кайран досум Демонум,
мактанышты качан коёсун,
мынтип журсон жаманым,
Делинин досу дедиртип,
уятка мени коёсун,
андан коро Демонум,
адатынды койгунун,
корунгон жерге тыгылган,
"крыша" болом деп журуп,
кетип калбасын "крышан"
мактанышты качан коёсун,
мынтип журсон жаманым,
Делинин досу дедиртип,
уятка мени коёсун,
андан коро Демонум,
адатынды койгунун,
корунгон жерге тыгылган,
"крыша" болом деп журуп,
кетип калбасын "крышан"
Элим айткан накыл кеп
Тең теңи менен болот деп
Мен жаман болсом сен дагы
Жамансың Дели темтеңдеп
Крыша болуу оюмда
Жок болчу досум Делибай
Болгону кызмат кылдымле
Ликвибектин тоюнда
Анан сен кирсең айылга
Көзүң кысып аяшка
Бойдок кыздан тапкын деп
Жазган элем айтып кеп
Менин оюм түшүнбөй
Жазыпсың налып тагдырга
Дос болбойм деп өзүмө
Малыныпсып жалынга
Арызданып жалпыга
Бирок бил “достук” деген
Керек болот адамга
Кирсе дагы кабырга
А бирок менин сөзүмдү
Толугу менен аңдабай
Ириттиң деп көңүлдү
Жок жерден досум жаңылба
Сөз ташытуу деген нерсе
Сенден чыкты байкасаң
Анткени мен эч качан
Ушакчы бол деп айтпагам
Болгону каарып калганда
Жөлөгүм бол дегенмин
Ошону да көп көрүп
Урушарың билбепмин?
Кайрале бир сөзүңө
Жабышып ирик, чирикке
Мөндүргө күйүктүң деп
Урушчаак катындан бешбетер
Аябай эле тилдепсиң
Кычоо деген жаатында
Менден ашып кетипсиң
Шылдыңдап мени ашыкча
Жыгып туруп айыпка
Максатыңа жетипсиң
Урушчаак досум Делибек
Баржокту шылтап өзүмө
Сен жакшы болуп өзүнчө
Ырыңды куп эшипсиң
Жүрөктү суук сөз менен
Кем калышпай тешипсиң
Ликвиге “жеңе” шайлапсың
Буркан шаркан кайнапсың
Жарашчу ошол өзүңө
Жаман образың таңдапсың
Арылдап тиштеп алчудай
Кутуруп эми баштапсың
Жазып кайдагы ириңден
Чачыпсың мага кириңден
Түгөнбөптүр дагы эле
Чирик сөз ошол тилиңден
Мен эмес мунун себеби
Баарына жаман билинген
Керек болсо сен өзүң
Арыла элексиң ириңден
Хамелеон болуп алыпсың
Түркүн түскө кубулган
Тилиңден калемпир тамат
Адамды кылып бушайман
“Делинин досу дедиртип,
уятка мени коёсун”
Дегениң анча жакпады
Анткени сенде кабар жок
Аты улук ошол уяттан
Заары көп уу сөзүңдү
Жашырган белең мурунтан
Чычалап же кеттиңби
Чукуйм десем көзүңдү?
Же болбосо башкага
Көкүрөк чаап мактана
Жакшымын деп актана
Акын болдуңбу буулуккан?
Сенде бар тил менде да
Бар экенин билип жүр
Бир да сезип койбодум
Жазылган мында ырыңдан
Эскисиндей күчтүү “сүр”
Тытышсаң тытыш кайраным
Акындар ушул айылда
Жүрүшсө жүрүш сайраным
А бирок өзүмчүл болуп
Узактап менден калбагын!
Дос дебейм эми дегенди
Экинчи жолу айтпагын!
Мен жаман болсом жолумду
Түздөп турчу болгунуң
Анча мынча ашыкча
Сүйлөп алсам жаштыкта
Анткен менен эркелик
Кете элек менде азыр да
Ушуну эсиңе алып
Дос бол колдооңо алып
Кеңешиң берип ыкластуу
Жөн эле оңдоп койгунуң
“Тандады эле кимиңди
Сен жазыпсың биринчи”
Дегениңе жооп берчу
Мен эмесмин Делибек
Муну сурап Мөндүргө
Ыгын тапсаң көндүрө
Билип алгын Делибек
Ликви келсе айылга
Сен менен чыкса айтышка
Экөөңдү тегиз колдоймун
Бөлгүч жаргыч болбоймун
Анткени мага дос улук
Достукту гана коргоймун

Супер-Инфо
super.kg
видео













