Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)
#482 08 June 2014 - 17:43
"Жаным"
деп айтууга эч акым жоктой,
Орттоп алат коодонду сезим чоктой.
Коргум келет эч болбосо алыстан,
Кусага толгон козум жанып оттой.
Бул дуйнодо сени суйгон ал кыз эмес,
Ишенсен суйуу деген андай эмес!
"Суйгонум бактылуу бол" деп мен айтам,
Эсимде калат эч бир очпос элес.
Кызганалбайм себеби, сен мендик эмес,
Мендик эмес коодондогу жалгыз элес,
Мени менен кулуп жайнап жургон адам,
Окунучтуу, бул жашоодо озун эмес...
Эсимде калат бир элес...
Айжамал Маленова.
Орттоп алат коодонду сезим чоктой.
Коргум келет эч болбосо алыстан,
Кусага толгон козум жанып оттой.
Бул дуйнодо сени суйгон ал кыз эмес,
Ишенсен суйуу деген андай эмес!
"Суйгонум бактылуу бол" деп мен айтам,
Эсимде калат эч бир очпос элес.
Кызганалбайм себеби, сен мендик эмес,
Мендик эмес коодондогу жалгыз элес,
Мени менен кулуп жайнап жургон адам,
Окунучтуу, бул жашоодо озун эмес...
Эсимде калат бир элес...
Айжамал Маленова.
Ай-иии, Лика айым, менин жашоомдогу болуп жаткан окуяларды кайдан билип алдыныз я? (Тамаша)
Бул сатарынызды озумо аябай жакын алдым. Ырларыныздын баары жакты, маанилуу жана таасирдуу жазат экенсиз.
Талантынызга таазим! Калеминиз курчуй берсин!
#483 08 June 2014 - 18:54
Тилим буулуп калды го, не дээримди билбей калдым. Рахмат эжов Аллах ыраазы болсун...
Ал Зат баарыбыздан раазы болсун!
Сөз тандап кыйналба Малый.
В каждой шутке есть доля правды...
#484 08 June 2014 - 18:56
Кандайсын Лика.
Корунбойсунго Аким болууп эле...
Өзүңүз жакшысызбы? Көрүнбөй эле кеттиңиз бир "жарк" этип.
(купуям эшигин ачпай койдубу
В каждой шутке есть доля правды...
#485 08 June 2014 - 19:08
Бул Лика кыз мени куттуруп кайда журот ыя?
Канаа жаны ыр?
"Жашоо вальсы…" десем болчудайбы?
Жүрөгү ыйлап турат, ууртунда күлкү арсыз.
Кыйнала сүзүп барат, кайыгы чөгүп ансыз.
Кайдадыр шамал дагы багытын буруп нуктун,
Каткырып карап турат алагды кылып жанды..!
Ананчы…
"Кайгылар бир-биден келбейт" дешет…
Карашы башкача, Күндү да тешет…
А кээде бардыгы күлүңдөй карап,
Саламың аликтейт Жылдыз да түшүп…
Кээде жымжырттык ээлесе жанды,
Кээде караңгылык каптайт ак таңды.
Алыскы үмүттүн кабары болсо,
Уланат кайрадан жашоонун вальсы…
Заказыңыз менен дейткенда.
В каждой шутке есть доля правды...
#486 08 June 2014 - 19:14
Ай-иии, Лика айым, менин жашоомдогу болуп жаткан окуяларды кайдан билип алдыныз я? (Тамаша)
Бул сатарынызды озумо аябай жакын алдым. Ырларыныздын баары жакты, маанилуу жана таасирдуу жазат экенсиз.
Талантынызга таазим! Калеминиз курчуй берсин!
Бул сатарынызды озумо аябай жакын алдым. Ырларыныздын баары жакты, маанилуу жана таасирдуу жазат экенсиз.
Талантынызга таазим! Калеминиз курчуй берсин!
Түндө түшүңүзгө бардым го.
Унуттуңузбу…
(тамаша).
Рахмат, раазычылыктарым болсун!
В каждой шутке есть доля правды...
#487 08 June 2014 - 19:23
Ай-иии, Лика айым, менин жашоомдогу болуп жаткан окуяларды кайдан билип алдыныз я? (Тамаша)
Бул сатарынызды озумо аябай жакын алдым. Ырларыныздын баары жакты, маанилуу жана таасирдуу жазат экенсиз.
Талантынызга таазим! Калеминиз курчуй берсин!
Бул сатарынызды озумо аябай жакын алдым. Ырларыныздын баары жакты, маанилуу жана таасирдуу жазат экенсиз.
Талантынызга таазим! Калеминиз курчуй берсин!
Кусалык каптаса жамгыр жаайт тынбай…
Шамалга жүз бурам көңүлүм сынбай…
Кайдадыр жетелейт бир сезим күч ала,
Алыста жүрөктүн согушун тыңдай…
Жайдары кабагым булуттай бүркөө,
Кучагым суу каптай, кусалык чиркөө…
Кубалай санааны узатсам алыска,
Бир болуп кетет да, кайрылат төртөө…
Качанкы сезимди сууруса жүрөктөн,
Жылмаям… А бирок… Болгону бир өткөн…
Өтсө да унутта калбаган сезимдер
Куралат ар бир саат, секунда, мүнөттөн…
Сөз менен жетпеген не деген сезим?
Жетишсиз а балким жүрөктө сөзүм?
Кылгыра карасаң ууртуңда жылмаюу…
Изилдеп бүтпөдүм табышмак мүнөзүң…
Сели, сизге образ берип эле жазып койдум… Капа этпейсиз ээ.
В каждой шутке есть доля правды...
#488 08 June 2014 - 19:29
"Эненин арманын" кечирээк жазып кетем (ин ша Аллах).
Азыр жумушум башталып калды.
Азыр жумушум башталып калды.
В каждой шутке есть доля правды...
#489 08 June 2014 - 20:10
Кусалык каптаса жамгыр жаайт тынбай…
Шамалга жүз бурам көңүлүм сынбай…
Кайдадыр жетелейт бир сезим күч ала,
Алыста жүрөктүн согушун тыңдай…
Жайдары кабагым булуттай бүркөө,
Кучагым суу каптай, кусалык чиркөө…
Кубалай санааны узатсам алыска,
Бир болуп кетет да, кайрылат төртөө…
Качанкы сезимди сууруса жүрөктөн,<
br />Жылмаям… А бирок… Болгону бир өткөн…
Өтсө да унутта калбаган сезимдер
Куралат ар бир саат, секунда, мүнөттөн…<
br />
Сөз менен жетпеген не деген сезим?
Жетишсиз а балким жүрөктө сөзүм?
Кылгыра карасаң ууртуңда жылмаюу…<
br />Изилдеп бүтпөдүм табышмак мүнөзүң…<
br />
Сели,
Рахмат! Окуп алып кубанып калдым го, тим эле озум соз курап жазгандай... .
Чыгармачылык ийгилик!
#490 08 June 2014 - 20:24
Не баляя болуп кеткен кашасы чыгып((((( жооп эле жазган элем... Sweet-Lika, кечиресиз, бир барагынызды булгап койдум....
#491 09 June 2014 - 03:48
[quote name='Sweet-Lika'
date='08 Июнь 2014 - 19:08' timestamp='1402232912'
post='1755876'
"Жашоо вальсы…" десем болчудайбы?
Жүрөгү ыйлап турат, ууртунда күлкү арсыз.
Кыйнала сүзүп барат, кайыгы чөгүп ансыз.
Кайдадыр шамал дагы багытын буруп нуктун,
Каткырып карап турат алагды кылып жанды..!
Ананчы…
"Кайгылар бир-биден келбейт" дешет…
Карашы башкача, Күндү да тешет…
А кээде бардыгы күлүңдөй карап,
Саламың аликтейт Жылдыз да түшүп…
Кээде жымжырттык ээлесе жанды,
Кээде караңгылык каптайт ак таңды.
Алыскы үмүттүн кабары болсо,
Уланат кайрадан жашоонун вальсы…
Заказыңыз менен дейткенда.
[/quote
Сенин ар бир сабын алтын го синдим. Калемин курчуй берсин. Бар бол! Бизди куттурбой эптеп убакыт таап ыр жаза жур ээ. Макулбу?
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#492 10 June 2014 - 01:57
Эненин арманы.
"Амансыңбы балам? Күтсөм да келбейсиң…
Айыбым кайсы эле жанымда жүрбөйсүң…
Айрылып эки буттан калганда баспай,
Же мени көргөндө жаркылдап күлбөйсүң…
Күндүзү күйүп отко, түнкүсүн сүтүм берип,
Эркелей "берчи" десең бүтүнүн бүтүн берип,
Чоңойттум эле сени аярлап карегимдей,
А эми кеттиң азыр бир жандын сөзүн терип…
Айланып өтөсүң үйүңдү чанып,
Кайрыла кетпейсиң апаңды танып…
Кыйнабайм берекем, бир келип кетчи,
Жүрөмүн канаган жүрөктү таңып…
Канжарды туш-туштан ыргытпа мага,
Балапан балам десе, керегим тиет сага.
Кыйнабайм медерим, бир келип кетчи,
Ыйласам ыйымды көрсөтпөйм сага.
Балапан элең кечээ баш каткан ысык күндөн,
Канатым жаяр элем "мейли" деп үшүп түндөн.
Канатың аяп эми кеттиңби алыс узап,
Балапан азыр балаң… Эстей жүр сенден бүткөн…"
Эненин каты ушул "келгенде берчи" деген,
"Энем жок менин андай!" Таң калдым бул не деген?!
Замана өзгөрдүбү? Адамдар кайда агат?
Апасы эле кечээ… Жат адам мына бүгүн…
#493 10 June 2014 - 01:57
#494 10 June 2014 - 02:07
Сиз баскан жол менен…
Бүдөмүк туңгуюктан жол издеген,
Үмүттү бекем кармап кол үзбөгөн.
Мендей жан барбы деги бул ааламда,
Белгисиз жандан "үмүтүм сиз" деген…
Сиз баскан жолдор кыйма-чийме тура…
Кетким келген эчендир жолум бура.
А бирок бакытына жетүү үчүн
Адамдар сыныкты да басат тура!
Мейли… Мен да басайын сыныктарды,
Билдирбей күлүп турам ал жараатты.
Анткени сиз баскан жолдун чети
Карагай, арча, кайың, жаш балаты.
Сүйүнтөт бакытым да кол булгалай,
Апкаарып шашып барам. Токто! Жай… Жай…
Сиз баскан жолду белги кылып мага,
Артынан өсүп чыккан жаш карагай.
Бүдөмүк туңгуюктан жол издеген,
Үмүттү бекем кармап кол үзбөгөн.
Мендей жан барбы деги бул ааламда,
Белгисиз жандан "үмүтүм сиз" деген…
Сиз баскан жолдор кыйма-чийме тура…
Кетким келген эчендир жолум бура.
А бирок бакытына жетүү үчүн
Адамдар сыныкты да басат тура!
Мейли… Мен да басайын сыныктарды,
Билдирбей күлүп турам ал жараатты.
Анткени сиз баскан жолдун чети
Карагай, арча, кайың, жаш балаты.
Сүйүнтөт бакытым да кол булгалай,
Апкаарып шашып барам. Токто! Жай… Жай…
Сиз баскан жолду белги кылып мага,
Артынан өсүп чыккан жаш карагай.
В каждой шутке есть доля правды...
#495 10 June 2014 - 02:15
Сенин ар бир сабын алтын го синдим. Калемин курчуй берсин. Бар бол! Бизди куттурбой эптеп убакыт таап ыр жаза жур ээ. Макулбу?
Маакул эжем!
В каждой шутке есть доля правды...
#496 10 June 2014 - 02:17
Не баляя болуп кеткен кашасы чыгып((((( жооп эле жазган элем... Sweet-Lika, кечиресиз, бир барагынызды булгап койдум....
В каждой шутке есть доля правды...
#497 14 June 2014 - 02:18
Эс тартканы "Апа" деп келээр элем… Тайенемдин жаркын элесине.
Жүрөктөгү болгон сөздөр сыртка чыкты карачы,
Ээх Апакем, жылдыз толду мага бирден саначы.
Балким азыр жанымдасың ким билет?
Күндөр келди карааныңды жылдыздардан самачу…
Той, батадан келген күнү жашырып,
Таттууларын тандап мага берээр эле.
Таң эртеден тургузуп "садагам" деп,
"Ичип алчы" деп айранын сунаар эле...
Кырга чыксам "абайла тайып кетпе,
Карма колум бекем" деп тураар эле.
Капа болсом кабагымдан тең айланып,
Мээрим төгүп, мага көңүл бураар эле…
Жаткан жерин жайлуу кылсын Энемдин,
Эстей берем көзүмө жаш айлана.
Сабыр кылам, көрүшөөр күн алыс эмес,
Мен да бир күн жаныңдан жай аламын жай гана...
Жаткан жери жайлуу болсун.
Айжамал ушул саптарын аябай таасирлентти. Таэнендин жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун.
Менин да ширинтайымды таэнеси чонойтуп жаткан учуру. Ушинтип чонойтуп жатат да деп элестеттим. Талантына таазим.....
#498 14 June 2014 - 19:43
Сонун ырларды жаратасыз. Талантынызга таазим. Чыгармачылык эргуу каалап, аким айым болушунуз менен куттуктайм!
Асыл сапат - бизди таалайга жеткируучу эн негизги курал!
#499 14 June 2014 - 23:08
Айжамал ушул саптарын аябай таасирлентти.
Таэнендин жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун.
Менин да ширинтайымды таэнеси чонойтуп жаткан учуру. Ушинтип чонойтуп жатат да деп элестеттим. Талантына таазим.....
Менин да ширинтайымды таэнеси чонойтуп жаткан учуру. Ушинтип чонойтуп жатат да деп элестеттим. Талантына таазим.....
Ээх эжем! Жүрөгүм бир башкача согуп кетти…
Кызыңыздын маңдайына тайнеси аман болсун. Ооба, Алар бар биз бактылуубуз. .!
Рахмат.
В каждой шутке есть доля правды...
#500 14 June 2014 - 23:15
Сонун ырларды жаратасыз
Талантынызга таазим. Чыгармачылык эргуу каалап, аким айым болушунуз менен куттуктайм!
Талантынызга таазим. Чыгармачылык эргуу каалап, аким айым болушунуз менен куттуктайм!
Рахмат, раазычылыгым! Бар болуңуз Ласт!
Сөзүңүзгө аралжы, эч качан "жаратасыз" дебеңиз ээ
Биз жаралуучубуз да.
В каждой шутке есть доля правды...
Супер-Инфо
super.kg
видео