Уалейкум салам акыным
Калемпир сөзгө жакыным,
Талашты эки баатыр деп
Талашты мынча такыдың?
Салбаган чаңды салдырдың
Түз эле мени качырдың,
Катуу чыкты авазың
Сен кайсы кызды тарттырдың?
"Жардырдың" дедиң бул жерди
Терракттар күчөп турганда
Укпасын эч ким бул кебиңди,
Тиги МВД жакка угулуп
Каматып ийбе иниңди!
Шоктонгон сага жагат деп
Илхамына май тамат деп,
Шоктонуп ырдап жатырмын
Сен айтмакчы мен дагы
Тегирмен сайган баатырмын!
kom'дон албас өчүмдү
Ушу сенден алайын,
Айтышып куйкум сөз менен
Рахатка батып калайын!
Алым жетсе сабайын
Көтөрүп жерге чабайын,
үстөккө-босток ыр менен
Берейин сенин сазайың!
Ээн жерде элирген
Билеги жоон белемсиң?
Мушташ эле мушташ деп
Зеригип калган экенсиң!
Байкасам сөзгө чеченсиң
Ыр жагынан бекемсиң,
Жообуңду жаз, көрөйүн
Эми кантээр экенсиң?
деп шоктонуп,тамаша ыры менен Strateg акынга октолуп,тээ жүрөктүн түпкүрүндө акесине ишенип,анан сайын шерденип ДонКихот өз кезегин өткөрдү.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















Мобилдүү версия