Суперстан: Музыкатерапия же жан дүйнөнү дарылоо - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Психиатрия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Музыкатерапия же жан дүйнөнү дарылоо

#1 Пользователь офлайн   Demon   06 Апрель 2011 - 21:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

Урматуу форумчулар, мен учурда Туркия мамлекетинде Психология сабагынан магистратурада окуп жатам. Кудай буйруса июнь айынын ортолорунда магистрлык эмгегимди коргойм жана мамлекеибиз учун колдон келген салымымды кошууга даяр адамдардын санын толуктайм. Эми жалпынардан бир суранычым бар, ошол магистрлык эмгегиме керектуу болгон сурамжылоо болуму учун маалымат топтоого жардам берсенер. Силерге узатылган суроолорго колунардан келишинче обьективдуу жооп беришинер жана кымбат баалуу билиминиздер менен ой болушуунуздор мен учун абдан маанилуу. Андыктан силердин кайдыгер карабай, жардам колун узатуунарга ишенуу менен томондо суроолорумду жазып жатам ... Баарыныздарга алдын ала ракматымды айтам ... :give_rose:
Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Narynbek   06 Апрель 2011 - 21:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Урматтуу Demon сага жардамы тиеби тийбейби билбейм.Ошондой болсо да жазып коёюнчу.Классикалык музыка менен дарылаганын укканым бар.Мисалы Бетховендин, Бахтын,Шопендин чыгармалары менен дарыласа адам кадимкидей эс алып өзүн жакшы сезгенин аныкташкан. Классикалык чыгармаларды күнүнө 5 минута угуп туруш керек деген.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Programmer   06 Апрель 2011 - 21:48

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Просмотр сообщения Narynbek (06 Апрель 2011 - 21:35) жазган:

Урматтуу Demon сага жардамы тиеби тийбейби билбейм.Ошондой болсо да жазып коёюнчу.Классикалык музыка менен дарылаганын укканым бар.Мисалы Бетховендин, Бахтын,Шопендин чыгармалары менен дарыласа адам кадимкидей эс алып өзүн жакшы сезгенин аныкташкан. Классикалык чыгармаларды күнүнө 5 минута угуп туруш керек деген.


Ооба кошулам туура жазсыз. Классикалык музыка жакшы жардам берет нервге.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Demon   06 Апрель 2011 - 22:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

1. Жашыныз жана сиз жашаган аймак. (шаар, айыл)
2. Жынысыңыз жана үй-бүлөлүк абалыныз.
3. Алган билимиңиз жана учурдагы кызмат оордуңуз.
4. Кыргыз Элинин Маданиятында Музыканын Оорду Кандай?
(мисалдары менен жазыныз)
5. Кыргыз Музыкасы деген терминди уксаңыз же окусаңыз алгач оюңузга эмнелер келет?
6. Кыргыз Музыкасын кайсыл багытта пайдалана алабыз?
(жалаң гана эс алуу үчүн, маалымат таратуу максатында, даарылоо үчүн, бал тууралуу кененирээк кабар бериңиз)
7. Кыргыз Музыкасынан канткенде рахат алууга болот? Эмне үчүн музыка угасыз?
8. Кыргыз Музыкасында мукам же мукамдуу музыка түрлөрүн жазыңыз…
9. Бөбөгүңүз же болбосо жакын адамыңыз кыйналып жатса, кайсыл жол менен жардамчы болууга аракет жасайт болчуңуз?
(музыкалык үн чыгаруу жолу менен, кучагыңызга алып жакшы сөз менен, далысынан сылап жоошутуу жолу менен, бул суроого башыңыздан өткөн окуяларды эскерүү менен жооп бере аласыз, мисалы кирне кирип калган же көз тийип калган жакын адамыңызга кайсыл жол менен жардамчы болдуңуз эле, мүмкүн сизге жардам беришти…)
10. Сизге жаккан музыка түрү тууралуу ой-пикириңизди жазыңыз…
(музыканын кайсы түрү сизге жагат жана эмнеси артыкча бул музыка түрүнүн?)
11. Эң алгач кулагыңызга азан үнүнөн кийин, апаңыздын “алдей-алдей” үнү коштолгон бешик ыры угулганы шексиз. Эсиңизде болгон алдей ырын жазыңыз…
12. Сиздин оюңуз боюнча алдей ыры же бешиктеги балага ырдалчу ыр кайсыл өңүттө айтылыш керек жана ал ырдын мазмунунда эмнелер камтылышы керек?
13. Бөбөгүңүзгө алдей ырын ырдадыңыз беле? Бул ырдан бөбөгүңүз кандай таасир алды же абалынын өзгөрүшү тууралуу кеп кылыңыз…
14. Музыкотерапия тууралуу маалыматыңыз болсо, мазмуундуу кылып жазыңыз…
15. Кыргыз Элинин Музыкасын колдонуу менен кандай оорулардын алдын алууга болот?

Убактыңызды ажыратып суроолорго чын дилиңизден жооп бергениңиз үчүн жана кайдыгер карабай жардамга ашыкканыңыз үчүн терең ыраазычылык билдиремин …

Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Demon   06 Апрель 2011 - 22:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

Просмотр сообщения Narynbek (06 Апрель 2011 - 15:35) жазган:

Урматтуу Demon сага жардамы тиеби тийбейби билбейм.Ошондой болсо да жазып коёюнчу.Классикалык музыка менен дарылаганын укканым бар.Мисалы Бетховендин, Бахтын,Шопендин чыгармалары менен дарыласа адам кадимкидей эс алып өзүн жакшы сезгенин аныкташкан. Классикалык чыгармаларды күнүнө 5 минута угуп туруш керек деген.


маалыматыныз учун чоон ракмат, сизден сураныч мында жазылган суроолорго жооп беришиниз жана ой-пикиринз менен болушунуз ... дагы бир жолу ракмат Narynbek ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Demon   06 Апрель 2011 - 22:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

Просмотр сообщения Programmer (06 Апрель 2011 - 15:48) жазган:

Ооба кошулам туура жазсыз. Классикалык музыка жакшы жардам берет нервге.


урматуу Programmer сизден сураныч суроолорго жооп беринизчи... алдын ала ракмат ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Narynbek   06 Апрель 2011 - 23:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

1.Жашым 35те,Жашаган жерим ЖалалАбад облусу Шамалдуу-Сай шаарчасы.
2.Жынысым эркек.Үйлөнгөм, 4баланын атасымын.
3.Билимим орто.Кыргыз Мамлекеттик Филармониясынын алдындагы 2 жылдык эстардалык студиясынын комуз бөлүмүн аяктагам.
4.Кыргыз элинин маданиятында музыканын орду аябай эле зор.Мисалы ар кандай фестивальдарга катышуу жана таанытуу.
5.Кыргыз музыкасы деген терминди уксам оюма комуз күүлөрү,чопо чоор,кыл кыяк ойноп жаткан адамдар элестейт.
6.Кыргыз музыкасын эс алуу,таанытуу жана дарылоо тармагында пайдалансак болот.Дарылоо үчүн сыбызгы,кыл кыяк күүлөрүн пайдаланууну кеңеш берет элем.
7.Кыргыз музыкасын уксам кадимкидей рахат алам.Жаман маанайдан алаксуу үчүн музыка угам.
8.Кыргыз музыкасынын мукамдуу турлөрүнө элдик ырларды,күүлөрдү жана чопо чоор жана сыбызгы күүлөрүн эсептесе болот.
9.Бөбөгүм же жакын адамым ооруса аны карамакмын жана колумдан келген жардамымды бермекмин.Мен киринелеп калсам атам жоюп кирчү .азырга чейин жоюп калат.
10.мага кыргыз элдик ырлары жагат.Артыкчылыгы жөнөкөйлүгү жана нукуралыгы менен.
11.менин эсимде калган бешик ыры;айланаын айдан суу көтөрөт сайдан.
Кагылайын айдан суу көтөрөт сайда
12.менин оюмча бешик ырында балага болгон энелик меерим,каалоо тилек айтылышы керек.
13.Мен эң кичине балам 10 айлыгында 2 ай өзүм баккам.Келинчегим ооруп калып.Кандай бешик ырын ырдаганым эсимде жок.Жөн эле алдейлесем керек.Андан бери коп жыл өттү.
14.музыкатерапия жөнүндө жазып кеттим жогоруда.
15.Кыргыз музыкасын колдонуп;жүрөк, кан басымы,психикалык жактан ооругандарды дарылоо мүмкүн деп ойлойм.
16.Мен ушундай ойлойм кандайдыр бир деңгеелде жардам бердим деп ойлойм.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   EmMiR   07 Апрель 2011 - 04:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 880
  • Катталган: 12 Январь 11
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2012 10:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Музыканын таасирин, албетте, тана албайм. Бирок, мен музыка укпаган адам катары анын кандайдыр бир дарылык касиети бар экенин четке кагам. Эч качан андайга барбайт элем. Мен музыка тууралуу башка маалыматтарды билем, мисалы, наркотикалык каражат катары азыркы убакта коп иштелип жана интернет айдынында колдонулуп жаткан жаштарды дегеле коомду бузуучу каражат катары.. Анын баарын бул жерге жаза берсем, сенин бул жакшынакай теманды булгап анын устундо меломандардын да жинин кашайтып алып журбойун деп жазбай эле койойун деп чечтим. Мен ойлойм (А.А.А. ны эстеп койолу да %) ), сенин деле бул маалыматтар тууралуу канырыш болсо да уккан жайын бар болсо керек деп. Ошо. Убакытты бир аз болсо да откороюн деп жазып койдум. Эгер жакпаса, очуруп деле койом, без обид.

Бөлкө нан барбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   adalsvards   07 Апрель 2011 - 13:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Демон, муну менен канчалык деңгээлде жардам берем билбейм. Анткени бул тармакта "0"мүн ))). Менин оюмча, сенин сурамжылооңдо мага окшогон пассивдүү катышуучу жалгыз мен болом го дей турайын...

1. 24. Бишкек.
2. Кыз. Бойдок.
3. Журналистика. Кабарчы.
4. Кечир, музыка менен анча ишим жок(((.
5. Кадимки музыка эле эске келет.
6. Мен кыргыз музыкасын эч кандай багытта пайдаланбайм. Бир гана комуздун күүлөрүн угуп калсам, бир аз тыңшап калам. Бирок аны жагат дегенден алысмын.
7. Мен кыргызча музыка деле укпайм. Бирок башка улуттардыкын көп угам. Учурда япониялык ырчы Ай Оцуко менен кореялык BIG BANG тобунун ырлары менен ооруп жүрөм. Мага динамикалык ырлар көбүрөөк жагат. Эмне үчүн? Билбейм көнүмүш адат болуп калган чыгар...
8. Мунун жообун таба албадым.
9. Акыркы жолу кимдир бирөөнү ыр менен алаксыта элекмин. Эки жыл мурун курбумдун кызы ыйлай бергенде ошол эле телефондогу ырларды уктургамын. Өзүм бир ырды аткара албайм.
10. Поп музыка көбүрөөк жагат. Угууга жеңил, маанайды көтөрөт.
11. Атам кулагыма азан чакырган эмес, анткени ал куранды мен эс тартканда биринчи ирет үйрөнгөн. Апам дагы алдей ырдаганын укпапмын. Анткени мен эң улуусумун, кичүүлөргө ырдап бергени эмнегедир эсте жок. Бирок китептерден окуп калгам, божомол түрүндө ушундай болсо керек:
"Алдей, алдей, ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк.
Апаң иштен келе элек,
Арпа-буудай быша элек..." )))
12. Башыма ымыркайга ырдап берүү бактысы түшө элек. Андыктан бул суроого жооп таба албадым.
13. Ырдап берген эмесмин. Менин оюмча, бирок сооронуп калса керек.
14. Музыкотерапия тууралуу маалыматым жокко эселик.
15. Кыргыз элинин музыкасын колдонуу менен кандай оорулардын алдын алууга болорун өмүрү кулагым чалбаптыр.

Билдирүүнү түзөткөн: adalsvards: 07 Апрель 2011 - 17:08

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Demon   07 Апрель 2011 - 16:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

Narynbek, EmMir jana Adalsvards silerge tereen iraazichilik bildiremin ... sizderdin da ishterinerge alban alban iygilikterdi kaalap ketemin. emi bashka tuugandarimdan da jardam kutomun ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Жолоочу_kapriznaya_* 07 Апрель 2011 - 17:31

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

1. Жашым 22, Бишкек

2. Жынысым аял, бойдокмун.
3. Мугалим
4. Кыргыз Элинин Маданиятында Музыканын орду бир топ эле, кино, театр менен салыштырмалуу.
5. Комуз
6. Акыл менен кылса, баардык жакта пайдаланууга болот.
7. Тирүү үн менен укканда
8. Кыргыз күүлөрү аябай мукамдуу келет, угуп отуруп Кыргыз деген калктын тарыхын бир гана аспап менен жеткире алгандыгын түшүнсөң болот.
9. Жакшы сөз менен, түшүнүүм менен
10. Мага баардык эле музыкка багыттары жагат. Рок, классика, фольк., транс.... ж.б.
11. Алдееей ай бөпөм ай, балам бактым, балам мазарым деп чоң энем ырдачу :капамын:
12. Бала менен курсакта кезинде да баарлашып, тарбиялоо керек. Ошон үчүн алдей ырында да сөзү маанилүү болушу шарт го.
13. Ооба ырдагам. Уктап калган.... :crazy-girl:
14. Маалыматым жок...
15. Патриотизмди эле өрчүтө алабыз го...


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   AeCHka   07 Апрель 2011 - 17:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

1. 1-апрель куну 12-ге чыктым. Бишкек шаары.
2. 12-жылдан бери ургаачымын, 2 уул 1 кыздын энесимин.
3. Бир нече жогорку окуу жайынын диплому бар. Азыр жеке ишкермин.
4. Кыргыз Элинин Маданиятында Музыканын Оорду абдан жогору болушун каалайт элем, бирок жашырганда эмне, анча конул бура беришпейт? Маданияты жок эл болбойт деп айтышат, ага карбай эле устуртон маданиятка жакшы конул бурулбайт. Бирок той-топур болгон сайын ошолор биринчи эстешет. музыканы айта турган болсок анык фанаттар кана иштеп келе жатышат, онуктуруп жатышат.
Мисалы: буюрса, менин жобом менен ушул жайда "Кыргыз жаш оспурумдор дуйносу" атту таланттуу балдардын сынагын Ысык-Колдун жээгинде откоргону турабыз. Бул жакка кируучу номинациялар- кыргыз улуттук бий, манас айтуу, дастан айтуу,элдик ыр жана улуттук аспаптарда ойноо. Буюрса ишке ашып калса баарыныздар кубо болосуздар.
5. Кыргыз Музыкасы деген терминди укканда мага кыргыздын сулуу, чачы узун кыздарынын музыка менен ыргалышып ар турдуу кооз кыймылдарды жасап жатканы козумо корунот.
6. Кыргыз Музыкасын ар багытта пайдаланса болот, керек болсо медицинада дагы.

7. Кыргыз Музыкасынан мен дайыма ырахат аламын, биздин эл лирикага жакын болгондуктан биздин куулор дагы уккулуктуу болуп жаралат.Мен музыканы чарчаганда угамын, маанайым жок болгондо угамын, маанайым абдан жакшы болгондо да угамын, эн башкысы алыс жолго кетип жатканда угамын. Ойлонуп корсонуз- Кыргызстандын кайсы бир тарабына кетип жатасыз, жол алыс, биздин жаратылыш абдан кооз, терезени карап кетип жатып "ак жол" куусун угуп жатас...кандай керемет!
8. Кыргыз Музыкасында мукам же мукамдуу музыка түрлөрүн жазыңыз- бут эле мукамдууго.
9. Бөбөгүңүз же болбосо жакын адамыңыз кыйналып жатса, кайсыл жол менен жардамчы болууга аракет жасайт болчуңуз? - бул жонундо жаза турган болсом коп барак талап кылынат. Озунор ойлонуп коргуло, 3 балалуу аял жакын адамы же баласы ооруп калса эмне кана кылбайт?

10. Сизге жаккан музыка түрү тууралуу ой-пикириңизди жазыңыз…- Кыргыз музыкасы жонундо болуп жаткан сон мага кыргыз музыкасынын куулорунун баары жагат, дастандары жагат, эски ырлары жагат,дегеле баарысы жагат.

11. Эң алгач кулагыңызга азан үнүнөн кийин, апаңыздын “алдей-алдей” үнү коштолгон бешик ыры угулганы шексиз.- Чынын айтсам эсимде жок, бирок озум балдарыма кынылдап бир нерселерди ойдон чыгарып ырдай берчимин, эсимде деле калбаптыр.
12. Сиздин оюңуз боюнча алдей ыры же бешиктеги балага ырдалчу ыр кайсыл өңүттө айтылыш керек жана ал ырдын мазмунунда эмнелер камтылышы керек?- "онутто" - эмне экенин билбейм, бирок илгерки алдей ырларынын мазмуну да, куусу да мага жагат. Болгону ырдап жатканда биз ошол бапестеп жаткан балабызды кандай жакшы короорубузду, ошол балабыздын келечегин жараткандан тилеген создор камтылышы керек.
13. суроо кайталанып калгансыгандай
14. Музыкотерапия тууралуу маалыматыңыз болсо, мазмуундуу кылып жазыңыз…- албетте кабарым бар, жумушум ушул тармакка да жакын болуп кеткендиктен биз музыкотерапияны коп колдонобуз.
15. Кыргыз Элинин Музыкасын колдонуу менен кандай оорулардын алдын алууга болот?- менимче бут эле ооруга алдын алса болот.

Убактыңызды ажыратып суроолорго чын дилиңизден жооп бергениңиз үчүн жана кайдыгер карабай жардамга ашыкканыңыз үчүн терең ыраазычылык билдиремин … - Эч нерсе эмес, эгер жардамыбыз кичине да болсо тийсе анда биз кубанычта болобуз.
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Programmer   07 Апрель 2011 - 19:10

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Просмотр сообщения Demon (06 Апрель 2011 - 22:18) жазган:

урматуу Programmer сизден сураныч суроолорго жооп беринизчи... алдын ала ракмат ...


Макул
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Programmer   07 Апрель 2011 - 19:25

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

1. 19 майда 23 чыгам Бишкек шаары
2. Эркек , Азырынча бойдок.
3. Студент 5 курстун бүтүүрүчүсүмүн кесибим лакап атыма байланыштуу программист.
4.Жогору деген ойдомун.
5. Комуз
6. Эс алууда жакшы жардам берет.
7. Классикалык музыкадан
8. Элдик ырларды эсептейм
9. Өзүм чыгыш культурасы кызыгам массажга кызыгам массаж менен женилдетип койом.
10. Классика жагат, кээде рок стилин угам жана 90 жылдагы ырлар жагат.
11. Алдей деп апам ырдачу.
12.Азырынча ырдаган эмесмин.
13. Азырынча жок ырдаган эмесмин.
14. Көп деле маалыматтым жок
15.Нерв ооруларын, стресс болуп жатканда жеңилдик кылат.
Demon азамат жашы тема түзүптүрсүн. Кызыктуу.:good:

Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 07 Апрель 2011 - 19:30

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   serche   07 Апрель 2011 - 20:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 24 Февраль 11
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 19:51
  • Жынысы:Аялзаты

1. 18 жаш, Бишкек шаары
2. Аял, бойдок
3. Даярдоочу курс, студент
4. Кыргыз эли илгертен эле музыкага чоң баа берип келишкен. Ошол үчүн атактуу ырчы, комузчу, чоорчулар... : Токтогул, Муса, Атай, Абдылас Малдыбаевдер чыккан. Сөз айтылбас жерлерде, мисалы өлгөндү угузганда музыка ишке жараган, сөз менен жеткирип айта албаган арманды музыка аркылуу жеткиришкен.
5. Биринчи эле комуз келет оюма
6. Музыка коомду бузуучу дегенге эч кошулбайм. Бардык багытта пайдаланса болот го деп ойлойм.
7. Жеке өзүм капа болуп турганда, чарчаганда угам.
8. Билбейт экенмин, чыын...
9. Бөбөгүм кыйналып жатса аны алаксытууга жакшы сөз айтып, көзүнүн кареги менен тең айланып көңүлүн алам
10. Менимче комуздун өзүн эле эмес ал менен кошо азыркы заманбап аспаптарды кошо ойношсо (эби менен) сонун болот
11. Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет. Ал баланы биз түшүнбөйт баары бир деп кайдыгер мамиле кылбай тескерисинче маанилүү бешик ырын айтып уктатышыбыз керек.(аллоо, аллооо деп эле отура бербей)
13. Азыр эсимде жок...
14. 5 минута үнүн чыгарып ырдоо да адамды кадимкидей эс алдырып, көңүлүн ачат.
15. Билбедим буну...



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   aminali   08 Апрель 2011 - 03:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Чын достор түшүнбөй койдум бул эмне анкетабы?жакшы эле окудум 2-3 жолу же ушинтип дарылайбы.Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   USSR   08 Апрель 2011 - 04:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

1. Жашыныз жана сиз жашаган аймак. (шаар, айыл):
-Жашым 30да, Бишкек шаары.
2. Жынысыңыз жана үй-бүлөлүк абалыныз.
-Эркек, бойдок.
3. Алган билимиңиз жана учурдагы кызмат оордуңуз.
-Жалпы орто билим.
4. Кыргыз элинин маданиятында музыканын орду кандай?
(мисалдары менен жазыныз)
-Кыргыз маданиятында музыканын орду жетиштүү эле деңгээлде бар... Ата-бабадан калган маданий мурастарды мисалга алсак, канчалаган керемет күүлөр, мукамдуу ырлар, дастандар ушул күнгө чейин үзүлбөй жетип олтурат... Музыкалык аспаптарыбыздын көп экендиги элибиз музыкага илгертен астейдил маани берип келгемдигинен кабар берет... Ал эми азыркы ырчыларды айтпай эле коеюн, жалпыга маалым, таш ыргытсаң эстрада "жылдызынын" башына тиет...
5.Кыргыз музыкасы деген терминди уксаңыз же окусаңыз алгач оюңузга эмнелер келет?
-Албетте, эң алгач комуз күүлөрү жана ооз комуз, сыбызгы, чоор, кыл кыяк күүлөрү эске түшөт...
6.Кыргыз музыкасын кайсыл багытта пайдалана алабыз?
(жалаң гана эс алуу үчүн, маалымат таратуу максатында, даарылоо үчүн, бал тууралуу кененирээк кабар бериңиз)
-Эс алуу үчүн да, дарылоо үчүн да колдонсо болот... Эң негизгиси- Кыргыздын нукура салттуу ыр-күүлөрү менен Улуттук духту ойготуп, ар бир кыргыздын жүрөгүнө ыр-күүлөрдүн мукам кайрыктарын кыттай куюп, бозүйдүн кырк уугундай болгон кыргыздын кырк уруусунун башын бир түндүккө бириктирип, элибизге ынтымактын кушун байырлатууга болот. Мен буга терең ишенем...
7. Кыргыз музыкасынан канткенде рахат алууга болот? Эмне үчүн музыка угасыз?
-Кыргыз музыкасын угуудан рахат алуу үчүн көкүрөктө кыргызмын деген сыймыктануу болушу керек... Музыканы жакшы көргөнүм үчүн угам.,
8. Кыргыз музыкасында мукам же мукамдуу музыка түрлөрүн жазыңыз.
-Баары эле мукамдуу, мага айрыкча комуз, ооз комуз, кылкыяк күүлөрү жагат... Албетте бул тизмеге Рыспай аке Абдыкадыров башында болгон Мамажанов, Атабаев, Казаков, Эшпаев сыяктуу чыгаан обончулардын кайрыктарын кошуп кетээр элем...
9. Бөбөгүңүз же болбосо жакын адамыңыз кыйналып жатса, кайсыл жол менен жардамчы болууга аракет жасайт болчуңуз?
(музыкалык үн чыгаруу жолу менен, кучагыңызга алып жакшы сөз менен, далысынан сылап жоошутуу жолу менен, бул суроого башыңыздан өткөн окуяларды эскерүү менен жооп бере аласыз, мисалы кирне кирип калган же көз тийип калган жакын адамыңызга кайсыл жол менен жардамчы болдуңуз эле, мүмкүн сизге жардам беришти…)
-Мен го жардам берип көргөн эмесмин, бирок далысынан сылап жоошутуп ырдап бергендерди көп жолу көргөмүн...
10. Сизге жаккан музыка түрү тууралуу ой-пикириңизди жазыңыз…
(музыканын кайсы түрү сизге жагат жана эмнеси артыкча бул музыка түрүнүн?)
-Кыргыздын улуттук музыкасы жагат, артыкчылыгы- кыргыздыкы. .. Дүйнөлүк музыка ааламынан алсам, классикадан баштап хардрокко чейин жактыра берем... Маанилүүсү- кандай маанайда угуп жатканымда. .. Тигиниси артыкча, бул мыктыраак деп бөлүп көргөзө албайм...
11. Эң алгач кулагыңызга азан үнүнөн кийин, апаңыздын “алдей-алдей” үнү коштолгон бешик ыры угулганы шексиз. Эсиңизде болгон алдей ырын жазыңыз…
-Кандай алдей ырын укканым эсимде жок... Оюмдан чыгарып ар нерсени ырдай берчүмүн деп калат апам... "алдей алдей ак бөбөк, ак бешикке жат бөбөк" деген ырдын ыргагына салып ырдачу экен.,
12. Сиздин оюңуз боюнча алдей ыры же бешиктеги балага ырдалчу ыр кайсыл өңүттө айтылыш керек жана ал ырдын мазмунунда эмнелер камтылышы керек?
-Алдей ыры жай ыргакта болуу керек... Мукамдуу, майин обондуу болуш керек... А мазмунунда болсо эненин балага болгон сүйүүсү жана бөбөккө карата жакшы тилектер камтылышы керек...
13. Бөбөгүңүзгө алдей ырын ырдадыңыз беле? Бул ырдан бөбөгүңүз кандай таасир алды же абалынын өзгөрүшү тууралуу кеп кылыңыз…
-Илгери ырдап берчүмүн... СССР убагы болгондуктан жана музыка сабагынан "спи моя радость усни" деген алдей ырынын кыргызча котормосун жаттаганыбыз үчүн, ошону ырдачумун... "Укта бөбөк, уктагын" деп башталчу... Ырдабай бешик терметкенге караганда ыр менен батыраак уктайт экенин байкаганмын. ..
14. Музыкотерапия тууралуу маалыматыңыз болсо, мазмуундуу кылып жазыңыз…
-Мазмундуу жазайын десем кеңири маалыматым жок экен... Бул жөнүндө маалымат алып, билим казынамды толтуруп алуум керек окшойт... Негедир кызыгып калдым...
15. Кыргыз элинин музыкасын колдонуу менен кандай оорулардын алдын алууга болот?
-Жалпы эле музыка жардамы менен кайсы оорулардын алдын алууга мүмкүн болсо, кыргыз музыкасы менен да ошондой эле жакшы жыйынтыктарга жетишсе болот....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   temu   08 Апрель 2011 - 15:26

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

1. Тобо 26 чыгып жибериптирмин, Бишкек
2. Эркек, карып бара жаткан бойдок
3. Инженер-куруучу, кыска мооноттуу курстардын жетекчиси
4. Кыргыз элимдин маданиятында журогубуздо ээлеген музыканын орду ата-бабабалардын бизге, муундун муунга деп айтылгандай отуп келе жатканын белгилегим келет. Бирок акыркы учурда жыштарыбыз эстрадага коп конул болуп, батыштын культурасын журокторуно жакын коро баштаганы окундурот. Болбосо кылым каарыткан кыргыз куулорун уксан озунчо кереметго.
5. Кыргыз Музыкасы деген терминди уксаңыз же окусаңыз алгач оюңузга эмнелер келет? Комуз
6. Кунумдук турмушта кыргыз музыкасын ар бир багыттка кошуп пайдалансак болоруна козум жетет. Мисалы
7. Негизи эле Кыргызымдын музыкасын укканда журокто толкундоо пайда болуп мен учун озунчо рахат тартуулап турат. Музыканы угуунун баштапкы максаты болуп жеке мен учун чарчап турганда эс алуучу чон бир каражат болуусу. Ошондуктан музыканы коп угам.
8. Албетте кыргыз музыкасында жетишкендиктер коп болгон ошондуктан ар бирин атап отуруш абдан татаал. Мисалга эле куулорду алсак кандай шедеврга айланган. Аны жеке эле журогу кыргыз деп соккон инсандар эмес башка улуттун деле окулдору тамшанары бизге белгилуу.
9. Ойлонуп корсом музыкануу колдонуу менен ушул убакытка чейин бироону жоошуптуп же болбосо дарылап коргон эмес экенмин.
10. Музыканы турлорго болуудон алысмын. Себеби ар бир музыка озунчо искусство. Бирок менин табитим кобунчосу этно рок жана рокко басымдуулук кылат. Бирок бул менен мен жеке эле атап откон багыттагы музыканы угуу менен чектелем дебейм.
11. Эстей албай турам.
12. Жай жана ички дуйнодон чыккан создор камтылышы керек деп ойлойм.
13. Уйдун кенжеси болгондуктан алдей ырын ырдоодон кур калгам.
14. Бир тааныштын компунан дарылоочу музыкалар деп турганынан кочуруп алганым эсимде, бирок андан бери коп убакыт отсо дагы колдонуп корбоптурмун. Жакшы эстеттин колдонуп корбосом.
15. Билбейт экенмин.
temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Demon   08 Апрель 2011 - 18:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

Просмотр сообщения aminali (07 Апрель 2011 - 21:17) жазган:

Чын достор түшүнбөй койдум бул эмне анкетабы?жакшы эле окудум 2-3 жолу же ушинтип дарылайбы.Сүрөт


Урматтуу aminali туура эле тушунуптурсуз, жогоруда жазылган суроолор анкетанын чонураак варианты же маектешуу катары карасак да болот, бул суроолорду сарышмдан максат биздин элдик музыканын пайдалуу жактарын алдыга алып чыгуу, мен психология сабагы боюнча магистратура жактап журуп, музыка менен даарылоо деген теманын усутундо иштеп калдым, анан оюма Кыргыз Элинин Улуттук музыкасын да даарылоо максатында колдонсок кандай болоор экен деген ой келди, менин оюмда онор эмес аткарылчу иштер бар, бирок алардын курулай пикир болуп калып кетпестиги учун силерден да жардам алып анан толуктап жазайын деген ой менен ушул суроолорду жазып койдум, колунуздан келишинче суроолорго жооп беринуузду сизден да суранып кетемин ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Demon   08 Апрель 2011 - 18:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

Aechka eje, kapriznaya, serche аттуу асыл зат айымдарга жана досторум Programmer, USSR, жана temu мырзаларга чын журогумдон ыраазычылыгымды билдирип кетемин. Анткени аябагандай зор жардам берип жатасынар. менин алсыз ойлорум силердин пикиринер менен толукталып жатканын баса белгилеп кетуу менен дагы бир жолу ракматымды айтамын ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Психиатрия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:00

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: