Сактануунун жолдору
#101 25 Декабрь 2014 - 11:30
Мага кыргызстандан апам спираль берип ириптир,аны гникологко апарыштан уялып атам,биздеги спиральдар сапаттуу элеби?Бул жерде эн арзаны 3мин рубль экенго
#102 30 Декабрь 2014 - 16:41
Мен биринчимди торогондон кийин спираль анан салдырам сына салдырам деп жууп алты Айдан кийин боюма бутуп калды..сына Эми экинчисин да тороп койдум.40кун чыкканда барып эле врачка спираль дедим го.кичине даарыланып анан спираль койду.5ж койду.жакшысын койдум деди 1500с болду.билбейм Эми жакшы эле алты ай отту эч нерсе озгоргон жок.кээде ичимдин ылдый жагы кичине ооруксунтат.
.мен да свечага кызыгып жатам.коруш керек экен.соц сеттерден гооглдан зыян экенин коп жолу окудум.бирок арга канча азырынча спираль менен журуп турам го дейм..
#104 30 Декабрь 2014 - 16:44
Ой баай ото эле катасы коп жаздым го ..кечиргиле.
тел жазганда ОЗУ эле создор чыгып кала берет..орусча создуктор.
#106 05 Январь 2015 - 00:38
Салам форумчулар.
угушума караганда бала эмизгенде бойго бутпойт дейт ошо чынбы.
#107 05 Январь 2015 - 01:25
ооба бала эмизсен бойунда болбойт
Билдирүүнү түзөткөн: alatookg312: 05 Январь 2015 - 01:26
#109 05 Январь 2015 - 13:16
Kyzdaar aitkyla4y?dos kyzym moskvaga ketip jatty ele,spiraldy kg da koidurgan jakwyby je moskvadaby?sapaty,ak4asy tuuraluuda jaza ketsener?
Адилет
#110 05 Январь 2015 - 19:16
Kyzdar bir dosum dagy kenew surap jatat,joop berip koigula4y surany4,anyn jazuusu boiun4a"23до месичный келген 25 де спираль койдурганмын 6 кун болгондо куйоом менен кошулганмын кошулгандан кийин выдаление розывый светте келип жатат белим кичине ооруп турат"deptir
Адилет
#112 06 Январь 2015 - 14:22
Койдургандан кийин кошулбай турса олобу.,бир ай

Билдирүүнү түзөткөн: Oceana.: 06 Январь 2015 - 14:23
Жашоодо эч нерсе туболук эмес,
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!

#113 06 Январь 2015 - 15:09
Aijan eje jana da medisina jonundo bilgender joop berip koiunuzdar4y surany4,al kyz azyr maskoodo ele
Адилет
#114 14 Январь 2015 - 03:25
Мен торт жылдан бери спирал менен сактанып журом.Уч жыл болгондо койгон врачка барып текшерилдим жакшы дагы журо бер деп,укол,свеча жазып берди бирок алганым жок.Буйруса беш жыл болгондо алдырам спиралды.
#115 14 Январь 2015 - 12:21
jass00 (05 Январь 2015 - 19:16) жазган:
Kyzdar bir dosum dagy kenew surap jatat,joop berip koigula4y surany4,anyn jazuusu boiun4a"23до месичный келген 25 де спираль койдурганмын 6 кун болгондо куйоом менен кошулганмын кошулгандан кийин выдаление розывый светте келип жатат белим кичине ооруп турат"deptir
Козу ачыктык кылып коеверейин да э? Койдурган сон 2 жума оор которбоо, кошулбоо керек эле. Шото кошулувийип спиралды жылдырывийген го. Врачка баруу керек эми, айла жок. Барбаса, кан да жоготот, анан жылып кеткен спираль коргойбу, бир кудай билет, мен билелвадым.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#117 14 Январь 2015 - 22:38
Спираль эрозия дагы чакырат экен. Эгер эрозиясы болсо аны чонойтуп ийет экен.....
#120 17 Январь 2015 - 20:23
КУТУЛБОГОН КОШ БОЙЛУУЛУКТАН САКТООЧУ КАРАЖАТТАР.
СПИРАЛЬ САЛДЫРУУ
– Күтүлбөгөн кош бойлуулуктун эң ишенимдүү каражаты спираль болуп саналат. Буга 99 пайыз кепилдик берилет. Ал жатындын ичине жайгаштырылат. Бул каражат төрөгөн, 19-43 жаштагы айымдарга 3-5 жылдык мөөнөткө салынат. Спиралды салдыруу алдында сөзсүз дарыгердин текшерүүсүнөн өтүү шарт. Аны салдыргандан кийин 10 күн оор нерсе көтөрбөө жана жыныстык катнашка барбоо сунушталат. Алдыргандан кийин жатынды 2-3 жылга эс алдырып, кайра салдырып алууга болот.
Негизинен, спираль организмге чоочун нерсе. Ошондуктан айымдардын баарына эле жага бербейт. Спираль жакпаган айымдар ден соолугун текшертип, бойго бүтүрбөөчү каражаттардын башка түрүн колдонушса болот.
Спираль эн ишенимдуу каражат болгону м.н аялдын этек кири коп келип, кээ бир учурларда анемия оорусуна чалдыгышы мумкун.
ГОРМОНАЛДЫК ТАБЛЕТКАЛАР
– Гормоналдык таблеткаларды колдонордон мурун сөзсүз дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, гормондор боюнча анализ тапшыруу керек. Анализдин жыйынтыгына карап дарыгер таблетка жазып берүүсү шарт. Учурда айымдар кеңеш албай эле ичип алып, «толуп кеттим» деп айтып жүрүшөт. Эгер ден соолугу чың айым болсо, 2-3 килограммга чейин гана салмак кошот.
Гормоналдык таблеткалар этек кирдин биринчи күнүнөн баштап 21 күн ичилет. Ошондой эле мындай таблеткалардын 12 саат аралыгында ичкен түрлөрү бар. Колдонордон мурун сөзсүз дарыгерден кеңеш алыңыз.
ПРЕЗЕРВАТИВ МЕНЕН САКТАНУУ
– Презерватив колдонуу – бойго бүтүүдөн сактануунун ишенимдүү жолдорунун бири. Бул жол менен сактанууда 95 пайыз кепилдик берилет. Презерватив бойго бүтүүдөн гана эмес, ар кандай жугуштуу оорулардан сактай алат. Аны сатып аларда сөзсүз чыгарылган күнүн эске алууңуз шарт. Негизи, анын сактоо мөөнөтү 2-3 жылга чейин. Андан кийин сапатын жоготуп, бат жыртылат. Колдонуу учурунда жыртылуусу, албетте, күтүлбөгөн кош бойлуулукка алып келери турган иш. Ошондой эле өнөктөштөр презервативдердин жытына да көңүл бурганы туура. Анткени кээ бир адамдардын жыпар жыттардан аллергиясы болушу мүмкүн.
Презерватив арзан жана колдонууга ыңгайлуу болгону менен, көпчүлүк адамдар аны колдонууда канааттанбаганын айтышат.
СПЕРМИЦИДДЕР
– Спермициддер гель, крем, көбүк, свеча, таблетка, тампон түрүндө болот.
Свеча жана таблеткалардын дээрлик бардыгы жыныстык катнашка чейин, 10-20 мүнөт мурун жатын кынына салынат. Салынгандан кийин алар 3-4 саатка чейин өз таасирин жоготушпайт. Ал эми крем менен көбүктү жыныстык катнаш болор алдында сүйкөө туура. Спермициддер менен сактанууда 75-80 пайыз кепилдик бар.
Спермициддерди колдонордон мурун сөзсүз көрсөтмөсүн окуп чыгууну унутпаңыз. Мындай каражаттардан аллергиясы барларга, кольпит, эрозия сыяктуу оорулар менен ооругандарга спермициддер сунушталбайт. Бул каражаттардын дээрлик көпчүлүгү антисептик болгондуктан, ар кандай жугуштуу оорулардан сактайт. Спермициддерди көп колдонуу жатын моюнчасынын кургашына алып келет.
БАЛАНЫ ЭМИЗҮҮ МЕНЕН САКТАНУУ
– Эл арасында «бала эмизген айымдын боюна бүтпөйт» деп айтылып келет. Бирок бул бардык учурда эмес. Төмөнкү талаптарды туура аткарганда гана бойго бүтүү коркунучу туулбайт деп 90 пайыз кепилдик берилет. Бала 6 айга чыкканча кошумча тамак бербей, ар 3 саат сайын эмизип туруу керек. Баланы түндө да эмизүү зарыл.
ХИРУРГИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН САКТАНУУ
– Бул ыкма 3-4 балалуу болгон айымдарга жана эркектерге да колдонулат. Мында жыныс органындагы түтүктөр атайын шакектер менен буулат.
ИЙНЕ САЮУ ЖОЛУ МЕНЕН САКТАНУУ
– Акыркы 2-3 жылдан бери ийне саюу ыкмасы колдонулбай калган. Тагыраак айтканда, баш тартып койгонбуз. Анткени бул каражат этек кирдин келүү циклин бузуп, аялзатын эрте климакска кабылтат. Негизинен, бул каражатты күтүлбөгөн кош бойлуулуктан сактануу үчүн эмес, миомасы бар айымдар гана колдонууга болот.
ЭСТЕТИКАЛЫК ЫКМА
– Жыныстык катнашты үзгүлтүккө учуратуу, башкача айтканда, бел сууну сыртка агызуу менен күтүүсүз бойго бүтүүдөн сактанса болот. Бул ыкманын жаман жери, эркектерди импотенция оорусуна кириптер кылышы мүмкүн.
КАЛЕНДАРЛЫК ЫКМА
– Өз ден соолугу үчүн кам көргөн ар бир айым ай сайын айыз күндөрүн календарга белгилеп турууга тийиш. Календарь аркылуу овуляция күндөрүн билип, бойго бүтүрүүгө ыңгайлуу жана ыңгайсыз күндөрдү аныктап алуу оңой. Бул үчүн циклди тең экиге бөлүү керек. Мисалы, сиздин айыз циклиңиз 28 күн болсо, демек, овуляция циклдин 14-күнү келет. Бул күндөн кийинки 10 күн (овуляция күнүн кошкондо) бойго бүтүүгө оңтойлуу күндөр деп эсептелингендиктен, сактанууңуз керек.