Кайтпаска
Издеп мени алыска
Барууга Кайтпас ашыкпа
Кыжалат болбо досуке
Жүрөмүн сенин жаныңда
Кой эми кыйын акыным
Салмактуу сөзгө жакыным
Оозу бузук Султанга
Теңелип эми булганба
Тим коёлу биз аны
Тантыраган жаманды
Токойдон келип жаңы эле
Кыйынсып турган каманды
Жугундуга тойгузуп
Жарым тонна курсакты
Келип калган осуруп
Жийиркентип адамды...
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#1602 20 February 2012 - 18:59
Султанга
Келемиш сымал кулпурат
Адепсиз деп башканы
Ашатып сөгүп тукурат
Ойду тоону сүйлөгөн
Маданият жок сенде
Кайсы арыңа уялдың
Башы жок өзү ай пенде?
Аты улук даңкы бар
Айылымдын тургуну
Акындарга жупуну
Асылыпсың энтиге
Наркомандай титиреп
Дабдырапсың кыйла эле
Ой сандырак көк мээ
Акын айылга теңелбе!
Угуп тур Султан маскара
Тилиңде бар окшойт жара?
Сүйлөөрдөн мурун жакшылап
Алды аркаңды кара
Бирөөгө сының таккыча
Күзгүгө карангын башта
Башыңда бир да чачың жок
Чач алдында акыл жок
Чыңгыз ага айткандай
Маңкурт беймсиң эби жок!
Төөнүн терисин кийип
Акын кейпине кирип
Тантырай берсең айылда
Күтүп туру өзүңдү
Ачып койчу көзүңдү
Аты куттуу “бания”
Бир аптадай шол жакта
Сантырап эми жүрүп калба!
Андыктан ойлон, сойлонбо!
Күч келип калып өзүңө
Төрөчүдөй толгонбо!
Сага эрте какбашым
Бизге акыл үйрөткөнгө. ..
Келемиш сымал кулпурат
Адепсиз деп башканы
Ашатып сөгүп тукурат
Ойду тоону сүйлөгөн
Маданият жок сенде
Кайсы арыңа уялдың
Башы жок өзү ай пенде?
Аты улук даңкы бар
Айылымдын тургуну
Акындарга жупуну
Асылыпсың энтиге
Наркомандай титиреп
Дабдырапсың кыйла эле
Ой сандырак көк мээ
Акын айылга теңелбе!
Угуп тур Султан маскара
Тилиңде бар окшойт жара?
Сүйлөөрдөн мурун жакшылап
Алды аркаңды кара
Бирөөгө сының таккыча
Күзгүгө карангын башта
Башыңда бир да чачың жок
Чач алдында акыл жок
Чыңгыз ага айткандай
Маңкурт беймсиң эби жок!
Төөнүн терисин кийип
Акын кейпине кирип
Тантырай берсең айылда
Күтүп туру өзүңдү
Ачып койчу көзүңдү
Аты куттуу “бания”
Бир аптадай шол жакта
Сантырап эми жүрүп калба!
Андыктан ойлон, сойлонбо!
Күч келип калып өзүңө
Төрөчүдөй толгонбо!
Сага эрте какбашым
Бизге акыл үйрөткөнгө. ..
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1603 20 February 2012 - 19:05
Той баштап тургандарга
Дасторконду шыпырып
Чогултуп алып пакеттеп
Кечээ эле жээн кызды
Турган элек жентектеп
Той бергенде Айдашка
Сый урмат көрүп айылда
Ошондо көзү жалындап
Сүйүүсү күйүп жалбырттап
Ликви менен Мөндүрка
Калган эле табышып
Мынакей эми ал экөө
Той баштап калды ашыгып
Айылдын баарын чакырып
Кабарды угуп кубандым
Бактылуу узун өмүрлүү
Алма өрүктөй мөмөлүү
Болушуңарды Алладан
Дуба кылып сурандым
Мактаса сөздөр жетишпейт
Ликвидатор мырзага
Татыктуу эле болот го
Жаштык жалын өмүрдө
Мөндүр менен жыргаса
Ыймандуу сөздөн кеп курган
Жүзүнөн нур чачып турган
Кымбаттуу биздин Мөндүр кыз
Жат жакка кетпей ушунда
Ликвиге болуп колукту
Жарашкан келин болот го
Кыйшайта салып жоолукту
Анда эмесе туугандар
Көңүлүн тойго бургандар
Алып качпай, салт улай
Ардактап баккан атадан
Эмгектеп тапкан энеден
Уруксатты биз сурай
Үйүнөн алып келели
Бир жагы аяшым болсо
Бир жагынан кудачам
Ай чырай Мөндүр жеңени
Нарын байке айтыңыз
Кызмат болсо биздерге
Утурлайлы конокту
Жардамдашып сиздерге
Аш басыңыз өзүңүз
Мурункудай ээ байке?
Эсэсэр акем той башы
Болуп турса бул жакшы
Айдашка жеңем шаштырып
Кызматка салсын абысынды
Кайтпасбегим катырып
Ишке салсын касапты
Бурана болсо жөн турбай
Самоорго өзүң от жакчы
Анча мынча сөз улай
Жандай жүр Тентешканы
Тапшыргыла Аромага
Ыскылад болгон жакты
Шай жеңем да жөн турбас
Колдон келген кызматын
Аткара салып жалпыга
Сунуп турар урматын
Стратег акем шаардан
Сүйлөшүп келсин ресторан
Тамаша күлкү жалпыга
Дели досум тартуулап
Бул сапар болсун томада
Мен дагы болуп кызматта
Алисямды ээрчитип
Конокторду утурлай
Колго сууну куялы
Келген кеткен мейманды
Көзөмөлдөп туралы
Жасантып күйөө баланы
Даярдай эми берели
Кыздын жолуна береги
Машине болсо дапдаяр
ЗАГСка чыгып келели
Дасторконду шыпырып
Чогултуп алып пакеттеп
Кечээ эле жээн кызды
Турган элек жентектеп
Той бергенде Айдашка
Сый урмат көрүп айылда
Ошондо көзү жалындап
Сүйүүсү күйүп жалбырттап
Ликви менен Мөндүрка
Калган эле табышып
Мынакей эми ал экөө
Той баштап калды ашыгып
Айылдын баарын чакырып
Кабарды угуп кубандым
Бактылуу узун өмүрлүү
Алма өрүктөй мөмөлүү
Болушуңарды Алладан
Дуба кылып сурандым
Мактаса сөздөр жетишпейт
Ликвидатор мырзага
Татыктуу эле болот го
Жаштык жалын өмүрдө
Мөндүр менен жыргаса
Ыймандуу сөздөн кеп курган
Жүзүнөн нур чачып турган
Кымбаттуу биздин Мөндүр кыз
Жат жакка кетпей ушунда
Ликвиге болуп колукту
Жарашкан келин болот го
Кыйшайта салып жоолукту
Анда эмесе туугандар
Көңүлүн тойго бургандар
Алып качпай, салт улай
Ардактап баккан атадан
Эмгектеп тапкан энеден
Уруксатты биз сурай
Үйүнөн алып келели
Бир жагы аяшым болсо
Бир жагынан кудачам
Ай чырай Мөндүр жеңени
Нарын байке айтыңыз
Кызмат болсо биздерге
Утурлайлы конокту
Жардамдашып сиздерге
Аш басыңыз өзүңүз
Мурункудай ээ байке?
Эсэсэр акем той башы
Болуп турса бул жакшы
Айдашка жеңем шаштырып
Кызматка салсын абысынды
Кайтпасбегим катырып
Ишке салсын касапты
Бурана болсо жөн турбай
Самоорго өзүң от жакчы
Анча мынча сөз улай
Жандай жүр Тентешканы
Тапшыргыла Аромага
Ыскылад болгон жакты
Шай жеңем да жөн турбас
Колдон келген кызматын
Аткара салып жалпыга
Сунуп турар урматын
Стратег акем шаардан
Сүйлөшүп келсин ресторан
Тамаша күлкү жалпыга
Дели досум тартуулап
Бул сапар болсун томада
Мен дагы болуп кызматта
Алисямды ээрчитип
Конокторду утурлай
Колго сууну куялы
Келген кеткен мейманды
Көзөмөлдөп туралы
Жасантып күйөө баланы
Даярдай эми берели
Кыздын жолуна береги
Машине болсо дапдаяр
ЗАГСка чыгып келели
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1604 20 February 2012 - 21:08
Оо Демонум кел анда
Конокторду жайгарып
Тияка-бияка баштап тур
Колго сууну куйганды
Жаш балдарга бергиниң
Баягы осурак Султан көрүнбөйт
Дал ошону койгунуң
Сен колуңду алып бооруңа
Конокторду жайлаштыр
аксакалы,көк сакал
Жиликтерин караштыр
аксакалдар таарынат
Бөкөлчү да коелу
Ээрчите жүргөн Алияс
Кана эми бери бас
Барс абама тарткыла
жиликтин эң улуусун
Баарың тегиз кызмат кыл
Кудалар наалып кетпесин
Кудай буюруп кечинде
Ресторанга барабыз
Шаан-шөкөтү баштайбыз
Таң атканча тойлойбуз
Конокторду жайгарып
Тияка-бияка баштап тур
Колго сууну куйганды
Жаш балдарга бергиниң
Баягы осурак Султан көрүнбөйт
Дал ошону койгунуң
Сен колуңду алып бооруңа
Конокторду жайлаштыр
аксакалы,көк сакал
Жиликтерин караштыр
аксакалдар таарынат
Бөкөлчү да коелу
Ээрчите жүргөн Алияс
Кана эми бери бас
Барс абама тарткыла
жиликтин эң улуусун
Баарың тегиз кызмат кыл
Кудалар наалып кетпесин
Кудай буюруп кечинде
Ресторанга барабыз
Шаан-шөкөтү баштайбыз
Таң атканча тойлойбуз
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#1605 20 February 2012 - 22:27
Нарын байке келиниз
Ушинтип кенеш бериниз
Сиз айткандай кылайлы
Жиликтерин адашпай
Жолу менен тартуулап
Конокторду сыйлайлы
Кечинде тойканада
Кумардан чыгып жыргайлы
Колго сууну Султанга
Жуктогон менен болбостур
Бул акмак дагы тантырап
Суйлогонун койбостур
Ошонуктан бул жагын
Бурана озу карасын
Ушул тойдо классташым
Кызматка эми жарасын
Ушинтип кенеш бериниз
Сиз айткандай кылайлы
Жиликтерин адашпай
Жолу менен тартуулап
Конокторду сыйлайлы
Кечинде тойканада
Кумардан чыгып жыргайлы
Колго сууну Султанга
Жуктогон менен болбостур
Бул акмак дагы тантырап
Суйлогонун койбостур
Ошонуктан бул жагын
Бурана озу карасын
Ушул тойдо классташым
Кызматка эми жарасын
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1606 21 February 2012 - 00:02
"Кайда болот той?"- десем,
"Суперде" болот турбайбы.
"Ноокатта болсо ушул той,
Жалал-Абадда болбойт," - деп,
Жеп жатыпмын кур кайгы.
Андай экен мен макул,
Комузучу, черт комузду,
Тарткыла керней, сурнайды.
Тойго көөнү бузукту,
Түз эле кудай урбайбы...
Баш кошуптур эки акын,
Биз дагы кошуп ырдайлы.
Кызыбыз эле ак куудай,
Бардык жактан жөн билги.
Ликви баатыр алыпсың,
Ашкере сулуу Мөндүрдү.
Куш бооңор бек болсун,
Үйүңөр ушак кире алгыс,
Бузулбас бекем чеп болсун.
Ынтымакты бузуучу,
Уруш-жаңжал чет болсун.
Учугуңар улаган,
Уул-кызыңар көп болсун.
Жакшылыктар жамырап,
Төрт тарабыңар төп болсун.
"Үй-бүлө экен укмуш!!! "- деп.
Кырк уруу журтка кеп болсун.
"Калыңсыз кыз болсо да,
Каадасыз кыз болбойт..." -деп,
Кыйытып айткан кебиңе,
Түшүнбөй гана турамын,
Бул айтканың эмне?
Ушинтип же акырын
Калың бербей Мөндүргө,
Кошулсам дейби баатырың?
Ликвидатор болсо өзүнө,
Ликвидация болбойт Мөндүр калыңы,
Берип койсун бакырың!! !
Айтып кой, СССР, иниңе,
Мен кайталап айтып жатырым...
"Суперде" болот турбайбы.
"Ноокатта болсо ушул той,
Жалал-Абадда болбойт," - деп,
Жеп жатыпмын кур кайгы.
Андай экен мен макул,
Комузучу, черт комузду,
Тарткыла керней, сурнайды.
Тойго көөнү бузукту,
Түз эле кудай урбайбы...
Баш кошуптур эки акын,
Биз дагы кошуп ырдайлы.
Кызыбыз эле ак куудай,
Бардык жактан жөн билги.
Ликви баатыр алыпсың,
Ашкере сулуу Мөндүрдү.
Куш бооңор бек болсун,
Үйүңөр ушак кире алгыс,
Бузулбас бекем чеп болсун.
Ынтымакты бузуучу,
Уруш-жаңжал чет болсун.
Учугуңар улаган,
Уул-кызыңар көп болсун.
Жакшылыктар жамырап,
Төрт тарабыңар төп болсун.
"Үй-бүлө экен укмуш!!! "- деп.
Кырк уруу журтка кеп болсун.
"Калыңсыз кыз болсо да,
Каадасыз кыз болбойт..." -деп,
Кыйытып айткан кебиңе,
Түшүнбөй гана турамын,
Бул айтканың эмне?
Ушинтип же акырын
Калың бербей Мөндүргө,
Кошулсам дейби баатырың?
Ликвидатор болсо өзүнө,
Ликвидация болбойт Мөндүр калыңы,
Берип койсун бакырың!! !
Айтып кой, СССР, иниңе,
Мен кайталап айтып жатырым...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#1607 21 February 2012 - 01:43
Ассалому алейкум
Ардактуу менин Барс абам
Кыз калынын сурапсыз
Кантип бербей койсун
Даярдап койгон Ликви иним
Сиз кабатыр албаныз
Кудалыкка барабыз
Озунузду баш кылып
Ошондо калын таштайбыз
Кабатыр албай абаке
Тойдун коркун ачыныз
Баш кошкон эки жашка
Ак батаны бериниз
Ресторанга баралы
Эми уруксатын бериниз
Ардактуу менин Барс абам
Кыз калынын сурапсыз
Кантип бербей койсун
Даярдап койгон Ликви иним
Сиз кабатыр албаныз
Кудалыкка барабыз
Озунузду баш кылып
Ошондо калын таштайбыз
Кабатыр албай абаке
Тойдун коркун ачыныз
Баш кошкон эки жашка
Ак батаны бериниз
Ресторанга баралы
Эми уруксатын бериниз
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#1608 21 February 2012 - 05:17
Oo ресторанды койгула,
Кыргыздын Айтыш айлында
Кыргызча эле болгула.
Арак-шарап кошпостон
Кыргызча той кылалы,
Илгерки нарктуу бабанын
Салтын эле улайлы,
Абаке анда калынды сиз бычыныз
Калынсызкыз алды деп
Ноокатты уят кылбайлы!
Кыргыздын Айтыш айлында
Кыргызча эле болгула.
Арак-шарап кошпостон
Кыргызча той кылалы,
Илгерки нарктуу бабанын
Салтын эле улайлы,
Абаке анда калынды сиз бычыныз
Калынсызкыз алды деп
Ноокатты уят кылбайлы!
#1609 21 February 2012 - 08:27
Создун устасы Демонго
Салам Демон кандайсын
Мактоо айтчуу жандайсын
Создорундон адашпай
Катарынан тандайсын
Айтыштардан калбайсын
Создорду да талдайсын
Жаман айтып жургонго
Назарынды салбайсын.
Бирден атап кетипсин
Акындарды адашпай
Туз жолундан кайтпагын
жамандарга жанашпай
Талантына там бердим
Дос бололу Демонбек
Айтып журойун мен деле
Жакын досум Демон деп
Анда эмесе баштайлы
Салтанатту кечени
Келишиптир мейманга
Акын,ырчы,чечени
Кызматыбыз аткарып
Бир бололу оюнда
Журу Демонум жыргайлы
Ликвидатор тоюнда.
Салам Демон кандайсын
Мактоо айтчуу жандайсын
Создорундон адашпай
Катарынан тандайсын
Айтыштардан калбайсын
Создорду да талдайсын
Жаман айтып жургонго
Назарынды салбайсын.
Бирден атап кетипсин
Акындарды адашпай
Туз жолундан кайтпагын
жамандарга жанашпай
Талантына там бердим
Дос бололу Демонбек
Айтып журойун мен деле
Жакын досум Демон деп
Анда эмесе баштайлы
Салтанатту кечени
Келишиптир мейманга
Акын,ырчы,чечени
Кызматыбыз аткарып
Бир бололу оюнда
Журу Демонум жыргайлы
Ликвидатор тоюнда.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#1610 21 February 2012 - 08:54
Oo ресторанды койгула,
Кыргыздын Айтыш айлында
Кыргызча эле болгула.
Арак-шарап кошпостон
Кыргызча той кылалы,
Илгерки нарктуу бабанын
Салтын эле улайлы,
Абаке анда калынды сиз бычыныз
Калынсызкыз алды деп
Ноокатты уят кылбайлы!
Кыргыздын Айтыш айлында
Кыргызча эле болгула.
Арак-шарап кошпостон
Кыргызча той кылалы,
Илгерки нарктуу бабанын
Салтын эле улайлы,
Абаке анда калынды сиз бычыныз
Калынсызкыз алды деп
Ноокатты уят кылбайлы!
Ушул ой жакты мага да,
Арак-шарапсыз дегени
Ак той болсо сонун да
Адал (халал)тамак болсо жегени
Чомучтоп чачып салганча
Ысырап кылбай акчаны
Эки жашка берели
Келечекте бул экооно
Тийсин да пайда кереги!
Калын беруу башка кеп,
Кудалар чечээр суйлошуп
Олчому эмес башкысы
Ыраазычылык эмеспи
Бычылып калын алынса
Берилет кызга жакшы сеп.
Кызга да берчу белек бар
*Махр *деп аты атаалар
О, Ликви кайран баатырым
Аны унутпай сала бар !
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#1611 21 February 2012 - 10:37
Мына бугун айылыбызда жанылык
Той башталды комуз куулор чалынып
Женекелер ары-бери чуркашып
Боз уйлорго килем,кийиз салынып
Турдуу жемиш кант-курстары алынып
Бугун баары кубанычка малынып
Той баштадык айылыбызда чон бакыт
Откоролу биргеликте камынып.
Демон журот кызматыны катырып
Болгун тез деп саркер болуп бакырып
Делика жок корунбоду негедир
Аны дагы келсемби дейм
чакырып.
Самоорду кайнатып
Бардык жанды чайлатып
Келип калган Бурана
Конулдорду жайлатып
Кызмат боллсо кылалы
Койду союп шылалы
Тойду тойго улантып
Колдоп коюп туралы
Нарын байке ырданыз
Комузунуз кылданыз
Кызматта биз болобуз
Тордо олтуруп жылбаныз.
Барс байке сиз аксакал
Кенеш берип турунуз
Келген кеткен баарына
Конулунуз бурунуз
USSR агам той баштап
Инилерди колдонуз
Ойдогудай кылабыз
Бизден ылкак болбонуз
Стратег агам келсинчи
Шаардан салам берсинчи
Конок болуп айылда
Конул ачып кетсинчи
Тентешканы чакырып
Кубанычка батырып
Ырдап берсин кечеде
Обон созуп катырып
Аромага кез келип
Куттуктоого соз берип
Айтып кетсин акындык
Создорунон келтирип
Айдаш жене ар кимдин
Конулуно карасын
Урмат кылып акемдин
Кызматына жарасын
Атпай калган баарынар
Укпагандар таарынар
Чакырабыз кечеге
Аман болсун жанынар
Анда эмесе Ликвини
Мондур кызга кошолу
Каалоо айтып ыр ырдап
Жолдорунан тосолу.
Той башталды комуз куулор чалынып
Женекелер ары-бери чуркашып
Боз уйлорго килем,кийиз салынып
Турдуу жемиш кант-курстары алынып
Бугун баары кубанычка малынып
Той баштадык айылыбызда чон бакыт
Откоролу биргеликте камынып.
Демон журот кызматыны катырып
Болгун тез деп саркер болуп бакырып
Делика жок корунбоду негедир
Аны дагы келсемби дейм
чакырып.
Самоорду кайнатып
Бардык жанды чайлатып
Келип калган Бурана
Конулдорду жайлатып
Кызмат боллсо кылалы
Койду союп шылалы
Тойду тойго улантып
Колдоп коюп туралы
Нарын байке ырданыз
Комузунуз кылданыз
Кызматта биз болобуз
Тордо олтуруп жылбаныз.
Барс байке сиз аксакал
Кенеш берип турунуз
Келген кеткен баарына
Конулунуз бурунуз
USSR агам той баштап
Инилерди колдонуз
Ойдогудай кылабыз
Бизден ылкак болбонуз
Стратег агам келсинчи
Шаардан салам берсинчи
Конок болуп айылда
Конул ачып кетсинчи
Тентешканы чакырып
Кубанычка батырып
Ырдап берсин кечеде
Обон созуп катырып
Аромага кез келип
Куттуктоого соз берип
Айтып кетсин акындык
Создорунон келтирип
Айдаш жене ар кимдин
Конулуно карасын
Урмат кылып акемдин
Кызматына жарасын
Атпай калган баарынар
Укпагандар таарынар
Чакырабыз кечеге
Аман болсун жанынар
Анда эмесе Ликвини
Мондур кызга кошолу
Каалоо айтып ыр ырдап
Жолдорунан тосолу.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#1612 21 February 2012 - 11:25
[quote name='Demon' date='20 Февраль 2012 - 18:53' timestamp='1329742413'
post='643792'
]
Бурана классташыма
Мектепте жүрчү жымыңдап
Кыздарды жандап шыпылдап
Дагыле ошол адатын
Калтырбастан Бурана
Жадырап жайнап кыймылдайт
А бирок билбей жигиттүү
Кыздарга арнап ыр ырдайт
Классташымдын мунусу
Үйлөнгүчө тыйылбайт
Айыл калкы келгиле
Той тамаша кезинде
Жарашыктуу кыздардан
Бурана доско табалы
Ата энесин, тууганын
Көндүрүүгө баралы
Той артынан той улап
Кызыкка кайра баталы
Жаз келгенче эт ашка
Тоюп алып төрлөрдө
Курсак сылап жаталы
Бурана дос мынтели
Макул десең сөзүмө
Тентешканы илели
Теңтуш кылып өзүңө
Кудамдын тою бүткөндө
Сен үчүн камды көрөлү
Бака шака биз түшүп
Ак тоюң сенин өткөрөлү
Сен да эми жай алчы
Антпесе кыздын артынан
Чуркай берип “арвагың”
Чыгып кетти карачы!
саламым сага Демонбай
келдин мына кычырай
саламды айтып жалпыга
калтырып эч кимди унутпай
сунушун мага жактыда
тапсын аяш жакшына
эми Тентешканы угалы
келер деп кутуп туралы
эгер чындап макул болсо
анда эле тойду баштайлы
Бурана классташыма
Мектепте жүрчү жымыңдап
Кыздарды жандап шыпылдап
Дагыле ошол адатын
Калтырбастан Бурана
Жадырап жайнап кыймылдайт
А бирок билбей жигиттүү
Кыздарга арнап ыр ырдайт
Классташымдын мунусу
Үйлөнгүчө тыйылбайт
Айыл калкы келгиле
Той тамаша кезинде
Жарашыктуу кыздардан
Бурана доско табалы
Ата энесин, тууганын
Көндүрүүгө баралы
Той артынан той улап
Кызыкка кайра баталы
Жаз келгенче эт ашка
Тоюп алып төрлөрдө
Курсак сылап жаталы
Бурана дос мынтели
Макул десең сөзүмө
Тентешканы илели
Теңтуш кылып өзүңө
Кудамдын тою бүткөндө
Сен үчүн камды көрөлү
Бака шака биз түшүп
Ак тоюң сенин өткөрөлү
Сен да эми жай алчы
Антпесе кыздын артынан
Чуркай берип “арвагың”
Чыгып кетти карачы!
саламым сага Демонбай
келдин мына кычырай
саламды айтып жалпыга
калтырып эч кимди унутпай
сунушун мага жактыда
тапсын аяш жакшына
эми Тентешканы угалы
келер деп кутуп туралы
эгер чындап макул болсо
анда эле тойду баштайлы
#1613 21 February 2012 - 13:11
СССРге салам ыр.
Ассалоому алейкум
Өйдө чыксам жаныма
Өбөгүм, СССР, кандайсың?
Айтышканда тең келер,
Өнөгүм, СССР, кандайсың?
Жыгылганда сүйөөчү,
Тирегим, СССР, кандайсың?
Алп акын болчу буйруса,
Тилегим, СССР, кандайсың?
«Кыргыз! » деп соккон дүкүлдөп,
Жүрөгүм, СССР, кандайсың?
Илим-билим илибоюн,
Билген, СССР, кандайсың?
Кулагына даана сөз,
Илген, СССР, кандайсың?
Айласыздан алыста,
Жүргөн, СССР, кандайсың?
Эмне сөз бар деп «Суперде»,
Локатор кылып кулагын,
Түргөн, СССР, кандайсың?
Барган жериң СССР,
Өңгүл-дөңгүл жер бекен?
Же
Тегереги тептегиз,
Токою жыш чер бекен?
Атын бизге айтып кой,
Ал жерди эмне дээр экен?
(Ушунча уза-ак жөнөгөн,
СССР чындап эр экен!)
Барган шаарың дуруспу,
Тынч бекен анда эличи?
Биздикиндей жок бекен,
Алдым-жуттум, жегичи.
Акпы, сары, карабы,
Адамдарынын териси?
Кандай экен мамиле,
Алышы менен бериши?
Кыз жандуу элең илгертен,
Бар бекен сулуу периси?
Мага эми кызык эмес го,
Сурап койдум да, дегичи!! !
Уссири деген крайда,
Жолборсу бар дечү эле,
Ошол жерге жеттиңби,
Же болбосо андан да,
Нарылай ашып кеттиңби?
Андай болсо
ата-бабаң жердеген,
кийинки биздер көрбөгөн,
Алтай менен Эне-Сай
Ана шу жерден өттүңбү?
Куран окуп арбакка,
Терең ойго чөктүңбү?
Анан
Ала-Тооңду бир эңсеп,
Көрсөтпөй жашың төктүңбү?
Кайда жүрбөйт эр жигит,
Бекем бол, СССР, чыдагын.
Ырыскы берген ошаяктан,
А эми
Буйругу, балким, Кудаанын!
Пендесине бир келген,
Сыноосудур бу дагын.
Ден соолугуң чың болуп,
Бир тапканың миң болуп,
Байлыкка байлык улагын!
Аман болсун алтын баш,
Деп сен үчүн, СССР,
Жараткандан сурадым...
..................... ...................... .....................
Бугумду бир аз чыгардым,
Эми бир аз тынайын.
Жооп болсо СССРден,
Анысын дагы угайын.
Тойго дешиптир жаш балдар,
"Жүр!" - десе ага чыгайын.
Элимде болуп жакшылык,
Той көп болсун ылайым!!!
Ассалоому алейкум
Өйдө чыксам жаныма
Өбөгүм, СССР, кандайсың?
Айтышканда тең келер,
Өнөгүм, СССР, кандайсың?
Жыгылганда сүйөөчү,
Тирегим, СССР, кандайсың?
Алп акын болчу буйруса,
Тилегим, СССР, кандайсың?
«Кыргыз! » деп соккон дүкүлдөп,
Жүрөгүм, СССР, кандайсың?
Илим-билим илибоюн,
Билген, СССР, кандайсың?
Кулагына даана сөз,
Илген, СССР, кандайсың?
Айласыздан алыста,
Жүргөн, СССР, кандайсың?
Эмне сөз бар деп «Суперде»,
Локатор кылып кулагын,
Түргөн, СССР, кандайсың?
Барган жериң СССР,
Өңгүл-дөңгүл жер бекен?
Же
Тегереги тептегиз,
Токою жыш чер бекен?
Атын бизге айтып кой,
Ал жерди эмне дээр экен?
(Ушунча уза-ак жөнөгөн,
СССР чындап эр экен!)
Барган шаарың дуруспу,
Тынч бекен анда эличи?
Биздикиндей жок бекен,
Алдым-жуттум, жегичи.
Акпы, сары, карабы,
Адамдарынын териси?
Кандай экен мамиле,
Алышы менен бериши?
Кыз жандуу элең илгертен,
Бар бекен сулуу периси?
Мага эми кызык эмес го,
Сурап койдум да, дегичи!! !
Уссири деген крайда,
Жолборсу бар дечү эле,
Ошол жерге жеттиңби,
Же болбосо андан да,
Нарылай ашып кеттиңби?
Андай болсо
ата-бабаң жердеген,
кийинки биздер көрбөгөн,
Алтай менен Эне-Сай
Ана шу жерден өттүңбү?
Куран окуп арбакка,
Терең ойго чөктүңбү?
Анан
Ала-Тооңду бир эңсеп,
Көрсөтпөй жашың төктүңбү?
Кайда жүрбөйт эр жигит,
Бекем бол, СССР, чыдагын.
Ырыскы берген ошаяктан,
А эми
Буйругу, балким, Кудаанын!
Пендесине бир келген,
Сыноосудур бу дагын.
Ден соолугуң чың болуп,
Бир тапканың миң болуп,
Байлыкка байлык улагын!
Аман болсун алтын баш,
Деп сен үчүн, СССР,
Жараткандан сурадым...
..................... ...................... .....................
Бугумду бир аз чыгардым,
Эми бир аз тынайын.
Жооп болсо СССРден,
Анысын дагы угайын.
Тойго дешиптир жаш балдар,
"Жүр!" - десе ага чыгайын.
Элимде болуп жакшылык,
Той көп болсун ылайым!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#1614 21 February 2012 - 17:03
Салам Демон кандайсын
Мактоо айтчуу жандайсын
Айтыштардан калбайсын
Создорду да талдайсын
Мактоо айтчуу жандайсын
Айтыштардан калбайсын
Создорду да талдайсын
Каяша жазып сөзүңө
Жаман айтсам да өзүңө
Мурунтан эле сени мен
Жакын досум деп билем
Канчалаган кычык сөз
Жазсам дагы мен ырдай
Барибир сени урматтап
Ага дос деп билем сыйлай
Баштасак тойду баштайлы
Кызматтан эми качпайлы
Мурункудай чукулап
Ыр жазууну таштайлы
Кана союш коюңду
Апкелегой Кайтпасым
Мен да берип жардамды
Шыйрактарын кармайын
Терисин сыйрып таптаза
Салалы койду казанга
Жиликтеп этти тарталы
Күмүш кур аксакалга
Ызат кылып энеге
Алалы тилек бата
Анан досум Кайтпасым
Унутпайлы жаштарды
Кызмат кылып айылда
Тийип жаткан кереги
Алардын да шыбагасын
Тандап туруп берели
Айылдагы жалпыга
Жазыптыр бизге ырларын
СССР агам туптуура
Чакырыптыр айылды
Кыргызча эле болууга
Эми кайра Ыстратег
Отменить этсин шаардагы
Сүйлөшкөн, ресторанды
Ашыкча чыгым кылбастан
Жаштарга топтоп акчанын
Берели дептир баарысын
Арома дозум ардагым
Колдодум сенин айтканың
Байкашымча айылда
Кыз жакка отвечать эткен
Накыл сөз жазып кеткен
Барс авам окшойт сыягы
Куда тараптан келген
Ликви үчүн жооп берер
Маанилүү адам окшойбу
Өз агам анан кайнагам
Аты улук Эсэсэсер
Демек эки алп акын
Кудалашып жатыптыр
Бирбирине ырлардан
Тандап терип жазыптыр
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1615 21 February 2012 - 20:11
Барс абага .
Ассалоому алейкум ,
Ардактуу каары Барс аба.
Амандыкты сурайын ,
Акындардай соз таба .
Аксыдан кабар сурайын ,
Аманбы элин Барс аба ?
Акыбал сурап алайын ,
Анча-мынча соз таба .
Салмактап созду курайын ,
Абакеме тик бакпай ,
Ийменип мен турайын .
Саламдашып алган сон ,
Тойго созду бурайын .
Созду копко созбостон ,
Мондурдун колун сурайын .
Акылдуу созу азгырган ,
Сулуулугу мас кылган
Болсунчу Мондур жубайым .
Ак батаны берсениз ,
Кошсунчу бизди кудайым .
Калынсыз кыз болсо да ,
Каадасыз кыз болбойт - деп
Айтылган соз бекер кеп.
Калынды катуу сураныз ,
Уйлонсом керек болот деп .
Акчаны жыйгам белендеп .
Ойго келбес бааны айтын ,
Сиздин создун баары эсеп .
Тартынбай аба сурай бер ,
Олтуруп калбайм кайгы жеп.
Берем колдо баарымды ,
Мондурдой сулуу кыз учун ,
Керек болсо жанымды .
Айдап барам алдына ,
Короо-короо малымды .
Мондурдой аруу кыз учун ,
Беремин мен жанымды .
Батанды бер абаке ,
Беремин айткан калынды .
Мондурумду жанга алып ,
Тынчытайын жанымды .
Ассалоому алейкум ,
Ардактуу каары Барс аба.
Амандыкты сурайын ,
Акындардай соз таба .
Аксыдан кабар сурайын ,
Аманбы элин Барс аба ?
Акыбал сурап алайын ,
Анча-мынча соз таба .
Салмактап созду курайын ,
Абакеме тик бакпай ,
Ийменип мен турайын .
Саламдашып алган сон ,
Тойго созду бурайын .
Созду копко созбостон ,
Мондурдун колун сурайын .
Акылдуу созу азгырган ,
Сулуулугу мас кылган
Болсунчу Мондур жубайым .
Ак батаны берсениз ,
Кошсунчу бизди кудайым .
Калынсыз кыз болсо да ,
Каадасыз кыз болбойт - деп
Айтылган соз бекер кеп.
Калынды катуу сураныз ,
Уйлонсом керек болот деп .
Акчаны жыйгам белендеп .
Ойго келбес бааны айтын ,
Сиздин создун баары эсеп .
Тартынбай аба сурай бер ,
Олтуруп калбайм кайгы жеп.
Берем колдо баарымды ,
Мондурдой сулуу кыз учун ,
Керек болсо жанымды .
Айдап барам алдына ,
Короо-короо малымды .
Мондурдой аруу кыз учун ,
Беремин мен жанымды .
Батанды бер абаке ,
Беремин айткан калынды .
Мондурумду жанга алып ,
Тынчытайын жанымды .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#1616 21 February 2012 - 21:22
Азамат жигит мыктысы
Ликви досум и кудам
Уй було курсан сен эми
Кошулуп мен да кубанам
Коп кеп кылды калындан
Буга чейин Барс абам
Сен да жообун жазыпсын
Качпаймын деп калындан
Жакшы созго татыпсын
Мунуна жалпы айлыбыз
Ыраазы болдук абыдан
Нарынбек агам баш болгон
СССР агам каш болгон
Келгиле эми улуулар
Куда тарап жол баштап
Кадамды ишенип таштап
Той кунун анан калынды
Чечишип эми келгиле
Уйлонуп жаткан жаштарга
Алакан жайып чын дилден
Ак батаны бергиле
Куйоо жанчы балдардын
Ичи бышып жатканын
Айттырбастан сезгиле
Айдашка жене Шай жене
Туйундорду туйгуло
Силер дагы чогулуп
Куда тарап жургуло
Аларды ыраазы кылып
Макулдугун да алып
Мондур кызга эмитен
Келгиле сойко тагып
Айылда кызмат улансын
Анча мынча бойдоктор
Шеригин таап кубансын
Кезек куткон Кайтпасбек
Бурана анан Делибек
Тугойлорун табышсын
Тойго жыргап алышсын
Алар менен катарлаш
Биз да кулуп жаркылдап
Журолу ушул жаштыкта
Шапар тээп шат ырдап...
Ликви досум и кудам
Уй було курсан сен эми
Кошулуп мен да кубанам
Коп кеп кылды калындан
Буга чейин Барс абам
Сен да жообун жазыпсын
Качпаймын деп калындан
Жакшы созго татыпсын
Мунуна жалпы айлыбыз
Ыраазы болдук абыдан
Нарынбек агам баш болгон
СССР агам каш болгон
Келгиле эми улуулар
Куда тарап жол баштап
Кадамды ишенип таштап
Той кунун анан калынды
Чечишип эми келгиле
Уйлонуп жаткан жаштарга
Алакан жайып чын дилден
Ак батаны бергиле
Куйоо жанчы балдардын
Ичи бышып жатканын
Айттырбастан сезгиле
Айдашка жене Шай жене
Туйундорду туйгуло
Силер дагы чогулуп
Куда тарап жургуло
Аларды ыраазы кылып
Макулдугун да алып
Мондур кызга эмитен
Келгиле сойко тагып
Айылда кызмат улансын
Анча мынча бойдоктор
Шеригин таап кубансын
Кезек куткон Кайтпасбек
Бурана анан Делибек
Тугойлорун табышсын
Тойго жыргап алышсын
Алар менен катарлаш
Биз да кулуп жаркылдап
Журолу ушул жаштыкта
Шапар тээп шат ырдап...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1617 22 February 2012 - 14:12
Ушул ой жакты мага да,
Арак-шарапсыз дегени
Ак той болсо сонун да
Арак-шарапсыз дегени
Ак той болсо сонун да
Туурасы кептин ачыгы
Бу Ликви деген иничек
Нагыз кыргыз баатыры,
Кыргызча той өткөрсөк
Туура болгон жатыры.
Кыдырата үй тизип
Тээтиги жашыл түзөңгө,
Даярдана берелик
Ликвидаторду үйлөөгө,
Алты бакан тургузуп
Тамаша оюн кургузуп,
Улак тартыш, ат чабыш
Эр оюндар болсо экен
Келген кеткен коноктун
Купулуна толсо экен,
Ордо атыш, тогуз коргоолду
Дүмпүлдөк, токту сурамай
Кыз куумай, төө чечмейи
Күрөш,тыйын эңмейи
Улуттук бул оюндар
Болушун мен эңсеймин,
Кыз-жигиттер сырдашып
Секетпай ырын ырдашып,
Жеңелер күлүп шаңкылдап
Кайнилер жүрсө бакылдап,
Санжыра айтып карылар
Нарктуу сөздөн баштаса
Азамат болчу жаш балдар
Аларга кулак таштаса,
Элестетсем чынында
Кыргыздын тою башкача,
Чогулуп жамаат калайык
Бул нерсе өзү ажайып,
Ынтымак орноп ортодо
Эл байысын тойлорго!
#1618 22 February 2012 - 17:23
Ноокатта той болот деп
Элдин баары дургуптур
Акын айтыш айлында
Тойду карай жоноптур
Куш келгиле ак тойго
Ак ниет акындарым
Тойгончо жеп тое ичип
Ак батаны берели
Эки жашты эркине
Эми кое берели
Бал айы деген бар эле
Кайда барса оз эрки
Жаштарды биз уялтпай
Той жеген сон тарайлы
Кондидаттар бар болсо
Эмки тойду баштайлы
Элдин баары дургуптур
Акын айтыш айлында
Тойду карай жоноптур
Куш келгиле ак тойго
Ак ниет акындарым
Тойгончо жеп тое ичип
Ак батаны берели
Эки жашты эркине
Эми кое берели
Бал айы деген бар эле
Кайда барса оз эрки
Жаштарды биз уялтпай
Той жеген сон тарайлы
Кондидаттар бар болсо
Эмки тойду баштайлы
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#1619 22 February 2012 - 18:23
" Кайда болот той?"- десем,
"Суперде" болот турбайбы.
"Ноокатта болсо ушул той,
Жалал-Абадда болбойт," - деп,
Жеп жатыпмын кур кайгы.
"Суперде" болот турбайбы.
"Ноокатта болсо ушул той,
Жалал-Абадда болбойт," - деп,
Жеп жатыпмын кур кайгы.
“Ноокатта болсо ушул той”
Дегенди окуп кетти ой –
Ликви да “Акын чыгарган” –
Ноокаттанбы, кызык гой
“Мөндүрдөй төгүп сөздөрүн
Мөндүр келди, бөлбөдүм” –
Деп жазганым эсимде
Көрсө айтыпмын келинге
Эки жашка каалаарым -
"Эсен бол" экөөң ар дайым
Басылбасын сүйүүңөр
"Базар" болсун үйүңөр
Тойго келген калың журт
Батпай калсын үйүңө
Дасторконго жык толсун
Белек бечкек, дүнүйө
Жоро, жолдош досторуң
Айтышсын куттук тостторун
Жөн эле келип, кетишпей
Таштасын конверт “постторун”
Азил-чыны аралаш
Аз-маз айттым каалоону
Эми...
Ликви үкам шашылбай
Зире, мурчу аралаш
Дайындай бер палоону ..
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#1620 23 February 2012 - 06:21
СССРге салам ыр.
Анда мен:
Ва-алейкума ассалом
Кабыл алдым саламды,
Жакшы сөзүн арнаган
Жакшы көрөм авамды,
Аваке сизге ыракмат
Ыраакта жургөн салпактап
Эстедиң мендей балаңды.
Топурагы алтындан
Кең мекен, ава, аманбы?
Аксынын Сары-Челегин
Жердеген авам аманбы?
Ак эмгек менен дайыма
Тердеген авам аманбы?
Чаалыгуу менен чарчоону
Сезбеген авам аманбы?
Жаш муундарга дарс-сабак
Берген авам аманбы?
"Кыргыз тили-улуу тил"
Деген авам аманбы?
Келечек үчүн убайым
Жеген авам аманбы?
Жалпыбыздын бактыга
Денсоолукта болуңуз,
Ушу жалпы оору дегенден
Анча-мынча жалкоолук
Менен гана ооруңуз.
Жамбаштап жатаар мезгилде
Дале иштеп мектепте
Тийип жатат сообуңуз.
Окуучу балдар, кыздарга
Салам айтып коюңуз,
Байбичеңиз- чоң апам
Аман -эсен жүргөндүр
Ага да салам узатам.
Кабарын айтсам өзүмдүн
Алыс жакка качкамын,
Бабалар биздин жердеген
Алтайдан нары ашкамын,
Ыраакы Чыгыш дейт экен
Байкөлдөн(байкал) ары жактарын,
Приморье жана Хабаров
Владивосток башкасы
Унутуп жатам дагы аттарын,
Ошонун баарын баскамын
Материк жери түгөнүп
Аралга анан аттадым.
Сахалин деген жер экен
Бөксө адыр,жапыз тоо
Карагай-кайың чер экен
Түздүгүнөн тоосу көп
Кургагынан суусу көп,
Көк асмандан булут көп
Жамгыр,шамал- чуусу көп.
Агы,кара,сарысы
Аралаш жашайт баарысы,
Нихви,айни дегендер
Илгертен бери жашашкан
Анан орус,корей,жапандар
Бу аралды көздөй капташкан,
Казак, өзбек, тажиги
Кыргыз,азер, хачиги
Иш издеп мында катташкан.
Маскөө,Питер жактагы
Чиренген орус мында жок,
Анткени,
Алардан өткөн чиренчү
Бай корейлер мында көп,
Башын такыр кырдырган
Скинхеддер мында жок экен,
Авчарке иттей жулунбай
Менттери да жоош экен.
Бирин бири алдаган
Мас болуп алып сабаган
Баягы эле кыргыздар,
Мен ошого арданам.
Ээ абаке, айта берсе арман көп
Айтпаса да белгилүү,
Бул жактагы туугандар
Көбүнчө ,
Жаман жагы менен белгилүү.
П.С.
Айта кетчү дагы сөз
Илгери СССР деген кең мекен
Жапан менен согушуп
Бу аралды талашкан экен.
Тынчтыкбек Бекташ уулунун
Чоң атасы катышкан,
Аскердик парзын аткарып
Жапандар менен атышкан.
Жапанды үйүнө кууптур
Алдырар күнү жаздыраар
Көрөөр күнү бүтүптүр,
Берлинге барып өлбөгөн
Ушул жерде окко учуптур.
Куран окуп багыштап
Аткарып койдум парызым
Кантсе да ошол аталарга
өмүрүм үчүн карызмын.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















