"Эртелеп чыгам "- деген ойдон кайттым,
Арбалдым кызыгына ушул сайттын,
Мен үчүн жасалган бул аракетке,
Ийилип, келди менин рахмат айткым.
5ге дейре убактым кенен экен,
Кагалы такаларын күлүк аттын,
Бизден соң, ээнсиретпей бул айылды,
Башкалар да күлүк же жорго чапсын.
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#2821 25 October 2013 - 15:26
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2822 25 October 2013 - 15:31
Бул сөзүңүз мага да майдай жакты
Ыр саптары шуру болуп дароо “акты”
Мен сизге арнап таптаган күлүк "аттар"
Ээ-жаа бербей, чыгууга шашып жатты.
Анда эмесе, баштайлыбы чоң теманы
Окурмандар күтүшөбү, билбейм аны
Бүтпөй калса, айтышып өз ойлорун –
Бизге жакшы болот да, андан ары...
Ыр саптары шуру болуп дароо “акты”
Мен сизге арнап таптаган күлүк "аттар"
Ээ-жаа бербей, чыгууга шашып жатты.
Анда эмесе, баштайлыбы чоң теманы
Окурмандар күтүшөбү, билбейм аны
Бүтпөй калса, айтышып өз ойлорун –
Бизге жакшы болот да, андан ары...
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2823 25 October 2013 - 15:48
Эмнегедир ар бир жазган сабымдын,
Аралыгы алыс болуп кыйнады,
Билдирүүмдү мен түзөтүп жатамын,
Delete кылып бош жерлерин ырдагы.
Жөндөөлөрдөн издеп таба албадым,
ITишникке келип жатат чырдагым,
Ошондуктан "түзөтүлдү кайра" деп,
Билдирүүгө толуп калды ыр багым.))
Аралыгы алыс болуп кыйнады,
Билдирүүмдү мен түзөтүп жатамын,
Delete кылып бош жерлерин ырдагы.
Жөндөөлөрдөн издеп таба албадым,
ITишникке келип жатат чырдагым,
Ошондуктан "түзөтүлдү кайра" деп,
Билдирүүгө толуп калды ыр багым.))
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2824 25 October 2013 - 15:58
Каршыңызда отурат го бир айтишник
Чыр салбай эле, билдириңиз, “ай, ты сник”
Аралыгы алыс болгон – эчтеке эмес,
Болгону эле, форумдагы “шник-пник”.
Чыр салбай эле, билдириңиз, “ай, ты сник”
Аралыгы алыс болгон – эчтеке эмес,
Болгону эле, форумдагы “шник-пник”.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2825 25 October 2013 - 16:11
"Түзөтүлгөн"
сиздикин көруп алып,
Биле албай окшоштугун, такыр анык,
Ойлодум, программабыз чарчаганбы,
Атыбыздын такасын кыйшак кагып.
Жарышкансып "түзөтүп" келатабыз,
Жазылганын биринчи ырдын "чанып" ,
Айтышуудан баш тартпайт экенбиз го,
Клава эле чарчабаса, сынып калып.
Биле албай окшоштугун, такыр анык,
Ойлодум, программабыз чарчаганбы,
Атыбыздын такасын кыйшак кагып.
Жарышкансып "түзөтүп" келатабыз,
Жазылганын биринчи ырдын "чанып" ,
Айтышуудан баш тартпайт экенбиз го,
Клава эле чарчабаса, сынып калып.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2826 25 October 2013 - 16:19
Айтышта жүрүп көрбөпмүн
Кайчылаш такыр өтпөпмүн
Сен кайда жүрдүң эле мурдараак эй,
Агаңдын "үйүн" өрттөдүң.
Кайчылаш такыр өтпөпмүн
Сен кайда жүрдүң эле мурдараак эй,
Агаңдын "үйүн" өрттөдүң.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2827 25 October 2013 - 16:31
Ийилген дарак болсоңуз,
Жарык бир айдай толсоңуз,
Кайдагы ичке чырпык деп,
Байкабай керек койсоңуз.
Асманда болсо ой-тооңуз,
Башка бир болсо болжооңуз,
Дөбөчө жандан өттүңүз,
Ак мөңгү карап байкооңуз.
Жарык бир айдай толсоңуз,
Кайдагы ичке чырпык деп,
Байкабай керек койсоңуз.
Асманда болсо ой-тооңуз,
Башка бир болсо болжооңуз,
Дөбөчө жандан өттүңүз,
Ак мөңгү карап байкооңуз.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2828 25 October 2013 - 16:44
Ийилген дарак болгондо,
Шактарым өсүп кеткен го
Байкабай сенин жаныңдан эй,
Батыраак басып өткөм го.
Асманда жылдыз толгондо,
Дөбөдөн жандап өткөм го,
Ак мөңгү карап, курган жан эй,
Делдейип басып өткөм го.
Турасын күлкүң жылмайып
Турнадай болуп ыргалып
Байкабай сулуу кыздарды эй,
Бараткан окшойм улгайып.
Шактарым өсүп кеткен го
Байкабай сенин жаныңдан эй,
Батыраак басып өткөм го.
Асманда жылдыз толгондо,
Дөбөдөн жандап өткөм го,
Ак мөңгү карап, курган жан эй,
Делдейип басып өткөм го.
Турасын күлкүң жылмайып
Турнадай болуп ыргалып
Байкабай сулуу кыздарды эй,
Бараткан окшойм улгайып.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2829 25 October 2013 - 17:19
"Улгайдым эми мен"- дебей,
Жаш бойдон дайым жүрүңүз,
Ачылса керек араң эле,
Оноонон үч-төрт гүлүңүз.
Басканда асман тиктебей,
Бут жакты карай жүрүңүз,
Жаштыктын түшүп шарына,
Каткырып , дайым күлүңүз.
Кетейин эми, кеч болду,
Мен күткөн жана беш болду,
Көрүшкөнчө эми деп,
Сунайын эки кош колду.
Жаш бойдон дайым жүрүңүз,
Ачылса керек араң эле,
Оноонон үч-төрт гүлүңүз.
Басканда асман тиктебей,
Бут жакты карай жүрүңүз,
Жаштыктын түшүп шарына,
Каткырып , дайым күлүңүз.
Кетейин эми, кеч болду,
Мен күткөн жана беш болду,
Көрүшкөнчө эми деп,
Сунайын эки кош колду.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2830 25 October 2013 - 17:31
Айтышып атып сиз менен
“Гүл саноону” унуттум.
Дайыма эстеп жүрөйүн
Бүт баарын айткан сунуштун.
Байкабай да калыпмын
Убакыттын өткөнүн
Кош колун кармап өбөйүн
Өнөгүм болгон Мөлмөлдүн!
“Гүл саноону” унуттум.
Дайыма эстеп жүрөйүн
Бүт баарын айткан сунуштун.
Байкабай да калыпмын
Убакыттын өткөнүн
Кош колун кармап өбөйүн
Өнөгүм болгон Мөлмөлдүн!
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2831 27 October 2013 - 15:12
#2832 28 October 2013 - 12:10
Дем алыш күн эки күнгө созулуп
Алыс, жакын - бүт туугандар чогулуп
Чоң бажанын онду бүткөн баласын
Үйлөп койдук, шашып эле, оолугуп.
Азыр болсо, жумуштамын, баягы
Икаянын чыкты беле аягы?
Акын төрдө чымын учса угулат
Топ акындар тойлордо го сыягы...
Алыс, жакын - бүт туугандар чогулуп
Чоң бажанын онду бүткөн баласын
Үйлөп койдук, шашып эле, оолугуп.
Азыр болсо, жумуштамын, баягы
Икаянын чыкты беле аягы?
Акын төрдө чымын учса угулат
Топ акындар тойлордо го сыягы...
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2833 28 October 2013 - 12:18
Эс алуу болбосун деп дагы үч күн,
Жол карап, саатты санап сизди күттүм,
Кечээги суук күнү карда калып,
Мурдумду кызыл кылып мен үшүттүм
.
Жол карап, саатты санап сизди күттүм,
Кечээги суук күнү карда калып,
Мурдумду кызыл кылып мен үшүттүм
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2834 28 October 2013 - 12:39
Амансызбы, Луи бийкеч, өнөгүм
Айтыштагы колдоп турган жөлөгүм
Үч күн эмес - үч ай, үч жыл өткөнсүп
Сагынычтан саргайдык го, көп күтүп
Күн суукта, мурун үшүп - кызарса,
Калыптыр да, кызга кызыл жарашып
Врач болуп, калсам болмок, ка...ап,
Үшүк алган, мурдуңузду, карашып
Айтыштагы колдоп турган жөлөгүм
Үч күн эмес - үч ай, үч жыл өткөнсүп
Сагынычтан саргайдык го, көп күтүп
Күн суукта, мурун үшүп - кызарса,
Калыптыр да, кызга кызыл жарашып
Врач болуп, калсам болмок, ка...ап,
Үшүк алган, мурдуңузду, карашып
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2835 28 October 2013 - 13:18
Аманчылык,
Келиңиз Жека мырза,
Соболдорду узатыпсыз Луи кызга,
Кыргыздын кызы болуп бет кызарат,
Негизинен жакынмын мен кызылга.
Ак кийинип, дарт себебин тапсаңыз,
Мээрман айым болмокмун го жаныңызга,
Орулууга көмөктөшүп сиз менен,
Чарчаганда дем-күч болуп алыңызга.
Соболдорду узатыпсыз Луи кызга,
Кыргыздын кызы болуп бет кызарат,
Негизинен жакынмын мен кызылга.
Ак кийинип, дарт себебин тапсаңыз,
Мээрман айым болмокмун го жаныңызга,
Орулууга көмөктөшүп сиз менен,
Чарчаганда дем-күч болуп алыңызга.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2836 28 October 2013 - 13:33
Мен халатчан, врач болуп больницада -
Мээрман айым, татынакай, сиз жанымда
Чогуу жүрсөк, бейтаптар да тез айыкмак ,
Сөздөн өткөн дары жок го, бул ааламда.
"Күз келип, жалбырактар жол боюнда
Жатышат, саргайышып, жок оюнда
Кечэээги, жай саратан ысыктагы –
Жыргаган, ысык күндөр, суу боюнда."
Ушундай, түшүнүксүз ырлар болот
Ичине, катылбаган сырлар толот
Угуп алып, таптакыр түшүнбөдүм -
Казактардын бул ыры - кандай болот?
"Ауырмайды жүрек, ауырмайды,
Сенсиз өткен күндер болмаса.
Ауырмайды жүрек, ауырмайды,
Сүйем деген сөздер болмаса."
Айлантпай эле, кыргызча түз айтканда
Ыр мааниси болобу, мындай анда?
"Сени менен күндөрүм чогуу өтсө -
Ооруп калат жүрөгүм, ооруп калат.
Сүйөм деген сөздөрүң болуп калса -
Ооруп калат жүрөгүм, ооруп калат" ?
Мээрман айым, татынакай, сиз жанымда
Чогуу жүрсөк, бейтаптар да тез айыкмак ,
Сөздөн өткөн дары жок го, бул ааламда.
"Күз келип, жалбырактар жол боюнда
Жатышат, саргайышып, жок оюнда
Кечэээги, жай саратан ысыктагы –
Жыргаган, ысык күндөр, суу боюнда."
Ушундай, түшүнүксүз ырлар болот
Ичине, катылбаган сырлар толот
Угуп алып, таптакыр түшүнбөдүм -
Казактардын бул ыры - кандай болот?
"Ауырмайды жүрек, ауырмайды,
Сенсиз өткен күндер болмаса.
Ауырмайды жүрек, ауырмайды,
Сүйем деген сөздер болмаса."
Айлантпай эле, кыргызча түз айтканда
Ыр мааниси болобу, мындай анда?
"Сени менен күндөрүм чогуу өтсө -
Ооруп калат жүрөгүм, ооруп калат.
Сүйөм деген сөздөрүң болуп калса -
Ооруп калат жүрөгүм, ооруп калат" ?
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2837 28 October 2013 - 13:56
Сүйгөн жүрөк бөлүнбөй, бүтүн болсо,
Күттүрбөстөн Сүйүүнүн орду толсо,
Анан кантип жүрөктө оору болмок,
Бакыт кушу айланып сизге консо.
Алыстабай эки жаш оттой жанып,
Кун сайын курчуп турса эки орто,
Жүрөктөр эч ооруну сезбес беле,
Сезимдерге болбосо эч ким жолтоо.
Бул ырга, түшүнүгүм ушул болду,
Кайрылыңыз, суроолор дагы болсо,
Оңдоп, түзөп коерсуз жазууларда,
Туура эмес жазган ката, тагы болсо.
Күттүрбөстөн Сүйүүнүн орду толсо,
Анан кантип жүрөктө оору болмок,
Бакыт кушу айланып сизге консо.
Алыстабай эки жаш оттой жанып,
Кун сайын курчуп турса эки орто,
Жүрөктөр эч ооруну сезбес беле,
Сезимдерге болбосо эч ким жолтоо.
Бул ырга, түшүнүгүм ушул болду,
Кайрылыңыз, суроолор дагы болсо,
Оңдоп, түзөп коерсуз жазууларда,
Туура эмес жазган ката, тагы болсо.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2838 28 October 2013 - 14:02
Ооруксунбайт жүрөгум, эч оорубайт,
Сени менен өткөрсөм ар күнүмдү,
Ооруксунбайт жүрөгүм, эч оорубайт,
Сүйөм деген укпасам да бир үнүңдү
(Сенсиз өткөн күндөр болбосо деп турат го
)
Сени менен өткөрсөм ар күнүмдү,
Ооруксунбайт жүрөгүм, эч оорубайт,
Сүйөм деген укпасам да бир үнүңдү
(Сенсиз өткөн күндөр болбосо деп турат го
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2839 28 October 2013 - 14:19
Жер бетин түн ичинде жарык кылган
Жанымда нурун чачкан ай болдуңуз
Жер үстүн суук кылбай, жылуу кылган
Жанымда, демин берген күн болдуңуз
Cиздин жүрөк ооругуча, мен ооруйун
Оору келчү жолдорду мен тооруюн
Сүйгөн жүрөк бөлүнбөй, бүтүн болуп -
Оору-сыркоо, баарынан мен кооруйун!
Жанымда нурун чачкан ай болдуңуз
Жер үстүн суук кылбай, жылуу кылган
Жанымда, демин берген күн болдуңуз
Cиздин жүрөк ооругуча, мен ооруйун
Оору келчү жолдорду мен тооруюн
Сүйгөн жүрөк бөлүнбөй, бүтүн болуп -
Оору-сыркоо, баарынан мен кооруйун!
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2840 28 October 2013 - 14:51
Эмнени жазаарымды билбей турам,
Бир сүрдөп, бир тартынып, улам-улам,
Оозумдан сөздөр качып, чалынышат,
Демейде, сайрандашып, оюн курган.
Жазылган бул саптарга көңүл бурам,
Элестетип, бир саамга көздү жумам,
Аттигиң, келген беле күн күттүрүп,
Тагдырыма талашпай моюн сунган.
Бир сүрдөп, бир тартынып, улам-улам,
Оозумдан сөздөр качып, чалынышат,
Демейде, сайрандашып, оюн курган.
Жазылган бул саптарга көңүл бурам,
Элестетип, бир саамга көздү жумам,
Аттигиң, келген беле күн күттүрүп,
Тагдырыма талашпай моюн сунган.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.

Супер-Инфо
super.kg
видео









