Суперстан: Уйкусуздукту кантип жеңсе болот? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Неврология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Уйкусуздукту кантип жеңсе болот? пайдалуу кеңеш

#41 Пользователь офлайн   Meruet84   25 Апрель 2015 - 09:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Comedian (22 Апрель 2015 - 23:52) жазган:

Дүйнөдөгү ар бир экинчи адам эрте менен ойгонууда кыйналат. Кээ бирлерине ойгонуу ушунчалык кыйын болгондуктан өздөрүн "чачынан тартып" жатып, мажбuур түрдө турууга бел байлашат. Адатта, биз мындай көрүнүштү аз уктагандан же кеч жаткандан деп ойлойбуз. Окумуштуу дарыгерлер мунун себебин уйкунун саатына көз каранды эмес деп белгилешти. Анда эмне себеп болушу мүмкүн? Окуңуз.

Туура эмес кечки тамактануу.
Айрыкча дан азыктары жана шириндиктер тамакты туура эмес сиңирет. Бул организмде токсиндерди (зыяндуу заттарды) көбөйтүп эс алуу болбогондой сезим калтырат. Эрте менен ооздун ичинде жагымсыз даам сезилип турат. Ошондой эле кечки тамакты өтө кечеңдетүү да уйкуга таасир берет. Ал учурда ичте оору пайда болуп, адамды алсыратат жана эрте мененки маанайдын жок болушуна негиз болуп берет. Андыктан, кечки тамактануу күн баткан маалга белгилөө зыянсыз. Бул албетте тамактын жакшы сиңүүсүн негиздейт.

Өз эркин башкара албоо.
Кечинде жатарда, эртеңки убакытын пландабаган адам таңда ойгонууга шашпайт. Жада калса алар төшөктө оонап жата бергенди же оронуп отура бергенди жактырышат. Бул адамдын эркинин башкара албаганынан келип чыгып, жашоо тонусун төмөндөтөт. Бул типтеги адамдар өзгөрүүгө аракет кылышпаса, анда ар бир күнүң ушундай багыт менен өткөрө бериши ыктымал.

Өтө жылуу жана жумшак төшөк.
Ошондой эле бөлмөдөгү дем болуп кеткен, өтө ысык температурадагы бөлмө.

Кечинде болгон ызы-чуу, уруш-талаш.
Адамдын эрте менен ойгоно албай кыйналышына уруш-талаш, ызы-чуулар да себеп болот. Кечинде трагедиялык жаңылыктарды көрүп, триллер, детектив кинолорду көрүп уктаган адам таңда оорлошуп калат. Бул нерселер адамдардын нерв системасын чыңалтып жиберет. Алар уйкусу канбагандыкка шылтоолоп, кеч жатып түш ченде ойгонсо деле эс алып кала алышпайт. Алардын маанайы күн бою эң төмөнкү баскычта болуп турары бышык.

Уйкуну бакыт деп эсептегендик.
Жашоодо максатсыз жашаган кишилер уйкуга тойбойт. Анткени алар жаңы ийгиликтерге жетүүнү максат кылбайт, бакыт издебейт. Мындай адамдар үчүн эрте менен жумшак төшөктө жатууну - эң чоң бакыт.

Уктоочу бөлмөдө тамактануу.
Уктоочу бөлмөгө тамак бышырып, тамактанып же тамактын калдыктарын калтырып койсо, мындай абал адамдын сезүүсүн кордоп, уйкусун бузат.

Кечинде кимдир бирөөнү капа кылып алуу.
Эгерде уктаар алдында кимдир бирөөнү капалантып алсаңыз, анда кечирим сурап жатканыңыз оң. Анан да жаман ойлордон алыс болуп уктоо керек. Жатып эле дароо уктап калуу да туура эмес. Ошол күндүн жыйынтыгын чыгарыңыз. ар бир нерсени таразалап жакшы ниет менен уктаңыз. Бул эрте мененки маанайыңыздын эң мыкты себепчиси болуп бере алат.

Уйкуга каныкпай жүрүү эмнеге алып келиши мүмкүн?
Сырткы келбеттин өзгөрүүсү.
Коркунучтуу угулат, туурабы? Ошентсе да, Стокгольмдагы Королин институтунун окумуштуулары изилдөөлөр натыйжасында бул нерсени тастыктап чыгышты. 10 адам катышкан изилдөөдө ар бири 31 саат уктабай отурушкан. Ар бирин ар кандай саатта сүрөткө тартып алышкан. Жыйынтыгында, бардык катышуучулар оорукчан, маанайы жок, бактысыз абалда көрүнүшкөн. Ал эми көп убакыттан бери чала уйку болуп жүргөн адамдардын жүзү кубарып, эриндеринин бурчтары төмөн карап, көз алдында шишик пайда болуп жана башка өзгөрүүлөр болору бышык.

Мас абалда жүргөндөй туюлат.
17 саат уктабай жүргөн адамдын абалы мас кишидей болот. Канынын составында 0,05% алкоголь бардай болуп калат. Башкача айтканда, уйкуга каныкпай калганда адам өз көңүлүн топтой албайт. Ой жүгүртүүсү начарлап, жооп берүү реакциясы төмөндөйт.

Чыгармачылык жөндөмдүүлүк жоголот.
Мисалы, сиз кандайдыр бир проект менен иштеп жатасыз дейли. Толук кандуу уктай албай жүрсөңүз, анда жыйынтыгы сиз каалагандай болбой калышы толук мүмкүн. Мындай чечим, 1987-жылы британиялык психологдордун изилдөөсүнө таянып чыгарылган. Изилдөө аскер кызматкерлеринде жүргүзүлгөн, 2 күн уктабай жүргөндөн кийин аскерлер туура багыт таба албай, жаңы пландарды ойлоп табуу жөндөмдүлүгү жоголгон.

Кан басымы жогорулайт.
Ошонтуктан кан басымы бар адамдар үчүн уйку режимин сактоосу зарыл.

Интеллектуалдык жөндөм төмөндөйт.
Бир гана интеллект эмес, эс тутум да начарлайт. Бул иштеп жүргөн адамдар үчүн терс таасирин тийгизүүсүнө негиз болуп берет.

Оору пайда болуу коркунучу көбөйөт.
Уйку мезгилинде организмде цитокиндер(иммунитетти көтөрүүчү белоктор) көбөйөт. Булар вирус, микроорганизмдер менен күрөшүп, ооруларга туруктуулукту камсыздап турушат. Уйкусу канбай жүргөн адам ар кандай ооруларга бат кабылып, айыгуусун да кечеңдетет.

Тез картайууга алып келет.
Косметика каражаттарына каалаганча акча жумшап жаш жүрүүнү самасаңыз да, эгерде уйку режими сакталбаган болсо баары пайдасыз. Уйкусу канбаган адам дайыма стресс абалда жүрөт, бул организмдеги кортизол гормонун көп өлчөмдө бөлүп чыгарат. Кортизол гормону тери майларын көп бөлүнүп чыгарылуусуна өбөлгө түзүп, теринин картайуусуна шарт түзөт. Ошол себептен уйкусу канбаган адам өзүнүн жаш курагынан эки эсе эрте кары көрүнөрү бышык.

Ашыкча салмак.
Аз уктаган адамдар ашыкча салмак кошууга 73%га шарты жогору.

Муздоо.
Чала уйку зат алмашуу жүрүшүн бузуп дене табын төмөндөтөт. Мындай адамдар ар кандай температура алмашууларда бат муздап калышат.

Психиканын бузулушу.
Изилдөөлөрдүн натыйжасында белгилүү болгондой, жакшы уктабаган адамдар кадимкидей адамдарга караганда 4 эсе психикалык ооруларга кабылышы мүмкүн. Мындай адамдар көбүнчө суицидке барышат.

Сөөктөр жабыркайт.
Эмоциалдык туруксуздук жаралат. Начар уктаган адамдар коркунуч жана тынчсыздануу сезимине көп кабылышат.

Жашоо узактыгы азаят.
Организмде ар кандай процесстер начарлап кетет. Оорудан улам адам өмүрүнө зыян келет.

: :эреже:гезит:

Ракмат жакшы кенеш экен .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Mediziner   22 Июль 2015 - 15:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Уйкунун калыптан тыш болуп бузулуусу жалпы организмге, ошондой эле териге терс таасирин тийгизет. Стресс гормондорунун деңгээлин жогоруталат да муну менен кошумча салмак кошуу коркунучу жаралат. Эгерде сизде дагы ушундай көйгөй бар болсо, уйкусуздуктан арылуу үчүн дароо эле дары- дармек кабыл алууга чуркабаңыз. Анткени башка пайдалуу ыкмалары бар. Төмөнкү макалада уйкуну калыпка салуу үчүн кандай азыктарды колдонуу керектиги тууралуу кенен маалымат берилген.

1. Сулу

Көпчүлүк сулудан жасалган ботко бир гана эртең мененки тамак үчүн арналган деп эсептешет. Аны кайсы убакта колдонсо деле боло берет. Болгону кум шекер кошпой кабыл алуу пайдалуу. Кум шекерсиз сулу боткосунда магний, кальций жана калий пайдалуу заттары болот. ошондой эле курамындагы мелатонин уйкунун гормону болуп эсептелет.

Сүрөт

2. Банан

Минералдын дагы бир булагы болуп эсептелет. Ал айрыкча кечкисин жумуштан чарчап- чаалыгып кайткандан кийин организдин чыңалуусун жакшырат. Анткени курамында тынчтандыруучу триптофан жана аминокислотасы бар. Мунун натыйжасында уйку калыпка салынат. Андыктан укттардын алдында 1 саат мурун 1 даана банан жеп алсаңыз ашыктык кылбайт.

Сүрөт

3. Миндаль

Миндалдын курамындагы белок заты дагы адамдын организмин уйкуга жакшы даярдайт. Жанчылган миндалдан бир аш кашык кечки тамактан кийин жеп алсаңыз болот.

Сүрөт

4. Чие

Курамындагыы мелатонин - уйкунун гормону үчүн жооп берет. Андыктан чиенин ширесин же мөмөсүн күн сайын сезон маалында жеп туруңуз.

Сүрөт

5. Сүт

Уйкуну табигый жол менен калыпка салуунун эң натыйжалуу ыкмасы болуп эсептелет. Сүттүн курамындагы триптофан менен белок уйкуну эң сонун калыпка салат. Ал эми кальций стресстен арылтып, организмдин чыңалуусун жазат. Уктаардан бир саат мурун 1 стакан жылуу сүт ичип алыңыз. Эгер сүт жакпаса анда, йогурт же быштак жеп алсаңыз да жарайт берет.

Сүрөт

6. Жумуртка

Уктаардан бир саат мурун 1 даан жумуртканы сууга бышырып туз кошпой жеп алыңыз. Бат уктаганга шарт түзөт. Ал эми курамындагы белок, күндүзү ыкшоо болуп, уйкуга тарткан абалдан арылтат.

7. Хумус

Өсүмдүк белогунун булагы болуп эсептелет. Эгер кечинде миндаль жегиңиз келбесе, анда, бир аз хумус жеп жатыңыз. Уйкуңуздун сапатын жакшыртып, көңүлүңүздү куунак кылат.

Сүрөт

8. Балык

Тунец, палтус жана креветкалар триптофан затына бай келет. В6 группасындагы витаминди камтыйт. Андыктан уйкуну жакшыртууга жакшы шарт түзүп берет.

9. Чөп чайлар

Ромашка, лимон жана көк чай дагы уйкуну сапаттуу кылат. Көк чайдын кофеини жогун алыңыз. Бир күн боюу суусундуктун ордуна каалаган өлчөмдө иче берсеңиз болот.

Сүрөт



10. Бал

Балдын курамындагы глюкоза тез уктаганга жардам берет. Уктаардан мурун бир чай кашык тазабалды жылуу сууга аралаштырып кабыл алып алсаңыз болот.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   GORDIY.KG   22 Июль 2015 - 15:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 17 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 10 Янв 2019 14:10
  • Жынысы:Эркек

Жакшы секс кылсаңар ушундай көшулүп уктайсынар тим эле элжиреп, бирок жуунуп укташты эскертем!
БИРИГЕЛИ ЭР МАНАСТЫН ТУШУНДАЙ!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   jass00   28 Август 2015 - 13:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 939
  • Катталган: 06 Июль 13
  • Соңку аракети: 08 Апр 2016 14:27
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Keremettuu ow jergesinde

аябай кыйналып жатам, бугун 4чу сутка,кунуно 2саат эле уктап жатамго,эмнеге, ооруп калган окшойм.
Адилет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Asema06   28 Март 2016 - 23:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 25 Июнь 12
  • Соңку аракети: 20 Авг 2016 23:07
  • Жынысы:Аялзаты

Ойлонбой жатыш керек.ошондо уктайсын эрте.анан кыймыл аз болуп. чарчабасанда уктай албайсынар.
[
quote][/quote]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   dreamer94   17 Апрель 2016 - 21:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 357
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 19 Фев 2017 23:51
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Asema06 (28 Март 2016 - 23:12) жазган:

Ойлонбой жатыш керек.ошондо уктайсын эрте.анан кыймыл аз болуп. чарчабасанда уктай албайсынар.

Туура мен эртеден кечке уйдо отурам кечинде уктай албай кыйналам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   miss-998   06 Июль 2016 - 10:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 533
  • Катталган: 27 Февраль 16
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2016 09:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Озгонум озгочом

Атамда да ушул койгой, уйкусуздук кайсы оорулардын башталышы деп тушунсо болот? Билгендер айтып койсонор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Missing-u   06 Июль 2016 - 12:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 02 Август 15
  • Соңку аракети: 12 Авг 2023 16:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения miss-998 (06 Июль 2016 - 10:14) жазган:

Атамда да ушул койгой, уйкусуздук кайсы оорулардын башталышы деп тушунсо болот? Билгендер айтып койсонор

каарыгандыктын коп нерв иштеткендин кыймыл аздыктан давление ден сеииздиктен тамакты туура эмес жегендиктен вредный привычкалардан коп наркоз алгандан абанын булганышынан болот уйкусуздук
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Missing-u   06 Июль 2016 - 12:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 02 Август 15
  • Соңку аракети: 12 Авг 2023 16:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения miss-998 (06 Июль 2016 - 10:14) жазган:

Атамда да ушул койгой, уйкусуздук кайсы оорулардын башталышы деп тушунсо болот? Билгендер айтып койсонор

каарыгандыктын коп нерв иштеткендин кыймыл аздыктан давление ден сеииздиктен тамакты туура эмес жегендиктен вредный привычкалардан коп наркоз алгандан абанын булганышынан болот уйкусуздук
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   ALINKA95   08 Июль 2016 - 17:08

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 10 Март 15
  • Соңку аракети: 07 Апр 2018 14:25

0772177994, 703177994 кенеш берет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Mediziner   10 Июль 2016 - 15:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Бир айда 1-2 жолу катталчу уйкусуздук тынчсыздануу, көп нерв иштетүү ж.б себептүү болушу мүмкүн, бирок жумасына 2-3 жолу же андан да көп катталчу уйкусуздук олуттуу оорулардын белгиси болуусу ыктымал. Бул учурда ар кимдин кеңешине кулак салбай, түз эле атайын адиске барып текшерилген оң
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Romantik.   16 Декабрь 2016 - 03:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 21 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 13 Авг 2024 04:51
  • Жынысы:Эркек

Менде да ушул проблема
Туну мн уйку жок да тан атаарда уктап калам анан эртен менен ойгонушту айта бер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   aizirek...   16 Декабрь 2016 - 04:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 689
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Екатеринбург

мынабу бала уктаса уктап жаткандврга суктанып карап олтурбай мен да уктайт болчум. мммм... уктаган кандай соонуун :коңурук:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Bek_abad   12 Февраль 2017 - 05:35

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 467
  • Катталган: 14 Август 15
  • Соңку аракети: 29 Май 2025 04:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва (Жалал-абад)

Мендеда уйку жок болтатда азыр саат уч болойн дейт менде уйку жок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   aseras   12 Февраль 2017 - 10:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 438
  • Катталган: 02 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Авг 2019 19:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт аралынан

Просмотр сообщения Bek_abad (12 Февраль 2017 - 05:35) жазган:

Мендеда уйку жок болтатда азыр саат уч болойн дейт менде уйку жок

Кунзудузу азыраак укташ керек ошон учун))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Неврология
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 15:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: