Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)
#361 14 Февраль 2014 - 18:28
Оорубачы жүрөгүм..
Демим сыгып дем алууга дарман жок,
Көлөкөмсүз жалгыз калдым андан жок.
Алыстыкка баш ийүүгө тең белем?
Арман кылсам угуп коеор жандан жок..
Оорубачы жүрөгүм..
Үйгө бараар күнүң келет эрте эле,
Бирок Ал жок кучак жайчу "эркеле! "..
Бул өмүрдө эми көрбөс болгонум
Чыгып кетээр жаным келет өпкөгө..
Оорубачы кайран жүрөк ооруба,
Жаш өмүрүң бергендейсиң. . Соолуба!
Азыр туруп кетким келди мүрзөңө,
Ата, бирок кала бердим оолуга..!
Алыс элем, ооба жолтоо аралык,
Жок экенмин ата мен бир баталык.
Ыйласам да ыйым калды алыста,
Ушул өзү болду эң чоң каталык..
Оорубачы жүрөгүм..
Сен да бир күн барасың го жанына..
Мүрзөң болот жандаш анын багына.
Демиң басып, сабыр менен күтө тур,
Ага чейин армандардан моюнуңа тагына..
Бул ырдын мага кымындай да тиешеси жок…
#362 14 Февраль 2014 - 18:36
Сүйүүнүн даамын таттым сүйүп көрүп,
Жүрөктө күндө барат күйүт өнүп.
Күч менен өчүрүүгө далалатмын,
Мен сенден нени күттүм үмүттөнүп..?
Күтүүнүн даамын таттым күтүп көрүп,
Күтүүдө күндөр өтсө үмүткөрүп,
Кыйласын жайгаштырган турмуш болдум,
Кеңдигим арман көлдөн бүтүп көрүп..
деп койдум


Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 14 Февраль 2014 - 18:38
#363 16 Февраль 2014 - 12:24
Sweet-Lika (06 Декабрь 2013 - 14:43) жазган:


***
Сезим ырбап,
Журок ылгап,
Журот таппай башкасын.
Сени куткон,
Умут буткон,
Каректерде катпасын.
Там-тун баскан,
Тайтайлаган
Суйуум кадам таштасын.
Сени куткон,
Сен деп жургон,
Элесим дат баспасын.
Ойгоо жатам,
Ойго батам,
Танга чейин жетпесин.
Сен дегенде,
Суусап турган,
Издеп сезим кетпесин.
Жылмаюудан,
Ыр жазуудан,
Чаалыкпасын колдорун.
Эки жакта,
Адашкандын,
Тагдыр кошсун жолдорун.
Сыр кылалбай,
Сырым батпай,
Жан дуйномо жар салат.
Айлансам да,
Качсам дагы,
Сага туртот чар тарап.
Кутуп келгем,
Куто берем,
Кундор кунго уланып.
Унум жетээр,
Кукук менен,
Сага барса ун салып.
Кандай кылсам,
Айла табам,
Акырында орундуу?
Омур бою,
Куто берем,
деп чыгардым чечимди...
П.С.
Эми чындап,
Келбей корчу,
Чыр салайын мооминтип:

Аябай сонун жазат! Озун чыгаргандарын да озунуку эместер да сонун экен...Анан мобу быйтыкчалар да келишип калыптыр )) ийгилик!
#364 16 Февраль 2014 - 14:35
#365 16 Февраль 2014 - 14:58


Апалар жөнүндө да жаза кетем ин ша Аллах. (кийинчерээк

#366 20 Февраль 2014 - 23:40
Убакыт өтпөйт дале,
Кышында көңүл кар ээ?
Өткөндө таарынсам да,
Сагындым жазды да ээ?
Жылмайып карап койсом,
Күлкүмө багынба ээ?
Түндөрү түшкө кирсем,
Ойлонбо күндүз да ээ?
Күч салып басып мени,
Сүйгөнүм кызганба ээ?
Кызгантып мени дагы,
Жолобо кыз жанга ээ?
Жан дүйнөм күйүп улам,
Күлкүңдү кыбай турам.
Сагынып азыр дагы,
Үмүттөн жашоо курам…

#367 21 Февраль 2014 - 17:35
#369 21 Февраль 2014 - 18:40
Аял-Эне.. Аял деген асыл Жар.
Аял сандык, миң бир түркүн акыл бар..
Аял жандык, эң аялуу, эң назик,
Аялдарды алкап өтүү акың бар.
Аял жылдыз жаркып турган асманда,
Теңби кундуз миң-миң түрүн тапсаң да..!
Аял-Энең, эжең, болот карындаш,
Колун сунаар ар азапка батсаң да..
Кээде сүрдүү сур булуттай каптаган,
Кээде мерген, мээлеп бирок, атпаган.
Алсыз дебе, алсыз эмес аялзат,
Аял-Энең сени багып таптаган..!
Өткөндө "шашылыш керек" деп койсоңуз болмок экен Денис. Азырынча ушул эле болуп калды..

#370 21 Февраль 2014 - 18:41

Баарыңыздарга раазычылыктар болсун!

Бар болуңуздар!
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 21 Февраль 2014 - 18:49
#371 21 Февраль 2014 - 19:12
Учуп-конуп аргасыз көпөлөктөй,
Жалгыздыкка баш ийип жүрөт көптөр.
Жалганчы үмүттөргө жолун улай,
Чыны же жалганы жок сөлөкөттөр. .
Агылып жай турмуштун агымына,
Бой сунуп турат алсыз агынына.
Белгисиз саякатта сөлөкөттөр,
Жеталбай же ой-санаанын жарымына..

#372 21 Февраль 2014 - 19:23
Жазылган кээ бир ырлар..
Жүрөктөн чыккан ырлар,
Жүрөктү тыткан ырлар.
Сырымды билип алып,
Бир-бирден сыккан ырлар..
Көңүлүм сууган ырлар,
Сүйүүнү кууган ырлар.
Каректен чыккан жашты,
Сап менен жууган ырлар..
Жазылган ушул ырлар,
Өрт болуп өрттөйт кээде..
Жүрөктү өйүйт дагы,
Өзүңдү жоктойт неге..?
#374 22 Февраль 2014 - 00:10
Жамгырдан бүтөм депмин..
Түшүмдө көрүп сени,
Менчиктеп сүйөм депмин..
Өмүрдү сага арнап,
Өзүңдү күтөм депмин..
Өрт болуп өзөктөгү,
Өзүңө түтөм депмин..
Арзыбас ыр саптары,
Өзүңсүз керең депмин..
Дагы да жалгыз калсам,
Сени эстеп келем депмин..
Кечинде айды көрүп,
Саламым айтам депмин..
Кечигип келсе дагы,
Кучагым жаям депмин..
Кеч эмес эми такыр,
Керсее келбес болгон,
Мерээз бир сезими жок,
Сендейди сүйөм депмин..
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 17 Май 2014 - 17:27
#375 22 Февраль 2014 - 00:26
#376 22 Февраль 2014 - 02:12
#377 22 Февраль 2014 - 13:37

~∞~
Кайыксыз сүзүп көлдүн
Үстүндө калкып турам..
Жалганчы үмүттөн да,
Сүйүүдөн жалкып турам..
Жол карап оюм сени
Күтүүдөн чаңкып улам,
Сен деген сезимдерим
Таңында таңшыйт улам..
Жан дүйнөм тилке-тилке
Тилинет эстеп улам,
Ошол жаз кезиктирген
Өзүңдү жектейт улам..

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 17 Май 2014 - 17:30
#378 22 Февраль 2014 - 13:39
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 22 Февраль 2014 - 13:44
#380 23 Февраль 2014 - 12:33

жить — оставаться человеком в
любых ситуациях.