинде улук пайгамбарыбыздын аялдарына ээрчишет.

Ислам думшандары жана аларга сокурлук менен ээрчиген, каалоо-кумарларына жана сезимдеринин кулуна айланган мусулмандар аялдын хижабына аябай кенен масштапта чабуулдарды жасашты жана жасап жатышат. Ал эми, кээ бир убакыттарда өздөрүн мусулмандарга дос көргөзгөндөй түр менен “хижабты кабыл алса болот, бирок, бардыгын эмес, улуттук менталитетке ылайыктап гана кабыл алыш керек” дешет.

Биз хижаптын зарылдыгын жана ага байланыштуу баалуулуктарды билгенибизден кийин, ага каршы козготулган чабуулдун (же согуштун) айоосуздугунан таң калбайбыз. Маселен, Батыш башка бир диндин, эч бир тайпанын кийимине хижабка асылганчалык асылган эмес, Батыштын же батышчыл араб же мусулман өлкөлөрүнүн мыйзамдарында жана коомдук жашоосунда хижабка жасалган кысымдар оркоюп эле көрүнүп турат.


 Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#471 Пользователь офлайн   Kg_boy3239   03 Июль 2012 - 14:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 14 Май 12
  • Соңку аракети: 10 Май 2021 04:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Курандагы Далилдер !!!!! !!!!!

Хижаб жана аруулук Ыйык Курандын көз карашы боюнча


Ыйык Куранда хижаб жөнүндө ачык айкын бир канча аяттар түшкөн, анда эмесе силердин көңүлүңүздөрдү ошол аяттарга бурабыз.

Аллах Таала “Нур” сүрөсүнүн 31 аятында айтты:



“Момун аялдарга айт: “(Ар кайсыл эркекти кароодон) көздөрүн сакташсын жана уйаттуу жерлерин сакташсын. Сулуулуктарын көрсөтпөсүн, көрүнүп тургандардан башкасын[1] . Жоолуктарын көкүрөктөрүнө чейин жаба салынышсын. Сулуулугун көрсөтпөшсүн. Бирок, өз күйөөсүнө, аталарына, кайын аталарына, өз уулдарына, өгөй уулдарына, (бир тууган) ага-инилерине, алардын уулдарына, эже-сиңдилеринин уулдарына, мусулман аялдарга, кол алдындагы күңдөргө, аялга муктаждыгы (кумардануусу) болбогон[2] кызматкерлерге, же болбосо аялдардын уяттуу жерлерин билбеген[3] наристелерге көрсөтсө болот. Анан да, көмүскө кооздуктарын жерге катуу уруп жүрүшпөсүн [4]. Эй, момундар! Баарыңар Аллахка гана тообо кылгыла! Балким (азаптан) кутуулаарсыңар”.

(Нур 31 аят).
Аллах Таала “Азхаб” сүрөөсүнүн 59-аятында мындай деген:

“Эй, пайгамбар! Жубайларыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына айткын: “Үстүлөрүнө сырткы (кенен) кийимдерди жамынышсын. Бул алардын таанылуусуна [5] жана кордолбоолоруна [6] жакыныраак. Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү! ”

(33-сүрө, 59-аят).
Бул аятта Аллах Таала мусулмандардын аялдары башка диндегилердин аялдарынан жана күң аялдардан өзгөчөлөнүп, таанымал болуп турушу үчүн өзгөчө форма (хижаб) кийишин буйюрууда. Ал эми, жалпы мусулман эркектерге, айрыкча, дин кызматкерлерине “таанымал болгула” деген буйрук жок.



Ыйык Куранда Аллах Таала мындай дейт:



“Эй, Адамдын[7] урпактары! Уяттуу жерлериңерди жана сулуулугуңарды жабуу үчүн кийим түшүрдүк. Бирок, такыбалыктын кийими[8] - эң жакшы (кийим). Бул- Аллахтын белгилеринен. Мүмкүн түшүнөрсүңөр! ”

(7-сүрө, 26-аят).
<br clear="all" > [1] Бети, колу, бутунун томуктан ылдый жагы.

[2] Абдан картайган, өтө жаш, же дагы башка (маселен: эч нерсенин түшүнбөй калган ...)

[3] Ага азырынча баам-парасаты жетелек наристе

[4] Аялдар буттарына мончокторду, же башка жасалгаларды тагып алып, анын үнү угулсун үчүн буттарын жерге урбасын, анын үнү угулсун үчүн буттарын жерге урбасын, же бийлебесин

[5] Аялдардын “хижап” (Ислам шариятында мусулман аялдардын кийими ушундай аталат) кийүүсү, денесин чоочун эркектерге көргөзбөөсү жөнүндө Куранда Аллах Таала мындай айткан: “Көздөрүн төмөн түшүрүсүн! Абийирлерин сакташсын! Көрүнүп тургандан бишкасын (жүзүн, манжалары жана кызыл ашыктан ылдый жактарынан башкасын) көрсөтпөсүн. ..” (24-сүрө, 31-аят). Демек тийиштүү жерлерин жаап жүрүү аялдарга Аллах Тааладан болгон түздөн-түз буйругу. Ошондуктан дүйнөдөгү бардык мусулман аялдар (улутуна карабастан) бул буйрукту аткарышат.

[6] Себеп болот

[7] Адам Атанын

[8] Такыба мусулмандар кийген ар кандай кийим


 Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#472 Пользователь офлайн   Kg_boy3239   03 Июль 2012 - 14:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 14 Май 12
  • Соңку аракети: 10 Май 2021 04:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек


Хижаб – артта калуубу же цивилизациянын белгисиби?


Адамдардын айбандардан айырмачылыктарынын бир белгиси алардын кийинип жүрүүсүндө. Инсандын бардык жашоо өнүгүүсүн изилдеп келгендердин чечими боюнча жылаңачтануу же жарым жылаңач жүрүү жапайы жана цивилизация деңгээлине жете элек адамдарга таандык. Адамдын өнүгүп жетишкендиги анын кийиминин толук болуусу менен коштолуп турган.

Жазуучулардын бири бул жөнүндө мындай дейт: “Ар кандай цивилизация таасирлерин окуп, караштырып көрүп аялдардын хижабы байыркы кезде эле инсандын жетишкендик белгиси болгонун байкайбыз. Албетте, жапайы жана өнүкпөгөн урууларда хижаб түгүл аялдар кийимсиз жүргөндөрү маалым. Чындыгында хижабдын пайда болушу оболу кадыр-барктуу аялдардын абройу катары таанылып, кийин уят-сый маанисинде кийилип, анан диний салттар менен коштолуп кеткен”. Натыйжада, аялдын кийими цивилизация болуп чектелбестен, кийиминин деңгээлинен адамдын канчалык өнүккөнүн баамдашкан.

Кызыгы, ар кандай рекмалар менен цивилизациянын фундаменти болгон “Хижабты” артта калуу деп ашкерелеп, ал эми жапайылыктын белгиси болгон жылаңачтанууну цивилизация деп аташты!! ! Таш доордун жылаңачтары “жапайы” болуп, азыркы замандын жылаңачтары “цивилизованный” эсептелип калдыбы?

Анда эмнеге эвропалыктар африка урууларына кирүү үчүн (цивилизацияга таянып) “кийимиңерди толуктагыла” деп кеңеш айтышып, азыркы күндө аларды кайра жарым жылаңачтыка чакырышат! Курани Мажид инсандын цивилизация тарыхын эң туура, акыйкатты байандаган жана аялдардын жарым жылаңач жүрүүсүн мурунку наадандык жаахилият заманына салыштырып мындай дейт: “Эй, пайгамбардын аялдары! Өз үйүңөрдө болгула мурдагы динсиздик кездеги аялдар сымал артыкча жасанып түзөнбөгүлө! ”

Эгер илгерки маданиятты сактоо (хижабтуу жүрүү) артта калуунун белгиси болсо, анда эмнеге азыркы заманда цивилизованный улуттар мурунку маданиятты тирилтүүгө жана аны сактоого умтулушат!

Ушул себептен чыгыш таануучулардын: “цивилизация батыштын өзгөрүүлөрүндө, ал эми азыркы кылымдагы аялдарын хижабы алардын өспөй, артта калуусуна себеп болот” деген маанисиз сөздөрүнө жооп катары мындай демекчибиз:

“Азыркы замандын жылаңач маданиятын айбандык, жапайылык жашоого кайтуу деп билебиз. Мындайча айтканда алардын кайрадан артта калууга, жахилиятка наадандык сабатсыздык доорго кайрылуу деп атаса болот. ”

Ал эми кийинүү (хижабтуу жүрүү) накта цивилизация белгиси болуп кала берет.


Хижаб жана аялдын кадыр-баркынын жогорулашы


Негизинен алып көрсөк бардык жерде жайнаган, издетпей табылган нерселердин баасы төмөнүрөөк тураары анык. Адам баласы дагы кымбат баалуу буюмдарын дайыма көздөн алыс сактаган. Мисалы, алтын-күмүш жана башка асыл таштарды атайын сандыкчага салып, бекем ишенимдүү жерге бекитишкен. Ислам дини аялзатын жаратылыштагы эң баалуу, инсандык бийик сыпатка ээ деп саноо менен хижабты ошол сандыкчага окшотуп, анын ичиндеги нерсе аялзаты, баалуу, кадыр-барктуу сакталуусуна курал катары ылайыктаган.

Ал эми аялдарга боёнуп-жасанып, өзүнүн дене сулуулуктарын жалпыга көрсөтүүсүнө чакырып үгүттөгөндөр чындыгында аялды инсан катары санап урматташпайт жана коомдогу ордун сырткы дене сулууктары аркылуу табуулары керек деген пикирде турушат. Тажрыйбада ушул маселени далилдеп турушат. Исламга чейинки заманда аялдар кадыр-барксыз болгону аз келгенсип, кыздуу болуу үй-бүлөө үчүн айып, шермендечилик болуп эсептелчү.

Мындай коомдо, баасыз, төмөндүктү белгилеп турган хижабсыз жүрүү өтө тараган эле. Ислам, аялдын мартабасын жогору көтөрүп, инсандык даражасын урматтады жана хижаб мыйзамы буйруу менен бул кадыр-барктын дайым улануусуна өбөлгө түздү.

Таанымал Француз тарыхчысы Густо Вальбун мындай деп жазат: “Аялзаттын абалын жакшыртууга көп аракет кылган жалгыз Ислам дини экени баарына маалым. Бул дин аялдын мартабасын бийик койду, ошентип жалпысынан алып көрсөк чыгыш аялдары урмат-сыйлуу, илимий тарбиялык кадыр-барктуулугу жагынан Эвропа аялдарына караганда бир канча алдыраак турушат”.

Акырында Ислам динине кирген англис аял жазуучусу Эфлин Кубалад “Кудайды көздөй” деген китебинде: “Исламдагы аялдын бийик мартабасын бир гана анын “харам” урмат-сыйлуу деп атаганынан баамдаса болот”, - деп жазылат.

Ушул себептен хижаб, аялдын коомдогу ийгилигине шарт түзүүчү, кадыр-баркын, урмат-сыйын жогорулатуучу курал катары кызмат өтөөрүн Куранда баяндайт: “Эй пайгамбар, жубайларыңа, кыздарыңа жана момун аялдарга айткын, үстүлөрүнө жамынчыларын жамынышсын! Мына ушуну менен алар (таза, түз жүргөнү) таанылып, зыян, кордук тартпастыгы үчүн эң жакын жол. Аллах Мээримдүү жана Кечиримдүү зат”. (Азхаб 59 аят).



Хижабсыздык кадыр-барктын төмөндөшү


Бүгүнкү турмушта хижаб четке коюлуп, “жылаңачтылык” өөрчүп, аялдын инсандык кадыры эске алынбастан жалаң гана анын сулуулугуна, сырткы келбетине көңүл бурулуп калды. Аны ишке алууда да көбүнчө өңү түсүнө чырайына карап баалап алышат. Аялдын жылаңач тартылып чыккан сүрөтү-баасыз, арзан товарды жарыялагандай мааниде жайнап турганы менен алардын көз карашы боюнча аял, товарга окшош эле маалым. Мисалы, “Люкс” товары башка товарга салыштырмалуу баасы ылдый түшкөндөй, аялды кемсинтүү, баркын ылдыйлатуу түрдө жыл сайын көптөгөн чыр-чатак менен “сулуулар” конкурсу өткөрүлөт.

Аялзатын лаззат алуучу нерсе катары санашы, жадаса анда-санда гана кайрылып туруу керек деген пикирде эркин катнашты колдоп жатышат. Ганди айткандай: “Аял сырткы көрүнүшүндө азаттыкка жеткени менен жаңы коркунучтун босогосунда турат, ал коркунуч өз нафсисин ээрчиген эркек сөрөйлөрдүн колунда оюнчук болуп калуу коркунучу”. Ал сөзүнүн уландысында: “Мен, мындай эң назик жаралган аялзаты (көөп, каалаганын кылган эркектердин оюнчугу болуп) айбандарга төмөн түшүүсүнөн көрө адам тукуму биротоло түгөп, куруп кетүүсүн артык көрөм... Эгер мен аял болгондо “Аялзаты эркектин оюнчугу болуу үчүн жаралган деген пикирге катуу каршы туруп күрөшмөкмүн. Эй аялзаты, эгер сенин боёнуп –жасанганың эркектердин көңүлүн буруу үчүн болсо бул иштен кайт дагы эч убакта мындай пастыкка барба!” Биз, дүйнө жүзүндөгү бүткүл аялдар хижабты кабыл алышып, бир кезде колдон чыгарышкан кадыр-баркын кайра колго алаар деген үмүттөбүз. Ошондой эле ар бир жылы “Сулуулар конкурсун” өткөрүүнүн ордуна-илим, өнөр конкурсун же адеп-ахлактуу аялдарды жана мээримдүү энелерди тандоо конкурсу өткөрүлсө жакшы болмок.



Хижаб чыныгы баалулуктарды тирилтет


Эгер аялдар хижаб кийишсе, баары бирдей тегиз көрүнүшөт. Сырткы өзгөчүлүктөр, дене сулуулуктары, кымбат жасалга байлыктар жашырылып, ошон до элдин көңүлү-илим, адеп, өнөр, ахлак сыяктуу чыныгы байлыктарга бурулат. Инсан ушул кенчтерди өркүндөтүүгө аракет кылат да натыйжада акыл-эс, зээн коом өнүгүү жолуна түшүү менен тез алдыга чыгат.

Ооба, Ислам дини хижабты моралдык баалуулуктарды тирилтүүчү катары таанытып, аялдын бөлөк-бөтөндүн көзүнчө авратын жаап кийинип жүрүүсүнө өзгөчө маани берген. Ислам пайгамбарыбыз хадисинде “Силердин араңардагы эң жакшы аялдар аруу, таза, уялыңкы келген, бир гана күйөөлөрүнө боёнуп-жасанып, ал эми бөлөк-бөтөн эркектердин көзүнчө хижаб кийингендер” – деген. Дагы бир хадисинде: “Эң начар аялдарды сыпаттап кетейинби? Алар, бөлөк-бөтөндөргө боёнуп жасанып алышат да, күйөөлөрүнүн көзүнчө жарашыксыз жүрүшөт (өздөрүн карашпайт)”.


 Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#473 Пользователь офлайн   Kg_boy3239   03 Июль 2012 - 14:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 14 Май 12
  • Соңку аракети: 10 Май 2021 04:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек


Хижаб жана сүйкүмдүүлүк


Негизи жакшы көргөн нерсеге жетпей алыс турса ага болгон кызыгуусу күчөйт. “Алыс жүрсөң кадырың артат” деген макалга окшош. Ошентип аялзаттын хижабтуу жүрүп, эркектерден алыс болгону алардын кызыгуусун арбытат, жетүү аракетин көбөйтөт. Адабий-лирикалык ыр-дастандар, мисалы, “Лейли менен Мажнун”, “Фархат менен Ширин” жана башка көптөгөн ашыктык дастандардын баарысы ушул-аялдын хижаб кийип, өзүн эркектерден алыс кармаганынын эсебинен келип чыккан.

Натыйжада, эгер аял өзүнүн мартабасын жогорулатып, сүйкүмдүүлүгүн арттыргысы келсе анда аны хижаб аркылуу гана ишке ашыруусу мүмкүн.

Бүгүнкү аял хижабсыз жүрүп, эркектер менен ар жерде аралашып, сүйкүмдүүлүгү азайу менен кадыр-баркы төмөндөдү. Азыркы заманда эч убакта мындай адабий-лирикалык дастандар чыкпайт дагы ошол илгеркидей махабат, тартылуу, эңсөө сезимдери кайталанбайт мунун баары эркеке-аялдын эркин катнашынан чыккан бузулуунан кесепетинен экени жалпыга маалым.




Хижаб жана дене салмакттыгы


Хижаб бузулуунун себебинен келип чыккан ар кандай оорулардын алдын алып, коомдун саламаттыгында маанилүү ролду ойнойт. Азыркы статистиканы карап көрсөңөр жыл сайын түрдүү жыныстык ооруларга чалдыккандардын саны өсүүдө. Алардын айрымдары даарыланышса, айрымдарынын мүмкүнчүлүктөрү жетпей аягы өлүм менен бүтүүдө. Спид оорусу: Азыркы замандын эң коркунучтуу, өлүмгө алып келүүчү апааты болуп саналат. Бул оору бузулуунун эсебиндеги эркин жыныстык катнаштардан пайда болот. Ага чалдыккан адамдын денесиндеги (коргонуу системасы бузулуп кичинекей микроптор менен күрөшө албай акырындап өлүмгө дуушар болот).


Хижаб – үй-бүлөөнүн бекем сакталышына таасир этет.


Коомду түзүүдө чоң ролду ойногон үй-бүлө, махабат, үмүт очогу болуп, жаш кыз-келиндердин жашоосун, таттуу кыялдарын оорундатып, ишеничтүү турмушту арнайт.

Коомдун бекемдиги үй-бүлөнүн бекемдигинде экени шексиз.

Ал эми үй-бүлөнүн бекемдигине бирден бир себепкер болгон бул хижаб маселеси. Эгер коомдо хижаб толук сакталса, жыныстык алакалар үй-бүлөнүн аркасында чектелсе, үйлөнүүгө умтулуу көбөйүп, турмуш куралуу менен анын туруктуулугу да күчөйт эле. Натыйжада эркектер өз аялдарын гана камсыздандырып, махабатын, түйшүк эмгегин үй-бүлөсүнө арноонун артында көрөт эле. Ал эми коомдо сулууланып- жасанып, жарым жылаңач жүрүү тараса, үй-бүлөдөн тышкары жыныстык байланыштарга оңой жол ачылат.

Эгер турмуш курушса да дайыма ажырашуу коркунучунда турат, анткени, эркек жасанган делебени козгоочу аялдарды көргөн сайын зыянга учурап (ою бузулуп) натыйжада үй-бүлө очогу муздап, жарына болгон махабат сүйүүсү аз аздан жек көрүүгө айланат да анын эркин жүрүүсүнө, жаңы ойношуна жолтоолук кылуучу душман катары санап калат. Ошондуктан исламий хижабты сактоодо гана үй-бүлө жаркырап бейкуттукка тынчтыкта өмүр сүрөт. Мисалы, эгер кошулуп турган зым коопсуз, соо болсо чырак жакшы күйөт, ал эми зымдар капталбаган жылаңач же кескиленген болсо, ал чыракты жакшы күйгүзбөстөн кайра суу чачыраган сайын же бири-бирине тийери менен от чыгып алоолонуп, айланага да коркунуч алып келет.

Жорж Каминекс – таанымал коом таануучу бул маселени айкындап мындай деген: “Аял-эркектин чатакташуусунун (ажырашуусунун) негизги себеби алардын өз жарын чанып, башка менен алака түзүп кетүүлөрүндө”.

Ажырашуунун артындагы зыйандарга терең көңүл бура турган болсок. Биринчи кылмышкерлик көбөйөт, аягы менен ажырашып бала чакаларынан оолактап калгандан кийн үй бүлөө бузулуп арак ичүү, нашаа чегүү ж.б.у.с. жаман иштерге жол ачылат. Статистика белгилегендей 14-15 жашка чейинки бузулган жаштардын 90% зы ата-энеси ажырашып кеткен бүлөдөн чыккан балдар.

Дагы бир зыяны: ажырашуу, никесиз байланыштардын саны жогорулаган сайын көчөдө ташталып кеткен, багуусуз калган балдардын саны өсүүдө. Азыркы күндө статистиканын маалыматы боюнча дүйнө жүзүндө 20 жашка чейинки 90 миллион жаш өспүрүм балдар ташталып, үйдөн куулуп кароосуз самтырап көчөлөрдө жашоолорун улантышууда. Ажырашкан аялдар, келиндер иштээрге иш таппай, көбү өз денесин сатып жаман жолго түшүп кетишүүдө. Ал эле эмес жаш кыздар чоочун элдин жаңы маданиятынын кесепетинен коомдон терс сабак алып бузулушууда.

Жогоруда жазылган нерселерден силер, аялдардын жасанып жарым жылаңач жүрүү менен жеңил ойлуулуктарынан чыккан зыйанынан көбү өздөрүнө кайтып ый, өкүнүч алып келээринен кабардар болдуңар.


Хижаб коомдун туруктуу сакталышына себепчи болот.


Коом карама-каршы эки жыныстан түзүлөөрү маалым. Аял-эркек от менен кагаздай тез алака табышат, ошондуктан мүмкүн болушунча бири-биринен алыс жүрүүлөрү зарыл же алакалары үй-бүлө куруу аркылуу сакталышы керек. Коомдо аял менен эркек ылайыктуу (эч кандай сезим козгоочу түрдө эмес) мыйзамсыз байланыштардан тышкары басып турушса, ал коом таза сакталып, бекемделип өнүгүп өсүүсүнө кенен шарт түзүлөт. Бир улуу аалым мындай деп жазат: “Силердин оюңарча, кыз менен жигит өзүнчө башка-башка жерде окушса же бир окуу жайга окушуп, кыздар жасануусуз толук кийинип жүрүшсө окуучулар жакшы окушабы же аралаш отурушуп, тизесинен өйдө кыска кийип, боёнуп жасанышып жүргөн жерде окууга көбүрөөк көңүл бөлүнөбү? Эгер эркек киши көчөдө, базарда, жумушта же башка жерлерде жарым жылаңач болуп жасанып жүргөн аялдарга учурап, алар менен аралашып жүрсө ишке көбүрөөк көңүл бурабы же андай көрүнүштөрдөн алыс болгон коомдо жакшы эмгектенеби? ”

Натыйжада хижаб-аялдардын коомдогу терс көрүнүштөрдөн сактануучу калканы.

Аялдын турмуштагы ордун, жоопкерчилигин туура аныктоого шарт түзүүчү хижабтын ролу чоң экенин бир нече мисалдар менен белгилеп кетмекчибиз.

Биринчи мисал: Газды туура колдонуу үчүн анын бекем нерседе сакталуусу заарыл. Эгер атайын турбаларда болсо анын тешилип калуусунан сак болуу керек, антпесе газ бекерге кетип, жарылып өрттөнүүгө чейин барат. Ушул сыяктуу эле хижабты сактоо менен гана аялдын кадыр баркы сакталат. Ал эми, тескерисинче боёнуп жасануу, жарым жылаңач жүрүү пас маданияты жайылып коомдун жарымы “Эмне кийим? Кандай кийим? Кантип жасанам?” деген ой менен алектенип, коомдун экинчи жарымын өздөрүнө буруп натыйжада эмгектенүү, илим алуу, изденүүнүн ордуна-жасануу, элге көрүнүү, ар кимге көз салып лаззат издөө күчөйт да коом өнүгүп өспөң кайра бузулуп жакырланып артка кетек.

Экинчи мисал: Тегерете курчалган тосмо чогулган сууну тышка агызбай сактап, зарыл гана нерселерге сарпталуусуна кам көргөндөй хижабтагы аялды коргоо менен туура эмес жолго түшүп кетүүсүнөн сактап турат.

Үчүнчү мисал? Күйүп турган от сууну жылытып, кайнатканга чейин жеткирет. Бирок шарты-суу экөөнүн ортосунда тосмо (суу идиште) болуусу зарыл, антпесе суу отко төгүлүп, жылыгандын ордуна аны өчүрүп, өзү да сиңип жок болот. Ошентип, хижабты толук сактоо менен гана аялзаты өзүнүн чыныгы ордун таап, күч аракеттери туура жолго жумшалып коомго анын чоң жардамы тийет. Ал эми хижабсыз жүрүп боёнуп-жасануусу анын болгон күчүн ошого гана чыгарып, отко төгүлгөн суудай башкалардын эмгектенүүсүнө тоскоолдук кылат. Анткени, аял өзүн жасалгалоо менен алектенсе, коомдун жарымынын көңүлү ага алектенүүсү шексиз.


Хижаб - Жараткандын алдында жагымдуу кийим


Жаратылыш тартибинде ар бир затка ылайыктуу жоопкерчилик берилген жана ар бир зат да ошол жоопкерчилигине ылайыкталып жаралган. Жараткан Аллах Таала инсанды табиятына жараша бир канча жоопкерчиликтерди мойнуна коюп, ошондой эле өз жолун эркин көз карашта тандап кетүүсү үчүн башкалардан өзгөчөлөп ага ыктыярды берди.

Аллах Таала аялзатын жаратып табиятына жараштыра абийирдүүлүк аруулукту ылайыктады. Ошентип аялдын жоопкерчилиги ушул табиятын сактоодо болгон соң, Аллах Таала аялзатка хижабты ваажиб (зарыл) кылды жана бул хижаб аркылуу тышкы ички дүйнөсүн таза сактап жүрүүгө буйруду.

Ооба, Аллах Таала аялзатын ушул кийими менен жакшы көрөт жана кандай кооз кандай сулуу! – Бул Аллах менен пенденин байланышы. Ошондуктан аял Жараткандын алдына барып сыйынаарда, намазга тураарда хижабын толукташ заарыл.

Анда билип кой! Хижаб-аялзаттын өз Жаратканына кайтаруучу кийим, хижаб менен аял өзүн табат, чыныгы инсандык касиетин, кадыр-баркын, баалуулугун түшүнөт жана бийиктикке, урмат-сыйдын туу чокусуна көтөрүлөт.

Хижаб-адам өзүн таанусуна, натыйжада Кудайын таануусуна жана акыйкатта жакындатуусу башталгыч тепкич.

Хижаб-Исламдын байрагы жана аялдар аны көтөрүүчүлөр.

Ким Алланын мыйзамдарын урмат кылса, анда, албетте (бул урмат) дилдердин такыбалыгынан болот.

Хижаб-Ислам ураанын урматтап-бийиктетмек.

Мисалга алсак Курманжан датка энебиз өз кийими (кыргыздын улуттук нукура) менен эл башкарып, Россия сыяктуу Улуу державалардын элчиликтерин, Кытай, Англия баш болгон өнүккөн өлкөлөр менен тыгыз байланышта болгон.

Ошол учурда алар кайра Курманжан даткага урмат-сый, кызыгуу менен мамиледе иш алып барышат[1].

Ошентип, хижаб - эң мыкты жана Алланын алдындагы эң жагымдуу кийим.

Хижабсыз жүрүү жана жылаңачтануу шайтандын торуна түшүү.

Куранда жылаңачтануу, бузулууну шайтандын алдоо, айла-амалдарынан деп таанытат.

Эй, Адам балдары Шайтан (Адам) атаңардын авраттарын өздөрүнө көрсөтүү (уят абалга салып коюу үчүн кийимдерин чечип, бейиштен чыгарган сымал силерди да алдап койбосун! ) Албетте Биз шайтанды ыймансыз адамдарга дос кылып койгонбуз.

Хижаб сулуулакка, аруулукка жана такыбалыкка жеткирүүчү курал болсо, ал эми хижабсыздык шайтандын анын жолдошторунун азгырыктарынан болуп эсептелет.

Ушул себептен Куранда шайтандын тутуучу торун чечмелеп мындай деп айтат: “Эй момундар, шайтандын изинен ээрчибегиле! Ким шайтандын изинен ээрчисе анда албетте (шайтан) бузукулукка жана жамандыкка буйрат. Эгер силерге Алланын берешен жоомарттыгы болбогондо, силерден бир да киши (бир да күнөөдөн) таза болбойт эле. Бирок Аллах Таала (берешен жоомарттыгы менен) өзү каалаган кишини (аруулайт) Аллах Угуучу Билүүчү”.

Бул аят шайтандын арам ой-максаттарын кабарлап, бузулууну анын азгыруусунан болоорун билдирип, мусулмандарга “Ойлонгула” деп эскертет.

<br clear="all"> .


 Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#474 Пользователь офлайн   Kg_boy3239   03 Июль 2012 - 14:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 14 Май 12
  • Соңку аракети: 10 Май 2021 04:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек


Хижабсыз жүрүүнүн тарыхчасы


Өткөнкү темалардан силер окуп түшүнгөндөй хижаб кийүүнүн тарыхы ошол жер жүзүнө биринчи жандык Адам менен Хаава жиберилгенден башталат. Ошондон бери хижаб канча бир кылымды, жолду басып өтүп, ар кандай деңгээлде түрдө болгон, бирок аны буга чейин эч ким жоюп сала алган эмес. Хижабты чечүүнү тарыхы жаңы ыкмада жүрүү Европанын илим техника жаралуусунан башталган. Маалыматтар боюнча ири ишканалардын ээлери аялдардын күчүнөн арзан пайдалануу максатында “азаттык” деген алдоочу ураан менен аларды иштетүүгө алып чыгышкан жана аялдар да - укугубузду колго алабыз, - деп алданышып алардын колундагы буюмга айланышты. Бул көрүнүштөр акырындап Исламий мамлекеттерге тароо менен диний ишенимдерди, адеп-ахлакты азайтып, Исламды жок кылуучу куралга айланды.

Исламий мамлекеттерден биринчи хижабты чечкен Афганистан өлкөсү болду. Афганистандын президенти Аманулла Европага сапарлап, 1306-жылы (шамси) Иранга келип, Хурасан аркылуу мекенине кайтат. Борборго кирип келээри менен “аялдар хижабсыз жүрүүлөрү керек” деп жарыялап, эң биринчи өзү хижабсыз аялы менен элге чыкты.

Анын бул тартынбастыгынан улам жалпы Афганистан эли көтөрүлүшкө чыгышып, Аманулла кечирим сурап, мекенин таштоого аргасыз болгон.

Экинчи өлкө Турцияда десек болот. Осмон империясы кулагандан кийин Ататүрк 1313-жылы (шамси) хижаб кийүүгө тыюу салды.

Иран хижабсыздыктын башатын ачкан “Куратулайн” деген аял 1223-жылы (шамси) Казвинде диний үй-бүлөдө төрөлгөн. Ал, эксплуаторлордун дин ишенимине кирип хижабын чечип боенуп жасанып, “бахои” динин таратууну аркалаган.


Хижабты сактоо
1. Ички табияттын чакырыгына жооп

2. Артта калуу эмес, цивилизация белгиси

3. Баардык улуттарда таралган нерсе жана алардын маданияты болуп саналат

4. Аялдын кадыр-баркы, урматын жогорулатат.

5. Дене саламаттыгын жана ички дүйнө тынчтыгын камсыздандырат.

6. Үй-бүлөөнүн бекем жана бейпил сакталышына себеп болот.

7. Коомдун өсүшүнө жана туруктуу сакталышына өбөлгө түзөт.

8. Аялдын коомго катышуу уруксааты, тоскоолу эмес.

9. Негизги баалулуктарды тирилтет.

10. Аялды ажарлуу жана ыйбалуу кылып, анын адабий өнөр мүмкүнчүлүктөрүн өстүрөт.

11. Алланын мыйзамын аткарууга жардам берип, анын ыраазычылыгына арзыйт.



<b style=""> <br style="page-break- before: always;" clear="all" > </b>

Хижабсыздык жана бузулуу


1. Хижабсыздык инсандын табиятына, ички умтулууларына туура келбейт.

2. Аялзаттын кадыр-баркы түшүп, ийменчээктиги, тартынуусу азаят.

3. Аялдын инсандык баалуулугу унутулуп, жалаң гана сырткы келбетинин сулуулуктарына көңүл бөлүнүп калат.

4. Аялзаты товардын наркындай кадыр-баркы түшүп, аны өтпөгөн товарларды рекламалагандай пайдаланышып калышат.

5. Өзүн кем сезүүдөн чыгып, көптөгөн дене жана рухий ооруларга чалдыктыруу менен өлүмдүн санын көбөйтөт.

6. Жылаңачтануу маданияты-маданияттын жылаңачтануусу жана жапайчылыктын белгиси болуп саналат.

7. Өнөр, билимди төмөндөтүп, аялдын руханий жактан өсүүсүнө тоскоол болот.

8. Жалпынын умтулуусун кумарданууга буруп, чыныгы баалулуктарды унуттуруу менен тарбиялануу жолунан чыгарат.

9. Үй-бүлөнүн фундаменти бошоңдоп, ажырашуунун саны өсөт.

10. Душмандын далай жолу коомду кулатууга колдонгон коркунучтуу куралы.

11. Бөлөк-бөтөндөрдүн ар тараптан ээлеп алуусуна жакшы жагдай түзөт.

12. Алланын ваажиб кылган мыйзамын тебеленгендикке жатат. Натыйжасы өтө зыяндуу.


Хижабтын кийүү чеги же исламий кийимдин көрүнүшү
Кийимибиз Ислам негиздеген кийимдерге дал келиш үчүн төмөнкү шарттарды аткарышыбыз керек:

1. Кийим кол манжалары менен беттен тышкары башты жана денени толук жабылып турушу керек: Демек, моюн, билек жана ага тагылган сөйкө жабык болууга тийиш.

2. Кийим аялдын сулуулугуна эркектердин көңүлүн өзүнө тарткыдай кооз болбоого тийиш. Демек, жалтыраак түстөрдөн жылтыр-жултур кооздук буюмдарды тагынуудан жылтырак жиптер кошо өрүлгөн кездемеден кийинүүгө болбойт. (Булардын баарысы үйдө кийип жүрүүгө болот, ал эми көчөгө, эркектер бар жерге чыгаарда, махрамсыз туугандарга тийешеси жок адамдардын арасына бараарда аларды кийбеш керек).

3. Кийимден дене көрүнбөгүдөй болууга тийиш: тешиктери бар же түссүз кездемелер ылайыксыз.

4. Кийим кенен болуп, дененин сөлөкөтүн жашырып туруусу керек: денеге чыпталып, анын формасын көрсөтүп турган кийимдер ылайыксыз.

5. Парфюмериянын жыттары болбоого тийиш.

6. Эркектердин кийимине окшош болбош керек. Шым сыяктуу кийимдер аялдардын стилине ылайык тигилиши керек.

7. Кийимиңиз сизди көпчүлүктүн арасынан өзгөчөлөнтүп көрсөтпөөгө тийиш-ал ачык, көрүнүктүү түстө жана көзгө тез чалдыга тургандай бычылса, элдин көңүлүн сизге бурдурат. Ушул себептен улам айрым мусулмандар аялдарга мусулман кийимин же ирандык чадор сыяктуу өзгөчө түрлөрүн кийип жүрүүгө тыю салат. Андан көрө мусулман стилине ылайыкташкан батыш кийимдерин тандаганыңыз жакшы, мисалы узун түз жакеттен жана кенен шымдан турган костюм. Кийим тандоо ар бир аялдын индивидуалдуулугуна, анын акыл-эсине, ынсабына байланыштуу. Бирок хижаб тандоодо өлкөңүздүн климатын, жумуш ордуңузду жана кылган ишиңизди эске алышыңызга сунуш кылабыз.

8. Мусулман аялдарынын кийими мусулман эместердин кийимине окшобоого тийиш. Хижабтын фунцияларынын бири-аны кийип жүргөн аял өз дини менен сыймыктанган мусулман экенин көрсөтүүдө ошондой эле бизге башка элдердин диний кийимдерине окшош кийим кийүүгө болбойт. Индий стилиндеги жолук салынуу Азиядагы мусулман аялдарынын арасында кеңири жайылгандыгы буга ачык мисал боло алат.

9. Кийим өз ээсинин “Сыймыктанууну же мен менсинүүнү” далилдеген, башкача айтканда кымбат баалуу таштар менен кооздолгон, алтын же күмүш жиптер менен өрүлбөшү керек. Пайгамбарыбыз(саллолоху алейхи вассалямдын) убагында жашаган аялдар үйдөн чыгып жатканда жилбаб (плащ, сырт кийим) жана химар (башка жабуу) кийишкен. Мезгил өткөн сайын мусулман дүйнөсүнүн ар түрдүү бөлүктөрүндө сырт кийимдердин ар кандай түрлөрү келип чыкты, алар араб өлкөлөрүндө абайяс, иранда чадор, пакистанда бурка жана башка булардын баарысы эле кыргызстандагы климаттык шарттарга туура келе бербейт, бирок бул өлкөлөрдө да ушул сыяктуу кийимдерди кийип жүрүүгө болот. Бул үчүн узун стилине, түсүнө, бычылышына төп келген пальто же плащ тандап алууга болот, ал эми өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде азыркы тил менен айтканда жилбаб аталган, баардык мусулмандарга тааныш плащты эске салган кийимди тигип же сатып алууга болот.

Дупатта (пленкадан тигилген шалвар-хамиздин ордуна берилүүчү баш жабуу) хижаб катары ылайыксыз башка чачты көрсөтүп турган дупаттаны кийип жүргөндө андан чач чыгып турса туура эмес болуп калат. Дупаттанын ичинен чач көрүнүп калбагыдай кылып бир же эки каттап жамынуу керек. Мындай кылууга мүмкүн эмес болсо-бул максатта башка жоолук же жабуу тагынуу керек.[1] Ал эми, жабууга зарыл болбогон эки нерсенин бири: колу-алаканынын өлчөмү жана жүзү жуушлук өлчөмдө. Бул жөнүндө хадисте: “Анас ибн Малик (разияллоху ъанху)дан рываят, Пайгамбар (саллолоху алейхи вассалям) кызы Фатима (разияллоху ъанха)га согончок жактан бир карыш төмөн карай узун кылууга уруксат берди жана айтты: “Аялдардын пайчасы (этеги) ушунча узун болуусу керек, кызыл ашыгын жаап согончогун да жаап туруусу керек ”. Эркектердин пайчасы кызыл ашыктан жогору болуусу керек, жогоруда айтылган хадистер “Мүчөсү билинбеси” дегенге караганда аял кең кийим кийүүсү керек, кең кийим кийүү ден-соолукка да пайдасы бар.

Ушул жөнүндө имам Тирмизий (разияллохи алайхи) айтат: “Аялдардын согончокту жаап кийүүсү бул өкүм”.

Дихя (разияллоху ъанху)дан риваят, Пайгамбар (саллолоху алейхи вассалям)га Купти шаарынан чыккан ак жука материал келди, Пайгамбар (саллолоху алейхи вассалям) аны мага берип айтты “Аны экиге бөл да, жарымын өзүң көйнөкө ал, жарымын аялыңа бер аны менен оронсун”. Жана артына бурулуп кайтаарда, ага мындай деди: “Аялыңа мунун ичине астар тигип анан кийсин, анын денесинин мүчөсү билинбесин”[2].

Корутунду


Сага кайрылып айтайын дегеним сен исламий кийимиңди таптакыр унутуп койдуң! Кудайдын буңругун көрмөксөнгө алдың! Кийимңди кыскартып тарытып абийириңди ачтың! Сен бул ишиң менен табиятынңдагы аруулугуңду, тазалыгыңды, сулуулугунңду кирдеткениңди сездиңби? Өз улутуңдун маданият, цивилизациясын четке кагып, ислам байрагын жерге ыргытып, бөлөк-бөтөн чоочундардын кийимин киңдиң! Сен бул жүрүшүң менен душмандардын кол салууларына жол ачтың да өз элиңдин кең-байлыктарын оңой тоноттун! Сен билесиңби жылаңачтанып жүрүп урмат-сыйңды, баркыңды абийириңди чачканыңды? Үң-бүлөңдүн кыларкандан бышык алакасын бошоңдотуп, ооруларга чалдыктың, жаман дартты элге таратып, коомду да өзүңдү да сазга батырдың. Сен сездиңби моданын кулу болуп азаттыгыңды алдырганңды? Коомдо чоочундарга көзүңдү сүзүп кадыр-баркыңды түшүргөнүңдү?

Эгер буларды билип сезсең тезирээк ойгон, эсиңдин барында этегиңди жаап, абийириңди, өзүңдү сакта жана хижабтын пардалары аркылуу коомуңа пайда келтир.

Эми хижаб табият чакырыгы, улутуңдун цивилизациясы, маданияты жана Ислам мыйзамы экенин түшүнүп ансыз бузулууга, ооруга, миңдеген балээлерге чалдыгаарыңды түшүнгөндөн кийин бул тема туралуу терең ойлонушуңду өтүнөм жана исламий жүрүүгө, хижабты сактоого, улуттук ата-салтыңды өркүндөтүүгө чакырам. Мусулман экениңди амалың менен аныктоого аракет кыл. Ошондой эле жалпыга кайрылаарым өзүңөрдүн исламий маданиятыңардан кайтып, жамандыктардан баш тартуу менен элди үгүттөп өзүңөр да үлгү болууга тырышкыла! !!!!! !!!!! !!!!! !!!!! !!!!! !!!!! !!!!! !!!!! !!!!! :кош бол::кош бол::кош бол::кош бол::кош бол::кош бол::кош бол::кош бол::кош бол::кош бол::кош бол::кош бол::кош бол::кош бол::кош бол::кош бол:


анан бейиште ушинтип чалкалап жжаткынар келсе анда аракет кылгыла!! !!!!! !!!!! !!!!! !!!!! !!!!! !!!!! !!!!! !!!!! !!!!! !!!!! !!Сүрөт



 Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#475 Пользователь офлайн   ROZI   03 Июль 2012 - 18:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Эгер хиджабты кийбесек анда кийген инсандарды сыйлайлы да.

Негизи тан калам, эмнеге хиджаб кийгендерге каршы? А кандай кыска кийип жургондорго каршы болушпайт? Мисалы ЖОЖ жана мектептерге баары эмес кээ бири кыска кийсе деле эч кимдин иши да жок.

Кыздар бузулушту дешет, а кандай тамеки, арак ж.б. жаман жакка баргандарга эч кандай чара корушпойт. (Былтыр мектепке жоолук салынып келгендерге каршы чыгышкан эле.).

Эгер хиджаб кийген кыздын туура эмес иш кылганын корсо ага "Ислам дининин" эч тиешеси жок экенин билишибиз керек.

Негизи ар бир инсан озуно гана жооп бериш керек. Был мындайго, тигил тигиндейго деп суудан кургак чыкпай.

Хиджабты кандай ниетте кийгенин бир гана АЛЛАХ билет. Бир гана АЛЛАХКА маалым.

Андыктан билбей тыянак чыгарганыбыз туура эмес.

Парздарды аткарбасак да, парз аткарган мусулмандарды сыйлайлы.


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#476 Пользователь офлайн   nuradyl88   04 Июль 2012 - 05:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 800
  • Катталган: 20 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Апр 2014 01:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ЖалалАбад -Бишкек арасы......

Хиджап боюнча жогору жакта кенен тушундурулуп жазылыптыр, тушунугу барлар ошону окуп озуно жакшы эле жыйынттык чыгарса керек,ал эми тушунбогондорго айла жок...., "арабдардын кийимин эмнеге кийишибиз керек?(озунукун кийип жаткансып) озубуздун кыргызча кийимибиз турганда" , "хиджап кийгендер тигинтип жатышпайбы" - дешип эптеп оздорун сооротуп ал нерседен алыс болгонго аракет кылышат, аларга еврпанын жарым жыланач кылган кийимдери жагаары анык,себеби хиджап кийип алса аларга эркетер тийишпей калат деген коркунуч жаралат экен,... эх оюу бузук эркектердин тийишуусун каалаган кыздар эй!.......





Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#477 Пользователь офлайн   Kg_boy3239   11 Июль 2012 - 01:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 14 Май 12
  • Соңку аракети: 10 Май 2021 04:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Хижаб-бул Калканч!! !!
 Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#478 Пользователь офлайн   janylka   12 Июль 2012 - 19:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 367
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 14:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:кыргызстан

Убактынар барда Алланын айткан ар бир созун аткарганга улгуруп калгыла, киййин ушундай убакыт келет окуносунор бирок кеч болот, Хиджап кийуу стиль эмес бул парз аткарыла турган нерсе бардык мусулман кыздар кийиш керек, КАршымын деп айткан адам озу кийбегени аз келгенсип башкаларга каршы болгону учун да куноокор болот Алланын алдында... ойлонгула кыздар силердин стильный кийингениндин эч кимге кереги жок.
Журоктор ыйманга толсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#479 Пользователь офлайн   ibrahim91   17 Июль 2012 - 16:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 41
  • Катталган: 05 Апрель 12
  • Соңку аракети: 14 Май 2015 13:46
  • Жынысы:Эркек

men musulmanmyn dep koiush mn musulman bolup eseptelbeit chynygy musulman bolush uchun shariyattyn korsotkon buiruktaryn toluk atkarysh kerek,
islam shariyaty bizdin eki duino baktyluu bolushubuz uchun,
shariyatta aialzatyny oronup jurushun buirugan bir ele achyk kyskacha kiyingen aial kanchalagan kunoolorgo sebep bolot ,
paigambarybyz aitkan ushundai zaman kelet kiyimi bar jylanachtar degen azyr tak oshol zamanda jashap kaldyk ehh baikushtar kiyim kiygensiner birok jylanachtan aiyrmanar jok ,
Allahym baarybyzga tushunuk iymanybyzga turuktuuluk bersin hidjab kiyinip jurgon ejeleribizge karyndashtarybyzga Allah raazy bolup rahmat kylsyn
Amiiiiiin
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#480 Пользователь офлайн   mr.maks   21 Июль 2012 - 15:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 09 Июль 12
  • Соңку аракети: 25 Окт 2020 10:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения azalove (15 Май 2007 - 07:31) жазган:

Хиджаб кийбеген кыз деле кудайдан коркот да.Кыргыз кыздары жыланач да журбосун,хиджаб да кийбесин,жарашыктуу эле кийинип журсо болот да...




Силерге койсо кыздардын баары жоон санын корсотуп, эмчектерин жарымына чейин ачып коюп журсо да, силер кочодо чырт тукуруп, тамекини тартып коюп аларды коруп кумарланып отурсанар. Хиджап кийууго каршы чыгуудан мурда Аллахтын Буйруктары менен таанышып чыксанар болбойбу? Ал буйруктар мындан 14000 жыл мурда тушкон. А сенчи? Азыр 25 жашта болсон, 26 жыл мурун кайда элен? Кайдан келип кандайча пайда болуп калдын эле да Аллахтын окумуно каршы чыгасын? Атан менен энендин кумарлануусунун негизинде бир тамчы суудан жаралбадын беле? Унутуп калдынбы? Аллахтын каарынан корксонор болбойбу?!


Аллахым силерге да туура жолду корсотуп, ыйман-ынсап берсин!! !


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 24 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 24, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июн 2025 01:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: