Жыл айланып өткөн кез
Эски жыл бизден кеткен кез
Жолборс жылын узатып
Коен жылы келген кез
Ушу жыл тогошоор убакта
Иштин чачтай көбөйүүсү
Айтпаса да турган сөз
Ошол сыңар мен дагы
Отчеттон арыла албадым
Түшүнбөстөн көбүңөр
“Качыптыр” деп жыргадың
Арттан айтып ар сөздү
Кыйынсып арылдадың
Кол бошобой жатканын
Көңүлгө көбүң албадың
“Өрдөк жокто чулдук бий” деп
Чуркурап,ырдап,
бий бийлеп
Туугандар кандай түшүнөм
Тойду баштай салганың
Кой антпегин туугандар
Кете элек жатып куугандар
Жеңесине тийишип
Очередге тургандар
Анда эмесе уккула
Силерге айтаар кебим бар:
Тамаша айтып созулуп
Тийишип секин кол созуп
Бириңден бириң оозунуп
Талашыпсың экөөлөп
Андоранын жолун тооруп
Бириңди бириң “лишний” деп
Көп сүйлөдүң “лишний” кеп
Кызуу сүйлөп талашып
Алыпсыңар го тердеп
Билсеңер керек экөөң тең
Талашканга не жоктугун
Талашпай ары тургула
Билбестен башы боштугун
Кымча бел көп кыргызда
Ошолор көрсүн шоктугуң
Ар жак, бери жак акмалап
Ошолорго октонгун
Оң келсе беттен аймалап
Сан талашып жалжаңдап
Ошолорго шоктонгун
Ал эми Андор жанынан
Шыйпаңдабай жок болгун
Андордун оюн айттым мен
Экөөң тең капа болбогун
Жеңе эле, жеңе деп
Кечее эле жеңекелеп
Дон мырза жүрдүң эле го
Бу бүгүнкүң эмне деген кеп?
“Машине минип баралы,
Жеңемди алып качалы”-
Деп сөз айтсаң өзүмчө
Кубангам, айтсам ачыгын
Атаңгөрү көрсө сөз башы
Бул жакта тура катыгүн
“Өзөктөн чыккан өрт жаман,
Өздөн чыккан кас жаман”
Деген сөз бар илгертен
Бурулат ошого санаам
Төрт-беш күн калсам көрүнбөй
Коругандын ордуна
Өзүң баштап сөз атып
Мактана да койдуң да
Айтпайт белең ачыгын
Арамза болсо оюңда
Бар экенин урганга
Котур ташың койнуңда
Ойлоп жүргөм өзүмчө
Жандайт го деп тоюңда
Өзүмчө эле кубангам
Элестетип оюмда...
Кой сөздү көп созбойун
Күттүрүп кезек койбойун
Кезекти бирден ала бер
Ушул жерден токтойун
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#1042 06 Январь 2011 - 18:21
Тоого чыгып коз салсам
Айыл жактан чан чыгат
Торго отуп тындасам
Айтыш жактан шан чыгат…
Албууттанган жигиттер
Абысындай айтышат…
Кирип келген адамдар
Артын карабай качышат…
ДонКихоттон кызганган
KOM акем Аман турабы?
Кызганбаса деле жактырып
Мен жургонумду туябы?
Журоктон чыккан ак созум
Жалган кылып салабы???
Жалган айттын мага деп
Же баштан ары урабы???
Бир ай болду акетай
Дарегимди айткамын
Жада калса ал тургай
Картасын да тарткамын
Аракетти аз жумшап
Жалкоолук кылып аттынбы
Айтор
Мандайда турган жылдызды
асмандан издеп таппадын….
Сагындым деп айтыпсыз
Байкабадым анынды
Сагынсаныз келмексиз
Сураганы жайымды…
Жай сураганды мында кой
Жылуу созун айттынбы???
Чынын айтсам агажан
Эми сизге капамын
Кулагына шыбырап
Сурагандын баарына
«Ме гой, алгын» деп мени
кармата сала жаздадын…
Айыл жактан чан чыгат
Торго отуп тындасам
Айтыш жактан шан чыгат…
Албууттанган жигиттер
Абысындай айтышат…
Кирип келген адамдар
Артын карабай качышат…
ДонКихоттон кызганган
KOM акем Аман турабы?
Кызганбаса деле жактырып
Мен жургонумду туябы?
Журоктон чыккан ак созум
Жалган кылып салабы???
Жалган айттын мага деп
Же баштан ары урабы???
Бир ай болду акетай
Дарегимди айткамын
Жада калса ал тургай
Картасын да тарткамын
Аракетти аз жумшап
Жалкоолук кылып аттынбы
Айтор
Мандайда турган жылдызды
асмандан издеп таппадын….
Сагындым деп айтыпсыз
Байкабадым анынды
Сагынсаныз келмексиз
Сураганы жайымды…
Жай сураганды мында кой
Жылуу созун айттынбы???
Чынын айтсам агажан
Эми сизге капамын
Кулагына шыбырап
Сурагандын баарына
«Ме гой, алгын» деп мени
кармата сала жаздадын…
Көп күн мында кирбедим
Кабарыңды билбедим
Капа болуп калганыңды
Чын айтамын билбедим...
Карындаш капа болдуңбу?
Көңүлүң неден ооруду?
Кыйнадыбы сени да
Кусалык деген оору?
Амандыгым сурапсың
Кудайга шүгүр жакшымын
Өзүңдөн айтчы карындаш
Жакшыбы деги ал жайың?
Кылыктанып, эркелеп
Көп сөздү кыпчый кетипсиң
Калемпир, мурч себелеп
Сөздүн гүлүн терипсиң
Сөз менен айтсам кусаны
Ал сөзгө ишенбептирсиң
“Сагынсаң келмек элең”-деп
Барганымды билбепсиң
Барып үйүң таппаганды
Кышта үшүп калганымды
Такыр эле сезбепсиң
Болжолкон баягы жерге
Болжошкон маалда келбепсиң
Аныңды сезбей карындаш
Капамын сага мен депсиң...
Тийишкен тиги экөөнө
Кылчайганың не дейсиң
Мен жокто балким ушинтип
Кылчая калайн дегенсиң...
Дарегиң берип жатканда
Соо эле белең периштем?
Кагазга карта тартканда
Калбады беле эч нерсең?
Адаштырып койдуңбу
Бир айдан бери издеймин
Айтыштан башка кай жерден
Табышымды билбеймин
Айтышка кирип мен бүгүн
Окудум жазган катыңды
Ашыгып бердим жообун да
Жазышка сенин капаңды
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
#1043 06 Январь 2011 - 19:17
Ассаляму алейкум байке
Коркок деп эрди кемсинтпе
Айтышканы маанай жок
Сөздөрүмдүн табы жок
Деги сөз издеп мээге баш баксам
Ал жагымда да сөз жок
Айтышкы каалап калыпсын
Айтышам деп жар салыпсын
Сабыр кылбай дароо эле
Коркоктор деп айтыпсын
Коркок жок кыргыз акында
Кордобо мынтип жыл башында
Жакшылаап көздү сен ачсаң
Айтышып турат кашың да
Комузун колго алышып
Каарысы да жашы да.
Айтышам десең сабыр кыл
Азаматтар табылат
Жаттабай айткан сөздөрү
Селдей болуп кабылат
А мен болсо барайын
Жумушумдан калбайын
Ишимде так бүтүрө албай
Айдалып үйдө жатпайын...
Коркок деп эрди кемсинтпе
Айтышканы маанай жок
Сөздөрүмдүн табы жок
Деги сөз издеп мээге баш баксам
Ал жагымда да сөз жок
Айтышкы каалап калыпсын
Айтышам деп жар салыпсын
Сабыр кылбай дароо эле
Коркоктор деп айтыпсын
Коркок жок кыргыз акында
Кордобо мынтип жыл башында
Жакшылаап көздү сен ачсаң
Айтышып турат кашың да
Комузун колго алышып
Каарысы да жашы да.
Айтышам десең сабыр кыл
Азаматтар табылат
Жаттабай айткан сөздөрү
Селдей болуп кабылат
А мен болсо барайын
Жумушумдан калбайын
Ишимде так бүтүрө албай
Айдалып үйдө жатпайын...
Ассалосу алейкум,
Мен сыйлаган Амантур!
Жакшы деген сөздөрдү,
Айтып жүргөн Амантур!
Мен сыяктуу Манасты
Бүтүрүп чыккан Амантур!
Кыргызстандан тыш жерде,
Иштеп жүргөн Амантур!
Эр экенин билгизип,
Алыс жакта жүрсө да,
Кыргыз тилин унутпай,
Патриотугун сындырбай,
Кыргыз үчүн күйүнгөн,
Кыргызстан үчүн сүйүнгөн,
Ардактуу болгон Амантур!
Сөзүм каттуу тийди бейм,
Каттуу айтып кеттим бейм,
Таарынтып алып акынды,
Каргышынан алдымбы бейм!
Кечирим сурайм баарыңан,
Сабырымдын жогунан,
Айтылып кетти үч сап ыр,
Акындарды таарынткан!
Таарынбагын калайык,
Жамандап сизди айтпадык,
Жалаң гана жакшы ой,
Ширелиш үчүн биз айттык!
Жаңы жылда маанайды,
Бузгум келбейт жайдары.
Жаңы жылда сиздерге,
Тартуулайын шаңдуу ыргакты!
Отунбаевага таазим!
#1044 06 Январь 2011 - 20:28
Көптөн бери ырдашпай калып зериккен ДонКихнт supernurgazy акынга жооп берип турган кези:
Супердин Супер баласы
Нургазы досум келипсиң,
Мындагы жалпы акынга
Жалындуу салам берипсиң.
Жаңы Жылдык майрамды
Куттуктап дагы кетипсиң.
Жан жыргаткан сөз менен
Жакшы эле досум ээрипсиң.
Урунаарга тоо таппай
Буулугуп калган белемсиң
Урушаарга жоо таппай
Оолугуп калган белемсиң.
Акындар менен айтышып
Алышайын дедиңби,
Куйкумдуу курч сөз менен
Чабышайын дедиңби?
Ээ досум,
Кылычты баары байланат
Чабышаарга келгенде
Азамат жигит шайланат.
Ээн жерде эркелеп
Кылычыңды ойнотуп
Эрөөлгө чыгып алыпсың,
Адашып кетип жыландын
Куйругун басып алыпсың!
Коркушту го баары деп
3 сап ырды жазыпсың,
Уктап жаткан жолборсту
Чочутуп гана алыпсың!
Сенден коркуп калгыдай
Коен жүрөк мен эмес,
Ойку-кайкы ырларың,
Кыш койгондой кыналган
Менкине тең эмес!
Жаш акын экен,мейли деп
Көңүл бурбай койду элем,
Мен тиги Барс,kom менен
Айтышсам деген ойдо элем.
Ушунча болуп калган соң
Сени деле көрөйүн,
Кулак төшөп угуп ал
Сен жөнүндө төгөйүн.
Катталып мында жаңыдан
Азыраак жазып,көп окуп
Аралашып жүрөмүн,
Олуттуу жазат кээ бирөө
Кээ бирине каткырып
Жаш чыкканча күлөмүн.
"Партия" ,"кыймыл" ,"союздар"
Модасы мында күч экен,
Юзердин дээрлик баарысы
"2х,3х кратный" мүчө экен.
Супердин супер баласы
Түзүптүр жалаң партия,
Партиядан тажаса
Башталат жаңы акция,
Форумда жүрүп жаткандай
Супернургазизация.
Кечээги ырың окусам
Урду-келди жазыпсың,
Ит кууп келе жаткансып
Каяккадыр шашыпсың,
Тамгалардын жарымын
Чай менен жутуп алыпсың,
Кыргыздын сөзүн туура жаз
Кетирбе баркын айтыштын.
Бул бөлүмдө башчы экен,
Аким болсоң бул жерде
Бийлигиң деле жакшы экен.
Бир эле күндө жети жүз
Билдирүү жазып салчу экен.
Бу аким деген жакшы экен
Банга айдап баардыгын
Балталап салчу калк экен,
Танкадай сүргөн юзерди
Талкалап салчу калк экен.
Таластык элең сен досум
Таарынып азил сөзүмө
Таласка кетип калбагын,
Сүйөнүп же бийликке
Сүргүнгө айдап салбагын!
Айтышам десең бери өт,
Айта турган сөзүң төк!
Айтышканга мен даяр,
Жүрөгү-от, сөзү-ок
Жаш чыкма акын ДонКихот!
деп сөзүн Супернургазыга узатты.
Супердин Супер баласы
Нургазы досум келипсиң,
Мындагы жалпы акынга
Жалындуу салам берипсиң.
Жаңы Жылдык майрамды
Куттуктап дагы кетипсиң.
Жан жыргаткан сөз менен
Жакшы эле досум ээрипсиң.
Урунаарга тоо таппай
Буулугуп калган белемсиң
Урушаарга жоо таппай
Оолугуп калган белемсиң.
Акындар менен айтышып
Алышайын дедиңби,
Куйкумдуу курч сөз менен
Чабышайын дедиңби?
Ээ досум,
Кылычты баары байланат
Чабышаарга келгенде
Азамат жигит шайланат.
Ээн жерде эркелеп
Кылычыңды ойнотуп
Эрөөлгө чыгып алыпсың,
Адашып кетип жыландын
Куйругун басып алыпсың!
Коркушту го баары деп
3 сап ырды жазыпсың,
Уктап жаткан жолборсту
Чочутуп гана алыпсың!
Сенден коркуп калгыдай
Коен жүрөк мен эмес,
Ойку-кайкы ырларың,
Кыш койгондой кыналган
Менкине тең эмес!
Жаш акын экен,мейли деп
Көңүл бурбай койду элем,
Мен тиги Барс,kom менен
Айтышсам деген ойдо элем.
Ушунча болуп калган соң
Сени деле көрөйүн,
Кулак төшөп угуп ал
Сен жөнүндө төгөйүн.
Катталып мында жаңыдан
Азыраак жазып,көп окуп
Аралашып жүрөмүн,
Олуттуу жазат кээ бирөө
Кээ бирине каткырып
Жаш чыкканча күлөмүн.
"Партия" ,"кыймыл" ,"союздар"
Модасы мында күч экен,
Юзердин дээрлик баарысы
"2х,3х кратный" мүчө экен.
Супердин супер баласы
Түзүптүр жалаң партия,
Партиядан тажаса
Башталат жаңы акция,
Форумда жүрүп жаткандай
Супернургазизация.
Кечээги ырың окусам
Урду-келди жазыпсың,
Ит кууп келе жаткансып
Каяккадыр шашыпсың,
Тамгалардын жарымын
Чай менен жутуп алыпсың,
Кыргыздын сөзүн туура жаз
Кетирбе баркын айтыштын.
Бул бөлүмдө башчы экен,
Аким болсоң бул жерде
Бийлигиң деле жакшы экен.
Бир эле күндө жети жүз
Билдирүү жазып салчу экен.
Бу аким деген жакшы экен
Банга айдап баардыгын
Балталап салчу калк экен,
Танкадай сүргөн юзерди
Талкалап салчу калк экен.
Таластык элең сен досум
Таарынып азил сөзүмө
Таласка кетип калбагын,
Сүйөнүп же бийликке
Сүргүнгө айдап салбагын!
Айтышам десең бери өт,
Айта турган сөзүң төк!
Айтышканга мен даяр,
Жүрөгү-от, сөзү-ок
Жаш чыкма акын ДонКихот!
деп сөзүн Супернургазыга узатты.
Чыңглы чыңглы, чыңглы чың!
Нургазынын кулагын,
Жакшылап туруп бураган,
Мыкты айткан сөзү менен,
Акимдин өзүн жалтанткан,
Каталарын издеп таап,
Бүт ааламга жар салган,
Атаандашын баамдабай,
Жаңы гана кылыч кармап,
Акындардын талаасына,
Чыгып келе жатканды,
Таласка да качырган,
ДонКихот досум аманбы?
Супердин Супер баласы,
Болгондо да эркеси,
Лично айтат саламды.
Тамшанткан үнгө келсин деп,
Комуз кулагын бурады.
ДонКихотко кайрылып,
Ыр саптарын курады!
Чыңглы чыңглы, чыңглы чың!
Уруунарга тоо издеп,
Булуккан бала эмесмин.
Урушаарга жоо издеп,
Оолуккан бала эмесмин.
Акындар менен айтышып,
Таарынтайын дебедим.
Куйкумдуу курч сөз менен,
Чабышайын дебедим.
Бираз эле сынашып,
Курчуп алайын дегенмин.
Сөзгө тартса башкалар,
Жалтактабай алардан,
Барс менен Комго окшотуп,
Төгүп берейин дегенмин.
Качып кетпей Таласка,
Туруп берейин дегенмин.
Суперстандын атын коргоп,
Кармашып берейин дегенмин.
Чымыным эгер ачылса,
Акын болоюн дегенмин.
Мына ошол нерсени,
ДонКихот Аке түшүнбөй,
Качырып мени кирипсиң!
Куйругуң басып алгансып,
Тап бергилеп кирипсиң.
Ажыдаардай от берип,
Жалындап эле кирипсиң.
Кызыл көргөн букадай,
Түтөп эле кирипсиң.
Жини келген байталдай,
Фышкырып эле кирипсиң.
Жаман көргөн катындай,
Ажылдап эле кирипсиң.
Кат жазгансып жаманга,
Каттуу жаза берипсиң.
Бийликти жаман көргөнсүп,
Митингге чыгып келипсиң.
Отунбаевага таазим!
#1045 07 Январь 2011 - 01:22
Доктор байке карыбаң,
Акылдан айнып алжыбаң
Байкасам кыйын окшойсуз
Сырадан ичүү жагынан?
Бу кайдан чыккан тапан деп
Воробей байке тиштенбе,
Буйруса жакшы күндөрдө
Сыра болсун ичкенге!
Тиштериңди көмгөнгө
Мен да жетип барайын,
Тамшана жутуп мен дагы
Сыранын берем сазайын!
Насип буйрук кошулса
Бишкекке барып калаармын,
Жолун таап жолугуп
Байке сени табаармын!
Мына ошондо бул күндү
Эстеп бир күлүп алаарбыз,
Оңтою келсе Бишкектин
Кыздарын деле чабаарбыз!
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#1046 07 Январь 2011 - 02:24
Валейкума ассалом
Кош келипсиз Барс агай,
Күүлүү-күчтүү жүрөспү
Бала-чака, мал кандай?
Ойдогудай өттүбү
Жаңы Жылдык майрамдар?
Бул жерде жалаң жаш балдар
Чогулуп акын ак таңдай,
Ырдап жыргап жатабыз
Секирип бийлеп тайраңдай.
Кыздарды деле талаштык
Жакалаштык, жаалаштык,
Түшүүнөрсүз сиз деле
Баарына себеп,ал-жаштык.
өзүңүз деле билээрсиз
Тамашасыз ыр болбойт,
Айтышта азил аягы
Чынга айланып чыр болбойт.
Андай болсо эгерде
Акындар Аалы,Жеңишбек
Комузун таштап сахнага
Мушташып эле кетишмек.
Айтайын деген оюм бул
Эр чекишпей-бекишпейт,
Бекишкен соң достошуп
Андан ары тебишбейт.
Катуу айткан сөзүмө
Болбостур элде капалык,
Кечирим сурайм жалпыдан
Менден кетсе каталык.
Жамакчы эмес,акын деп
Барс агай мени мактадың,
Мактоого жакын жан элем
Учуп эле кете жаздадым.
Анча-мынча чиймелеп
Ыр жазып жүрчү баламын,
Кубанып турам Барс агай
Жагыптыр сизге жазганым.
Эмиии аке,сөз мындай
Ортого тема таштаңыз,
Кайсы өңүттө ырдайлы
Жолуңуз улуу агайым
өзүңүз эми баштаңыз!
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#1047 07 Январь 2011 - 10:55
Мына, мына азамат,
Дон иним түндөп ырдаптыр.
Жооп таппай кайсактап,
Эки-үч күнгө турбаптыр.
Эки сөз таппай калгыдай,
Чоркок эмес дегенмин.
Алышкандан качкыдай,
Коркок эмес дегенмин.
Байгеде баш чайкоочу,
Жорток эмес дегенмин.
Курсак камын ойлогон,
Соргок эмес дегенмин.
Басып кеткен туш келди,
Торпок эмес дегенмин.
Алышкандан жазганбас,
Баатыр бу деп ойлогом.
Ар кандай мактоо, алкоого,
Татыр бу деп ойлогом.
Акындык жүктү жогору,
Ташыр бу деп ойлогом.
Азыр төгөт алдыга,
Жакшы ырды деп ойлогом.
Ал келгени арабыз,
Жакшырды деп ойлогом.
Абройюн акындын,
Ашырды деп ойлогом.
Ойлогон оюм төп келип,
Айткандай ыры эп келип.
Азаматым Донкухот,
Карачы ырын баштаптыр,
"Жолуңуз улуу..."- деп келип.
Жол берип мага таштаптыр.
Ырына жооп табалбай,
Каласың кээде кептелип.
Барпыны Током сынаган,
Тема берип ырдаган.
Аларга кайдан теңештим,
Андай эле
абдан чоң акын эмесмин.
Не тууралуу ырдайсың,
Аны сен
кабыргаң менен кеңешкин.
Бир гана кай жерде туулуп өскөнсүң,
Эрезеге кайдан жеткенсиң.
Ошолорду айтып кой.
Кабар берип өзүңдөн,
Бизди маалыматка байытып кой...
Дон иним түндөп ырдаптыр.
Жооп таппай кайсактап,
Эки-үч күнгө турбаптыр.
Эки сөз таппай калгыдай,
Чоркок эмес дегенмин.
Алышкандан качкыдай,
Коркок эмес дегенмин.
Байгеде баш чайкоочу,
Жорток эмес дегенмин.
Курсак камын ойлогон,
Соргок эмес дегенмин.
Басып кеткен туш келди,
Торпок эмес дегенмин.
Алышкандан жазганбас,
Баатыр бу деп ойлогом.
Ар кандай мактоо, алкоого,
Татыр бу деп ойлогом.
Акындык жүктү жогору,
Ташыр бу деп ойлогом.
Азыр төгөт алдыга,
Жакшы ырды деп ойлогом.
Ал келгени арабыз,
Жакшырды деп ойлогом.
Абройюн акындын,
Ашырды деп ойлогом.
Ойлогон оюм төп келип,
Айткандай ыры эп келип.
Азаматым Донкухот,
Карачы ырын баштаптыр,
"Жолуңуз улуу..."- деп келип.
Жол берип мага таштаптыр.
Ырына жооп табалбай,
Каласың кээде кептелип.
Барпыны Током сынаган,
Тема берип ырдаган.
Аларга кайдан теңештим,
Андай эле
абдан чоң акын эмесмин.
Не тууралуу ырдайсың,
Аны сен
кабыргаң менен кеңешкин.
Бир гана кай жерде туулуп өскөнсүң,
Эрезеге кайдан жеткенсиң.
Ошолорду айтып кой.
Кабар берип өзүңдөн,
Бизди маалыматка байытып кой...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#1048 07 Январь 2011 - 12:31
Охоо, коён жылында быжырап,
Акындар айтышта,
Бул жакка акындар көп кириптир,
Биринен- бири өтуп,
«Мен», «мен» кыйынмын дешиптир,
Ла-Манчтан келген Дон-Кихот ,
Баарын жеңип, кайрадан,
Ла-Манчка кетем дептир го,
Өзу эле кетсе жакшы го,
Комдун жинине тийип,
Типа жеңекем деп, Андормеданы ,
Кыргыздан сулууну,
Өзу менен кошо,
Ла-Манчка, ала кетем дептир го,
Кызык, Дон-Кихоттун жандоочусу,
Санчо , кайда болду экен!?
Андормеда кандайсың?
Мен байкасам сени,
Кайинилуу болупсун,
Кут болсун кайини, кут болсун!
Билесиңби эми мен силерди,
Окшоштурдум Ч. Айтматовдун повести,
Азыркы учурдун «Жамийласына»,
Сен Жамийла , Дон Кихот кайиниң – Сейит ,
Ком болсо – Данияр ,
Ээх, айткылачы акындар,
Ал кандай сонун шедевр!! !
Мейли анда, акындар,
Айтчы созумду айтым окшойт,
Мен анда жылайын,
Силерге каалайм акындар,
Бул жакка, бат-бат кирип тургула!! !
Акындар айтышта,
Бул жакка акындар көп кириптир,
Биринен- бири өтуп,
«Мен», «мен» кыйынмын дешиптир,
Ла-Манчтан келген Дон-Кихот ,
Баарын жеңип, кайрадан,
Ла-Манчка кетем дептир го,
Өзу эле кетсе жакшы го,
Комдун жинине тийип,
Типа жеңекем деп, Андормеданы ,
Кыргыздан сулууну,
Өзу менен кошо,
Ла-Манчка, ала кетем дептир го,
Кызык, Дон-Кихоттун жандоочусу,
Санчо , кайда болду экен!?
Андормеда кандайсың?
Мен байкасам сени,
Кайинилуу болупсун,
Кут болсун кайини, кут болсун!
Билесиңби эми мен силерди,
Окшоштурдум Ч. Айтматовдун повести,
Азыркы учурдун «Жамийласына»,
Сен Жамийла , Дон Кихот кайиниң – Сейит ,
Ком болсо – Данияр ,
Ээх, айткылачы акындар,
Ал кандай сонун шедевр!! !
Мейли анда, акындар,
Айтчы созумду айтым окшойт,
Мен анда жылайын,
Силерге каалайм акындар,
Бул жакка, бат-бат кирип тургула!! !
Адам баласы оз бактысынын устаты!
#1049 07 Январь 2011 - 13:42
Aйтыш жакты аңдасам
Бака-шака, чуу чыгат,
Жарыша ырдап акындар
Төбөсүнөн буу чыгат.
kom aкем келип калганбы
Жанданып баары калыптыр,
Нараазы окшойт бул акем
Аябай каарын салыптыр.
Муруту кетип бириндеп
"Муш жегиң келген кимиң?"-деп,
Жеңемди издеп жөнөдү
"Канакей менин сүйүүм?"-деп.
Акежан кепке келиңиз
Бир ачууңду бериңиз,
Жеңесине сиз жокто
Эркелеп койду иниңиз.
Ушинтип ырды жазбасам
Аке сиз келбейт деле болчусуз,
Жеңемден көөнүң ток болуп
Айтышты
Унутуп деле койчусуз.
Корутуп коюп жеңемди
Кеңириии жүргөн экенсиң,
Кызганып кетип чыдабай
Кыйкырып келген экенсиң.
Сиз жокто жатып зеригип
Жаштык деми-ээлигип,
Койдум эле эркелеп,
Аке,косякты алам моюнга
Мени кулактан кармап, ээкке теп!
Кааласаң жерге басып ур,
Же дубалга асып ур,
Кечирим сурап турамын
Моюнума салып кур.
Той боюнча айтаарым-
Тоюңа аке,даярмын,
Керек десең бир жардам
Баш менен жерди казамын!
Таарынба аке иниңе,
Эркелеп койду кичине,
Андан көрө айланып
Жеңеме барың кечинде.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#1050 07 Январь 2011 - 14:40
Aнда эмесе кезекте
Акын досум Нургазы,
Төөбасты болуп жатканда
Бул дагы четте турбады.
Чыңглы,чыңглы, чыңглы деп
Комуздун үнү сыздады,
өөгүнкү берген саламга
Бул досум эми ырдады,
Бирок ырдаганга окшошпой
Кыйшалаңдап чырдады.
Досум чыгарып аз-маз алдыңбы
Таарыныч менен ызаңды?
Ырыңды угуп баятан
ДонКИХОТ иниң кубанды,
Кезекти алдым өзүмө
Тамаша анда уландыыыыы.
Уаалейкум ассалом
Алайын "личный" саламды,
Акыл менен ыр менен
Чарк айланган ааламды,
Жемдин жеген мыктысын
Тоготпогон саманды,
Улакка түшчү айгырдай-
Дон Кихот досуң амандыр.
Супердин эрке баласы
Сактаган көздүн карасы,
Бу байкасам досум форумда
Азыркынын "Манасы" .
Интервьюда жооп берип
Жылдызы жанып турган кез,
Тоголонуп оор ташы
Жогору көздөй урган кез.
Супердин баардык юзерин
Алдына салып кууган кез,
Акимдик тийип колуна
Флуд жана спамдардын
Токтотуп жолун бууган кез.
Атын коргоп Супердин
Туруп берген экенсиң,
Жүрөгүңдү форумга
Сууруп берген экенсиң.
Колуңдан келбес бир ишке
Урунуп берген экенсиң,
Ыр менен намыс коргошту
kоm акем менен Барска кой,
Мен деле "местный" болоормун
Ал болбосо мага кой.
Чымының сенин ачылса
Досум акын боло бер,
Чымын сага кеп бекен,
Көгөн деле боло бер.
Анча-мынча термелеп
Билгениңден төгө бер,
Менин жообум жакпаса
Ичиңден досум сөгө бер.
Акынды акын көргөндө
Кызарат көзү букадай,
Кумарын билген айтыштын
Ырдашат түнү уктабай.
Кыйкырып ырдап келди элең
Кыраан сезип өзүңдү,
Кыйналып калба, айтыштан
Ойдуруп эки көзүңдү.
Болсом болдум байталдай
Ажылдаак ажаан аялдай,
Көзүнө ошол көрүнөт
Көргүсү келсе ким кандай.
Эмиии,популист деле эмесмин
Бул жерде митинг кылгандай,
Коркпогун досум Нургазы
Бийлигин "захват" кылбаймын,
Бий эмесмин, акынмын
Оюмда барды ырдаймын.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#1051 07 Январь 2011 - 16:35
Кее бироосу aяктa
Кее бироосу олтурa
Бут коерго жер жок го
Aк орго ичи толтурa
Еч ким дебейт торго от
Ортодо бироо корунот
Чокчо сaкaл,узун бой
Донкиxот мырзa ондонот
Тaзa aбaдa дем aлгaн
Нaтурaльный тaмaк жеп
Бийик тоолор койнундa
Шaншыгaн унун бaпестеп
Коройун дедим жaкындaн
Бул aкындын aтaгы
Кулaгымa келди кеп
Бaл aк тaндaй созу бaр
Буркуттой aлгыр козу бaр
Тургaн жерин шaндaнтып
Тойго aйлaнтaр ону бaр
Мaндaйынa чыккaнды
'Aке' деп сылык сыйлaгaн
Озунун жaшын билдирбей
Тaбышмaктуу ырдaгaн
Aкесини кызгaнтып
Женесинин бир сaнын
Кое бербей тaлaшкaн
Ееси жокто еелигип
Женеси менен кaйнaшкaн
Улуулугун урмaттaп
Кечирим сурaп дaроо еле
Aкеси менен жaрaшкaн
Окуп кее бир ыргaгын
Чын дилимден кaткырдым
Aзил чыны aрaлaш
Курч создорун жaктырдым
Жооп берип бaaрынa
Жетишкенине тaн кaлдым
Оюм кетти жaшынa
Бaлaпaн бaлa емессин
Комду aке десен дa
Менимче
Токтолгон жигит елесин
Жaны еле келсен дa
Ырын менен Суперди
Кaпчыгaйдaй жaнырттын
Юзерлердин бaaрысын
Оозун гaнa aчырдын
Aтaгы менен тaш жaргaн
Aкындaрдын бироосу
Тaкылдaгaн тилини
Сaгa бере кеттиби?
Же бул Жылуу-Суудaгы
Гейзерин кереметиби?
Кее бироосу олтурa
Бут коерго жер жок го
Aк орго ичи толтурa
Еч ким дебейт торго от
Ортодо бироо корунот
Чокчо сaкaл,узун бой
Донкиxот мырзa ондонот
Тaзa aбaдa дем aлгaн
Нaтурaльный тaмaк жеп
Бийик тоолор койнундa
Шaншыгaн унун бaпестеп
Коройун дедим жaкындaн
Бул aкындын aтaгы
Кулaгымa келди кеп
Бaл aк тaндaй созу бaр
Буркуттой aлгыр козу бaр
Тургaн жерин шaндaнтып
Тойго aйлaнтaр ону бaр
Мaндaйынa чыккaнды
'Aке' деп сылык сыйлaгaн
Озунун жaшын билдирбей
Тaбышмaктуу ырдaгaн
Aкесини кызгaнтып
Женесинин бир сaнын
Кое бербей тaлaшкaн
Ееси жокто еелигип
Женеси менен кaйнaшкaн
Улуулугун урмaттaп
Кечирим сурaп дaроо еле
Aкеси менен жaрaшкaн
Окуп кее бир ыргaгын
Чын дилимден кaткырдым
Aзил чыны aрaлaш
Курч создорун жaктырдым
Жооп берип бaaрынa
Жетишкенине тaн кaлдым
Оюм кетти жaшынa
Бaлaпaн бaлa емессин
Комду aке десен дa
Менимче
Токтолгон жигит елесин
Жaны еле келсен дa
Ырын менен Суперди
Кaпчыгaйдaй жaнырттын
Юзерлердин бaaрысын
Оозун гaнa aчырдын
Aтaгы менен тaш жaргaн
Aкындaрдын бироосу
Тaкылдaгaн тилини
Сaгa бере кеттиби?
Же бул Жылуу-Суудaгы
Гейзерин кереметиби?
все что ни делается все к лучшему :(
#1052 07 Январь 2011 - 17:24
Айтышын тыңдап Кихоттун
Айтаар сөзүм жоготтум
Топтоп жүргөн сөз байлыкты
Бир заматта унуттум
Айтышаарга сөз таппай
Башым катып турган кез
Жашынаарга жер таппай
Көздү жумуп турган кез
Сөз таппастан уялым
Мен кызарып турган кез
Эми
Дон мырза
Жеңдиң, кабыл аламын
Олутту болду талабың,
Өркүндөй берсин өнөрүң
Тийе берсин жарагың
Эми мекенге кылып эмгекти
Мекен үчүн сайрагын
Эми комузду жыйнап кайтайын
Үйгө барып жатайын
Чечендердин айтышын
Жамбаштап жатып тыңдайын
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#1053 07 Январь 2011 - 20:52
Ээ Барс агайым келиңиз,
Кезекти мага бериңиз,
Эшикте суук окшойбу
Ичкери бери кириңиз,
Төр жактан орун бошоттук
Сиз ошол жакты ээлеңиз.
Тыңдаңыз анда жакшылап
Ырларын төгөт иниңиз.
Мактоого мен да мардайып
Эки мурдум барбайып,
Ууртумдагы жылмаюу
Кулакка жетти жалжайып.
Ашыра мактап кирдиңиз
Көңүлүмдү ийдиңиз,
Болду эми аке,мактабаң
Мурду менен сайылып
Жыгылбасын иниңиз.
Мөңкүп жаткан Донуңду
Жал-көкүлүн сылапсыз,
Жылуу сөз айтып жылмалап
Жакшы эле мени сынапсыз.
Саяпкер сындуу акырын
Жумшак сөздөн чубапсыз,
Жоошутуп азоо Донуңду
Барс аке,
ырыңдын учун улапсыз,
"Айта гой,иним айткын"-деп
Эл-жеримди сурапсыз.
Тилден сабак окуткан
Кошунамды айылда
Элестетип турасыыыыыыыыз.
Туулган жерим сурасаң,
Суктандырган далайды
Бийик тоолор мекени
Кыргызымдын Алайы.
Чыйырчыктан түшкөндө
Жылуу-Суу деген жерим бар,
Мына ошол жерди жердеген
Бир тууган менин элим бар.
Уругум карабаргыдан,
Сарыбаргы kom менен
Тууган болгон жайым бар,
Аке деп аны урматтап
Сыйлап калган жайым бар.
Жылуу-Сууда төрөлүп,
Ак бешикке бөлөнүп,
Ата-энемдин кенжеси,
Карыганда көрүшкөн
Уулу болом,эркеси.
Майда жандык,мал багып
Жылкы айдап, ат багып,
Ошентсем да окуудан
Аксап деле калбадык,
Жалаң бешке аяктап
Жеткинчектер мектептин
Туш тарапка таркадык.
Окуу жайды Оштогу
Аяктадым бул жылы,
Адаштым кокуй,Барс аке
Бул жылы эмес,былтыры.
Дипломду колго алган соң
Эки жакты карадым,
Бу кагылыш болуп өткөн соң
Тынч эмес шаардын абалы.
Айылдамын азыр мен
Моюнга түшүп мал жагы,
Жардамым берип жүрөмүн
Таштабай ата,апамы.
Акелер кайтса чет жактан
Мен да бир жерди кезээрмин,
Жаш элемин мен азыр
өзүмчө жумуш иштөөгө
Анан деле жетээрмин.
Мынакей,аким Барс агай
Жалпылап айткан абалым,
Нукура кыргыз жыттанган
Айылдык эле баламын.
Эмки кептин кезегин
өзүңүз жакка бурайын,
Сиз жөнүндө маалымат
Азыноолак сурайын.
Мүмкүн болсо мен сиздин
Таржымалды угайын.
Ыркесенин чынысын
Сиз тарапка сунайыыын.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#1054 07 Январь 2011 - 21:15
honey,honey
дейт экен
Кыргызча "асел" дейт экен,
Баалап аны адамдар
Дарылыкка жейт экен.
Бал болсо өмүр дарысы,
Мындагы турган honey кыз
Жигиттин болоор дарысы.
"Жамийланы" эстебей
"Турнаны" эстең жакшысы.
Мырзагүл болсоң суйкайып
Суктанаар мында баарысы,
Султаныңыз жок беле,
Ошого карап уланат
Ырымдын мындан арысы.
Түгөйүңүз жок болсо
Султанмурат болоюн,
Атымды минип кечүүдөн
Жолуңузду тороюн.
Кыргызча "асел" дейт экен,
Баалап аны адамдар
Дарылыкка жейт экен.
Бал болсо өмүр дарысы,
Мындагы турган honey кыз
Жигиттин болоор дарысы.
"Жамийланы" эстебей
"Турнаны" эстең жакшысы.
Мырзагүл болсоң суйкайып
Суктанаар мында баарысы,
Султаныңыз жок беле,
Ошого карап уланат
Ырымдын мындан арысы.
Түгөйүңүз жок болсо
Султанмурат болоюн,
Атымды минип кечүүдөн
Жолуңузду тороюн.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#1055 07 Январь 2011 - 22:01
Биз жакта инет бузулуп,
Супер форум жүз үйрүп.
Жаттык азга айла жок,
Кейип да, ичтен сызылып...
Айтышыбыз не болду,
Акындар неге ээ болду?
Маалымат жок, эч жактан,
Ойлоно берип мээ соолду.
Айтылбай ырлар бук болуп,
Агаңдын ичи жык толуп.
Абыдан жаман иш болуп,
Ааламды жарар шык соолуп...
Ушинтип наалып турганда.
Байланыш болду инетте.
Аалам жарык өңдөндү,
Дал ушул сонун мүнөттө.
Шашыла ачсам форумду,
Бир топ акын кириптир.
Баарына жооп ыр жазып,
Дон акын анча жүрүптүр...
Акырында мага жооп,
Айткан ырын илиптир...
Атагы кеткен далайга,
Болгонмун мен да Алайда.
Конок болуп келгенмин,
Толуп турган жай айда.
Анда СССРдин маалы эле,
Жегендер- шекер, бал эле.
Кескени чучук, жал эле.
Конокко кайра чакырчу,
Коноктон чыксаң жаңы эле.
Меймандос Алай жергесин,
Эстеп жүрөм дагы эле.
Гүлчөдөн чыгып келатып,
Бурулдук эле булакка.
Агат экен жылуу суу,
Жуундук ошол булакта.
Бассейини бар эле,
Биз көргөн ошол убакта.
“Туулган жерим- “Жылуу-Суу”-
Деп ырдасаң, Донкухот,
Ошол жер ойдо турат да...
А балким жериң башкадыр,
Барс агаң билбейт-шашмадыр. ..
Не болсо да бул сөзүң,
Жылуу угулду кулакка.
А мен болсо болом аксылык,
Төрөлдүм да, торолдум,
Шул жерде өттү жашчылык.
Орто мектеп аяктап,
Калган кезде каз туруп,
Фрунзеде окугам,
Билим жакка баш буруп...
Андан бери бир канча,
Жыл өттү да, күн өттү.
Балдарга билим беремин,
Чен кылып 45 мүнөттү.
Мен окуткан балдардын,
Азыр чебереси бешикте.
45 жыл иштеп келатам,
Мугалимдик кесипте.
Калганын бир жай кезде,
Анан кийин эшит э?
Кимдир бирөө чакырат,
чыгайынчы эшикте...
Супер форум жүз үйрүп.
Жаттык азга айла жок,
Кейип да, ичтен сызылып...
Айтышыбыз не болду,
Акындар неге ээ болду?
Маалымат жок, эч жактан,
Ойлоно берип мээ соолду.
Айтылбай ырлар бук болуп,
Агаңдын ичи жык толуп.
Абыдан жаман иш болуп,
Ааламды жарар шык соолуп...
Ушинтип наалып турганда.
Байланыш болду инетте.
Аалам жарык өңдөндү,
Дал ушул сонун мүнөттө.
Шашыла ачсам форумду,
Бир топ акын кириптир.
Баарына жооп ыр жазып,
Дон акын анча жүрүптүр...
Акырында мага жооп,
Айткан ырын илиптир...
Атагы кеткен далайга,
Болгонмун мен да Алайда.
Конок болуп келгенмин,
Толуп турган жай айда.
Анда СССРдин маалы эле,
Жегендер- шекер, бал эле.
Кескени чучук, жал эле.
Конокко кайра чакырчу,
Коноктон чыксаң жаңы эле.
Меймандос Алай жергесин,
Эстеп жүрөм дагы эле.
Гүлчөдөн чыгып келатып,
Бурулдук эле булакка.
Агат экен жылуу суу,
Жуундук ошол булакта.
Бассейини бар эле,
Биз көргөн ошол убакта.
“Туулган жерим- “Жылуу-Суу”-
Деп ырдасаң, Донкухот,
Ошол жер ойдо турат да...
А балким жериң башкадыр,
Барс агаң билбейт-шашмадыр. ..
Не болсо да бул сөзүң,
Жылуу угулду кулакка.
А мен болсо болом аксылык,
Төрөлдүм да, торолдум,
Шул жерде өттү жашчылык.
Орто мектеп аяктап,
Калган кезде каз туруп,
Фрунзеде окугам,
Билим жакка баш буруп...
Андан бери бир канча,
Жыл өттү да, күн өттү.
Балдарга билим беремин,
Чен кылып 45 мүнөттү.
Мен окуткан балдардын,
Азыр чебереси бешикте.
45 жыл иштеп келатам,
Мугалимдик кесипте.
Калганын бир жай кезде,
Анан кийин эшит э?
Кимдир бирөө чакырат,
чыгайынчы эшикте...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#1056 07 Январь 2011 - 22:21
Оо,кокуй балдар турайлы
Кичинеден жылайлы,
elif бийкеч бул жерге
Батпай калган турбайбы.
Аялзатын урматтап
Бошотуп орун берели,
Көңүлдөрүн оорутпай
Сөздүн гүлүн терели!
Акындардын айлында
Төгөйүн деп келипсиз,
ДонКихотту жакындан
Көрөйүн деп келипсиз
Конокторго көңүлдү
Бөлөйүн деп келипсиз.
Келипсиз еlif жаркылдап,
Айтыңыз менден не кызмат,
Бүркүттү туурап берсемби
Канатты жайып шаңкылдап?
Жадырап келип алдыма
Жашымды сурап турасыз,
Баягыда айтты элем,
Укпай калган окшойсуз
Кайталап дагы сурапсыз.
Байкадыңыз туптуура,
Балапан бала эмесмин,
Акылга кирген убагым
Чийки,чала эмесмин.
22нин кырынан
23кө жөнөдүм,
өзүм теңдүү балдардын
Балапанын көрбөдүм.
Мүнөзүм токтоо башынан,
Карыган ата-энемден
Тарбия алгам жашыман.
Карынын көргөн таалимин
Ошондой болот окшойбу
Курдаштардан озунуп
Мүнөзү эрте токтойбу.
Айтайын десем андай деп
Бу айкөл Манас бабабыз
Он биринде жоо чапкан,
Он бешинде кабылан
Хан шайланып эл баккан.
Ошондуктан айтаарым,
Токтоо болуп турганым
Жашыман эмес,нары жактан.
Какылдаган тилимди
Билбеймин elif,ким берди,
Канымда бардыр а балким
Сиз айткан мүмкүн гейзерби?
Бабамдан калган бул өнөр
А балким талант гендедир?
Ээ еlif бийкеч айтасыз,
Атактуу акын Токтогул
Жараткандын алдында
Биздей эле пендедир,
А бирок өнөр,талантты
Ашыкчараак бергендир,
Акынды акын болмогу
Колдоп жургөн элдендиииииир.
Кичинеден жылайлы,
elif бийкеч бул жерге
Батпай калган турбайбы.
Аялзатын урматтап
Бошотуп орун берели,
Көңүлдөрүн оорутпай
Сөздүн гүлүн терели!
Акындардын айлында
Төгөйүн деп келипсиз,
ДонКихотту жакындан
Көрөйүн деп келипсиз
Конокторго көңүлдү
Бөлөйүн деп келипсиз.
Келипсиз еlif жаркылдап,
Айтыңыз менден не кызмат,
Бүркүттү туурап берсемби
Канатты жайып шаңкылдап?
Жадырап келип алдыма
Жашымды сурап турасыз,
Баягыда айтты элем,
Укпай калган окшойсуз
Кайталап дагы сурапсыз.
Байкадыңыз туптуура,
Балапан бала эмесмин,
Акылга кирген убагым
Чийки,чала эмесмин.
22нин кырынан
23кө жөнөдүм,
өзүм теңдүү балдардын
Балапанын көрбөдүм.
Мүнөзүм токтоо башынан,
Карыган ата-энемден
Тарбия алгам жашыман.
Карынын көргөн таалимин
Ошондой болот окшойбу
Курдаштардан озунуп
Мүнөзү эрте токтойбу.
Айтайын десем андай деп
Бу айкөл Манас бабабыз
Он биринде жоо чапкан,
Он бешинде кабылан
Хан шайланып эл баккан.
Ошондуктан айтаарым,
Токтоо болуп турганым
Жашыман эмес,нары жактан.
Какылдаган тилимди
Билбеймин elif,ким берди,
Канымда бардыр а балким
Сиз айткан мүмкүн гейзерби?
Бабамдан калган бул өнөр
А балким талант гендедир?
Ээ еlif бийкеч айтасыз,
Атактуу акын Токтогул
Жараткандын алдында
Биздей эле пендедир,
А бирок өнөр,талантты
Ашыкчараак бергендир,
Акынды акын болмогу
Колдоп жургөн элдендиииииир.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#1057 08 Январь 2011 - 05:52
Эки бетиң албырып
Amantur баатыр уялба,
Баа берип сага ичимден
Баарлашып турганда.
Көп юзердин ичинен
Сага көңүл бурганда,
Достошууга умтулуп
Сага колум сунганда,
Көкүрөктө оргуган
Кыргыздык намыс бар дегем,
Ошондуктан жармашкам
Сен оппозиция курганда.
Ошол кыймыл сен түзгөн
Токтоп калды эмнеге,
"Жөн жүрбөйсүң түгөт"-деп
Калдың бекен жемеге,
Же бийлик ээси акимдер
Чөнтөгүңдү паралап
Карматтыбы бирдеме?
Сенден жакшы сунуштар
Чыкса керек деди элем,
Токтоп калбай ишибиз
Жылса керек деди элем,
Бир билгениң бар үчүн
Кыймылга кирип келди элем.
Башкаруучу укукка
Ээ эмессиң деди элең,
Катарда мүчө болсом да
Пайдам тиер деди элем.
өлкөдөгу бакырчаак
оппозицияга окшошпой,
Бараанду иштер баштасак,
Жыргалы үчүн калкымдын
Батыраак кадам таштасак,
Азыркы кыйын учурда
Айтышты угуп тамшанып
Жата бербей жамбаштап.
Amantur баатыр уялба,
Баа берип сага ичимден
Баарлашып турганда.
Көп юзердин ичинен
Сага көңүл бурганда,
Достошууга умтулуп
Сага колум сунганда,
Көкүрөктө оргуган
Кыргыздык намыс бар дегем,
Ошондуктан жармашкам
Сен оппозиция курганда.
Ошол кыймыл сен түзгөн
Токтоп калды эмнеге,
"Жөн жүрбөйсүң түгөт"-деп
Калдың бекен жемеге,
Же бийлик ээси акимдер
Чөнтөгүңдү паралап
Карматтыбы бирдеме?
Сенден жакшы сунуштар
Чыкса керек деди элем,
Токтоп калбай ишибиз
Жылса керек деди элем,
Бир билгениң бар үчүн
Кыймылга кирип келди элем.
Башкаруучу укукка
Ээ эмессиң деди элең,
Катарда мүчө болсом да
Пайдам тиер деди элем.
өлкөдөгу бакырчаак
оппозицияга окшошпой,
Бараанду иштер баштасак,
Жыргалы үчүн калкымдын
Батыраак кадам таштасак,
Азыркы кыйын учурда
Айтышты угуп тамшанып
Жата бербей жамбаштап.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#1058 08 Январь 2011 - 14:11
Охоо,анда Барс аке
Кыламын сизге таазим,
Мугалим болгон адамга
Башты ийүү ылаазым.
Аргасыздан мектепти
Эстеп кеттим "сыразу" ,
Мени окуткан маалимдерге
Болуп келем ыраазы.
Көлөкөлүү саябан
Мөмөлүү дарак экенсиз,
Кызматына кыргыздын
Жаралгандан экенсиз.
"Фразеологизм" темада
Жазууңуздан байкадым,
Ошондо эле мен сизге
Тан берип башым чайкадым,
Жазсамбы деп кыпчылып
Айтаар сөзүм таппадым.
Азаматсыз Барс аке
Мугалим кымбат алтындан,
Эл үчүн кылган эмгегиң
Сый-урмат көргүн калкыңдааааан.
Барган экенс Алайга
Сый-урматын элимдин
Унутпапсыз далайга,
Ушундай бир меймандос
Туугандар бар Алайда.
Сиз айткан булак жыпжылуу
Биздин айыл сыймыгы,
Чар тараптан эл келип
Зыярат кылчу ыйыгы.
Замандар келип бузулган
Чоңдор да көңүл бурбаган,
Сиз көргөн ошол илгерки
Бассейни азыр кургаган
Барс аке сөздүн учугун
Башка жакка бурайлы,
Кыргызымдын азыркы
Ахыбалын ырдайлы,
Мактачусун мактайлы
Начарларын сындайлы.
Элди ырдачу акындар
Биз ошол салтты бузбайлыыыы.
Кыламын сизге таазим,
Мугалим болгон адамга
Башты ийүү ылаазым.
Аргасыздан мектепти
Эстеп кеттим "сыразу" ,
Мени окуткан маалимдерге
Болуп келем ыраазы.
Көлөкөлүү саябан
Мөмөлүү дарак экенсиз,
Кызматына кыргыздын
Жаралгандан экенсиз.
"Фразеологизм" темада
Жазууңуздан байкадым,
Ошондо эле мен сизге
Тан берип башым чайкадым,
Жазсамбы деп кыпчылып
Айтаар сөзүм таппадым.
Азаматсыз Барс аке
Мугалим кымбат алтындан,
Эл үчүн кылган эмгегиң
Сый-урмат көргүн калкыңдааааан.
Барган экенс Алайга
Сый-урматын элимдин
Унутпапсыз далайга,
Ушундай бир меймандос
Туугандар бар Алайда.
Сиз айткан булак жыпжылуу
Биздин айыл сыймыгы,
Чар тараптан эл келип
Зыярат кылчу ыйыгы.
Замандар келип бузулган
Чоңдор да көңүл бурбаган,
Сиз көргөн ошол илгерки
Бассейни азыр кургаган
Барс аке сөздүн учугун
Башка жакка бурайлы,
Кыргызымдын азыркы
Ахыбалын ырдайлы,
Мактачусун мактайлы
Начарларын сындайлы.
Элди ырдачу акындар
Биз ошол салтты бузбайлыыыы.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#1059 08 Январь 2011 - 14:54
Иш болот аста секиндеп
Буйруса супер форумда
Кошулат бирин экиндеп
Бизди колдоор адамда
Алдырбастан шайтанга
Кылдаттык менен ойлонуп
Окуп жатам "Манас" ты
Кыргыз сөздү колдонуп
Эми биз курган кыймыл балапан
Атын али ала элек
Манастан издеп карасам
Жакшы болоор деди элем
Башталат доске бул иштер
Болобуз эми биз ишмер
Аткарып жакшы иштерди
Оңдоорбузбалким, ким билер.
деп сөзүн бүтүрүп, акындарга ийгилик тилеп, Амантур башка иштерин аткарганы кетти
Буйруса супер форумда
Кошулат бирин экиндеп
Бизди колдоор адамда
Алдырбастан шайтанга
Кылдаттык менен ойлонуп
Окуп жатам "Манас" ты
Кыргыз сөздү колдонуп
Эми биз курган кыймыл балапан
Атын али ала элек
Манастан издеп карасам
Жакшы болоор деди элем
Башталат доске бул иштер
Болобуз эми биз ишмер
Аткарып жакшы иштерди
Оңдоорбузбалким, ким билер.
деп сөзүн бүтүрүп, акындарга ийгилик тилеп, Амантур башка иштерин аткарганы кетти
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#1060 08 Январь 2011 - 15:00
honey, honeyдейт экен
Кыргызча "асел" дейт экен,
Баалап аны адамдар
Дарылыкка жейт экен.
Бал болсо өмүр дарысы,
Мындагы турган honey кыз
Жигиттин болоор дарысы.
"Жамийланы" эстебей
"Турнаны" эстең жакшысы.
Мырзагүл болсоң суйкайып
Суктанаар мында баарысы,
Султаныңыз жок беле,
Ошого карап уланат
Ырымдын мындан арысы.
Түгөйүңүз жок болсо
Султанмурат болоюн,
Атымды минип кечүүдөн
Жолуңузду тороюн.
Кыргызча "асел" дейт экен,
Баалап аны адамдар
Дарылыкка жейт экен.
Бал болсо өмүр дарысы,
Мындагы турган honey кыз
Жигиттин болоор дарысы.
"Жамийланы" эстебей
"Турнаны" эстең жакшысы.
Мырзагүл болсоң суйкайып
Суктанаар мында баарысы,
Султаныңыз жок беле,
Ошого карап уланат
Ырымдын мындан арысы.
Түгөйүңүз жок болсо
Султанмурат болоюн,
Атымды минип кечүүдөн
Жолуңузду тороюн.
«Асел» болсо ысымым,
Айтчы Дон- Кихот ,
Кайдан, мен болом Мырзагул ,
«Турнаны» деле окугам,
Бирок, мен ага туура келбейт экенмин,
Андан коро сен эстечи,
«Делбиримдеги» Аселди ,
Мырзагул деле болмокмун,
Сендей чечен акынга.
Билесинби Дон- Кихот,
Илияз деген болочок ак-калпак,
Жолумду, жакында эле тороду,
Сен андан коро акындар айтышын,
Башынан аяк, жакшы карачы,
Журушот ал жакта топ кыздар,
Кана эмесе, сага жаккан бирооно,
Комуз менен серенада ырдачы.
Чынында эле байкасам,
Дон- Кихот соз жок, чечен экенсин,
Балким, урук-тууганында,
Болуп журбосун, биз билген,
Атактуу токмо акындар,
Эгер болсо, кызык бизге,
Ким болушат болду экен, алар?
Коп болсун кыргызда!
Илгерки салты улаган,
Сендей созмоор акындар!
Анда эмесе улай бер,
Ай, баракелде, Дон-Кихот!
Бул жакка кирген акындар менен,
Андан ары акындар айтышыыыын.
Адам баласы оз бактысынын устаты!

Супер-Инфо
super.kg
видео















Мобилдүү версия