Суйкайган сулуу honey кыз
"Делбиримдин"
Асели
Долонду ашып Ильязы
Озунуп менден кеткенби,
Атымды мен чапканча
"Көк кашкасын"
жулкунтуп
Жаныңызга жеткенби.
Бактылуу өмүр каалаймын
Кол кармашкан жаштарга
үй-бүлөңөр жыл сайын
Көбөйө берсин баштарга.
Ынтымак-ырыс ыроолоп
Түндүгүңөр бек болсун,
Казан-аяк кагышмай
Ортоңордо жок болсун.
Окшошсо окшоп атыңар
Китептеги тагдырлар
Ылайым эле жок болсууууун!
Мага дагы бир сулуу
Маңдайыма жазгандыр,
Издейинчи жакшылап
Ал деле күтүп калгандыыыыр.
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#1062 08 Январь 2011 - 15:25
Aтaгы кеткен дaлaйгa
Суктaнaт кобу Aлaйгa
Aты угулуп aлыстaн
Сыймыктaнтып жерлуусун
Кaлыптыр aты тaрыxтa
Мм Aлaйлык кулунум
Суунун ичтин тунугун
Той-aштa етти кaйнaтып
Жaнaштырa жегендирсин
Боору менен куйругун
Aттын миндин кулугун
Издедин кыздын чурогун
Форумдa коп сулуулaр
Еми aлaрдын бироосунун
Ырын менен ееле журогун
Тыкылдaты тилинди
Донкиxод койдун нигинди
Шыргыйдaй узун белемсин
Деги оной менен тaптынбы?
устундогу кийимди))
Суйлосон ырлaр тогулот
Кыялын елпек корунот
Кырчындaй жигит екенсин
Кыдырып кырлaр кыз издеп
Кызгaлдaк сунуп чоголоп
Султaнын тaп конулдун
Узунун жaшa омурдун
Aлгaнын менен тен кaрып
Неберен ойноп тизенде
Корку бол aкжолтой торундун
Суктaнaт кобу Aлaйгa
Aты угулуп aлыстaн
Сыймыктaнтып жерлуусун
Кaлыптыр aты тaрыxтa
Мм Aлaйлык кулунум
Суунун ичтин тунугун
Той-aштa етти кaйнaтып
Жaнaштырa жегендирсин
Боору менен куйругун
Aттын миндин кулугун
Издедин кыздын чурогун
Форумдa коп сулуулaр
Еми aлaрдын бироосунун
Ырын менен ееле журогун
Тыкылдaты тилинди
Донкиxод койдун нигинди
Шыргыйдaй узун белемсин
Деги оной менен тaптынбы?
устундогу кийимди))
Суйлосон ырлaр тогулот
Кыялын елпек корунот
Кырчындaй жигит екенсин
Кыдырып кырлaр кыз издеп
Кызгaлдaк сунуп чоголоп
Султaнын тaп конулдун
Узунун жaшa омурдун
Aлгaнын менен тен кaрып
Неберен ойноп тизенде
Корку бол aкжолтой торундун
все что ни делается все к лучшему :(
#1063 08 Январь 2011 - 15:57
Суйкайган сулуу honey кыз
"Делбиримдин" Асели
Долонду ашып Ильязы
Озунуп менден кеткенби,
Атымды мен чапканча
"Көк кашкасын" жулкунтуп
Жаныңызга жеткенби.
Бактылуу өмүр каалаймын
Кол кармашкан жаштарга
үй-бүлөңөр жыл сайын
Көбөйө берсин баштарга.
Ынтымак-ырыс ыроолоп
Түндүгүңөр бек болсун,
Казан-аяк кагышмай
Ортоңордо жок болсун.
Окшошсо окшоп атыңар
Китептеги тагдырлар
Ылайым эле жок болсууууун!
Мага дагы бир сулуу
Маңдайыма жазгандыр,
Издейинчи жакшылап
Ал деле күтүп калгандыыыыр.
"Делбиримдин" Асели
Долонду ашып Ильязы
Озунуп менден кеткенби,
Атымды мен чапканча
"Көк кашкасын" жулкунтуп
Жаныңызга жеткенби.
Бактылуу өмүр каалаймын
Кол кармашкан жаштарга
үй-бүлөңөр жыл сайын
Көбөйө берсин баштарга.
Ынтымак-ырыс ыроолоп
Түндүгүңөр бек болсун,
Казан-аяк кагышмай
Ортоңордо жок болсун.
Окшошсо окшоп атыңар
Китептеги тагдырлар
Ылайым эле жок болсууууун!
Мага дагы бир сулуу
Маңдайыма жазгандыр,
Издейинчи жакшылап
Ал деле күтүп калгандыыыыр.
Дон-Кихот мени турмушка,
Узатып койгон турбайбы,
Уже эле Ильязга,
Мени кол кармаштырып,
Койгон турбайбы,
«Болочок» ак калпак деп, жазам деп,
Ал созду унутуп койгон экенмин,
Туура эмес инфо кетип,
Бизди эмне тойго чакырбайт деп,
Акындар ойлоп калбасын,
Ал экообуз кол кармашар,
Буйурса, ал кун да келет,
Каалолоруна рахмат,
Туура айтасын Дон-Кихот,
Сага дагы жазды сулууну,
Куто турсан табылат.
Адам баласы оз бактысынын устаты!
#1064 08 Январь 2011 - 16:10
elif бийкеч келиңиз,
Сиз үчүн бошойт төрүбүз,
Чыканактап жаздыкка
Биздин сыйды көрүңүз
Комузду чертип шаңдантып
Ырыңыздан төгүңүз!
Айтылуу Алай жеримдин
Алыска кеткен даңкы бар,
Абалтан кыргыз элинде
Алдаканча баркы бар.
Боору менен куйругун
Далай жолу сугундум,
Суунун ичтим тунугун
Жылуу чыккан суусуна
Далай жолу жуундум.
Ардактап күлүк бакканмын
Аш-тойлордо чапканмын,
Курдаш балдар чогулуп
Мини-улак тартканмын,
Киндиктеш болуп мал менен
Ат минип бой тартканмын.
Тулпардын миндим күлүгүн
Кыр-кырды ашып жүрүмүн,
Ойноктоп атты жүрөмүн
"Обьектин" издеп сүйүүмдүн.
Андормеда жакты эле,
Атаңдын гөрү дүнүйө
kom акемден кичүүмүн! ))))
Шыргыйдай узун болсом да
Шыргыйдай арык эмесмин,
Кихоттой тектүү болсом да
Кихоттой карып эмесмин.
А бирок биздин мүнөздө
Көп жерибиз окшошот,
Кыял,жорук сөзүбүз
Анча-мынча тогошот.
Адил атым калтырып
Дон болуп мында киргенмин,
Мага жаккан бир нерсе
Бар экенин билгенмииииииин!
Сиз үчүн бошойт төрүбүз,
Чыканактап жаздыкка
Биздин сыйды көрүңүз
Комузду чертип шаңдантып
Ырыңыздан төгүңүз!
Айтылуу Алай жеримдин
Алыска кеткен даңкы бар,
Абалтан кыргыз элинде
Алдаканча баркы бар.
Боору менен куйругун
Далай жолу сугундум,
Суунун ичтим тунугун
Жылуу чыккан суусуна
Далай жолу жуундум.
Ардактап күлүк бакканмын
Аш-тойлордо чапканмын,
Курдаш балдар чогулуп
Мини-улак тартканмын,
Киндиктеш болуп мал менен
Ат минип бой тартканмын.
Тулпардын миндим күлүгүн
Кыр-кырды ашып жүрүмүн,
Ойноктоп атты жүрөмүн
"Обьектин" издеп сүйүүмдүн.
Андормеда жакты эле,
Атаңдын гөрү дүнүйө
kom акемден кичүүмүн! ))))
Шыргыйдай узун болсом да
Шыргыйдай арык эмесмин,
Кихоттой тектүү болсом да
Кихоттой карып эмесмин.
А бирок биздин мүнөздө
Көп жерибиз окшошот,
Кыял,жорук сөзүбүз
Анча-мынча тогошот.
Адил атым калтырып
Дон болуп мында киргенмин,
Мага жаккан бир нерсе
Бар экенин билгенмииииииин!
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#1065 08 Январь 2011 - 16:16
Дон-Кихот
мени турмушка,
Узатып койгон турбайбы,
Уже эле Ильязга,
Мени кол кармаштырып,
Койгон турбайбы,
«Болочок» ак калпак деп, жазам деп,
Ал созду унутуп койгон экенмин,
Туура эмес инфо кетип,
Бизди эмне тойго чакырбайт деп,
Акындар ойлоп калбасын,
Ал экообуз кол кармашар,
Буйурса, ал кун да келет,
Каалолоруна рахмат,
Туура айтасын Дон-Кихот,
Сага дагы жазды сулууну,
Куто турсан табылат.
Узатып койгон турбайбы,
Уже эле Ильязга,
Мени кол кармаштырып,
Койгон турбайбы,
«Болочок» ак калпак деп, жазам деп,
Ал созду унутуп койгон экенмин,
Туура эмес инфо кетип,
Бизди эмне тойго чакырбайт деп,
Акындар ойлоп калбасын,
Ал экообуз кол кармашар,
Буйурса, ал кун да келет,
Каалолоруна рахмат,
Туура айтасын Дон-Кихот,
Сага дагы жазды сулууну,
Куто турсан табылат.
Aa кокуй,
Калдым эле бүшүркөй,
Жазыпмын мен да түшүнбөй,
Бирок айткан тилектерим
Кала берсин күчүндө.
Чакырышты унутпа
үйлөнүү үлпөт күнүңдө,
Ырдап берем токтобой
Дон Кихот азыр күчүндөөө!
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#1066 08 Январь 2011 - 18:24
elif бийкеч келиңиз,
Сиз үчүн бошойт төрүбүз,
Чыканактап жаздыкка
Биздин сыйды көрүңүз
Комузду чертип шаңдантып
Ырыңыздан төгүңүз!
Айтылуу Алай жеримдин
Алыска кеткен даңкы бар,
Абалтан кыргыз элинде
Алдаканча баркы бар.
Боору менен куйругун
Далай жолу сугундум,
Суунун ичтим тунугун
Жылуу чыккан суусуна
Далай жолу жуундум.
Ардактап күлүк бакканмын
Аш-тойлордо чапканмын,
Курдаш балдар чогулуп
Мини-улак тартканмын,
Киндиктеш болуп мал менен
Ат минип бой тартканмын.
Тулпардын миндим күлүгүн
Кыр-кырды ашып жүрүмүн,
Ойноктоп атты жүрөмүн
"Обьектин" издеп сүйүүмдүн.
Андормеда жакты эле,
Атаңдын гөрү дүнүйө
kom акемден кичүүмүн! ))))
Шыргыйдай узун болсом да
Шыргыйдай арык эмесмин,
Кихоттой тектүү болсом да
Кихоттой карып эмесмин.
А бирок биздин мүнөздө
Көп жерибиз окшошот,
Кыял,жорук сөзүбүз
Анча-мынча тогошот.
Адил атым калтырып
Дон болуп мында киргенмин,
Мага жаккан бир нерсе
Бар экенин билгенмииииииин!
Сиз үчүн бошойт төрүбүз,
Чыканактап жаздыкка
Биздин сыйды көрүңүз
Комузду чертип шаңдантып
Ырыңыздан төгүңүз!
Айтылуу Алай жеримдин
Алыска кеткен даңкы бар,
Абалтан кыргыз элинде
Алдаканча баркы бар.
Боору менен куйругун
Далай жолу сугундум,
Суунун ичтим тунугун
Жылуу чыккан суусуна
Далай жолу жуундум.
Ардактап күлүк бакканмын
Аш-тойлордо чапканмын,
Курдаш балдар чогулуп
Мини-улак тартканмын,
Киндиктеш болуп мал менен
Ат минип бой тартканмын.
Тулпардын миндим күлүгүн
Кыр-кырды ашып жүрүмүн,
Ойноктоп атты жүрөмүн
"Обьектин" издеп сүйүүмдүн.
Андормеда жакты эле,
Атаңдын гөрү дүнүйө
kom акемден кичүүмүн! ))))
Шыргыйдай узун болсом да
Шыргыйдай арык эмесмин,
Кихоттой тектүү болсом да
Кихоттой карып эмесмин.
А бирок биздин мүнөздө
Көп жерибиз окшошот,
Кыял,жорук сөзүбүз
Анча-мынча тогошот.
Адил атым калтырып
Дон болуп мында киргенмин,
Мага жаккан бир нерсе
Бар экенин билгенмииииииин!
Оой рaxмaт иничек
Ылaйым тилегине жет
Кудaйым буюрсa егер
Сыйын коруп келеербиз
Сен aлгaндa келинчек
Инилерим бaaрысын
'Кулунум' дебейм билип aл
Aйтсaм aнын жону бaр
Кун-Електик боломун
Кулaгынa илип aл
Тaмaктaн коп соз кылып
Шилекейим aгызбa
Жaлбырaктaй сaргaрып
Сaгынып кaлгaн учурум
Сaнaaaлaр менен aлыстa
Ушундaй дa болобу?
Куругaн бaссейн жоругу
Окуп aлып ырындaн
Конулум емес журогум
Aябaй еле ооруду
все что ни делается все к лучшему :(
#1067 08 Январь 2011 - 21:27
Алыстан келип айтышка
Туугандарым таптым го,
kom акем менен эжекем
Экөө бирдей бактым го!
үйлөнүп калсам сиздерди
Чакырам сөзсүз тоюма,
Ошондо эже тоерсуз
Алайдын куйрук-бооруна.
Кусаланып,сагынып
Алыс жакта окшойсуз
Бөтөн элде,чет жерде
Аман-эсен болгойсуз.
Саргарып санаа тартпаңыз
Жазылсын эже капаңыз,
Кусалыгың билинсе
Кыйналат ата,апаңыз.
Жай толукшуп толгондо
Эл жайлоого конгондо
Келиңиз эже айлыма
Сый коногум болгонго.
Жамбаштап жатып жайлоодо
Кымыздын тое жутаарбыз,
Кызык кептен сөз баштап
Кызый-кызый ырдаарбыз.
Жараткан ошол күндөргө
Жеткирсинчи буюруп,
Ага чейин ыйлабаң
Эжеке,
Көзүңдөн жашың куюлуууууууп.
Туугандарым таптым го,
kom акем менен эжекем
Экөө бирдей бактым го!
үйлөнүп калсам сиздерди
Чакырам сөзсүз тоюма,
Ошондо эже тоерсуз
Алайдын куйрук-бооруна.
Кусаланып,сагынып
Алыс жакта окшойсуз
Бөтөн элде,чет жерде
Аман-эсен болгойсуз.
Саргарып санаа тартпаңыз
Жазылсын эже капаңыз,
Кусалыгың билинсе
Кыйналат ата,апаңыз.
Жай толукшуп толгондо
Эл жайлоого конгондо
Келиңиз эже айлыма
Сый коногум болгонго.
Жамбаштап жатып жайлоодо
Кымыздын тое жутаарбыз,
Кызык кептен сөз баштап
Кызый-кызый ырдаарбыз.
Жараткан ошол күндөргө
Жеткирсинчи буюруп,
Ага чейин ыйлабаң
Эжеке,
Көзүңдөн жашың куюлуууууууп.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#1068 08 Январь 2011 - 22:17
Taazim kylyp dilimden,
Salam aityp men keldim
Taimaw eken tilinden,
Sairanynardy emi bildim.
Birinen birin otosunor,
Syiyndy aytip korkomdop.
Bilinbei bir top ekensiner,
Sozum jok emi oto kop.
Bolgonu kaaloo tilegim bar,
Onorunor orkundosun.
Bolo4on akyn 4on jazmyw,
Oiunardy Kudaiym koldosun.
Attangan uluu saparynar,
Baisalduu bolsun ar daiym.
Aitywynar tomgo ailanyp,
Basylyp tursun ylaiym.
Emi maga uruksat etsener,
Uiat bolboi 4ygaiyn.
Anda sanda baw bagyp,
Konok ele bolup turaiyn.
Salam aityp men keldim
Taimaw eken tilinden,
Sairanynardy emi bildim.
Birinen birin otosunor,
Syiyndy aytip korkomdop.
Bilinbei bir top ekensiner,
Sozum jok emi oto kop.
Bolgonu kaaloo tilegim bar,
Onorunor orkundosun.
Bolo4on akyn 4on jazmyw,
Oiunardy Kudaiym koldosun.
Attangan uluu saparynar,
Baisalduu bolsun ar daiym.
Aitywynar tomgo ailanyp,
Basylyp tursun ylaiym.
Emi maga uruksat etsener,
Uiat bolboi 4ygaiyn.
Anda sanda baw bagyp,
Konok ele bolup turaiyn.
#1069 10 Январь 2011 - 15:07
Иеп балли, иним азамат
Жазганың көңүл шат кылат
Төккөнүң сонун, куйкумдуу
Тилиңден сенин чаң чыгат
Ээликтирип жүрөктү
Сөздөрүңдөн шаң чыгат
Бош эмес, кээ бириндей
Айтышың сенин тың чыгат
Берилип алган экенсиң
Бетиңден териң тамчылап
Бир-бирден жооп берипсиң
Азилиң менен чымчылап
Акындын далай канчасын
Качырыпсың камчылап
Бул темпте кетсең сен иним
Далайы дагы жанчылат
Коркконунан кээ бирөө
Үйүнө бекем жашынат
Адашып келип алгандар
Үйүн көздөй атын камчылайт
Отурсак шунтип экөөбүз
Кимиси калып ким чыгат
Ырларың түнү, таң эртең
Төгүп калган экенсиң
3 билдирүүлүк барьерден
Өтүп алган белемсиң
Ээликтирип жаштык дем
Эзилтип сени жеңекең
Ээлетип ийе жаздапмын
Ушунча болуп келбесем
Эркелеп секиин тийишип
Санга сан тийип жибишип
“Кеңири жүрөт сен жок”-деп
Жеңеңдин көөнүн бузушуп
Келбесем илип кетмексиң
Мынча болуп киришип
Аша чаап кеткен күнөөңдү
Сезип калган экенсиң
Аралап тескей күңгөйдү
Безип калган белемсиң
Мойнуңа салып куруңду
Кечирим сурап туруңбу?
Кечирбей коюу чыртыйып
Болбойт го эми мунуңду
Косяк бардыгын өзүңдө
Сезипсиң иним кезинде
Косягыңды жууш үчүн
Эсиңдеби кошунаң
Айтып бер Гүлү жөнүндө
А бирок, ушу сөзүңдү
Жеңеңе айта көрбө
Таарынып ыйлап жүрбөсүн
Өпкөсү батпай өпкөгө
Таарнычаак жайы бар эле
Тултуйбасын ал көпкө...
Баятан бери тыңдасам
Жакшы тема баштапсың
“Эл жөнүндө төгөлү”- деп
Ортого тема таштапсың
Теманы сунган авакең
Төгө түшсүн көрөйүн
Эси жок эселектерче
Ортоңорго түшпөйүн
Кыпчылбастан шүк туруп
Кезегимди күтөйүн
Уруксат берсең экөөнөр
Анан
Мен дагы бираз төгөйүн.. .
Жазганың көңүл шат кылат
Төккөнүң сонун, куйкумдуу
Тилиңден сенин чаң чыгат
Ээликтирип жүрөктү
Сөздөрүңдөн шаң чыгат
Бош эмес, кээ бириндей
Айтышың сенин тың чыгат
Берилип алган экенсиң
Бетиңден териң тамчылап
Бир-бирден жооп берипсиң
Азилиң менен чымчылап
Акындын далай канчасын
Качырыпсың камчылап
Бул темпте кетсең сен иним
Далайы дагы жанчылат
Коркконунан кээ бирөө
Үйүнө бекем жашынат
Адашып келип алгандар
Үйүн көздөй атын камчылайт
Отурсак шунтип экөөбүз
Кимиси калып ким чыгат
Ырларың түнү, таң эртең
Төгүп калган экенсиң
3 билдирүүлүк барьерден
Өтүп алган белемсиң
Ээликтирип жаштык дем
Эзилтип сени жеңекең
Ээлетип ийе жаздапмын
Ушунча болуп келбесем
Эркелеп секиин тийишип
Санга сан тийип жибишип
“Кеңири жүрөт сен жок”-деп
Жеңеңдин көөнүн бузушуп
Келбесем илип кетмексиң
Мынча болуп киришип
Аша чаап кеткен күнөөңдү
Сезип калган экенсиң
Аралап тескей күңгөйдү
Безип калган белемсиң
Мойнуңа салып куруңду
Кечирим сурап туруңбу?
Кечирбей коюу чыртыйып
Болбойт го эми мунуңду
Косяк бардыгын өзүңдө
Сезипсиң иним кезинде
Косягыңды жууш үчүн
Эсиңдеби кошунаң
Айтып бер Гүлү жөнүндө
А бирок, ушу сөзүңдү
Жеңеңе айта көрбө
Таарынып ыйлап жүрбөсүн
Өпкөсү батпай өпкөгө
Таарнычаак жайы бар эле
Тултуйбасын ал көпкө...
Баятан бери тыңдасам
Жакшы тема баштапсың
“Эл жөнүндө төгөлү”- деп
Ортого тема таштапсың
Теманы сунган авакең
Төгө түшсүн көрөйүн
Эси жок эселектерче
Ортоңорго түшпөйүн
Кыпчылбастан шүк туруп
Кезегимди күтөйүн
Уруксат берсең экөөнөр
Анан
Мен дагы бираз төгөйүн.. .
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
#1070 10 Январь 2011 - 20:26
Соз жок силерге.Мен аябай кубанычтамын!
Бизде дагы эле соз байлыгы тугонбогон коронголуу кыргыздын жигит,кыздары аз эмес экенине толук ишендим.Онорунор оркундой берсин ,кыргыздын уюткусу силер болосунар!
Чоон рахмат силерге!Башымды ийип таазим кылам.
#1071 10 Январь 2011 - 20:32
Көптөн бери “Айтышка”,
Кирбегеним себеби:
Донкухот иним, сен эми,
Көп акынга жооп берип,
Кыйналбасын дедим мен.
“Жаштыгынан ар кимге,
Тийшип алып бул бала,
Калбасын- деп- чайналып”,
Сенин камың жедим мен.
Кубандырды мени да,
“Айтыштан” тууган тапканың.
Азамат Донум, жолдуу деп,
Андыктан келет мактагым.
Тууганың болсо Ком акын-
Абдан эле чоң акын.
Елиф кыз экен эжекең,
Акын, тилчи, акылман,
Карачы таза, аппагын!! !
“Айтышта” ырдап үлгүлүү,
Иним, үмүттү эми актагын!
А иним, ырда депсиң заманды,
Билейин деп чамамды.
Өзүбүз жашап жатабыз,
Замандан кантип качабыз,
Жакшыбы, же жаманбы...
Заманды жаман дебестен,
Айтуу керек менимче,
Андагы жаман адамды.
Азыр абдан көбөйдү,
Ашап жаткан арамды.
Жашырасың канткенде,
Жашырын берген параңды.
Атып эле салгым бар,
Октоп туруп бараңды.
Байлыгы чирип жатса да,
Башкага тыйын бербеген
Бакыл, арсыз сараңды.
Кемчилин айтсаң бетине,
Кергиштеп кайра коркутат,
Көрөмүн деп чараңды.
Анан дагы кантесиң,
Айтканын сага маралды (моралды).
Улутунуп ойлойсуң:
“Ушулар дагы адамбы?!! ”
Айт дейсиң, Донум, айт дейсиң,
Азыркы ушул заманды.
Айыкпай кайра ырбаган,
Ачыштырып жарамды...
Кирбегеним себеби:
Донкухот иним, сен эми,
Көп акынга жооп берип,
Кыйналбасын дедим мен.
“Жаштыгынан ар кимге,
Тийшип алып бул бала,
Калбасын- деп- чайналып”,
Сенин камың жедим мен.
Кубандырды мени да,
“Айтыштан” тууган тапканың.
Азамат Донум, жолдуу деп,
Андыктан келет мактагым.
Тууганың болсо Ком акын-
Абдан эле чоң акын.
Елиф кыз экен эжекең,
Акын, тилчи, акылман,
Карачы таза, аппагын!! !
“Айтышта” ырдап үлгүлүү,
Иним, үмүттү эми актагын!
А иним, ырда депсиң заманды,
Билейин деп чамамды.
Өзүбүз жашап жатабыз,
Замандан кантип качабыз,
Жакшыбы, же жаманбы...
Заманды жаман дебестен,
Айтуу керек менимче,
Андагы жаман адамды.
Азыр абдан көбөйдү,
Ашап жаткан арамды.
Жашырасың канткенде,
Жашырын берген параңды.
Атып эле салгым бар,
Октоп туруп бараңды.
Байлыгы чирип жатса да,
Башкага тыйын бербеген
Бакыл, арсыз сараңды.
Кемчилин айтсаң бетине,
Кергиштеп кайра коркутат,
Көрөмүн деп чараңды.
Анан дагы кантесиң,
Айтканын сага маралды (моралды).
Улутунуп ойлойсуң:
“Ушулар дагы адамбы?!! ”
Айт дейсиң, Донум, айт дейсиң,
Азыркы ушул заманды.
Айыкпай кайра ырбаган,
Ачыштырып жарамды...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#1072 10 Январь 2011 - 22:19
Aп-бали kom аке, ыр эмес бекен а! деп эми мен улайын.
Аргымакты жаман деп
Бууданды кайдан табасың,
Агайынды жаман деп
Тууганды кайдан табасың,
Жөнөкөйдү жаман деп
"Крутойду" кайдан табасың,
Инилерди жаман деп
"Чужойду" кайдан табасың.
Жаман да болсоң иниңмин
"Косякты" алсам мойнума,
kom аке,
Кечирбей кайда барасың.
Кызганып кызың иниңден
Эмне пайда табасың?
Атадан артык туулган
Аттуу-баштуу баласың,
Айкырып мында иниңе
Абийир кандай табасың?
Тийишип койсом кыздарга
Ком аке анча таң калба,
Таң калып бүшүркөчүдөй
Түшпөдүм мен да асмандан.
Аганы көрүп ини өсөт-
Себебин издең макалдан.
Көз кысып кызга жатканым-
Сизди жазбай тартканым.
"Аганы көрүп ини өсөт",
"Эшигин көрүп төргө өт"-
Макалдар бар эң сонун,
"Агасын көрүп инисин
Сүй"-деген сөз бар экенин
Жеңеме
Түшүндүрүп коет окшоймун.
Кыз деген көктө Күн экен
Кыз көңүлү гүл экен,
Сугарып күндө турбасаң
Куураган бопбоз күл экен.
Жумушум көп дедиңиз
өлгөндө жумуш бүтөбү,
Жүрө берсең жумуш деп
Сагынып жеңем күтөбү?
Каалаган маалда жолукчу
Ушулбу сенин адатың,
Ушуга жеңем түтөбү?
Жаш эмеспи жеңекем,
Зэригип турган чагында
Кайниси менен күлбөйбү.))))
Лимит менен жаза албай
Калчу элем арманда,
Баса албай мукурап
3 метрлик арканда,
Ал тосмодон кутулуп
Эркиндикке келгенмин,
Жайлоодо жүргөн айгырдай
өзүмдү сезген кезегим,
Жетишип жатам ырдоого
Кургатпай жылкы тезегин.
Мурункудай ээн эркин
Жеңемсиз жүрө бербегин,
Суу куюп күндө түбүнө
Күн болуп тийип күнүгө
Жеңемдин көөнүн ээлегин.
Гүлү деп кепти козгодуң
Жайына аны койбодуң,
Тойсоң да өзүң,көз тойбой
Кыздарды көздөй жойлодуң.
Бураманы бурадың,
Гүлүнү неге сурадың,
Таарынып калса жеңекем
Анда эле аке куурадың.
Андорго терген гүлдөрдөн
Гүлүгө берген окшойсуз,
Көп баскан аяк чок басат,
Бир болсо аке сиз дагы
Чок басып анан токтойсуз.
Ушунча болуп калган соң
Моюнга эми алыңыз,
Кошуна бийкеч Гүлүгө
Байланып кантип калдыңыз?
Аргымакты жаман деп
Бууданды кайдан табасың,
Агайынды жаман деп
Тууганды кайдан табасың,
Жөнөкөйдү жаман деп
"Крутойду" кайдан табасың,
Инилерди жаман деп
"Чужойду" кайдан табасың.
Жаман да болсоң иниңмин
"Косякты" алсам мойнума,
kom аке,
Кечирбей кайда барасың.
Кызганып кызың иниңден
Эмне пайда табасың?
Атадан артык туулган
Аттуу-баштуу баласың,
Айкырып мында иниңе
Абийир кандай табасың?
Тийишип койсом кыздарга
Ком аке анча таң калба,
Таң калып бүшүркөчүдөй
Түшпөдүм мен да асмандан.
Аганы көрүп ини өсөт-
Себебин издең макалдан.
Көз кысып кызга жатканым-
Сизди жазбай тартканым.
"Аганы көрүп ини өсөт",
"Эшигин көрүп төргө өт"-
Макалдар бар эң сонун,
"Агасын көрүп инисин
Сүй"-деген сөз бар экенин
Жеңеме
Түшүндүрүп коет окшоймун.
Кыз деген көктө Күн экен
Кыз көңүлү гүл экен,
Сугарып күндө турбасаң
Куураган бопбоз күл экен.
Жумушум көп дедиңиз
өлгөндө жумуш бүтөбү,
Жүрө берсең жумуш деп
Сагынып жеңем күтөбү?
Каалаган маалда жолукчу
Ушулбу сенин адатың,
Ушуга жеңем түтөбү?
Жаш эмеспи жеңекем,
Зэригип турган чагында
Кайниси менен күлбөйбү.))))
Лимит менен жаза албай
Калчу элем арманда,
Баса албай мукурап
3 метрлик арканда,
Ал тосмодон кутулуп
Эркиндикке келгенмин,
Жайлоодо жүргөн айгырдай
өзүмдү сезген кезегим,
Жетишип жатам ырдоого
Кургатпай жылкы тезегин.
Мурункудай ээн эркин
Жеңемсиз жүрө бербегин,
Суу куюп күндө түбүнө
Күн болуп тийип күнүгө
Жеңемдин көөнүн ээлегин.
Гүлү деп кепти козгодуң
Жайына аны койбодуң,
Тойсоң да өзүң,көз тойбой
Кыздарды көздөй жойлодуң.
Бураманы бурадың,
Гүлүнү неге сурадың,
Таарынып калса жеңекем
Анда эле аке куурадың.
Андорго терген гүлдөрдөн
Гүлүгө берген окшойсуз,
Көп баскан аяк чок басат,
Бир болсо аке сиз дагы
Чок басып анан токтойсуз.
Ушунча болуп калган соң
Моюнга эми алыңыз,
Кошуна бийкеч Гүлүгө
Байланып кантип калдыңыз?
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#1073 10 Январь 2011 - 23:06
Анда кезекте Барс акеге жооп:
Ээ аке, төргө келиңиз,
Зеригип жалгыз тургамын
Угулбай сиздин үнүңүз,
Тыкылдатып жооп күтпөй
Сындыра тээп эшикти
Бул сиздин кирип келчү үйүңүз,
Беш акын чогуу келсе да
Чайналбайт жаман иниңиз!)))
Камымды жеген болсоңуз
Рахматымды тосуңуз,
Болсоңуз да Аксыдан
Сиз дагы аке болуңуз,
Акын чалыш балам деп
Жаш өспүрүп акынды
Кубандырып коюңуз!
Ырдадыңыз заманды,
Заманга баарын шылтаган
Алкымы бузук адамды,
Битин сыккан сараңды,
Кеп жебеген нааданды,
Аянбай эле тырмапсыз
Ачык турган жараңды.
Бу азыркы кыргыздан
Кыргыздык наркы кеткенби,
Каңгыган адам көбөйдү
Темселей берчү бет келди.
Мына ошолорду чогултуп
Пикет кылчу кез келди.
Акчага саткан кадырын
Айтпай эле коеюн
Ак үйдөгү шефтерди.
Арстанбек акын айткандай
Этеги,жеңи кыпкыска
Аялдар кийген кез келди,
Эркектер куруп калгансып
Башкарып аял бүт элди,
Чуркап жүрөт кээ бирөө
Беребиз деп "Нобельди" ,
Нобелиң оңой сыйлыкпы
Бериле берчү туш келди?
Бузулуп элдин ырайы,
Жакпай калдык Кудайга,
Канча ирет бийликти
Алмашканда не пайда?
Кача берип башчылар,
Ансыз да
Атыбыз кетти далайга!
Бийликти эмес калк ичин
Оңдош керек мындайда!
Ээ аке, төргө келиңиз,
Зеригип жалгыз тургамын
Угулбай сиздин үнүңүз,
Тыкылдатып жооп күтпөй
Сындыра тээп эшикти
Бул сиздин кирип келчү үйүңүз,
Беш акын чогуу келсе да
Чайналбайт жаман иниңиз!)))
Камымды жеген болсоңуз
Рахматымды тосуңуз,
Болсоңуз да Аксыдан
Сиз дагы аке болуңуз,
Акын чалыш балам деп
Жаш өспүрүп акынды
Кубандырып коюңуз!
Ырдадыңыз заманды,
Заманга баарын шылтаган
Алкымы бузук адамды,
Битин сыккан сараңды,
Кеп жебеген нааданды,
Аянбай эле тырмапсыз
Ачык турган жараңды.
Бу азыркы кыргыздан
Кыргыздык наркы кеткенби,
Каңгыган адам көбөйдү
Темселей берчү бет келди.
Мына ошолорду чогултуп
Пикет кылчу кез келди.
Акчага саткан кадырын
Айтпай эле коеюн
Ак үйдөгү шефтерди.
Арстанбек акын айткандай
Этеги,жеңи кыпкыска
Аялдар кийген кез келди,
Эркектер куруп калгансып
Башкарып аял бүт элди,
Чуркап жүрөт кээ бирөө
Беребиз деп "Нобельди" ,
Нобелиң оңой сыйлыкпы
Бериле берчү туш келди?
Бузулуп элдин ырайы,
Жакпай калдык Кудайга,
Канча ирет бийликти
Алмашканда не пайда?
Кача берип башчылар,
Ансыз да
Атыбыз кетти далайга!
Бийликти эмес калк ичин
Оңдош керек мындайда!
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#1074 12 Январь 2011 - 14:54
Агасын көрүп инисин
Өсөт дешкен илгертен
Устатынан шакирти
Өтөт делген илгертен
Муну айтканым себеби
Болбойт го эми
Түшүндүрүп бербесем
“Жазбай сизди тартым”- деп
“Тартканым сизди бактым”- деп
Айткансың иним өгүнү
Дагы далай, бир топ кеп...
Карап турсам иничек
Кызганчаак кылып коюпсуң
Устаттан өтсө шакирти
Ошондо сен не болосуң?
Байкалып калат кез-кезде
Антсе да такыр болбойсуң
“Өзүмдүкүн ” сен менден
Кызганып кээде коесуң
Аз келгенсип мен жокто
Жеңең жакка жойлойсуң
Түшүнбөй турам бул жагын
Жеңеңе качан тоесуң?
Бул жактан мага жетипсиң
Алдыга озуп кетипсиң
Себеби мен жеңелерг е
Тийишкенди билбепмин
Намектон калың бергемин
Бирок, сенчелик болгон эмесмин....
Кыз көңүлү гүл дейсиң
Кызыгып көпкө сүйлөйсүң
Айгырга өзүң теңейсиң
Алкынып аял дегдейсиң
Кыргызда кыз көп болсо да
Жеңеңден алыс кетпейсиң
Жеңеңди качан жөн коюп
Башка кызды ээрчийсиң?
Сен дагы качан менчилеп
Бир сулууну энчилеп
Жаш жүрөктү ээлейсиң?
Сурасам Гүлү жөнүндө
Так секирдиң түйүлө
Аны да кызгандыңбы же
Болсо эле жакын үйүңө?
Жөн эле сурап койгомун
Албагын жакын көңүлгө
Байланмакмын мен кантип
Көрбөсөм аны өмүрдө
“Агасын көрүп инисин
Сүй”- деген сөздү ошо Гүлүгө
Бар эле оюм жөн гана
Айтайын деген көңүлдө.
Аны сен бурдуң башкага
“Чок баспа”-деп какшана
Оюмду шунтип бузасың
Жүргөндө бир жакшына...
Байкап көрсөм өзүңдү
Аялзатын сыйлайсың
Туура, кээ бир адатын
Катыра айтып сындайсың
Ошентсе да жүрөктөн
Жаман жакка кыйбайсың
Алгын да эми кезекти
Айтып бер аялзатыны
Тургандар мында тыңдасын
Аялзаты тууралуу
Узун сабак ыр угуп
Кулактар да жыргасын.....
Өсөт дешкен илгертен
Устатынан шакирти
Өтөт делген илгертен
Муну айтканым себеби
Болбойт го эми
Түшүндүрүп бербесем
“Жазбай сизди тартым”- деп
“Тартканым сизди бактым”- деп
Айткансың иним өгүнү
Дагы далай, бир топ кеп...
Карап турсам иничек
Кызганчаак кылып коюпсуң
Устаттан өтсө шакирти
Ошондо сен не болосуң?
Байкалып калат кез-кезде
Антсе да такыр болбойсуң
“Өзүмдүкүн ” сен менден
Кызганып кээде коесуң
Аз келгенсип мен жокто
Жеңең жакка жойлойсуң
Түшүнбөй турам бул жагын
Жеңеңе качан тоесуң?
Бул жактан мага жетипсиң
Алдыга озуп кетипсиң
Себеби мен жеңелерг е
Тийишкенди билбепмин
Намектон калың бергемин
Бирок, сенчелик болгон эмесмин....
Кыз көңүлү гүл дейсиң
Кызыгып көпкө сүйлөйсүң
Айгырга өзүң теңейсиң
Алкынып аял дегдейсиң
Кыргызда кыз көп болсо да
Жеңеңден алыс кетпейсиң
Жеңеңди качан жөн коюп
Башка кызды ээрчийсиң?
Сен дагы качан менчилеп
Бир сулууну энчилеп
Жаш жүрөктү ээлейсиң?
Сурасам Гүлү жөнүндө
Так секирдиң түйүлө
Аны да кызгандыңбы же
Болсо эле жакын үйүңө?
Жөн эле сурап койгомун
Албагын жакын көңүлгө
Байланмакмын мен кантип
Көрбөсөм аны өмүрдө
“Агасын көрүп инисин
Сүй”- деген сөздү ошо Гүлүгө
Бар эле оюм жөн гана
Айтайын деген көңүлдө.
Аны сен бурдуң башкага
“Чок баспа”-деп какшана
Оюмду шунтип бузасың
Жүргөндө бир жакшына...
Байкап көрсөм өзүңдү
Аялзатын сыйлайсың
Туура, кээ бир адатын
Катыра айтып сындайсың
Ошентсе да жүрөктөн
Жаман жакка кыйбайсың
Алгын да эми кезекти
Айтып бер аялзатыны
Тургандар мында тыңдасын
Аялзаты тууралуу
Узун сабак ыр угуп
Кулактар да жыргасын.....
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
#1075 12 Январь 2011 - 16:49
Короздордун ичинен
Дакан келген турбайбы,
Көп акындын ичинен
Акам келген турбайбы,
Тамаша,азил ыр менен
Анда эмесе ырдайлы,
Ушундай жакшы күндөрдө
Ыр угайлы,жыргайлы,
Жооп бербей койсом акеме
Инисин кудай урбайбы!)))
Айгырдай сезип өзүмдү
Майкандапмын шиберди,
Ар кандай флуд сөз менен
Тажаткан окшойм бүт элди,
Тамашага айлантып
Олуттуу делген жерлерди.
Акимдердин бирөөсү
"Мончого" барып кел деди,
Көрбөй калдым кашайып
"Баняга" "билет" ким берди,
Иши кылып, жуунуп
Тазаланып кел деди,
Барбайм десем кыйылып
Мончого кууп жиберди.
"Парда" олтуруп жоготтум
Мээге сиңген жиндерди,
Эстеп коюп айласыз
Токтогул жүргөн Шиберди,
"Айгырдай иним" деп жүрүп
Аке,көзүңүз тийип кеткенби,
Түз жерден тайып жыгылып
Вестибулярный мээм жакка
Кокустан доо кеткенбииииии! )))
Ырдайлы десем заманды,
Айтасыз аке аялды,
Аялжандуу жигитсиз
Кантсе дагы акемсиз
Жакшыбы же жаманбы.
Ушунча баштап калыпсыз
Иниңиз анда улантат
Аялзат деген баянды.
Акем болбой жат болсоң
Сызаар элем сызыкты,
Андорду сизден талашып
Көрсөтөөр элем кызыкты!
А бирок сөз бар элимде
"Болгуча элдин кичүүсү
Болгун" дейт "иттин күчүгү",
Кичүүмүн сизден акетай
Сиздей жигит турганда
Жеңекем мени карайбы,
Көлөкөдө жан баккан
Инилерди баалайбыыыыы! )))
Аялзаттын баянын
Кечинде аке улаймын,
Шашылыш жумуш бар эле
Мен азыр токтой турайын.
Бошосо колум түнкүсү
Көңүлүмдү бурайын,
Мындагы жалпы кыздарга
Ырдесте кылып сунайын,
Жетишип келем бат эле
Мен азыр чыга турайын.
Дакан келген турбайбы,
Көп акындын ичинен
Акам келген турбайбы,
Тамаша,азил ыр менен
Анда эмесе ырдайлы,
Ушундай жакшы күндөрдө
Ыр угайлы,жыргайлы,
Жооп бербей койсом акеме
Инисин кудай урбайбы!)))
Айгырдай сезип өзүмдү
Майкандапмын шиберди,
Ар кандай флуд сөз менен
Тажаткан окшойм бүт элди,
Тамашага айлантып
Олуттуу делген жерлерди.
Акимдердин бирөөсү
"Мончого" барып кел деди,
Көрбөй калдым кашайып
"Баняга" "билет" ким берди,
Иши кылып, жуунуп
Тазаланып кел деди,
Барбайм десем кыйылып
Мончого кууп жиберди.
"Парда" олтуруп жоготтум
Мээге сиңген жиндерди,
Эстеп коюп айласыз
Токтогул жүргөн Шиберди,
"Айгырдай иним" деп жүрүп
Аке,көзүңүз тийип кеткенби,
Түз жерден тайып жыгылып
Вестибулярный мээм жакка
Кокустан доо кеткенбииииии! )))
Ырдайлы десем заманды,
Айтасыз аке аялды,
Аялжандуу жигитсиз
Кантсе дагы акемсиз
Жакшыбы же жаманбы.
Ушунча баштап калыпсыз
Иниңиз анда улантат
Аялзат деген баянды.
Акем болбой жат болсоң
Сызаар элем сызыкты,
Андорду сизден талашып
Көрсөтөөр элем кызыкты!
А бирок сөз бар элимде
"Болгуча элдин кичүүсү
Болгун" дейт "иттин күчүгү",
Кичүүмүн сизден акетай
Сиздей жигит турганда
Жеңекем мени карайбы,
Көлөкөдө жан баккан
Инилерди баалайбыыыыы! )))
Аялзаттын баянын
Кечинде аке улаймын,
Шашылыш жумуш бар эле
Мен азыр токтой турайын.
Бошосо колум түнкүсү
Көңүлүмдү бурайын,
Мындагы жалпы кыздарга
Ырдесте кылып сунайын,
Жетишип келем бат эле
Мен азыр чыга турайын.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#1076 21 Январь 2011 - 05:09
Akyndar esaluuga chygyshkanby ?
Alystyk arabyzdy bolup turat,
Jurogum ardaiym sen dep sogup turat.
Jurogum ardaiym sen dep sogup turat.
#1077 21 Январь 2011 - 12:27
Akyndar esaluuga chygyshkanby ?
өзүм менен өзүм айтышайын десем окшошпой калчудай. Чарчаттым окшойт баарын. Эсалышсын.
Калпагыңар башыңардан түшпөсүн, Кыргыз уулдары!!!
#1078 25 Январь 2011 - 13:34
Кайдасынар туугандар,
жана дагы туубагандар
ыр кеп менен муштумдап
тиштен ары ургандар
сая тушуп ар кимди
аркасынан куугандар
шан чыгарып бул жакта
эл конулун бургандар...
деп издемиш болуп коеюнчу....
жана дагы туубагандар
ыр кеп менен муштумдап
тиштен ары ургандар
сая тушуп ар кимди
аркасынан куугандар
шан чыгарып бул жакта
эл конулун бургандар...
деп издемиш болуп коеюнчу....
˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#1079 02 Февраль 2011 - 01:24
Короздордун ичинен
Дакан келген турбайбы,
Көп акындын ичинен
Акам келген турбайбы,
Тамаша,азил ыр менен
Анда эмесе ырдайлы,
Ушундай жакшы күндөрдө
Ыр угайлы,жыргайлы,
Жооп бербей койсом акеме
Инисин кудай урбайбы!)))
Айгырдай сезип өзүмдү
Майкандапмын шиберди,
Ар кандай флуд сөз менен
Тажаткан окшойм бүт элди,
Тамашага айлантып
Олуттуу делген жерлерди.
Акимдердин бирөөсү
"Мончого" барып кел деди,
Көрбөй калдым кашайып
"Баняга" "билет" ким берди,
Иши кылып, жуунуп
Тазаланып кел деди,
Барбайм десем кыйылып
Мончого кууп жиберди.
"Парда" олтуруп жоготтум
Мээге сиңген жиндерди,
Эстеп коюп айласыз
Токтогул жүргөн Шиберди,
"Айгырдай иним" деп жүрүп
Аке,көзүңүз тийип кеткенби,
Түз жерден тайып жыгылып
Вестибулярный мээм жакка
Кокустан доо кеткенбииииии! )))
Ырдайлы десем заманды,
Айтасыз аке аялды,
Аялжандуу жигитсиз
Кантсе дагы акемсиз
Жакшыбы же жаманбы.
Ушунча баштап калыпсыз
Иниңиз анда улантат
Аялзат деген баянды.
Акем болбой жат болсоң
Сызаар элем сызыкты,
Андорду сизден талашып
Көрсөтөөр элем кызыкты!
А бирок сөз бар элимде
"Болгуча элдин кичүүсү
Болгун" дейт "иттин күчүгү",
Кичүүмүн сизден акетай
Сиздей жигит турганда
Жеңекем мени карайбы,
Көлөкөдө жан баккан
Инилерди баалайбыыыыы! )))
Аялзаттын баянын
Кечинде аке улаймын,
Шашылыш жумуш бар эле
Мен азыр токтой турайын.
Бошосо колум түнкүсү
Көңүлүмдү бурайын,
Мындагы жалпы кыздарга
Ырдесте кылып сунайын,
Жетишип келем бат эле
Мен азыр чыга турайын.
Дакан келген турбайбы,
Көп акындын ичинен
Акам келген турбайбы,
Тамаша,азил ыр менен
Анда эмесе ырдайлы,
Ушундай жакшы күндөрдө
Ыр угайлы,жыргайлы,
Жооп бербей койсом акеме
Инисин кудай урбайбы!)))
Айгырдай сезип өзүмдү
Майкандапмын шиберди,
Ар кандай флуд сөз менен
Тажаткан окшойм бүт элди,
Тамашага айлантып
Олуттуу делген жерлерди.
Акимдердин бирөөсү
"Мончого" барып кел деди,
Көрбөй калдым кашайып
"Баняга" "билет" ким берди,
Иши кылып, жуунуп
Тазаланып кел деди,
Барбайм десем кыйылып
Мончого кууп жиберди.
"Парда" олтуруп жоготтум
Мээге сиңген жиндерди,
Эстеп коюп айласыз
Токтогул жүргөн Шиберди,
"Айгырдай иним" деп жүрүп
Аке,көзүңүз тийип кеткенби,
Түз жерден тайып жыгылып
Вестибулярный мээм жакка
Кокустан доо кеткенбииииии! )))
Ырдайлы десем заманды,
Айтасыз аке аялды,
Аялжандуу жигитсиз
Кантсе дагы акемсиз
Жакшыбы же жаманбы.
Ушунча баштап калыпсыз
Иниңиз анда улантат
Аялзат деген баянды.
Акем болбой жат болсоң
Сызаар элем сызыкты,
Андорду сизден талашып
Көрсөтөөр элем кызыкты!
А бирок сөз бар элимде
"Болгуча элдин кичүүсү
Болгун" дейт "иттин күчүгү",
Кичүүмүн сизден акетай
Сиздей жигит турганда
Жеңекем мени карайбы,
Көлөкөдө жан баккан
Инилерди баалайбыыыыы! )))
Аялзаттын баянын
Кечинде аке улаймын,
Шашылыш жумуш бар эле
Мен азыр токтой турайын.
Бошосо колум түнкүсү
Көңүлүмдү бурайын,
Мындагы жалпы кыздарга
Ырдесте кылып сунайын,
Жетишип келем бат эле
Мен азыр чыга турайын.
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#1080 02 Февраль 2011 - 13:12
Жаны- жылда коп кирген,
Акындардын баарысы,
Эс алууда журобу!?
Же алардын баардыгы,
«Трудоголик» окшойбу!?
Кээ бироосу жумуштан,
Кээ бироосу окуудан,
Бошобогон пик учурбу!?
Биз суктанган,
Махабат дастанындагы образдар,
Ком менен Андормеда ,
Алар дагы корунбойт,
Же экоо кол кармашып,
Аларга тийишкен адамдардан,
Алар дагы эс алып журобу!?
Курманжан Датканын жерин жердеген,
Алайдан чыккан шер акын,
Баарын аябай ойлонтуп койгонбууууууууу! ?
Коросун го, Дон Кихот,
Акындар оптом келип жадырайт,
Анткени мындай кеп уктум,
Алар азыр аябай,
Энергия топтоп жургон учуру.
Ал эми сенде энергия,
Аябай коп экен деп, уктум,
Энерджайзер батарейкасын,
Салып алган деп, уктуууум.
Албетте, улпот-тойго чакырам,
Азыркы кучун ушул бойдон,
Сакталып турса эле болгонуууууууу.
Акындарга конокко,
Романтик келген турбайбы,
Форумдагы экинчи Алыкул,
Дал озу келген турбайбы,
Копко отурбай бат эле,
Кайра эле, кетип калган турбайбыыыыы.
Романтикти акындар торго от дебей койгонбу! ?,
Туура тушунунуз Романтик ,
Акындардын баарысы, эс алууда журушот.
Уялбагыныз Романтик,
Азыркы демократия заманда,
Уялган да болобу,
Анда-санда баш бакпай,
Бат-бат эле келип турунуз.
Шашып жатып бул жакта,
Комузунуз калып кетиптииииииир.
Акындардын баарысы,
Эс алууда журобу!?
Же алардын баардыгы,
«Трудоголик» окшойбу!?
Кээ бироосу жумуштан,
Кээ бироосу окуудан,
Бошобогон пик учурбу!?
Биз суктанган,
Махабат дастанындагы образдар,
Ком менен Андормеда ,
Алар дагы корунбойт,
Же экоо кол кармашып,
Аларга тийишкен адамдардан,
Алар дагы эс алып журобу!?
Курманжан Датканын жерин жердеген,
Алайдан чыккан шер акын,
Баарын аябай ойлонтуп койгонбууууууууу! ?
Коросун го, Дон Кихот,
Акындар оптом келип жадырайт,
Анткени мындай кеп уктум,
Алар азыр аябай,
Энергия топтоп жургон учуру.
Ал эми сенде энергия,
Аябай коп экен деп, уктум,
Энерджайзер батарейкасын,
Салып алган деп, уктуууум.
Албетте, улпот-тойго чакырам,
Азыркы кучун ушул бойдон,
Сакталып турса эле болгонуууууууу.
Акындарга конокко,
Романтик келген турбайбы,
Форумдагы экинчи Алыкул,
Дал озу келген турбайбы,
Копко отурбай бат эле,
Кайра эле, кетип калган турбайбыыыыы.
Романтикти акындар торго от дебей койгонбу! ?,
Туура тушунунуз Романтик ,
Акындардын баарысы, эс алууда журушот.
Уялбагыныз Романтик,
Азыркы демократия заманда,
Уялган да болобу,
Анда-санда баш бакпай,
Бат-бат эле келип турунуз.
Шашып жатып бул жакта,
Комузунуз калып кетиптииииииир.
Адам баласы оз бактысынын устаты!

Супер-Инфо
super.kg
видео


















Мобилдүү версия