Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#2921 17 Январь 2014 - 14:06
Форумду тынбай аралап.
Жүрөсүнбү жасап тамакты,
Балдарыңа даярдап?.
Темаларды тынбай талкуулап,
Форумду дайым кызытып.
Жүргөнүңдү көп байкайм,
Манилүү коммент калтырып.
Окуп келдим ээринбей,
Өздүк маалыматыңдан.
Жаштарыбыз тең экен,
Балким курбу болорбуз.
Албетте каршы болбосоң.
#2922 17 Январь 2014 - 14:34
Дасторкон кенен жайылды,
Акындар кирип катарлаш,
Айылым ырга байыды.
Бекбекей айтып уландар,
Кулкудөн айыл жарылды,
Колтукташып түгөйлөр,
Аралап жүрөт кайыңды.
Жека аба айтты рахматын,
Уурттап татып чайымды,
Бир топко сурап отурду,
Ден-соолук, ал - жайымды.
Сайра эже менен Минюшка,
Сырдашып черлер жазылды,
Токойду көздөй жөнөштү,
Терүүгө козу карынды.
Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 17 Январь 2014 - 14:35
#2923 17 Январь 2014 - 15:16
канчалык өсүп - өзгөрдү?" -
Деп кирип барсам, капырай,
Жека акынды көз көрдү!
Куюлуштуруп ырдаптыр,
Кыштай тизип сөздөрдү.
Эски акындар көрүнбөй,
Көөнүм бир аз бөксөрдү.
Кубанып калдым кайрадан,
Көргөндө жаңы көздөрдү!
Абай салсам форумга,
Акын кыздар кириптир.
Абдан эле жагымдуу,
Ырларын мында илиптир.
Азырга чейин Барс акын,
Андайын кайдан билиптир.
Бекерге убак кетирип,
Мында кирбей жүрүптүр.
Минуша, Луи, Сайрагүл,
Дубанды жарчу күлүктүр...
Айтышта акын көп эле,
Илгери мында биз барда.
Айтышта бизди жоктотпой,
Айтышып жаткан токтотпой,
Ийгилик каалайм кыздарга.
Мага окшоп кетпей ыраактап,
Кирип турган бир аттап,
Акындардын даанасы,
Жека акын, сага ырахмат!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#2924 17 Январь 2014 - 15:37
Айылда биздин чон тойду
Барс аба да кириптир
Кубантып бизди ал дагы
Жылуу создон жазыптыр
Жека агай коркпонуз
Кызганбайт эми жаш балдар
Кызганбай калды окшойт го
Жазбай да калды бул жака
Сайрагул эже аманбы
Айтып алайын сырымды
Эжеке эле болосуз
Анткени жашым кичуу экен
Оздук жака тамашалап
Жазып койгом жашымды
Аракет кылып инеттен
Турлуу тамакты уйрондум
Эгер келип калсаныз
Даам татып кетиниз
Сыйымды менин корунуз
#2925 17 Январь 2014 - 15:42
Кызарып эле калыптыр,
А көрсө кызыл шапкечен,
Барс аба баш багыптыр,
Өткөндү эстеп агабыз,
Өкүнүч сөздөр агыптыр,
Кыздарды карап үстүртөн,
Абайлап баам салыптыр,
Башкасын кайдан билейин,
Акын кыздар точно жагыптыр)),
Жазылган ыр түрмөккө,
Чаңкоосу абдан каныптыр,
Арасынан кыздардын,
Жека абаны тааныптыр,
Экөөлөп айылга кирсе,
Дүңгүрөөрү аныктыр!
Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 17 Январь 2014 - 15:46
#2926 17 Январь 2014 - 15:52
Бириң калбай, баарың ук
Барс аке келип айылдын -
Билиги жанды, кирди кут!
Ассалоому алейкум
Акындардын дөө-шаасы
Көрүнбөй кайда жүрөсүз
Сагынды сизди баарысы
Атыр жыттуу Аксыда
Аман-эсен жүрөспү
Эми,
Акын төрдө үн салып -
Биз менен чогуу кулөспү
Акын кыздар киргени
Айтыш абдан кызыды
Байма-бай кирип турсаңыз
Башталат даана кызыгы
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 17 Январь 2014 - 16:00
#2927 17 Январь 2014 - 17:09
Бүгүн кайра сүрдөдүм.
Комузум түшүп колуман,
Көп акынды көргөндө.
Арасынан айрыкча,
Барс акынды көргөндө.
Суук күнгө карабай,
Шапар тээп жыргайбыз.
Алым сабак алышып,
Буйруса көп ырдайбыз.
#2928 17 Январь 2014 - 17:12
Бүгүн кайра сүрдөдүм.
Комузум түшүп колуман,
Көп акынды көргөндө.
Арасынан айрыкча,
Барс акынды көргөндө.
Суук күнгө карабай,
Шапар тээп жыргайбыз.
Алым сабак алышып,
Буйруса көп ырдайбыз.
#2929 17 Январь 2014 - 21:55
"Айтыштын" ичи шаңданып,
"Барс кириптир" , - дешип,
Кээлери кубанып,
Кээ бирлери таңданып,
Сайрагүл ырын илиптир,
Сүрдөмүш болуп калп эле,
Эки жолу шарт эле!

Луи менен Минюша,
Такшалып калган акындар,
Төкмөлүккө жакындар,
Алар да жакшы ырдашты.
Алардын ыры чынында,
Жанымды абдан жыргатты.
Ырларында көрсөтүп,
Мага деген урматты.
Жека болсо чоң акын,
Айтыштарда такшалган.
Төкмөлүгү Жеканын,
Наркы кылымда башталган.
Элдин алган алкышын,
Озуп чыгып жаштардан.
Колумдан келсе непада,
Ойлонбостон эч ага.
"Эл акын" наамын бермекмин,
Эл сүйгөн акын Жекага.

Бир добуштан баарыңар,
"Дагы кирип турасызбы?" -
Деген суроо салдыңар.
Ден соолук болсо, келем го,
Деп турат Барстай карыңар.
Ага чейин соо болсун,
Алтындай болгон жаныңар.
Анда мен эми кайтайын.
Калган сөздү кайрадан,
Келген күнү айтайын,
Акындар, жакшы калыңар!!!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#2930 18 Январь 2014 - 09:28
Сагынып абдан турганбыз.
Тарс эте күлүп сиз бизге,
Саптардан арнап турсаңыз,
Айылдын көркү ачылат,
Аксынын нуру чачырап.
“Наркы кылым” дегенди,
Окуп алып каткырдым.
Жаш сезип жүргөн өзүмдү,
"Ок, сениби" деп жактырдым.
Бирок, айтып коюш менден парз,
Ыраазы болдум, акын Барс.
“Эл акын” наамын так сизден -
Алыш сыймык, ал ырас!
Эми,
Мен сизге тилек айтайын:
Ден соолук болсун ар дайым.
Небере, уул, кыз, жеңекем -
Дем берип турсун ар дайым.
Инеттин чагып “мээлерин”,
Жаштардын жеңип кээлерин,
Барс аке, вай-фай орнотуп -
Айтышка тез-тез, бат келиң.
Анан,
“Карыдым” дебей, какайып,
Болуңуз дайым “Чапайып”.
Акын кыздар турушат –
Айтышыңыз, байкайлык..

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Январь 2014 - 09:40
#2931 19 Январь 2014 - 21:22
Jeka (27 Декабрь 2013 - 09:07) жазган:
Көп ачууга алдырба
Луи менен мамилең -
Улана берсин дайыма!
Жогор жакты окусам -
Көп нерсени жазыпсын
Бегимай болуп кетти деп
Луиге,
таарынып бир аз жатыпсын
Айтып коюш - менден парз
Ой кетпесин, түрдүү “грязь”
Кыз жандоочу курактан –
Эбак өткөм, азыр “князь”
Ошондуктан, кайталайм -
Кыздарды мен жандабайм
Ой чечишип, сырдашкан –
“Сүйүү” эмес – сыйламай!
Ас-саламу алейкум,
Амансызбы агатай?
Ырдашыңыз ыраса,
Уккулуктуу жагат ай

Тамаша салсам кичине,
Кызганмай болуп баладай,
Уялтпаңыз иниңиз,
Келтиргендей жиниңиз
Ырдай албай калат ай.
Арада бир кыпчылсам,
Алды-артым карабай,
Чынга алып жүрбөңүз,
Агалыкка жарабай!
Айта кетсем ачыгын,
Өткөн кез кайра кайтпастыр.
Жок жерден эле иниңиз,
Дардыны дароо айтпастыр.
Сиз ойлогон нерсе жок,
Кызганып да, мүмкүн жатпастыр!
Айткандарым агатай,
Туура деп эле билсеңиз,
Көңүлүңүзгө батпастыр.
А эгер батса көңүлгө,
Кечирим сурап өтөмүн,
Билесиз да акыры,
Оңбогон ошол Кайтпас'тыр

Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#2932 21 Январь 2014 - 01:23
Башталышы ушул ырымдыын.
Чингил чингил чалайын,
Мен дагы айтышып калайын,
Саламынды айтайын,
Баарына тен бипбирдей,
Ден соолуктан каалайын!
Айылдагы майрамга,
Катышып черди жазайын!
Барс ава келип калыптыр,
Баарынын черин жазыптыр!
Jeka авам да кошулуп,
Алга суроп салыптыр.
Kaitpas дагы ырдаптыр,
Агасынан кечиримди сураптыр!
Минюша да бул жерге конуптур,
Созолонуп обон созуптур.
Lui сулуу жаркылдап,
Комузу менен ыр ырдап!
Argymak да калбай мезгилден,
Таштаптыр бир шингилден.
Sairagul да эс албай,
Тогуптур эч бир кыйналбаай! !
Йе хоу динги динги диииин!! !!
Байлыгы болгон элимдииин.
Оркундотуп айтышты,
Бул акындар катышты,
Маанайын которуп эл журттун,
Коп коп алып алкыштыыыы! !
Эй эй эй эй эй эй ээээээй!
Ырыскынар кемибей,
Эркинер болсун темирдей!
эй дын дынгы дынгы дыыын!
Кайран омур эскирер
#2933 21 Январь 2014 - 10:26
Окуп алып жыргадым
Чертип аткан комузун
Маашырланып тыңдадым
Кадимки эле жанымда
Туруп алып кашымда
Чертип жатат Кэйжиман
Өрүк комуз кайран жан
Акындардын баарына
Улуу, кичүү – жалпыга
Эки саптан арнаптыр
Унутуп бирин калбаптыр
Дынгы, дынгы, дынгы деп
Ыр башында дынгыр деп
Созолонтуп баарына
Багыштаптыр жакшы кеп
Эми,
Кэйжиман иним унутпай
“Ат тезегин” курутпай
Дембе-дембе кирип тур
Акындарды утурлай...
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 21 Январь 2014 - 10:31
#2934 18 Февраль 2014 - 10:49
Баштайлы чогуу кызытып
Момундай бир башкача -
Сынакка чогуу катышып:
Издей берип, арасынан элдердин,
Искей берип, гүлзарынан жерлердин.
Издетүүгө жаралган бир сулууга -
Ким ырдаган, издөө үчүн келгенин?
"Кеткиң келсе, кете берчи кыйнабай
Таңга окшош таалайга жет, ыйлабай",
- деп ырдаптыр, тармал чачтуу обончу
Арген үнү, “перзенттин добушундай”.
Куш болуп учуп сезими,
Сагынтып көпкө келбесе.
Жамгырлуу кечте.дайым ыр сунуп
Ырдаптыр боздоп бир байке?
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Февраль 2014 - 10:57
#2935 18 Февраль 2014 - 12:18
Баштаган сон качпайлы
Айтышка ниетим туз болду
Келгиче спидаметр жуз болду.
Комузу жок ырдасам
"Аа байкуш" деп сындаба
Ырдай албайм, сулууну издеген Ырысбайдай
Добушум жок перзенттин добушундай
Жон эле келип калдым элден калбай.
Кызытып менда баштайын
Четте карап турбайын
Айтыштын коркун ачайын
Далайдын берем сазайын
Салам айтып баштабапмын соз башын
Кеч болсода айта кетем
Аман болсун акындардын алтын башы!
Билдирүүнү түзөткөн: Brat_Kuba: 18 Февраль 2014 - 12:25
#2936 18 Февраль 2014 - 12:49
Айтыштагы тапшырмадан качпаптыр
Рысбайды таап келип туп-туура
Дагы экөөнүн, ким экенин айтпаптыр...
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 18 Февраль 2014 - 12:55
#2937 25 Февраль 2014 - 17:49
Айтышына «Супердин» жаныкелдим.
Аз кун болду катталгам, «конок»болуп,
Араладым, айтышты азыркордум.
Окуп абдан ырахат алдым,чиркин,
Омоктуу соз, оолуттуу ойлор туркун.
Чыга албай олтурам башкажакка,
Чыксам эле кайрадан келипкиргим.
Жека каткан ырчыны тааныдымго: ,.
Желке чачын остуруптармалдантып,
Кыяк тушпой колунан обонсозгон,
«Перзент добуш» ТемировАбидин го J
А кийинки ырчыны кимдербилбейт,
Турмуш жыттуу ырларын кимдерсуйбойт?
Сени ырдап жаткансыйт обонсалса,
Ар бир ыры журоктон кыяотпойт.
Тээ мектепте окуган балакезде,
Ыр дестени биз дагыырдаганбыз,
Бектин ыры экенин эске албай,
Канча кызга ырдап берипжыргаганбыз,
Кыздар эрте чоноюшат депкоет го..
Анын сынар алар эрте булокурса,
Жетепегендей «коз жаш» кылыпыйлаганбыз

#2938 26 Февраль 2014 - 10:56
Кире калгам, айтышты сүйгөн жаным
Он күн мурда берилген тапшырманын
Аткарыптыр Тогузбай, бүт баардыгын!
Тогузбайга - тогуз жолу “Баракелде! ”
Мындай саптар кездешет кээде-кээде
Талантына Тогузбайдын таазим этип -
"Браво" , - деп айткым келди, ушул кезде.
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 26 Февраль 2014 - 11:11
#2939 26 Февраль 2014 - 12:13
Окшотуп ырдан жазып бизда кошсок.
Эх чиркин чынгыз агам тируу болсо.
Ырынан 2 3сап илип койсо.
Кубанып мен укмакмын ырларынан.
Угуп алып арылдым сырларымдан.
Биз дагы акын болуп калбасакта.
Окшотуп жазып элди алдасакта.
Баарибир чынгыз агам кыйын екен.
Ушу мене жашоо кызык жашоо кенен.
Билдирүүнү түзөткөн: Bodibilding: 26 Февраль 2014 - 12:14
#2940 28 Февраль 2014 - 18:35
мындагы жалпы акындар,
Куйкум менен курч сӨзгӨ
Клавишасы жакындар,
Тааныбай турам кӨбҮңдү
Эскилер жана жаңылар.
Эскиден бери айтышкан
Жека акем аманбы,
Сабагын берип ҮзбӨстӨн
Оңдоодобу заманды?
Байыртан бери айтышкан
Барс авакем аманбы,
Балдарга берип тарбия
Билимге чылк сугарып
Оңдоодобу заманды?
Кайтпас иним болчу эле
дайрадай агып күрпүлдӨп
КӨлдӨй болуп толчу эле,
Ликвидатор "вирт"иним
Кыргыз элим дегенде
кӨргӨзчү эле кимдигин,
Акынмын деген жалпыңар
капа болмой жок болсун
аталбай калса атыңар,
Баарыңа айтам саламды
Кабыл алып койгула
КӨптӨн бери айтышка
Кирбей калган балаңды.