Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 185
  • 186
  • 187
  • 188
  • 189
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#3721 Пользователь офлайн   osh93   01 Сентябрь 2015 - 12:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Алга.... Ала жат.. Ала.. Жат балиииии! !!!
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3722 Пользователь офлайн   kaitpas   01 Сентябрь 2015 - 14:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

"Экенсиң" деп ар сапта,
Кооздоп ырдап кирген ким?
Вайс агайды каптың деп
Илгеркини билген ким?
Акындарды бир баштан
Таанып-билип жүргөн ким?
Кайтпасың ким качырам деп
Жеңин желке түргөн ким?
Форумдагы бар сырды
Билип кезек сүргөн ким?
Тамашалап иним деп
Артынан бир күлгөн ким?

Энесай деп аталып,
Барс акындан бата алып.
Акын айылда ким болгонун
Калтырбастан жат алып.
Айтыштары башкача
Жакында эле катталып.
Айтышканы чыгыптыр оуу
Акындарга ат салып.

Уйкаштырып мен жакка
Угулганда үнүңүз,
Жумуш калып арт жакта
Өтпөй калды күнүбүз.
Айтышмакка келген го деп
"Гудок" билдик муну биз.

Акын ырдайт чымчылап,
Тил жоргосун камчылап.
Тилди кимдир тиштесе
Тил жорго да жанчылат.
Ырыңыздан байкасам
Күйүккөндөй чаң чыгат.
Тизгиниңиз бош окшойт
Маанисинен кан чыгат.

Теңсибеске теңепсиз,
Сойдуң депсиз себепсиз.
Каап кирген эмне мен
"Ит" бекенмин жемексиз.
Ойлоптурсуз баамымда
"Өпкөраак" деп демек сиз!
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3723 Пользователь офлайн   Jeka   01 Сентябрь 2015 - 18:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Шерлоктун изи менен

Энесай деген "жаӊы" акын
“Эскилердей” сезилет!
СССР менен Барс, Вайсты
Эстесе жүрөк эзилет.
Жөнөкөй “жаӊы” эмес го -
Табышмактуу жазганы.
Жөн жерден төрт сап кураган
Таланттуу Луи сезилет...

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 01 Сентябрь 2015 - 18:34

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3724 Пользователь офлайн   osh93   01 Сентябрь 2015 - 20:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

[size="5"][color=" #000080"] Байкелееер дароо эле Экинчи дебей,
Онорду баалаш керек.
Тааныгандын себеби :Ал жазгандарын
Окуган демек.
ЭНЕСАЙ, башка,
Луи, башка
Экоонун айырмасы да бар
Бир топ жашка.
Ишенбесер коруп кел
Суроту бар
ЛУИ, жаш ЭНЕСАЙ улураак ал.
Экообун тен бааладым,
Тилдеринен чыгат экен бал.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3725 Пользователь офлайн   Enesai   02 Сентябрь 2015 - 08:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Кайтпаска:

"Экенсин" деп мен жазсам,
"Ким"деп тизип коюпсун,
Жоопту жазып дааналап,
Бир-бир эле болупсун!

Катталып май айында,
Орун алгам форумдан,
Зерикпей издеп окугам,
Кабарым бар,тоюндан!

Кимде кандай дарамет,
Байкоого бир аз алгамын,
Баш жагына айтыштын-
Атайы окуп баргамын!

Женди буктоп турбодум,
Иним дедим,кулбодум!
Форумдагы бар сырды,
Кызыкпадым, билбедим.

"Тырнакчага" алганым,
Тамашалап жазганым,
"Каап"ты чындап окуба,
"Союп"десем чочуба?

"Тенсинбеди копко",-деп
Ойлободум" опко"деп,
Тизгинди мейли жыяйын,
Кызыл тилди тыяйын!

Ашыкча айтып тамаша,
Аброюм тогуп албайын,
Сутко оозум куйгузуп,
Дагы бир созго калбайын...

Кайтпас атын жарашып,
Луи менен жанашып,
Беттегенин бербегин,
Айылдан алыс кетпегин?

Сонуна ырым чыгайын,
Жообун болсо угайын,
Ийгилик каалап ишине,
Ден-соолук тилеп турайын!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3726 Пользователь офлайн   Enesai   02 Сентябрь 2015 - 08:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Jeka (01 Сентябрь 2015 - 18:33) жазган:

Шерлоктун изи менен

Энесай деген "жаӊы" акын
“Эскилердей” сезилет!
СССР менен Барс, Вайсты
Эстесе жүрөк эзилет.
Жөнөкөй “жаӊы” эмес го -
Табышмактуу жазганы.
Жөн жерден төрт сап кураган
Таланттуу Луи сезилет...


Айлап айтышып жургон,
Луини сагынган окшойсуз,сиз?
"Эже"деп ырын арнаган,Луи-
Эки башка акынбыз,биз!

Сиз"кылмышкерди" жанылыш кармадыныз,
Терендеп издеп,алыска барбадыныз. ..
Ашык болгон ырларына-Луи, озу келээр,
Жакшылап сиздин суроонузга- жообун берээр?...

Бирок,мени,бир аз жылмайттыныз,
Луи деп,жаштыкка кылчайттыныз.
Луи келээр,сагынып издесениз,
Энесайды билип журун-билбесениз. ..

Шерлок деле башында жанылышат,
Эски акынды баары эле сагынышат...
Ырларыма катылса табышмагым-
Издээрсиз дейм,анда сиз,жандырмагын?...

Билдирүүнү түзөткөн: Enesai: 02 Сентябрь 2015 - 08:48

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3727 Пользователь офлайн   kaitpas   02 Сентябрь 2015 - 09:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Таң эртелеп төгүп турган
"Ширин-шакар" тилиңизден.
Тамашама тарс эттирген
Таарынычтуу жиниңизден.
Анча-мынча ашып кетсе
Капа болбойс иниңизден.

Таанышууга кызыкдармын
Кимдигиңиз билгим келди.
Жездем эле кызганбаса
Жакыныраак жылгым келди.
Жашыңызды урмат кылып
Сизди эже кылгым келди)))
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3728 Пользователь офлайн   Enesai   02 Сентябрь 2015 - 09:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Кайтпаска:

Жаза албай калып кечкисин,
Эртелеп жазып койгомун,
"Ини болом"деп журсон,
Анда эле,эже болгонум!

Тилимдин" уусун"агытпай,
Сыпайы эле жазгамын,
Эне болуп-уулдарга,
Мээримдуу болуп калгамын!

Кызгангыдай жездекен,
Чектен чыкпай жазаарсын,
Арт жакты ачсан барактап,
Сурооно жоопту табаарсын?...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3729 Пользователь офлайн   kaitpas   02 Сентябрь 2015 - 10:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Ини болом десем мен
Эже болом дедиңиз.
"Тырмакчага" киргизген
Какшыкпы эже кебиңиз.
Эскертипсиз ашпа деп
Каерде экен "чегиңиз"
Жөн жаза албас адат бар
Кантет экенбиз эми биз))))
Корккондон улам жездемден
Ичте калды демибиз.
Үзүрүм айтып кетейин
Толуктап болсо кемибиз....

Күзөтсө сизди күнү-түн
Жездешкам окшойт форумдан.
Ашымыш болсом чектен мен
Тосуп да чыгар жолумдан.
Аракет жасайм ашпашка
Келгенче эже колумдан.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3730 Пользователь офлайн   Jeka   02 Сентябрь 2015 - 10:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Энесайга

Көптөн бери акын төрдө көрө албай
Луишканы чындыгында сагындым.
Бирок,
Кирген сайын кайрып, кыя өтө албай
Сиздин жазган ыр саптарга багындым.

Айтышууну кайдан окуп, бүткөнсүз?
Акын төргө кирбей кайда жүргөнсүз?
Байкашымча, тил илимин мүлжүгөн –
Профессор, аалым болуп жүрбөӊүз...

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 02 Сентябрь 2015 - 10:53

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3731 Пользователь офлайн   Enesai   02 Сентябрь 2015 - 10:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

"Тырнакчага" алганым,
Сенин созун жазганым,
Айтканынды туура таап,
Эжекен болуп калгамын!

Эскертпесем эртерээк,
Жон жаза албас адатын,
Кармата коюп "шоктонуп" ,
Таарынтып мени аласын!

Жездекен кирбейт форумга,
Кызыкпайт мындай "оюнга" ,
Айтышкан ырым айтбаймын,
Жанымда болсо жазбаймын,
Жашырсам дагы жазганым,
Баары бир аны сыйлаймын!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3732 Пользователь офлайн   Enesai   02 Сентябрь 2015 - 11:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Jeka (02 Сентябрь 2015 - 10:52) жазган:

Энесайга

Көптөн бери акын төрдө көрө албай
Луишканы чындыгында сагындым.
Бирок,
Кирген сайын кайрып, кыя өтө албай
Сиздин жазган ыр саптарга багындым.

Айтышууну кайдан окуп, бүткөнсүз?
Акын төргө кирбей кайда жүргөнсүз?
Байкашымча, тил илимин мүлжүгөн –
Профессор, аалым болуп жүрбөӊүз...


Мен жонокой кыргыз аял-ыр жазган,
Жылдыз эмес,озун коргон"асмандан" ,
Акын торду билген болсом кирмекмин,
Ырларымды орттоп салбай илмекмин...

Кетти ырлар-жан адамга айтылбай,
Копко журду-ыр сандыгым ачылбай,
Жаштык кезде мен сырдашчу ырларым-
Калып кеткен-унутулуп жазылбай...

Профессор,аалымдыктан алысмын,
Ыр жыттанган тоолор болот-мекеним,
Журогумдо ырлар эгер жашаса,
Демек чындык,менин акын экеним...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3733 Пользователь офлайн   kaitpas   02 Сентябрь 2015 - 21:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Жообуңуз окуп олтуруп,
Ойлорум онго бөлүндү.
Таанылбай жүргөн эжекем
Сырдуу бир акын көрүндү.
Келгениңиз эң жакшы
Аралап айыл төрүмдү.
Бир тууган эжем деп туруп
Басайын "оригинал" мөөрүмдү)))

Форумдан эже арттырып,
Пейлиңиз калдым жактырып.
Иним деп кээде турсаңыз
Кубанам күлүп-каткырып.
Шоктоном кээде эркелеп
Коюңуз көңүлгө баткырып.
Кечеси деле форумга
Жездекемдин жогунда
Коюңуз бир көз чаптырып.
Астына салып матрасын
Жылуу ороп жаткырып.

Суроолор келет башыма,
Кызыгып эжем жашына.
Канчага толду экен деп
Сурагым келди шашыла.
Анан да кайсыл жерлигин
Айтса экен деп ашыга.
Качан салган келиндик
Жоолугун ороп башыга.

Айткыңыз келсе айтыңыз,
Келбесе сөздөн кайтыңыз.
Виртуал деген жери бар
Мындайга толо сайтыбыз.

Анда мен күтүп турайын
"Поворотто рульду"бурайын.
Эжекем келип жооптосо
Калганын анан сурайын.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3734 Пользователь офлайн   Enesai   03 Сентябрь 2015 - 08:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Кайтпас иниме:

"Бир тууган"деген созунду,
Окудум-журок жылыды!
Иниме тапкан форумдан,
Арнайын мен да ырымды.

Пейилим жумшак,танбаймын,
Оорута конул албаймын...
Катылып мага койгондун-
Катыгын бербей калбаймын!

"Шоктонсон" кээде эркелеп,
"Урушуп" коём эртелеп,
Эжендин тилин албасан-
Тургузам "бурчка" жетелеп!

Уулдарга берип-тарбия,
Топтогом кыйла тажрыйба,
Уч тентекти баштаган-
Сага да жетем,шашпагын!

Тилимди албай шоктонуп,
Ачуума тийсе жээндерин-
Катарга тизип коёмун-
Кой-айын укпай жездендин!

Башынан "баштап" алайын,
Сендей "тентек" инимди-
"Музоо" кезден "сузойун" -
Алып жур-менин тилимди!

Жашымды менин сурасан-
Он койнок мурда жыртканмын,
Сен торолгон мезгилде-
Он бир жашка чыкканмын.

Туулган жерим сурасан-
Кара-Кулжа-мекеним!
Ырымдан сага сезилээр-
Тоолук кыргыз экеним!

Нааразы болсон жообума-
Эки апта мурда форумда-
Интервью берип келгенмин,
Жоопторду тактап бергенмин.
Бир жума конок кылышкан,
Окуурсун барып-кызыксан!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3735 Пользователь офлайн   kaitpas   03 Сентябрь 2015 - 11:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Ырдаса эжем эртелеп,
"Жабышкым" келди эркелеп.
Ини болуу бул бир "шанс"
Өмүрдө мага бир келет)))

Өстүргөн сизди энеңиз,
Суп-сулуу пери белеңиз?
Эжелер болсо сак-аман
Шоктонуп,ойноп келебиз.
Тентектик кылсам унутуп
Укмакка даяр жемеңиз.
Эркелик деген жери бар
Кылмышым шашпай ченеңиз.
Үч бала багып тойдурган
Сак аман болсун немеңиз.....
Он көйнөк мурда кийинген
Оорубай жүрсүн денеңиз)))))
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3736 Пользователь офлайн   Jeka   03 Сентябрь 2015 - 12:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Энесайга - Енисейлик тил менен
(Эреже бузсам - кечирип койгула. Эксперимент. )

Хоть вы “простая женщина из села”
А вот рифма ваша с ума меня свела
Также говорите, что вы - не профессор
А я бы присвоил это звание - наперекор

Да ладно уж, все это – формальности
У вас стихи - нужной “тональности”!
Так держать Энесай, до скончания века -
Желает вам “простой сельский мужчина” - Jeka!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 03 Сентябрь 2015 - 12:13

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3737 Пользователь офлайн   Enesai   03 Сентябрь 2015 - 12:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Тентек Кайтпас иниме:

Мин жазсам деле"жемелеп"
Укпайсын иним"эжелеп" ,
Женилип эле берсемби?
Тынч эле,уйго кетсемби...

Тургузсам" бурчка"турбайсын,
Баары бир мени укпайсын-
Акырын "чымчып" соз менен,
Эженди,иним, "сыйлайсын" .

Иним менен айтышбай,
"Жыгылып" эле берейин,
Атаандаш болбой айтышта-
Эжекен болуп келейин.

Инимен отпойм-жол бердим,
Бир тууган болдум-кол бердим,
"Ашыкча" созун жазгыча-
Дагы бир"чымчып" алгыча-
"Момпосуй" берип алдайын,
Эркерээк эле ашыкча-
"Жинине" тийип албайын!...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3738 Пользователь офлайн   Enesai   03 Сентябрь 2015 - 12:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения Jeka (03 Сентябрь 2015 - 12:11) жазган:

Энесайга - Енисейлик тил менен
(Эреже бузсам - кечирип койгула. Эксперимент. )

Хоть вы “простая женщина из села”
А вот рифма ваша с ума меня свела
Также говорите, что вы - не профессор
А я бы присвоил это звание - наперекор

Да ладно уж, все это – формальности
У вас стихи - нужной “тональности”!
Так держать Энесай, до скончания века -
Желает вам “простой сельский мужчина” - Jeka!


Бали,агай,орусча да жазып,
Шерлоктун адатына салып-
Ыр саптарын мага арнап келгенсиз го,
Орусчамды текшерейин дегенсиз го?...

Жазып кордум-орусча окшошподу,
Чачылып создор кетти-тогошподу,
Рахматым-кыргызча эле айтайынчы,
Ырымды биздин тилде жазайынчы...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3739 Пользователь офлайн   Jeka   03 Сентябрь 2015 - 14:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

For Enesai - on English
(Дагы бир жолу кечирим сурайм. Эксперимент- II)

You - "a simple woman from the village"
But, your poetry is a grand and very large
Also you told – “I'am not a professor”
But it must be, and it will be a furore

Come on, come on - all this formally
Your poems - are the best and tonally
So keep Enesai - until the end of the time.
I wish to you the poetry - the best and fine!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 03 Сентябрь 2015 - 14:32

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3740 Пользователь офлайн   Барс   03 Сентябрь 2015 - 20:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Туй, атаа, Жека,
Ты-энциклопедическая библиотека!
Пишешь стихов кыргызча, на русском, и даже in English,
Это еще от твоих өнөрово чети да.... :)

Эй, бул да просто эксперимент! !!!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 04 Сентябрь 2015 - 06:22

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 185
  • 186
  • 187
  • 188
  • 189
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 18 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 18, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Авг 2025 04:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: