Оо ,Жека досум азамат
Ырдаса тилден чан чыгат
Комузун чертсе берилип
Уну бийик шан чыгат
Бир да созду кетирбей
Бутага таамай аттырат
Жека дос менен кармашсан
Кармаган жерден кан чыгат.....
Аялына кыйкырбайт
Мас болуп уйун чуу кылбайт
Тартип бузса балдары
Жини келип булкунбайт.
....
Ушул доско там бердим
Урмат-сыйды"
ям" бердим
Аш басса да ар жума
Мырза деген наам бердим....
50 пайыз жартылай
Озунду тартсам айныбай
Келечегим кен болоор
Колдосо мени бир кудай....
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#382 27 Апрель 2009 - 22:29
Романтика менен лириканы аралаштырып.
..анан айтыш ыкмасына айкалыштырып.
..ырдап турган жерим:
Эшикте жамгыр себелейт
Тыншап корчу эмне дейт?
Дарактар да, жер бети
Тамчыларга эркелейт....
Тазартып жерди,асманды
Суу менен жууп жаткансыйт
Конулго жагып тамчылар
Журокту кошо жуугансыйт. ......
Жаз гулундой жайнаган
Форумда озу кыздар коп
Коп кыздардын ичинен
Жактырганым кок койнок
Коруно калса капыстан
Жалындап журок орттонот..... .
Кок койнок кийсен буралып
Конулум сага болунот
Коксогонун тапкансып
Жандунуйом суйунот.....
Кыскача айтсам жашырбай
Озу колдун аккуусу
Апасына жардамчы
Кыздарынын улуусу......
Балконго чыгат кечинде
Кок койногу желбиреп
Алыстан эле корсом да
Эт-журогум эзилет.....
Темир кийим кийсем да
Махабат дартка чалдыктым
Акырын суйлоп,абайлап
Соз айтуудан айбыктым.....
Сулуумду аран тапканда
"Чалы" келди бир замат
Эскертуу берип кызганып
Тийишпе деп жакалап....
"чалы" бар кызды суйду деп
Баары мага тан калат
Суйуумдон эми кайтпаймын
Башталса да алаамат....
Айыпсыз сезимим учун
Чымындай жаным аманат......
Эшикте жамгыр себелейт
Тыншап корчу эмне дейт?
Дарактар да, жер бети
Тамчыларга эркелейт....
Тазартып жерди,асманды
Суу менен жууп жаткансыйт
Конулго жагып тамчылар
Журокту кошо жуугансыйт. ......
Жаз гулундой жайнаган
Форумда озу кыздар коп
Коп кыздардын ичинен
Жактырганым кок койнок
Коруно калса капыстан
Жалындап журок орттонот..... .
Кок койнок кийсен буралып
Конулум сага болунот
Коксогонун тапкансып
Жандунуйом суйунот.....
Кыскача айтсам жашырбай
Озу колдун аккуусу
Апасына жардамчы
Кыздарынын улуусу......
Балконго чыгат кечинде
Кок койногу желбиреп
Алыстан эле корсом да
Эт-журогум эзилет.....
Темир кийим кийсем да
Махабат дартка чалдыктым
Акырын суйлоп,абайлап
Соз айтуудан айбыктым.....
Сулуумду аран тапканда
"Чалы" келди бир замат
Эскертуу берип кызганып
Тийишпе деп жакалап....
"чалы" бар кызды суйду деп
Баары мага тан калат
Суйуумдон эми кайтпаймын
Башталса да алаамат....
Айыпсыз сезимим учун
Чымындай жаным аманат......
#383 27 Апрель 2009 - 22:43
Кээ күнү жамгыр шатырап,
Кээ күнү күн ачылат.
Эки күн катар күн жааса,
Адамдар неге басынат?
Ачылган күнү эшикте
жаз жаадырайт көрктө нүп.
Өрүк гүлү ак жалын,
Жаткансыйт аппак өрттөнү п.
Гүлүн төксө өрүктө р,
Алма гүлү ачылды,
Айланага көрк берип.
Бар экен го чиркин ой,
Табияттын эсеби.
Келген окшойт кыязы,
Кызгалдактын кезеги.
Талаа кызыл, кыр кызыл,
Кыпкызыл туш тарабың.
Кызыл болуп көрүнө т,
Жер түгүл бүт ааламың.
Көркүнө көрк кошулуп,
Көркүнө чыкты жер эми.
Жүдөп мында отурба,
Жүр кызгалдак терели!
Ашыгыңа гүл бер да,
Ал бүгүн чечип түйүндү :
Акырын беттен сүй дагы,
Айтып ал аппак сүйүү ңдү.
...Деп коюп гана жаштарга
Ушундай жаргал убакта,
Эс алып жатсам чубакта.
Түз эле жетти кулакка.
Күздө болчу Жеканын,
Той болот деген имиши.
Бологондо да болот дейт
Үйлөнү ү тойдун күмүшү .
Чакырсам дептир келгиле,
Күздөгү ошол тоюма...
Ушуну кулак уккан соң,
Мына бул келди оюма:
Форумчуларды чакырсаң ,
Үйүң ө эмес Жекабай,
Корооңо конок толот го..
Дал ошол күнү акындар,
Комуздарын күүлө шүп,
Бирин-бири “ийлешип”,
Карап турган калың эле,
Аларды сүрөп: “Ии!”-дешип,
Вайс тилеген онлайн,
Ошол жерде болот го!
Күмүш тоюң жөн эле,
Айланат анда жомокко!! !
Ушул айткан сөздөрү м
Болсо эгер орундуу.
Баарысын эле чакыргын
Супердеги форумду.
Бул форумду билесиң,
Бул форумда баары бар:
Жашы да бар, кары бар,
Токтоосу бар, шары бар.
Зыкымы бар, марты бар,
Айкөлү көп, бирок да,
Кичине ичи тары бар...
Акыны бар, чечен бар,
Андайлардан нечен бар.
Адамдар бар таанымал...
Мен окшогон жөнү бар
Капчыктуулар дагы бар.
Тойго кошот кошумча,
Ыңгайы келип турганда,
Ошолордон алып кал!!!
Колунан көөр төгүлгө н
Устасы бар, узу бар.
Келберисип баскан башкача
Кебездей болуп таптаза
Келишип турган мактаса,
Келини бар, кызы бар...
Көркүн ачып тоюңдун
Кызыта турган ушулар!
Кана эмес, Жекабай,
Алаканың жай дагы,
Көтөргү нүң билекти.
Ошол тойго жеткирип,
Кудайым берсин тилекти.
Токтотпосун ылайым
Согуп турган жүрөктү .
Эртең эле күз келет,
Ай өттү да, күн өттү.
Ыраа көрсүн баарыга,
Көрүү нү ошол мүнөттү.
Ооми-инь!
Кээ күнү күн ачылат.
Эки күн катар күн жааса,
Адамдар неге басынат?
Ачылган күнү эшикте
жаз жаадырайт көрктө нүп.
Өрүк гүлү ак жалын,
Жаткансыйт аппак өрттөнү п.
Гүлүн төксө өрүктө р,
Алма гүлү ачылды,
Айланага көрк берип.
Бар экен го чиркин ой,
Табияттын эсеби.
Келген окшойт кыязы,
Кызгалдактын кезеги.
Талаа кызыл, кыр кызыл,
Кыпкызыл туш тарабың.
Кызыл болуп көрүнө т,
Жер түгүл бүт ааламың.
Көркүнө көрк кошулуп,
Көркүнө чыкты жер эми.
Жүдөп мында отурба,
Жүр кызгалдак терели!
Ашыгыңа гүл бер да,
Ал бүгүн чечип түйүндү :
Акырын беттен сүй дагы,
Айтып ал аппак сүйүү ңдү.
...Деп коюп гана жаштарга
Ушундай жаргал убакта,
Эс алып жатсам чубакта.
Түз эле жетти кулакка.
Күздө болчу Жеканын,
Той болот деген имиши.
Бологондо да болот дейт
Үйлөнү ү тойдун күмүшү .
Чакырсам дептир келгиле,
Күздөгү ошол тоюма...
Ушуну кулак уккан соң,
Мына бул келди оюма:
Форумчуларды чакырсаң ,
Үйүң ө эмес Жекабай,
Корооңо конок толот го..
Дал ошол күнү акындар,
Комуздарын күүлө шүп,
Бирин-бири “ийлешип”,
Карап турган калың эле,
Аларды сүрөп: “Ии!”-дешип,
Вайс тилеген онлайн,
Ошол жерде болот го!
Күмүш тоюң жөн эле,
Айланат анда жомокко!! !
Ушул айткан сөздөрү м
Болсо эгер орундуу.
Баарысын эле чакыргын
Супердеги форумду.
Бул форумду билесиң,
Бул форумда баары бар:
Жашы да бар, кары бар,
Токтоосу бар, шары бар.
Зыкымы бар, марты бар,
Айкөлү көп, бирок да,
Кичине ичи тары бар...
Акыны бар, чечен бар,
Андайлардан нечен бар.
Адамдар бар таанымал...
Мен окшогон жөнү бар
Капчыктуулар дагы бар.
Тойго кошот кошумча,
Ыңгайы келип турганда,
Ошолордон алып кал!!!
Колунан көөр төгүлгө н
Устасы бар, узу бар.
Келберисип баскан башкача
Кебездей болуп таптаза
Келишип турган мактаса,
Келини бар, кызы бар...
Көркүн ачып тоюңдун
Кызыта турган ушулар!
Кана эмес, Жекабай,
Алаканың жай дагы,
Көтөргү нүң билекти.
Ошол тойго жеткирип,
Кудайым берсин тилекти.
Токтотпосун ылайым
Согуп турган жүрөктү .
Эртең эле күз келет,
Ай өттү да, күн өттү.
Ыраа көрсүн баарыга,
Көрүү нү ошол мүнөттү.
Ооми-инь!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#384 27 Апрель 2009 - 23:21
Жекага арнап ыр тандап,
Келтире албай тыртаңдап,
жазып бүтүп ырымды,
илгени чыксам форумга.
Мен илем деген орунга
СССР ырын илиптир...
Илгенин абдан жакшы да,
менин келерим кайдан билиптир.
Бук болуп калган азамат,
Үстү-ү стүнө жазыптыр.
Бирин коюп, да бирин
кыркалкей асыптыр.
Коркуп калган өңдө нөт,
калбайын кирбей дагы деп,
Аябай эле шашыптыр.
Айрыкча укмуш жазылган,
Көк көйнөк кызга ашыктык ыр.
Сүйүсү анын батпстан,
Жүрөктө н ашып-ташыптыр.
Жасап жаткан ишимди,
Таштап эле салсам бейм.
Көк көйнөк кызга СССР
Сен үчүн
жуучу болуп барсам бейм.
Мен жеткенче Бишкекке
Чегине жетип кетет ээ,
Чыдамсыздык мөөнө түң.
Андай болсо бир жол бар:
Агам болот деп жүрөсү ң,
Эртерээк бүтөт жакшы иш
Еретикти жөнөткү н!!!
Келтире албай тыртаңдап,
жазып бүтүп ырымды,
илгени чыксам форумга.
Мен илем деген орунга
СССР ырын илиптир...
Илгенин абдан жакшы да,
менин келерим кайдан билиптир.
Бук болуп калган азамат,
Үстү-ү стүнө жазыптыр.
Бирин коюп, да бирин
кыркалкей асыптыр.
Коркуп калган өңдө нөт,
калбайын кирбей дагы деп,
Аябай эле шашыптыр.
Айрыкча укмуш жазылган,
Көк көйнөк кызга ашыктык ыр.
Сүйүсү анын батпстан,
Жүрөктө н ашып-ташыптыр.
Жасап жаткан ишимди,
Таштап эле салсам бейм.
Көк көйнөк кызга СССР
Сен үчүн
жуучу болуп барсам бейм.
Мен жеткенче Бишкекке
Чегине жетип кетет ээ,
Чыдамсыздык мөөнө түң.
Андай болсо бир жол бар:
Агам болот деп жүрөсү ң,
Эртерээк бүтөт жакшы иш
Еретикти жөнөткү н!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#385 27 Апрель 2009 - 23:49
Жардамын менден аябас
Даанышман агам болот Барс
Барс киришсе кылам деп
Баш тартканым жарабас....
Еретик менен сиз барсыз
Жека да турат жанымда
Силер колдоп турсанар
Анда мен жыргап калдым да....
Кок койнок кыз менимче
Балдыз экен Барсыма
Барсым жуучу болом дейт
Шыпаа болуп бактыма.....
Калк ичинде бир соз бар
Кыйын кыздар колдук дейт
Колдон келин алгандар
Эми даана олдук дейт.....
Эми ушул кеп-создун
Канчалык бар чындыгы?
Сизге кандай жакты эле
Ысык-Колдун бир кызы?
Реалда менин авамсыз
Форумдан тапкан "жездемсиз"
Жуучу болуш жагынан
Иш бутпойт го дейм женемсиз....
Андан коро женемди
Торкунуно жонотун
Кок койнок кийген сулууга
Салып келсин сойкосун.....
Даанышман агам болот Барс
Барс киришсе кылам деп
Баш тартканым жарабас....
Еретик менен сиз барсыз
Жека да турат жанымда
Силер колдоп турсанар
Анда мен жыргап калдым да....
Кок койнок кыз менимче
Балдыз экен Барсыма
Барсым жуучу болом дейт
Шыпаа болуп бактыма.....
Калк ичинде бир соз бар
Кыйын кыздар колдук дейт
Колдон келин алгандар
Эми даана олдук дейт.....
Эми ушул кеп-создун
Канчалык бар чындыгы?
Сизге кандай жакты эле
Ысык-Колдун бир кызы?
Реалда менин авамсыз
Форумдан тапкан "жездемсиз"
Жуучу болуш жагынан
Иш бутпойт го дейм женемсиз....
Андан коро женемди
Торкунуно жонотун
Кок койнок кийген сулууга
Салып келсин сойкосун.....
#386 28 Апрель 2009 - 07:39
Олдо СССРиң түшкүр кызыксың
,
Үйлөнө мүн көлдөн деп,
Айтышты эми кызыттың .
Бирок, чоочугансып элеңдеп,
Кандай күндү көрөм деп,
Эл айтат экен өлөм деп
Корккондугу кызык бу.
Үйлөнгө ндөр көлдөн көп,
Мен билгенден, СССР,
Андан али өлгөн жок.
Жөн эле айтып койгондур,
Отурган бирөө оозу шок.
Бар эмеспи адамда,
Сүйгөнү н дайым кызгануу,
Жакшы көргөн бир кыз же
Айтса айтып койгондур,
өзүң дү мындан бузганы...
“Төркү нү жакын келиндин,
Төшөгү жөндүү жыйылбайт.”
Атамкына кеттим деп,
Аягы такыр тыйылбайт.
Үй-бүлө болуп алган соң,
Ушак-айың сөз кетет.
Айылыңдан алсаң аялды,
Андай сөздөр тез жетет.
Андайдын бетин нары кыл!
Анткени менен баары бир,
Араңарга жик түшүп,
Ажырашууну тездетет.
Анан бөлөк балдарга
Айтар кеңеш айтар кеп:
Айлыңдан сүйсөң айла жок,
Айтпаймын аны алба деп.
Төшөгү н өзүң жыясың,
Жолукканга барба деп.
Жакшы чыкса ал жакшы,
Үйлөнө бер, ошого
“Ыйманын бер,Алла!” деп.
Чынында көлдүн кыздары,
Кыйындыгы кыйын да.
Боздодотуп салат кишини,
Сен айткандай ырыңда,
Ыр эмес, анын арман “ыйың” да.
“Келин алсак көлдөн- дегени.
Өлдүк- деп кайгы жегени,
Зыяны тиет тыйынга...
Жол кире деген көп кетет,
Белек-бечкек деп кетет.
Зыкым болсоң кокустан,
Кыйналасың чынында...
(Эгерде болсоң Ноокаттан,
Кемчилдик жоктур оокаттан?)
Сен айткан соң макулмун,
Жеңеңди мейли жиберем.
Билбеймин муну эптейби?
Эптешинде кеп жок го,
Андан такыр шек жок го,
Бирок, даана көлдүктө р,
Тил табышып кетпейби?
Ушул жагын ойлонуп,
Мына ушул жагын эстейли.
Жеңеңди анда жиберсем,
“Риск” бир аз чоңбу дейм.
Ошондуктан, мындайга,
өзүң дөн эле бирөөнү
Жөнөткө нүң оңбу дейм!?
Үйлөнө мүн көлдөн деп,
Айтышты эми кызыттың .
Бирок, чоочугансып элеңдеп,
Кандай күндү көрөм деп,
Эл айтат экен өлөм деп
Корккондугу кызык бу.
Үйлөнгө ндөр көлдөн көп,
Мен билгенден, СССР,
Андан али өлгөн жок.
Жөн эле айтып койгондур,
Отурган бирөө оозу шок.
Бар эмеспи адамда,
Сүйгөнү н дайым кызгануу,
Жакшы көргөн бир кыз же
Айтса айтып койгондур,
өзүң дү мындан бузганы...
“Төркү нү жакын келиндин,
Төшөгү жөндүү жыйылбайт.”
Атамкына кеттим деп,
Аягы такыр тыйылбайт.
Үй-бүлө болуп алган соң,
Ушак-айың сөз кетет.
Айылыңдан алсаң аялды,
Андай сөздөр тез жетет.
Андайдын бетин нары кыл!
Анткени менен баары бир,
Араңарга жик түшүп,
Ажырашууну тездетет.
Анан бөлөк балдарга
Айтар кеңеш айтар кеп:
Айлыңдан сүйсөң айла жок,
Айтпаймын аны алба деп.
Төшөгү н өзүң жыясың,
Жолукканга барба деп.
Жакшы чыкса ал жакшы,
Үйлөнө бер, ошого
“Ыйманын бер,Алла!” деп.
Чынында көлдүн кыздары,
Кыйындыгы кыйын да.
Боздодотуп салат кишини,
Сен айткандай ырыңда,
Ыр эмес, анын арман “ыйың” да.
“Келин алсак көлдөн- дегени.
Өлдүк- деп кайгы жегени,
Зыяны тиет тыйынга...
Жол кире деген көп кетет,
Белек-бечкек деп кетет.
Зыкым болсоң кокустан,
Кыйналасың чынында...
(Эгерде болсоң Ноокаттан,
Кемчилдик жоктур оокаттан?)
Сен айткан соң макулмун,
Жеңеңди мейли жиберем.
Билбеймин муну эптейби?
Эптешинде кеп жок го,
Андан такыр шек жок го,
Бирок, даана көлдүктө р,
Тил табышып кетпейби?
Ушул жагын ойлонуп,
Мына ушул жагын эстейли.
Жеңеңди анда жиберсем,
“Риск” бир аз чоңбу дейм.
Ошондуктан, мындайга,
өзүң дөн эле бирөөнү
Жөнөткө нүң оңбу дейм!?
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#387 28 Апрель 2009 - 09:48
Ассолому алейкум
Барсым аман-эсенсин?
Тан атпай туруп эрикпей
Жообунду жазган экенсин....
Жон отурбай шоктонуп
Баштадым мына улпот той
Акындар айтыш темасы
Кызып кетсин деген ой.....
Карынын созун капка сал
Деген соз бар элимде
Айткан сенин акылын
Куюлду мээнин ичине.....
Кайын журтум колдук деп
Оголе коп мактадын
Сезилип турат женемдин
Таасири болуп жатканы.....
Турмушка чыккан кыздарды
Чийинден сырт деп коет
Торкун жагын унутуп
Кайын журтка дит коет....
Байбичен барса кол жакка
Табышып кетет дединби?
Кой анда,кокуй жонотпо
Суйлошпойт женен келинди....
Санаам санга болунот
Оюм онго болунот
Байбичен ошол чийинден
Чыга электей корунот.....
Барсым аман-эсенсин?
Тан атпай туруп эрикпей
Жообунду жазган экенсин....
Жон отурбай шоктонуп
Баштадым мына улпот той
Акындар айтыш темасы
Кызып кетсин деген ой.....
Карынын созун капка сал
Деген соз бар элимде
Айткан сенин акылын
Куюлду мээнин ичине.....
Кайын журтум колдук деп
Оголе коп мактадын
Сезилип турат женемдин
Таасири болуп жатканы.....
Турмушка чыккан кыздарды
Чийинден сырт деп коет
Торкун жагын унутуп
Кайын журтка дит коет....
Байбичен барса кол жакка
Табышып кетет дединби?
Кой анда,кокуй жонотпо
Суйлошпойт женен келинди....
Санаам санга болунот
Оюм онго болунот
Байбичен ошол чийинден
Чыга электей корунот.....
#388 28 Апрель 2009 - 11:02
Кандай сонун ааа кызып баратабы акындар
Ээртелеп туруп карасам
Тогуп жаткан жамгырлар
Тып тып этип журоко
Кирип келди карасам
Кийин эле бул тарап
Кирип келип окусам
СССР менен Барсыда
Сонун создор жазыптыр
Козум узбой тиктелеп
Окуп чыктым иймелеп
Кулку келип жузумо
Кубанып кеттим озумчо
СССР байке суйуптур
Кок койнокчон бир кызды
Балконго чыгып караган
Жигитти озуно арбалткан
Сулуу окшойт жайнаган.
Романтика лирика
Ырларыны арнаган
Менден сунуш садага
Балкондо турса сулуунуз
Пас жакта туруп гул сунунуз
Шляпадан башка кийип
Жалтур жултур кийим кийип
Серенада ырын сунунуз.
Купунуга жеткидей
Кыйкырып ырдап турунуз
Жуучу жиберип уйуно
Шашкалактык кылып койбонуз
Жаз айында жетелеп
Суйуу жолун жолдонуз
Жашыл чоптун жанында
Байчечекей кызгалдак
Гул ондонгон журоктой
Суйуу жашоо курунуз
Кыскасы кыздын конулун
Туп тубудон орногуз
Мына мындай кундон кийин
Кудаа жолун жолдонуз
Барс байкени ошондо
Даанышман кылып колдонуз
Той болуп бакыт коштосо
Бизди унутуп койбонуз.
Ээртелеп туруп карасам
Тогуп жаткан жамгырлар
Тып тып этип журоко
Кирип келди карасам
Кийин эле бул тарап
Кирип келип окусам
СССР менен Барсыда
Сонун создор жазыптыр
Козум узбой тиктелеп
Окуп чыктым иймелеп
Кулку келип жузумо
Кубанып кеттим озумчо
СССР байке суйуптур
Кок койнокчон бир кызды
Балконго чыгып караган
Жигитти озуно арбалткан
Сулуу окшойт жайнаган.
Романтика лирика
Ырларыны арнаган
Менден сунуш садага
Балкондо турса сулуунуз
Пас жакта туруп гул сунунуз
Шляпадан башка кийип
Жалтур жултур кийим кийип
Серенада ырын сунунуз.
Купунуга жеткидей
Кыйкырып ырдап турунуз
Жуучу жиберип уйуно
Шашкалактык кылып койбонуз
Жаз айында жетелеп
Суйуу жолун жолдонуз
Жашыл чоптун жанында
Байчечекей кызгалдак
Гул ондонгон журоктой
Суйуу жашоо курунуз
Кыскасы кыздын конулун
Туп тубудон орногуз
Мына мындай кундон кийин
Кудаа жолун жолдонуз
Барс байкени ошондо
Даанышман кылып колдонуз
Той болуп бакыт коштосо
Бизди унутуп койбонуз.
#389 28 Апрель 2009 - 14:53
Салам айтам жалпына,
Таазим кылып салтына,
Акындардын айтышы,
Аргымактар жарышы,
Кыйындардын айтышы,
Кулуктордун жарышы
Айтыштардын жакшысы
Артып келет арышы,
Жон гана болуп куйорман,
Катышпайм деп ойлодум,
Ойлогонум болбоду,
Айтпаганга койбоду
Айтышынар арбады
Арбаганы калбады
Барс акем менен ССР
Кочтун келет башында
Жазгандары жаз улап
Конулдорду жаз кылат
Архидея сулуу кыз
Катардан калбайт, талпынат
Жека менен Лимондун
Ырларында сырдуулук,
Чымчылаган саптар бар,
Бир аз анан чырдуулук
Лимон менен Архидей
Ортосунда жылуулук,
Жылуулуктун илеби
Ырларына корк кошуп,
Тартуулаган сулуулук
Акыркы айткан ырында
СССр жигит кеп айтат
Кеп айтканда деп айтат
Кок койнокчон селкини
Конулум суйду деп айтат
Конулунуз суйгон кыз
Коптордун козун кызарткан
Колдун сузгон аккуусу
Коптору ага дит багып
Айта албаган арзуусун
Сырдаш курбум ал болот
Кыргыздын улуу салтында,
Кызга жагуу учун жигит,
Алгач курбуларына
Белеги менен барчу эле
Алардын конулун жакшылап алчу эле,
Анан гана
Кайын журтка аксакалдарды салчу эле.
Бу сиз адегенеде эле,
Барс акемди дегдетип,
Женем менен бирге
Колго жонотмой болупсуз,
Бизге окшогон жан курбуларын
Унутуп гана коюпсуз
Биз сулуубузду
колокодо бакканбыз,
Кокулуно коз мончок такканбыз
Биз курбубузду
шоколад менен бакканбыз,
Сизди дегдеткен кок койногуно
Шуруну
Оз колубуз менен такканбыз.
Болсо сулуу Коксулуу
Болгон чыгаар курбумча,
Болсо айтылуу Алымкан
Болгон чыгаар ушунча,
Курбумдун актыгына ат келет,
Аны билген мырзалар
Белегин аянбай эле коп берер,
Курбумдун жакшылыгына жакут келет,
Жар кылам деген жигиттер,
Аны айттырбай эле бир билер.
Солкулдаган курбумдун
Суктандырган сымбаты
Сыны да жана сыры да
Сонундугун билинер,
СССр жигит кулак сал,
Жакшылап гана угуп ал,
Алгач курбуларына,
Алдыбызга келиниз,
Айтканыбызды аткарып бериниз,
Анан бирге болоор кебибиз,
Буга эмне дединиз?!
Таазим кылып салтына,
Акындардын айтышы,
Аргымактар жарышы,
Кыйындардын айтышы,
Кулуктордун жарышы
Айтыштардын жакшысы
Артып келет арышы,
Жон гана болуп куйорман,
Катышпайм деп ойлодум,
Ойлогонум болбоду,
Айтпаганга койбоду
Айтышынар арбады
Арбаганы калбады
Барс акем менен ССР
Кочтун келет башында
Жазгандары жаз улап
Конулдорду жаз кылат
Архидея сулуу кыз
Катардан калбайт, талпынат
Жека менен Лимондун
Ырларында сырдуулук,
Чымчылаган саптар бар,
Бир аз анан чырдуулук
Лимон менен Архидей
Ортосунда жылуулук,
Жылуулуктун илеби
Ырларына корк кошуп,
Тартуулаган сулуулук
Акыркы айткан ырында
СССр жигит кеп айтат
Кеп айтканда деп айтат
Кок койнокчон селкини
Конулум суйду деп айтат
Конулунуз суйгон кыз
Коптордун козун кызарткан
Колдун сузгон аккуусу
Коптору ага дит багып
Айта албаган арзуусун
Сырдаш курбум ал болот
Кыргыздын улуу салтында,
Кызга жагуу учун жигит,
Алгач курбуларына
Белеги менен барчу эле
Алардын конулун жакшылап алчу эле,
Анан гана
Кайын журтка аксакалдарды салчу эле.
Бу сиз адегенеде эле,
Барс акемди дегдетип,
Женем менен бирге
Колго жонотмой болупсуз,
Бизге окшогон жан курбуларын
Унутуп гана коюпсуз
Биз сулуубузду
колокодо бакканбыз,
Кокулуно коз мончок такканбыз
Биз курбубузду
шоколад менен бакканбыз,
Сизди дегдеткен кок койногуно
Шуруну
Оз колубуз менен такканбыз.
Болсо сулуу Коксулуу
Болгон чыгаар курбумча,
Болсо айтылуу Алымкан
Болгон чыгаар ушунча,
Курбумдун актыгына ат келет,
Аны билген мырзалар
Белегин аянбай эле коп берер,
Курбумдун жакшылыгына жакут келет,
Жар кылам деген жигиттер,
Аны айттырбай эле бир билер.
Солкулдаган курбумдун
Суктандырган сымбаты
Сыны да жана сыры да
Сонундугун билинер,
СССр жигит кулак сал,
Жакшылап гана угуп ал,
Алгач курбуларына,
Алдыбызга келиниз,
Айтканыбызды аткарып бериниз,
Анан бирге болоор кебибиз,
Буга эмне дединиз?!
#390 28 Апрель 2009 - 16:12
Кыздардын акыны бул жакта турбайбы
Анда айтам Арууга
Айтышка бирге барууга
Биринчи айтам саламым
Андан кийин соз камым
Куш келипсиз сулуу кыз
Кандай шамал учурду
Жамгыр жаап жатканы
Бекер эмес деп койдум
Шамал болуп жатканын.
Сезилген экен
Мында келе жатканын
Айтышка кадам таштапсын
Салтына кошо баш ийип
Ырларын кошо таштапсын
Жалпы акын досторду
Жазгандарын сындапсын
Кимиси эмне деп жатканын
Оной эле байкапсын
Деги эмне болгонун
Башынан атап айттыныз
Кок койнокчон сулуу кыз
Курбунуз болот арзуу кыз
Боорум ооруйт байкеме
Суйуп калган жездеге
Олду колдун жери эмес
Эли жери баары эмес
Курбу кыздын озу эле
Тырыштырды жон эле
Мындай суйуу жолунда
СССР байке
Куруп калат озу эле
Арзуу кыздын арзуу эле
Белек талап кылды эле
Окуп алып байкеме
Боорум ооруп кетти эле
Бирок созун кучтуу эле
Тандап тандап суйгону
Кымбат тушту чын эле
Суйуу кучтуу дегени
Суйуу кымбат дегени
Бешене шору дегени
Мына ушул экен
Кудайымдын бергени
Анда айтам Арууга
Айтышка бирге барууга
Биринчи айтам саламым
Андан кийин соз камым
Куш келипсиз сулуу кыз
Кандай шамал учурду
Жамгыр жаап жатканы
Бекер эмес деп койдум
Шамал болуп жатканын.
Сезилген экен
Мында келе жатканын
Айтышка кадам таштапсын
Салтына кошо баш ийип
Ырларын кошо таштапсын
Жалпы акын досторду
Жазгандарын сындапсын
Кимиси эмне деп жатканын
Оной эле байкапсын
Деги эмне болгонун
Башынан атап айттыныз
Кок койнокчон сулуу кыз
Курбунуз болот арзуу кыз
Боорум ооруйт байкеме
Суйуп калган жездеге
Олду колдун жери эмес
Эли жери баары эмес
Курбу кыздын озу эле
Тырыштырды жон эле
Мындай суйуу жолунда
СССР байке
Куруп калат озу эле
Арзуу кыздын арзуу эле
Белек талап кылды эле
Окуп алып байкеме
Боорум ооруп кетти эле
Бирок созун кучтуу эле
Тандап тандап суйгону
Кымбат тушту чын эле
Суйуу кучтуу дегени
Суйуу кымбат дегени
Бешене шору дегени
Мына ушул экен
Кудайымдын бергени
#391 28 Апрель 2009 - 17:36
Барс байкеми кол коштоп турган жерим,жакшы коромун да ушул байкеми
Ананайын Барс байкем
Журогу жаш шок байкем
Карындашым шок кыз деп
Озу шоктонуп бараткан
Сонун саптар жараткан
Онлайында айтышып
Жомок кылып бараткан
Ким жазса да калышпай
Ар ким менен айтышкан
Азаматсын агажан
Быйтык койуп артынан
Колун чайпап ар жактан
Оюн кулкуну жактырган
Тилин корсотуп капыстан
Форумду баарын чакырган
Азаматсыз ай балбан
Жактырам сизди агажан
Сындасан сынын жагат
Ырдасан ырын жагат
Карылар да суйушот
Карылар да обушот
Деген созун кулдурот
Кандай инсан экенин
Мени абдан куйдурот
Коруп калсам жузунду
Эстеймин ушул созунду
Балдыз болуп сулууга
Барыныз куда жолуна
СССР байке суранса
Кол шилтенип койбонда
Авасы болос реалда
Жездеси болос форумда
Кудаа болос виртуалда
Кандай сонун айтыш а
Еретикти жонотуп
Эрчишип бирге жонопсун
Жол кире табын толошуп
Бир кой алып жоношуп
Катуу тойго киришипсин
Баштапсынар ак улпот
Айтышты абдан кызытып
Тойго барсан тойуп бар
Ашка барсан ачка бар
Мына ушундай кундор бар
Ал жагы эми бизге дал
Барс байке кана баштаныз
СССР дин бактысы учун
Конулду койуп таштаныз
Болсон болчу акындай
Токтогул ырчы,токмодой
Толубай сынчы, Саяктай.
Ананайын Барс байкем
Журогу жаш шок байкем
Карындашым шок кыз деп
Озу шоктонуп бараткан
Сонун саптар жараткан
Онлайында айтышып
Жомок кылып бараткан
Ким жазса да калышпай
Ар ким менен айтышкан
Азаматсын агажан
Быйтык койуп артынан
Колун чайпап ар жактан
Оюн кулкуну жактырган
Тилин корсотуп капыстан
Форумду баарын чакырган
Азаматсыз ай балбан
Жактырам сизди агажан
Сындасан сынын жагат
Ырдасан ырын жагат
Карылар да суйушот
Карылар да обушот
Деген созун кулдурот
Кандай инсан экенин
Мени абдан куйдурот
Коруп калсам жузунду
Эстеймин ушул созунду
Балдыз болуп сулууга
Барыныз куда жолуна
СССР байке суранса
Кол шилтенип койбонда
Авасы болос реалда
Жездеси болос форумда
Кудаа болос виртуалда
Кандай сонун айтыш а
Еретикти жонотуп
Эрчишип бирге жонопсун
Жол кире табын толошуп
Бир кой алып жоношуп
Катуу тойго киришипсин
Баштапсынар ак улпот
Айтышты абдан кызытып
Тойго барсан тойуп бар
Ашка барсан ачка бар
Мына ушундай кундор бар
Ал жагы эми бизге дал
Барс байке кана баштаныз
СССР дин бактысы учун
Конулду койуп таштаныз
Болсон болчу акындай
Токтогул ырчы,токмодой
Толубай сынчы, Саяктай.
#392 28 Апрель 2009 - 17:44
Форумчулар, аманбы?
Баарына айтам саламды.
Силерди коруп мен дагы
Колума алдым калемди.
"Акындыкта" сынайм деп
Таштадым алгач кадамды.
Тапталган созду жазгандар,
Такшалып конуп калгандар.
Тизмектеп айткан создору
Тамшантат мени оздору.
Ийгилик каалайм силерге
Ишинер болсун илгери!
Баарына айтам саламды.
Силерди коруп мен дагы
Колума алдым калемди.
"Акындыкта" сынайм деп
Таштадым алгач кадамды.
Тапталган созду жазгандар,
Такшалып конуп калгандар.
Тизмектеп айткан создору
Тамшантат мени оздору.
Ийгилик каалайм силерге
Ишинер болсун илгери!
#393 28 Апрель 2009 - 18:31
Кызык создор бул жакта
Жаткан экен жазылып
Бошой калып жумуштан
Мен да келдим шашылып....... .
Суйуп койсом бир кызды
Кетти го той башталып
Акындардын баарысы
Жуучулукка камданып.....
Ар бириндин озунчо
Ат которгус баркын бар
Силерди ээрчип мен журом
Кандай гана бактым бар......
Жека досум турганда
Бажарабиз баарысын
Барс абакем турганда
Тегиздейбиз баарысын.....
Бул атактуу акындар
Чынар терек шактаган
А биз болсо жаш кочот
Жакын осуп,жандаган
Жуучулукка барышса
Анда эле тойго камданам
Тогузду байлап тизейин
Т88 баштаган малдардан... ...
Семирип тушсун куздо деп
Жайлоого баарын айдагам.....
Кымбат деп калын,качпаймын
Дунуйо кайда калбаган
Дайындап дагы койгомун
Атилес,шайы, матадан
Апамдын ак жоолугу
Аппак ниет,ой менен
Келинине атаган.....
Эми мындай сунуш бар
Мени угуп турунар
Шашмалык менен иш кылбай
Тойду кое турсанар....
Бактылуу болсун экоо деп
Тилек айтып турсанар....
Айланып келип адашпай
Тийип турсун батанар.....
Анан мени куноолоп
Болбогула кападар
Ниет кылган ичимде
Менде дагы максат бар.....
Берекелуу куз келет
Ак т88нун карды жарылып
Мына ошондо той болот
Ырлар,куулор жанырып....
Ошого чейин журсом дейм
Суйгонум менен сырдашып
Парк,гулзарды аралап
Колтукташып бир басып.....
Убакыт отсо арадан
Ойлорубуз жанашып
Турмуштук ар кыл кырдаалда
Муноздорду баалашып.......
Жаткан экен жазылып
Бошой калып жумуштан
Мен да келдим шашылып....... .
Суйуп койсом бир кызды
Кетти го той башталып
Акындардын баарысы
Жуучулукка камданып.....
Ар бириндин озунчо
Ат которгус баркын бар
Силерди ээрчип мен журом
Кандай гана бактым бар......
Жека досум турганда
Бажарабиз баарысын
Барс абакем турганда
Тегиздейбиз баарысын.....
Бул атактуу акындар
Чынар терек шактаган
А биз болсо жаш кочот
Жакын осуп,жандаган
Жуучулукка барышса
Анда эле тойго камданам
Тогузду байлап тизейин
Т88 баштаган малдардан... ...
Семирип тушсун куздо деп
Жайлоого баарын айдагам.....
Кымбат деп калын,качпаймын
Дунуйо кайда калбаган
Дайындап дагы койгомун
Атилес,шайы, матадан
Апамдын ак жоолугу
Аппак ниет,ой менен
Келинине атаган.....
Эми мындай сунуш бар
Мени угуп турунар
Шашмалык менен иш кылбай
Тойду кое турсанар....
Бактылуу болсун экоо деп
Тилек айтып турсанар....
Айланып келип адашпай
Тийип турсун батанар.....
Анан мени куноолоп
Болбогула кападар
Ниет кылган ичимде
Менде дагы максат бар.....
Берекелуу куз келет
Ак т88нун карды жарылып
Мына ошондо той болот
Ырлар,куулор жанырып....
Ошого чейин журсом дейм
Суйгонум менен сырдашып
Парк,гулзарды аралап
Колтукташып бир басып.....
Убакыт отсо арадан
Ойлорубуз жанашып
Турмуштук ар кыл кырдаалда
Муноздорду баалашып.......
#394 28 Апрель 2009 - 19:00
Ак койнокчон Аруужан
Соз айтыштан тартынам
Корунбой калсан форумда
Аябай сени сагынам....
Кучтуу талант деп угам
Кара соз жазуу жагынан
Айтышка кадам таштапсыз
Ыраазымын абыдан.....
Ак койнок кийип буралып
Кылчайбай нары басасын
Белек-бечкек бербейт деп
СССРге капасын....
Кок койнок кийген сулуунун
Курбусу болот экенсин
Уруксат менден сура деп
Журогумду эзесин.....
Сулууну айтып мактадын
Алтынга тете жазганын
Айтканындын баарысын
Моюнума аламын.....
Бирок,бир жерине кошулбайм
Туз эле бетке айтамын
Билген,уккан кишиден
Сурадым кыргыз салттарын
Курбусунан руксат ал
Деген жерин таппадым.......
Соз айтыштан тартынам
Корунбой калсан форумда
Аябай сени сагынам....
Кучтуу талант деп угам
Кара соз жазуу жагынан
Айтышка кадам таштапсыз
Ыраазымын абыдан.....
Ак койнок кийип буралып
Кылчайбай нары басасын
Белек-бечкек бербейт деп
СССРге капасын....
Кок койнок кийген сулуунун
Курбусу болот экенсин
Уруксат менден сура деп
Журогумду эзесин.....
Сулууну айтып мактадын
Алтынга тете жазганын
Айтканындын баарысын
Моюнума аламын.....
Бирок,бир жерине кошулбайм
Туз эле бетке айтамын
Билген,уккан кишиден
Сурадым кыргыз салттарын
Курбусунан руксат ал
Деген жерин таппадым.......
#395 28 Апрель 2009 - 19:52
Ак төөнү
н карды жарылган
Ушул жылы күзүндө ,
Буйруп турса кош тойду.
Форумчулар баарыбыз
өткөрө бүз окшойбу?
Жеканыкы ”Күмү ш той”
Жыйырма беш жыл жашаган.
СССРдики жаңы той,
Анткени ал –жаш адам.
Тоюңарда мен өзүм.
Биринчи болуп жар салам.
Өнөрү н кантип аясын
өзүң өрдөн Барс абаң.
Форумчулар барганда.
Тайыңардан тышкары,
Куйруктуу койдон тандап сой.
Ырчыга жапчу чапандын
Кымкабынан камдап кой!
Чычалап дагы жүрбөң өр:
”Чоң экен деп аппетит
Барс абамда ой-бой-бой! ”
”Бир көрмөккө өлмөк бар”,
Келгендин оозу ачылып:
”Ааламда мындай болбогон,
Деп кетсин мурун мындай той...”
Капчыгай болбойт шар суусуз,
Боз үй тиккен үстүнө
Бозо болбойт таруусуз.
Багалчагы таш сымал
Балбан болбойт каруусуз.
Куш келипсиң айтышка.
Жазгыч акын миң сырлуу,
Аңгеме жазган көп кырлуу,
Айпери сындуу Аруу кыз!
Айтыш кемип турчу эле
Ак таңдай акын Аруусуз.
СССР сындуу жигитти
Талуу жерден кармапсың .
Кыргыздын салты ушундай
("Салт жок го деп. кыргызда"
Угуп тур, СССР, кыжынбай.)
Абдан туура жармаштың .
Эми
Кыйнабастан жеңилдет,
Айткан-деген мамиле,
Сөзү, кеби төп келсе.
Курбуңду макул кыла гөр,
”Куругунан” көп берсе.
Чынында эле курбуга
(СССР, көңү л бур буга!)
Байланыштуу көп нерсе...
А баса, көрүнбө йт да Лимонум,
Лимонтай, кайда жоголдуң ?
”Сүйө м, күйөм” деди элең,
Сүйүү дөн кайгы жеди элең.
”Архидеяга ашыкмын”
Деп ырыңда жашыпсың .
Жүрөсү ң кайда ойдолоп,
Ко-ош, сенде качан той болот?
Ишеничиң жүз болсо,
Эгерде көөнү ң түз болсо,
Силердин дагы тоюңар
Кандай болот күз болсо?
Үч тойду дагы көргөнгө ,
Кызмат кылып бергенге,
Дапдаярбыз биз болсо!!!
Ушул жылы күзүндө ,
Буйруп турса кош тойду.
Форумчулар баарыбыз
өткөрө бүз окшойбу?
Жеканыкы ”Күмү ш той”
Жыйырма беш жыл жашаган.
СССРдики жаңы той,
Анткени ал –жаш адам.
Тоюңарда мен өзүм.
Биринчи болуп жар салам.
Өнөрү н кантип аясын
өзүң өрдөн Барс абаң.
Форумчулар барганда.
Тайыңардан тышкары,
Куйруктуу койдон тандап сой.
Ырчыга жапчу чапандын
Кымкабынан камдап кой!
Чычалап дагы жүрбөң өр:
”Чоң экен деп аппетит
Барс абамда ой-бой-бой! ”
”Бир көрмөккө өлмөк бар”,
Келгендин оозу ачылып:
”Ааламда мындай болбогон,
Деп кетсин мурун мындай той...”
Капчыгай болбойт шар суусуз,
Боз үй тиккен үстүнө
Бозо болбойт таруусуз.
Багалчагы таш сымал
Балбан болбойт каруусуз.
Куш келипсиң айтышка.
Жазгыч акын миң сырлуу,
Аңгеме жазган көп кырлуу,
Айпери сындуу Аруу кыз!
Айтыш кемип турчу эле
Ак таңдай акын Аруусуз.
СССР сындуу жигитти
Талуу жерден кармапсың .
Кыргыздын салты ушундай
("Салт жок го деп. кыргызда"
Угуп тур, СССР, кыжынбай.)
Абдан туура жармаштың .
Эми
Кыйнабастан жеңилдет,
Айткан-деген мамиле,
Сөзү, кеби төп келсе.
Курбуңду макул кыла гөр,
”Куругунан” көп берсе.
Чынында эле курбуга
(СССР, көңү л бур буга!)
Байланыштуу көп нерсе...
А баса, көрүнбө йт да Лимонум,
Лимонтай, кайда жоголдуң ?
”Сүйө м, күйөм” деди элең,
Сүйүү дөн кайгы жеди элең.
”Архидеяга ашыкмын”
Деп ырыңда жашыпсың .
Жүрөсү ң кайда ойдолоп,
Ко-ош, сенде качан той болот?
Ишеничиң жүз болсо,
Эгерде көөнү ң түз болсо,
Силердин дагы тоюңар
Кандай болот күз болсо?
Үч тойду дагы көргөнгө ,
Кызмат кылып бергенге,
Дапдаярбыз биз болсо!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#396 28 Апрель 2009 - 20:21
Оо аксакал Барс ава!
Айтканында калет жок
Сенин созун укканда
Кокурок тынч,конул ток....
Аруу кызды айттыныз
"Куругунан" доола деп
Салтта жок нерсе окшойт го
Сиз айткан мына ушул кеп....
Ордолуу Оштон болоорун
Арууну мен да билемин
Ооматтуу Ноокат кулуну
Демек,мен ага акемин.....
Акесинен доолаган
Онорун эми кантейин
Андан коро бепбекер
Конулун алгын женендин....
Белек-бечкек бергин деп
Кыйнабагын аганды
Жакшы коргон курбунду
Жене кылсан жаманбы?
Ошондуктан карындаш
Ойноп-кулгун, черди жаз
Табигат куруп салтанат
Жар салат Суйуу,Жаштык ,Жаз....
Мени тооруп кыйналба
Аруу кыз сулуу кара каш
Акендин келип тоюна
Кызмат кылып,жардамдаш. ...!
Ага да макул болбосон
"Куругун" берем ондуруп
Еретик деген акем бар
Коеттур сени кондуруп
Ал акем алса бул жагын
Белекке калдын комулуп
Ошондо раазы болоорсун
Ырахатка чомулуп.....
Белегин доолап ондурчу
Жургондур нечен адамдар
Айтышка чыгып кармашчу
Кайын журттан кимин бар?
Айтканында калет жок
Сенин созун укканда
Кокурок тынч,конул ток....
Аруу кызды айттыныз
"Куругунан" доола деп
Салтта жок нерсе окшойт го
Сиз айткан мына ушул кеп....
Ордолуу Оштон болоорун
Арууну мен да билемин
Ооматтуу Ноокат кулуну
Демек,мен ага акемин.....
Акесинен доолаган
Онорун эми кантейин
Андан коро бепбекер
Конулун алгын женендин....
Белек-бечкек бергин деп
Кыйнабагын аганды
Жакшы коргон курбунду
Жене кылсан жаманбы?
Ошондуктан карындаш
Ойноп-кулгун, черди жаз
Табигат куруп салтанат
Жар салат Суйуу,Жаштык ,Жаз....
Мени тооруп кыйналба
Аруу кыз сулуу кара каш
Акендин келип тоюна
Кызмат кылып,жардамдаш. ...!
Ага да макул болбосон
"Куругун" берем ондуруп
Еретик деген акем бар
Коеттур сени кондуруп
Ал акем алса бул жагын
Белекке калдын комулуп
Ошондо раазы болоорсун
Ырахатка чомулуп.....
Белегин доолап ондурчу
Жургондур нечен адамдар
Айтышка чыгып кармашчу
Кайын журттан кимин бар?
#397 28 Апрель 2009 - 20:56
Ой, СССР, салтты айтып,
Барс абаңды балпайтып,
Мени сенчи күлдүрбө .
Кичинекей нерсеге,
Салт-палттың ды жобурап,
Бүткөн ишти бүлдүрбө .
Курбу, курдаш, теңтуштун.
Көрүмдү к алчу салты бар.
Сүйлөшкө нү барганда,
Курбусуна күйөө нүн
Белек берчү шарты бар...
Рыноктун тушунда,
Кантип эле калсын ал.
Ак кийинген Аруу кыз,
Курбусу экен кантесиң ,
Карындашың болсо да?
Андан көрө жакшы бол,
жардам берет ол сага.
Бепбекер болсун дей берсең,
Зыкым экен дебейби.
Бербесең да берем де,
Уккан көргөн не дейди?
Ала турган кызың да
Ойлобосун ”кедейби? ”
Болочокто жакшы ишти
Ортодогу кичине,
Нерсе деле бузат чын.
Еретикке айтып кой,
Курсант кылып жаштарды,
”жашылынан” узатсын...
Барс абаңды балпайтып,
Мени сенчи күлдүрбө .
Кичинекей нерсеге,
Салт-палттың ды жобурап,
Бүткөн ишти бүлдүрбө .
Курбу, курдаш, теңтуштун.
Көрүмдү к алчу салты бар.
Сүйлөшкө нү барганда,
Курбусуна күйөө нүн
Белек берчү шарты бар...
Рыноктун тушунда,
Кантип эле калсын ал.
Ак кийинген Аруу кыз,
Курбусу экен кантесиң ,
Карындашың болсо да?
Андан көрө жакшы бол,
жардам берет ол сага.
Бепбекер болсун дей берсең,
Зыкым экен дебейби.
Бербесең да берем де,
Уккан көргөн не дейди?
Ала турган кызың да
Ойлобосун ”кедейби? ”
Болочокто жакшы ишти
Ортодогу кичине,
Нерсе деле бузат чын.
Еретикке айтып кой,
Курсант кылып жаштарды,
”жашылынан” узатсын...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#398 28 Апрель 2009 - 21:20
Оо кайран менин абакем
Айткан созун соз экен!
Берем дедим беремин
Убадага мен бекем!
Еретик акем Арууну
Белекке комуп салат го
Куткаралбай Барс акын
Жети кун бою казат го....
Жашыл,когу,евросу
Еретикте эсепсиз
Демоорчу болуп жургонун
Сиз да жакшы билесиз....
Эртен келсе Аруу кыз
Жазып кетээр ойлорун
Бербеске эми арга жок
Бербегенге койбодун...
Карындаш деп Арууну
Жан тартат деп ойлодум.....
Айтаар созум Арууга
"Жашылы" сага дапдаяр
Мен уйлоном дегенде
Курбун болсун дапдаяр.....
.......
Эмии мени ой басты
Биз го жакшы баштадык
Калынды да белендеп
"Жашылын" да камдадык.....
Бирок,кайын тараптан
Корунбойт го жан адам?
Суйгонум да уялчаак
Ал унчукпайт садагам....
Уйлоном деп жар салып
Кыздын колун сурадык
Эки кун бою бир жооп жок
Бул кандай иш калайык......?
Кулдук уруп жугунуп
Эми кимге барайлык?
Айткан созун соз экен!
Берем дедим беремин
Убадага мен бекем!
Еретик акем Арууну
Белекке комуп салат го
Куткаралбай Барс акын
Жети кун бою казат го....
Жашыл,когу,евросу
Еретикте эсепсиз
Демоорчу болуп жургонун
Сиз да жакшы билесиз....
Эртен келсе Аруу кыз
Жазып кетээр ойлорун
Бербеске эми арга жок
Бербегенге койбодун...
Карындаш деп Арууну
Жан тартат деп ойлодум.....
Айтаар созум Арууга
"Жашылы" сага дапдаяр
Мен уйлоном дегенде
Курбун болсун дапдаяр.....
.......
Эмии мени ой басты
Биз го жакшы баштадык
Калынды да белендеп
"Жашылын" да камдадык.....
Бирок,кайын тараптан
Корунбойт го жан адам?
Суйгонум да уялчаак
Ал унчукпайт садагам....
Уйлоном деп жар салып
Кыздын колун сурадык
Эки кун бою бир жооп жок
Бул кандай иш калайык......?
Кулдук уруп жугунуп
Эми кимге барайлык?
#399 28 Апрель 2009 - 21:27
Форумчулар,
аманбы?
Баарына айтам саламды.
Силерди коруп мен дагы
Колума алдым калемди.
"Акындыкта" сынайм деп
Таштадым алгач кадамды.
Тапталган созду жазгандар,
Такшалып конуп калгандар.
Тизмектеп айткан создору
Тамшантат мени оздору.
Ийгилик каалайм силерге
Ишинер болсун илгери!
Баарына айтам саламды.
Силерди коруп мен дагы
Колума алдым калемди.
"Акындыкта" сынайм деп
Таштадым алгач кадамды.
Тапталган созду жазгандар,
Такшалып конуп калгандар.
Тизмектеп айткан создору
Тамшантат мени оздору.
Ийгилик каалайм силерге
Ишинер болсун илгери!
Кое тургула, акындар,
оңдоюн ката жерими.
Куш келгин деп айтпапмын,
Жаңы кирген "Айтышка" ,
Жагымдуу акын Мерини.
Чакан ырын мен угуп,
Көңү лүм толкуп, ээриди.
Жайлоого чыга калгандай,
Жаным жай алып сергиди.
Жамырасын жамагың,
Жанып турсун жамалың.
Ырдап жатсаң эч качан,
Бүтпөсү н сенин тамагың
Мүдүрү лбөй улансын,
Бүгүнкү алгач кадамың.
Бүгүнкү дөн жакшырып,
Көбөйө берсин жана ырың...
Акындар сага сын айтса,
чычалабай ий күлүп.
Сөздөрдү таап айта бер
дал бутага тийгилик.
Анда эмесе сага да,
Айтышта болсун ийгилик!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#400 29 Апрель 2009 - 09:21
Азыркы ушул заманда
Кыздарыбыз тын чыкты
Айтышка келип кошулуп
Дургутуп канды,кызытты. ....
Таланты кайнап ташкындап
Турган экен Аруунун
Днолаганын берем деп
Андан аран кутулдум...
Жини келип калса эгер
Корбой калып журбойун
Кок койнок кийген сулуумду....
Ынабаска чарам жок
Артында тоодой Барс турат
Барска чыгаар алым жок.....
....тосуп алсам Мэрини
Аман-эсен келдинби?
Колго туштун бийкечим
Эми жеймин "нервинди"
Кыргызын учун куйосун
Тилди коргоп журосун
Элдин салтын улайм деп
Айтышты ачтым деп айтсам
Келекелеп кулбоссун... .
Баарынан да жакканы
Алгачкы сенин кадамын
Дасыккан акын боло гор
Алдына чыгып мараанын...
Кыздарыбыз тын чыкты
Айтышка келип кошулуп
Дургутуп канды,кызытты. ....
Таланты кайнап ташкындап
Турган экен Аруунун
Днолаганын берем деп
Андан аран кутулдум...
Жини келип калса эгер
Корбой калып журбойун
Кок койнок кийген сулуумду....
Ынабаска чарам жок
Артында тоодой Барс турат
Барска чыгаар алым жок.....
....тосуп алсам Мэрини
Аман-эсен келдинби?
Колго туштун бийкечим
Эми жеймин "нервинди"
Кыргызын учун куйосун
Тилди коргоп журосун
Элдин салтын улайм деп
Айтышты ачтым деп айтсам
Келекелеп кулбоссун... .
Баарынан да жакканы
Алгачкы сенин кадамын
Дасыккан акын боло гор
Алдына чыгып мараанын...

Супер-Инфо
super.kg
видео












Мобилдүү версия