Sweet-Lika (13 Октябрь 2016 - 08:45) жазган:
"Бакытым таптым,"-десем, сен мени жектебессиң.
Ызааңа кошул-ташыл кансырап кектебессиң.
Өткөндү ууруп-чууруп, тагдарга бир таарынып,
Экөөбүз кечээ баскан жолдорду жээктебессиң. .
"Ыйманым таптым,"-десем, ызаага бөлөнбөссүң,
"Мен сени сүйчүмүн" деп, агарып-көгөрбөссүң. .
Акылдуу жансың өзү ойлонуп жумуш туткан,
Өз жаның өзүң кыйнап, азапка чөгөрбөссүң. .
"Таалайым таптым,"-десем, сен мага таарынбассың,
Буулугуп буркан-шаркан суу болуп агылбассың.
Тагдырга жазган болот "тамаша кылды" дебе,
Тайманбас жандан элең
таалайың ашып-ташсын. .!
"Жолдошум таптым,"-десем, жолумдан азгырбассың. ..
Кан жутуп ызааланып өткөнгө кайгырбассың. .
Алдыга умтула көр, өткөндө кала бербей,
Кадамдан жаңы аттап артыңа кайрылбассың.
"Туурумду таптым,"-десем, туурадан чыга көрбө,
Кызганчаак жандан элең, турмушум буза көрбө.
Сен мени кое бергин, мен сени кое бергем,
Сен дагы энчиңди тап, тагдырдан ызаа көрбө..!
"Конушум таптым,"-десем, коңшулаш чыга көрбө,
Коломто отум өчпөс кемегем буза көрбө.
Ийилип келсе бирөө ишенчээк жансың өзү,
ушак кеп мен жөнүндө жаман сөз уга көрбө.
"Ынагым таптым,"-десем, ыңгайсыз кала көрбө.
Ызаага жаның чылап, ызылдап кала көрбө.
Ылдыйдан келсе бирөө ырыстуу жансың өзү,
Ыңгайы келген кезде ырысың чана көрбө..!
Соонун,соонун!
Ырларыңызды көптөн бери күтүп жүргөм.
Сиздин эргүүңүз,калемиңиздин сыясы түгөнбөсүн.