Кой Койлор жумушка баш-оту менен берилип жакшы акча табууга жөндөмдүү, ошол эле убакта коротконго да маш. Үй-бүлөсү, достору, жакын адамдары үчүн акчасын аябайт. Өтө эле колу ачык. Койлордун жогорку материалдык абалга жете албашынын себеби да ушул. Алар чыгармачылыктан,
жеке бизнесинен,
эркин график менен иштеген жумуштардан жакшы акча табышат. Ар бир мүнөтү эсептелинген жумуштар аларга жакпайт. Букачар Букачарлар эсепти сүйгөн сарамжалдуу адамдар болушат. Материалдык жыргалчылыгы үчүн каражат топтоого жөндөмдүү келип, ошонун ырахатын да көрө билишет. Алар жумушка келгенде өжөр, достору менен тааныштарына бир аз сараңыраак,
бирок, жакын адамдары үчүн колу ачык келишет. Букачарлар үчүн мамилеге караганда акча маанилүүрөөк,
акча аларда дайыма болот, а мамиле... Эгиздер Эгиздер акчаны оң келди чачпай, аны иштетээрде жети өлчөп, бир кесишет. Өздөрүнүн сарптай турган акчаларын майда-чүйдөсүнө чейин алдын-ала пландап алууну жактырышат.
Эгиздер көбүнчө алдоо жолу менен акча табышат да, кайра күнөөлөрүн жууш үчүн намаз окушат, Кудайга жалынышат. Акча табуу үчүн бир ордунан жылбай же бир эле ишке жармашып алуу - эгиздер үчүн эмес. Аларга жакшы акча ар кандай булактардан келиши мүмкүн: ортомчулук кылуудан, машина сатуудан, массалык маалымат каражаттарында иштөөдөн... Бөйөн Бөйөндөр үчүн акча өтө маанилүү, акчага алар өз коопсуздугунун кепилдиги катары карашат. Акчаны алар негизинен эң зарыл болгон нерселер үчүн коротушат, туугандарына,
балдарына белек сатып алууну жакшы көрүшөт. Тапканы жана сарптаганы такай бирдей эмес, маанайына жараша болот. Акча табуу үчүн аларга үй-бүлөлүк бизнес эң жакшы булак боло алат. Арстан Арстандар үчүн көп акча табуу анчалык деле маанилүү эмес. Арстандар эч нерседен кемчиликсиз жашаганды, жакшы кийингенди жана кымбат белектер менен башкаларды таасирленткенди жакшы көрүшөт. Алар уюштуруу иштерине, башка бирөөлөр аркылуу акча жасаганга жөндөмдүү. Анын колу ачыктыгынын айынан өз үй-бүлөсүнүн ичинде түшүнбөстүктөр келип чыгат. Колу ачыктык арстандарга өзүнө ишенимдүүлүктү жаратат. Достору үчүн, эс алуу үчүн алар канчалык көп коротсо, кайра чөнтөгүнө ошончолук көп акча түшөт. Эгер арстандар сараң болсо, акча келбейт. Аларга ар кандай майрамдар, көңүл ачуулар, оюндар үчүн акча сарптаган жагат. Бийкеч Бийкечтер сыртынан эсепти өтө сүйгөн, битиреген сараң көрүнүшү мүмкүн, бирок, алар пайдасыз нерселерге акча коротушпайт.
Ушунун айынан башкалар менен мамилеси дайым эле жакшы боло бербейт, анткен менен акчасы тыйынына чейин топтолот. Эмненин кайда, канчадан сатылаарын билүүгө дайыма кызыгышат. Ал эми соода кылып жаткан учурда тыйынына чейин тартышышы мүмкүн. Бийкечтер адал ниети менен иштеп, өз маңдай тери менен акча табышат. Тараза Таразалар кооз буюмдарды, стилдүү кийимдерди жана жасалгаларды көргөндө акылынан адашышат. Бирок тең салмактуулукту сактап, тапканын үнөмдүү пайдаланышат.
Таразалар чоң байлыкка көп умтулушпайт,
ошол эле учурда жетишпестикте да жашагылары келбейт. Акча аларга өздөрүнүн керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн гана керек. Таразаларга жалгыз иштөө ылайыксыз, көп акчаны алар өнөктөш менен биргеликте гана таба алышат. Андыктан алардын демөөрчүсүнө,
акча тапканды билген адамга баш кошкону оң болот. Чаян Чаяндар акча табуу үчүн көктүк менен иштешет. Алар үчүн идея маанилүү, эгер идея болсо, жумушунун фанатына айланып кетишет. Чаяндар бизнес кылса, иши жакшы жүрүшөт. Сүйүктүү жумушу үчүн жана сүйүктүү адамы үчүн алар түшкөн пайдасын эсептебей эле акчасын чачып салышат. Чаяндар кредитти натыйжалуу иштете алышат, насыя акча аркылуу бала-чакасына жеткидей байлык топтоп алуулары мүмкүн. Жаачы Негизинен жаачылардын колу ачык болот. Дал ушул сапаты үчүн аны айланасындагылар жакшы көрүшөт. Жаңы билим алуу үчүн, саякат үчүн акчасын аяшпайт. Кайтарым акчасын талап кылып майдаланышпайт.
Жаачылар көп акча сарптаганына карабай кандайдыр бир жолдор аркылуу кайра эле акча пайда боло берет. Жазуу ишмердүүлүгү,
туристтик бизнес - алар үчүн каражаттын булагы. Бирок алар кайрымдуулук кылууну унутпашы керек. Болбосо тапкан акчасы бакыт алып келбейт. Ал эми тапкан акчасынан башкаларга да бөлүшсө, жаачылар акча менен кошо атак жана сый табышат. Текечер Текечерлер ырааты менен акча тапканды билишет. Алар акчасынын бир бөлүгүн ишенимдүү жерге сакташып, ар дайым запас менен жүрүшөт. Ошондуктан ар дайым стабилдүүлүктү сезип, өздөрүнө ишенимдүү болушат. Текечерлерге чоң байлык дайым эле келе бербейт. Алар көбүнчө материалдык бийиктикке досторунун жардамы аркылуу жетет. Жумуш учурундагы оң эмоция текечерлерге акча алып келет, ал эми өзүнө жакпаган иш - ирээнжүүдөн башка эч нерсе бербейт. Суу куйду Суу куйду жумушу өзүнө жакса, кызыктуу болсо жакшы акча табат. Негизинен ал жумушуна жан- дүйнөсү менен берилиш керек, ал эми айлыгынын, гонорарынын суммасы ал үчүн экинчи орунда. Дал ушул сапатынан улам ал өз ишинин мыкты чебери катары бааланып, натыйжада материалдык жактан жетиштүү жашоого кантип барып калганын өзү да сезбей калат. Акча ага компьютер менен жасалган жумуштардан,
басма бизнестеринен келет. Балыктар Балыктар өздөрүнүн чыгымдарын көзөмөлдөй алышпайт, ошол эле учурда кирешелерин да дайым эле биле беришпейт. Акчасын кантип коротуп жатканы алардын өздөрү үчүн да табышмак. Балыктарды акча көп деле тынчсыздандырбайт,
алар анчалык бай болбосо деле жардамга муктаж адамдарга көмөк көрсөтүүдөн ырахат алышат.
Акча гороскобу
#1 06 November 2013 - 18:05
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 06 November 2013 - 20:12
Туура экен гороскоп меники дал озундой чыкты шумдугун гууур
Чын журоктон баари бир
#3 06 November 2013 - 20:41
Мен арстан элем жакшы кен. Бирок мен эмнегедир таакыр ишенбеймда мындайларга.
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#4 06 November 2013 - 21:09
Менда ишенбейм,бирок,
Суу куйдунун баштапкы сүйлөмү дал келгендей.
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#6 07 November 2013 - 00:00
Негизи ишенбейм мындайларга.
Бирок бул жерде жазылгандары жактыыы жашоодода ушундай болуп калса кана эми...
#12 07 November 2013 - 10:40
#15 16 November 2013 - 00:56
Суу куйду Суу куйду жумушу өзүнө жакса, кызыктуу болсо жакшы акча табат. Негизинен ал жумушуна жан- дүйнөсү менен берилиш керек, ал эми айлыгынын, гонорарынын суммасы ал үчүн экинчи орунда. Дал ушул сапатынан улам ал өз ишинин мыкты чебери катары бааланып, натыйжада материалдык жактан жетиштүү жашоого кантип барып калганын өзү да сезбей калат. Акча ага компьютер менен жасалган жумуштардан,
басма бизнестеринен келет.
Если на вопрос "Как дела?", человек отвечает "Нормально", значит вы не входите в сферу его доверия.
#16 19 November 2013 - 17:10
Egerde psihikabyzdy burup iwenip alsak tuura bolup chyga beret. Men iwenbeim goroskopko, daje okubaim. Allah bergen nerse bolotda.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#17 19 November 2013 - 17:10
Egerde psihikabyzdy burup iwenip alsak tuura bolup chyga beret. Men iwenbeim goroskopko, daje okubaim. Allah bergen nerse bolotda.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#19 19 November 2013 - 20:19
Билбейм мени ото эле бизнесменка кылып коюптурго,,,
,,,,,,.андай деле эмесмин бирок
#20 21 November 2013 - 03:21
Билбейм мени ото эле бизнесменка кылып коюптурго,,,
,,,,,,.андай деле эмесмин бирок
Emi bolsonuz kerekda!?
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.

Супер-Инфо
super.kg
видео



















