Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 147
  • 148
  • 149
  • 150
  • 151
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#2961 Пользователь офлайн   kuba.94kg   07 Апрель 2014 - 20:35

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Каало айтып элиме
Тынчтык тилеп жериме
Айтышка келип тим турбай
Yн салыптыр Тогузбай(аке)

Сизден дагы жаратканым
Аябасын амандыгын
Элибизге корсотпосун жаратканым жамандыгын.
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2962 Пользователь офлайн   Asanaka2   13 Апрель 2014 - 21:02

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 777
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Май 2014 19:52

Ассалоому алейкум
Форумчулар аманбы?
Кызуу тема талкуулап
Болоор болбос бир созго
Чычалап ага кас кармап
Эки экиден тытышкан
Момун жаран активистер аманбы?
Ден-соолук тилеп баарына
Кееде кычы кееде туз
Жазып жургон кутуруп
Жаз келбес ушул Сургуттан
Асанака2 айтат саламды
Кайдасынар акындар
Созго созду улантып
Узулбос кылып улантып
Айтыш аттуу темага
Эмнеге кирбей койдунар
Салам айтсам баарына
Алик алып саламга
Тегеле келбей койдунар
Айтыш аттуу теманы
Акыл насаат жакшы соз
Тамаша чыны аралаш
Создорго муктаж кылдынар
Ойлоп койом кее кееде
Эмне болгон буларга
Чекеден эле баардыгы
Банга кетип калдыбы
Банга кетсе эгерде
Башка ник ачып форумга
Келбес болуп калдыбы
Келиглечи акындар
Ушундай кызык теманы
Неге ээнсиретип салдынар
БЫЙЫЛ СӨЗССУЗ ҮЙЛӨНӨМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2963 Пользователь офлайн   Sairagul77   14 Апрель 2014 - 19:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 04 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 04 Авг 2015 08:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Супер сынак стартта,
Кызып турган убакта .
Салам айтам баарына,
Суперстан калкыма.

Үч куплет ыр ичине
Терең маани камтыган,
Талпынтып бийик учурган
Тарбия берип жаштарга,
Мөмөлүү дарак аталган
Саламым сизге Барс ага,

Форумду кызытуунун жолдорун
Ортого салып ойлорун.
Суперстан үчүн күйүккөн
Жека агай сизге саламым.

Универсал, шок форумчу
Ар темага баш баккан.
Ар ким менен тартышкан
Айтканынан кайтпаган.
Ананда менин баамымда
Банга тез тез каттаган
Акысыз алып путевка
Кумурскадай күжүрмөн
Кышын жайын тынбаган
Иштеп жүргөн Сургутта
Салам айтам Асанакага.

Мен киммин деген темадан
Окуп алып муңайдым.
Токтоо мүнөз иним Кубанын
Баштан өткөн баянын.
Кайгырба Куба кайгырба
Келечегиң али алдыда.
Кудайым берип бактыңа
Жолуккун жакшы жубайга
Өзүң айтып өткөндөй
Ардактуу ата аталгын
Кудай берчүү уул кызга.

Билдирүүнү түзөткөн: Sairagul77: 14 Апрель 2014 - 19:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2964 Пользователь офлайн   Lui   17 Апрель 2014 - 14:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Сайрагул эже кандайсыз,
Жазгы бир гулдөй жайнайсыз,
Ырларды жазып тынымсыз,
Казанда суудай кайнайсыз,
Комплимент айтып акынга,
Сөздөрдүн уузун тандайсыз,
Жазылган ар бир саптарды,
Каткырык менен жандайсыз,
Кулпурган назик үн менен,
Акын айлын шаңдайсыз,
Уйкаштырып ырларды,
Жазасыз, ак таңдайсыз,
Алоолонуп өчпөгөн,
Жаркыраган шамдайсыз...


Жетишпей кетип баратам,
Билемин, таарынып мага калбайсыз.))

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2965 Пользователь офлайн   kaitpas   06 Май 2014 - 20:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Эскириптир чаң басып,
Амандашкан айылым.
Анда-санда ыр менен
Саламдашкан айылым.
Комуз кармап колуна
Кадамдашкан айылым.
Анча-мынча алышып,
Жамандашкан айылым.

Келсем тосуп алар жок,
Төгүп ырдап калар жок.
Саламдашып акынча
Кызуу маек салар жок.
Турат эле дап-даяр
Мурдакыдай чабар жок.
Кайда кетти дайынсыз?
Акындарым кабар жок.

Күн жылытып жай келип,
чымын пайда болуптур.
Ызылдашып башымда
Бүгүн абдан толуптур.
Ырда дешип жаткансып,
Төбөмө топ конуптур.

Мейли анда ырдайын,
Буулугуп мен турбайын.
Комуз үнү угулса,
Билдиргиле бир дайын.
Күтүп жатат досуңар,
Эстеп алып мурдагын.
Кана болсо караган
Кошулушуп ырдагын.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2966 Пользователь офлайн   kaitpas   08 Май 2014 - 14:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Эки күн мурун жоктогом,
Кайтпай артка токтогом.
Келсе кимдир айылга
Айтышууну "чоттогом"
Сактап жургон сөз мылтык
Куралымды октогом.
Бир бошонуп байланган
Тирилик деген ноктодон.

Эээй.........
Кайда кетти баарысы,
Жашы дагы карысы.
Сөз кураган тизилтип
Жан дүйнөнүн дарысы.
Жоктоп келдим сагынып
Барбы мында калысы?
Кыйнап койду келе албай
Аралыктын алысы.

Эээй.......
Айтсам ичим толо арман,
Айтпаганым оң болор.
Сабыр түбү сары алтын
Кемчиликтер оңдолор.
Азыр болсок кичине
Эртең үмүт чоң болор.
Тебеленген намыстар
Насип кылса корголор.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2967 Пользователь офлайн   Likvidator   08 Май 2014 - 19:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Айылыма жан берип

Кош келипсин Кайтпасым.

Акындарга дем берген,

Жаман созду айтпасым.

Сагынычты таратып,

Сайрап салчы сайтташым.




Учкан куштай сабалап,


Учат убакыт кайып.

Учурунда шан толгон,

Айылдан турат ал тайып.

Айтышпай койсо акындар,

Акындык онорлор айып.

Алптарымдын бири жок,

Аларды арбап алганбы

Тируулук деген тор жайып.











Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2968 Пользователь офлайн   Narynbek   08 Май 2014 - 21:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Амансыңбы акындар
шаан-шөкөткө жакындар
Көптөн бери көрүшпөй
Сагыншып калгандар
Ал-акыбал сурайын
Кандайсыңар деп баштайын
Бала-чака журт аман
Иш илгери баш аман
Жүрөсүнөрбү тынч аман?
Амандашып коюууга
Баш бактым акын айылына
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2969 Пользователь офлайн   Likvidator   08 Май 2014 - 23:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Нарынбек агага...




Абалымды сурасан,

Аманчылык агатай.

Айылга салып айгайды,

Айгайлап турсан жагат ай.

Айтышка сен баш баксан,

Алтын созун агат ай.

Агалык кылып иниге,

Акыл созду багат ай.

Арбашчуу болсо ким бироо,

Асыл соз менен чагат ай.




Мен да абал сурайын,

Иштер, тиштер жакшыбы?

Тынчынызды албайбы

Женекемдин какшыгы?)))














Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2970 Пользователь офлайн   Narynbek   09 Май 2014 - 00:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Ликвидатор иниме

Алигиңди алайын
Амандашып алган соң
Жообумду айтайын
Көптөн бери көрүнбөй
Эми келдим айылга
Какшыктай турган жеңең жок
Жеңең калды айылда
Иштеп таап келүүгө
Келдим дагы Маскөөгө
Бир аз чыгып тоскоолдук
Жүрүп калдым айылда
Кабарын анын билеерсиң
Билбесең анда издеерсиң
Ушундай иним кабарым.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2971 Пользователь офлайн   detektiv   09 Май 2014 - 00:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 651
  • Катталган: 07 Май 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2015 10:53
  • Жынысы:Эркек

Жаңыдан келип бул жакка
Жанданып сүйлөп турмакка
Саламым айтам баарыңа
Кошуп ал мени араңа
Кошулуп мен да турайын
Акындардын тушунда
Каршы чыкпас деп ойлойм
Кең пейил Кыргыз калкымда

Мекенден алыс мен болуп
Максатка карай аттанып
Мээнет кылып мен жүрөм
Экинчи мекен Орусияда

Окшошпой калса тизгеним
Окшотуп окуп койгула
Кызыгып жазып олтурам
Зоболуу акын айтышына
Жөн эле келип өмүргө, жөн эле өтүп кетпейли!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2972 Пользователь офлайн   kaitpas   09 Май 2014 - 01:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Ээээй.....
Бир туугандай элеңер,
Чынын айтсам мен эгер.
Байкелерим десем мен
Ини дечү белеңер?
Башка-башка болсок да
Эне мага энеңер.
Оорубастан ар дайым
Аман болсун денеңер.
Бирге жүрсөк айылда,
Ашыкчасын дебеңер
Эч чөкпөсүн бир түшкөн
Силер сүзгөн кемеңер.

Эээээй.....
Изи сууп калгандай,
Эскилерден эч ким жок.
Үмүтүмдү үзө албай.
Жолду карап кетким жок.
Жакшы-жаман күндү эстеп
Өткөн күндөн кечким жок.
Эски деле болсо да
Башка айылга көчкүм жок.

Эээй.....
Эски дептер колунда,
Дайым чындык жолунда.
Лириканы куюлткан
Динолордун доорунда.
Азыр болсо мага окшоп
Тоодой түйшүк боорунда.
Тирилик деп калгандай
Жеңешамдын торунда.
Ликви акем кандайсыз?
Ыр сабыңыз сонун да.....

Бир карасаң мекенде,
Бир карасаң океңде.
Кетип калат байкатпай
Жолугайын дегенде.
Шамалды сай кулуну
Өнөрү көп Накемде.
Ырдайт,төгөт талант бар,
Нарынбек акын акемде.
Амансызбы агатай
Саламы бар Какеңде......
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2973 Пользователь офлайн   Likvidator   09 Май 2014 - 08:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Ээээээ....




Асыл создун баарысын,

Эки сапка батырып.

Каке келип калыптыр,

Айылга баарын чакырып.

Тизмектеп ыр сап таштаптыр,

Эстеликтей катырып.

Абалымды сурасан,

Жашырып мен нетейин

Тируулук келген жапырып.

Бир тараптан коркутуп,

"Интернетти токтот" деп

Женекен турат бакырып. :108:




Токтото албай мен келем,

Интернет деген балээден.

Чырмалышып чыгалбайм,

Корунбос бул желеден.

"Зыян болот интернет деп,

Айтып жатат теледен"

- дейт женекен. :94:




Угуп анын создорун,

Жумун алам коздорум. :sleep:

Мага акыл айтпастан,

Билип алсын оздорун. :tongue:














Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2974 Пользователь офлайн   Narynbek   09 Май 2014 - 15:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Көрүп көзүм кубанды
Кайтпас менен Ликвини
Чаң бастырбай айылды
Жандардырып айтышты
Бүгүн Жеңиш күнү деп
Куттуктап баарын кетейин
Кадыр баркын билели
Кан төгүп жан-тер менен
Аталар алып келген Жеңишти
Жыргал жашоо келгенче
Канча азап тартышты
Аталар кетип согушка
Энелер үйдө калышып
Эркектин кылып кызматын
Азабын далай тартышты
Келечекте урпактар
Жакшы жашап өтсүн деп
Биз үчүн жанды сайышты
Кээде жанды кейитет
Баркын билбей кээ бирлер
Улутчуларды айтамын
Ошолорду кинодогудай
Жөнөтмөкмүн фронтко
Жон тери менен сезишмек
Кандай экенин фашисттин!
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2975 Пользователь офлайн   AMAH-2   10 Май 2014 - 01:34

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Окуп алып саптарды
Өзгөчө сезим каптады
Теги күчтүү кыргыздын
Сөз менен тоскон калканы
Саптар менен ырдагы
Баарын айтып жатканы
Кубандырат адамды
Төкмөлүк менен жазганы

Көңүл бурбай жүрүпмүн
Кызыктуу бул айылга
Көбүн билбей жүрүпмүн
Кээде кирип бул жакка
Төкмөлөрдүн сөздөрү
Түгөнбөгөн саптары
Билгенимде эртерээк
Тигилмекмин капкайда

Жакпай калса жазганым
Билмексен болуп калганым
Жооп жазбай койсоңор
Ошол менин силерге
Кошула албай калганым
Туура эмес жазсам айткыла
Жоголот бул жерден карааным
Тааныштырып койойун
Аман жүргөн Аманмын
Төкмөчүлүк жайым жок
Тантып кээде каламын
Ошентсе да сөз терип
Жазымыш болгон баламын

Жеңиш майрам кут болсун
Жүрөгүңөр жуп болсун
Жан дүйнөңөр ар дайым
Жакшы сөзгө жык толсун
Жеңиш берген аталар
Жандары бейишке консун
Ар бир үйдө ынтымак
Түбөлүккө орносун
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2976 Пользователь офлайн   Narynbek   10 Май 2014 - 21:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Аман иним келиптир
Сөз берметин териптир
Акындардын айылын
Сыйра мактап өтүптүр
Келип тургун айылга
Булбулдай тилди сайратып
Шурудай тизип сөздөрдөн
Чаң бастырбай айылды
Үйлөп чаңын туралы.
Кези келсе айтышып
Тамашаны куралы
Чаң чыккан тилинен
акындар бар бул жерде
Дөө-шаалары айтыштын
Сөз берметин тизишкен.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2977 Пользователь офлайн   kaitpas   12 Май 2014 - 01:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Likvidator (09 Май 2014 - 08:43) жазган:

Ээээээ....




Асыл создун баарысын,

Эки сапка батырып.

Каке келип калыптыр,

Айылга баарын чакырып.

Тизмектеп ыр сап таштаптыр,

Эстеликтей катырып.

Абалымды сурасан,

Жашырып мен нетейин

Тируулук келген жапырып.

Бир тараптан коркутуп,

"Интернетти токтот" деп

Женекен турат бакырып. :108:




Токтото албай мен келем,

Интернет деген балээден.

Чырмалышып чыгалбайм,

Корунбос бул желеден.

"Зыян болот интернет деп,

Айтып жатат теледен"

- дейт женекен. :94:




Угуп анын создорун,

Жумун алам коздорум. :sleep:

Мага акыл айтпастан,

Билип алсын оздорун. :tongue:

Эээээээ......
Айтканым болот тамаша
Чындыгына жараша.
Ликви ага жүрөсүзбү?
Жеңеме дайым жанаша...
Кээде сөздөн талаша,
Кээде тириликке караша
Айылда деги барсызбы?
Жамактан кээде жамаша...

Эээээй...
Табышмагын таптырып,
Убагында жаткырып.
Жеңем жыргап калган го
Жатып алып бактырып.
Башка түйшүк арттырып,
Базарда соода саттырып
Иштетиваткан окшойбу?
Ары-бери чаптырып :)
Айтканында так туруп,
Кадамыңызга сак туруп
Байлаган окшойт сыягы,
Жеңекем сизди жактырып....
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2978 Пользователь офлайн   detektiv   12 Май 2014 - 23:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 651
  • Катталган: 07 Май 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2015 10:53
  • Жынысы:Эркек

Ээ акындын кылдуу кыягы
Бул жигит, чыныгы акын сыягы
Тамашадан төгүптүр
Жеңесин чымчыр өтүптүр
Байкесине тийишип
Кайсарлана сүйүнүп
Айлантып сөздүн төгүнүн
Жеткире айтын өтүптүр


Мына ушундай Кыргызда
Ага ини тууганда
Тамашалар айтылат
Маанайды көккө көтөрүп
Тамашага жараша
Жоопту айтаар агасы

Айылда күлкү тамаша
Акындар басат жанаша
Керемет сөздөн төгүшүп
Ааламды гүлгө бөлөшүп.
Жөн эле келип өмүргө, жөн эле өтүп кетпейли!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2979 Пользователь офлайн   James0791   13 Май 2014 - 22:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 11 Февраль 13
  • Соңку аракети: 27 Мар 2015 15:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Акындар айтышына салам геп

Кыбыраган кыр ашып,
Салам айтып тайлашып,
Кош жүгүндү мен салып,
Кобурашкан силерди,
Заман дебей айтышып,
Ары бери тартышып,
Чын тамаша жаадыра,
Айткан сөзгө жараша,
Акындар доору улансын,
Кошулайын катарга.

Тээ заманда таңдайды,
Көөдөн жарган жыргалды,
Баалуу сөзгө балли деп,
Баалап келген акынды,
Бул форумда ачылган,
Бөлүк болду жакындан,
Таңдай сөзүң таш жарса,
Жазагой деп атыңдан.
Ким баштаса ал жакшы,
Элден сөздү камдады,
Ак калпакты бир кийип,
Дилин сөзгө жандады,
Сөзгө тартып бүт баарын,
Коркпогонго чакырды.

Мен боломун Жалалдан,
Курманбектин жердеши,
Кыраан сөзгө чакырган,
Акындардын элдеши,
Өтө кетпейм өпкөлөп,
Жөнөкөймүн жашоодо,
Жоомарт атым чын төгүн,
Таанышып кетем мен бүгүн..


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2980 Пользователь офлайн   Narynbek   13 Май 2014 - 23:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Айтышка келсем зеригип
Жоомарт менен детектив
Саламын айтып өтүптүр
Азыраак болсо да өзүн
Тааныштырып өтүптүр
Алик алып саламга
Кош келипсиң демекмин
Акындардын айылына
Ликви агасына тийишип
Кайтпас ошол бойдон көрүнбөйт
Ликви дагы кирбептир
Же келин бала бошотпой
Көзү көрбөй калат деп
интернет зыян деп
Суперге киргизбей жатканго
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 147
  • 148
  • 149
  • 150
  • 151
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 44 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 44, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Авг 2025 02:07

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: