
Кыргызстандан алып келген баалуу буюмдарыбыз Чет өлкөдө дайыма жаныбызда жүргөн.
#41 18 Декабрь 2014 - 18:23
Айылда жүргөнүмдө кызымдын колуна эки таш карматып койдум эле кичинекей, алаксып турсун деп. Кызым ошол таштарды түшүрбөптүр,
үйгө киргенимде көрдүм. Колунан алып күзгүнүн жанына коюп койгом. Москвага келе жатып күзгүнүн жанындагы жөнөкөй эле таш көзүмө башкача көрүндү. Салып келе бергем. Бир гүрөң, бири бозгуч эле. Аны көргөн сайын кызымдын быйтыйган колдорун колдорун элестетем. Кээде көзүмө жаш тегеренип кетет, жыттап алам кызыма болгон сагынычты алдагым келип. Ошо. Анан бир кичинекей кулагын кармаган маймыл оюнчук бар. Бир күнү 4 жашаар кайын сиңдим бакчадан чуркап келип кучактап калды, колунда бир нерсе бар экенин сезип "колуңдагы не?" деп сурасам, алаканын ачып көргөзүп атпайбы, "бул ким?" десем, кайынсиңдим ошол кичинекей маймылды "сиз" дейт. Өлө күлгөм. Анан ошол маймыл да дайым сумкамда жүрөт. Аны көргөн сайын жылмайып алам

Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#43 23 Апрель 2017 - 14:59
Желек, сумка, ооз комуз, калпак, койноктор ж.б. Автор айткандай ал жактан алып келген ар бир буюм баалуу.
Влажный салфетканын сыртында кыргызча жазылуу экен, аны дагы ыргыткым келбей сактап койдум(
Влажный салфетканын сыртында кыргызча жазылуу экен, аны дагы ыргыткым келбей сактап койдум(
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#44 23 Апрель 2017 - 15:34
Менде бир кепкам бар эскиии бирок кыргызтандан алгамын деп иште бир ошону кечке кийип журом)))
Суйомда ошо кепканы эмнеге экенин озумда билбейм.
Суйомда ошо кепканы эмнеге экенин озумда билбейм.
#45 24 Апрель 2017 - 21:59
Турмушка чыкпасам да жаныма ак жоолук алып журот экем. Ошол ак жоолугум бар аны камыр жайганда салынамын. Москвага таштап келгем.
)
#46 25 Апрель 2017 - 00:21
Тайэнемдин сандыгынан чоон жоолук берген.Ошол жоолук дайыма жанымда
#47 25 Апрель 2017 - 00:47
Энем ажыдан алып келген набор.Дайыма тагынып жүрөм.форумга айтпаган ушул эле калды эле

Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#48 25 Апрель 2017 - 12:33
Мекенимди сагынганда ала келген комузумду ойноп, сагынычымды таратып алам.
#49 25 Апрель 2017 - 14:03
Жайнамаз, теспе, 5 убак намазды уйронуу деген китеп, апакемдин жоолугу бар. Келе жатканда апамдын башындагы жоолугун чечип келгенмин. 3 жыл болду жуубай сактап жыттап журом апакемдин жоолугун. Анан 3 жылдан бери тарак, тырмак алгычымды да сактап журом. Кыргызстандан алгам да