Суперстан: Аялдар кетирген катачылыктар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Аялдар кетирген катачылыктар

#1 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Ноябрь 2013 - 19:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Аял күйөөсүнө баласындай мамиле жасайт "Кийимиңди ордуна кой деп сага канча жолу айтыш керек?", "Алтыным, эч нерсеңди унуткан жоксуңбу?" , "Бул кийим менен үшүбөйсүңбү? " Күйөөңүзгө катара бул фразаларды сиз да колдоносузбу? Анда туура эмес кыласыз. Бул аялдар арасында эң кеңири жайылган катачылыктардын бири. Сиз "ал өзүнө-өзү кам көрө албайт, менин көзөмөлүмсүз эч нерсе жасай албайт" деп ойлойсуз. Бирок эсиңизде болсун, күйөөңүзгө баладай мамиле жасаган сайын ал өзүн жаш баладай алып жүрө баштайт. Бардык керектөөлөрүн моюнуңузга алган сайын ал ошончолук сизден көз каранды болуп калат. А көз каранды болуп калгандан кийин менден эч жакка кете албайт деп ойлосоңуз, анда жаңылышасыз. Сиздин энелик мамилеңиз алгач күйөөңүзгө жагышы мүмкүн, бирок, бара-бара союздун бузулушуна алып келет. Аялдар кетирген бул катачылык сексуалдык нааразычылыктын чыгышынын бирден-бир себеби. Сиздин мамилеңизден улам күйөөңүз сизди энесиндей сезе баштайт. Анан кайсы эркек энеси менен бир төшөктө жатууну кааласын?
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Ноябрь 2013 - 19:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

2-катачылык. Аял күйөөсү үчүн өзүн курмандыкка чалат Көпчүлүк аялдар өздөрүнүн кызыкчылыктарын күйөөсүнө жакпаган үчүн курмандыкка чалышат, ал жактырбаган курбулары же туугандары менен мамилени үзүшөт. Өздөрүн күйөөсүнөн кийинки орунга койгон аялдар өз каалоолорунан баш тартып, күйөөсү аны кандай көргүсү келсе, ошондой болууга аракет кылышат. Күйөөсү үчүн көз карашын, өзүнүн жүрүм- турумун өзгөртө алган мындай аялдарды "эмоционалдык хамелеондор" деп атап койсо болот. Ошону менен бирге алар күйөөсүнүн максаттарын ишке ашыруу үчүн өздөрүнүн максаттарынан баш тартышат. Эгер сизде да ушундай катачылык бар болсо, анда "күйөөм мени мурдагыдан да көбүрөөк сүйөт, анткени, мен анын каалаганындай болуп жатам" деп ойлооруңуз бышык. Бул оюңуз кээде ордунан чыгышы мүмкүн, бирок, көбүнчө тескерисинен чыгат. Мунун себеби мындай: сиз эркектин сүйүүсүнө арзуу үчүн ар бир курмандыкка барган сайын өзүңүздүн бир бөлүгүңүздү жогото бересиз. Акыры сиздин эч нерсеңиз калбайт, анткени, сүйүктүү болуу үчүн аялдык жан-дүйнөңүздүн баарын жоготуп аласыз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Ноябрь 2013 - 19:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

3-катачылык. Аял күйөөсүнө атасындай карайт Кээде аялдар эркектерге аңкоо, эч нерсени түшүнбөгөндөй болуп көрүнгүлөрү келет. Мындай учурда эркектер өздөрүн бир топ тажрыйбалуу, көп нерсени билген адам катары сезишет. Муну менен аял- күйөөнүн ортосунда ата-кыздай мамиле пайда болот. Эгер сизге күйөөңүз айрым учурларда гана аталык кам көрүп койсо эч нерсе болбойт, бирок, ал сизге такай атаңыздай мамиле кылса - бул олуттуу маселе. Мындай мамилеге көнүп калган соң өз алдыңызча бир нерсе кыла албай каласыз. Качан болсо күйөөңүз келип, сактап калышын күтүп отурасыз. Бул көбүнчө бала кезинде ата мээримин көрбөгөн аялдарга тиешелүү. Анткорсунган мамилеңиз, билип турсаңыз да билмексенге салганыңыз, түшүнмөксөн болуп ар кайсыны сураганыңыз күйөөңүзгө жагаарында шек жок. Ал мындан ырахат алат, өзүн маанилүү, жоопкерчиликтүү, күчтүү сезет, бирок, сизди сыйлабай калат, аялындай эмес, кичинекей кыздай мамиле кылууга өтөт. Натыйжада, ортодо сүйүү азайгандан азайып кете берет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Ноябрь 2013 - 19:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

4-катачылык. Аял өзүнүн баасын жашырат Айрым аялдар күйөөлөрүнөн өздөрүнүн интеллекттин, жөндөмдүүлүктөрүн, талантын жашырышат. Эркектер аялдардагы сонундуктарды жактырышат. Өзүнүн баасын жашыруу менен жөнөкөй болуп, ошону менен күйөөсүнүн сүйүүсүнө татыктуу болууну каалаган аялдар жаңылышат. Өзүнүн баалуулуктарын күйөөсүнөн жашырууну көнүмүш адатка айланткан аялдар бара-бара аны өздөрүнөн жашыра баштайт. Ар бир эркек жанында өзүнө ишенген аял жүрүүсүн каалайт. Андыктан ичиңизге катып жүргөн сапаттарыңыздын баарын сыртка чыгарып, ачылыңыз!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Ноябрь 2013 - 19:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

5-катачылык. Аял эркекке баш ийип берет аялдын эркекке баш ийүүсүнө кадимки көрүнүш катары карап, атүгүл көпчүлүгүбүз колдойбуз. Бул жерде сыйлоо менен баш ийүүнү ажырата билүүгө тийишпиз. Күйөөңүздүн сынынан коркуп жашаганыңыз - бул аны сыйлаганыңыз эмес. Анын сизге үнүн бийик көтөрүп буйрук бергенине жол берүү менен сиз өзүңүздүн сыйыңызды жоготуп жатасыз. Мунун баарына аялдар өздөрү күнөөлүү. Эмне үчүн? Сизди жаман сөздөр менен урушуп, кыйкырган күйөөңүздөн кайра өзүңүз кечирим сурап, бетинен өбөсүз, бир нече мүнөт мурун эле сиздин сезимдериңизди кордогон күйөөңүз менен төшөк оюнун ойноодон баш тарта албайсыз. Мындан эркек "менин менчигим, ошондуктан, каалагандай калчайм. Мен эмне кылсам да ал эч нерсе дей албайт, анткени, мени сүйөт" деген жыйынтыкка келет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Angelina2012   06 Ноябрь 2013 - 19:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 06 Август 12
  • Соңку аракети: 13 Июн 2014 01:12
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Мекеним Кыргызстан.

Анда канткенде ката кетирбей туруктуу, өчпөс сүйүү менен жашаса болот?
Денги и слава приходят и уходят.


Здоровье- самое главное...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   baarin   06 Ноябрь 2013 - 20:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 10 Июн 2016 23:39
  • Жынысы:Эркек

Катасыз жашаш кыйын. Аялдар күйөөсүнө кандай мамиле кылганды өздөрү билишет. Антип каталарын айта берсең ката кетирбей койсо эркектердин жашоосу кандай болор экен.
Баштадыңбы аягына чейин чыгар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Rinatik94   06 Ноябрь 2013 - 20:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Ката кетирген менен турмуш да,бардыгы эле идеалдуу болсо билбейм анан.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   aijan   06 Ноябрь 2013 - 21:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Тема 2-катачылык менен карама каршы келеткеен.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Жолоочу_altinim_* 06 Ноябрь 2013 - 22:11

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

стерва бололубу 'эми ? Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: altinim: 06 Ноябрь 2013 - 22:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Kg.lady   09 Ноябрь 2013 - 01:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

:blink: Стерваныда жаман коруп жатышпайбы, болгондода мокочодой...

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Beka90   09 Ноябрь 2013 - 20:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 220
  • Катталган: 04 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 09 Сен 2020 12:51

Урушуп, талашып, кызганыш бул эркек менен аялдын ортосундагы кадимки эле корнушко! Ансыз жашоо кызыксыз болуп калат! Уй булолу болгон аялдардан сурасанар! Сизди куйонуз урган же каттуу соз менен бакырганбы деп сурасанар, мени эч качан урбаган бакырбаган деп айта албайт! Эми аялын урбасада! Каттуу соз менен уй болосун башкарып жургон эркектер коп!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   10 Ноябрь 2013 - 02:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Хмм...карап отурсан жашоодо кездешчу нерселердин баары катачылык экен. Эми жубайлардын артыкчылыктарын жазып тема ачсаныз болчудай...
Altinim, а эгерде биз стерва болсок, баягыле "кобра" деген атка конобуз.
Кыскасы жубайындын табитин таба билуу...

3-су тааааакыр жаккан жок...(
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Clara_Zh   10 Ноябрь 2013 - 10:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Жашоо ушул катачылыктар менен кызык да. Элдин баары ката кетирбей идеальный болуп кетсе анда да кызыксыз болуп калмак.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   anara85   11 Ноябрь 2013 - 14:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 423
  • Катталган: 25 Апрель 13
  • Соңку аракети: 21 Май 2014 03:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Эки тоонун ортосу

Анда светая болуп жашаганга конушубуз керекго менимче,,,,,,, ,.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Nur_meerim   20 Ноябрь 2013 - 21:22

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 12 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 17 Ноя 2016 13:04
  • Жынысы:Аялзаты

Эркектер кетирген катачылыктарды деле жазгыла, алар деле билип алышсын..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   kanat4ik   22 Ноябрь 2013 - 20:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сын менен адам өсөт дейт, ошондуктан бул сөздөрдү туура кабыл ала билүү керек айымдар!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   aizi85   23 Ноябрь 2013 - 17:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Окт 2014 22:13

Туура айтасын Канаттчик
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Januska   25 Ноябрь 2013 - 02:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 702
  • Катталган: 09 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Июл 2016 16:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош, Кара-Кулжа

Просмотр сообщения Nur_meerim (20 Ноябрь 2013 - 21:22) жазган:

Эркектер кетирген катачылыктарды деле жазгыла, алар деле билип алышсын..



Жакшы болмок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   musulmanin   25 Ноябрь 2013 - 03:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 533
  • Катталган: 29 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 19 Фев 2022 16:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Katachylygy jok adam bolboit.
Katachylygyn aitpai, jakshy jagyn aitsak jakshy bolmok. Kimdin jakshy jagyn kop aitsak, jakshy jagy koboiot.
Jaman jagyn aita bersek, jaman jagy koboiot.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 19:08

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: