Мондур сулуу экообуздун ,
Берген тоюбуз тамаша .
Айылдын баарын ишентип,
Отуруп алдык жанаша .
Тамашанын себебин ,
Баары андап , байкаса.
Кызыгын коруп тоюбуздун ,
Эми баары таркаса .
Мондурду эч ким уялтпай ,
"Той" темага кайтпаса .
Катын алам кокуй деп,
Калп жеринен айттыңбы?
Калың сурап койду элем,
Коркуп кетип кайттыңбы?
Той болгон соң Суперде,
Кайра кандай күймөнүш.
Карап көрсөң чынында,
Кыйын бекен үйлөнүш?
Жанаша тойдо отурсаң,
"Жарың" менен сен бирге.
"Катын, катын"-дей берсең,
Жакпагандыр да Мөндүргө!
Сүткө оозуң күйүптүр...
Эмкисин байкап, карагын.
Ушуну менен бүтүрөм,
Тамаша ырдын аягын.

Супер-Инфо
super.kg
видео

















