Суперстан: Темпераменттер жана алардын өзгөчөлүктөрү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Психиатрия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Темпераменттер жана алардын өзгөчөлүктөрү

#1 Пользователь офлайн   kanat4ik   08 Ноябрь 2013 - 00:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Адам төрөлгөндө ал башкалардан сырткы келбети жагынан, боюнан, чачынын, көзүнүн түсүнөн ошондон эле өзүнүн темпераменти менен айырмаланат. Темперамент - бул адамдын ишмердүүлүгүндөгү нерв системасынын чагылдырылышы, психологиялык өзгөчөлүгү. Адамдар негизинен темпераменти жагынан төрт түргө бөлүнөт: сангвиник, флегматик, холерик, меланхолик.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   kanat4ik   08 Ноябрь 2013 - 00:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

САНГВИНИК - эмоционалдуу, башкалардан ишке болгон жөндөмдүүлүгү менен айырмаланат. Ал өзүнө тааныш эмес чөйрөгө тез эле көнүп кетет, демилгечил, оптимист, мамилечил, айланасындагы адамдарга жакшы аура тартуулап турат. Ийгиликсиз нерселерге кабылса, аны оңой жеңип чыгат. Тынчы жок, жаңы таасирленүүлөргө муктаж болуп турат. Жумуштагы иштелип чыккан катуу тартипти сактай албайт, ушуга байланыштуу күчтү, чыдамдуулукту, көңүл бурууну талап кылган жумуштарды майын чыгара жасай албайт. Олуттуу максаты, терең ою болбогондуктан, чыгармачылык ишмердүүлүгү үстүртөн эле болуп калат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   kanat4ik   08 Ноябрь 2013 - 00:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ФЛЕГМАТИК - абал курчуп турган учурда деле өзүн токтоо алып жүрөт, камаарабайт, шашпайт. Туруктуу, айтканынан кайтпаган көк, кандай учур болбосун, өзүн колго алганды билет. Жумуштун жоопкерчилигин өзүнүн алына жараша алат да, аны аягына чейин чыгарат. Адамдар менен мамиле түзүүдө баарына бирдей, куру эле сүйлөй бергенди жактырбайт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   kanat4ik   08 Ноябрь 2013 - 00:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ХОЛЕРИК - башкалардан кескин чечим чыгаруусу менен, маанайынын тез-тез алмашып туруусу менен айырмаланат. Өзүн колго алууну билбейт, айланасындагылардын таасирлерине берилип, бир жумуштан экинчи жумушка оңой эле секирип кетет. Көңүл борборунда болууну жактырат. Холериктердин ички жашоосу жок болгондуктан, көп учурда аларды бат ачуулануу, өзүн кармай албоо, кызуу кандуулук сапаттары коштоп жүрөт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   kanat4ik   08 Ноябрь 2013 - 00:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

МЕЛАНХОЛИК - өзүнө ишенимсиз, тез чарчап, курулай шектенүүчүлүк сапатка ээ. Уяң, болбогон майда нерселер үчүн да кыжаалаттана берет. Жаңы адамдарга көнүшү кыйын. Кадимки шартта меланхолик - терең ойлуу, иштерман, өзүнүн жашоодогу милдеттерин ийгиликтүү аткарат. Ал эми ылайыксыз шартта ал түнт, коркок, тынчы жок адамга айланат. Маанайынын өзгөрүлүшүнүн себебин айланасындагылар оңойчулук менен аңдай алышпайт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   kanat4ik   08 Ноябрь 2013 - 00:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жубайлардын темпераменти жагынан дал келүүсү - ХОЛЕРИК-ХОЛЕРИК: Өтө ызы-чуулуу, бака-шака союз. Бул түгөйлөр бири-бирин эң жакшы түшүнүшөт, бирок, бири-бирине жардам беришпейт. Холерик адатта баарын өзү жасоону каалайт, бир холерик бир нерсени жасай албай жатканда экинчисинин жардам бериши күмөн. Көз караштарынын дал келбөөсү, карама-каршылыктар жана уруш-талаштар, бири-бирин башкарууга аракет кылуулар да болуп турушу мүмкүн. Бул түгөйлөр өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн гана тилектештикке барышат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   kanat4ik   08 Ноябрь 2013 - 00:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ХОЛЕРИК - ФЛЕГМАТИК Эгер холерик менен флегматик баш кошсо, идеалдуу түгөйлөр пайда болот. Алар бири-биринде жок сапаттарды толуктап турушат. Холерик флегматик менен өзүн тынч, туруктуу сезет, бирок, ошол эле учурда флегматиктин пассивдүү болушуна жол бербейт, мазасын алып, такай аны башкаруунун аракетинде болот. Холериктин мүнөзү түшүнүксүз, маанайы беш мүнөттүн ичинде беш жолу өзгөрүлүшү мүмкүн, ага флегматик гана чыдай алат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   kanat4ik   08 Ноябрь 2013 - 00:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

САНГВИНИК - ХОЛЕРИК Өтө ишкер союз. Холерик - ойлонуп, уюштурат, сангвиник - ишке ашырат. Бирок, бул түгөйлөрдүн бири-бири менен ойлорун алмашуусу талаш- тартышка, атүгүл чыр-чатакка чейин өсүп жетиши мүмкүн. Бирок, кандай гана уруш-талаш болбосун, сангвиник өнүгүп келаткан карама- каршылыктан өзүн алып качып, мамиленин калыбына келишине шарт түзөт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   kanat4ik   08 Ноябрь 2013 - 00:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

САНГВИНИК - САНГВИНИК Бул түгөйлөр бири-бирин толук түшүнүшөт. Бирок, бири-бирине жардам берүү жагынан жакшы эмес, анткени, алардын күчтүү жактары да, алсыз жактары да окшош. Бири-бирин башкарууга кылган аракеттеринен улам карама-каршылыктар чыгат. Эриктирме, бир өңчөй союз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   kanat4ik   08 Ноябрь 2013 - 00:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

МЕЛАНХОЛИК - САНГВИНИК Меланхолик менен сангвиник бардык жагынан бири-бирин толукташып, бир бүтүнгө айланат. Меланхолик жан-дүйнө жагынан, сангвиник социалдык жагынан бири-бирин колдоп-коштоп жашашат. Меланхолик сангвиник менен гана өзүн жакшы сезет, анткени, сангвиник аны кайгылуу ойлорунан алаксытып, кызыктуу таасирлерди тартуулап турат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   kanat4ik   08 Ноябрь 2013 - 00:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

САНГВИНИК- ФЛЕГМАТИК Бул түгөйлөр бири-бирин өтө жакшы түшүнүшпөгөнү менен эң жакшы колдошот. Сангвиниктин активдүүлүгү, жумушту сүйгөндүгү флегматиктин акылдуулугу менен кошулганда эң жакшы ишкер кызматташуу келип чыгат. Адатта мындай союзда сангвиник лидерлик кылат, а флегматик ага оңой эле жол бошотуп берип, биринчи болуудан баш тартат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   kanat4ik   08 Ноябрь 2013 - 00:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

МЕЛАНХОЛИК - ХОЛЕРИК Эң ылайыксыз түгөйлөр, анткени, бирөөнүн үстүнөн бийлик жүргүзүүнү сүйгөн холерик меланхоликти тез эле "кулга" айландырып алат. Холериктин кылдат мамиле жасабагандыгы сезимтал меланхоликке катуу тийет. Мына ушундан улам ортодо түшүнбөстүктөр пайда болот.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   aijan   08 Ноябрь 2013 - 15:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

100% бир темпераменттеги адамдар ото, ото, ото чанда кездешет. Кобунчо 2 же 3 темпераменттин микси басымдуулук кылат.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Saiha.84   05 Март 2014 - 18:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 953
  • Катталган: 29 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2014 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кандайдыр бир чындыкка жакындайт экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Feijipiao   05 Март 2014 - 19:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

негедир туурадай корунуп атат,мага дал келдиго негедир)))
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   aijan   05 Март 2014 - 21:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Дал келбей анан! Бул астротолго эмес, негизи бар психология илими.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Жолоочу_Kosmopolitka_* 05 Март 2014 - 22:53

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

:) 100% туура! Ал сангвиник,мен флегматик. Бирок аны дайым колдойм...ал мени тушунбосо да,мен аны тушуном.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   aidinaernur   06 Март 2014 - 04:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 329
  • Катталган: 21 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 01:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Океандын ары жагы

Илгери мектеп жашымда " меланхолик " деген созду окуп маанисине жетпедим эле . Корсо мындай турбайбы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   ANGEL_   07 Март 2014 - 14:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Рахмат.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Gaydana   18 Июнь 2015 - 17:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 237
  • Катталган: 17 Май 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 01:57
  • Жынысы:Аялзаты

Бирок таза типтер жок. Ар бир адамда ар бир типтин канчадыр проценти болот, жана албетте бири басымдуулук кылат(доминирует). ..... Мага эн кызыгы темпераментти тарбия менен озгортсо болоору, мисалы : меланхоликтен холерикти))) темпераментти бала жаш кезинде деле аныктаса болот, демек балдарыныздарды тарбияласанар болооооот,,, ,бирок абайлап, сындырып алуунар мумкун(((Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Психиатрия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: