Ассаламу алейкум
Ырга шыктуу туугандар,
Жаз келгенде жашарып
Оюн-күлкү кургандар,
Колум тийбей жумуштан
Шайым ооп турганда
Күйгүзүп менин көзүмдү
Айтыштыңар туугандар!
Жейка талаш болгону
Ырчынын баары козголду,
Уктап жаткан аюудай
kom иним дагы ойгонду,
Кызганычтан чыдабай
Воробей ырдап жиберди,
Стратегдин тороп багытын
Демон да сөздү имерди.
Көрүүчүлөр жык толуп
Бака-шака, ызы-чуу
Кызыган кандар суюлуп
Айтышта бүгүн чуру-чуу...
Стратег байке шашпаңыз
Улуу элем сенден деп
Кадырыңызды салбаңыз,
Байкелеп койсом өгүнү
Байып бир калган белемсиз,
Кичүүгө ызаат дегенден
Тайып бир калган белемсиз,
18ге жете элек,
Аял даамын сезелек
Бозбаш чыргоо балача
Алам эле алам деп
Салдыңыз мында тамаша.
Алам деп алып кетчүдөй
Таалада жаткан таш бекен
Табактарга куюлуп
Алдыңа келген аш бекен?
Же оңой эле алданчу
Жейкабыз аңкоо баш бекен?
Ошондуктан агажан
Жеңди өйдө түрүңүз,
Саламын айткан баягы
Сыракор жаман иниңиииииз.
..
))
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#1122 15 April 2011 - 11:02
...Стратег байке шашпаңыз
Улуу элем сенден деп
Кадырыңызды салбаңыз,
Байкелеп койсом өгүнү
Байып бир калган белемсиз,
Кичүүгө ызаат дегенден
Тайып бир калган белемсиз,
18ге жете элек,
Аял даамын сезелек
Бозбаш чыргоо балача
Алам эле алам деп
Салдыңыз мында тамаша.
Алам деп алып кетчүдөй
Таалада жаткан таш бекен
Табактарга куюлуп
Алдыңа келген аш бекен?
Же оңой эле алданчу
Жейкабыз аңкоо баш бекен?
Ошондуктан агажан
Жеңди өйдө түрүңүз,
Саламын айткан баягы
Сыракор жаман иниңиииииз. ..
))
Улуу элем сенден деп
Кадырыңызды салбаңыз,
Байкелеп койсом өгүнү
Байып бир калган белемсиз,
Кичүүгө ызаат дегенден
Тайып бир калган белемсиз,
18ге жете элек,
Аял даамын сезелек
Бозбаш чыргоо балача
Алам эле алам деп
Салдыңыз мында тамаша.
Алам деп алып кетчүдөй
Таалада жаткан таш бекен
Табактарга куюлуп
Алдыңа келген аш бекен?
Же оңой эле алданчу
Жейкабыз аңкоо баш бекен?
Ошондуктан агажан
Жеңди өйдө түрүңүз,
Саламын айткан баягы
Сыракор жаман иниңиииииз. ..
))
СССР оңой жан эмес.
Жейка кызды алдырып
Мурдунан суусун агызып
Отуруп калчу ал эмес.
Каарыганда калжаңдап
Кызды сен не кыласың.
Жөн жүрсөңчү деп атат.
Көрсөтүп мага "классын" .
Ооздон сөздү жуласың
Шылдыңдап мени турасың
Жазайын десем Жейкага
От души бир серенада
Көңүлүмдү
Кайта эле өзүңө бурасың.
Кызды деген алат да.
Ак жоолук ага салат да.
Ошентип анан кыз бала
Өз үйүн табып барат да.
Же эмне кызга тийеби?
Жигит барып үйүнө.
Көшөгөнүн түбүнө.
Көйнөк, жоолук киеби?
Жүрөбү же жигиттер
Сүйүнүп мурдун көтөрүп
Табактан эгер аш алса.
Же талаада жаткан таш алса?
Эми өзүң ойлончу
Чырлыгыңды койсоңчу?
Аңкоо баш көрсөм Жейканы
Алам аны дейт белем?
Талашып аны ар кимден
Мына канча күн өттү
Кыйналып эле мен келем.
А так качан да бир жолугуп
Сырадан аяктарга толтуруп
Отурабыз иничек
Аңгеме маек биз куруп?
```
#1123 15 April 2011 - 14:14
"Серенада"
ырдайм деп
Сөз берип кызга коюпсуз,
Ортодон өттү көп күндөр
Убакытты созупсуз,
Бербестин ашы бышпас дейт
Эл оозунда айтылган
Макалдын өзү болупсуз,
Ырдалбай жаткан ырыңды
Көңүлүмдү бурдуң деп
Мага шылтап коюпсуз...
Сегиз сом деп болушу
Жейканын баасын бычтыңыз,
Айдап айдап мал бербей
Биттин канын сыктыңыз,
Сырадан куюп толтуруп
Сылык сүйлөп олтуруп
Сыйыртмак салып жыккың бар,
Сыра менен кутулуп
Суудан кургак чыккың бар,
Стратегия план менен
СССРди бузгуң бар,
Сулууларды кучактап
Сыланып кана тургуң бар,
Туздуу мурчтуу ыр менен
Опонентти ургуң бар,
Кана байке ырдай түш
Дагы кандай ырың баааааар
))
Сөз берип кызга коюпсуз,
Ортодон өттү көп күндөр
Убакытты созупсуз,
Бербестин ашы бышпас дейт
Эл оозунда айтылган
Макалдын өзү болупсуз,
Ырдалбай жаткан ырыңды
Көңүлүмдү бурдуң деп
Мага шылтап коюпсуз...
Сегиз сом деп болушу
Жейканын баасын бычтыңыз,
Айдап айдап мал бербей
Биттин канын сыктыңыз,
Сырадан куюп толтуруп
Сылык сүйлөп олтуруп
Сыйыртмак салып жыккың бар,
Сыра менен кутулуп
Суудан кургак чыккың бар,
Стратегия план менен
СССРди бузгуң бар,
Сулууларды кучактап
Сыланып кана тургуң бар,
Туздуу мурчтуу ыр менен
Опонентти ургуң бар,
Кана байке ырдай түш
Дагы кандай ырың баааааар
#1124 17 April 2011 - 23:39
Серенада мен кутуп,
отурам кундо саргарып,
сапсары болгон чачтарым,
кун откон сайын агарып,
Стратег кайда жургонун,
билгенин барбы калайык...
Бриллиант десем бала, кыз,
белек кылып берет да.
Ошолорду жасоого,
о кокуй сенден толчок керек да.
Толчок эмес озун жок,
анан жиним келет да
серенадан жок болсо,
жон эле карап турбагын.
Жигиттерден кызганып,
аларды сен куубагын.
Серенада ырдашсын,
жолдорун антип буубагын
конкурска салып откором,
ойлондум бугун мен муну.
Эн Биринчи орунга,
беремин!! !
Жеке номурду
Ком досум озун кандайсын,
мен суйгон мезгил жайдайсын.
Билмексен болуп соз менен,
кишини мощно жайлайсын.
Кыздарды сен бат эле,
ширин соз менен байлайсын.
Авторизация сурайм деп,
неге мени алдайсын
жардам берчи сураныч,
пландарына кошулам,
коргонсун аны сен деле,
болот сенин кошунан.
арманым аттын башындай,
журом дубал сузгулой,
казанга аны салбастан,
опкосун гана узгудой.
Батыраак аны кармачы.,
табасын аны кузгудон
талашка бугун кабылып,
форумга мен ызылдак, чапкыч кыз болуп таанылып.
Коп суйлобогон менден да,
создор чыкты агылып...
отурам кундо саргарып,
сапсары болгон чачтарым,
кун откон сайын агарып,
Стратег кайда жургонун,
билгенин барбы калайык...
Бриллиант десем бала, кыз,
белек кылып берет да.
Ошолорду жасоого,
о кокуй сенден толчок керек да.
Толчок эмес озун жок,
анан жиним келет да
серенадан жок болсо,
жон эле карап турбагын.
Жигиттерден кызганып,
аларды сен куубагын.
Серенада ырдашсын,
жолдорун антип буубагын
конкурска салып откором,
ойлондум бугун мен муну.
Эн Биринчи орунга,
беремин!! !
Жеке номурду
Ком досум озун кандайсын,
мен суйгон мезгил жайдайсын.
Билмексен болуп соз менен,
кишини мощно жайлайсын.
Кыздарды сен бат эле,
ширин соз менен байлайсын.
Авторизация сурайм деп,
неге мени алдайсын
жардам берчи сураныч,
пландарына кошулам,
коргонсун аны сен деле,
болот сенин кошунан.
арманым аттын башындай,
журом дубал сузгулой,
казанга аны салбастан,
опкосун гана узгудой.
Батыраак аны кармачы.,
табасын аны кузгудон
талашка бугун кабылып,
форумга мен ызылдак, чапкыч кыз болуп таанылып.
Коп суйлобогон менден да,
создор чыкты агылып...
Жашоо керемет
#1125 21 April 2011 - 22:12
Салам айтып кайра эле
Келип калдым сиз тарап
Акын айтыш бөлмөсүн
Суугум арта көп карап
“Бысмылда” деп сөз баштайын
Тикендүү сөздөн таштайын
“Айтышамын сен менен”
Дегендер мында бар болсо
Андайдан мен качпаймын...
USSR мырза кеп айтты
Сурабай туруп ал жайды
Кыпчып туруп арада
Ырында мени ырдады
Эмне себеп билбеймин
Бирок ушул агама
Узак омур тилеймин
Анткен чыгаан мырзалар
Ушундайлардан чыгаар
Jeika айымды талашкан
Серенада бриллиант
Жада калса жүрөгүн
Арнап жүргөн жарандар
Арасынан го деп мени
Жөнү жок жерден кызганып
Оргуштатып толкутуп
Ырдап кирген чагы экен
Эгер билсе чынында
Инисин таанып алганы
USSR дин багы экен
Анткени мында кеп куруп
Калемпир мурч аралаш
Сөзү менен карч уруп
Жүргөн жанга кошула
Сагынычым кусамды
Ыр менен айткан алыста
Кыргыздын урпагы
Жада калса кубаты
Боломун ага, билип ал
Эгер айтчу сөз болсо
Бетиме эле айтып кал
Jeika га теңсинбей жөн эле
Сүйүүнү таптап сыйлаган
Махабатты аздектеп
Сүйүшкөн жанга жамандык
Каалабаган кыйбаган
Жараткандын кадимки
Жупуну кулу боломун
Сүйүү багы куралса
Бакытка мен да толомун
Эскиден бери сайгылап
Кээде бычактаса быкынга
А кээде ичти кайчылап
Ырын айткан Strateg ке
Жан тарткан адам болгонмун
Экөө той кылып калса капыстан
Тойго барам деп койгонмун
Ошол сөзүм бат эле
Сизге тийип кеткенби
Же болбосо курбуңа
Кызыккан жандын ичинде
Demon да жүрөт деген кеп
Кулагыңа жеткенби?
Ыр, айтыш ,кызык тамаша
Болгон жерде жашаймын
Бирок башка казанга
Апсыгып туруп кол салган
Жок менин жаман адатым...
Күттүргөн жаздын келгени
Жигит кызга бипбирдей
Илхомундан бергени
Жакшы нимат экен го ...
Ат салышкан жигитти
Сынап алар ашыкпай
Кызбаланын болгону
Ордунда болгон жазмыш го ...
Конкурска кирер мырзанын
Тизмесин жазып тактайга
Илип койор Jeika кыз
Ошол конкурс тизмеге
Оюнзоок дале жаш бала
Болгон мендей акынды
Кошпосо керек Jeikaбыз
Жаңылып алып өзүнө
Конкурент көргөн агалар
Жарга мени жаш кезде
Түртпөгүлө жөн жерден
Болбосо курч сөздөн жеп
Эл оозунда кеп болуп
Маскара атка бир конуп
Жүрбөңөр анан братандар ....
Оптом бизге сайылып
Алган бул ким эле?
Деп анан агалар
Жиниң келип жүрбөгүн
Жаш акын мендей иниңе
Повод бергин кичине ...
Келип калдым сиз тарап
Акын айтыш бөлмөсүн
Суугум арта көп карап
“Бысмылда” деп сөз баштайын
Тикендүү сөздөн таштайын
“Айтышамын сен менен”
Дегендер мында бар болсо
Андайдан мен качпаймын...
USSR мырза кеп айтты
Сурабай туруп ал жайды
Кыпчып туруп арада
Ырында мени ырдады
Эмне себеп билбеймин
Бирок ушул агама
Узак омур тилеймин
Анткен чыгаан мырзалар
Ушундайлардан чыгаар
Jeika айымды талашкан
Серенада бриллиант
Жада калса жүрөгүн
Арнап жүргөн жарандар
Арасынан го деп мени
Жөнү жок жерден кызганып
Оргуштатып толкутуп
Ырдап кирген чагы экен
Эгер билсе чынында
Инисин таанып алганы
USSR дин багы экен
Анткени мында кеп куруп
Калемпир мурч аралаш
Сөзү менен карч уруп
Жүргөн жанга кошула
Сагынычым кусамды
Ыр менен айткан алыста
Кыргыздын урпагы
Жада калса кубаты
Боломун ага, билип ал
Эгер айтчу сөз болсо
Бетиме эле айтып кал
Jeika га теңсинбей жөн эле
Сүйүүнү таптап сыйлаган
Махабатты аздектеп
Сүйүшкөн жанга жамандык
Каалабаган кыйбаган
Жараткандын кадимки
Жупуну кулу боломун
Сүйүү багы куралса
Бакытка мен да толомун
Эскиден бери сайгылап
Кээде бычактаса быкынга
А кээде ичти кайчылап
Ырын айткан Strateg ке
Жан тарткан адам болгонмун
Экөө той кылып калса капыстан
Тойго барам деп койгонмун
Ошол сөзүм бат эле
Сизге тийип кеткенби
Же болбосо курбуңа
Кызыккан жандын ичинде
Demon да жүрөт деген кеп
Кулагыңа жеткенби?
Ыр, айтыш ,кызык тамаша
Болгон жерде жашаймын
Бирок башка казанга
Апсыгып туруп кол салган
Жок менин жаман адатым...
Күттүргөн жаздын келгени
Жигит кызга бипбирдей
Илхомундан бергени
Жакшы нимат экен го ...
Ат салышкан жигитти
Сынап алар ашыкпай
Кызбаланын болгону
Ордунда болгон жазмыш го ...
Конкурска кирер мырзанын
Тизмесин жазып тактайга
Илип койор Jeika кыз
Ошол конкурс тизмеге
Оюнзоок дале жаш бала
Болгон мендей акынды
Кошпосо керек Jeikaбыз
Жаңылып алып өзүнө
Конкурент көргөн агалар
Жарга мени жаш кезде
Түртпөгүлө жөн жерден
Болбосо курч сөздөн жеп
Эл оозунда кеп болуп
Маскара атка бир конуп
Жүрбөңөр анан братандар ....
Оптом бизге сайылып
Алган бул ким эле?
Деп анан агалар
Жиниң келип жүрбөгүн
Жаш акын мендей иниңе
Повод бергин кичине ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1126 22 April 2011 - 20:27
Кызды деген алат да.
Ак жоолук ага салат да.
Ошентип анан кыз бала
Өз үйүн табып барат да.
Же эмне кызга тийеби?
Жигит барып үйүнө.
Көшөгөнүн түбүнө.
Көйнөк, жоолук киеби?

Ак жоолук ага салат да.
Ошентип анан кыз бала
Өз үйүн табып барат да.
Же эмне кызга тийеби?
Жигит барып үйүнө.
Көшөгөнүн түбүнө.
Көйнөк, жоолук киеби?
Салам Стратег кандайсын?
Тандырга жапкан нандайсын
Кыз деген атты укканда
Эс учун учкан жандайсын...
Бир кезде бул айтыштын
Талаасын жара жарышып
Жургонбуз кызык тамаша
Куйкум создон айтышып
Шондо да кыздан кеп ачып
Бир тийип кайра бир качып
Жургонсун суйлоп жайдары
Кундой нурун бат чачып
Кайрале адат боюнча
Кызык куруп батына
Айтышып кирдин тан атпай
Jeika менен ашыга
Ийгилик болсун ишинде
Жургун дайым эркелеп
Кыз келиндин ичинде ....
Анча мынча эстей жур
Досторду да бир четтен
Болбосо кыздар баарысы
Тушпой коёт желкенден ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1127 22 April 2011 - 22:06
Атаңдын көрү дүнүйө,
«Айтышта» жаштар ырдашып,
Кез-кезде көзүн ымдашып,
Кел дешип колду булгашып.
Бирине-бири эркелеп,
Бирин бири «желкелеп»,
«Алыңды мен байкайын,
Качып жүрбөй, бери ке»-деп.
Бетмаңдай болуп турушуп,
Беймарал оюн курушуп,
Тамаша сөздөн ташташып,
Азил сөздөн сунушуп,
Анын баарын көтөрүп,
Чычалап кетпей урушуп.
Жатышканын көргөндө,
«Кой-дедим- мында кирбейин! »
«Ырдасам ырдап өзүмчө,
Бирок, ырымды мында илбейин».
Улгайып калган учурда,
Жаштарга тоскоол болбоюн.
Кагуу жеп дагы калбайын
Бирөөсү болсо ичинде,
Ороюраак, тоң моюн.
«Кезиң өткөн, абышка,
Келбетиңден нур жанган.
Жомок болуп жаштыгың,
Ырың эбак ырдалган.
Калжайып келип арага,
Калтырдың бизди жыргалдан! »-
Десе сынып калбайын,
Кой өзүмдү кармайын.
Жактырса Жейка бирөөсүн,
Анан ошого бир ыр арнайын.
Андыктан, азыр шашпайын,
Аңкоолукту таштайын.
Дыйканчылык ыр деген,
Төгүштү анан баштайын.
Ким билет акыр бул оюн,
Аяктайт кандай белгисиз,
Жейка айым азыр баштаган?
Өзүм көргөн факты бар,
Укпаганмын башкадан.
Баягыда бир жолу,
Супер жолугушу болгондо,
Күбө болуп канча адам,
СССР менен Жейка айым,
«Үйлөнүп» кала жаздаган.
Андан канча күн өттү,
Санатып айга мүнөттү.
Эгер ошол (үйлөнүү) чын болсо,
Экөөсү чындап табышмак,
ЗАГСка чындап барышмак,
Эч болбосо алиге,
Эки балалуу болуп калышмак…
Ошондо эмне болгону
Да деле мага табышмак!
Мына ушинтип өзүмчө,
Кирбейин эле дегенмин.
Болор болбос бул ырды
Илбейин эле дегенмин.
Анткен менен болбоду,
Ичтеги РУХ ойноду,
Илбегенге койбоду.
Окусаң оку ырымды,
Салсаң салгын чырыңды.
Бирок, ушу дагы ырбы деп,
Мага болбосоң капа болгону!!!
«Айтышта» жаштар ырдашып,
Кез-кезде көзүн ымдашып,
Кел дешип колду булгашып.
Бирине-бири эркелеп,
Бирин бири «желкелеп»,
«Алыңды мен байкайын,
Качып жүрбөй, бери ке»-деп.
Бетмаңдай болуп турушуп,
Беймарал оюн курушуп,
Тамаша сөздөн ташташып,
Азил сөздөн сунушуп,
Анын баарын көтөрүп,
Чычалап кетпей урушуп.
Жатышканын көргөндө,
«Кой-дедим- мында кирбейин! »
«Ырдасам ырдап өзүмчө,
Бирок, ырымды мында илбейин».
Улгайып калган учурда,
Жаштарга тоскоол болбоюн.
Кагуу жеп дагы калбайын
Бирөөсү болсо ичинде,
Ороюраак, тоң моюн.
«Кезиң өткөн, абышка,
Келбетиңден нур жанган.
Жомок болуп жаштыгың,
Ырың эбак ырдалган.
Калжайып келип арага,
Калтырдың бизди жыргалдан! »-
Десе сынып калбайын,
Кой өзүмдү кармайын.
Жактырса Жейка бирөөсүн,
Анан ошого бир ыр арнайын.
Андыктан, азыр шашпайын,
Аңкоолукту таштайын.
Дыйканчылык ыр деген,
Төгүштү анан баштайын.
Ким билет акыр бул оюн,
Аяктайт кандай белгисиз,
Жейка айым азыр баштаган?
Өзүм көргөн факты бар,
Укпаганмын башкадан.
Баягыда бир жолу,
Супер жолугушу болгондо,
Күбө болуп канча адам,
СССР менен Жейка айым,
«Үйлөнүп» кала жаздаган.
Андан канча күн өттү,
Санатып айга мүнөттү.
Эгер ошол (үйлөнүү) чын болсо,
Экөөсү чындап табышмак,
ЗАГСка чындап барышмак,
Эч болбосо алиге,
Эки балалуу болуп калышмак…
Ошондо эмне болгону
Да деле мага табышмак!
Мына ушинтип өзүмчө,
Кирбейин эле дегенмин.
Болор болбос бул ырды
Илбейин эле дегенмин.
Анткен менен болбоду,
Ичтеги РУХ ойноду,
Илбегенге койбоду.
Окусаң оку ырымды,
Салсаң салгын чырыңды.
Бирок, ушу дагы ырбы деп,
Мага болбосоң капа болгону!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#1128 22 April 2011 - 22:27
Айтылуу айтыш тарапка
Барс авамдын келгени
Улуу Аллаа тептегиз
Бизге оомад бергени
Ырларды терип жазсале
Байкалат кылган эмгеги
Анан мени тоотпойт деп
Айтканы не бул деги?
Бул авамдан үйрөнөр
Оңор эмес нерсе бар
Бизге накыл кеп айтып
Төрүбүзгө жарашар
Чагы келип турганда
Бизден неге тартынат
Коркуп мында жаштардан
Алдын ала жашырынат
Балким авам айткандай
Абал да болоор арада
Себеп билбейм дагы эмне
Кандай сөздөр жашынган
Жүрөктөгү кампада
Кооптонуп атат авакем
Жаш тентектен кеп жейм деп
Бирок билсе чындыгын
Жаштын баары авалап
Сыйлайт өзүн анык кеп
Муну окуп кээ бириң
Туура эмес түшүнүп
Кошоматчы болгон го
Демон деген ары жок
Деп артымдан күлбөгүн
Көргөн жерде сөөмөйлөп
Тамаша салып жүрбөгүн
Карысы барда ырысы
Болот экен элимде
Мына ушул авам сыяктуу
Даанышмандар бар болсо
Ынтымак болот жеримде ...
Барс авамдын келгени
Улуу Аллаа тептегиз
Бизге оомад бергени
Ырларды терип жазсале
Байкалат кылган эмгеги
Анан мени тоотпойт деп
Айтканы не бул деги?
Бул авамдан үйрөнөр
Оңор эмес нерсе бар
Бизге накыл кеп айтып
Төрүбүзгө жарашар
Чагы келип турганда
Бизден неге тартынат
Коркуп мында жаштардан
Алдын ала жашырынат
Балким авам айткандай
Абал да болоор арада
Себеп билбейм дагы эмне
Кандай сөздөр жашынган
Жүрөктөгү кампада
Кооптонуп атат авакем
Жаш тентектен кеп жейм деп
Бирок билсе чындыгын
Жаштын баары авалап
Сыйлайт өзүн анык кеп
Муну окуп кээ бириң
Туура эмес түшүнүп
Кошоматчы болгон го
Демон деген ары жок
Деп артымдан күлбөгүн
Көргөн жерде сөөмөйлөп
Тамаша салып жүрбөгүн
Карысы барда ырысы
Болот экен элимде
Мына ушул авам сыяктуу
Даанышмандар бар болсо
Ынтымак болот жеримде ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1129 29 April 2011 - 18:30
Нечен кундур айылда
Акын деген корунбой
Суздап кеткен убагы
Айтыш деген ордонун
Жылганбы же турагы...
Балким менден коркушуп
Келбей жатышкан чыгаар
Куттум нечен алптарды
Качышканбы же акындар...
Кызыктырып ыр жазган
Шериктерим бугун жок
Зериктим чыны жапжалгыз
Айтышаарга эч ким жок...
Акын деген корунбой
Суздап кеткен убагы
Айтыш деген ордонун
Жылганбы же турагы...
Балким менден коркушуп
Келбей жатышкан чыгаар
Куттум нечен алптарды
Качышканбы же акындар...
Кызыктырып ыр жазган
Шериктерим бугун жок
Зериктим чыны жапжалгыз
Айтышаарга эч ким жок...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1130 29 April 2011 - 19:18
Ассаляму алейкум, Демон байке кандайсыз?
Байкашымча айтышалбай, акындарга капасыз,
Акын эмес болсом дагы, жамагымды таштайын,
Ак таңдай менен айтышып, бир, маанайымды ачайын.
Акындардан кеп кылсак, балким коркуп жаткандыр,
Рамазан жакындап жатат, шектенишип качкандыр,
Дааратын алып, көп көптөн жеп,
Даярдык кылып аткандыр.
Эми, айтышса айтыш кылалы
Ортого тема салалы
Топтоп жүргөн маалыматта
Эл алдына чачалы
Байкашымча айтышалбай, акындарга капасыз,
Акын эмес болсом дагы, жамагымды таштайын,
Ак таңдай менен айтышып, бир, маанайымды ачайын.
Акындардан кеп кылсак, балким коркуп жаткандыр,
Рамазан жакындап жатат, шектенишип качкандыр,
Дааратын алып, көп көптөн жеп,
Даярдык кылып аткандыр.
Эми, айтышса айтыш кылалы
Ортого тема салалы
Топтоп жүргөн маалыматта
Эл алдына чачалы
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#1131 30 April 2011 - 14:48
Эээх, техника ишенген.
Айланайын өзүмдөн
Катырып жооп жазганда
Кайып болду көзүмдөн
Өчүп кетти баардыгы
Бир маалда өзү өзүнөн
Жоопту кайра жазамын
Бири да эсте калбаптыр
Мурунку жазган сөзүмдөн
Суроо берип кетипсиз
Сүрөттөн эмне көрдүң деп
Жалт карап туруп сүрөттү
Түшүндүң эмне өзү деп
Айта кетсем бир чындык
Шайтанды дароо ойлодум
Оттон жаратылган экен
Бурулуп кетти ойлорум
Аватары да атына
Жарашып турат татына
Шайтанга түшкөн балекет
Түшпөсө экен башына
Шайтан деген себебин
Түшүндүрүп берейин
Демон сөзүнүн маанисин
Бир чечмелеп кетейин
Издөө салсаң желеден
Гугл сымал немеден
Миллиондон ашык жооп чыгат
Жазуусу орус тилинен
Демон деген сөзү өзү, кыргызчасы шайтан дейт
Демондун жанына барганда, бекем болуп сактан дейт
Ошондуктан ойлоп калдым, калсак болду аман деп
Комузун алып, атты чаап, акындар сизден качкан деп.
Темага ойду жазып кеттим, байке капа болбоңуз
Шайтан деп салды мени деп, жаактан ары сокпоңуз
Себебин билгим келип турат, ник жаралыш тарыхын
Мүмкүн болсо, ырга салып, байке айтып койсоңуз.
Айланайын өзүмдөн
Катырып жооп жазганда
Кайып болду көзүмдөн
Өчүп кетти баардыгы
Бир маалда өзү өзүнөн
Жоопту кайра жазамын
Бири да эсте калбаптыр
Мурунку жазган сөзүмдөн
Суроо берип кетипсиз
Сүрөттөн эмне көрдүң деп
Жалт карап туруп сүрөттү
Түшүндүң эмне өзү деп
Айта кетсем бир чындык
Шайтанды дароо ойлодум
Оттон жаратылган экен
Бурулуп кетти ойлорум
Аватары да атына
Жарашып турат татына
Шайтанга түшкөн балекет
Түшпөсө экен башына
Шайтан деген себебин
Түшүндүрүп берейин
Демон сөзүнүн маанисин
Бир чечмелеп кетейин
Издөө салсаң желеден
Гугл сымал немеден
Миллиондон ашык жооп чыгат
Жазуусу орус тилинен
Демон деген сөзү өзү, кыргызчасы шайтан дейт
Демондун жанына барганда, бекем болуп сактан дейт
Ошондуктан ойлоп калдым, калсак болду аман деп
Комузун алып, атты чаап, акындар сизден качкан деп.
Темага ойду жазып кеттим, байке капа болбоңуз
Шайтан деп салды мени деп, жаактан ары сокпоңуз
Себебин билгим келип турат, ник жаралыш тарыхын
Мүмкүн болсо, ырга салып, байке айтып койсоңуз.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#1132 30 April 2011 - 21:34
Стратегиялуу ойлонгон
Стратег байке кайдасыз?
Суу ордуна көбүрүп
Сыра аккан жайдасыз)))
Ырыңыздан ырдаңыз
Жүрө бербей пайдасыз.
Алты сап ырга жарабай
Азууңуз мокоп калдыбы?
Аңгырап бош калдыбы
Акындын өнөр сандыгы?
"айныдым, сага тийбейм" деп
"Алтыныңыз" чандыбы?
Алам эле алам деп
Аябай катуу айткансыз,
Алтын шакек тагам деп
Асмандан сүйлөп жаткансыз,
Анан эле карасам
Алтын эмес таш да жок
Алдап бир койгон белемсиз
Айтылган сөз да,башка жок.
Сүйүүңүздү далилдеп
Серенада ырдаңыз,
Серенада жок болсо
Сулуунун жолун бузбаңыз,
Жейканын оюн табууга
Жарабадың Стратегим
Канча күн өттү, айтышты
Карабадың Стратегим,
Жейканын нагыз кадырын
Баалабадың Стратегим,
Эми сөздүн ачыгы
Эс алагой Стратегим,
Жейка менен айтышты
Сен мага кой Стратегим. ))
Стратег байке кайдасыз?
Суу ордуна көбүрүп
Сыра аккан жайдасыз)))
Ырыңыздан ырдаңыз
Жүрө бербей пайдасыз.
Алты сап ырга жарабай
Азууңуз мокоп калдыбы?
Аңгырап бош калдыбы
Акындын өнөр сандыгы?
"айныдым, сага тийбейм" деп
"Алтыныңыз" чандыбы?
Алам эле алам деп
Аябай катуу айткансыз,
Алтын шакек тагам деп
Асмандан сүйлөп жаткансыз,
Анан эле карасам
Алтын эмес таш да жок
Алдап бир койгон белемсиз
Айтылган сөз да,башка жок.
Сүйүүңүздү далилдеп
Серенада ырдаңыз,
Серенада жок болсо
Сулуунун жолун бузбаңыз,
Жейканын оюн табууга
Жарабадың Стратегим
Канча күн өттү, айтышты
Карабадың Стратегим,
Жейканын нагыз кадырын
Баалабадың Стратегим,
Эми сөздүн ачыгы
Эс алагой Стратегим,
Жейка менен айтышты
Сен мага кой Стратегим. ))
#1133 30 April 2011 - 21:57
Мына ушинтип өзүмчө,
Кирбейин эле дегенмин.
Болор болбос бул ырды
Илбейин эле дегенмин.
Анткен менен болбоду,
Ичтеги РУХ ойноду,
Илбегенге койбоду.
Окусаң оку ырымды,
Салсаң салгын чырыңды.
Бирок, ушу дагы ырбы деп,
Мага болбосоң капа болгону!! !
Кирбейин эле дегенмин.
Болор болбос бул ырды
Илбейин эле дегенмин.
Анткен менен болбоду,
Ичтеги РУХ ойноду,
Илбегенге койбоду.
Окусаң оку ырымды,
Салсаң салгын чырыңды.
Бирок, ушу дагы ырбы деп,
Мага болбосоң капа болгону!! !
Ассалому алейкум
Айтылуу авам кандайсыз?
Акындын айтыш айлына
Аздап жазып калгансыз,
5 миң сомдук купюрдай
Көрүнбөй кайда жүрөсүз?
Тамшандырчу ырларды
Көбөйтүп качан илесиз?
"Жүрөктөн чыккан ырларда"
Издедим сиздин ырларды,
Улайм карайм барбы деп
Авакем ырды жазды деп,
Илгери "ырлар" темада
Укмуш ырлар жаралчу,
Андагы эски досторум
Ар бири ырды жазалчу,
Каттаган киши көп болуп
Байма-бай тема каралчу.
Азыркы тема абалы
Начардап андан кетиптир,
Эрежелер сакталбай
Бейкызык болуп кетиптир,
Кээ бири жазып эки сап
Уялбай ыр деп илиптир,
Бирөөнүн ырын жазгандар-
Кылаарга иш жок калгандар,
Сөздөрүнөн смайлик көп-
Комментарий жазгандар.
Мына ушундай аваке
Менде ушул армандар.
Ошондуктан жазыңыз,
Ырыңызды биз окуп
Жазылсын бир жарпыбыз!
#1134 30 April 2011 - 22:17
Стратегиялуу ойлонгон
Стратег байке кайдасыз?
Суу ордуна көбүрүп
Сыра аккан жайдасыз)))
Ырыңыздан ырдаңыз
Жүрө бербей пайдасыз.
Алты сап ырга жарабай
Азууңуз мокоп калдыбы?
Аңгырап бош калдыбы
Акындын өнөр сандыгы?
"айныдым, сага тийбейм" деп
"Алтыныңыз" чандыбы?
Алам эле алам деп
Аябай катуу айткансыз,
Алтын шакек тагам деп
Асмандан сүйлөп жаткансыз,
Анан эле карасам
Алтын эмес таш да жок
Алдап бир койгон белемсиз
Айтылган сөз да,башка жок.
Сүйүүңүздү далилдеп
Серенада ырдаңыз,
Серенада жок болсо
Сулуунун жолун бузбаңыз,
Жейканын оюн табууга
Жарабадың Стратегим
Канча күн өттү, айтышты
Карабадың Стратегим,
Жейканын нагыз кадырын
Баалабадың Стратегим,
Эми сөздүн ачыгы
Эс алагой Стратегим,
Жейка менен айтышты
Сен мага кой Стратегим. ))
Стратег байке кайдасыз?
Суу ордуна көбүрүп
Сыра аккан жайдасыз)))
Ырыңыздан ырдаңыз
Жүрө бербей пайдасыз.
Алты сап ырга жарабай
Азууңуз мокоп калдыбы?
Аңгырап бош калдыбы
Акындын өнөр сандыгы?
"айныдым, сага тийбейм" деп
"Алтыныңыз" чандыбы?
Алам эле алам деп
Аябай катуу айткансыз,
Алтын шакек тагам деп
Асмандан сүйлөп жаткансыз,
Анан эле карасам
Алтын эмес таш да жок
Алдап бир койгон белемсиз
Айтылган сөз да,башка жок.
Сүйүүңүздү далилдеп
Серенада ырдаңыз,
Серенада жок болсо
Сулуунун жолун бузбаңыз,
Жейканын оюн табууга
Жарабадың Стратегим
Канча күн өттү, айтышты
Карабадың Стратегим,
Жейканын нагыз кадырын
Баалабадың Стратегим,
Эми сөздүн ачыгы
Эс алагой Стратегим,
Жейка менен айтышты
Сен мага кой Стратегим. ))
Чынын айтсам азыр мен
Айтышаарга алым жок.
Бүгүн кечке ооруду.
Баягы тунук башым жок.
Ошондуктан бул жакка
Башка күнү кирейин
Ошнондо анан өзүңдүн
Сазайыңды берейин.
```
#1135 01 May 2011 - 06:01
USSRge.
Forumda jurgonumdo tema okup
Jazypsyn jinge tiyip elge koshup
Koi desem koio albai kyz baldardai
Tushunbodun jakshy sozdu sen u9albai
Ui bulonduu aitpagyn sen da maga
Men jazganmyn oz oiumdu al temaga
Ata enem jakshy bergen tarbi9any
Ubagynda menda turchum tan azanda
Yimanduu kyzdardanmyn oz elime
Sen bolson tushunuktuu er jigitche
Asylba kelinderge i kyzdarga
Bar bolsun Kyrgyzymda kyz kelinder
Alardy syilagan yimanduu jigitter.
Forumda jurgonumdo tema okup
Jazypsyn jinge tiyip elge koshup
Koi desem koio albai kyz baldardai
Tushunbodun jakshy sozdu sen u9albai
Ui bulonduu aitpagyn sen da maga
Men jazganmyn oz oiumdu al temaga
Ata enem jakshy bergen tarbi9any
Ubagynda menda turchum tan azanda
Yimanduu kyzdardanmyn oz elime
Sen bolson tushunuktuu er jigitche
Asylba kelinderge i kyzdarga
Bar bolsun Kyrgyzymda kyz kelinder
Alardy syilagan yimanduu jigitter.
Кетким келбейт ата-энемдин жанынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
#1136 01 May 2011 - 08:14
USSRge.
Forumda jurgonumdo tema okup
Jazypsyn jinge tiyip elge koshup
Koi desem koio albai kyz baldardai
Tushunbodun jakshy sozdu sen u9albai
Ui bulonduu aitpagyn sen da maga
Men jazganmyn oz oiumdu al temaga
Ata enem jakshy bergen tarbi9any
Ubagynda menda turchum tan azanda
Yimanduu kyzdardanmyn oz elime
Sen bolson tushunuktuu er jigitche
Asylba kelinderge i kyzdarga
Bar bolsun Kyrgyzymda kyz kelinder
Alardy syilagan yimanduu jigitter.
Forumda jurgonumdo tema okup
Jazypsyn jinge tiyip elge koshup
Koi desem koio albai kyz baldardai
Tushunbodun jakshy sozdu sen u9albai
Ui bulonduu aitpagyn sen da maga
Men jazganmyn oz oiumdu al temaga
Ata enem jakshy bergen tarbi9any
Ubagynda menda turchum tan azanda
Yimanduu kyzdardanmyn oz elime
Sen bolson tushunuktuu er jigitche
Asylba kelinderge i kyzdarga
Bar bolsun Kyrgyzymda kyz kelinder
Alardy syilagan yimanduu jigitter.
Латынча арип көргөндө
"аллергиям" кармады!
Коюп алуу кыйынбы
Кириллче биздин тамганы???
Жинибиз мурдубуздун учубузда
Же чындык ушунчалык ачуубу?
Түшүнбөдүм, нени айтып жатасыз
Мен сизге бир темадан асылдымбы?
Сиз кой деп мени токтото албай
Ажылдап айтыштымбы токтоно албай?
үйбүлөнү айтып койсом кандайлыгын
Мактанганга жоруп койгон экенсиз,
А өзүңүз деле "мактанып"
Жазып койгон экенсиз,
Мен сизге эмес, сиз мага
Асылып жаткан жоксузбу?
Купуя жазып эс болуп
"Жакалап" жаткан жоксузбу?
Сиз жазып жатас өз ойду,
Мен деле жаздым өз ойду,
Түшүнбөйм анан, бу сиздин
"Жиниңизден" ким "чойду" ?
Тааныбаган адамга
Эстүүлөр сиз деп кайрылчу,
Сен деп жүргөн бейадеп
Сый-урматтан айрылчу!
Ошондуктан "эжеке"
Сыйыңызды билиңиз,
Тамашаны түшүнүп
Келбесин эми жиниңиз.
Сиз бешигин терметкен,
Урматым менен, "иниңиз". ))))
#1137 01 May 2011 - 21:43
Капа болбо, СССР,
Туура сын айтсаң, адамга
беттен алган көбөйдү.
Кемчилдигин оңдобой,
кектеп алган көбөйдү.
“Көрсөтөмүн сага...”-деп
жектеп алган көбөйдү.
Ага деле макул го,
Ошолорду негедир,
колдогондор бар азыр.
Туура сөздү айтпастан,
“оң” дегендер бар азыр.
Жапыз ойду негедир,
“чоң” дегендер бар азыр.
Кыргыз салтын жээришип,
эски дешип айтышат.
Европадан келгенди,
текши дешип айтышат.
Сендеги үрп-адаттар
кечки дешип айтышат.
Демократияны ушулар
эзди дешип айтышат.
Аватарга өлүктү,
асып алса баары бир.
Уят сөздөн кол тамга
жазып алса баары бир.
Клавадан ката сөз
басып алса баары бир.
(...Түшүнбөгөн биз, балким,
турмуштун бул шарыдыр...)
Анткен менен аларың,
Эски салттуу негедир,
“Күйөбүз”- дешет кыргызга.
“Башкасыңар а силер,
Сүйөбүз”- дешет кыргызча.
Макул болбойт а бирок,
“Салт бар”- десең кыргызда.
Ошентсе да, СССР,
Бул жолуңдан тайбасаң.
Кыргыз салтын көтөрүп,
“Киргиздерди” “жайласаң”.
Оңолушпайт буларың,
Безине тыкыр сайбасаң!
Эгерде айтсам, СССР,
Эп келген сөздүн туурусун:
Көтөрбөсөк баарыбыз,
Кыргыздын улуу РУХУН!
Кыргыз болуп жарыкта,
Жашаганың курусун!
Туура сын айтсаң, адамга
беттен алган көбөйдү.
Кемчилдигин оңдобой,
кектеп алган көбөйдү.
“Көрсөтөмүн сага...”-деп
жектеп алган көбөйдү.
Ага деле макул го,
Ошолорду негедир,
колдогондор бар азыр.
Туура сөздү айтпастан,
“оң” дегендер бар азыр.
Жапыз ойду негедир,
“чоң” дегендер бар азыр.
Кыргыз салтын жээришип,
эски дешип айтышат.
Европадан келгенди,
текши дешип айтышат.
Сендеги үрп-адаттар
кечки дешип айтышат.
Демократияны ушулар
эзди дешип айтышат.
Аватарга өлүктү,
асып алса баары бир.
Уят сөздөн кол тамга
жазып алса баары бир.
Клавадан ката сөз
басып алса баары бир.
(...Түшүнбөгөн биз, балким,
турмуштун бул шарыдыр...)
Анткен менен аларың,
Эски салттуу негедир,
“Күйөбүз”- дешет кыргызга.
“Башкасыңар а силер,
Сүйөбүз”- дешет кыргызча.
Макул болбойт а бирок,
“Салт бар”- десең кыргызда.
Ошентсе да, СССР,
Бул жолуңдан тайбасаң.
Кыргыз салтын көтөрүп,
“Киргиздерди” “жайласаң”.
Оңолушпайт буларың,
Безине тыкыр сайбасаң!
Эгерде айтсам, СССР,
Эп келген сөздүн туурусун:
Көтөрбөсөк баарыбыз,
Кыргыздын улуу РУХУН!
Кыргыз болуп жарыкта,
Жашаганың курусун!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#1138 02 May 2011 - 08:44
Чынын айтсам азыр мен
Айтышаарга алым жок.
Бүгүн кечке ооруду.
Баягы тунук башым жок.
Ошондуктан бул жакка
Башка күнү кирейин
Ошнондо анан өзүңдүн
Сазайыңды берейин.
Айтышаарга алым жок.
Бүгүн кечке ооруду.
Баягы тунук башым жок.
Ошондуктан бул жакка
Башка күнү кирейин
Ошнондо анан өзүңдүн
Сазайыңды берейин.
Кыргызда жакшы бир сөз бар:
"Жыгылганды урбайт" деп,
Чыны сизге Стратегим
Жагып турат ушул кеп.))
"Жоо аяган жаралуу"
Деген сөз да бар экен,
Азыркы менин ордумда
Ушул сөз мага эп экен.)))
Ошентсе да байкеси
Эс алыңыз , күтөйүн
Андан кийин келсеңиз
Ыр менен сизди "түйөйүн")))
#1139 02 May 2011 - 10:45
Кыргызда жакшы бир сөз бар:
"Жыгылганды урбайт" деп,
Чыны сизге Стратегим
Жагып турат ушул кеп.))
"Жоо аяган жаралуу"
Деген сөз да бар экен,
Азыркы менин ордумда
Ушул сөз мага эп экен.)))
Ошентсе да байкеси
Эс алыңыз , күтөйүн
Андан кийин келсеңиз
Ыр менен сизди "түйөйүн" )))
"Жыгылганды урбайт" деп,
Чыны сизге Стратегим
Жагып турат ушул кеп.))
"Жоо аяган жаралуу"
Деген сөз да бар экен,
Азыркы менин ордумда
Ушул сөз мага эп экен.)))
Ошентсе да байкеси
Эс алыңыз , күтөйүн
Андан кийин келсеңиз
Ыр менен сизди "түйөйүн" )))
Байкабай эле жүрсөм мен
"Жыгып" алган турбайбы.
Анан ошол кыялын.
Жар салып аткан турбайбы.
Жок жерден жеңип алдым деп
Бу USSR ны кудай урганбы?
Жакшылап байкап карасам
Жүрүптүр мында ЮССА
Кыз-келинден тил угуп.
Кеткен окшойт Нуура
USSR ны бир уруп
Анан кой эми аяйын
Мындайраак туруп турайын
Деп отурсам эле мен
Болуп алыптыр бул жеңген.
Кое тур досум, шашпагын
Жыгылды деп айтпагын
Күрөш али алдыда
Мына менин айтканым.
Жейканы Стратег ээледи.
Талашкандарга бербеди.
Алдырып ийген сендейлер
Убара болуп тердеди.
Айтышып талашканга
Буларга же илхом келбеди.
Талашканга эч ким жок.
Анан кирүүгө бул жакка
Моюнум жар бербеди.
Серенаданы болсо көзүнө
Ырдайм Жейканын өзүнө
Сөздү табып түрлөрүн.
Жаңыртып жайдын түндөрүн.
```
#1140 03 May 2011 - 23:21
Эгерде айтсам, СССР,
Эп келген сөздүн туурусун:
Көтөрбөсөк баарыбыз,
Кыргыздын улуу РУХУН!
Кыргыз болуп жарыкта,
Жашаганың курусун!
Эп келген сөздүн туурусун:
Көтөрбөсөк баарыбыз,
Кыргыздын улуу РУХУН!
Кыргыз болуп жарыкта,
Жашаганың курусун!
Рух жөнүндө сөз баштап
Аваке жакшы кылдыңыз,
Улантайын анда мен
Аваке угуп туруңуз.
Амантур иним айтмакчы
"Кыргыз деген үзүлбөйт
Кыргыз деген канда",
(Тиешелүү бул саптар
Этно акын Тата Уланга)
Кыргыздын көчү үзүлбөй
Кылымдан бери уланган.
Кырган сайын күчөгөн
Түгөткөн сайын түтөгөн
Кыргызым далай жол басты,
Атанын салтын улантып
Жоготпой дилин, өз тилин
Жүрөккө түйүп Манасты.
Кыргызды кырган көп болгон
Кыйын чыкма уулдары
Кыйырды тосуп чеп болгон.
Кыралган эмес кыргызды
Кыжылдаган кытайлар,
Кечээги эле жунгарлар,
Кокондон бери аттанган
Алачапан сыпайлар.
Он алтынчы жылында
Орустун огу от чачып
Онор эмес жан өлүп
Оозуна тиштеп өз жанын
Оогон дейт кыргыз бел ашып,
Орустун чочуп пейлинен
Ооганга кеткен адашып.
37-жылдары
Репрессия деген алаамат
Кыргыздын калпып каймагын,
Куруткан дешет калкымдын
Көкүрөктө оту бар
Акылы канат жайганын,
Шиберге чейин кубалап
өлгөнүнөн калганын.
Мен тектүүмүн дегенди
Кулакка тартып четинен,
"Эл душманы" деп ат коюп
Куубады беле жеринен.
Фашизм менен согушуп
Канчалаган жигиттер
Согуштан кайтпай жок болуп
Элимдин саны кемиген.
Коммунисттик партия
өз тартибин киргизген,
Койдой айдап кыргызды
Айландырган "киргизге" ,
СССРдин эң жаман
Таасири болду бул бизге.
Ушунча оор сыноону
Көтөргөн кыргыз, чыдаган
Ошентсе да жүрөктө
Кыргыздын РУХун улаган,
Ошондуктан аваке
Рухумдан камсанабайм,
Кыргыз деп күйүп-бышкандан
Чарчабайм дагы тажабайм.

Супер-Инфо
super.kg
видео














