Marsen (10 Август 2014 - 14:47) жазган:
Сулууга суктанып,
Жүрөсүң кубанып.
Абайла бир күнү,
Калбагын алданып.
Сулуунун сулуудай сыры болот...
Жүрөккө уудай ачуу ыры болот...
Акылы чырайына жарашса эгер,
Элине сыймык болот! Улук болот...
Сулуунун текеберлик тили болот...
Теңине тең ашыктык сүрү болот...
Жүрөктө бар ыйманы бекем болсо,
Жарынын ыйманынын жүзү болот..!
Marsen (10 Август 2014 - 15:11) жазган:
кайра сөзсүз ачылат,
адам эгер көп күлсө,
анда сөзсүз кайгырат.
Күүгүмдө калгым келбейт
Кор кылып асыл жанды.
Адаттап алгым келбейт
Көп күлүп, кайгырганды. ..
Күлкүмдү аябаймын
Сыр кылып жашырбайм да.
Кайгымды ичте катып
Ооруга ашырбайм да...
***
Рахмат, раазычылыгым Марсен!

***
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 10 Август 2014 - 16:01