Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 173
  • 174
  • 175
  • 176
  • 177
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#3481 Пользователь офлайн   Aruushaa   10 Июль 2015 - 15:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 09 Июль 15
  • Соңку аракети: 22 Июн 2023 16:28
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Chayan555 (10 Июль 2015 - 12:59) жазган:

Жердешим келип калганбы?
Ооматтуум менин Ноокатым.
Калайык калкым аманбы?
Ийилип айтам саламды.
Ноокат десен кулагым.
Тик туруп абдан суйундум.
Кенээнирек айтсаныз.
Озунуз жонундо бир баян.
Кызыктырып адамды.
Айтпасаныз бул жаман.



Кабылдап айткан саламым,
Чандатып келдиң ЧАЯНЫМ.
Чычалап дагы жүрбөгүн,
Тамаша катуу айтамын.
Сурапсың мага кызыгып,
Өзүмдөн бир аз айтайын.
Баяндап жеке жашоомду,
Уйкаштап ырдап жазайын.
Эртелеп келип Ноокатка,
Кечинде үйгө кайтамын.
Жубайы өмүр жарымдын,
Бир кызыма атамын.
Жерлигимди кошойун,
Мактанып ырга оройун.
Исанов чыккан атактуу,
Аймакта туулуп чоңойдум.
Тагдырдын кулу болбой, бийи бол!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3482 Пользователь офлайн   osh93   10 Июль 2015 - 20:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения Aruushaa (10 Июль 2015 - 08:31) жазган:

Ассалааму алейкум!
Супердин аманбы???
Ашыгып келдим форумга,
Кошуп алсанар жаманбы???
Кошулгум келип силерге,
Кыргызча айттым саламды!
Реклама кылып кетсемби,
Ооматтуу Ноокат калаамды?
Айтыштын көрүп чекесин,
Шашалып кирдим алыстан.
Айтышкан болсо акындар,
Тажабайм мен да жазыштан.
Уруксат болсо жамааттан.
Мен дагы төгүп жарышааам...




Ва алейкум салам кабыл алдык,
Супер сайты аман.Айтышам деп келгендерге.
Акындар дайым даяр,
Сиз келсениз бул жакка.
Кыргыз кыздар дасторконун жаяр,
Саламды кабыл алаар.


Ат арытып алыстан сиз келипсиз,
Айтышам деп Супер сайтка келипсиз.
Кеилинизчи айтышалы сиз менен,
Жазылсынчы! конулубуз,черибиз.

Анда эмесе атыныз ким?
Жайыныз ким?
Озунуз ким? Аял заты,эркексизби,
Улуусузбу? Жашсызбы?
Же бироого жарсызбы.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3483 Пользователь офлайн   Chayan555   10 Июль 2015 - 20:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 83
  • Катталган: 12 Май 15
  • Соңку аракети: 28 Сен 2015 12:30

Просмотр сообщения Aruushaa (10 Июль 2015 - 15:03) жазган:

Кабылдап айткан саламым,
Чандатып келдиң ЧАЯНЫМ.
Чычалап дагы жүрбөгүн,
Тамаша катуу айтамын.
Сурапсың мага кызыгып,
Өзүмдөн бир аз айтайын.
Баяндап жеке жашоомду,
Уйкаштап ырдап жазайын.
Эртелеп келип Ноокатка,
Кечинде үйгө кайтамын.
Жубайы өмүр жарымдын,
Бир кызыма атамын.
Жерлигимди кошойун,
Мактанып ырга оройун.
Исанов чыккан атактуу,
Аймакта туулуп чоңойдум.

Нигинизден мен улам.
Аял заты деп ойлопмун.
Келиштирип соз курап.
Жазып оттунуз баянын.
Колумду кенен мен ачып.
Бактылуулук тилейин.
Эриш аркак бир болуп.
Болбостун баарын болтуруп.
Балалуу уйго айланып.
Балкайып ата болунуз.
Жердешимди мен коруп.
Чандатып салсам жаманбы?:)
Исановтогу ага журт.
Тууган урук аманбы?
Таарынба деп акырын.
Чымчылап бир отупсуз.
Таарынмак элем эмнеге.
Анткени биздин урукту.
Тээ илгертен бери коюлуп.
Чаян деп атап келиптир.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3484 Пользователь офлайн   burana   12 Июль 2015 - 00:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 279
  • Катталган: 25 Май 11
  • Соңку аракети: 09 Авг 2018 21:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

келдим ыр жыттанган айылымды сагынып
кетиптир убакыт токтобостон агылып
айылым калыптыр бир топ жанырып
акындар келишиптир дагы агылып

саламым мени жалпына.
саламым менин акынга
дагыда айттам саламды
кыргызым тараган ааламга



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3485 Пользователь офлайн   Enesai   12 Июль 2015 - 19:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Lui (09 Июль 2015 - 10:35) жазган:

Энесай эже!


Эжеке кандайсыз? Келиңиз,
Жазылсын ыр жазып чериңиз,
Ысыкта кыйналган жоксузбу,
Куюлуп чекеден териңиз.


Эжеке келиңиз, келиңиз,
Сагынды бут айыл элиңиз,
Чоңойуп жүрөбү быйтыйган,
Балаңыз жана да жээниңиз).

Ысыкка куйуп,кээде тонуп суугуна,
Жашап келем-кулуп, кээде буулуга...
Ысык-сууктан коркпой турган жан элем,
Ачуу созго-кетем бирок куурула...

Эки уулум бар,бой жетишти керилип,
"Жигит" болуп чонойгону сезилип,
Кенжетайым- ал дагы уул,торт жашта,
Кубанабыз-шоктук кылып,уй чачса!

Мына ушинтип,биз да жашап жатабыз,
Сураптырсын, рахмат сага айтабыз,
Бала учун-иштеп,жашап келемин,
Бала менен бактылуумун- энемин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3486 Пользователь офлайн   Enesai   12 Июль 2015 - 20:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения osh93 (09 Июль 2015 - 17:22) жазган:

ЭНЕ-САЙ,эжеге.
Создорунуз катасыз,
Кеткенге эле шашасыз.
Кандай жумуш кыласыз,
Эми мага айтасыз.


Рахмат,эжеке батанызга,
Бата менен когоруп жатабызда.
Сиздей эже батасын берип аткан сон,
Албетте биз жооп жазганга шашабызда.

„Качыр болбо-тулпар бол"дединиз,
Азырынча качырбыз да,эми биз.
Убакыт,саат отуп качан келгенде,
„Тулпар" -атка,Конорбуз деги биз.


Анан дагы айттыныз,
„Жору-болбо, Шумкар"бол,
Айтышкада алдырба деп.
Ыр-сабына куштар бол,
Сиз не десениз боломун.
Булбул болуп,шагынызга кономун,
Керектуу жерде,мен #### жан сакчыныз болоюн.
Ушуну менен сизге рахмат,айтып коеюн!

Кызыгыпсын ишиме,
Айтсам жоопту иниме,
Коптон бери туптогон,
"Бизнесим" бар кичине.

Келин-кыздын койногун,
Жарашыктуу турлорун,
Жазгысын да,кышкысын,
"Илгичтерден" узбоймун.

Анан уйдо-энемин,
Баарын жасап беремин,
Балдарыма суйуктуу-
"Алтын апа"-элемин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3487 Пользователь офлайн   Enesai   12 Июль 2015 - 20:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения rumaika5544 (10 Июль 2015 - 06:01) жазган:

Жалпыга айтам саламды
Жашы-кары аманбы?
Шыкаалап карап менда келдим.
Шанданып айыл калганбы?
Охоо,Энесай эжем келгенби?
Жоопторду тизип бергенби?
Айтып берин эжеке,
Акыл кенеш кептерди.
Артыныздан калбайын
Ар бир созду тындайын.
Сандык ачып озумо,
Созунузду жыйнайын.
Кенен болсо убактыныз.
Сындырбастсыз шагымды.


Дайымкыдай Луи Айым.
Созунузго тамшаным.
Кайдан табас мынча созду?
Танданым мен ар дайым.
Уйкаштыгы ырыныздын.
Улап кетчу сырынызды...
Айтып койсоз мен угайын.
Кенен жооп кутом дагын.

Саламын корбой калыпмын,
Мен деле чындап"карыпмын" ,
Саламга шашып жооп жазбай,
Куттуруп журуп алыпмын!

Акылы болот жаштын да,
Асылы болот таштын да,
Жазган созун орундуу,
Сууттурбайм- сунган колунду!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3488 Пользователь офлайн   jon_jurom_emi   12 Июль 2015 - 23:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 207
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 20 Авг 2016 18:22
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения burana (12 Июль 2015 - 00:21) жазган:

келдим ыр жыттанган айылымды сагынып
кетиптир убакыт токтобостон агылып
айылым калыптыр бир топ жанырып
акындар келишиптир дагы агылып

саламым мени жалпына.
саламым менин акынга
дагыда айттам саламды
кыргызым тараган ааламга






Тамгаларыныз бозорот го тим эле
Очкичендерге жазгансыз го менимче
Башка тусто жазсаныз эле болмок да
Мындай тусту колдонбойт го эчжерде
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3489 Пользователь офлайн   Aruushaa   13 Июль 2015 - 09:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 09 Июль 15
  • Соңку аракети: 22 Июн 2023 16:28
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения osh93 (10 Июль 2015 - 20:43) жазган:

Ва алейкум салам кабыл алдык,
Супер сайты аман.Айтышам деп келгендерге.
Акындар дайым даяр,
Сиз келсениз бул жакка.
Кыргыз кыздар дасторконун жаяр,
Саламды кабыл алаар.


Ат арытып алыстан сиз келипсиз,
Айтышам деп Супер сайтка келипсиз.
Кеилинизчи айтышалы сиз менен,
Жазылсынчы! конулубуз,черибиз.

Анда эмесе атыныз ким?
Жайыныз ким?
Озунуз ким? Аял заты,эркексизби,
Улуусузбу? Жашсызбы?
Же бироого жарсызбы.



Атымды мындан сурабай,
Анкетаны карасаң.
Аял эмес эркекмин,
Анысын дагы баамдасаң
Азан менен коюлган,
Атам апам тандаган.
Атым менин Дамирбек,
Атагы али чыкпаган.
Улуу да эмес жаш да эмес,
Тектектик кылган мас эмес,
Жакындап жашым отузга,
Бул жаш деле аз эмес.
Жайымды дыгы сурапсын,
Аны дагы айтайын.
Баяндап туулган жеримди,
Аны да ырга салайын.
Биздин Галлактикада,
Жер деген планетада.
Ошол жер планетасынын,
Евразия материгинде,
Евразиянын бөлүгү,
Азия деген жеринде.
Азия чети эмес,
Жаны эмес орто жеринде,
Кыргызстан деген мекеним,
Анын да Ош облусунда,
Ноокатдеген жергемдин,
Исанов аймагында,
Айылым Күнгөй-Кожеке.
Кудайым чачкан береке.
Мен да анын кулуну,
Жараган азмаз кереке.
Жооп бердим окшойт сурооңо,
Буюрам эми улооңо,
Сен дагы жазчы баяндап,
Алалы сени сыноого...
Тагдырдын кулу болбой, бийи бол!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3490 Пользователь офлайн   osh93   13 Июль 2015 - 10:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Макул мен да жазайын,
Уйкаштыкка карайын.
Мен деле акын эмесмин!
Акындын айтам кереезин.
Антип айткан себебин,
Тушундуруп беремин.
Бул жакка жазган себебим,
Кол тамга калсын дегеним...



Атынызды билдик,
Бирдей убакта форумга
Кирдик.
Сиз менен бугун айтышып же,
Бири-бирибиздин кеспейлиби? киндик.


Анкетаны карагандан зеериктим,
Дамирбек ага неге мынча кечиктин?
Жолубуз да,ойубуз да бир экен,
Форумдан сен оз инине кезиктин.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3491 Пользователь офлайн   Lui   13 Июль 2015 - 15:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Просмотр сообщения rumaika5544 (10 Июль 2015 - 06:01) жазган:

Дайымкыдай Луи Айым.
Созунузго тамшаным.
Кайдан табас мынча созду?
Танданым мен ар дайым.
Уйкаштыгы ырыныздын.
Улап кетчу сырынызды...
Айтып койсоз мен угайын.
Кенен жооп кутом дагын.


Биринчиден кечириңиз мен кечиктим,
Интернетти эки күнгө мен бекиттим,
Эс алууда үй жумушун бүтүрөм деп,
Ысыгына күйүп калдым мен эшиктин.
Бая күнү шашкалактап кирип чыккам,
Румайка айым суроону мен кеч эшиттим.


Тамшаныпсыз менин илген саптарыма,
Уңүлүпсүз ар кыл жазган каттарыма,
Суроо салып: катылган сыр барбекен деп,
Рума сулуу келиптирсиз капталыма.


Жан дүйнөмдө уйгу-туйгу бороон болот,
Ыр жазсам деп көөдөнүм сапка толот,
Көңүлүмө төп келген ырлар жазсам,
Гүлгө оронот сумсайган кокту-колот.


Сезимдерге кез-кезде көк муз тоңот,
Кызылы өчүп, бозоруп жүрөк оңот,
Ошол кезде ырлардан букет жасайм,
Жыт аңкыган тамганы курчап, боолоп.


Кээде жүрөк кубанычтан түрс-түрс согот,
Анда дагы ал жөнүндө жазам жомок,
Кубанамын сиз сыяктуу калемдештер,
Ыр саптарын тосуп алса кылып конок.)


Сурооңузду мен томсортуп койбодум,
Рахмат сизге, мен ыр жээгин бойлодум,
Түшүнүксүз саптар болсо сиз үчүн,
Кош келиңиз, мен уктабайм, ойгоомун))
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3492 Пользователь офлайн   Aruushaa   14 Июль 2015 - 09:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 09 Июль 15
  • Соңку аракети: 22 Июн 2023 16:28
  • Жынысы:Эркек

Кайрадан айтып саламым!
Кайтып келдим карагым,
Кирбесем бир аз форумга,
Куса болуп барамын.
Кураштырып ыр жазып,
Кыйыштырып айтабыз.
Акындар көрдүм аз эмес,
Айтышуу мындай саз эмес.
Айтышсак эгер тема ачып,
Ар темадан бир элес.
Алып баруучу шайлайлы,
Акындыкка бел байлайлы.
Ак калпак Улуу элимдей,
Агызып төгүп айталы.
Бүгүндөн баштап катталып,
Жума күнү бүтөлү,
Жума күнү эртелеп,
Акындар тизме түзөлү.
Акындардын айтышын,
Салтка айлантып жүрөлү.
Форумдун шаарын шаңдантып,
Тойлойлу ойноп күлөлү,
Оюңарды кошкула,
Жакпаса жолум тоскула.
Оюмду эгер колдосоң,
Анда, мени колдоп койгула!! !

Билдирүүнү түзөткөн: Aruushaa: 14 Июль 2015 - 09:09

Тагдырдын кулу болбой, бийи бол!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3493 Пользователь офлайн   Lui   14 Июль 2015 - 10:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Аруушаанын ойлорун колдойм, коштойм,
Жактырбайм деп жолуңду билгин тоспойм,
Катталууга даярмын мен катарга,
Кээде туруп, мен дагы ырлар жоктойм...


Бул жумада жетишпей калабызбы,
Суюлтпайлы андан көрө арабызды,
Дүйшөмбүгө чейин топтоп акындарды,
Күлкү шатка бөлөйлү биз калаабызды. .


Келиңиздер акындар келиңиздер,
Сунуштарды тамгалап териңиздер,
Айтыш мына кызыгына баткан турат,
Айыл көздөй арышты кериңиздер.


Жүрөктөгү ыр саптар алоолонуп,
Өчпөсүнчү айтыш үчүн демиңиздер,
Төр жактан орун алып өтүңүздөр,
Тура берип оорубасын белиңиздер.


Келиңиздер акындар, келиңиздер,
Күтүп калды сиздерди элиңиздер! !!

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 14 Июль 2015 - 10:08

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3494 Пользователь офлайн   Aruushaa   14 Июль 2015 - 11:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 09 Июль 15
  • Соңку аракети: 22 Июн 2023 16:28
  • Жынысы:Эркек

Эң алгачкы катталып Луи келди,
Көкөлөтүп оюмду колдоп берди.
Эми келип акындар чамдагыла ээ,
Чоң айтышка кошулбай калбагылаа. .
Дагы дагы бар бекен акындарым,
Кыргызымдын айтышына жакындарым.
Комуз менен шаңданып төкпөсөк да,
Тереличи сөздөрдун асылдарын.
Тагдырдын кулу болбой, бийи бол!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3495 Пользователь офлайн   osh93   14 Июль 2015 - 11:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Канаке айткан созду колдойлу,
Ар темада айтышсак биз болбойбу?
Башкалар да айткылачы колдойбу?


Алпаруучу ким болот?
Тизмек тузсок,добушту
Ушул жердегилер берет.
Бул жак кулку-шан болуп,
Купулга да толуп.
Элге оюн куруп берет

Эн улуубуз „Энесай" алыпбаруучулукка жарайбы?
Же салым кошуп коп ыр жазган„Луи" алыпбарганды каалайбы?
Кыздардан мен экоону эп кордум,
Айткандарын да тененеп кордум.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3496 Пользователь офлайн   Lui   14 Июль 2015 - 11:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Ош93, Энесай эже, Чаянды да,
Румайканы ж.б. жаранды да,
Бурананы, Жон жүрбөстү тизмектейли,
Жаңылыктан сырткары калганды да.


Айт күндөрүн биргелеп тосолубу,
Ыр жамакка саптарды кошолубу,
Айтышууну жандантып баштаган сон,
Төрт катардан ыр сапты созолубу))

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 14 Июль 2015 - 11:27

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3497 Пользователь офлайн   osh93   14 Июль 2015 - 11:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Анда биринчи бул теманы,
Баштайлы.
Сунушту айтып ар-бирибиз жактайлы.
Энесай,Румайка, жон-журбос жок болуп жатбайбы.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3498 Пользователь офлайн   Lui   14 Июль 2015 - 11:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Амантур, Кайтпас бар эле,
Айтышка түшчү жан эле,
А дешип ырын жазышса,
Асмандай түшчу чаң эле..

Бродяга жигит бар эле,
Бойуна ыры чак эле,
Жүрөктун теңин ал издеп,
Жүргөндүр азыр дагы эле.

Бар эле Неферти эжем,
Сунамын сизге ыр кесем,
Колумду суутпайт ишенем,
Келиңиз эже, кел десем.

Жека агай дагы бар эле,
Ыр жазууга шар эле,
Көрунбөйт агай негедир,
Жазган сөзү бал эле.


Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 14 Июль 2015 - 11:28

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3499 Пользователь офлайн   Enesai   14 Июль 2015 - 18:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Бала кезден билемин,
НЕФЕРТИТИ курбумду,
Коптон бери форумдун,
Ардактуу экен тургуну.

Сунушум туура корсонор,
Макулдук эгер берсенер,
Алып барсын айтышты,
Акындын баарын чакырып,
Айылдын чанын сапырып,
Айтышты койсун кызытып.
Озунон дагы уккамын,
Акындардын айтышын,
Сунуш кылам деп жургон,
Билек туруп киришип,
Уюштурам деп жургон!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3500 Пользователь офлайн   Aruushaa   14 Июль 2015 - 18:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 09 Июль 15
  • Соңку аракети: 22 Июн 2023 16:28
  • Жынысы:Эркек

Колдонсо эгер демилге,
Көрөлү анда камылга.
Куюлтуп сөздүн каймагын,
Келгиле биздин айылга.
Кыргыздын салтын улайлы,
Кыргызды уят кылбайлы.
Канаке акын туугандар,
Кураштырып ырдайлы.
Анда баштап айтайын,
Ажарын ырдын ачайын,
Акынча төгүп ыр менен.
Айтышты мына баштайын.
Тартипти анда тузөлү,
Таарынбай ойноп күлөлү.
Таанышып алып андыктан,
Туугандар, башкасына өтөлү.


Атынды айтып ыр менен,
Жашаган жериң айт кенен.
Жашынды дагы жазып өт,
Желеден жазып кат менен.
Кесибиң менен анан да,
Иштеген ишиң баянда.
Бүлөңдү да жаза кет,
Белгилүү болсун адамга.


Ыр кесе анда башталды,
Ортого тема ташталды.
Ыр кесенин эшиги,
Ачык деп жарыяланды.


Баштайын анда өзүмдөн,
Байкагын анда сөзүмдөн.
Каерден, кандай адаммын,
Ырымда менин төгүлгөн.
Биздин Галлактикада,
Жер деген планета бар.
Материк, дүйнө бөлүктөр,
Бөлүнөт мамлекетке алар.
Жер деген планетада,
Евразия материги,
Евразиянын Европа эмес,
Азия дүйнө бөлүгү.
Азиянын чети эмес,
Батышы эмес борбору.
Кыргызстаным ошондоо,
Азыянын ортосу.
Кыргызстаным айтылуу,
Баатырым Манас Ордосу.
Кыргызстанымды мактансам,
Ашыкча кеткен болбостур.
Ошол Кыргыз өлкөмдүн,
Ордолуу Ош аймагы,
Айтылуу Ноокат районум,
Ооматка толгон кучагы.
Жараткан берген береке,
Айылым Кунгой-Кожеке.
Мен дагы жүрөм талпынып,
Жарасам элге керекке.
Жумушум башты айланткан,
Финансыга байланган.
Насип этип Жараткан,
Жумуш таап алгам мен банктан.
Жарымын жубайымдын,
Атасымын кызымдын,
Кенжеси сүйгөн апамдын,
Уулумун тамыр атамдын.
Ушинтип бир аз болсо да,
Тааныштырдым өзүмдү.
Кезектегиң келе кал,
Жазып өт сен да өзүндү эээээ
оппаа кезекте ким?....

Билдирүүнү түзөткөн: Aruushaa: 14 Июль 2015 - 18:30

Тагдырдын кулу болбой, бийи бол!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 173
  • 174
  • 175
  • 176
  • 177
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 33 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 33, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Авг 2025 04:28

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: