Суперстан: Кимге таандык? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кимге таандык? Кир, кирбесең арманда каласын...

#121 Пользователь офлайн   Jeka   18 Октябрь 2013 - 10:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Jeka (17 Октябрь 2013 - 16:44) жазган:

" Жайдын бир толук кезинде,
Адырлуу тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн
Жайдары селки эсимде
".

Бул белгилүү ырдын автору ким?

Просмотр сообщенияNeffertiti (17 Октябрь 2013 - 17:31) жазган:

Атай Огомбаевдин "Эсимде" деген ыры.

Просмотр сообщенияJeka (17 Октябрь 2013 - 17:41) жазган:

Ооба, Атай Огомбаев обонго салган, а сөзү кимдики?

Просмотр сообщенияNeffertiti (17 Октябрь 2013 - 17:44) жазган:

Созу элдикиби?

Просмотр сообщенияJeka (17 Октябрь 2013 - 17:46) жазган:

Мен да ошентип ойлочумун... Сөзү Маяковскийге окшоп жазган кыргыздын белгилүү эле акыныныкы.

Cөзү Жусуп Турусбековдуку экен.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Jeka   18 Октябрь 2013 - 10:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

" Кесибим журналист болгон соң үйгө байыс албай кыргыз жергесин кыдырып жүргөнүм жүргөн. Ошондой бир жолу Нарында жүргөн элем, Фрунзеге редакциядан чукул чакырып калышты. Автостанцияга жетип келсем, автобус менин алдымда эле жүрүп кетиптир. Кийинкиси беш сааттан соң жөнөйт экен. Жолулаш бир машинеге түшүп кетиштен башка ылаажы калбады. Жүгүрүп шаардын этегиндеги кара жолго чыктым. Жолдун бурулушундагы бензоколонкада жүк машине туруптур. Шофер жаңы эле май куюп бүтүп, бензобактын капкагын толгоп жаап жатыптыр. Кубанып кеттим. Ка­бина нын айнегинде Балыкчы автобазасынын белгиси бар экен. Аерге жетсем, андан нары Фрунзеге машине байма-бай каттап турат эмеспи".

Бул кимдин, кайсы чыгармасынан?

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Октябрь 2013 - 11:53

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   Jeka   18 Октябрь 2013 - 12:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения ona (18 Октябрь 2013 - 09:38) жазган:

"Ал зымырайт, үстү үстүнө камчылап,
Жегээр жери, түшөр үйү барчылап.
Эгер анын жетээр жери бар болсо,
Неге суудай тынбай агат адамзат?
Ошондуктан тынымы жок өмүрүм,
Уч-кыйры жок алыс жолго шаштырат."

Кимдин калемине таандык?


Алыкул Осмонов - "Отуз жаш"
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   Ханбийке   18 Октябрь 2013 - 15:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 247
  • Катталган: 24 Май 09
  • Соңку аракети: 07 Май 2016 00:07
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Jeka (18 Октябрь 2013 - 10:56) жазган:

"Кесибим журналист болгон соң үйгө байыс албай кыргыз жергесин кыдырып жүргөнүм жүргөн. Ошондой бир жолу Нарында жүргөн элем, Фрунзеге редакциядан чукул чакырып калышты. Автостанцияга жетип келсем, автобус менин алдымда эле жүрүп кетиптир. Кийинкиси беш сааттан соң жөнөйт экен. Жолулаш бир машинеге түшүп кетиштен башка ылаажы калбады. Жүгүрүп шаардын этегиндеги кара жолго чыктым. Жолдун бурулушундагы бензоколонкада жүк машине туруптур. Шофер жаңы эле май куюп бүтүп, бензобактын капкагын толгоп жаап жатыптыр. Кубанып кеттим. Ка­бина нын айнегинде Балыкчы автобазасынын белгиси бар экен. Аерге жетсем, андан нары Фрунзеге машине байма-бай каттап турат эмеспи".

Бул кимдин, кайсы чыгармасынан?


Жака мырза ойлонуп ойлонуп эч таппай койдум мумкун башкалар да таппай жаткандыр, эртеден бери жооп жазыла элек экен, дагы кенениреек маалымат берерсиз же озунуз эле айтып койбойсузбу кайсы чыгарма экенин?
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   Jeka   18 Октябрь 2013 - 15:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Jeka (18 Октябрь 2013 - 10:56) жазган:

"Кесибим журналист болгон соң үйгө байыс албай кыргыз жергесин кыдырып жүргөнүм жүргөн. Ошондой бир жолу Нарында жүргөн элем, Фрунзеге редакциядан чукул чакырып калышты. Автостанцияга жетип келсем, автобус менин алдымда эле жүрүп кетиптир. Кийинкиси беш сааттан соң жөнөйт экен. Жолулаш бир машинеге түшүп кетиштен башка ылаажы калбады. Жүгүрүп шаардын этегиндеги кара жолго чыктым. Жолдун бурулушундагы бензоколонкада жүк машине туруптур. Шофер жаңы эле май куюп бүтүп, бензобактын капкагын толгоп жаап жатыптыр. Кубанып кеттим. Ка­бина нын айнегинде Балыкчы автобазасынын белгиси бар экен. Аерге жетсем, андан нары Фрунзеге машине байма-бай каттап турат эмеспи".

Бул кимдин, кайсы чыгармасынан?


Просмотр сообщенияХанбийке (18 Октябрь 2013 - 15:24) жазган:

Жака мырза ойлонуп ойлонуп эч таппай койдум мумкун башкалар да таппай жаткандыр, эртеден бери жооп жазыла элек экен, дагы кенениреек маалымат берерсиз же озунуз эле айтып койбойсузбу кайсы чыгарма экенин?

Бул үзүндү - Чынгыз Айтматовдун "Делбирим" деген чыгармасынын алгачкы саптары. Каармандары - Илияс, Асел, Кадийча жана башкалар. Чыгарманын негизинде "Мен Тянь-Шань" деген фильм тартылган.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Октябрь 2013 - 15:38

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   Jeka   18 Октябрь 2013 - 15:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Jeka (18 Октябрь 2013 - 09:34) жазган:

Мен кез-кезде автобуста баратып,
Туруп калам сулуу кызга жанашып.
Эл шыкалат, жөлөнүшүп жөнөйбүз
Аргасыздан жылмайыша карашып.


Бул ырды абдан эле белгилүү акын жазыптыр. Ким?

Бул саптар болсо Жалил Садыковдун "Автобуста баратып" деген ырынан.

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   Jeka   18 Октябрь 2013 - 15:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Кун бүгун да чычаласын колуна кармай чыкты. Чекесинен аккан тер ысык кесекке тып-тып тамат. Үстүнө кийген ак жектеси тер менен чаң аралашып, саргайгандан күрөң тартып, топографиялык картага окшоп калган. Эртең суунун нөөмөтү келмек. Ошондуктан, Ашир күндүн так төбөдөн ачуу тийип турганына да, жанынын кыйналганына да кайыл. Баш көтөрбөй иштеп жатты".

Бул үзүндү кимдин, кайсы чыгармасынан? (Автору форумчуларга өтө тааныш...)

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Октябрь 2013 - 15:55

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   Jeka   18 Октябрь 2013 - 16:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Шайыр жаштар деп койсо,
Саныңды чаппа шакылдап.
Обу жок ойноп жургөндө,
Убакыт өтөт закымдап.
...
Кор кылба башты болбоско,
Кол салба жеке жолборско.
Колуңду берип коштой жур.
Корсулдабай жолдошко.
Чын жолдоштон четтесең,
Жолугасын оңбоско.
Эр азамат белгиси -
Бузулганды оңдошто.
Убактыңды өлтүрүп,
Ушак айтпа кол бошто.

Көрүнүп тургандай, бул үзүндү белгилүү бир акындын термесинен. Автору ким, аталышы кандай?

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Октябрь 2013 - 16:25

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   Ханбийке   18 Октябрь 2013 - 16:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 247
  • Катталган: 24 Май 09
  • Соңку аракети: 07 Май 2016 00:07
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Jeka (18 Октябрь 2013 - 15:53) жазган:

"Кун бүгун да чычаласын колуна кармай чыкты. Чекесинен аккан тер ысык кесекке тып-тып тамат. Үстүнө кийген ак жектеси тер менен чаң аралашып, саргайгандан күрөң тартып, топографиялык картага окшоп калган. Эртең суунун нөөмөтү келмек. Ошондуктан, Ашир күндүн так төбөдөн ачуу тийип турганына да, жанынын кыйналганына да кайыл. Баш көтөрбөй иштеп жатты".

Бул үзүндү кимдин, кайсы чыгармасынан? (Автору форумчуларга өтө тааныш...)


Ооооооо бул Барс авамдын чыгармасы да, "Бытыгый ангемелер" деген темада.
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   Jeka   18 Октябрь 2013 - 17:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Ханбийке (18 Октябрь 2013 - 16:44) жазган:

Ооооооо бул Барс авамдын чыгармасы да, "Бытыгый ангемелер" деген темада.

Ооба да! Мен "Жаңы Ала-Тоо" журналынын 2012-жылдын декабрь айындагы санын окуп жатсам эле, журналдын биринчи бетинде (мазмунунан кийин, албетте) Айтмырза Абылкасымов (бизде "Барс"), "Үчөө" деп жүрөт. Бакыйган фотосу да бар экен, дароо тааныдым. Кызыкканыман бир отурушта окуп чыктым.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Октябрь 2013 - 17:50

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   Ханбийке   18 Октябрь 2013 - 17:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 247
  • Катталган: 24 Май 09
  • Соңку аракети: 07 Май 2016 00:07
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Jeka (18 Октябрь 2013 - 17:10) жазган:

Ооба да! Мен "Жаңы Ала-Тоо" журналынын 2012-жылдын декабрь айындагы санын окуп жатсам эле, журналдын биринчи бетинде эле (мазмунунан кийин, албетте) Айтмырза Абылкасымов (бизде "Барс"), "Үчөө" деп жүрөт. Бакыйган фотосу да бар экен, дароо тааныдым. Кызыкканыман бир отурушта окуп чыктым.

Cупер инфонун да 2010 жылкы сандарына чыкканын да окугам Барс аванын чыгармаларын, же 2009бу кыскасы 3,4 жыл болуп кетти.
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Jeka   18 Октябрь 2013 - 19:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

" Келин мата шалы жоолугуна оронуп , көйнөгүнүн этегин кымтылан ып, коржойгон тизесине ээгин жөлөп, күн ырайымына жылынып, кыймылсыз отурат. Он кадамча төмөндөгу кемебайыр жээкти караган эски монастырь чиркөөнүн чырмоок жапкан бет алдындагы кенен таш тепкичте бүрүшүп бул отурушунда ал жападан-жалгыз эле. Деңизге чукул салынган мындай чиркөөнү ал эч качан көргөн эмес. Кыязы, чокунууга келгендер кемеден түшөрү менен ачык эшиктен кирип , чиркөөнүн төрүнө жеткидей. Анан, эрте мененки коңгуроолор кагылганда, бир калып ыргакта төбөңөн көпкө каалгыган жез доошу менен жээкке соктуккан деңиз толкунунун күр-шар доошунун аралашып жаңырыктаганын таңыркай угуп отурду".

Бул үзүндү кимдин, кайсы чыгармасынан? (Чыгарманын аталышы келиндин ысмы менен дал келет).

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Октябрь 2013 - 19:08

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   nurai92   18 Октябрь 2013 - 19:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 19 Март 12
  • Соңку аракети: 10 Июн 2019 20:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Просмотр сообщения Jeka (18 Октябрь 2013 - 19:05) жазган:

"Келин мата шалы жоолугуна оронуп , көйнөгүнүн этегин кымтылан ып, коржойгон тизесине ээгин жөлөп, күн ырайымына жылынып, кыймылсыз отурат. Он кадамча төмөндөгу кемебайыр жээкти караган эски монастырь чиркөөнүн чырмоок жапкан бет алдындагы кенен таш тепкичте бүрүшүп бул отурушунда ал жападан-жалгыз эле. Деңизге чукул салынган мындай чиркөөнү ал эч качан көргөн эмес. Кыязы, чокунууга келгендер кемеден түшөрү менен ачык эшиктен кирип , чиркөөнүн төрүнө жеткидей. Анан, эрте мененки коңгуроолор кагылганда, бир калып ыргакта төбөңөн көпкө каалгыган жез доошу менен жээкке соктуккан деңиз толкунунун күр-шар доошунун аралашып жаңырыктаганын таңыркай угуп отурду".

Бул үзүндү кимдин, кайсы чыгармасынан? (Чыгарманын аталышы келиндин ысмы менен дал келет).


Чынгыз Айтматовдун "Бахияна" деген, бутпой калган чыгармасы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   Jeka   18 Октябрь 2013 - 19:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения nurai92 (18 Октябрь 2013 - 19:37) жазган:

Чынгыз Айтматовдун "Бахияна" деген, бутпой калган чыгармасы.

Азаматсыз! Туп-туура!
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   Jeka   18 Октябрь 2013 - 19:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жогор жактагы термеден үзүндүнү да унутпагыла (№128-билдирүү).
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   nurai92   18 Октябрь 2013 - 19:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 19 Март 12
  • Соңку аракети: 10 Июн 2019 20:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Кыштын толугу. Быйыл кар опсуз калың түшкөн. Чилде барынча күчөп турган кези. Кабылдын Түпкө, Гаврилдикине келгенине да үч айдай болуп калган. Үйдө жүргөндө кылаары: күндө таң заарынан туруп, көп малды топуратып айдап сугарып кайра тартат. Кайра келген соң жылкыны бир бөлөк, уйларын бир бөлөк кармап, баарына чөп чачуу керек. Ушул кезде бул бекер жүргөндөн бетер:

— Кабы-ы-л! — деп атынын аягын созолонткон бир үн чыгат. Айрыны таштай берип, жетип барса чакырып турган улуу кызы — Наташа.

— Эмне?

— Суу алып келсеңчи!

Арабаны дароо кошуп жиберип, чоң челекти калдыратып жөнөп берет. Мындан келген соң отун жарып, самоор кайнатуу бар. Муну кайнатып кийирип берип, алар тамакка отурган кезде, «эми булар ичип болгончо сеп алам го» деген ой менен Базарбайдын тамына барып, көгөргөн, тоңгон колун отко кайсап отура кара чай оозуна тие берген кезде, анын атын жаңкыдай созуп, чакырган дагы бир үн чыгып калат.

Бул кимдин, кайсы чыгармасынан?
Кыргыз адабиятын менен тааныш адам бул чыгарманы да созсуз окуса керек.

Билдирүүнү түзөткөн: nurai92: 18 Октябрь 2013 - 19:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   Jeka   18 Октябрь 2013 - 19:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения nurai92 (18 Октябрь 2013 - 19:43) жазган:

Кыштын толугу. Быйыл кар опсуз калың түшкөн. Чилде барынча күчөп турган кези. Кабылдын Түпкө, Гаврилдикине келгенине да үч айдай болуп калган. Үйдө жүргөндө кылаары: күндө таң заарынан туруп, көп малды топуратып айдап сугарып кайра тартат. Кайра келген соң жылкыны бир бөлөк, уйларын бир бөлөк кармап, баарына чөп чачуу керек. Ушул кезде бул бекер жүргөндөн бетер:

— Кабы-ы-л! — деп атынын аягын созолонткон бир үн чыгат. Айрыны таштай берип, жетип барса чакырып турган улуу кызы — Наташа.

— Эмне?

— Суу алып келсеңчи!

Арабаны дароо кошуп жиберип, чоң челекти калдыратып жөнөп берет. Мындан келген соң отун жарып, самоор кайнатуу бар. Муну кайнатып кийирип берип, алар тамакка отурган кезде, «эми булар ичип болгончо сеп алам го» деген ой менен Базарбайдын тамына барып, көгөргөн, тоңгон колун отко кайсап отура кара чай оозуна тие берген кезде, анын атын жаңкыдай созуп, чакырган дагы бир үн чыгып калат.

Бул кимдин, кайсы чыгармасынан?
Кыргыз адабиятын менен тааныш адам бул чыгарманы да созсуз окуса керек.

Окуганбыз. Бул - Мукай Элебаевдин "Кыйын кезең" деген чыгармасынан үзүндү. ("Кабыл, Гаврил" дегенди окуганда эле эстедим).

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Октябрь 2013 - 19:49

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   Jeka   18 Октябрь 2013 - 19:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Далиске чыгуучу босогодо бардыгын көрүп, угуп, эриндери дирилдеп, ыйлап жиберүүчүдөй бүжүрөп апасы туруптур. Качан ал жанынан өтө берерде, тигил анын далысына алаканы менен чап эткире берип калды. Бала буйтап качуунун ордуна жай бурулуп, апасынын жашы куюлууга даяр турган көздөрүнө: «Бул дагы эмнең?» - дегендей тикирейе карап, унчукпай бурулуп тышка чыгып, өзүнүн күнгө кактанып жаткан жайдак сөрүсүно барды. Сөрүдө, дубалдын түбүндөгү примуска коюлган кичинекей ак мискейдеги саргыч шорпонун бүлкүлдеп кайнап жатканын карап, бир топко ойлуу олтурду. Анан ордунан чечкиндүү туруп, эки аттам жердеги тар аллеяга өттү. Аллея менен көпкө жүрдү. Кийин оңго бурулуп, темир жолду кесип өтүп, асфальт жолго түштү. Көп өтпөй шаардын чеги бүтүп, созулуп жаткан буудайлуу талаа башталып, бала буудайды аралай кеткен башка бир жолго бурулду".

Бул чыгарманын автору менин жердешим. Өтө белгилүү деп айта албайм, бирок адабият сүйүүүлөр жазуучунун почеркин билишет. Драмалары, киносценарийлери да бар. Мындан сырткары, "далис" , "сөрү", "саргыч шорпо" деген сөздөргө көңүл бурсаңыздар, бат эле табасыздар.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Октябрь 2013 - 20:03

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Neffertiti   19 Октябрь 2013 - 10:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 669
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Май 2017 09:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Скрытенбург.

Просмотр сообщения Jeka (18 Октябрь 2013 - 19:56) жазган:

"Далиске чыгуучу босогодо бардыгын көрүп, угуп, эриндери дирилдеп, ыйлап жиберүүчүдөй бүжүрөп апасы туруптур. Качан ал жанынан өтө берерде, тигил анын далысына алаканы менен чап эткире берип калды. Бала буйтап качуунун ордуна жай бурулуп, апасынын жашы куюлууга даяр турган көздөрүнө: «Бул дагы эмнең?» - дегендей тикирейе карап, унчукпай бурулуп тышка чыгып, өзүнүн күнгө кактанып жаткан жайдак сөрүсүно барды. Сөрүдө, дубалдын түбүндөгү примуска коюлган кичинекей ак мискейдеги саргыч шорпонун бүлкүлдеп кайнап жатканын карап, бир топко ойлуу олтурду. Анан ордунан чечкиндүү туруп, эки аттам жердеги тар аллеяга өттү. Аллея менен көпкө жүрдү. Кийин оңго бурулуп, темир жолду кесип өтүп, асфальт жолго түштү. Көп өтпөй шаардын чеги бүтүп, созулуп жаткан буудайлуу талаа башталып, бала буудайды аралай кеткен башка бир жолго бурулду".

Бул чыгарманын автору менин жердешим. Өтө белгилүү деп айта албайм, бирок адабият сүйүүүлөр жазуучунун почеркин билишет. Драмалары, киносценарийлери да бар. Мындан сырткары, "далис" , "сөрү", "саргыч шорпо" деген сөздөргө көңүл бурсаңыздар, бат эле табасыздар.



Демек, Мурза Гапаровдун чыгармаларынын биринен узунду го.

Билдирүүнү түзөткөн: Neffertiti: 19 Октябрь 2013 - 10:11

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   Neffertiti   19 Октябрь 2013 - 10:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 669
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Май 2017 09:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Скрытенбург.

Сыртындан козум тушуп суктанамын,
Соз кылса кыздар сени кызганамын.
Айлыма келер бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу тундо уктамагым.

Созу жана обону кимдерге таандык?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 01 Авг 2025 19:24

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: