Короздордун ичинен
Дакан келген турбайбы,
Көп акындын ичинен
Акам келген турбайбы,
Тамаша,азил ыр менен
Анда эмесе ырдайлы,
Ушундай жакшы күндөрдө
Ыр угайлы,жыргайлы,
Жооп бербей койсом акеме
Инисин кудай урбайбы!)))
............... ...................... ...........
Аялзаттын баянын
Кечинде аке улаймын,
Шашылыш жумуш бар эле
Мен азыр токтой турайын.
Бошосо колум түнкүсү
Көңүлүмдү бурайын,
Мындагы жалпы кыздарга
Ырдесте кылып сунайын,
Жетишип келем бат эле
Мен азыр чыга турайын.
Дакан келген турбайбы,
Көп акындын ичинен
Акам келген турбайбы,
Тамаша,азил ыр менен
Анда эмесе ырдайлы,
Ушундай жакшы күндөрдө
Ыр угайлы,жыргайлы,
Жооп бербей койсом акеме
Инисин кудай урбайбы!)))
............... ...................... ...........
Аялзаттын баянын
Кечинде аке улаймын,
Шашылыш жумуш бар эле
Мен азыр токтой турайын.
Бошосо колум түнкүсү
Көңүлүмдү бурайын,
Мындагы жалпы кыздарга
Ырдесте кылып сунайын,
Жетишип келем бат эле
Мен азыр чыга турайын.
Оргуштап сезимдеги ыр
Күтөйүн десем болбоду
Азил чыны аралаш
Ыр угуп, көңүл толбоду
Кире калсам жөн жайдан
Ильхамым жөн койбоду
А бирок келсем эч ким жок
Акындар жылас болгонбу?
Ассаламу алейкум
Мындагы акын, жаамы журт
Саламдашып мен келдим ,
Алик алып мени ук
Амандык сурап турамын
Эшигиң ачып тосуп чык
Кайда житип кеттиңер
Жүрдүңөр эле мында жык
Иним бар эле ДонКихот
Көптөн бери дайны жок
Ага арнап ырдап турайын
Кирип калаар тапан, шок.
Азамат элең алтындай
Алкынат элең айгырдай
Өзүмдүн иним деп жүрсөм
Кеттиң го жигиң таптырбай
Же катуу иштетип сен мээңди
Тажаттыңбы далай акимди
Айдаштыбы чогулуп
Эстетип дагы Шиберди
Акыркы айткан сөзүңдү
Көрчү иничек сен эстеп
Шашылыш жумуш бар дедиң
Же ал бир айткан сөз беле
Кутулушка менден эптеп
Кечинде келип улайм деп...
Күтсөм ал күнү келбедиң
Куюлган сонун ыр менен
Акеңе жооп бербедиң
Ал эле эмес арадан
Канча кеч өттү белгисиз
Жетишип келем деп коюп
Жүрөсүң дале сен эссиз....
Айтышты келип улантчы
Акеңди бир кубантчы
Мындагы жүргөн көп кыздын
Шилекейин чубалтчы
14ү кирип келатат
Пайдалан туура убакты......

Супер-Инфо
super.kg
видео















