Ушул жылдан баштап мектептерде Адам жана коом сабагы менен Экономика сабагын кошуп отулуп башталыптыр,
сурайын дегеним эмне максат менен экоону кошуп койдунар?????
Эки сабактан тен мектептерде китеп жок, макул Адам коомдон мурун кызыл ай коомунун китептери бар эле, экономикадан такыр эле жок билишимче. 11 классты бутуп жаткан окуучу макроэкономика менен микроэкономиканын айрмасын билбейт! Анан да мурун Өскөн Саалаевдин адам коом китебин Жаран таануу деп басылып чыгыптыр мектептерде ушул китеп менен окуп жатышыптыр,
( Эки сабактын кошулган аталышы ушундай экен Жаран таануу). Эмнеге шарт тузуп бербейбейсинер балдар билимдуу болгонго??? Эмне мугалимдер китеп жок болсо асмандан алып окутабы????
Адам жана коом менен Экономика сабактары министирликтен жооп кутөм.......
#1 12 Январь 2013 - 02:43
Чтобы добраться до источника, надо плыть против течения.
Станислав Ежи Лец.
#2 02 Апрель 2013 - 12:05
Суроого министрликтин басма сөз кызматынын адиси Керез Жукеева жооп берди:
Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү уюмдарында ашыкча окутууларды кыскартуу ППКР №202, 23.03. 2012-жыл) жана окуу пландарын топтоштуруу орто жана жогорку класста окушкан окуучулар үчүн бир нече жеңилдиктерди алып келди. Алсак, балдардын ден соолуктарына пайда берип, 274 миң сом үнөмдөлүп, кайрадан жалпы билим берүү системасына жумшалды.
2012-жылы айрым кыйынчылыктарга карабай, 72 ар түрдүү аталыштагы окуу куралдарын чыгаруу пландаштырылып, жалпы суммасы 3 203 890 нускадагы китеп 300 млн. сомго чыгарылды, 59 ар түрдүү аталыштагы окуу китептеринин 2 536 890 нускасы дубандардын окуу бөлүмдөрүнө жеткирилди. Азыркы учурда, «Учкун» ачык акционердик коому 13 ар түрдүү аталыштагы 667 000 нуска окуу китептерин жеткирүүнү аяктап жатат.
2012-жылы айрым кыйынчылыктарга карабай, 72 ар түрдүү аталыштагы окуу куралдарын чыгаруу пландаштырылып, жалпы суммасы 3 203 890 нускадагы китеп 300 млн. сомго чыгарылды, 59 ар түрдүү аталыштагы окуу китептеринин 2 536 890 нускасы дубандардын окуу бөлүмдөрүнө жеткирилди. Азыркы учурда, «Учкун» ачык акционердик коому 13 ар түрдүү аталыштагы 667 000 нуска окуу китептерин жеткирүүнү аяктап жатат.
#3 01 Февраль 2014 - 20:54
Урматтуу элге билим беруу министрлиги.
Сиздерге кайрылууга себеп болгон булар. Тез арада билим беруу системаларын озгортуп эски кереги жок илимдер алынып окуучу балдардын ан - сезимдерин космоинтелектуалдык денгээлге которуу билимдерин киргизбесенер,
жаштарыбыз эски билимдерди жээрип жаны билим жок ара жолдо калып жатат. Мен атайын билдирбей интернеттеги жаштарды акылга тартып , ой жугуртуулорун текшерип корсом деп бир нече макалаларды жазып андан алган жоопторго тангалганымдан ушундан болду. Жаштарыбыздын ой толгоолору ото кыска, ошондой эле акыл - эстери дагы биздин курагыбыздагы 14 -15 теги убагындагы денгээлге жетпейт. Бул ото кооптуу жана коркунучтуу корунуш. Тим эле журогун тушот. Ой жаштарыбыз ушундай томон денгээлде калып кеттиби? Эгер мындай акыбалда кете берсек эртен балдарыбыз мекен, келечек, кыргыз экенина да ишенбей калуучу манкуртка айланып баратыптыр жана алды айланып да калыптыр. . Кайдагы ислам илимдерин чала окушуп алышып оздорунчо эле тушунуп тушунбой фанатка айланганы мындан кобойуп кетиптир. Мунун баары озубуздун жаштарга болгон кандайдыр идеологиянын жоктугу окшойт агылып эле исламга кирип жатышат. Же ал жактан кыйраткан илим алышбай ортодо дубара эле болуп калышыптыр.
Жаштар биздин келечегибиз болгондуктан тез арада бул манкурттуктун жолуна богот койулбаса болбойт. Мен билгенимди,
коргонумду,
сезгенимди жазып жатам. Эмне кылсанар да бул маселени жонуно келтирбесенер эртен ото кеч болуп калат. Жаштарыбыздын башында бугун сиздер тургандыктан эртенки алардын убал - сообу силерде калат. Азыркы жаштарыбыздын ан - сезимдери оспостон кайра тескерисинче томондоп кетуусуно жол бербегиле. Жашообуздун баары ан - сезимге жараша болгондуктан эмне кылсанар да аракетинерди жазагыла. Суранам сиздерден.

Супер-Инфо
super.kg
видео










Мобилдүү версия