Суроо-
Жооп.
Сөз.
Арзыбаган эки сөз,
Сүйрөйт курган жанымды.
Суусун куюп кээ бирде,
Көкөлөтүп багымды.
Кээде болсо көңүлгө
Таштай тийген бечара,
Ирээнжитип көңүлдү
Кээде түртөт анымды.
Мактап койсо калп деле
Учуп калсам асманда,
"Эсиңе кел деп тыяр
Чымчып алып санымды.
Арзыбаган эки сөз,
Көкөдөй тийсе көңүлгө.
"Баары болот жакшы,"-деп,
Соротоор алсыз жанымды..
Арзыбаган бир ооз сөз,
Сүйрөйт кээде баткакка.
Кээ бир жерде ушактап,
Калп нерсеге чаптайт да.
Арзыбаган бир ооз сөз,
Сүйүнтөт күндө жанымды.
"Кутман таң! Кандай турдуң?"-деп
Сураса кутман таңымды.
Арзыбаган бир ооз сөз,
Үстүңдөн келип баскандай,
Ташка ташты чапкандай,
Кээде баарын талкалайт.
Арзыбаган бир ооз сөз,
Жарды болсо дүнүйөң,
Кекээр сүйлөп кемсинте,
Теңине албай чалкалайт.
Арзыбаган бир ооз сөз,
Кадамдан калбай жанашып,
Кадамыңды санашып,
Ээрчийт кээде көлөкө.
Арзыбаган бир ооз сөз,
Билбесе да "билем"
деп,
Жамакчыдай шашылат
Жамандоого бөлөккө.
Арзыбаган бир ооз сөз,
Теңирден кеткен тетири,
Үрөйүңдү учурат,
Жалган айтса тээ тиги.
Арзыбаган эки сөз,
Ашыра чаап мактаса,
Жетүүчүдөй асманга,
Жүгүртөт тоого канымды.
Арзыбаган эки сөз,
Колодон алып жез кылып,
Башка чаап нес кылып,
Талашат кээде нанымды..
Арзыбаган бир ооз сөз,
Көлгө салат сүйүнтүп,
Күлгө малат күйүнтүп,
Калчап алсыз жанымды.
Арзыбаган бир ооз сөз,
"Аксын, көксүң, карасың,
Сулуулугуң карасын"
Айга, Күнгө бир теңейт.
Арзыбаган бир ооз сөз,
Отко малып салчуудай,
Өмүрүңдү алчуудай,
Коет кээде бир ченеп.
Арзыбаган бир ооз сөз,
Токтоналбай кээ бирде,
Чуркатат алыс алыска,
Күлүк сымал оозунтуп.
Арзыбаган бир ооз сөз,
Желбиретип байрагын,
Бир чуркатып кайрадан,
Коет секин созултуп.
Арзыбаган бир ооз сөз,
Кармаганын каматып,
Каралап коет күйгүзүп,
Ак экенин каратып.
Арзыбаган бир ооз сөз,
Актай сөздү жаматып,
Адаштырат кээ бирде,
Түз жолунда баратып..
Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)
#322 22 January 2014 - 19:43
Сени ойлочумунда,
эмнеге кыска саптан ыр жазбайт экээн деп. Мына окудум кыска саптанда келтирип жазыпсын...


Мумкун мурда жазганынды корбой калгандырмын. ..
Мумкун мурда жазганынды корбой калгандырмын. ..
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#324 22 January 2014 - 20:35
Сиз баскан жол менен…
Теңдиги тең эместей кемтик жашым..
Тереңде теректердин тентип ташым.
Тең жүрсөк теңелбестен бирибизге,
Тең бекен келээр күнгө кетик жашым?
Кеткенсип алыстарга узап жашым,
Айласыз баш берээрмин тузакташым.
Ай-күнү аз калгандай сезилгенде,
Күткөнүм, бардыр сизди кучакташым…
Күтүлбөс Күндөй жаркып чыга келсе,
Күтүүсү үзүлбөгөн Айдай жалкып.
Көзүнө учуроодон сестенгендей,
Турсам а тилин жуткан жандай катып…
Теңдиги тең эместей кемтик жашым..
Тереңде теректердин тентип ташым.
Тең жүрсөк теңелбестен бирибизге,
Тең бекен келээр күнгө кетик жашым?
Кеткенсип алыстарга узап жашым,
Айласыз баш берээрмин тузакташым.
Ай-күнү аз калгандай сезилгенде,
Күткөнүм, бардыр сизди кучакташым…
Күтүлбөс Күндөй жаркып чыга келсе,
Күтүүсү үзүлбөгөн Айдай жалкып.
Көзүнө учуроодон сестенгендей,
Турсам а тилин жуткан жандай катып…
В каждой шутке есть доля правды...
#327 24 January 2014 - 00:15
Журогундон ыйман кетпей, жузундон нур кетпей, досторундун сый-урматына татыган кыз болуп
журобер.
Жараткан тилек максаттарына жеткирип, бекем
ден-соолук, узуун омур берсин!
(мен жакта саат 00:15 болду)
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#328 24 January 2014 - 00:28
Журогундон ыйман кетпей, жузундон нур кетпей, досторундун сый-урматына татыган кыз болуп
журобер.
Жараткан тилек максаттарына жеткирип, бекем
ден-соолук, узуун омур берсин!
(мен жакта саат 00:15 болду)
Рахмат чоң! Айтканыңыз келсин, аминь! Бар болуңуз!
В каждой шутке есть доля правды...
#329 24 January 2014 - 00:47
Туулган кунун менен куттуктайм.
Ден-соолугун чын болсун, журогун ыйманга толсун. Бактылуу бол суйгонун менен..
#330 24 January 2014 - 01:30
Туулган кунун менен куттуктайм.
Ден-соолугун чын болсун, журогун ыйманга толсун. Бактылуу бол суйгонун менен..
Рахмат чоң! Бар болуңуз!
Админ урушпагай эле..((
В каждой шутке есть доля правды...
#331 24 January 2014 - 09:33
Comedian
, сайттын колдонуучуларын алдоону же чаташтырууну максат кылган билдирүү калтырууга тыюу салынган!
3 күн БАН!
3 күн БАН!
#332 24 January 2014 - 09:35
Lumia-800
, turnikmen, туулган күндө каалоо-тилек жаза турган башка тема бар!
Эскертүү!
Эскертүү!
#333 24 January 2014 - 16:39
***
Жылкы минип ойногон кырлар ашып,
Жашым жашка баратат жыл санашып.
Ушул бойдон калып калчуу өңдөнүп,
22ге чыктым бүгүн жанталашып. .
Жыйырма бирден-экиге кабарлашып,
Төрөлгөн бөбөк сыңар турам жашып.
Тултуюп, тагдыр бербей коюучудай,
Баратам ач көз жандай сан талашып..
Артта калды балалык, ойноок күнүм,
Туугандар бүгүн менин туулган күнүм.
Шашылдым, ушул бойдон калуучудай,
Жанталашып 22ге чыктым бүгүн..)
Жылкы минип ойногон кырлар ашып,
Жашым жашка баратат жыл санашып.
Ушул бойдон калып калчуу өңдөнүп,
22ге чыктым бүгүн жанталашып. .
Жыйырма бирден-экиге кабарлашып,
Төрөлгөн бөбөк сыңар турам жашып.
Тултуюп, тагдыр бербей коюучудай,
Баратам ач көз жандай сан талашып..
Артта калды балалык, ойноок күнүм,
Туугандар бүгүн менин туулган күнүм.
Шашылдым, ушул бойдон калуучудай,
Жанталашып 22ге чыктым бүгүн..)
В каждой шутке есть доля правды...
#334 24 January 2014 - 17:04
Ой толгоо…
Кеңдиги кенен дүйнө таарып улам,
Кеселди кекиртекте кенен жутам..
Кеч кирип баратканын көргөнүмдө,
Кечээги күндү эстейм улам…улам…
Турмушту туурдан кое бербегеним,
Койбоду "бирөө" мени "кел" дегенин.
Же өзүм чалынганым себепчидир,
Бербедим сураса да "бер" дегенин..
Узуну же туурасы баары бирдей,
"Калп, мүмкүн чындык?"-деп эч иргебей,
Уучума уучтап-уучтап салып койду,
Унчукпай кала бердим "салба" дебей..
Түнүмдө түйшүктүү түштөр менен
алышам, анда деле "бирөө" менен.
Сүрүнөн сүрдөп кетсем жалтаң карай,
Коштошчуудай ошол замат өмүр менен…
Кеңдиги кенен дүйнө таарып улам,
Кеселди кекиртекте кенен жутам..
Кеч кирип баратканын көргөнүмдө,
Кечээги күндү эстейм улам…улам…
Турмушту туурдан кое бербегеним,
Койбоду "бирөө" мени "кел" дегенин.
Же өзүм чалынганым себепчидир,
Бербедим сураса да "бер" дегенин..
Узуну же туурасы баары бирдей,
"Калп, мүмкүн чындык?"-деп эч иргебей,
Уучума уучтап-уучтап салып койду,
Унчукпай кала бердим "салба" дебей..
Түнүмдө түйшүктүү түштөр менен
алышам, анда деле "бирөө" менен.
Сүрүнөн сүрдөп кетсем жалтаң карай,
Коштошчуудай ошол замат өмүр менен…
В каждой шутке есть доля правды...
#335 24 January 2014 - 17:27
***
Таарынтса таарынткандыр…
Таарынса таарынгандырмын…
Тагдырга нааразылык билдирип,
Күнөөгө бир ирээт малынгандырмын…
Таарынтса таарынткандыр…
Таарынса таарынгандырмын…
Тыңсынып таарынып жүргөн менен,
Тая басып же өзүм жаңылгандырмын?
Таарынтса таарынткандыр…
Таарынса таарынгандырмын…
Коркутуп сүйлөбөй койгон менен,
Жазага же өзүм чалынгандырмын?
Таарынтса таарынткандыр…
Таарынса таарынгандырмын…
Тултуюп сүйлөбөй койгон менен,
От-жалын болуп ичтен жагылгандырмын…
Таарынтса таарынткандыр…
Таарынса таарынгандырмын…
Түр көрсөтүп капалуу кишидей же, Таарыныч болуп моюнуна тагылгандырмын…
Таарынтса таарынткандыр…
Таарынса таарынгандырмын…
Куруган ак көңүлдүк кыялым,
Кыялбай күлкүсүнө багынгандырмын?
Таарынтса таарынткандыр, таарынбайм…
"Тагдырым ушубу?"-деп багынбайм.
Ак көңүлдүк кыялымды билип алып,
Сагынтса сагынткандыр…сагынбайм…

Таарынтса таарынткандыр…
Таарынса таарынгандырмын…
Тагдырга нааразылык билдирип,
Күнөөгө бир ирээт малынгандырмын…
Таарынтса таарынткандыр…
Таарынса таарынгандырмын…
Тыңсынып таарынып жүргөн менен,
Тая басып же өзүм жаңылгандырмын?
Таарынтса таарынткандыр…
Таарынса таарынгандырмын…
Коркутуп сүйлөбөй койгон менен,
Жазага же өзүм чалынгандырмын?
Таарынтса таарынткандыр…
Таарынса таарынгандырмын…
Тултуюп сүйлөбөй койгон менен,
От-жалын болуп ичтен жагылгандырмын…
Таарынтса таарынткандыр…
Таарынса таарынгандырмын…
Түр көрсөтүп капалуу кишидей же, Таарыныч болуп моюнуна тагылгандырмын…
Таарынтса таарынткандыр…
Таарынса таарынгандырмын…
Куруган ак көңүлдүк кыялым,
Кыялбай күлкүсүнө багынгандырмын?
Таарынтса таарынткандыр, таарынбайм…
"Тагдырым ушубу?"-деп багынбайм.
Ак көңүлдүк кыялымды билип алып,
Сагынтса сагынткандыр…сагынбайм…
В каждой шутке есть доля правды...
#337 24 January 2014 - 22:57
Мага ырларыныз оору болуп калды,кунуго окуйм го.Азаматсыз,
азаматсыз!
Раазычылык! Бар болуңуз!
Зериктим да..
(бул ырдын темасы эмес бирок
***
Аярым.
Калп деген үмүттөргө,
Калп эле күйүккөндө,
Камалып камагында
Калаксыз сүзүп көлдө..
Кылыгы кызып күндө,
Кылгырат үн бүткөндө,
Кыялы эркелеген
Жүгүртөт канды мээге..
Кызыгып… Кызыктырып…
Кызыгым билип туруп,
Кысталак кеткен өңдүү
Бир капка бууп туруп..
"Сен" деген секелегим,
Желбиреп жете элегим.
Тең басып жетегинде
Келди эле жетелегим..
Тузакты мага деген,
Экиге бөлгөн белем..?
Ээрчишип кеткен өңдүү
Энчиси башка менен..
Аярым… Аяганым,
Кечирдим баарын…баарын…
Кечирбес ушул кундөр,
Өзүңдү самаганым…)
В каждой шутке есть доля правды...
#338 25 January 2014 - 03:15
Энекеме…
"Энем" десем эрээркеп бир токтобой,
Эт-жүрөгүм эзет өпсө чекемден.
Эне деген бир жаралат дүйнөгө,
Энкемди барктай алдым бекен мен…?
"Апооу! " десем, "Кызымтайым" дегени,
Мага катып ырыскысын бергени.
Ак чынысын көтөрүп суусу менен,
Күтөт жолдо, мени "келет" дегени..
"Апооу! " десем эңшерилтип дүйнөмдү
Жагымдуу үн…басат көпкө күткөндү.
Сагынычым ашып барат өңдөнөт,
Эске салсам кечээ өткөн-кеткенди.
Илгертен айтылган кыргыз элдин,
Сөзү бар: "энелүү эрке жетим'…
Насаат кылып айткан ар бир сөздөрүн,
Энекемдин сактай алдым бекенмин…?
"Энем" десем эрээркеп бир токтобой,
Эт-жүрөгүм эзет өпсө чекемден.
Эне деген бир жаралат дүйнөгө,
Энкемди барктай алдым бекен мен…?
"Апооу! " десем, "Кызымтайым" дегени,
Мага катып ырыскысын бергени.
Ак чынысын көтөрүп суусу менен,
Күтөт жолдо, мени "келет" дегени..
"Апооу! " десем эңшерилтип дүйнөмдү
Жагымдуу үн…басат көпкө күткөндү.
Сагынычым ашып барат өңдөнөт,
Эске салсам кечээ өткөн-кеткенди.
Илгертен айтылган кыргыз элдин,
Сөзү бар: "энелүү эрке жетим'…
Насаат кылып айткан ар бир сөздөрүн,
Энекемдин сактай алдым бекенмин…?
В каждой шутке есть доля правды...
#339 25 January 2014 - 10:39
Талантына таазим. Журокко жетчу ыр саптары. Калемин курчуй берсин!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#340 25 January 2014 - 13:32
Талантына таазим. Журокко жетчу ыр саптары. Калемин курчуй берсин!
Рахмат чоң!
Ой толгоо..
'Сен' десем сезимдерге чалынчуудай,
'Сени' деп жүрөгүмө багынчуудай,
Каршылаш жолдо бара жатканыма
Тагдырым кийин мага таарынчуудай. .
Санаалар акак болуп асылчуудай,
Тыңшаймын сөздү жүрөк басылчуудай.
Үргүлөп азыр алсыз турган менен,
Умачтай кийин көзүм ачылчуудай. .
Желбиреп сүйүү турса көктө туудай,
Ыргалат илебине ар бир буудай.
Тагдырым аянбастан өмүр берсе,
Агаармын таза булак, аккан суудай..
Кышында жалбыраксыз каткан куурай,
Жалгызсың сен да азыр кургурум ай!
Тагдырдан арман сүйүү тилебегем,
Качандыр калбасам дейм куурай…куурай…
В каждой шутке есть доля правды...

Супер-Инфо
super.kg
видео
















