Sweet-Lika (04 Ноябрь 2013 - 19:07) жазган:
Жаштык кылып таштадым кадам алга.
Ойлонбодум "эмне кылып жатамын?" деп,
Азыр тилдейм озумду "чала сага!"
Суйууго мас болупмун арманым ай!
Ал армандын унутулбай калганы ай!
Бейкуноо конулумдо эмне айып?
Журогумдо айыккыс так калганы ай!
Жагынганын жаным жалган окшобойбу,
Ал создопдун сезимдерди козгогону.
Сезбедим коздорундун ойногонун,
Коштошпоймун! Мени менен коштошпочу! ..
Жамгыр тогот коз жашын тамчылатып,
Журок ооруйт озун-озу кансыратып.
Сооронуп токтоно албай ыйлай бердим,
Тигилет коздор мени аягансып.
Карабачы, сен мени карабагын,
Ансыз да кыйналамын, кыйнабагын!
Сендей адам кандай адам айтчы бери,
Таза, тунук сезимимди аябадын...
Аябадын.
А. Маленова.
Talantyz barkengo sizde dele.? Soonun yr saptary, iygilik kaalaim sizge!