Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 146
  • 147
  • 148
  • 149
  • 150
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#2941 Пользователь офлайн   USSR   28 Февраль 2014 - 18:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

КӨптӨн бери жазбастан
Тамга терүүм айныптыр,
ӨйдӨ-ылдый тизилип
Баш тамга менен майдасы
Аралашып калыптыр,
Телефондо кыргызча
Тамга жоктук кыйнады,
Ө,ң,ү менен жазам деп
Чалкештирдим кыйланы,
ӨнүккӨн ушул заманды
кыргызча нак жаздырбай,
кыйнаганы курусун
ушул техниканын кылганы,
кыргызча тамга дегенге
тигил ошо финндердин
жок турбайбы урганы!
Эптештирип жазам деп
Эсесер жаман куурады!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2942 Пользователь офлайн   USSR   01 Март 2014 - 09:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кечээги айткан саламды
Калайык көрбөй калганбы,
Кыйналып жатып жазды элем
Же көрҮнбөс шрифтте жазгамбы?

Жалгыз кҮрҮч аш болбойт
Жадырап кҮн тийсе да
Кыштын кҮнҮ жаз болбойт,
Эки акын болбосо
Айтыш болбойт,шаң болбойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2943 Пользователь офлайн   USSR   01 Март 2014 - 10:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Дагы эле келдим кайрылып
Дайрадай болуп агылып,
Дайыма кирчу акындар
Дайын жок,турам кайгырып.
Жети сап ырын чиймелеп
Жека акем жазчу эле,
Жети сап ошол ырына
Жетимиш маани салчу эле,
Баардык ишин бҮт таштап
Барс авакем жазчу эле,
Баткырып беш сап ырына
Бар накылын салчу эле.
Илгерки айтыш маалында
Ичкен аш жерге коюлуп
Иш-пиштерди токтотуп
Инетке кирчҮк чогулуп,
Жаңырып комуз добушу
Жанданчу Үндөр созулуп,
Жигиттер жандап кыздарды
ЖҮрөктөр катуу согулуп.
Келгиле эми башбагып
Айтыштын көчҮн улайлы,
Жаз менен кошо жарышып
Четте карап турбайлы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2944 Пользователь офлайн   Sairagul77   01 Март 2014 - 11:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 04 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 04 Авг 2015 08:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Темабыздын улуу автору,
Салам айтам сизге Эсесер.
Акындын баары бул жакка ,
Бир аздан кийин келишээр.
Жумуш кылып шарт болбой,
Бошобой атышкан чыгаар.

Калааңыз Сахалин экен,
Ал жакта аба-ырайы
Азыр кандай болду экен?

Бизде бүгүн жаркырап,
Жаз белгиси билинип.
Көз уялтат чыккан күн,
Жаткан карды эритип.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2945 Пользователь офлайн   Jeka   01 Март 2014 - 13:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения USSR (01 Март 2014 - 09:47) жазган:

...
Кечээги айткан саламды
Калайык көрбөй калганбы,
Кыйналып жатып жазды элем
Же көрҮнбөс шрифтте жазгамбы?
...

Ва-алейкум ассалам
СССР иним аманбы!
Сен келгенге "Супер-стан"
Сүйүндү деп айта алам!

Кадырлуу, жакын үкө деп
Кай жакта азыр жүрөт деп?
Барс аке, мен да - баарыбыз
Сагындык, качан келет деп

Сен көргөн эски жумушта
Жүрөмүн иштеп дагы эле
Үй-бүлө, жеке турмушта –
Шүгүрчүлүк, жакшы эле

Форумда жок “кыйнамай”
“ӨҢҮнө” карап сыйламай
СССР деген акындын –
“Өөлөрү” эмес, өзү бай.

Кечээ күнү форумга -
Убакыт жок кирбедим
Бүгүн окуп, шар эле -
Ушул ырды илгеним...

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 01 Март 2014 - 13:37

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2946 Пользователь офлайн   USSR   01 Март 2014 - 19:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сайрагүл бийкеч келдиңиз
Саламды мага бердиңиз,
Санааркап турган көңүлдөн
Санааны айдап ийдиңиз.
Сахалин деген аралдан
Келе бергем,көп болду
Андан бери турмушум
Көп алмашты,өзгөрдү.
Азыр эми Бишкек шаар
Жашап турган турагым,
Жаздын демин мен дагы
Сиздей сезип турамын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2947 Пользователь офлайн   Барс   01 Март 2014 - 23:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Ассалоому алейкум
СССР келип калды деп,
Кечетен бери бул жерде
Кыйла эле ырдап салды деп.
Болуп жатат Айтыштын,
Айылында дуу-дуу кеп.
Айтышка келсе СССР,
Анчадан бери көрүнбөйт,
Канча ырдаса аныкы эп,
Мен дагы кирдим шашылып,
Иниме айтам салам деп.

Куш келгин, иним, куш келгин,
Жаз аралаш туш келдиң.
Жайгардыңбы баарысын,
бүтпөй жаткан иштердин?

Аманбы алган ак жоолук,
көбөйдүбү он соолук?
Жарасы жеңил байлыктын,
Жакшыбы деги ден соолук?
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2948 Пользователь офлайн   USSR   04 Март 2014 - 12:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жека акем кандайсыз
Басыгыңыз шо бойдон-
Сөз берметин тандайсыз.
Беймаани жазып тайраңдап
Бейжайдын ишин кылбайсыз,
Позицияда бек туруп
Конструктивдүү сындайсыз.
ө,ң,ү-лөрдү унутта
Форумда адат калтырмак,
Демократия коомунда
Аларды эми ким тыймак?
Илгери ушул форумга
Жаңы кирген кезимде
Кыргыздын үч тамгасын
Жазчу эмесмин,эсимде.
"Акындарга азил" деп
Барс авам жазган акыл кеп,
"Бузулбасын тилиң" деп
"Туура жазсаң сөзүңдү
Көрктүү болот,билгин" деп.
Кыйнамак жок болсо да
Жазсак деймин кыргызча,
Тилди өркүндөө жаатында
Пайда болмок кыпынча.
Болбосом да билимдүү
Кыргызча жазып тамгамды
Сыйлайын эне тилимди.

Эми кеп нугун мага бурайын
Жакшы менде баарысы
Жумуш,кызым, жубайым.
Тирилик деп тытынып
Бошобой жаткан убагым,
Чарчап келем жумуштан
Этектеп кызым бир жактан,
"Араалап" анан жубайым,
(Айырбасын жараткан
Бактымдан ушул ылайым)
Интернетке кирүүгө
Болбойт такыр убагым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2949 Пользователь офлайн   Toguzbay   04 Март 2014 - 12:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 13 Февраль 14
  • Соңку аракети: 05 Май 2016 12:40
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ассалоому алейкум!

Айтыштын зор алптары!

Жека, Сайра, СССР,

Кайтпастары, Барстары.

Амандыгың сураган

Yйрөнчүк калем жапжаңы.

Башкаларын унутсам-

Атайын эмес, билбеймин.

Агылган ырды окусам

«Аалыбы» же ким?-деймин.

Акындарды тааныймыыын. .

Азан айтып коюлган

Атынан эмес, «нигинен»,

Алкынган далай «никтер» бар,

Окубасан абайлап,

Ыргытчудай жулмалап,

Аткып туруп шилиңен J

Окуп алып «айтышты»,

Ээй, кадимкидей семирдим J

Өмүрдү берсе Кудайым,

Оорубай- этпей ылайым,

Колуңан түшпөй каламың,

Акыны болуп жүргүлө

Ак калпак Кыргыз элимдин!


Билдирүүнү түзөткөн: Toguzbay: 04 Март 2014 - 12:46

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2950 Пользователь офлайн   Asanaka2   12 Март 2014 - 15:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 777
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Май 2014 19:52

Кандайсынар туугандар
Савиз туурап тургандар
Создордун да созун таап
Зерикпей жазып тургандар
Баарынарга чекеден
Обшый болсун саламдар

Коптогон кун отуптур
Баш бакбай калдым тема
Жаш акындар осуптур
Чын дилден чыгып ыр саптар
Тоодой кулап кочуптур
Ачылганда бул тема
Саналуу адам бар эле
Эми мынтип карасан
Акындар бар коп эле
Комускодо канчасы
Чыкпай жатат дагы эле

Эми эмне демекмин
Данек чагып жемекмин
Бош убакыт тапканда
Тез тез келип тема
Баарынар ден-соолук
Узун омур чын бакыт
Аябай каалап кетемин

Айткандай
эле шашыпмын
Озумдон кетип калыпмын
Мынабул жердеги кыздарга
Озгочо салам айтканды
Пакас унутуп калыпмын
Атайын келдим жон кетпей
Соз кыстыра кетейин
Мына кычыраган кыш кетип
Жадыраган жаз келди
Куйоо бала болом деп
Супер инфо сайтына
Когоруп журуп олтуруп
2015ке отот окшоймун
Бироо жарым чыгаар деп
Жол караган адамдай
Кундо эле суперден
Кимдир бироону жоктоймууууууууун

Билдирүүнү түзөткөн: Asanaka2: 12 Март 2014 - 15:17

БЫЙЫЛ СӨЗССУЗ ҮЙЛӨНӨМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2951 Пользователь офлайн   kaitpas   12 Март 2014 - 17:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Эээээй....
Жаркырап жаздын күнүндөй,
Обону булбул үнүндөй,
Эстетип кетти агалар
Кечээки күндү бүгүндөй.
Саптары шиңгил жүзүмдөй,
Тизилет бышып үзүмдөй,
Мени да жоктоп өтүптүр,
Агалар көрүп өзүндөй.
Сакташып ырды көзүндөй,
Уйкашып Током сөзүндөй.
Кете албай калдым арбалып,
Турамын үмүт үзүлбөй.

Кана бир ырдап төгөлү,
Өткөндү кайрып көрөлү.
Бар болсо тынчтык-амандык,
Ыр менен инет эрөөлү!
Кеткендер кайра кайтышсын,
Келишип мында айтышсын.
Мурунку кездей ызы-чуу
Эки-экиден болуп тартышсын!
Бойдогу-келип үйлөнсүн,
Каалоо тилек сүйлөнсүн.
Жаз менен кошо айтыш да
Жашарсын кайра түрлөнсүн!
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2952 Пользователь офлайн   Asanaka2   22 Март 2014 - 17:59

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 777
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Май 2014 19:52

Сургуттан айтам саламды
Супердин сулуулары аманбы
Талбай жазып жатышкан
Жигиттери аманбы
Кееде кирип кееде жок
Ойду тоону суйлогон
Кечее куну катталган
Адашып билбей катырган
Момун карапайым жарандары аманбы?
Нооруз деп журуп баардыгы
Колу буту бошобой
Казан асып от жагып
Ичеги карын башты жууп
Боорсок менен чакчекей
Жасап жатып баардыгы
Бул жакты унутуп калганбы
Кундо кирип караймын
Эч кимиси корунбойт
Корунмок турсун а тугул
Баш багып койгон адам жок
Марттын эле келишин
Кутутуп баары тургандай
Кетмен курок дайындап
Арпа буудай жугору
Эгейин деп дайындап
Талаага чыгып баардыгы
Кеткенби же чачырап
Буткул кыргыз калкыма
Тынччылык каалап кетейин
Ар бир уйго ырыскы
Берегор деп кудайым
Токчулук менен молчулук
Бирдей тилеп кетейин
Быдылдабай болду эми
Кезекте турган жен туруп
Мен дагы айтат элемго
Сен сыяктуу каалону
Нооруз менен куттуктап
Мына азыр жазам деп
Дайындалып так турган
Акынга кезек берейииииинннн
БЫЙЫЛ СӨЗССУЗ ҮЙЛӨНӨМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2953 Пользователь офлайн   barky312   23 Март 2014 - 16:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 58
  • Катталган: 10 Апрель 13
  • Соңку аракети: 25 Дек 2019 20:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Токтогул шаары

Кезегин берип узаган
Жердешим сага саламым.
Сургуттан салам айтыпсын
Бир экен жургон тарабым
Мен дагы салам айтайын
Жалпы кыргыз калкыма
Ошо Сургуттан ысык саламым.

Жаркырап келген жаз айы
Майрамдардын бай айы
Куттуктап жалпы отойун
Кут болсун деп каалоо айтып
Кыргыздын Нооруз майрамын
Кошумча сурап отсом дейм
Кыргызстан кандай абалын
Сагындым окшойт алыста
Жакында барып калармын,
Биз учун кымбат жеримдин
Кырманы кенен болсун деп
Жалпы кыргыз дыйкана
Мол тушум алсын айтарым,
Каар ээрип жерге гул чыккан
Мезгилин кооздоп айтайын
Жапжашыл болуп айлана
Жаз айы сонун майрамын
Жаркырап осо бергин деп
Кыргызым бакыт кааларым
Мекеним менин Кыргызстан
Оркундоп осо берсин деп
Соз аягын бекитип
Кезекти бере салайын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2954 Пользователь офлайн   saltanat.   02 Апрель 2014 - 12:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Кезек мага келдиби,
Келсе эптеп бир ыр курайын.
Анда эмесе баарыңа салам айтайын,
Ийилип таазим кылайын,
Мал-жан аман-эсен,
Күүлүү-күчтүү, бала-бакыра
Аман -эсенби?
Жека абам айтмакчы,
Форумдун кызыгы кетиптир,
Акындар айтышында,
Акындар азайып кетиптир,
Деген имиш сөз уктум,
Шааниси жок темалар ачылып,
Форумдун көркү кетиптир,
Илгеркидей тили туздуу, мурчтуу
Форумчу,динозаврлар,
Жоголуп кетиптир,
Деген имиш кеп уктум.
Андыктан форумдун көркүн ачкан,
Форумчулар көбөйсүн,
Тилинен чаң чыккан,
СССР, Жека, Барс абамдай,
Акындардын алптары көбөйсүн!
Туздуу, мурчтуу тамаша кеп айткан,
Форумда жаш муундар көбөйсүн!
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2955 Пользователь офлайн   Toguzbay   04 Апрель 2014 - 15:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 13 Февраль 14
  • Соңку аракети: 05 Май 2016 12:40
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сагыныпэли-мекенин,

Саламын айткан Сургуттан.

Тийишип»момун» тургунга,

Туздуу кептен ыргыткан.

Ойду-тоону суйлойт деп,

Опсуз жүйөө былгыткан

Аsanaka аманбы?

Жаны гана катталып,

Жашоого эми тапталып,

Момун болуп жургондор,

Момпоюп омур сургондор,

Жолдодук сага саламды !

Онорлуу Кыргыз элимден,

Ой-кырлуу ыйык жеримден,

Колуна алган калемин,

Кат тааныган өзүңө

Конкурент чыкса жаманбы?

Тамаша жооп узаттык,

Түшүнөөр деп маңызын,

Катуу кетсек кечирип,

Туурай бер, дальше токтобой
Бая аарчыган сабизиң!Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Toguzbay: 04 Апрель 2014 - 15:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2956 Пользователь офлайн   kuba.94kg   06 Апрель 2014 - 09:52

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Айтышка баш багайын
Супер салам айтайын
Сургуттан келген саламды,
Менда кабыл алайын
Четте карап турбайын

4 сап ырым бар эле
Айталбай журом дагы эле
Форумчу эже байкелер
Айтышка келип кеттинер
Бизге салам бердинер
Туздуу, мурчтуу конкуренттер
Жакшы экен ниетинер

Айтыштын эн кичуусу
Болдум окшойт эми мен
Акын эже-байкелерим
Бар экен деп келе бердим

Кичуусун деп соз атсанар
Колго суу куяйын
Карангы тундо чалынба деп
шам чырак болуп берейин
Зрениянар начар болсо
Коз айнек болуп берейин
Аранарга кошуп ал деп
Акында болуп берейин.

:)
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2957 Пользователь офлайн   Asanaka2   06 Апрель 2014 - 14:57

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 777
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Май 2014 19:52

Сургуттан айтам саламды
Суперди кыраандары аманбы?
Суук жактан айтам саламды
Кыгргыз калкым аманбы?
Тамаша чынаы аралаш
Тийишип откон Асанга
Тогузбайым аманбы?
Кун тун дебей жадабай
Катырып иштеп ката таап
Жакбай калса банга айдап
Эскертуу берип эзилткен
Админ модерлери аманбы?
Жинге тийип флуддап
Корунгон жерге беймаани
Коп билдируу калтырган
Асанака айтат саламды
Корунгонго тийишип
Коп беймаани соз жазып
Аттуу баштуу форумга
Анда санда наарызы
Болуп журуп кее кееде
Он тетири ылгабай
Тамга менен тамганы
Кынап тизип ылгабай
Жалпак тилде коп жазган
Саналуу форумчуларга
Жакпай калды жазганы
Атайлап кееде какшыктап
Тамаша чынга чалыштап
Жазып журуп акыры
Туболук банга кеткиче
Асанака айтат саламды
Кимге жаман соз айтып
Какшыктап дагы
Сын айтып
Капа кылсам кимини
Кечирип баарын койгула
БЫЙЫЛ СӨЗССУЗ ҮЙЛӨНӨМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2958 Пользователь офлайн   kuba.94kg   07 Апрель 2014 - 00:06

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Акырын отуп баратсам
Айтыштан ундор угулат
Ким экен деп карасам
Асанака ун салат

Баарына айткан саламды
Асанака озу аманбы
Катаган кетип мончого
Абайлап жазып калганбы

Айтыштын багын ачыптыр
Суук жактан салам айтыптыр
Мончоктой тизип тамгаларды
Сургуттан салам айтыптыр

Аман-эсен уйго кайтсын
Ден-соолук берсин Кудайым
Бойдок экен уйлонсун
Каало тилек суйлонсун
Ширин балдар торолсун
Уйунуз шанга болонсун...
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2959 Пользователь офлайн   Asanaka2   07 Апрель 2014 - 00:47

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 777
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Май 2014 19:52

Алик алдык саламды
Рахмат иним аманмын
Катаган кетип мончого
Дагы эле сабак албапмын
Кызыл толуп калыптыр
Дин жака дагы бир кирсем
Вирттеги молдо солдосун
Жинине дагы бир тийсем
Арызданса акимге
Кемсинтип жатат мен деп
Жеке эле мени кемсинтпей
Уюмду кошо кемсинтип
Буто турган болду деп
Арыздансан админге
Купуяга кат келет
Жанталашып окусан
БАН деген жазуу бар келет
Кечирип кой махабат
Туболуко банга деп
Админдерден кат келет
Кат келгиче мейличи


Карап турбай мен дагы
Каалоо тилек айтайын
Эки бетти тултуйтуп
Жон эле карап турбайын
Ден-соолук болсун ардайым
Жер айдаткан дыйкандын
Жери чыксын мап майын
Сепкен арпа буудайдын
Берекесин аябай
Толтуруп берсин кудайым
Токчулук болсун элимде
Коз арткан кыргыз жериме
Туру суук ичи тар
Элди болгон экиге
Коро албастар ар дайым
Элдин болсун четинде
Уят болбой душманга
Эки экиден болунбой
Митинг пикет курултай
Тынч отсун эми элимде
Эми эмне демекмин
Эл катары биз дагы
Оннуккон олко катары
Иштетип завод шахтаны
Он онбеш жылдын ичинде
Бутка туруп кетелии

Билдирүүнү түзөткөн: Asanaka2: 07 Апрель 2014 - 00:50

БЫЙЫЛ СӨЗССУЗ ҮЙЛӨНӨМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2960 Пользователь офлайн   Toguzbay   07 Апрель 2014 - 11:50

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 13 Февраль 14
  • Соңку аракети: 05 Май 2016 12:40
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ассалоому алейкум,

Айланайын агайын,

Каалоо айткан акынга,

Тимирейип тим турбай,

Тилек кошуп калайын:

Тынч болсунчу жерибиз,

Ток болсунчу элибиз,

Тоо койнунда чалкыган

Толкубасын колубуз.

Торолуп коп наристе,

Толукталсын кемибиз.

Кайсыл жерде журсок даа,

Кай тармак иштеп билсек да,

Дарт-оору деген жолобой,

Саламат болсун денибииз. ээй!.

Билдирүүнү түзөткөн: Toguzbay: 07 Апрель 2014 - 11:51

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 146
  • 147
  • 148
  • 149
  • 150
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 39 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 39, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Авг 2025 02:07

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: