Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)
#402 31 Март 2014 - 21:00
Nurmuxammet (31 Март 2014 - 19:28) жазган:
Sweet-Lika,Чыгармаларыныз толук бекен?
Ыым да.

Жанараак сайтта оңдоо-түздөө булуп жатканда 9 бет эле калган болчу.
Өзүм көчүрүп албагандыктан чоочулаган элем.

Сиздерди бушайман кылганым үчүн КЕЧИРИМ СУРАЙМ!

Сизге раазычылык, бар болуңуз!

В каждой шутке есть доля правды...
#403 01 Апрель 2014 - 13:24
#405 13 Апрель 2014 - 11:59
Охуу мен бул жакты көрбөй кайда жүрдүм. Азаматсыз Айжамал талантыңызга таазим, ушундай ырларды көп, көп жарата бериңиз, калемиңиз курчуй берсин.
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#406 14 Апрель 2014 - 17:51
Жаздын жыты.
Жаратылыш башкача жагымдуу бир,
Шамал согот күн батыштан чыгышка.
Теребел кооз, жылуу, бирок негедир
Жамгыр төгөт элдин көөнүн бурушка…
Наздуу кыздай наздана буралып бир,
Жарып чыкты жер бетин байчечекей.
Аба салкын, жаздын жыты жагымдуу бир,
Кыш сүрдөнөт каарданып кетип-кетпей. .
Таңым-күнгө, күнүм-айга алмашып,
Өтүп жатат мүнөт менен жашым деги.
Мейли, кышты канчалык сүйсөм дагы,
Сагындым жаздын жытын, Жазым сени!
Жаратылыш башкача жагымдуу бир,
Шамал согот күн батыштан чыгышка.
Теребел кооз, жылуу, бирок негедир
Жамгыр төгөт элдин көөнүн бурушка…
Наздуу кыздай наздана буралып бир,
Жарып чыкты жер бетин байчечекей.
Аба салкын, жаздын жыты жагымдуу бир,
Кыш сүрдөнөт каарданып кетип-кетпей. .
Таңым-күнгө, күнүм-айга алмашып,
Өтүп жатат мүнөт менен жашым деги.
Мейли, кышты канчалык сүйсөм дагы,
Сагындым жаздын жытын, Жазым сени!
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 16 Апрель 2014 - 01:17
В каждой шутке есть доля правды...
#407 14 Апрель 2014 - 18:06
Nurmuxammet
, раазычылыгым!

musulmanin, албетте жоопкерчиликтүү, бирок, бул жакты унутпайм
. Рахмат.
Tyke_2013, Атайы убакыт бөлүп, бул жакка баш багып койгонуңузга таазим.
Рахмат, раазычылыгымды билдирем!
Бар болуңуздар!

musulmanin, албетте жоопкерчиликтүү, бирок, бул жакты унутпайм
Tyke_2013, Атайы убакыт бөлүп, бул жакка баш багып койгонуңузга таазим.
Бар болуңуздар!

В каждой шутке есть доля правды...
#408 16 Апрель 2014 - 01:11
Мен элем..
Ошол мүнөт дале турат көзүмдө,
Кайсы күнү бурулуштан кезиккем.
Катып сырын кетти мезгил өзүнө,
Жамгыр жааган дыбыр-дыбыр эшиктен..
Качан келип, кол булгалап коштоштуң?
Жолоочудай түштөрүмдөн кезиккен.
Түшүм дедим уйкусурап отуруп,
Кеч калдыңбы? Же мен сага кечиккен?
Түштөрүмө кирбе, мен да кирбейин,
Эркелебе, эми башка түгөйүң.
Өткөн күнгө аматым өзүңсүң,
Сен дебегин, мен да сени 'сиз' дейин.
Жалгыз калба эми тапкын бактыңды,
Бирок, сени ай-ааламга тең дегем.
Үмүт кылып жашай бергин дегеним,
Сага үмүт, сүйүү чачкан мен элем..
Түшүнбөдүм несин сүйдүм өзүңдүн?
Же болбосо Ай-Күнүмө тең белең?
Бактылуу бол дегим келди жөн гана,
Ал анткени сага бакыт мен элем..
П.С. Бир байкенин өтүнүчү менен жазылды.
Ошол мүнөт дале турат көзүмдө,
Кайсы күнү бурулуштан кезиккем.
Катып сырын кетти мезгил өзүнө,
Жамгыр жааган дыбыр-дыбыр эшиктен..
Качан келип, кол булгалап коштоштуң?
Жолоочудай түштөрүмдөн кезиккен.
Түшүм дедим уйкусурап отуруп,
Кеч калдыңбы? Же мен сага кечиккен?
Түштөрүмө кирбе, мен да кирбейин,
Эркелебе, эми башка түгөйүң.
Өткөн күнгө аматым өзүңсүң,
Сен дебегин, мен да сени 'сиз' дейин.
Жалгыз калба эми тапкын бактыңды,
Бирок, сени ай-ааламга тең дегем.
Үмүт кылып жашай бергин дегеним,
Сага үмүт, сүйүү чачкан мен элем..
Түшүнбөдүм несин сүйдүм өзүңдүн?
Же болбосо Ай-Күнүмө тең белең?
Бактылуу бол дегим келди жөн гана,
Ал анткени сага бакыт мен элем..
П.С. Бир байкенин өтүнүчү менен жазылды.
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 16 Апрель 2014 - 01:30
В каждой шутке есть доля правды...
#409 16 Апрель 2014 - 01:25
сөз жок просто класс ыр саптарың керемет экен Сага данк орденин ыйгарса болчудай
Билдирүүнү түзөткөн: eldiyarmacho: 16 Апрель 2014 - 01:27
#410 16 Апрель 2014 - 01:29
*** ******.
Барактап, айрып кээде барактарын,
Калтырбай бирден баштап санап баарын,
Бар-жогун билип-билбей кыдырдым да,
Издедим жаман-жакшы тараптарын.
Мен киммин?
Күнөстүү жаркын жердин кулуну бир,
Кызымын өзүнө окшош сулуунун бир!
Күтүп келген ченеми жок бакытымдын,
Ээси болом келечекте туурумдун бир!
(Ин ша Аллах!)
Күткөнү болом асыл жандын мага,
Сүйгөнү болом мээрим төгүп ага.
Сымбаты сыны кетпес ушул күнгө,
Кызымын сыймык менен айтам "АПА"!
*
Абайлаймын сөздү сууруп сандыктан,
Сенде болчуу сансыз ойго көмөктөш.
Мен да өтөм бул дүйнөдөн андыктан,
Мен Жолоочу жалгыз жанга шериктеш.
(кыскартылды).
Барактап, айрып кээде барактарын,
Калтырбай бирден баштап санап баарын,
Бар-жогун билип-билбей кыдырдым да,
Издедим жаман-жакшы тараптарын.
Мен киммин?
Күнөстүү жаркын жердин кулуну бир,
Кызымын өзүнө окшош сулуунун бир!
Күтүп келген ченеми жок бакытымдын,
Ээси болом келечекте туурумдун бир!
(Ин ша Аллах!)
Күткөнү болом асыл жандын мага,
Сүйгөнү болом мээрим төгүп ага.
Сымбаты сыны кетпес ушул күнгө,
Кызымын сыймык менен айтам "АПА"!
*
Абайлаймын сөздү сууруп сандыктан,
Сенде болчуу сансыз ойго көмөктөш.
Мен да өтөм бул дүйнөдөн андыктан,
Мен Жолоочу жалгыз жанга шериктеш.
(кыскартылды).
В каждой шутке есть доля правды...
#411 16 Апрель 2014 - 02:02
Уйкум жок.. Зээриктим..
*
Жоош бир жандын сүйлөшкөн жигитине таарынып айтып турган сөзү:
***
"Сүйөмүн" дейт карай берет башкасын,
"Күтөмүн" дейт, бирок азыр башкасың!
Шашып келип, шашып кетчүү коноктой,
"Каарыдым" дейт! Жыйырма беш жаштасың!
"Сагындым" дейт, сагынычы мен эмес,
Ал сагынуу жалгыз мага тең эмес..
"Баратам" дейт, калат жолдо убада,
Качан келет? Мага кызык, сен эмес..
"Бүгүн" дейсиң, кала берет эртеге,
Кайтат кайра, ою калат ортодо.
Барбайм дедим, артка кайтпайм бүгүнтөн,
Менде сезим сен билээрлик эрке го..!
P.S. бул саптардын мага тиешеси жок.
*
Жоош бир жандын сүйлөшкөн жигитине таарынып айтып турган сөзү:
***
"Сүйөмүн" дейт карай берет башкасын,

"Күтөмүн" дейт, бирок азыр башкасың!

Шашып келип, шашып кетчүү коноктой,
"Каарыдым" дейт! Жыйырма беш жаштасың!

"Сагындым" дейт, сагынычы мен эмес,
Ал сагынуу жалгыз мага тең эмес..
"Баратам" дейт, калат жолдо убада,
Качан келет? Мага кызык, сен эмес..

"Бүгүн" дейсиң, кала берет эртеге,
Кайтат кайра, ою калат ортодо.
Барбайм дедим, артка кайтпайм бүгүнтөн,
Менде сезим сен билээрлик эрке го..!

P.S. бул саптардын мага тиешеси жок.
В каждой шутке есть доля правды...
#412 16 Апрель 2014 - 02:04
#414 16 Апрель 2014 - 02:22
#415 16 Апрель 2014 - 08:33
Эх сонун жазылыптыр,
кайра-кайра окуп тажабадым. Мага аябай таасир берди. Азаматсын, чыгармачылыгына ийгилик каалайм.
#416 16 Апрель 2014 - 17:57
аябай маанилуу жана уйкаш жазылган ырлар экен!!!
форумчулардын гана эмес ,келечекте кыргыз элимдин алкыштарына жарай бер!!азаматсын !!!
китеп кылып чыгаргансынбы ырларды?
p/s/кыргыз ырчыларыбыз дагы ушундай жанга жагымдуу ырларга обон жаздырып ырдап чыгышса жакшы болмок ,каяктагы эле озбекчеден казакчадан которуп алышып эле кыйын сынышпай! !!
китеп кылып чыгаргансынбы ырларды?
p/s/кыргыз ырчыларыбыз дагы ушундай жанга жагымдуу ырларга обон жаздырып ырдап чыгышса жакшы болмок ,каяктагы эле озбекчеден казакчадан которуп алышып эле кыйын сынышпай! !!
#417 16 Апрель 2014 - 22:50
Кетсең боло! 
Жарып чыкты байчечекей кар алдын,
Кышым өжөр, табиятты кенебес.
Кылчактабай кетсең боло каралдым,
Жаз да өмүр сүрсүн жалгыз сен эмес…
Кеткен болот, кайра келет сүрдөнүп,
Кар аралаш жамгыр менен ышкыра.
Жазым турат босогодон киралбай,
Сүр көрсөткөн Жазга ушул Кыш тура…

Жарып чыкты байчечекей кар алдын,
Кышым өжөр, табиятты кенебес.
Кылчактабай кетсең боло каралдым,
Жаз да өмүр сүрсүн жалгыз сен эмес…
Кеткен болот, кайра келет сүрдөнүп,
Кар аралаш жамгыр менен ышкыра.
Жазым турат босогодон киралбай,
Сүр көрсөткөн Жазга ушул Кыш тура…

В каждой шутке есть доля правды...
#418 17 Апрель 2014 - 00:10
Чындыгында соонун жазылыптыр дагын жакшы ырларды жаза бериниз
#419 17 Апрель 2014 - 03:46
Тажап бараткансыйм.
.
(уландысы).
Мага деген сезимдерди түртүп алыс,
Бардыгынан негедир тажап турам.
Ээн таалада калсам азыр өзүм жалгыз,
Мен тынчтыкты…тынчтыкты самап турам..!
Эч бир жанды жактырбас өжөр, көк бет,
бул сезимден улам тажап бараткансыйм. .
Текке кеткен өңдөнөт ар бир мүнөт,
бул кезимден улам тажап бараткансыйм. .
Түшүмдө мага келбес элес менен
сүйлөшүүдөн улам тажап бараткансыйм. .
Ырга ороп көөдөндү кээ күндөрү
бүк түшүүдөн улам тажап бараткансыйм. .
Жарык чачып кирип келген таңды басып
кеч күүгүмдөн улам тажап бараткансыйм!
"Кызым! " деп, качан Атам келе калат?
Мен күтүүдөн улам тажап бараткансыйм!
Турмушта өйдө-ылдый кезүүлөрдөн,
тирешүүдөн улам тажап бараткансыйм. ..
Мендеги уйгу-туйгу ойлор менен күрөшүүдөн улам тажап бараткансыйм. ..
Асмандагы Айды тиктеп кыйбай таңга,
сырдашуудан улам тажап бараткансыйм. .
Түн оокумда буулугуп сыйбай жанга
ыр жазуудан улам тажап бараткансыйм. .
(уландысы).
Мага деген сезимдерди түртүп алыс,
Бардыгынан негедир тажап турам.
Ээн таалада калсам азыр өзүм жалгыз,
Мен тынчтыкты…тынчтыкты самап турам..!
Эч бир жанды жактырбас өжөр, көк бет,
бул сезимден улам тажап бараткансыйм. .
Текке кеткен өңдөнөт ар бир мүнөт,
бул кезимден улам тажап бараткансыйм. .
Түшүмдө мага келбес элес менен
сүйлөшүүдөн улам тажап бараткансыйм. .
Ырга ороп көөдөндү кээ күндөрү
бүк түшүүдөн улам тажап бараткансыйм. .
Жарык чачып кирип келген таңды басып
кеч күүгүмдөн улам тажап бараткансыйм!
"Кызым! " деп, качан Атам келе калат?
Мен күтүүдөн улам тажап бараткансыйм!
Турмушта өйдө-ылдый кезүүлөрдөн,
тирешүүдөн улам тажап бараткансыйм. ..
Мендеги уйгу-туйгу ойлор менен күрөшүүдөн улам тажап бараткансыйм. ..
Асмандагы Айды тиктеп кыйбай таңга,
сырдашуудан улам тажап бараткансыйм. .
Түн оокумда буулугуп сыйбай жанга
ыр жазуудан улам тажап бараткансыйм. .

В каждой шутке есть доля правды...