Суперстан: Сизге кайсы буюм түтпөйт? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жылдыздар жана биз
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сизге кайсы буюм түтпөйт?

#1 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Ноябрь 2013 - 19:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Адам болгон соң кокустуктанбы же унутчаактыктан уламбы айрым майда бирок маанилүү буюмдарды көп жоготкон учурлар кеңири кездешет. Андайдан шоу чөйрөдөгү белгилүү адамдар да куру эмес. Таанымалдарыбыз кайсы буюмга "өч" экенин, кимге эмне буюм түтпөсүн өздөрү айтып беришмекчи.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Ноябрь 2013 - 19:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Айпери Калыкова: "Баскан-турган жеримде калат" - Мен бир алган кийимимди үч-төрт жыл жакшы кийем. Ал жагынан нааразычылык жок. Бир гана кыжырыма тийген нерсе уюлдук телефондорумду көп жоготом. Мага телефон түтпөйт. Калп айтпасам ушул көтөрүп жүргөн телефонум жетинчиси же сегизинчиси го дейм. Баскан -турган жеримде калтырып же уурдатып эле басып жүрөм. Арзанын же кымбатын албайын бат эле жоголуп, кайра сатып алууга туура келет. Ушуга чейин жоголгон телефонумдун бирөөсү да табылган жок.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Ноябрь 2013 - 19:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мирлан Жетигенов: "Жыйырма- отуздайын жоготтум окшойт" - Мага күндөн калкалоочу көз айнек түтпөй койду. Канчаны жоготконумду так айта албасам да болжол менен жыйырма-отуздайын жок кылдым окшойт. Эң кымбаты жүз долларлык болчу, андай көз айнектен экөөнү жоготтум. Отурган, барган жериме таштап баса бермей жаман адатым бар.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Ноябрь 2013 - 19:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ильяз Агыбай уулу: "Ырым кылып уурдап кетишет" - Мага мурда саат, шакек, моюнга таккан чынжырча түтчү эмес. Акыркы күндөрү галстук түтпөс болду. Сахнага жаңы чыккан иничектер ырым кылып уурдап алышат же акедей асылып белекке сурашат…Ошентип, канча галстугумдан айрылганымды да билбей калдым. Саат тагынгандан болсо көңүлүм калган, азыр уюлдук телефонумдун эле саатын пайдаланбасам, атайын кол саат сатып ала элегиме көп болду.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Ноябрь 2013 - 19:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эльмара Турсуналиева: "Телефонго эле 3000 доллар жумшаптырмын" - Мен флешкага жүктөлгөн сүрөттөрүмдү, видеолорумду досторума, тааныштарыма тарата берем. Флешка- деген түшүнүк чыккандан бери жыйырмага жакын флешка алдым окшойт. Ал эми күнүнө бир-эки ручка жоготмой башынан берки адатым. Өткөндө уюлдук телефонум жаанда калып жарабай калганда, атайын отуруп алып ушуну менен канчанчы уюлдук телефонумду талкалаганымды эсептедим. Үч жылдын ичинде болжол менен уюлдук телефонго эле 3000 долларга жакын акча сарптаптырмын.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Ноябрь 2013 - 19:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эльмира Кайып кызы: "Учурдан пайдаланып которуп алам" - Мага колготки түтпөйт (күлүп). Ашып кетсе эки күн кийем, болбосо бат эле түбүнө жетем…Эмнеге экенин түшүнбөй койдум. Айрым айымдар жок дегенде бир колготкини үч-төрт күн кийишет экен, меники бир күнгө араң жетет. Ал тургай бир жакка чыкканда жаныма да салып алмай адатым бар. Кокус бир жери эле ыдырап кетсе, дароо ыңгайлуу учурдан пайдаланып которуп алам.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Ноябрь 2013 - 19:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Камчы Сарыбаев: "Алдыман чыккан адамга кармата берем" - Чылым чеккенге зарыл буюмум күйгүзгүчүмдү (зажигалкамды) көп жоготом. Бир алганда ашып кетсе үч күнгө жетет, кайра эле башкасын сатып алганга туура келет. Анын үстүнө дос балдардын баары айдоочулар, алар сурашат да ошол бойдон унутулуп кала берет. Кээде алдыман чыккан адамдын тамеки тутанткыч сураса берип коюп баса беришим мүмкүн. Андан сырткары компьютердин флешкасы түтпөйт. Компьютерге туташтырып коюп ошол бойдон унутуп кете берген учурлар көп болот.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Ноябрь 2013 - 19:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Зер буюмдар да сыр катышат Аялзатына өзгөчө көрк берип турган ар түрдүү таштар жана зергер буюмдар жөн гана кооздук катары эле каралып келбестен, адамдарга энергия берип, жагымдуу маанай тартуулап, жада калса дарылык касиети бар экенин окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Дал ошол таштардын пайдасы жана зыяны туурасында сөз кылмакчыбыз. Аквамарин - Тунук жана жашыл түстөгү таш. Жубайлардын "бакыт" талисманы болуп эсептелинет. Аквамаринди моряктардын жана саякатчылардын ташы деп да айтып келишет. Анткени алыс сапарга чыгууда аны сөзсүз түрдө жанына алып жүрүшкөн. Бул таш тамактагы жана тиштердин ооруларынан айыгышына четин күмүш менен каптап койгондо гана жардам берет деп айтып келишет. Алмаз - Эң баалуу таштардын бири. Көпчүлүк учурда көгүш түстө болот. Мисалы: мырзаларга жана айымдарга деп бөлүнүп, өзүнчө бир ойду туюндуруп келген. Аялдарга алмаз өзгөчө көрк гана берип тим болбостон, төрөт учурунда да чоң жардамчы экенин окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Ал эми алмаз тагынган мырзалар чечкиндүү болуп, унутчаактыктан арылышат. Алмаздын "Тунук суу" деген түрү эл ичинде кеңири тараган. Малахит - Энергиянын символу болуп эсептелинет. Малахит чыгармачыл адамдарга эң ылайыктуу келип, фантазиянын күчтүү болушуна жана эс тутумду бекем кылууга жардам берет. Чыгыш эли мындай ишеничтерге абдан бай болуп келишкен. Элдик медицинада малахит менен капталган медальон менен ревматизмди айыктырып да келишет. Инфекциялык оорулардан алыс кылат. Мындай таштарды өспүрүм балдарга тагып, алар көз карандысыз, күчтүү,туруктуу болушуна өбөлгө түзөт деп эсептешкен. Коралл - Нерв системаларынан жабыр тарткан адамдар кораллды көпкө тагынышат. Анткени ал мээнин сергек болушуна жол түзүп, түштүн жакшы болушуна жардам берет. Остреохондрозду жок кылат. Ич күйдүүлүк, ачуу жана каардуулукту кетирип турат. Жаман негативдүү нерселерден алыс кылат. Элдик медицинада күйүктү дарылоодо корралдын жардамы чоң деп айтышат. Агат - Бийликтин жана күчтүүлүктүн символу болуп эсептелинет. Агаттар "кат-кат" же "ала-була" болуп бөлүнөт. Ала-була агаттар ар түрдүү оорулардан арылууга жардам берет, үндүн мукамдуу болушуна дагы өбөлгө түзөт. Кат-кат болгон агаттар стресстен чыгууга жана мырзаларга дем күч берүүгө жөндөмдүү. Мындай таштарды көп убакыт тагынууда ички органдардагы шлактарды сыртка чыгарууга да жардам берет. Сапфир - Тазалыктын, токтоолуктун, жупунулуктун символу болуп, эмоционалдуу адамдарга эң ылайыктуу таш. Стресске жол бербейт. Жылдызга окшош сапфир баштаган ишке ийгилик жаратып, коркунучту жана каардуулукту, ич күйдүүлүктү четке кагат. Көз тийгенден алыс кылат. Нефрит - Жаратылышта нефриттер күн желенин түстөрүнө (радуга) окшош. Жашыл түстөгү нефриттер популярдуу болуп келет. Ал эми кызыл нефриттер жер титирөө же ар кандай зыяндуу нерселерди көзөмөлдөп турат. Аны жүрөк жана булчуңдардан жабыр тарткан адамдар колдонушу абзел. Нефрит грек тилинен которгондо "бөйрөк" дегенди түшүндүргөн. Бөйрөк ооруган кезде белдин куруна нефритти коюп кошо салынышчу.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Jamalym   12 Декабрь 2013 - 18:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Мага жуз аарчы тутпойт.Тез- тез эле таппай калып алмаштыра берем.Влажный салфетка чыккандан бери жыргап калдым :77:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   21 Декабрь 2013 - 02:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Мага бироо бир нерсени кыйылып жатып берчу болсо, албайле койгонум он да. Баарыбир бузулат, сынат, же жоголот коп отпой.
:wacko:

Жолдон тапканымды да албайле койгонум он.

А турмушта, мм...таак...ии. ...ыыы...эжем: идишти сындыра бересин' деп коп айтат. Демек....ошондой да.
:nuemoe:
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   lucky_star   21 Декабрь 2013 - 02:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 230
  • Катталган: 05 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 07 Июл 2019 03:54
  • Жынысы:Аялзаты

наушник эч эле түтпөдү. негизи колума эмне тийсе сөзсүз бузулат или сынат. неге??? ушундай "бузуку" лугумдан баарына жаман көрүнөм(((

АльхамдулиЛлях!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   21 Декабрь 2013 - 13:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Лакки Стар, ал наушникти атайын ошентип тез бузулсун, кайра жаны сатып алышсын деген ниетте чыгарышат да чыгаруучулар. Азыркы экономика ушудай... Так ышто кафа болбонуз.

Илгери мен да коп бузаар элем наушниктерди. :94:
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   lucky_star   22 Декабрь 2013 - 13:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 230
  • Катталган: 05 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 07 Июл 2019 03:54
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Sweet-Lika (21 Декабрь 2013 - 13:51) жазган:

Лакки Стар, ал наушникти атайын ошентип тез бузулсун, кайра жаны сатып алышсын деген ниетте чыгарышат да чыгаруучулар. Азыркы экономика ушудай... Так ышто кафа болбонуз.

Илгери мен да коп бузаар элем наушниктерди. :94:/>

рахмат жубатканыз үчүн. телефонум наушниксиз болбойт да, элестетип да болбойт.

АльхамдулиЛлях!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   kushbak79   24 Декабрь 2013 - 16:53

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 393
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 15 Фев 2014 20:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Туштук региону

Просмотр сообщения kanat4ik (12 Ноябрь 2013 - 19:28) жазган:

Эльмира Кайып кызы: "Учурдан пайдаланып которуп алам" - Мага колготки түтпөйт (күлүп). Ашып кетсе эки күн кийем, болбосо бат эле түбүнө жетем…Эмнеге экенин түшүнбөй койдум. Айрым айымдар жок дегенде бир колготкини үч-төрт күн кийишет экен, меники бир күнгө араң жетет. Ал тургай бир жакка чыкканда жаныма да салып алмай адатым бар. Кокус бир жери эле ыдырап кетсе, дароо ыңгайлуу учурдан пайдаланып которуп алам.

Эркектерге сандарынды азырак карматсан 1 жумага тутот колготкин. Менин катыным бойдок кезинде 1 колготкини 6-7 кун кет экен эле,азыр 1 кунго аран эле тутот.Себеби: мен сандарын коп кармалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Altyndai   29 Декабрь 2013 - 13:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 697
  • Катталган: 16 Июль 13
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2020 18:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош обласынын.Кара-Кулжа району!

Мага ручка анан наушник тутпой койду:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Vazir   29 Декабрь 2013 - 23:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

мага кол саат тутпой жоготом же сынат же башка адам сындырат , быйылкы жылдын эсебинен телефон тутподу дагы гарантиясы бар эле улам барып алмаштырып жатым .
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   happyfamily90   30 Декабрь 2013 - 22:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 580
  • Катталган: 24 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 11 Июл 2014 18:08

Пудра мн помада. Ушул жылы сатып да албай койдум. Алсам эле сындырып алам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   WwWwWwW   30 Декабрь 2013 - 22:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 22 Дек 2016 14:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Мага вообще ручка түтпөйт))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   kanat4ik   30 Декабрь 2013 - 23:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мага уюлдук телефон тутпойт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   31 Декабрь 2013 - 00:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Мага брелог тутпой койду… :94:
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жылдыздар жана биз
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 03:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: